Добавить статью
5:30, 22 июля 2014 23635

Ата-эне жөнүндө ой толгоо

«Ата-эне кадырын ким билет?» (Ой толгоо)

Кээде өзүнө өзүң суроо берсең болот, ыйык адамың сага ким деп,

Албетте, ал өзүңдүн атаң менен энең да,

Куранда да жазылган сага эң ыйык ким десе,

Ал өзүңдүн энең деп үч жолу кайталайт.

Бала кезде ата-эненин кадырын, баркын эч сезбейт экенсин,

Эс тарткандан баштап жакшы менен жаманды,

Оң жана терс жактарды, жеңил жашоо менен оор жашоону

Биле баштайт окшобойбузбу?

Бизде адамдар эч нерсеге чыдабайбыз,

Жайдын аптап ысыгына, кыштын ызгаар суугуна,

Кээ бирөөлөр маашырланса байлыгына

Кай бирөөлөр кайгырат өз тагдырына.

Сөз башынан болсун:

Менин атам Зулпукары табып киши болгон. Эң кичүү болгондуктан, атам мени чоңойгондо деле «бопошум» деп эркелетчү. Биз сегиз бир тууган элек, ата-энем эч кимибизди катуу тилдечү эмес.

Үйгө көп адам келип-кетип турар эле, көбүнчө айыкпаган дарты барлар келчү. Бала кезде ага анча маани берчү эмесмин. Азыр ойлосом, атам өтө касиеттүү, күчтүү адам болгон экен.

Атам дайыма жайдары жүрүп, баарыбызды эркелетип сүйлөчү. Эски эпостордун барын жатка билээр эле. Кез-кезде ак кагаз алып ыр жазаар эле. Маркум кино актер Орозбек Кутманалиевге сүйлөгөнү, турган турпаты, үнү да окшоп кетээр эле.

Азыр бир туугандар баарыбыз үй-бүлөлүүбүз. Атамдын мен бала кезде айткан сөздөрү азыр негедир кулагыма жаңыра берет.

Апам болсо аябай кыйын аял болгон экен. Биздин үйгө жакын болгондуктан, ат менен деле, жоо жалаң деле келген коноктор көп болчу. Айтор, дасторконубуз дайым жайылып, эшигибиз да ачык турчу. Апамдын колу ачык болуп, эч кимден эч нерсе аябастан, бейтааныштарга да сый мамиле кылчу.

Атам чабан, апам саанчы болгондуктан, мен, агам экөөбүз интернатта окудук. Кээде туулган күн же майрам болуп калса, бир күн мурун этти сүрсүтүп, боорсокторду, май токочторду жасап алып келишээр эле. Атам да, апам да асыл адамдар экен көрсө...

Азыр үй-бүлөлүү болуп, турмуштун ачуусу менен таттуусун татып калсам да, атам менен энемди эстегенде, көзүмөн жашым мөлт деп кетет.

Көзү өтүп кеткенден кийин баары арман болуп кала берет экен да көрсө...

Атам кокустан эле жүрөк оорудан каза болду, көп нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алчу.

Кээде намаз окуп жатканда: «Оо, жараткан, көпкө жаткырбай, жанымды мүдүрүлтүп эле алсаң болду», - деген сөздөрүн угаар элем. Ошондо өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан оорулууларды кирпик какпай карап чыгаар элек. Эгерде, атам тирүү болгондо, аны күнү-түнү кирпик какпай караар элем деп арман кылам...

Азыр баарыбыз уй-бүлөөлүбүз, алдыбыз алты балалуу болсо, калгандарынын бир, экиден туяктары бар.

Негедир ушул ойлор келип, жан дүйнөм тынчыбай койду. Асыл адам болгон атам менен энем жөнүндө жазгым келди. Аларды эскергим келди. Бул ой толгоолор балким кай бирөөлөрдү ойлондураар, сестентип эсине келитирээр деген ой менен сөзүмдү бүтүргүм келет.

"Дилдеги ойлор"

Өзүңдү бир азыраак сыйлай билгин,

Өзгөгө да көңүлүңдү бура жүргүн.

Жакыныңа тилеген жакшылыктын

Жарымын башкага да каалай жүргүн.

Өзүңдү жакшымын деп мактабагын,

Көзүңдү ала качып жалтанбагын.

Жашырган сырыңызды билип коет

Ал үчүн Жаратканга таарынбагын.

Жакшы адамды жаман пенде жандап жүрөт,

Алсырасан ал пенде сага күлөт.

Эгерде күлкүккө окшоп озуп кетсең,

Артыңдан акмалап ал ичтен күйөт.

Биз адамдар эч нерсеге ынанбайбыз,

Жайдын аптап ысыгына, кыштын ызгаар суугуна,

Кээ бирөөлөр маашырланса байлыгына

Кай бирөөлөр кайгырат өз тагдырына.

Ошондуктан таза, жашап, таза өткүн,

Артыңдан таза издер калып кетсин.

Биз баскан арууланган татаал жолду,

Урпактар кыйналбастан басып өтсүн.

Манас атам, Бакай бабам улукмандар жашап келген,

Кичүүсү аксакалын сыйлай билген.

Илгертеден биздин кызыр, олуя, билермандар

Кыргыздын наркын, салтын сактап келген.

Мен кыргыздын кызы бойдон кала берем,

Аруулукка, чындыкка, суусап келем.

Менин элим түбөлүктүү эл болоорун

Жараткандын бир өзүнөн сурап келем.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×