Добавить статью
8:49, 5 декабря 2014 64697

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (3-бөлүк)

Уландысы, башы 1-бөлүктө, 2-бөлүктө

Долон бийден тартып Тынымсейит уруусуна чейинки генеалогиялык таблица

141204_1

... Улукбектен – Аксултан. Жаныбектен – Мирлан, Максат. Мирландан – Байэл, Нурэл. Жанаалыдан – Бакыт, Айдар. Акматтын кийнки уулу Жапыйдан – Айтбай(Иван) андан Акимкан. Акматтын андан кийинки уулу Раштан – Ургазы андан Азамат, Урмат. Акматтын кенже уулу Бекболоттон – Жеңишбек, Жоробек, Максат, Кубан, Райымбек. Жеңишбектен – Сыядатбек(Бакыт), Жыргалбек, Асылбек, Жылдызбек, Баатырбек. Жоробектен – Бердибек, Алтынбек. Максаттан – Темиркан. Кубандан – Айдар. Райымбектен – Талант, Келдибек, Айбек. Ошонтип Жумабайдын улуу уулу Акматтын тукумдарынын таралышын аяктап, кийинки уулу Маамыттын урпактарына кезек берели. Маамыттан – Жолдошбек, Карыпбек, Талай.

Карыпбектен – Норузбек, Астана. Талайдан – Кайрат. Жумабайдын үчүнчү уулу Окенден – Шаршенбай, Жаныбек. Шаршенбайдан – Нурлан, Улан, Руслан. Жаныбектен – Нурдин, Нурбек, Урмат. Жумабайдын төртүнчү уулу Касымакундан – Кумарбек, Мухтарбек. Жумабайдын бешинчи, кенже уулу Касымаалы улуу атамекендик согушта курман болгон. Ушуну менен Малдыбайдын үчүнчү уулу Жумабайдын тукумдарынын таралышын аяктайбыз, кийинки уулу Бачагардан эки эле кыз калган деген маалымат бар экен. Малдыбайдын бешинчи уулу Нарынбайдан – Тентимиш, Төлөмүш. Тентимиштен – Шахтыбек андан Марат андан Айбек. Төлөмүштөн – Сапарбек, Өзгөрүш, Самат, Сыймык. Ал эми Малдыбайдын алтынчы, кенже уулу Акымбектен эки кыз бала калган деген маалымат алдык. Ошонтип Малдыбайдын тукумдарынын таралышын ушуну менен жыйынтыктайбыз, кезекти Коомандын экинчи уулу Бактыбайга берсек. Бактыбайдан – Сүйүнбай андан Термечик, Талап.

Термечиктен – Алымбай, Максүт, Алышбай, Турсунбай, Иса. Алымбайдан – Шаршеке, Амазбай, Асанбай. Шаршекеден – Марат, Таалай, Кубат. Амазбайдан – Касымбай, Саламат. Касымбайдан – Темирлан, Кутман. Саламаттан – Акжолтой, Атай, Бакай. Асанбайдан – Ашым, Эшим, Мурат, Кубат, Турат. Ашымдан – Эрнист, Мэлис, Арген. Эшимден – Эрлан, Фархат. Кубаттан – Эмир. Термечиктин экинчи уулу Максүттөн тукум жок, үчүнчү уулу Алышбайдан – Дүйшөбек андан Чалай, Ысман. Чалайдан – Бакыт. Ысмандан – Талант, Шеркул. Эми Термечиктин төртүнчү уулу Турсунбайдан – Керимбек. Ал эми бешинчи, кенже уулу Исадан – Алмаз. Сүйүнбайдын экинчи уулу Талаптан – Шеримбек андан Каныбек, Бактыгул, Замир, Курманбек, Сагынбек, Шахтыбек. Каныбектен – Эрмек. Бактыгулдан – Алымбек, Азамат, Адилет. Замирден – Мирлан, Кубанычбек, Нурбек. Сагынбектен – Азамат. Шахтыбектен – Улук. Ошонтип Маркабайдын тукумдарынын таралышын аягына чыгабыз, эмки кезекти Токтомуштун төртүнчү уулу Сатыкенин урпактарына беребиз.

Сатыкеден – Чоро, Аныр, Бообек, Сарыкалпак. Чородон – Берик андан Каракөтөн, Карга, Сарала. Каракөтөндөн – Декебай, Алакен, Туума. Декебайдан – Акун, Арсар, Султан. Акундан – Кудайберген, Калыс, Чалай, Күчүк, Жакып. Кудайбергенден – Малайбек, Мухтарбек, Таалайбек, Кымбаткул, Дайырбек андан Мирлан, Эрлан, Урмат. Калыстан – Мелис, Бейшеналы андан Мирлан. Декебайдын Арсар, Султан деген уулдарынан тукум жок. Ал эми Каракөтөндүн экинчи уулу Алакендин тукумдары жөнүндө маалымат жок экен, үчүнчү уулу Туумадан – Токтокасым андан Жолдош андан Дамир, Сабыр, Эмил, Эдил. Эми Бериктин экинчи уулу Каргадан – Бугучу, Кожомкул. Бугучудан – Кадыракун, Бектурган, Темирбек, Усуп. Кадыракундан – Догдурбек, Нурбек, Жеңишбек. Бектургандан – Руслан, Расул андан Максат, Адилет, Темирлан, Аскат, Тариэль. Темирбектен – Алтынбек, Нур.

Усуптан – Исабек, Мурат, Хамит. Карганын экинчи уулу Кожомкулдан – Ишенбек, Жусуп, Рыспек. Жусуптан – Медер. Рыспектен – Рустам. Ал эми Бериктин үчүнчү уулу Сараладан – Табылды, Бектен, Бердикожо, Бердигул, Турдугул. Табылдыдан – Дүйшө, Акиш, Тейит. Дүйшөдөн – Шамен, Жүдөмүш, Догдурбай. Шаменден – Аскарбек, Жакшыбек, Сейитбек, Бакытбек, Мырзабек, Кенжегул. Аскарбектен – Азамат, Саламат, Талант, Арслан, Кайрат. Жакшыбектен – Бектурсун, Нурсултан. Сейитбектен – Аман, Азамат, Калыбек, Алтынбек. Мырзабектен – Мирлан, Төлөгөн. Кенжегулдан – Нурбол. Дүйшөндүн экинчи уулу Жүдөмүштөн – Жолдошбек, Жанышбек, Кубанычбек. Дүйшөндүн үчүнчү уулу Догдурбайдан – Рысбек. Эми Табылдынын экинчи уулу Акиштен – Урмат, Кубат, Мурат, Туралы, Кубатбек.

Ал эми Табылдынын үчүнчү уулу Тейиттен – Чолпонбай. Сараланын улуу уулу Табылдынын тукумдарынын таралышын ушуну менен аяктадык, экинчи уулу Бектенден – Төлөн андан Догдурбек, Өмүрбек, Айдарбек, Калысбек, Кайырбек. Сараланын кийинки уулдары Бердикожо, Бердигул, Турдугулдардын тукумдары жөнүндө маалымат жок экен, балким чоң үркүнгө байланыштуу болушу мүмкүн. Ушуну менен Сараланын анын атасы Бериктин тукумдарынын таралышын аяктап жатып, жалпы эле Сатыкенин улуу уулу Чоронун тукумдарынын таралышынын аягына чыктык, эмки кезек Сатыкенин экинчи уулу Анырга келип жетти. Анырдан – Мырзабай андан Шарше андан Тынчы, Алмаз. Тынчыдан – Улан. Эми Сатыкенин үчүнчү уулу Боокетен – Ажыбек андан Бекбото андан Үсөн андан Барктабас андан Урлан, Кубан, Бакыт, Болотбек, Алмаз, Турсунбек, Акынбек, Мэлис. Урландан – Элеман. Бакыттан – Руслан, Сагын. Болотбектен – Самат, Чынгыз. Акынбектен – Алишер, Урмат. Мэлистен – Мирлан, Манас. Ал эми Сатыкенин төртүнчү, кенже уулу Сарыкалпактан – Боотай андан Чалбай, Чормон.

Чалбайдан – Жумабай, Урабай, Атамкул. Жумабайдан – Сабыр(Кытайда 1916 – ж. Калган, Боздөңдө турат) андан Муса. Урабайдан – Сартбай, Жолочу андан Жээнбек андан Эрмек, Эмил, Кубан. Эрмектен – Дөөлөт, Самат. Эмилден – Султан, Санжар, Сыймык. Кубандан – Азим. Эми Чалбайдын үчүнчү уулу Атамкулдан – Жакшылык, Сабырбек, Дөөлөс, Орозон, Орозаалы. Жакшылыктан – Абдылдабек андан Тунук, Алтынбек, Турдубек. Алтынбектен – Акбар. Сабырбектен – Талайбек, Зыпарбек, Канатбек, Кылычбек, Каныбек. Талайбектен – Актилек. Эми Дөөлөстөн – Бактыбек андан Байгазы, Эмир. Орозондон – Сулайман, Азат, Изат, Арстанбек, Данияр, Адилет.

Азаттан – Алихан. Изаттан – Элдияр. Орозаалыдан – Алмаз, Төлөмүш. Алмаздан – Акжол. Ушуну менен Сатыкенин тукумдарынын таралышын болушунча аяктайбыз, эми Токтомуштун Буурчак энеден көргөн кийинки бешинчи уулу Сарткозунун урпактарын талдаганга киришели. Сарткозудан – Алапай андан Токтосун андан Жээнтай, Орозаалы. Жээнтайдан – Мукамбет, Бекен. Мукамбеттен – Жолочу, Аскарбек. Жолочудан – Бакыт, Талантбек, Нурлан. Бакыттан – Самат, Эльмар, Ильяз. Талантбектен – Темирлан, Байэл. Аскарбектен – Чолпонбек, Толкунбек, Бактыбек, Таалайбек, Мирбек. Чолпонбектен – Талгат. Толкунбектен – Айдар, Кудурет. Бактыбектен – Дастан. Таалайбектен – Адилет, Муратжан, Алихан. Эми Жээнтайдын экинчи уулу Бекенден – Зымчыбек андан уланган тукумдары болгон эмес экен. Ошонтип Жээнтайдын тукумдарынын таралышын аяктап, Токтосундун экинчи уулу Орозаалыга кезек берели. Орозаалыдан – Бейшенакун андан Канатбек, Асанбек, Камчыбек. Канатбектен – Мирлан.

Асанбектен – Абдылда, Арстанбек, Руслан, Рустам, Азамат. Абдылдадан – Сыймык. Арстанбектен – Самат, Саламат. Русландан – Бактыяр. Азаматтан – Тилек. Камчыбектен – Рыскелди. Ушуну менен Сарткозунун тукумдарынын таралышын аяктайбыз, эмки кезекти Токтомуш атабыздын Буурчак энеден көргөн алтынчы, кенже уулу Жалгамыштын урпактарына беребиз.

Жалгамыштан – Молтой, Табылды. Молтойдон – Стамбек, Асанбек. Стамбектен – Чөл андан Асанаалы андан Шергазы, Акыйкат. Шергазыдан – Калысбек, Кылычбек, Жылдызбек, Ильичбек, Турусбек. Калысбектен – Турарбек, Фархат, Руслан, Нурлан. Кылычбектен – Арстан, Султан, Кутман. Жылдызбектен – Нурдин. Ильичбектен – Айбек. Турусбектен – Зардин. Эми Асанаалынын экинчи уулу Акыйкаттан – Аскар, Алчыбек, Мукай, Таалай. Ошонтип Молтойдун тукумдарынын таралышын аяктадык, эми Жалгамыштын экинчи уулу Табылдынын урпактарын талдагандан баштасак. Табылдыдан – Акмат андан Жума андан Бейше, Жаанбай, Жаңыбай. Бейшеден – Жолдошбек, Уларбек, Дастан. Жаңыбайдан – Максат, Азамат, Эркинбек.

Жогоруда белгилегендей түпкү аталар менен кийинки муундардын ортосунда ажырым болушу толук ыктымал, Жалгамыштын кайсы балдарынан таргандыгы белгисиз Байсал, Баяман деген эки урпагы болгон экен, тилеке каршы алардан уланган тукумдары жөнүндө маалымат табылган жок. Урматтуу окурман жогоруда башаталышында белгилеп кеткендей Кабелинин тукумдарын тактоодо Жангазы мырза Кытайдагы кыргыз айылдарына барып келген деген элек, ошол Кытай мамлекетине караштуу Шаты деген айылда жашаган Кабелинин урпактарын чиймеге – схемага түшүргөн экен, мен ушул жерден улап кошуп кетүүнү тура көрдүм. Кабелиден – Бердигул андан Момун андан Жылкычы андан Исмаил, Сыдык. Исмаилден тукум жок. Сыдыктан – Тыргоот, Бекмурза. Тыргооттон – Качкынбай, Кудайберген. Качкынбайдан – Балгын, Дөөлөт, Акий. Кудайбергенден – Дидар, Нуркелди. Бекмурзадан – Эсентур, Аманжол, Жоламан, Асантур. Аманжолдон – Жашоор. Асантурдан – Нурдидар.

Ошонтип ушуну менен Кабели атабыздын тукумдарынын таралышын болушунча жыйынтыктап жатып, тактоого көмөк көрсөткөн Акматов Жангазы Урсай уулуна терең ыраазычылык билгизем. Ал эми эмки кезекти Тынымсейит атабыздын экинчи уулу Шалтак атабыздын урпактарына берели.

Шалтактын тукумдарынын таралышы

Шалтактан эки уул төрөлөт – Бактугул, Кабак. Бактыгулдун үч аялы болгон экен, алар: Чабалдай, Кызылтаз жана Меңдибек. Чабалдай эненин өз аты башка болсо керек аны тастыктаган киши болбоптур, угушубузга караганда энебиз арыкчырай, кара жумушка чабалыраак адам экен, ошондон улам “Чабалдай” деген атка конуп калыптыр. Бул энеден тараган тукумдары Чабалдай уруусу аталып, азыркы Нарын районуна караштуу Ийри – Суу кыштагында жашап турушат.

Кызылтаз эненин өзүнүн аты Күмүш болгон деген маалымат бар, Күмүш энебиздин төбөсүндө чачы жок жери бар экен, өзү сары чийкил, кызыл жүздүү адам болсо керек жоолугун алмаштырганда чачы жок жери кызарып көрүнүшү мүмкүн ошондон улам “Кызылтаз” эне, урпактары энесинин атын чакырып Кызылтаз уруусу аталып, 1960-жылдарга чейин ошол эле Нарын районуна караштуу Ак – Булуң кыштагында Меңдибек туугандары менен чогуу жашап келишсе, азыркы күндө негизинен Эмгекчил айылында жашап турушат. Меңдибек энебиздин да өз аты белгисиз, ак жуумал, сулуу чумак, бетинде меңи бар адам экен ошол себептен “Меңдибек” эне аталып калыптыр. Меңдибек энеден тараган тукумдар, башкача айтканда Меңдибек уруусу азыркы күндө Ак – Булуң кыштагында жашап турушат.

Чабалдай уруусунун таралышы

Бактыгул атабыстын байбичеси Чабалдай энебиз эки уул төрөйт, алар – улуусу Кешикчи, экинчиси Өзүкчү. Кешикчинин биринчи аялынан үч бала төрөлөт – Ажы, Жумаке, Төлөке. Ажыдан – Жутабай, Дүйшөбай. Жутабайдан – Үкү, Бытый, Акбай. Үкүдөн – Энтери андан Алымбек, Калыгул, Кыдыр. Алымбектен – Түмөнбай, Кочкорбай, Байтик, Чүрөкөй, Серкебай. Түмөнбайдан – Усубалы, Ысакбек. Усубалыдан – Асырымбек, Ысакбектен – Кубатбек андан Улан. Кочкорбайдан – Койчуман, Турганбай. Койчумандан – Абдыкерим, Мамбеткерим. Абдыкеримден -Токтогул, Токтосун. Токтогулдан – Айбек, Балабий, Адилет. Айбектен – Дастан, Жоодар. Мамбеткеримден бир кыз калган деген маалымат бар, өзү атамекендик согушта каза болгон. Турганбайдан – Бейше, Дүйшөн, Рыскул. Бейшеден – Мукаш, Султанбек, Башыбай. Дүйшөндөн – Өмүркул, Аманкул, Жапаркул, Кадыркул, Ажыгул, Ажыбек, Кенжебек.

Рыскулдан – Мирбек, Нурбек. Алымбектин үчүнчү уулу Байтиктен – Асанжан, Мамбетжан. Алымбектин төртүнчү уулу Чүрөкөйдөн – Орозакун, Ниязакун, Казакун. Алымбектин кенже уулу Серкебайдан – Султаналы, Султанакун, Карыбек. Султаналыдан – Абдыралы, Сабирдин, Кубаныч, Бейшенбек, Буйлал, Мырзакул, Базаркул. Абдыралыдан – Бөлөкбай. Сабирдинден – Улукбек, Бактыгул, Ыманкул, Темиркул. Кубанычтан – Бекназар. Мырзакулдан – Чынарбек. Базаркулдан – Бекболот, Нурболот, Абдылбек. Султанакундан – Токтогон, Жолдошбек. Токтогондон – Айбек, Рамис, Калыс, Жакшылык. Серкебайдын үчүнчү уулу Карыбектен – Кылычбек, Алмазбек, Алтынбек, Акылбек, Максатбек, Казыбек, Замирбек. Ушуну менен Энтеринин улуу уулу Алымбектин тукумдарынын таралышын болушунча аяктадык, эми экинчи уулу Калыгулдан – Ыса, Жыргалбай, Мамбетысан. Ысадан – Касмакун, Бейшек, Кадыш. Касмакундан – Бекжан, Болот. Бекжандан – Ырысбек, Майрамбек, Токтобек, Азамат. Болоттон – Мирлан, Нурлан.

Бейшектен – Курманбек, Анарбек, Сүйүнбек, Жаңыбай, Бакыт. Анарбектен – Азамат, Азат. Жаңыбайдан – Азис. Кадыштан – Жаныбек, Самат. Калыгулдун экинчи уулу Жыргалбайдан – Асанакун, Асанбек, Касымбек, Эшимбек. Асанакундан – Туратакун андан Максат, Аскат, Урмат. Асанбектен – Дүйшөк, Жумакадыр. Дүйшөктөн – Мурат, Кубат, Канат. Жумакадырдан – Улан, Аман. Касымбектен кыз бала калган деген маалымат бар, өзү каза болуп калган. Эшимбектен – Шаршенакун, Муслим, Шейшен, Төрөгелди. Шаршенакундан – Айбек, Алтынбек. Муслимден – Искендер. Шейшенден – Санжар, Данияр. Төрөгелдиден – Нурбек, Кайырбек. Ошентип Жутабайдын улуу уулу Үкүнүн урпактарынын таралышын болушунча аягына чыктык, эмки кезек экинчи уулу Бытыйга кезек берели.

Бытыйдан – Жанузак, Жансары, Кулунчак, Кошаалы, Алымбек, Балчак, Жаныбек. Жанузактан – Байкашка, Батмөнкө, Ырысбай. Байкашкадан – Дөөтбек, Малабек, Ысабек, Мусабек, Молдобек. Дөөтбектен тукум жок. Малабектен – Керимбай, Сыртбай. Керимбайдан – Шайымбет, Эркинбек, Абазбек, Дүйшөнбек. Шайымбеттен – Акылбек,Бекмырза, Дыйканбек. Акылбектен – Бобек, Искендер. Бекмырзадан – Санжар. Дыйканбектен – Рахманкул. Эркинбектен – Токтобек. Абазбектен – Калмырза, Адил, Камил. Дүйшөнбектен – Улукбек, Баястан, Марлен. Сыртбайдан – Эрнис, Урмат, Ардак, Улан, Мурасбек. Эрнистен – Элдар. Урматтан – Элдос, Байэл. Байкашканын үчүнчү уулу Ысабектен – Абдыкадыр, Абдылашым, Абдылманап (Микин). . Абдыкадырдан – Жолой, Кошой, Бакай, Бакыт. Жолойдон – Урмат.

Кошойдон – Азамат, Адилет. Бакайдан – Максат, Талант, Канат. Бакыттан – Актан. Абдылашымдан – Батырбек, Нурсултан, Жанарбек. Абдылманаптан – Арашан, Майрамбек, Адылбек, Эдилбек. Байкашканын төртүнчү уулу Мусабектен – Абдыбакас, бешинчи уулу Молдобектен – Абдыжапар, Сапар. Эми Жанузактын экинчи уулу Батмөнкөдөн – Мукаш андан Руслан андан Арстанбек. Жанузактын - үчүнчү уулу Ырысбайдан – Баяман андан Орозакун андан Көчкөналы, Кыдыралы, Токтоналы. Көчкөналыдан – Самат. Кыдыралыдан – Бакытбек, Талантбек, Элдар. Токтоналыдан – Темирлан. Бытыйдын экинчи уулу Жансарыдан – Жаркынбай, Жандыралы, Турду. Жаркынбайдан – Сырбай андан Муканбеталы, Акий. Муканбеталыдан – Абдылда, Райымкул, Абдыкерим (Көкөн). Райымкулдан – Болотбек, Кылычбек, Замирбек, Рысбек, Таалайбек, Жаныбек. Рысбектен – Калмырза.

Жаныбектен – Акылбек, Кайрат. Абдыкеримден – Токтобек, Канатбек, Аманбек. Канатбектен – Бакытбек. Аманбектен – Өмүрбек, Алымбек. Сырбайдын экинчи уулу Акийден – Илияс, Жусуп, Шералы, Эралы. Илиястан – Нурлан, Нурбек, Мирбек. Нурландан – Кыдырназар. Нурбектен – Бакай, Атай. Мирбектен – Рамазан. Жусуптан – Чолпонбек, Алмазбек, Керим. Шералыдан – Уланбек андан Азамат. Эралыдан – Уланбек, Батырбек, Дастан. Жансарынын экинчи уулу Жандыралыдан – Сырымбет, Асаналы, Касымалы, Ашымалы. Асаналыдан – Үсөн, Асан, Касеин, Дордой, Жусуй, Маты. Үсөндөн – Кыдырбай, Кыяз, Ниязбек, Кыдырмыш, Кошойбек, Таалайбек, Тилек, Максат. Кыдырбайдан – Талантбек, Тынчтыкбек, Бакыт, Канат, Азамат. Ниязбектен – Жеңишбек. Кыдырмыштан – Бакай. Кошойбектен – Сейтек, Нурэл.

Таалайбектен – Аскар, Атай, Эрмек, Эдил. Максаттан – Калысбек. Асаналынын экинчи уулу Асандан – Дубанбек андан Тимур, Өмүрбек. Үчүнчү уулу Касеинден – Кубан, Үрүстөм, Болот. Кубандан- Марс, Алмаз. Үрүстөмдөн – Дастан. Болоттон – Тилек. Асаналынын кийинки уулу Жусуйдан – Төлөбек, Талайбек, Жыргалбек, Сиезбек, Нурланбек. Төлөбектен – Адилет. Талайбектен – Самаган. Жыргалбектен – Бообек. Сиезбектен – Кутман. Асаналынын андан кийинки кенже уулу Матыдан – Каныбек, Дөлөтбек. Каныбектен – Жанарбек. Дөлөтбектен – Шайлообек, Бакытбек. Эми Жандыралынын үчүнчү уулу Касымалыдан – Досалы андан Бектурган, Эркин, Жоламан, Бекмырза, Эламан, Адылбек. Эркинден – Султан, Шабдан. Жоламандан – Кутман, Аманбек. Бекмырзадан – Темирлан, Даниел. Эламандан- Дастан, Мирлан.

Адылбектен – Руслан, Арслан. Жандыралынын кенже уулу Ашымалы атамекендик согушта каза болгон. Эми Жансарынын үчүнчү уулу Турдудан – Таабалды, Койбак. Ал эми Бытыйдын үчүнчү уулу Кулунчактан – Байгазы, Жоомарт. Байгазыдан – Шабдан андан Мукаш андан Сатар, Сапар, Муктар. Сатардан – Тилек, Жолдошбек, Автандил. Сапардан – Нурлан, Акжол. Муктардан – Марат, Тариэл. Бытыйдын төртүнчү уулу Кошаалыдан - Байдөлөт, Нурдөөлөт, Жанбоо, Бекбоо. Байдөлөттөн – Муса, Олжобай. Мусадан – Сейдакмат, Мырзакмат. Сейдакматтан – Мухидин, Мурадил, Мухтар, Мурат, Марат, Максат, Амантур. Мурадилден – Уланбек, Жакшылык. Мухтардан – Мирлан, Элдияр, Данияр. Мураттан – Ислам. Мараттан – Адам. Максаттан – Мухаммад. Мырзакматтан – Самыйбек, Сапарбек, Бактыбек. Самыйбектен – Аман. Байдөлөттүн экинчи уулу Олжобайдан – Садыбакас, Абды, Токо.

Садыбакастан – Акмат андан Рашид, Нурлан, Бакыт, Бакас. Кошаалынын экинчи уулу Нурдөөлөттөн кыздар эле калган деген маалымат алдык. Ал эми үчүнчү уулу Жанбоодон – Жусуп, Кадыке. Жусуп эр жеткенде каза болуп калган экен тукум жок. Кадыкеден – Мырзакул, Жекшен, Илимбай, Түгөлбай, Бейшенбай, Автандил, Кенжебай. Мырзакулдан – Улан, Жолдошбек. Жекшенден – Тилек. Илимбайдан – Рахат, Ринат. Түгөлбайдан – Марс, Эрлан, Тимка, Ардак. Бейшенбайдан – Арслан. Автандилден – Эрнис, Мелис, Расул. Кенжебайдан – Бердибек, Субанбек. Кошаалынын кенже уулу Бекбоодон бир кыз калган аты Зейнеп. Эми Бытыйдын бешинчи уулу Алымбектен – Токтосун андан Асаманбет андан Ташбай, Өскөн, Көчкөн. Ташбайдан – Кубанбек, Бакытбек, Жайлобек, Жаныбек. Кубандан – Максат, Азамат, Марат. Бакытбектен – Арсен. Жайлобектен – Алнур. Өскөндөн – Талайбек, Эрнис, Мелис, Алтынбек. Көчкөндөн – Алмаз, Төрөтай, Манас, Кенжебек. Бытйдын алтынчы уулу Балчактан – Ажыбай, Боромбай, Арыкбай. Ажыбайдан – Байакун андан Муканбет, Какемат.

Муканбеттен кыздар эле калган деген маалымат алдык. Какематтан – Жумадил, Зайдик. Жумадилден тукум жок. Зайдиктен - Казак, Таалайбек, Талгарт. Боромбайдан – Айсаракун, Абдыраймакун, Молдакун, Чекир. Абдыраймакундан – Абдыкалык, Кадыке, Тургунбек. Кадыкеден – Кеңеш, Кубанычбек, Кенжебек. Кеңештен – Кубат, Эрнис. Кубанычтан – Уланбек, Бакай. Тургунбектен – Талантбек, Канат, Азамат. Талантбектен – Темирлан. Молдакундан – Жолочу андан Малик андан Нурлан. Боромбайдын кенже уулу Чекирден – Төлөгөн андан Тилен, Табыш. Тиленден – Бакытбек. Ал эми Бытыйдын кенже уулу Жаныбектен – Барыктабас андан Осмон, Иса, Касманбет, Качкынтай. Осмондон – Тенти, Жумак. Тентиден – Моңолдор, Кубан, Абдыш, Болот, Нурлан, Дулат. Жумактан – Темирбек андан Токтосун, Бек. Исадан – Бапа, Ишен. Бападан – Бордубек, Камчыбек, Жыргалбек. Бордубектен – Кылычбек, Адилет, Давлет. Камчыбектен – Тилек, Намазбек, Нурсултан. Жыргалбектен – Бакыт, Таалай. Ишенден – Руслан.

Барыктабастын үчүнчү уулу Касманбеттен – Асанкадыр, Ишенбай, Абдыкадыр. Асанкадырдан – Ишеналы. Ишенбайдан – Шакир, Шамен. Барыктабастын төртүнчү уулу Качкынтайдан – Орозон, Орозобай, Орозобек. Орозондон – Доктурбек, Кылычбек, Дүйшөнбек, Алмазбек, Магдыбек,Төлөбек, Өмүрбек. Догдурбектен – Азамат, Азирет. Кылычбектен – Саламат, Урмат. Дүйшөнбектен – Нурдин. Магдыбектен – Арсемат. Төлөбектен – Аскат. Өмүрбектен – Арлен, Арген. Орозобайдан – Майрамбек, Максат. Майрамбектен – Ислам. Орозобектен – Бакытбек, Талантбек, Талайбек. Ушуну менен Бытый уулунун таралышын жыйынтыктадык, эмки кезекти Жутабайдын үчүнчү уулу Акбайга берели. Акбайдан – Кожомкул андан Багыш андан Качкынчы, Бабакан, Кошкай. Качкынчыдан – Асылбек, Турдубек. Асылбектен – Туратакун, Касым. Туратакун атамекендик согуштан курман болгон. Касымдан - Сатыгул, Жакшылык, Ийгилик, Бакы, Алмаз. Сатыгулдан – Мирбек, Жанарбек, Нурбек. Жакшылыктан – Адилет.

Турдубектен тукум жок. Бабакандан – Асан андан Замир, Нурланбек, Кубатбек. Замирден – Тилекмат, Урмат, Кутман. Багыштын үчүнчү уулу Кошкайдан – Асанбай андан Калмырза, Мукаш. Калмырзадан - Жүрсүнбек, Жыргалбек, Кубан. Жүрсүнбектен – Энчилеш. Жыргалбектен – Бектемир. Кубандан – Алишер. Мукаштан – Сабатбек, Сапарбек, Дүйшөнбек, Курманбек. Ошентип Ажынын улуу уулу Жутабайдын тукумдарынын таралышын жыйынтыктадык, эмки сөз Ажынын экинчи уулу Дүйшөбай жөнүндө болмокчу. Дүйшөбайдан – Өлтүз анын эки аялы болгон. Биринчи аялы Тойбек энеден Ормо андан Апек, Кедейбек, Жамангул. Апектен - Күчүк, Мадей, Бакай. Күчүктөн – Мусакун, Шермалы. Мусакундан – Орозон, Кудайберген. Орозондон – Куланбек, Азык. Куланбектен – Токтосун, Амантур, Азамат. Токтосундан – Азирет. Амантурдан – Ынтымак. Кудайбергенден – Нурбек, Турсунбек, Сүйүнбек.

Нурбектен – Ийгилик. Турсунбектен – Жакшылык, Ынтымак. Күчүктүн экинчи уулу Шермалыдан – Айткулу, Керим. Ал эми Апектин экинчи уулу Мадейден – Шамыр андан Калый, Жалый, Айдарбек. Калыйдан – Жекшен, Анарбек, Мырзабек. Жалыйдан – Муратбек, Туратбек, Алмазбек. Айдарбектен – Амантур, Эсентур. Апектин үчүнчү уулу Бакайдан – Урумкан, Осоке. Урумкандан – Ысмайыл, Абиир. Ысмайылдан – Асан андан Талантбек, Таалайбек, Жыргалбек, Саматбек, Турсунбек. Талантбектен – Максат. Таалайбектен – Бекзат. Жыргалбектен – Кылымбек. Турсунбектен – Байэл, Даниэл. Абиирден – Шейшебай, Жолочу, Муканбет, Абдылда, Жоламан, Эламан, Аксайбек, Таалайбек, Эркинбек. Жолочудан – Максат, Канат. Таалайбектен – Адилет, Даниел. Осокеден – Асеней, Үсөнөй, Кенжебай. Асенейден – Сагынбек андан Жоомарт, Жоодар.

Үсөнөйдөн – Тилекмат андан Байжигит, Бекболот, Акылбек. Кенжебайдан – Таалайбек, Канатбек. Таалайбектен – Калысбек, Муратбек. Ал эми Кедейбектен – Кадыр, Садыр. Кадырдан – Жакыпбай андан Султангазы ата мекендик согушка кетип кайтпай калган. Садырдан – Усуп, Балбак, Жангир, Такырбаш. Усуптан – Мусакун андан Асангазы андан Майрамбек, Нурмат. Майрамбектен – Кубат, Канат. Балбактан – Иса, Муса. Жангирден – Жумабай, Ыдырыс, Жакшылык. Такырбаштан бала жок. Ал эми Жамангулдан – Менде, Көкө. Мендеден – Молдобай андан Токтогул андан Орозалы, Турсуналы. Орозалыдан – Турдакун, Туратбек, Аманбек. Турдакундан- Улан, Нуку. Туратбектен – Нурсултан, Нурбай. Аманбектен – Эрмек, Элдияр, Даниэл. Турсуналыдан – Нурланбек, Досболот, Эсентай, Максат, Бакы.

Өлтүздүн экинчи аялы Шекер энеден үч уул төрөлөт алар – Желдең, Карымшак, Калча. Желдеңден – Бирназар, Касей. Бирназардан – Сабит, Ыбыт, Бейше. Сабиттен – Сагындык, Аманат. Сагындыктан – Кубан. Аманаттан – Бакы. Ыбыт, Бейшеден тукум жок. Касейден дагы тукум жок. Карымшактан – Баймундуз, Байсеит. Баймундуздан – Кыдырмыш андан Табыш, Нурдин, Турсунбек. Байсеиттен – Ыманакун, Эшенакун, Мамбеткул. Ыманакундан – Токтобай андан Асанбек, Үсөнбек, Койчубек, Казыбек, Нарынбек, Аманбек, Кыдыкбек. Асанбектен – Эрмек. Үсөнбектен – Жаныбек. Койчубектен – Элдияр, Бактыяр. Казыбектен – Илимбек. Нарынбектен – Токтобек, Акылбек. Аманбектен – Айдин. Кыдыкбектен – Имансейит.

Ал эми Калчадан – Дүйшөбай андан Жумабек андан Токтомамыт, Молдокасым. Токтомамыттан – Темирбек андан Таласбек. Молдокасымдан – Кайырбек, Боогачы. Кайырбектен – Бакытбек. Боогачыдан – Мыктыбек, Калысбек. Мыктыбектен – Нүсүпбий. Ушуну менен Өлтүз уулунун, жалпы эле Ажы уулунун урпактарынын таралышын аягына чыктык, эмки кезек Кешикчинин экинчи уулу Жумакенин тукумдарында. Жумакеден – Турпан андан Жамангул, Тейит, Эдилбек. Жамангулдан – Токтомуш, Нуралы, Үмөталы. Токтомуштан – Чотуш атамекендик согушта курман болгон. Нуралыдан – Алымкул, Алметакун, Жакер, Зайдин. Алымкулдан – Сагындык андан Улан, Уран. Алметакундан – Иса, Касеин, Турдубай. Исадан – Жапаркул, Болот, Алмаз, Эсенгул андан Чынгыз. Касеинден – Рыскул, Канат, Нурбек. Зайдинден – Арстанбек, Рахат, Акылбек, Нурлан. Арстанбектен – Камчыбек, Дастан, Бакытбек. Акылбектен – Мирбек.

Нурландан – Кубатбек. Жамангулдун үчүнчү уулу Үмөталыдан – Садык андан Шүкүрбек, Абдыбек, Аскарбек. Шүкүрбектен – Кулубек, Казыбек, Жаныбек, Эсенбек, Азизбек, Каныбек. Кулубектен – Урмат, Рахат, Кубат. Казыбектен – Темирбек, Кылычбек, Данил. Жаныбектен – Бектемир, Нуртилек. Эсенбектен – Кутман. Каныбектен – Нурадил. Абдыбектен – Талантбек андан Иличбек, Калыс, Рамис. Аскарбектен – Бакытбек, Нурбек, Талайбек. Бакытбектен – Садык. Нурбектен – Дастан. Турпандын экинчи уулу Тейиттен – Ботбай андан Кыдыралы андан Токтомуш, Сейденалы. Токтомуш ата мекендик согушка кетип кайтай калагн. Сейденалыдан - Тилебалды, Качкын, Өскөн, Тилекмат, Кары, Кенжегул, Данил. Тилебалдыдан – Камил, Эмил. Качкындан – Аман, Али, Эмир.

Өскөндөн – Мирлан, Улан. Тилекматтан – Шамил, Билим, Дилим, Муслам. Карыдан – Ислам, Ибрагим. Кенжегулдан – Медет, Айдин. Данилден – Эрик, Эржан. Турпандын үчүнчү уулу Эдилбектен – Баястан, Черикчи. Баястандан – Абдыраман, Боромбай. Абдырамандан – Батыркан андан Насирдин, Чөкө, Асанкул. Насирдинден – Белек андан Турсунбек, Жыргалбек, Кумарбек, Муктарбек. Турсунбектен – Максат. Жыргалбектен – Урмат. Кумарбектен –Улукбек, Мыктыбек, Эмирлан. Чөкөдөн – Дүйшөн андан Тилек. Баястандын экинчи уулу Боромбайдан – Калмакбай, Сакалбай. Калмакбайдан – Калык андан Эсенбай андан Тынчтык. Сакалбайдан – Дыныстан андан Абды, Турсун, Жүрсүнакун, Турдалы. Абды, Турсундан тукум жок.

Жүрсүнакундан – Муканбет, Жузуп, Бакыт, Болот. Турдалыдан – Нарынбек, Майрамбек, Жыргалбек, Үрүстөмбек, Нурланбек, Мирбек, Камбарбек. Нарынбектен – Азамат, Саламат, Тилекмат. Майрамбектен – Жуманазар. Жыргалбектен – Темиркан. Үрүстөмдөн – Дастан, Актан. Нурландан – Асирет, Адилет. Эдилбектин экинчи уулу Черикчиден – Алышбай андан Асанакун андан Асанкадыр, Абдыкадыр. Ошентип Турпан уулунун, башкача айтканда Кешикчинин экинчи уулу Жумакенин тукумдарынын таралышын аяктадык, эмки кезек Кешикчинин үчүнчү уулу Төлөкеге берели. Төлөкеден – Орус андан Баймырза, Шаамырза, Карымшак, Алтыбай, Черикчи, Арпачы, Баястан, Талканчы. Баймырзадан – Байбагыш андан Молдобай, Алыбай. Молдобайдан – Шамшидин (Тобуш) андан Сатыбалды, Сатылган, Асанбай, Жутабай,Жеңишбек. Сатыбалдыдан – Самат, Азат. Сатылгандан – Мирлан.

Шаамырзадан – Алей, Саманчы. Алейден – Баракан, Шамыркан. Баракандан – Бексултан андан Айдаралы(Шаршеналы), Осмоналы, Бейшеналы. Айдаралыдан – Тилек. Осмоналыдан – Канат, Жолдошбек. Бейшеналыдан – Акылбек, Бообек. Шамыркандан бала жок. Саманчыдан – Жакып, Түлөбай. Жакыптан – Ашыр, Карыпбай (Каден), Табыш, Абыласан, Рашид, Жекшен. Ашыр атамекендик согушта курман болгон. Карыпбайдан – Дүйшөке андан Чынгыз, Илгиз. Табыштан – Эсенбек, Сталбек, Медет, Бакытбек, Кенжебек. Эсенбетен – Эржан, Эмир. Сталбектен – Максат, Сейтек. Медеттен – Эрбол. Бакытбектен – Альберт, Алихан. Абыласандан – Урмат. Рашидтен – Талантбек, Бектур, Канат, Жылдызбек, Асанкадыр, Байэл. Жекшенден – Бектемир. Орустун үчүнчү уулу Карымшактан – Байсейит андан Кусейин андан Токтаалы андан Канатбек. Орустун төртүнчү уулу Алтыбайдан – Акымбай андан Тенти.

Орустун андан кийинки уулу Черикчиден – Асаналы, Койчуман, Тайчыман, Ысмайыл. Асаналыдан – Шарше андан Адылбек андан Камчыбек, Касымбек. Койчумандан – Курманбек андан Илияс андан Адилет. Тайчымандан – Бердалы, Бегалы. Бердалыдан – Нарынбек, Таалайбек, Нурлан, Майрамбек, Акылбек. Нарынбектен – Иличбек, Кылычбек, Рахат. Таалайбектен – Тилек, Ороз. Ысмайылдан – Шаршенаалы, Осмонаалы, Дүйшөнаалы. Шаршенаалыдан – Абас, Алишер. Дүйшөнаалыдан – Абай. Бегалыдан – Эрлан, Сыртбай, Нуржазат,Үркүнчү, Айбек. Эрландан – Ыйманбек, Тимур. Орустун кийинки уулу Арпачыдан – Байкиши, Сулайман. Орустун эң кенже уулу Талканчыдан – Табылды андан Алымбай андан Токой, Дөлөтакун, Абдылда. Токойдон – Мурат, Мамбетказы, Акматалы, Доктурбек. Мураттан – Эрнис, Алмаз. Дөлөтакундан – Жумамүдүн, Самүдүн, Бакыт. Жумамүдүндөн – Болот, Самат. Самүдүндөн – Канат. Бакыттан – Кайрат, Акат. Абдылдадан – Сабирдин андан Кубат. Бактыгул атабыздын улуу уулу Кешикчинин экинчи аялынан Сатыбалды андан Октогор андан Атамаран андан Жабагы, Жалбы, Жалпак.

Жабагыдан – Тагай андан Курманалы андан Муканбетасан, Муканбетөмүр. Муканбетасан атамекендик согушта курман болгон. Муканбетөмүрдөн - Бектемир. Жалбыдан – Ботой андан Сарман андан Байчубак андан Касмалы, Ырыскелди. Касмалыдан – Үсөн, Асан, Чотой, Шарше. Үсөндөн – Нарынбек, Шабырбек, Рысбек. Жалпактан – Солтонбек, Жангарач, Түкөй, Бөкөй. Солтонбектен – Калый, Садык. Калыйдан – Асаке андан Шакен, Кайып. Шакенден – Курманкожо, Өмүркожо, Чынкожо. Жангарачтан – Орозалы, Өмүрзак. Орозалыдан – Усуп, Абдыкадыр, Абдыжалый. Абдыкадырдан – Хамза, Сыргак, Чубак, Кайбылда. Хамзадан – Улукбек. Сыргактан – Мирлан. Чубактан – Нурбек, Калыбек. Кайбылдадан – Аманбек. Абдыжалыйдан – Болотбек, Кылычбек, Алмазбек.http://barakelde.org/muras/news:1177

Болотбектен – Уланбек. Кылычбектен – Тынчтыкбек, Мыйзамбек. Алмазбектен – Тилек, Чолпонбек. Жалпактын үчүнчү уулу Түкөйдөн – Буйлал, Ысмайыл, Ысрайыл, Акун. Буйлалдан – Бикир. Ысмайылдан – Сабыр андан Элал. Акундан – Казы, Кадыр. Казыдан – Муктар, Майрамбек, Дүйшөнбек, Асылбек, Таалайбек. Кадырдан – Ырысбек, Жаныбек, Марат, Мурат андан Кутман. Жалпактын эң кенже уулу Бөкөйдан – Абыл андан Токторбай (Токон) андан Камчыбек, Алымкул, Келдибек, Керимбек, Талантбек. Ушуну менен Бактыгул атабыздын Чабалдай энеден төрөлгөн улуу уулу Кешикчинин тукумдарынын таралышын болушунча аяктадык, эмки кезек экинчи уулу Өзүкчүдө. Өзүкчүдөн – Туралы, Токтук. Туралыдан – Макей, Малек, Мамыткан (Итийбас). Макейден – Муканбет андан Жалый андан Болотбек, Акылбек, Талайбек.

Токтуктан – Ыбыке андан Молор андан Норузбай, Черикчи. Норузбайдан – Токтосун, Орузбек, Нурманбет. Токтосундан – Кызай, Асан. Кызайдан – Капар, Сапарбек. Капардан – Бекболот, Жанболот, Канболот. Асандан – Канат андан Жаныш, Байыш, Аман. Нурманбеттен – Казы андан Жумабек андан Аманбек. Ыбыкенин экинчи уулу Черикчиден – Саты андан Мусабай андан Ыманкул, Өмүрзак, Нургазы, Жумагазы. Ымакулдан – Ленар, Орол. Ленардан – Алмазбек, Ниязбек, Кайрат, Эркин, Талгарт, Максат, Марат, Бекбол. Алмазбектен – Талантбек, Алымбек, Арип, Нурлан, Нурсултан. Талантбектен – Жантөрө. Кайраттан – Адилет, Алтынбек.

Эркинден – Урмат, Кутман, Дастан. Талгарттан – Жакшылык, Досбол. Максаттан – Арстанбек, Мараттан – Кайып, Эрбол. Оролдон – Магдыбек, Султан, Эрмек. Магдыбектен – Бек, Адилжан. Султандан – Алибек. Мусабайдын экинчи уулу Өмүрзактан – Бейшебай андан Темирбек, Кадырбек, Касымбек, Аралбек, Турусбек, Туратбек, Төлөбек, Бакытбек, Кенжебек, Манасбек. Темирбектен – Азамат, Азат, Апсамат. Азаматтан – Чолпонбек. Азаттан – Жылдызбек. Кадырбектен – Эмил, Эдил, Эрнис, Элдар. Касымбектен – Нуртилек. Турусбектен – Улан. Кенжебектен – Амир. Манасбектен – Байэл.

Урматуу окурман ушул жерден Чабалдай уруусунан чыккан Балчак баатыр жөнүндө анча – мынча болсо дагы улуу муундагылардан айтылып калынган баатырлык эрдиктеринин бир окуясын табылган маалыматка жараша эскерип кетүүнү туура көрдүм. Балчак баатырдын атасы Бытый атабыз кыдыр жылоологон, колдоочусу бар касиеттүү адам болгон дешет. Ошондон уламбы Бытый атабызга жаратканыбыз жети эркек уул берип, байлыгы ашып ташыган, айрыкча жылкы баласын көп күткөн экен. Ошол жети уулунун ичинен Балчак эр жүрөк, балбан, тайманбас баатыр чыгып, жоокерчилик заманда журтун сырткы талап – тоноочулардан коргоп келген дешет. Күндөрдүн биринде Бытый байдын жылкыларына ууру тийип, көп жылкыны чаап кеткени кабарланат. Балчак баатыр атасынын ак батасын алып, жигиттери менен жылкыларды ажыратып келиш үчүн уурулардын аркасынан куугунга жөнөйт.

Бул уурулар атайын даярданып алыстан келгендигин, мынча жылкыны Текез, Кулжа тарапка оодорып кете турган калмактар, же Каркыраны ашырып казактар тарапка алып кете турган казак уурулары болуш керек деп болжошот. Аттын күчүнө салып күнү – түнү тынбай жүрүшүп, эртеси шашке ченде Каркыра жайлоосунун ичинен жылкылардын изине түшүшөт. Оңдой берди болду жылкылардын изине түштүк дешип, аттарын чалдырышып, өздөрү өзөк жалгап алышып Каркыраны ашып казактардын жайлоосуна жете келишет. Шар акан суунун бойунда бир семиз бээни жара тартышып, этин бышырып жаткан жеринен уурулардын үстүнөн чыгышат. Балчак баатыр бир атаар бараңын алып алган эле, ууруларга сыр көрсөтүп бута атым жерден бараңды асманга атып, аман сооңордо жылкыларыбызды толугу менен кайтарып бергиле деп талап койот. Жылкы тийген казактын жигиттери тополоңго түшүп, артыбыздан куугунчу келди дебестен эмнегедир жайбаракат камаарашпайт.

Көрсө буларды баштап келген казактарга атагы чыккан балбан, баатыр жигити экен. Бу силер тарапта мага тең тайлашып жекеме – жеке чыга турган адамыңар барбы, аман сооңордо жолуңарга түшсөңөрчү деп, теңсинбей шылдыңдашат. Балчак баатыр мына мен чыгам, кыйыныңар чыккыла деп жооп кайтарат. Казактын менменсинген баатыры аман сооңордо кетип калгыла десе көнбөдүңөр, эми өз убалыңар өзүңөрдө шордууларым деп, атына минет. Эки баатыр эки жолу беттешип найзалар кагышып алыша албайт, үчүнчү жолку беттеште казактын балбаны көзүн ирмеп алат, Балчак баатыр ошондон пайдаланып казактын балбанын аттан ыргыта сайат. Балчактын жигиттери Манастап ураан чакырып, арбагы колдоду дешип казактын эс учун жыйалбай жаткан балбанын көргөнү тегеректеп калышат, Балчак баатыр казактын баатырын колу – бутун байлатырып салат.

Казактын калган жигиттери ишенген баатырын ыргыта сайган оңой жоо эмес экенин байкашып эчак эле аттарын минин качып жолдоруна түшүптүр. Балчак баатыр жигиттери менен сойгон бээнин этине тойушуп, жылкыларын айдап, казактын баатырын атка таңып байлап алып өз жерине келишет. Бытый бай уулунун эрдигине ыраазы болуп Балчак баласына батасын берип, мобу казактын жигити оңой жигит көрүнбөйт, мунун сурап алчусу бардай, жакшылап кор кылбай баккыла, казак, кыргыз жамааташ бир боор элбиз дейт. Айткандай эле эки жума өтүп, өтпөй казактын аттуу – баштуу, үч – төрт адамы төрөсү баштап Бытый байдыкына келип түшүшөт. Бытый бай аз айып, көп күнөөбүз болсо кечириңиз, жигиттер байкабастык кылып сиздин жылкыңызга тийиптир, тогуздап айыбын тарталы. Олжолоп алып кеткен жигитибизди аман – эсен кайтарып бериңиз, биз казак, кыргыз түбүз бир боордош элбиз, жаманчылыка барбайлы деп алдыңыздан атайын өтүнүп келдик дешет.

Бытый бай казактарды жакшы кабыл алып, бата кылып жылкы сойуп, сый урмат көрсөтөт. Казактын төрөлөрү бул биздин баатырды аттан ыргыта сайып байлап кеткен кыргыздан дагы мындан өткөн баатыр чыкканбы дешип, күмөн санашып сынчы ала келишкен экен, өргүп отурушканда Бытый байга карап мындай собол салышат. Биздин баатырга казакта тең келе турган адам жок деп жүрсөк, сиздерде мындан өткөн баатыр чыкканына укан кулагыбызга ишнбей турабыз, ошол баатыр менен жүз көрүшүп, учурашсак болоор бекен, угушубузга караганда өзүңүздүн уулдардан дешет деп сөз учугун башташат. Бытый бай аркандай ойго кетип Балчактан башка алты уулун бирден киргизип тааныштырат.

Уландысы 4-бөлүктө

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (8-бөлүк)
41217

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (7-бөлүк)
75525

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (6-бөлүк)
67381

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (5-бөлүк)
57675

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (4-бөлүк)
76985

05-12-2014
«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (2-бөлүк)
75358

05-12-2014

«Тынымсейит уруусунун таралышы жөнүндө санжыра» (1-бөлүк)

69886

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×