Кадырман замандаш, белгилүү болгондой, 1985-жылы кайра куруу өнөктүгү башталганы, мурдагы союздук республикалардагыдай эле, Кыргызстанда да сталиндик репрессиянын бейкүнөө курмандыктары болушкан жүздөгөн мекендештерибиздин жаркын элестери менен сыймыктуу ысымдарын элге кайтаруу багытында бир катар алгылыктуу аракеттер жасалганына карабастан, өкүнүчкө карай, республикалык масштабдагы эскерүүгө татыктуу ондогон чыгаан инсандар ар кыл себептерден улам дале көмүскөдө калып келишүүдө. Тескерисинче, алар жөнүндө энциклопедиялар менен окуу китептеринде, монографиялар менен илимий макалаларда тийиштүү деңгээлде айтылып, көп кырдуу ишмердүүлүктөрүнө таасын баа берилиши керек эле. Тилекке каршы, андай болбоду. Эми, кеч болсо да, ушул кенемтени толуктап, жарандык парзыбызды өтөп койбосок, өз абийирибиздин алдында да, маркумдардын үмүткөр рухтарынын алдында да кепке кемтик болорубуз шексиз.
Маркум Алимкул таякемдин (мамлекеттик жана партиялык ишмер Алимкул Жумагулов, 1893-1938 ) тагдыры эсиме түшкөн сайын, анын жан күйүшөр жакындары менен кадырын билер замандаштарынын колунан ак кепинге оролуп ата-бабаларынын сөөгү жаткан жайга өз зыйнаты менен коюлбаганына каңырыгым түтөй берет. Анан да 1938-жылдын 14-январында тоталитардык режимдин ырайымсыз желдеттеринин колунан каза таап, алиге чейин кайда көмүлгөнү белгисиз маркумдун ок жеген денеси жерге кетип жатканда кашында «Алыкем кандай киши эле?» деп муңканган бирөө болбогонуна ушунчалык зээним кейийт. Ырас, «эл душманы экен» деген сыяктуу сандырак сөздөргө кулак түргүсү келбей, акыйкат жооп угууга дилгир жакындары ошол апааттуу жылдары Алыкесин аркы дүйнөгө атказуу зыйнатына катышпай калганына өзөгү өрттөнүп, кан жутуп кайгыга баткандыр...
Сабатын мечит менен медреседен мусулманча ачып, Чүйдөгү Наркозу, Мамбетаалы молдолордон таалим алып, Таластагы Майкадам, Жунушаалы калпалар менен замандаш эле болбой, айылдаш конуп, эки доорду башынан кечирип, кийинкилерге таберик-тартуу болсун деп, өзү билген санжыра-тарыхты араб тамгасы менен ыр жана кара сөз түрүндө кыргызча жазып калтырган (анын түп нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда азыр деле сакталып турат) Жумагул молдонун тун уулу Алимкул 1893-жылы азыркы Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кум-Арык айылында жарык дүйнөгө келиптир.
Архивдик документтерде Алимкулдун адегенде сабатсыздыгын кайсыл медреседен же мектептен жойгондугу тууралуу маалымат жок. Ошондуктан 1917-жылкы революцияга чейин орто чарба адамдын уулу Чалдыбардагы орус-тузем мектебинде окуган-окубаганын так айтыш кыйын. Ошентсе да, эл оозунда айтылып жүргөн аңыз кептерге таянып, энесинен эрте ажыраган Алимкулду атасынын макулдугу менен Кум-Арыктагы Алымбек манап 1904-жылдары Чалдыбардагы орус-тузем мектебине ээрчитип барып киргизген деп ой жорууга болот. Андан кийинкилери архивдик материалдарда дээрлик таасын жазылган. Алимкулдун окууга ынтызарлыгы 1906-жылы аны Олуя-Атадагы үч класстык жогорку-башталгыч окуу жайына жетелеп барат. 1912-жылы ал ошол эле Олуя-Ата шаарындагы үч жылдык мугалимдик курска тапшырат. Кыязы, жетиштүү билимге ээ болгон жаш мугалим кыргыз-казак жергесиндеги миңдеген сабатсыздардын багын ачып, агартуучулук кесипти аркалайын деген го. Бирок баары ал ойлогондой болбой, өктөм турмуш өз күчүн көрсөтүп, окуусун аяктагандан кийин аны башка тармактарда иштөөгө аргасыз кылат. Кээ бир маалыматтар боюнча, Алимкул 1914-жылы күз айларында Олуя-Атадагы Келгиндер башкармалыгына адегенде кат-кабар ташуучу кызматкер болуп ишке орношуп, аздан соң журналисттик кесипке өтөт. Ишке бүйрөлүгүнөн улам улуктардын назарына илинген жаш жигитти 1915-жылдын орто ченинде Олуя-Ата уездинин начальниги өзүнө тилмеч кылып алат. Угушумча, ал кезде тилмечтер жергиликтүү элдин үстүнөн сурак жүргүзгөн «тили буруулар» менен сабатсыз букаралардын ортосундагы «көпүрө» катары көп иштердин түйүнүн жандырып, бийик кадыр-баркка ээ болушчу тура.
Атадан алган таалими, ашкере сабаттуулугу менен орус төбөлдөрүнө жаккан алгачкы кыргыз интеллигенти, ошентип, улуктар чөйрөсүнө аралашып, бир эле мезгилде тилмечтик да, катчылык да жумуштарды бүткөрүп 1917-жылкы Февраль революциясына дейре иштейт. Алимкулдун андан аркы тагдыры курч окуялуу көркөм тасмадай ары кызыктуу да, суктанарлыктай өрүштүү да, өзөгүңдү өрттөгүдөй кейиштүү да болгондугун чаң баскан, саргайган архивдик документтер кашкайта далилдеп берет. Россия империясынын оторчулук саясатынын запкысын тартып, «ак падышадан» ырайым күтпөй калган Түркстандагы калктардын үмүтүн жалгаган Февраль революциясынан кийин, 1917-жылдын апрель айынын башында өткөн Олуя-Атадагы жумушчулар менен солдаттардын I съездинде Алимкул Олуя-Ата шаардык Депутаттар Советинин мүчөлүгүнө шайланат. Революциячыл окуяларды жан-дили менен кубаттап, Олуя-Атадагы кыргыз, казак жаштарынын революциячыл уюмуна Т. Рыскулов, К. Сарымолдоев, К. Кошмамбетов, М. Жылыспаев ж. б. менен бирге мүчө болуп кирип, ошол эле учурда уезддеги татар революционерлери менен да байланышын үзбөй шымаланып иштеп жатканда, 1917-жылы 25-октябрда, Петроградда Керенскийдин Убактылуу Өкмөтүнүн пайдубалы урап түшөт. Олуя-Атадагы үзөңгүлөш жолдошторунун таасири менен Алимкул шаарда жаңыдан түзүлө баштаган солчул эсерлер партиясына өтүп, жыйындарда шайлоо жолу аркылуу ар кандай кызматтарды ээлейт. Бирок 1918-жылдагы съезддердин биринде большевиктер фракциясынын позициясын колдоп добуш бергендиги үчүн Алимкулду солчул эсерлер өздөрүнүн фракциялык отурумунда опузалоого чейин барышып, анын партиялаштарына карата нааразылыгын ого бетер күчөтүшөт. Кыска убакыттын ичинде Россиядагы жана Түркстандагы революциячыл окуялардын мүнөзүнө, бардык аймакта большевиктердин арааны жүрө баштаганына кылдат баам салган идиректүү ишмер Олуя-Атадагы большевиктер фракциясына мүчөлүккө кабыл алуусун өтүнүп фракциянын жетекчиси Турар Рыскуловго бир нече жолу арыз менен кайрылат. Мурдатан бирге иштешип, кадыры сиңишкен теңтушунун өтүнүчүн казак калкынын сыймыктуу уулу 1919-жылдын баш ченинде орундатат. Большевиктердин катарына эми эле кошулган Алимкул Дмитриевка кыштагындагы жана Олуя-Ата шаарындагы эсерлер уюштурган козголоңдорду басууга жан-жигерин жумшап, уездде алгачкы революциялык комитеттин жерпайын түптөөгө жигердүү катышып, Түркстан БАКнын Турар Рыскулов жетектеген комиссиясы тарабынан Олуя-Ата уезддик революциялык комитетинин мүчөсү болуп бекитилет. Ушул эле жылы Алимкул Олуя-Ата шаардык коммунисттик жамааттар менен кесипчилик борборлордун 1919-жылдын 14-майындагы кошмо жыйынында Советтердин VIII өлкөлүк съездине баруучу мандаттык комиссиянын мүчөлүгүнө шайланат.
Революциячыл демилгелер менен ленинизм идеяларына шыктанган жаш революционердин кийинчерээк өз колу менен толтурган анкеталык баракчаларына үңүлүп отуруп, анын мээнетке карк өмүрүнө, бөксөрбөгөн кайрат-күчүнө, акыл-парасатына сук артпаска аргаң жок. Анткени Алимкул большевиктерге табакташ болгонго чейин эле, башкалар менен катар, Олуя-Ата уездинде совет бийлигин чыңдоого, социалисттик курулушту жандандырууга олуттуу салым кошууга жетишиптир. Маселен, Октябрь революциясы ишке ашкандан кийин эле ал Олуя-Ата уезддик аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө шайланып, 1918-1919-жылдары ушул уезддин аймагында жер-суу реформасын жүргүзүүгө жетекчилик кылат. Ал эми андан кийин, кайнаган турмуш майданында такшалган советтик жоокер катары, феодалдык-патриархалдык түшүнүктөрдөн али арыла элек карапайым калкты аралап, Совет өкмөтүнүн иш-аракеттерин, компартиянын саясатын элге жатык тилде түшүндүрүү милдетин аркалайт. Жалгыз башына ушунча түйшүк аздык кылгансып, ушул эле жылдары Кетмен-Төбө өрөөнүн текшерүү боюнча комиссияны, Алай, Мерке райондорундагы Кызыл Армияда кызмат өтөшкөн мусулмандарды жай турмушка өткөрүү боюнча комиссияны жана Жергиликтүү калктын кедейлер жана батрактар союзу үчүн устав менен жобону иштеп чыгуу боюнча комиссияны жетектейт. Ошентип, Алимкулдун Олуя-Атадагы ишмердүүлүгүнүн биринчи этабы 1920-жылы Кыргыз (казак) АССРнин түзүлүшү менен аяктайт.
Казактардын таасириненби, айтор, 1921-жылы 4-февралда Жети-Суу облустук ревкому жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алат. Ырынан чыры арбын мындай өнөктүктү калыс жүргүзүү дасыккан дипломаттар менен тажрыйбалуу адистердин көсөмдүгүнө байланыштуу болмок. Алимкулдун Олуя-Атада жер-суу реформасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгынан кабардар облус жетекчилери аны Пишпек уезддик жер бөлүмүнүн башчылыгына чакырышат. Кыязы, ал алгачкы мамлекеттик ишмерлердин бири Абдыкерим Сыдыков (ошол кезде ал Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген) менен ушул мезгилде жакындан таанышкан окшойт. 1921-жылдын 14-апрелинен тартып Алимкул Пишпек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы болуп иштеп, уезддеги келгин орустар менен жергиликтүү элдин ортосундагы талаштуу жерлердин башын ачууга белсенип киришет. Оң бутунун майыптыгына карабай тыным албай иштеп жүрө берип катуу ооруга чалдыккан (айрым архивдик документтерде көтөн чучугундагы жарадан жабыркаганы айтылат) Алимкул ушул жылдын август айынын этегинде ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүсүн алып айылда дарыланып жүргөндө, Пишпекте партиялык кызматкерлердин катарын тазалоо операциясы (генеральная чистка) жүргүзүлүп, шаарга кайтууга үлгүрбөй калган Алимкулга каршылаштары «басмачылар менен байланышкан», «иштен өз эркинче кетип калган» деп жалаа жаап, РК(б)Пнын катарынан чыгартып, кызмат ордунан бошоттурушат. Баштаган ишинин аягына чыга албай калганына катуу кайгырса да, мурдунун учунан ыраакты көрө албаган айрым адамдардын кыянаттыгынан назары сынган Алимкул ошол жылдын этегинде Олуя-Атага кайтып барат да, ал жактагы жоро-жолдошторунун жардамы менен адегенде Олуя-Ата уезддик инспекция башкармалыгында инспекторлук кызматка орношуп, аз убакыттан кийин эле шаардык аткаруу комитетинин администрация бөлүмүн башкарып, шаардык аткаруу комитетинин президиумунун мүчөлүгүнө шайланат. Кийинки жылы уезддик жер бөлүмүнүн башчысынын жана уезддик аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлыгына жана уезддик аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө бекитилет. Анан ТК(б)П БКнын чакыруусу боюнча 1924-жылдын февралынан ошол жылдын 1-октябрына чейин Кокон шаарында ТК(б)Пнын Фергана обкомунда чарба жаатында иш жүргүзүп, Суусамыр жармаңкесин өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп бекитилет. Өз ишине тыкандыгын эске алган ТК(б)П БК Алимкулду ушул эле жылы октябрда Ташкенттеги Всекобанкка (Бүткүл Россиялык кооперациялык банк) ишке которот. Бул мезгилде Кара Кыргыз автономиялуу облусунун пайдубалы жаңыдан түптөлө баштап, Ташкенттеги Кыргыз өкмөтү жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү мыкты билген кадрларга өтө муктаж болчу. Ошондуктан Алимкул Всекобанкта инструктор болуп иштөө менен катар РК(б)Пнын Кара Кыргыз облустук Уюштуруу бюросунун алдындагы Кооперациялык кеңешменин мүчөсү катары Ж. Абдрахманов, М. Каменский, Буров-Петров, Р. Кудайкулов ж. б. менен биргелешип Кыргызстандын аймагында алгачкы кооперациялык чарбаларды уюштурууга шымалана киришет. Ошондон көп өтпөй эле аны Уюштуруу бюросунун президиуму 1924-жылдын 8-декабрындагы отурумунда Кара Кыргыз облустук Жер бөлүмүнүн башчылыгына чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат. Ишбилги адисинен айрылгысы келбеген Всекобанктын жетекчилиги Уюштуруу бюросуна А. Жумагуловду банк ишинде калтыруу өтүнүчүн билдирген кат жөнөтөт. Алимкулдай жетекчи-адистин жаңыдан уюшулуп жаткан автономиялуу облуска канчалык керек болгондугун ушундан билиңиз, Уюштуруу бюросунун президиуму 1924-жылдын 13-декабрындагы отурумунда, Всекобанктын катына жооп кылып, А. Жумагулов жөнүндөгү мурдагы чечимин күчүндө калтырат. Ошентип, Алимкул 1924-жылдын 15-декабрынан тартып адегенде Ташкентте, андан соң Пишпекте Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Дыйканчылык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп, 1925-жылдын 27-30-мартында Пишпекте өткөн Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Советтеринин I уюштуруу съездине катышат, съезддин делегаттары аны ээлеген кызмат ордуна кайра шайлашат. Бирок ушул съездде негизги жетекчилик кызмат орундарына дайындалбай калышкан Ж. Абдрахманов, А. Сыдыков, Э. Арабаев, И. Айдарбеков сыяктуу дасыккан, билимдүү советтик-партиялык кызматкерлерге кастарын тиккен Р. Кудайкулов өңдөнгөн ашынган жаатчылдардын азгырыгына арбалган Кыробкомдун Аткаруу бюросу 1925-жылдын 14-июнундагы М. Каменский төрагалык кылган отурумда (ага ошол кездеги облус жетекчилеринин дээрлик бардыгы: Саадаев, Буров-Петров, Оликов, Кудайкулов, Невлер, Орозбеков, Янгулатов, Поливанов, Шимко, Кекин, Сигин, Русин, Воронов, Тойчинов, Токбаев, Зульфибаев, Алиев, Бабаханов, Абуканов, Венжер, Ахметов, Аманбаев, Алимбеков, Жумагулов, Дербишевдер катышкан) «орунсуз дайындалган» деген шылтоо менен Алимкулду ээрден шыпырып түшөт да, ордуна ошол кезде Каракол округдук комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп турган Д. Бабахановду отургузат. Кыробкомдун Аткаруу бюросунун адилетсиз чечимине нааразы болгон Алимкул Кыргызстандын мурда-кийин ар кандай жетекчилик кызматтарда иштеп келишкен белдүү ишмерлерин кубаттап, Кыробкомдун ашынган саясатын тизгиндөө үчүн, 1925-жылдын 22-июнунда РК(б)П БКга жана анын Орто Азия бюросуна жолдонгон катты даярдоого катышат. Каттын этегине кол койгондордун санына жараша бул тарыхый документ «отузчулардын каты» деп аталып, ал эми авторлору «отузчулар» деген аталышка ээ болгону маалым. «Отузчулар» Кыробкомдун акимдик-буйрукчул саясатын кескин сынга алып: «Эгерде РК(б)П БКнын буйруктарын, чогулуштардын жана съезддердин чечимдерин бузган, жергиликтүү жагдайды эске ала албаган обкомдун азыркы жетектөөчү ядросу алмаштырылбаса, анда биз Кыргызстандын мындан аркы тарыхый жоопкерчилигин өзүбүзгө албаш үчүн, баарыбызды ээлеген кызмат орундарыбыздан чакырып алууңарды талап кылабыз!» – деп, өктөм билдирүү жасашып, өз тагдырларын опурталдуу саясаттын таразасына салып экчеп көрүүгө батынышат. Алардын мындай кашкөй иш-аракетин «отузчулардын» катын териштирүү үчүн атайын Пишпекке келген комиссия (РК(б)П БКнын өкүлү Зеликсон, РК(б)П Борбордук контролдоо комиссиясынын өкүлү Манжара, РК(б)П БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлөрү: Павловский, Мавлянбеков, Мамедов) бай-манап элементтеринин партияны бузуп-жарууга жасаган аракети катары катуу айыптап, катка кол койгондорду болсо «антипартиялык жаат» деп каарып өтөт. «Отузчулардын» катын жиликтеген комиссиянын баяндамасы РК(б)П БКнын Орто Азия бюросунун аткаруу комиссиясынын 1925-жылдын 29-июлундагы отурумунда угулуп, анын негизинде «отузчулардын» активдүү өкүлдөрүнө карата аёосуз чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алынат. А. Сыдыков, Э. Арабаевдер партиянын катарынан сүрүлүп, И. Айдарбеков, А. Орозбеков, М. Янгулатов, К. Артыкбаев, Т. Кудайбергенов, К. Дербишев, С. Чоңбашовдорго катуу сөгүш, А. Жумагуловго сөгүш берилип, калгандары да «кара тизмеге» киргизилет. Ушундан көп узабай эле, Кыробкомдун Аткаруу бюросунун 1925-жылдын 8-августундагы отурумунда, табасы канган каршы тарап Алимкулду тезинен эмгектик өргүүдөн чакыртып, төмөнүрөөк жумушка чегерүү үчүн, Пишпек округдук комитетинин карамагына жөнөтүү тууралуу чечим чыгарат. Ошентип, 1921-жылы эле башталган партиялык куугунтуктоонун укуругу кайрадан коңулдан кылтыйып баш багып, Түркстан К(б)П Борбордук контролдоо комиссиясынын Партколлегиясынын 1924-жылдын 7-октябрындагы отурумунда кабыл алынган («күнөөсү далилденбегендиктен, 1923-жылдын 4-июлунан тартып А. Жумагуловду партиянын анык мүчөсү деп эсептөө жөнүндөгү») токтомдун токулганына жыл айланбай жатып, Алимкулдун башына кара булут айлана баштайт. Анын Орто Азия бюросунан жогоркудай жаза алуу менен эле «кутулуп» кетишин каалабаган айыгышкан каршылаштары Алимкулдун өтмүшүнө байланышкан чагымчыл мүнөздөгү материалдарды тийиштүү уюмдарга киргизишет. Жыйынтыгы алар күткөндөй болуп, 1925-жылы 3-сентябрда Пишпекте өткөн «провтройканын» (үчилтик текшерүү комиссиясы) отурумунда Алимкулдун 1924-жылкы «улуттук-мамлекеттик жиктештирүүлөргө чейин Кыргызстандын өз алдынчалыгын жактагандардын ишине активдүү катышкандыгынан өйдө эскеришип, «жаатчылдык күрөштөргө сугарылган жат, туруксуз элемент катары» аны экинчи жолу партиядан чыгарышат. Акыйкаттык издеп Кыргыз облустук контролдоо комиссиясынын Партколлегиясына арызданган Алимкулдун үмүтү таш каап, Партколлегия 1925-жылдын 8-октябрындагы отурумунда «провтройканын» токтомун ырастаган чечимди кабыл алып таштайт. Ушул эле күнү аны Кыргыз автономиялуу облусунун Дыйканчылык башкармалыгынын башчысынын жардамчылыгына чегеришет.
Оор жумуштар колу-бутун тушап койсо да, чарчадым-чаалыктым дебей, өзүнүн партиядан негизсиз айдалганын көшөрө далилдеги си келген өжөрлүгүнөн, анан да жаңы жааган кардай актыгынан улам утушка ээ болоруна ымыркайдай ынанган Алимкул Москвага, РК(б)П Борбордук контролдоо комиссиясына, арыз жолдойт. 1926-жылы кышында атайын Пишпекке сапарчылап келген РК(б)П Борбордук контролдоо комиссиясы (Митрофанов, Манжара ж. б.) 15-февралдагы отурумунда А. Жумагуловдун арызын карап чыгып, анын актыгына көзү жеткен соң, партиялуулугун калыбына келтирген бүтүм чыгарууга аргасыз болот. Алимкулдун «борбордогуларга» арыздангандыгына теригишкенби, айтор, Кыргыз облустук контролдоо комиссиясынын Партколлегиясы 1926-жылдын 14-июнундагы отурумунда кол астында иштеген Орленин деген немени жемелеп, облустук аткаруу комитети менен Пишпек округдук жер кеңешмесинин дарегине сын айтып койгондугун шылтоолоп, «партиянын жана облаткомдун беделин түшүргөндүгү үчүн» Алимкулга сөгүш берет. Ал эми 1927-жылдын 7-12-мартында өткөн Кыргыз АССРнин Советтеринин I съездинде Кыргыз АССРи түзүлгөндүгү расмий түрдө жарыяланат. Ошондон көп өтпөй, Алимкул Кыргыз АССРнин Дыйканчылык боюнча эл комиссарынын 1927-жылдын 30-мартындагы буйругу менен 1927-жылдын 1-апрелинен тартып эмгек акыдан кол жууп, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин карамагына жөнөтүлөт. Эки күндөн кийин Кыробкомдун Аткаруу бюросу Алимкулду Жалал-Абад кантондук жер бөлүмүнүн башчысы жана жерге жайгаштыруу партиясынын жетекчиси кылып дайындайт. Ал эми жарым жылдан кийин, 12-ноябрда, Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитети жер-суу реформасын жүргүзүү жөнүндө декрет кабыл алат да, Кыргызстандын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүүнүн экинчи этабы башталат. Алимкулду устаты, жердеши катары кадырлаган Төрөкул Айтматов (ошол кезде Жалал-Абад кантондук комитетинин катчысы болуп жаңыдан иштей баштаган) Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча комиссиянын төрагасы катары реформалоонун планын иштеп чыгат. Кыязы, бул иште тажрыйбалуу-уюштургуч адис катары Алимкул өзүнөн туптуура он жаш кичүү кайнисине (Алимкулдун зайыбы Пашахан кара-бууралык Корчубек болуштун кызы болгондуктан Т. Айтматов, Э. Эсенамановдор Алимкулду «жезде» дешип, үйүнө үзбөй каттап турушчу экен) опол тоодой тирек болгон окшойт. Анткени бир жылдын ичинде эле Жалал-Абад кантонундагы кедейлер менен чайрыкерлердин кыйласынын турмуш шарты оңолуп, саясий активдүүлүгүнүн артышы, басмачылар кыймылынын басаңдашы ушундайча ой жорууга түрткү берет. Баса, жер-суу реформасы ийгиликтүү аяктагандан кийин, 25 жашында Төрөкулдун тун уулу (залкар жазуучу Ч. Айтматов) жарык дүйнөгө келгенде, жентек тоюна күйөөсү Алимкул экөө куттук айтып барышкандыгын Пашахан байбиче көзү тирүүсүндө жакшы күндөрдөн бир элес катары эскерип калчу дешет көргөн-билгендер.
Т. Айтматов менен эки жылдай эриш-аркак иштешкен соң, 1929-жылдын январь айында өткөн облустук партиялык конференциядан кийин, Алимкул Ош округдук жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Ал эми Т. Айтматов болсо ошол эле жылдын этегинде Фрунзеге (1926-жылдан баштап Пишпек деген аталыш Фрунзе делип өзгөртүлгөн) көчүп келип, Кыргыз АССРнин Өнөр жай жана соода эл комиссары болуп иштеп калат. Алимкулдун советтик-партиялык тапшырмаларды кынтыксыз аткарып келгендигин эске алган Фрунзедеги жетекчилер 1930-жылдын 30-апрелинен тартып аны Кыргыз АССРнин II чакырылыштагы Борбордук Аткаруу Комитетинин (ал кезде БАКтын Президиумуна А. Орозбеков төрагалык кылган) мүчөсү кылып бекитишет. Ушундан көп узабай, Ош округдук комитетинин жана Ош округдук контролдоо комиссиясынын жетектөөчү курамын текшерүү боюнча комиссия (аны ошол убакта Кыробкомдун жооптуу катчысы болуп иштеген Т. Токбаев жетектеген) өзүнүн 1929-жылдын 1-июлундагы отурумунда Алимкулга «округдук комитеттин көрсөтмөлөрүн өз убагында аткарбагандыгы үчүн» эскертүү берип, аны Оштогу жибек иштетүүчү фабриканын ячейкасына бекитүүнү Ош округдук комитетине тапшырат. Революциянын алгачкы жылдарында Олуя-Атада ийиндеше иштешкен бир кездеги таламдашы Т. Токбаев тигинтип эскертүү берип аткан соң, башкалар тим жатпаганбы, айтор, 1930-жылдын 27-сентябрында Ош округдук контролдоо комиссиясы «1929-жылдагы дан даярдоодо партиянын саясатын бурмалагандыгы жана кызматка өзүнүн жакындарын алгандыгы үчүн» Алимкулду партиядан чыгарат. Ушуну менен БК(б)Пдан үчүнчү жолу негизсиз чыгарылып жатканына күйбөгөн жери күл болгон Алимкул Кыргыз облустук контролдоо комиссиясына арызданып, 1930-жылдын 27-ноябрында өзүнүн күнөөсүз экендигин документтердин негизинде тазмаңдайга чапкандай тастыктап берет да, ашкере сабаттуулугунун аркасында партиянын катарында калтырылат.
Ошол жылы күзүндө Сталин, Молотов, Каганович – үчөө БК(б)П БКнын Орто Азия бюросуна (Зеленскийге, Икрамовго, Бауманга) Орто Азия боюнча 28 миллион пуд пахта берүүнү милдеттендирген (мурда белгиленген план боюнча Орто Азия аймагы 26 миллион пуд пахта берүүгө милдеткер эле) телеграмма жөнөтөт. Лениндик саясатты (Эсиңизде болсо, 1921-жылы РК(б)Пнын X съездинде жаңы экономикалык саясат жөнүндө чечим кабыл алынып, ага ылайык жеке менчик чарбалар, ишканалар уюшулуп, өлкө аймагында рынок экономикасынын механизмдери кадимкидей иштей баштаган эле.) бурмалап, орток чарбаларды уюштуруунун натыйжасында ансыз да очорулуп калган Өзбекстан, Кыргызстан сыяктуу республикаларга мындай акылга сыйбаган көрсөтмөнү аткаруу абдан эле кыйынга турган. Дал ушундай кыйчалыш кырдаалда, 1930-жылдын ноябрында, Алимкулду Оштон Пишпекке Кыргызпахтасоюздун төрагасынын орун басарлыгына чакыртып алышат. Бирок аны жаңы кызмат ордунда бир жылча да иштетпей туруп, Кыробкомдун секретариатынын 1931-жылдын 11-февралындагы чечиминин негизинде «жыйырма беш миңинчилердин» (Тарыхчы-архивист Төлөгөн Абдыкаровдун айтымында, БК(б)П БКнын 1929-жылдын ноябрь айындагы пленумунда кабыл алынган резолюцияга ылайык, орток чарбаларды өнүктүрүү максатында өлкө чегиндеги бардык колхоз-совхоздор менен жергиликтүү бирикмелерге уюштуруучулук тажрыйбасы мол, саясий көз карашы жетик 25 миңдей жумушчу-кызматкер жөнөтүлгөн. 1930-жылдын башында эле Кыргызстанга Москва, Ленинград шаарларынан эки жүздөй «жыйырма беш миңинчи» келип, өлкөнүн ар кыл тармактарында орун-очок алышкан.) катарында мындан ары райондук жумуштарда иштесин дешип, Кызыл-Кыя райондук пахта өндүрүү кооперативинин башчысы кылып дайындашат. Ал жакта 1,5 жылдай иштегенден кийин, 1933-жылдын башында, Алимкул Талас райондук жер бөлүмүнө ишке которулат. Ушул жылдын 13-майында Кыргызстандын 1932-жылы мамлекетке эгин төгүү планын аткара албай калгандыгына байланыштуу БК(б)П БК «Кыргызстанда эгиндин ысырапталышы жана жок кылынышы жөнүндө» атайын токтом кабыл алат. Анын негизинде 1933-жылдын сентябрында Кыробкомдун 1-катчысы А. Шахрай менен Кыргыз АССРнин Эл комиссарлар советинин төрагасы Ж. Абдрахманов кызмат ордунан кол жууп, партиядан чыгарылат. Ал эми ага чейин, 9-майда А. Сыдыков, 11-майда Э. Арабаев камакка алынат...
(уландысы бар...)