Добавить статью
3:17, 19 декабря 2014 48062

Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала

Кыргыздын улуу комузчусу Ныязаалы Борош уулу (1856-1942) Токтогулдан 8 жаш улуу болсо да, акын менен замандаш, ынак, бири-бирин кыйбаган дос инсандар болушкан. Аксы жергесинде Токтогул ишенген “тоонун” бири Жеңижок болсо, экинчиси Ниязаалы эле.

Токтогул “Аксынын Тегене деген айылында Ныязаалы деген чоң комузчу бар. Ал ар бир күүнүн бир нече түрүн, болгондо да тарых-таржымалын айтып чертет. Комузду каалагандай сүйлөтүп, кол ойнотуп, элди күлдүрүп чертүү жагынан алдына адам салбайт” деген кабарды далай угуп, аны менен таанышып, таалим алууну жаш кезинен эле эңсеп жүрөт. «Ныязаалы жөргөлөк, Суудан аккан дөңгөлөк»,—деген аталыш Ныязаалынын чыгармачылыгына, куудулдугуна, комузчулугуна, адамгерчилигине байланышкан баалар калк арасында тарап, комузчунун жаланган бычак менен комуздун кылдарын кыркпай түркүн абалда түрлөнтүп черткен устаттыгы, ал турсун оң бутунун бармактары менен күү кайрыктарын таңшытканы аңыз боло баштаган эле.

Темиркул Үмөталиевдин айтканына караганда Токтогул Кетмен-Төбөдөн Аксыга Ныязаалыны атайын издеп чыккан экен. “Мындай жумуштарды кышында бүтүрбөсө, жазында, күзүндө жармач адамдын колу тийбейт” деп 1880-жылдары атайын Аксыга келип, Ныязаалы менен жолуккан дешет. ...Токтогул Ныязаалынын айлына таң ата келсе ал бир жакка жөнөгөнү жатыптыр. Токтогул жөнүн айтканда: — угуп жүргөм, угуп жүргөм — деп, Ныязаалы күлүмсүрөйт. Токоң абалкы шайыр­лардын салтын улап Ныязаалыга анын күүлөрүн үйрөнүүгө келгенин айтат. Мына ушул күндөн тартып Токтогул менен Ныязаалынын достугу башталат. Токтогул Наманганга Ныязаалы менен бирге барат. Экөө бири-бирине күүлөрүн үйрөтүшөт. Алгачкы жолугушууда эле Токтогул Ныязаалынын адамгерчилигине, алп шыгына, “жөргөлөк” атандырган куудул-комузчулугуна, күүлөрдү көп биле турганына, өнөрүнүн улуктугуна таазим кылат. Ныязаалы да Токондун нөшөрлөтө төккөн төкмөлүгүн, чукугандай сөз тапкан чечендигин, кандан, бектен кайра качпаган эр жүрөктүүлүгүн, пендеде жок адамгерчилигин, жагымдуу ырларын, жаркын кайрык айтым күүлөрүн баалап, достукка баш урат.

Ошентип, Токтогул, Ныязаалыны, Ныязаалы Токтогулду жактырат. Эки шайыр эл көңүлүн ээрчише жүрүп далай ачышат. Кыйла жыл ал экөө бири-бирин ата баладай сыйлашып, бирине экинчиси насаат айтып, чоң топтордо да өнөрлөрүн бирге сынашат. Ныязаалы жолу улук болсо да, Токоңо жол берип, зоболосун көтөрүп, күүлөрүн кулагына куюп, көңүлүн жазып, бүт билгенин Токтогулга калтырууга аракеттенген. Ал эми Токтогул болсо Ныяз акесин кадырлоо, барктоо менен анын чыгармачылыгындагы не бир кереметтердин бардыгын чыпчыргасын калтырбай алып калууга ашыгат. Токтогул Ныязаалыдан комузчулуктун көптөгөн көмүскөдөгү сырларынан сабак алат. Анын аткаруусундагы ар кандай мазмундагы, түркүн жүрүштөгү, ар кыл мүнөздөгү, ар кандай музыкалык обондуулуктагы (турпаттагы) күүлөрдү үйрөнөт. Өзгөчө, Токтогул Ныязаалыдан комузда колду түрлөнтө көркөм кооздоп ойноп чертүүнүн татаал ыкмалары менен штрихтерин («илип» терип», «калтылдатып», «жанып», «шарт», «чымчылап» ж. б. чертмелерди) өтө чеберчиликте терең берилгендик менен өздөштүрөт. Токтогулдун Ныязаалыдан таалим алышы анын комуз музыкасындагы тушоосун кайрадан кескен. Токоңдун байыркы аспапка, күүлөргө болгон жан дүйнөсүн баштагыдан дагы жандандырып, өнөрүнүн көкөлөй өркүндөшүнө жол ачкан. Ошентип «күү атасы» Ныязаалы Токтогулга комуздун тилин, күүнүн дилин дагы терендетип, дагы кенендетип билүүгө таптаган негизги саяпкер боло алган.

Жеңижок менен Токтогул Ныязаалынын бир эсе өнөрүнүн молдугуна суктанышса, бир эсе анын дайыма болуштардын жалаасына калып жүргөнүнө боору ачыган. “Суудан аккан дөңгөлөк, Ныязаалы жөргөлөк, Калган ырды термелеп, «Чоң Ормонду» чоң чертип, «Сарыбарпы» күү чертип, Керөзөндү» келтирип, Борош чалдын баласы, Болуштан кетпейт жалаасы», - деген саптар ошондон калган.

Корголдун эскерүүсүндө Ныязаалы бир айтышта айтылуу таластык чоң комузчу Майлыбайды жеңгенде Токтогул тамашалап: “...ой, Ныязаалы сенде дабаа жок экен. Жеңиш сеники, токтот эми дейт да, комузун толгоп, коңур үн менен: “Сары алтын Аксы жерденсиң, Сан урук саруу элденсиң. Саргалдак Майлыбайды Таласта, «Санат күү» менен жеңгенсиң. Болгон тоо, Бозбу арасы, Борош чалдын баласы”,—деп, ырдаганда: Током туура айтат, жеңиш Ныязаалыныкы» деген элдин үнү жер жаңырткан. ...Деги мен билгенден, мен уккандан Ныязаалы «баланча комузчудан жеңилиптир» деген сөздү уккан да, көргөн да эмесмин», деп эскерген.

Токтогул өмүр бою күү атасы Ныязаалыны сыйлап жүрүп өткөн. Анын: “Мен Нияз акем турганда комуз чертпейм, Өтөкем турганда ырдабайм” деп айтканы жандай достору болгон Ныязаалынын комузчулугуна, Жеңижоктун төкмөлүгүнө баа берген сөзү катары алигиче эл оозунда.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-12-2014
Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала
59762

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
62795

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
86345

17-12-2014
Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына карата. Энциклопедияга кирбей калган макалалардын циклинен. 1-макала
55728

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×