Добавить статью
4:54, 5 января 2015 41055

Эл уулунун эскирбес эмгектери

Кыргыздар бүт өмүрүн калктын камына арнап «журттун калкасы», «элдин туткасы» катары жашоо кечирген адамдарды абалтан эле «чыныгы адам», «адамдын асылы», «адамдын адамы», «кайран жан, адамдын адамы эле» деп ардак менен эскеришкен. Адатта, дүйнөдөн көзү өткөн, журт сүймөнчүлүгүнө татыктуу инсанды «андай адам кайра жаралбас», деп анын өрнөктүү жорук-жосундарын тирүүлөр үчүн үлгү тутушкан.

Сабыр Иптар уулу да дал ошондой залкар инсандардын катарында эле. 2014-жылдын 4-октябрында ошондой асыл инсандан айрылып билим берүү майданыбыз орду толгус жоготууга учурады.

Сабыр –бул элдин кереги муктаждыгы үчүн атайын төрөлгөн адамдай акылга дыйкан, даанышман, асыл инсан эле. Эл камын ойлоп, өзүнүн турмушу, өзүнүн карьералык өсүшү үчүн азыраак кам көрчү. Соңку Кыргызстандын тарыхында мындай мекенчил жандар сейрек кездешет.

Кыргызстан кандай көйгөйгө туш келсе, Сабыр ичкен ашын жерге коюп, чын дилден бүткүл акылын, билимин, убактысынын баарын ошолордун чечимин табууга жан далбастап аракет кылчу. Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда, мамлекеттик символдорду аныктай албай турган учурда, Сабыр туунун идеясын ойлоп таап, ал бардык элдин купулуна толуп, легендарлуу парламент тарабынан бекитилген. Азыр анын идеясы менен жаралган туу бардык мамлекеттик мекемелерде анын ичинде Бириккен улуттар уюмунда да желбиреп турат.

Иптаров Сабыр 1979-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, 1985-жылга чейин мамлекеттик кызматта – Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Иш башкармасынын ага консультанты, протокол бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1986-жылдан өмүрүнүн аягына чейин 39 жыл аралыгында Кыргыз Билим берүү академиясында иштеп аталган мекеменин абройун арттыргандардын алдыңкы сабында болгон.

Сабыр башкалар сымал илимий даражалардын артынан кууган жок. Бирок, илимий эмгектери илимде ооматтуу деп эсептелген, окумуштуулук даража наамдардын баарын алган илимпоздордун эмгектеринен саны жагынан сапаты жагынан да алда канча жогору турат. Ал 200дөн ашык илимий эмгектин автору, анын ичинде 17 илимий-педагогикалык жана окуу методикалык куралдарды, тогуз билим берүү концепциясын жана стандарттарын, орто мектептер жана ЖОЖдор үчүн жети окуу программасын окуп чыгып, алар бүгүнкү күндө окуу – тарбия ишинде ийгиликтүү коолдонулуп жатат.

Ал элибиздин сыймыгы — сөз байлыгын таанып-билүүгө, анын ички мүмкүнчүлүктөрүн ачууга астейдил аракеттенип келген. Бул багытта ал «таанып -билүүнүн этнолингвопедагогикалык усулу» деген илимий-методикалык багытты иштеп чыгып, сунуш кылган. Анын теориялык жана практикалык негиздүүлүгүнө автордун китептериндеги элдик макал-ылакаптарды, туруктуу сез айкаштарын, түйүндүү түшүнүктөрдү, аталыштарды, туюнтмаларды чечмелеген мисалдары, аларда катылган купуя маанилерди, сез менен нерсенин, ат менен заттын ортосундагы байланышты аныктаган тыянактары айныксыз далил болот. Сабыр өзүнүн табиятынан ар кандай кубулушту өзүнө гана тандык сезим туйгусу менен аңдап, ар бир маселе туралуу башкаларга окшобогон таасирлүү жана таамай, так жана кайталангыс ой тыянактарды чыгаруу жагынан жанда жок билим жана жөндөмгө ээ нукура ойчул инсан эле.

90-жылдары советтик билим берүүнүн баалуулуктары күчүн жоготуп, эгемендүү Кыргызстанда кимди тарбиялайбыз, деген суроо элдин эртеңки тагдыры менен бир катарда коюлуп турган чакта анын жообун тааап, жолун чабуу үчүн Кыргыз Билим берүү академиясынын алдында «Этнопедагогика» бөлүмүн ачууга жетишип өзү айланасына топтогон кесиптештери менен бирдикте жаш муундарды элдин эреже салт, нарктарынын үлгүсүндө тарбиялоонун илимий –методикалык негиздерин иштеп чыккан.

Аны өткөн кылымдын соңку жылдарында окуучу жаштар арасында орун алган руханий-адептик кризистер өтө катуу кейиткен. «Балдарды адеп салтка тарбиялоочу атайын сабаксыз бул маселени чечүү мүмкүн эмес», – деген идеяны кайра кайра көтөрүп олтуруп аны ишке ашырды.

Азыркы мектептерде окутулуп жаткан аАдеп сабагынын алгачкы концепциялары, окуу программалары, окуу китептери да анын жетекчилиги менен түзүлгөн. Ал сөздүн толук маанисинде «Адеп» сабагынын негиздөөчүсү, адеп мугалимдеринин миңдеген армиясы адилет белгилешкендей «Адептин атасы» болуп калган.

Анын өмүрүнүн аягына чейин бул сабактын жаш муундардын тарбиясына пайдалуу болушу тууралуу ойлоп жүрдү. Бул сабак жаш муундардын тарбиясына келечегине чоң таасир калтыра турган болсо, демек, анын жеңиши Сабырдыкы болот. Демек, бул өчпөй турган чоң иш. Коомдук масштабдагы педагогикалык маселелерге тикеден – тике активдүү аралашып, көп убакыт, көп мээнет жумшагандыктан өзү үчүн убактысы өтө эле аз калчу. Чыныгы элдик педагог катары ишмердүүлүгүнүн ченем-чеги жок эле. Мен өзүм күбө болдум, Сабыр турмушта эчен кесиби, ар кандай жаштарга даанышман адам катары туйбаганын туйгузуп, билбегенин билгизип, туура жолго салды, «руханий ата» болду. Анын иш бөлмөсүнө акыл кеңеш сурап келген жаштар абдан көп эле.

Сабырдын ойчул окумуштуулук, уурпактардын акыл-эс, рух, жан дүйнөсүн ойготууга, жаратууга умтулган жарандык дааанышман педагогдук насили, өзү башынан түшүрбөй кийип жүргөн ак калпактай ак пейили анын «Кыргыздын жан – дүйнөсү» аттуу китебинде толук ачылган. Бул китеп илимпоздор журтунда сейрек кездешүүчү эпикалык масштабдуу жана тыкыр аналитикалык ой жүгүртүүнүн синтезинен жаралган жалпыга жетимдүү, түшүнүктүү жатык тилде жазылган кыргыздардын жан дүйнөсүн аруулантуу, жандандырууда өлчөмсүз мааниси бар нукура руханий дөөлөт, кийинкилерге калтырган улуу сабак, таасирлүү таалим дөөлөтү турмуштук баалуу тутка сабагы.

Ал китебинде элибиздин ары татаал, ары даңктуу өмүр жолунда өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү болуп келген рухий жана материалдык дөөлөттөрдү алардын түпкү маани-маңызы жана улуттук бөтөнчөлүктөрүн ар тараптуу ачып, эреже салт, нарк болуп калышы үчүн чын-дилден аракет кылды.

Сабырдын мында асыл максаты ишке ашты деп ойлойм. Анткени, Сабыкемин бул мурасы мугалимдер, ата-энелер, окуучулардын үчүн өздөрү тарабынан да көп окулган китепке айланды. Сабыр китептин символу катары Манас атабыздын ат үстүндө, айбаттуу сүр менен алыскы кыйырларга турнабай салып турган элесин тандап алган (Т.Герцен, Тал-Чокуда). Бул символ аркылуу ал биздин ар бирибиз ата мекендин тынчтыгы, бейкуттугу, ата-бабалардын осуяты, урпактардын келечеги үчүн ар дайым жан дүйнөбүздү адамгерчиликтин, акыл-эстүүлүктүн, ар-намыстуулуктун «турнабайын тутуп» турушубуз керектигин эскерткен.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×