Добавить статью
4:40, 25 декабря 2014 59431

Токтогул жана Сулайманкул болуш Нүзүп миңбашы теги. 7-макала

Токтогулдун өмүр жолу жана инсандык тагдыры Аксы жергеси жана аны жердеген аттуу-баштуу инсандар менен байланыштуу болгон. Токтогул сүргүнгө кеткенге чейин жана андан кийин мамилеси жакшы болуп жүргөн адамдардын бири Аксынын Кырк-Уул болуштугунун башкаруучусу, айтылуу Сулайманкул болуш эле. Сулайманкул болуш Кокон хандыгын калчаган кадимки Эсенбай бийдин уулу Нүзүп бийдин небереси болучу. Нүзүптүн тун уулу Ажы датка 1880-жылдары өлгөндөн кийин анын уулу Сулайманкул атасы Ажы датканын ордун басып, эл ишеними менен эки тизгин бир чылбырды колго алып, болуш болуп шайланган.

Ажы бийдин элге кайрымдуулугу эл арасында анын кадыр баркын өтө арттырган. Бул сапат Сулайманкул болушка да өткөн. Болуш өзү кат тааныгандыктан эл ичинде таланттуу ырчы, сөзмөр, чечен, колуна иш келе турган балдарды молдо жалдап, окута турган. Сулайманкул болуштун бабасы Эсенбай датка да, чон атасы Нүзүп бий да, атасы Ажы датка да кыргыз жаштарын окутуп, билим берип, аалымдарды даярдоо ишин негизги коомдук иш катары санаган. Ошондуктан Сулайманкул болуш да жаштарга билим берүүнү асыл максаттардын бири, керектүү, келечектүү иш деп эсептеп, Намангандан уста алдырып келип Авлетимдеги Каргазындын сайынын оозуна чон мечит салдырган. Ушул мезгилге чейин ал жерди авлетимдиктер Мечит сай деп аташат. Кат таанып, билим алууга дилгирленгендердин арасында Кара-Суудан Садыр бийдин жээни, кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү төкмө ырчы Өтө (Жеңижок) болгон. Кийинчерээк ошол мечитте жаш окумал молдо жана кыргыз журтуна белгилүү жазгыч акын Молдо Багыш муддарист болуп иштеген.

Токтогул 1905-жылы Сибирден сүргүндөн келип, азыраак Кетмен-Төбөдө, бирок колунда мунапыстык ырастоо каты жок орус жана жергиликтүү бийликтегилерден чочулаган акын көбүнчө Аксыда жашап турган. 1910-жылы июль айында Кетмен-Төбөдөгү Арым өрөөнүнүн Сасык-Жийде деген кыштагындагы өзь үйүнөн Аксынын Кызыл-Жар болуштугунун башкаруучусу Жуманалы Осмонбеков орус колониалдык бийликтеринин солдаттарынан турган жыйырмадай куралдуу адамдардын коштоосунда Арымдын башы жана Аксынын Кара-Суу өзөнүнүн башы менен ашташкан жериндеги Ээр-Алгыдан өткөн жайлоо жолу аркылуу түн ичинде ашып келип, улуу акын Токтогулду карматтырган экен. Ошентип Токтогул ырчы экинчи жолу кармалып, Наманган облустук түрмөсүнө камалган. Осмонбек ажынын уулу Жуманалынын эмне үчүн Токтогулду карматкандыгынын себеби ачык эмес. Мүмкүн Рыскулбектин балдарынын өтүнүчү менен болгондур деп божомолдонот.

Аңгыча суук кабар Авлетимде турган Сулайманкул болушка жетет. Ошол кезде Аксыда Өтө (Жеңижок) менен жаш Калык ырчы эл кыдырып ырдап жүргөн болот. Сулайманкул болуш аларды чакыртат да күтүп туруусун суранып, өзү Намангандагы облустук бийликтеги тааныш-билишине жолугууга кетет. Ал жерде Наманган шаардык администрациясынын Наиби (колониалдык бийлик чиновнигинин орун басары) менен жолугуп ири суммадагы (миң рубль) убактылуу аманат пара менен Токтогулду үй камагына бошотуп алууну макулдашат. Кайра келип, Кырк-Уул болуштугунун элинин атынан өтүнүч кат даярдатып, аттуу-баштуу 50 кишинин колу коюлган бул өтүнүчтө Токтогулдун амнистия болгондугу жөнүндө Ирксутскинин Көйтүн түрмөсүнүн башчысынан расмий кат келгенге чейин убактылуу аманат коюу менен үй камагына чыгарып туруу суранылган.

Сулайманкул болуш Өтө менен Калыкты жар чакыртып, элден акчалай, материалдык жана мал-кел түрүндө каражат чогулттурат. Токтогулдун туугандары жана Сулайманкул өзү да кошолго кошуп, чогулган малды сатып, белгиленген суммадагы акча каражаты топтолот. Акча каржатын алып барып, адвокат жалдап сүйлөшүүгө Сулайманкул болуш карасуулук Кайназар деген адамды жиберет. Кайназар Намангенге барып адвокат жалдап, ал аркылуу чоң суммадагы аманат параны облустук аскер губернаторуна бердирип, Сулайманкулга убада берген Наманган наиби аркылуу 4 ай дегенде араң Токтогулду бошоттурууга жетишиптир.

Анын үстүнө 1909-жылдан баштап эле Токтогулдун 3 жолу амнистия болгондугун, бирок ал жөнүндө кагазы жоктугун айтып, бир нече жол Түркстан генерал-губернаторуна кат жолдогон. Экинчи жолу Наман түрмөсүнө камалган Токтогул өзү да бул жөнүндө суракта кайталай бергенинен улам, Наманган ойоздук бийликтери Иркустскидеги Көйтүн түрмөсүнүн администрациясына тастыктоо кат да жолдонгон болучу. 4 ай дегенде Иркутскиден Токтогулдун 1905-жылы эле амнистия болгондугу жөнүндө тастыктоо жообу да келип калат. Кантсе да Токтогул кайра элине кошулат. Акын ал жөнүндө: “Ошол Бирговор (аманат кат) барды Көйтүнгө, Бир болуштан жазылып, Андан жооп келгенче, Абакта жаттым жашынып, Бирговор келип үөзгө, Актыгым тийди колума. ... Төрт ай жаттым түрмөдө, Бирговорум келгиче...” деп ырдаган экен.

Токтогулдай улуу талантты баалай билип, анын элдик адам экендигин сезген Сулайманкул болуштай инсандар эл эсинде дайым сакталып калган. Сулайманкул жөнүндө Жеңижок акын көп жолу ырдагандыгы белгилүү: “Ажынын уулу даткам ай, Айбаты элден башкам ай. Сулайманкул даткам ай, Сымбатың журттан башкам ай. Аксыдан чыккан даткасың, Азыркынын Манасы, Акының кантип айтпасын! Жеримден чыккан даткасың, Жергелүү элдин Кошою, Женижок кантип айтпасын”. Айрыкча Таластагы Ташкаранын тоюндагы Жеңижоктун Эсенаман ырчы менен айтышкандагы Сулайманкул болуш жөнүндө Жеңижок акындын берген оң баасы элде кеңири белгилүү. Сулайманкул болуш 56 жашында болжолдуу 1918-жылы өлгөн. Анын кызы Акбаары сулуу (өз аты Пайызкан) Аксынын Сыны деген айлындагы тектүү адам Молдокенин уулу Алишердин тууганы Самсалынын аялы болгон. Ал ысым Токтогулдун ырларында кездешет. Азыркы мезгилдеги обончу Атайбек Бөдөшовдун чоң атасы Машакара Аксыга жакшы белгилүү чоң комузчу болгон. Токтогул менен Алымкул айтылуу «Акбаары» жөнүндөгү ырды Машакара уулу Бөдөшкө той бергенде ырдагандыгы маалым.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

23-12-2014
Токтогул жары Сейдимкан. 5-макала
62463

21-12-2014
Алымкан тарыхый инсан. 4-макала
85806

19-12-2014
Токтогул менен Ныязаалы. 3-макала
47838

17-12-2014
Тоо булбулу Токтогулдун 150 жылдыгына карата. Энциклопедияга кирбей калган макалалардын циклинен. 1-макала
55495

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×