Добавить статью
3:25, 14 января 2015 51051

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сүйүү темасынын сүрөттөлүшү

Улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов чыгармаларында турмуш-жашоонун бардык көрүнүшүн чагылдырып берген, анын миң кырлуу сырларын көрсөткөн сүрөткер. Жазуучунун чыгармаларында адам баласынын асыл-ой максаттары, каалоо-тилектери, көйгөйү, кубанычы менен кайгысы, арманы, өтмүшү, сүйүсүү, өксүүсү жана карама-каршылыктуу багыттагы тынымсыз кагылыш-күрөшү гармоникалуу, эриш-аркакта чагылдырганын билебиз. Ар бир чыгармасында жазуугу өзү аздектеген ыйык жана түбөлүктүүлүктүн түгөнбөгөн темасы болгон адамдын адам бойдон калуусу жөнүндөгү сөздү айткан. Албетте адам турмушу татаал ал мыйзам болуп жазылбаган жүздөгөн элдик түшүнүктүн калыптанып калган миң жылдык ыйык эрежесине баш ийип жашоого моюн сунуп, табият өзү тартуулаган мыйзамдан четтеп чыгып кете албайт. Адам баласы үчүн өмүр сүрүүнүн жүздөгөн тартип-ташпиши бар. Алардын бири сүйүү маселеси. Бул бүтпөгөн дастан…

Сүйүү ырлары, махабат ырлары, ашыктык ырлары-дүйнөнүн бардык элдеринде, оозеки жана жазма адабиятта кеңири учураган ырлар. Сүйүү, маселелери, ышкы козгоо идеялары айтылып, сүйгөн жардын сулуулугу, акылдуулугу даңазаланат, эки жашка тоскоолдук кылган күчтөргө нааразылык билдирилет, социалдык маселелер көтөрүлөт. Кыргыз оозеки адабиятында мындай ырлар күйгөн ырлары же күйгөндөр жана секетпайлар деп аталган… Сүйүү-чексиз боолуулук. Сүйүүнүн кантип жана качан жаралганын, эмнеге сүйүү деген назик, уяң сезим адам баласы үчүн өтө кымбат болуп калганын адам генийлери жаралгандан бери айтып түгөтө алышпады, түгөнбөй турган кубулуш экен.

Махабатка кайрылбаган, анын алоо отуна жылынбаган пенде баласы болбойт. Бул табияттын улуу мыйзамы адам Ата жаралгандан берки тукум улоо милдетин гана аткара турган кубулуш эмес, абал мурун адам баласынын жан дүйнөсүнүн арууланган үмүт арткан ак шамдай көрүнүшү, жан жыргалы. Сүйүү-деген табияты боюнча эч ким,эч качан кийлигише албас, зордоп жаратууга да болбой турган, жеке индивидин жекече өткүр каалоосу, өзгөчө терең сезими, ким кимди сүйөт, кантип сүйөт, ар кимдин өз бактысы, же тартчу азабы, жолукчу трагедиясы болот тура.

Бул өңүттөн алганда Ч.Айтматов сүйүү темасына бир нече чыгармаларында кайрылган. Ар бир чыгармасына көркөмдүк ажар тартуулап, салмак берип, баалуулугун, наркын бийиктетип турган аялдардын образын киргизген. Аялдардын бейнеси, портрети, персонаждык турпаты, орду, образ дүйнөсү ар тараптан сүрөттөлүп бийик сереге чыгарылган жана аялдар темасы жаңы мааниге, мазмунга ээ болуп турушат. Баарынан мурда Чыңгыздын каарман аялдары чоң сүйүүнү жүрөгүнө батырган конкрет, аты-жөндөрү менен белгилүү болуп, турмуштун нукура чындыгынан, жашоо тиричиликтен дал өзүнөн алынганы менен кымбат. Ар бир сүйүүнүн ээси болгон аялзаты, биринчи кезекте тек-жайы, ысым-теги, жаш курагы, турмуш абалы, жашаган мезгили жана мейкиндик-(ааламда) ичинде өмүр сүргөн, асыл жандардын, керемет сулуулардын ажайып махабат ышкысынан бүткөн асеми адам деген, аял деген аруузат дүйнөсү.

Дүйнөлүк адабиятта, анын ичинде кыргыз адабият таржымасында, сүйүүгө кабылган, кайрылбаган акын, жазуучу, драматург, музыкант болбоптур. Сүйүү дегениң жашты, куракты ылгабаганы белгилүү, кызык кубулуш-сезим. Эмнеге?... Мындай бактылуу да, бактысыз да сүйүүнүн мисалдары толуп жатат.

Сулуунун сулуусу болгон Акмөөрдүн тагдыры мунун айкын күбөсү. “Генийлердин генийи” аталган Гете 75-жашында Эльрика наамдуу 17-жаштагы сулуу кыз менен махабат ышкысына малынып кумардан канганын, бул дүйнөдөн армансыз болуп өткөнү айтылат ашыктык деген икая баяндарда. Бул кандай?!... Ал эми Айтматов болсо өз чыгармаларында өзүн аша махабатчыл жазуучу катары кыргыз жазуучуларынын эң алдыңкы сабында турганын көрсөткөнүн айтсак адилетүүлүк болоор беле…

Эл акылдарынын, профессионал адабиятынын өкүлдөрүнүн көптөгөн чыгармаларында, ырчы-обончулардын ыр-күүлөрүндө махабат дарты арбын эле жолугат. Токтогул, Атай, Жеңижок, А.Токомбаев, Ө.Даникеев, А.Осмонов жана башкалардын чыгармаларынан классикага айланган ырларды таба алабыз. Токтогулдун “Алымканы”, Атайдын “Седеби”, Боогачынын “Үкөйү” ошол күйгөн менен секетпайдын үлгүлүү туу чокусу, эталону. Бирок булардын образ дүйнөлөрү бирин-бири кайталабайт, ар кимисинин өзүнчо арманы, өксүүсү, жүрөк-сезими бар. Баары биригип келип бир нерсеге баш ийип турат. Ал-сүйүү.

Анткени менен кыргыз адабиятынын ичинде махабат маселесине Барпы Алыкуловдой болуп баш оту менен кирген, баа берген анын отуна күйүп-бышкан, арзуусун арман кылып аруу сезиминде төгүп ырдаган, өрттөнүп, көмүр болуп карайып күйүп кете жаздаган, сагынычтан саргайып самандай сапсары түскө кабылган, “бөдөнө тумшук мамакты” миң ирет көзүнө элестетип ырдаган, “шордуу” адамды-ырчыны табуу кыйын. Ошентип, поэзияда Барпы, прозада Ч.Айтматов Мажнундун кейпин кийишкен сүйүү кудайларына, махабат кулдарына айланганы жөнүндө жазуучунун кээ бир чыгармаларына кайрылуу менен ойлорумду ортого салмакмын.

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар баардыгы үй-бүлөнүн бекем таянычы, баланын энеси, бирөөнүн сүйгөн жары же акмаралдай көңүлдөшү, кээси сүйүүнүн азап-тозогуна эми башбагып, кээрин тарта баштаган селки, ысык-суукту баштан кечирген кечиримдүү, ыймандуу (ыймансызы да бар) аялдар. Булардын баарында тоодой чоң сүйүү катылып жатат. Автор аялзатына өзгөчө сүймөнчүк менен мамиле жасайт. Ч.Айтматов аялзатынын асылзаадалыгын, ички жана тышкы сулуулугун, адеп-аклах жактан өзгөчө бийик турган тазалыгын, адамгерчилигин, акыл-эс шарапатын жөнөкөй турмуш агымынын фонунда көрсөтөт. Кичинекей деталдан чоң маани жаратат. Мисалы, “Биринчи мугалим” повестинде сүйүү баянынын учкундары сезилет. Аскерден жаңы келген Дүйшөндүн жаш курагы жөнүндө сөз кылбаса да окурман анын жыйырма жаштан нараакта экенин божомол кылышы мүмкүн. Демек, Дүйшөн жигиттик курагында башка бирөөнү сүйүүгө акылуу эмес эле, бирок Дүйшондүн сүйүүсү жөнүндө чыгармада тереңдетилген окуялар берилбейт. Ошондой болгону менен Дүйшөн окуучусу Алтынайды чын ниетинен сүйөрүн коштошуп жаткан кезде гана бир-эки ооз сөзү аркылуу билдирип өтөт:

Дүйшөн: “Жайнаган көзүңдөн айланайын” – дейт Дүйшөн, Алтынайды эркелетет. “Багың окуудан ачылсын”. (441-бет. Б.Мугалим.) Мына ушундай пейилден улам Дүйшөндүн ички сезими толук сыртка чыкпай калганын байкоого болот. Дүйшөн элдик адеп-аклак этикасынан аттап чыгып кете алган эмес, салт-санааны сактаган нарк билген адам болгонун көрсөткөн. Ал эми ошол кездеги 14-жаштан өтүп калган Алтынай агайын ичинен купуя сүйөөрүн өзү гана билет. Ал мугалимин күтөт, сагынат, эңсейт, боору ооруйт, аяйт, көргүсү келет. Сүйлөгөн көзүн жактырат, кыскасы, Алтынай Дүйшөнгө ашык болгонун өзү гана билет.

Алтынай: “Жанымдан артык көргөн бир тууганым келердей, жеңеме байкатпай, улам-улам төмөн жактан жол карап мугалимдин куржун көтөргөн карааны кайсы жерден көрүнөөр экен, жайдары мүнөз күлкүсүнө качан тоюп, жүрөгүмдү жылыта караган көздөрүн качан көрөөр экем деп чыйпылдап күтөөр элем”- деген ички сезимин билдирген.

Кыргыз менталитетинде – улуттук өзгөчөлүгүндө сүйүү, махабат, ашыклык деген түшүнүк – сезимдер уяң, назик, жашыруун болгону менен баалуу жана кымбат сезилет. Кыргыз кызы өз сүйүүсүн көз карашын, мамилесин, ички эзилүү-элжирөөсүн изги оюн, кыялын өтө сырдаш, муңдаш болгон, ишенген, кыйышпаган делген жеңеси аркылуу билдирген. Ошондон улам Алтынай агайы Дүйшөнгө карата аруу сезимин, сүйүү-ышкысын коштошуп бараткан кезде гана ичинен көп кайталап, балалыгы, тунгуч сүйүүсү менен коштолот. Ичиндегисин төгүлүп чачылып айта албайт, агайынын кучагына боюн таштап бир саамга эркелеп, ички каалосун, бугун, сагынган самаган кусалыгын, арманын билдире албайт. Алтынайдын сүйүүсү чын дилден, жан дүйнөнүн тереңинен оргуп, кайнап сыртка атылып чыгалбай, өчүп калган вулкандын кебетесин кийип калды, анын арманы дүйнөнүн бүтпөй турган түгөнбөй турган ак сүйүүсүнүн символун билдирип турганы менен бөтөнчө маанилүү.

Алтынай: Кош жер кыртышынын астында ачылбай калган тунук булак өңдүү, эч ким билбеген менин биринчи наристе сүйүүм. (Б.М.424-бет).

Дегеле, адам табияты, махабат-ышкы узун өмүрлүү, чеги да, чени да жок, кайталана жанырып алоосун тутанта берчү, эч кимге баш бербеген жапан, азоо стихия болот тура. Баса, махабатты чектеп адам курагына таяп коюу да туура эмес экенин турмуш өзү четке кагат. Автор чыгармада адамдык жогорку сапатты, аруу сезимди, асыл сезимдерди улуу сүйүүнүн күчү менен айкалыштырып, Дүйшөндүн, Алтынайдын ортосундагы чыныгы махабаттын тазалыгын көрсөткөн. Ошентип, баарынан калыс мезгил сыны, мезгил жыйынтыгы сүйүүнүн түбөлүктүүлүгүн улап улантып келет.

Сүйүү темасын Ч. Айтматов “Жамийла” повестинде андан ары улантып, тереңдеткени маалым. Чыгарма өз баасын татыктуу түрдө алганын билебиз. Луи Арагон, М.Ауэзовго окшогон дүйнөлүк адабияттын алитары “Жамийла” повести жөнүндөгү пикирлерин эске алганыбыз туура болоор.

Ырас (“Обон”) “Жамийла” повести чыкканда эле кыргызга жаккан жок, айрыкча интеллигенциянын алдыңкы өкүлү болгон жазуучулар тобунун каршылыгына эч качан кыргыздын келини күйөөсүн күтпөй, башын аттап, башка күйөөгө никесин бузуп тийип кеткен эмес дегендей эзелки элдик түшүнүктүн, каада- ырасминин туткунунда жүрүшкөн адамдар авторду түздөн-түз күнөөлөп, ал эми “Жамийла” (“Обон”) болсо каргыштын капшагына кабылып жатты ошол 50-жылдардын экинчи жарымы ченде. Бирок убакыт баарын өз ордуна койду. Ошентип Жамийла келин: адамдын тагдырына бир гана жолу туш келе турган дал ушундай учурду бактыны жазбай карап калгандыгы менен окурмандардын сүйүүсуно ээ болот. Сүйүүсүн жалтанбай Даниярга үч жолу ачык билдирип өзү ачылып, өзү биринчи барышы анын аялдык улуулугун, эрдигин ачык көрсөтөт. Мындай кайталангыс асыл касиет-сапаты менен Жамийла ошондо бүт дүйнөнү, айрыкча Европа окурмандарын айран-таң калтырды.

Күйөөсүн чанган келинди,

Карагшты баары үлгүрүп

Жамийла кетти бак издеп,

Ыйлатып дагы, кулдүрүп

Түшүнгөндөр алкашты

Авторго каалап ийгилик…

Жамийла дешип дүйнө эли,

Жаш кары сүйдү бир кызды,

Махабат улуу адамга

Мажнундар колун сунгузду

Жамийла дүйнө кыдырды,

Жалпынын алып батасын

Сүйүүдөн турмуш уланат

Сүйүүлөр өлбөйт жашасын! (С.Турдукожоев)

Дедиртип дүйнөгө таанылды. Кыргыз кызынын ысымы махабаттын улуу символуна айланып калганын элибиз сыймык менен кабыл алды.

“Жамийлада” сүйүү иши кыргыча айтканда “сүйдүм-тийдим” деген принциптин чегинде эле ишке аша койгон иш чара болгон эмес. Бул сүйүү деген улуу ишти жазуу менен автор окурмандын көңүлүнө төп келген кандай жаңылыкты ачты болду экен?...

Сүйүү жогорто айтылгандай табийгый кубулуш, адамдын жан-дүйнөсүндө жашоочу ички аяр, уяң, назик жана сырдуу сезим сезимдердин оң-терс күрөшү максатка багытталган тилеги.

Ч.Айтматов бул маселеге өтө этияттык менен мамиле кылган, тагыраак айтканда сүрөттөөнүн стилдик ыкмасын “жети өлчөп, бир кес” дегендей принципте жүзгөгө ашырганын көрөбүз. Каармандардын ортосундагы сүйүүнүн пайда болуусун аста-секинден баштайт, т.а. эволюциялык өсүп-өнүгүү, жетилүү жолун, стадиясын, баскычтары менен учурун тандап, анан аны ишенимдүү улантат. Ошол сүрөттөрдө элдик менталитет, көз караш, мамиле, аёо, кызгануу, кеңешүү, акыл айтуу дегендей ондогон адамдык ички мыйзамы жок эрежелер, каадалар, тыюлар, жазгануу-тартынуулар, ишенимдер менен үмүт тилектер, кошул-ташыл боло улуттук этно маданияттын жол-жоболорун кеңири сүрөттөп көрсөткөнүн байкай алабыз. Мындай эриш-аркактык адабий көркөм стилдин поэзиясында адамдын жан-дүйнөсүн ачат, образды жаратат, андан кийин биз Даниярдын, Жамийланын жана ошол билинбеген ыйык сезимдерди алдыртан байкап жүргөн сезимтал, зирек өспүрүм Сейиттин образына келип, токтолобуз. Ал аркылуу эволюциялык өнүгүүнүн чечүүчү түйүндөрүнө баш багабыз…

Жаралгандан каны менен бир кирип,

Аң-сезимдин тунуктугун билдирип

Сүйүү деген түбөлүктүү нерсенин

Кубатынан турат дешет Күн күлүп. (С. Турдукожоев.)

Демек “Жамийлада” сүйүү отуна күйүп, азап-тозогуна малынып, жан сезими жабыркап, уйкусу качып, сары оору зилине чалдыкан адам ким экендигин байкап көрөлүчү. Көрсө күнөөнүн баары Даниярдын дал өзүндө экен, анын жүрөөгү тоодой экен, жүрөгүндө тоодой сүйүүнүн миң кубулган түркүн-түс алоо илеби чок болуп күйүп-жанып турганын байкоо кыйын экен… Күйөөсү бар келинди башка бирөөнүн сүйүп калышка акысы барбы? Бар экен! Сүйгөндө да кандай деңгээлде сүйсө болоорун окурман Даниярдын образынан билет.

Кыргызда: “Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар” деген макал айтылат. Бул жерде жубан-Жамийла, турмушка чыкканына үч-төрт айдын аралыгы болуптур. Жамийла барган жеринде көшөгөсүн көгөртө турган иш билги, ачык-айрым, жароокер да келин экендигин автор чоң ынтаа менен сүрөттөйт, өзү да сүйгөнүн билдирет.

Жамийла өзү шыңга бойлураак, белдүү келин… Кызыл торусунан келген, балкылдаган тегерек жүзүнө ак жоолук эп келише калат…

Жамийла күлгөндө… Кара көзүндө… Жаштыктын ашып-ташкан күчү ойт берип турганын эске салат жазуучу.(199-бет Ч.Айтматов 1-том.”Бийиктик” 2008-жыл.) Мына ушундай жаш келинди кандай пенде сүйбөй кое алмакчы… Этегин кыстарып, багалектерин өйдө түрүнгөн Жамийланын кара тору толмоч балтырлары булчуң түйүп…(214-бет.) деп сүрөттөлгөн Жамийлага карата Даниярдын мамилесине көңүл салалычы:

Жамийланы Данияр кабактын астынан кыйык тиктеп өтөт.(215-бет).

Тумандай коюу чаңдын арасында да Данияр ыраазы болгондой Жамийладан көзүн түшүрчү эмес… Анын ошол таңыркаган көз карашында ичтен тымызын күйүт чегип, эчкимге сыр айтпай тарткан санаасы бардай сезилет.(216-бет)

Тигилер азыр минтип опоңой эле кучактап, жулмалап ойногондору Даниярдын жанына батып жатты окшойт. Анын күйүтү да, бактысы да Жамийланын сулуулугунда болуп жатты.(234-бет).

Жамийлага армандуу карап Данияр арабанын жанында өзү жалгыз туруптур.(246-бет)

Даниярдын ички дүйнөсүндөгү өзгөрүүлөрдөн өсүү процессин автор дал ушундай сүрөттөлөт менен көз алдыга тартат.

Бирде табият кубулушунун коштоосунда, кээде адамдык нарк-насил мамиленин өз ара байланышы аркылуу бул эки ашыктын ортосундагы билинбегендей, сырдуу мамиле өз чектеринде өнүгүп-өсүп отурат да, ал август түнүн кереметтүү көрүнүшүнүн фонунда, кырманда төрсөтүлүп өз чегине, чыңалуусуна, экспозициясына жеткенине күбө болобуз. Ошол эгин жыйноо учурундагы каармандардын ортосундагы мамилелер жөн-жай өнүгүп жаткандай сезилет окурманга, бирок алардын жан дүйнөсүндө ички уйгу-туйгу, күрөш бири-бирине карата мамиленин улам жаңы көрүнүшкө, жакындашууга бара жатканын жазуучу аяр, аста ыкмада сүрөттөп баяндайт, окуяны тереңдете берет. Бул эки каармандын ортосундагы жупуну, кээде оюнга, тамашага, шылдың-азилге,теңсинбөөгө айланган тиричилик мамиле бара-бара сүйүүнүн очогуна от жаккан учкунду жаратып, жалбырттап күйүүгө алдын-ала даярдыктын белгилери байкала баштаганын карап көрөлүчү…

Мындай тамаша-чын мамиле Даниярдын ким экендигин кандай адам болгондугун ачып, ага карата Жамийланын жеке мамилесин, көз карашын, а эң башкысы анын аялдык, аялзаттык ички төгүлүп-агылуусун, эңсөө-каалоосун, дегдөөсүн, самоосун, типологиялык эки анжы кыял-мүнөзүн өзгөртүүгө алып келди.

Жамийла Даниярга карата өз мамилесиндеги белгисиз, таттуу сезимдерге кантип тушугуп калганын, антип азап тарта баштаган учуруна өзү талдоо жүргүзөт, көп ойлонот, кыйналат, чечүү ишин ортого коет, кабыргасы менен кайышса да кеңешүүгө аргасыз болот.

Жеке тагдырына бак-таалай тилөө күрөшүнө аттанып жатканын өзү аңдап сезбейт, бирок ошол күрөшкө бара жатат… Ошол эле мезгилде үй-бүлөдөгү көндүм болгон элдик тыюулардан, чектөөлөрдөн оңой менен кутула албайт, кутулбайт деле болчу. Ал, биринчи кезекте, кайраттуу кайын энесин сыйлайт, аяйт, анын сөзүндө, кеңеш-таңаш насаатында чындык менен калыстык бар экенине өзү ишенет, ынанып моюн сунат. Аял дегендин орду казандын четинде, кемегенин боюнда болуп, төрөп-түшүү менен этегинен жалгаса болду деген кайын энесинин закон сымак айткан сөздөрүнүн маанисин баалайт. Кайын эненин камырынан дегендей, жаңы келген күнүн эстейт. “Келиндин келген күнү эстен кетпейт” болуп көп ойго батат… Экинчи жагынан өзү сүйбөгөн адамы менен жашоонун даамсыз, маанисиз экендигин туюп сезе баштайт. Ага сүйүүнүн нагыз белгилери, кыйноо-азабы эми келип жатканына көп маани бербей убакыт өткөрө берет. Мындай жыйынтыкка Жамийла миң жолу ойлонуп, толгонуп жатып келгенин окурман төмөндөгү баяндоо- сүрөттөөлөрдүн негизинде байкаса болот:

Ай, ким, Данияр белең? Карааның эркек эмеспи, жол башта. (212-бет)

Ой, сустайган неме, ырдап койсоң болбойбу? Жигитсиңби өзүң, же өлүксүңбү? (224-бет)

Ай, Данияр, деги сен бирөөнү сүйдүң беле? - деп өзү эмнегедир күлүп жиберди. (224-бет)

Автордон: Баягы тамашакөй, шайыр мүнөз келин эмне үчүн жоошуй түшүп,анын мурда ойноктогон өткүр көздөрү эми ичтен муңдана, тумандуу жазгы күн сыяктуу, жылуу мээримге толуп, назик тиктейт.

Жамийланын жүзүнөн дайым бир ой кетпей, эрининде үлбүрөгөн күлкүнүн көлөкөсү адашып… Кээде болсо, тескерисинче, алда эмнеден эси чыккандай…

Жамийла ага мурункудай эле назар салбагансып жүрөт… Бирок бир жолу Жамийла чыдай албастан Даниярга келип мындай дейт: Алдагы үстүңдөгү көйнөгүңдү чечсең боло! Берчи, бери, жууп берейин! (231-бет)

Жамийла көйнөктү жуугандан кийин: Бырыштарын жазган өңдүү, аны көпкө чейин алаканы менен сылап отурду. Кээде ал көйнөктүн тозулган ийиндерин күнгө салып, муңдана тиктеп, эмнегедир кейигенсип башын чайкап жатты.(232-бет)

Бир убакта Жамийла дагы аны карап турганын байкады окшойт, шагы сынгандай сустая түштү да: Жетишет, оюн бир, тамаша эки, деп асылып жаткан жигиттерди тыят. Анан ал жагалдана бой түзөп, Данияр жакты жалт бир карап алат. (234-бет) Бир аздан кийин Жамийланын колдору акырын жазыла берип ал Даниярга бой салып, сүйөнө калды да, башын секин гана анын ийинине койду. (238-бет) (Сейиттин байкоосу)

Мындай карай салсам, Жамийла Даниярды бек кучактап, бир оокумга аны жүрөгүнө кысып каган экен…(Сейиттин байкоолорунан)

Мына ушундай жай өнүкөн ички сезим-туйгулардын азабын тартып, билинбеген бир сезим Жамийланы улам күчтөнтүп, улам үмүттүн шооласын издетип, алга умтултуп,эки анжы кыжалат ойдун ортосунда эзип, анын айласын түгөткөн миң санаа ойдун,самоо менен эңсөөнүн отуна куйкалап жатканын жазуучу улам жаңы элестөөлөрдүн кыймыл-аракеттердин шөкөтүнө ороп, сүрөттөн Жамийланы алдыга алып чыгат. Экөөнүн ортосундагы ынак сүйүү деген сезим акырын сыртка чыгып, табияттын түнкү көрүнүшү менен коштолот. Түн, чагылган, жамгыр кырман, үймөк-үймөк саман берекеси төгүлгөн август түнү дал ушул ыйык, тунук сүйүүнүн күбөсү болушат. Шатырап жааган жамгырдын дыбырты жалбарып эрип бараткан, жалын болуп жанган Жамийланын аялдык ички лаззат кумарын, черин жазгандай, ышкысын кандыргандай дем берип, акырындап табияттын улуулугун даңаза кылат.

Жамийла: Данияр, мына мен өзүм келдим! – деди акырын шыбырап.

- Сен таарындыңбы? Катуу тарындыңбы?...

- Бирок мен күнөөлүү белем?... Сенде да айып жок. Саман менен суналып Жамийла анын жанына жатты.

Андан аркы окуяларда Жамийла менен Даниярдын бири-бирине арзышкан сөздөрү, эзилүүлөрү, жалбарыуулары менен чыныгы ички ой-толгоолорун угууга болот.

- Жамийла: Чын эле күмөн санадыбы? Кантип эле сени бирөөгө алмаштырайын!... Керек эмес түштөн кийинки сүйүүсү, өзүнө буйрусун! Мейли, ким эмне десе да мен сеникимин!... (250-бет)

- Данияр: Жамийла, Жамалтай! Жаным, колкотайым, кызыл гүлүм! Мен дагы сени алда качан сүйгөм, өмүрүмдө көрбөсөм да окопто жатып сени ойлогом! Көрсө менин сүйгөнүм туулган жеримде тура. Жамийла, кызыл гүлүм! (250-бет)

Мен элем элимди сагынган,

Туулган жер тузуна багынган.

Келемин узак жол алдыда,

Махамат күтөмүн айылдан.

Сөзү- С.Сейитказказиндики, музыкасы- И.Жахановдуку (378-бет)

Бул улуу махабат кадыресе эле эки адамдын ортосундагы сүйүү-кумар маселесин эске салат. Турмуштун улуулугу сүйүүдө, ансыз адам баласы бул жашоонун жыргалын сезмек эмес. Адамды адам кылып айырмалап турган кереметүү үч касиеттин: тилдин, акыл-эстин, сүйүүнүн биримдиги гана адам деген атты бийик, ыйык кылып турганын табият өзү таразалап, теңдеп койгондой көрүнөт.

Кандай болсо да махабат темасы түгөнбөс түбөлүктүү тема бойдон адам жашоосунун ченеми катары өмүр улап кете бере турган кубулуш, мөлтүр сезимдин дал өзү. Махабат көйгөй нерсе, ал түрдүү жагдайда ар түрдүү кырдаалда ар башкача сүрөттөлөт, ар башка түскө ээ болуп, ар башкача тагдырды чагылдырат. Махабаттын көйгөйү баардыгы учун бирдей экенин улуу даанышмандар кылым карытып, кайыралап айтып бүтө албай келишкен, айтып түгөтүүгө да болбойт.

Эй, адам баласы сен, ким болбо сүйүү баардыгы үчүн бирдей. Падышанын да, селсаяктын да, бечеранын да, жаштын да, карынын да көөдөнүндө сүйүү деген улуу сезим анын көзү өткөнчө жашай берет. Мындай мисалдар Ч.Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” романында эки эпизоддо жолугат. Бегимай кыз менен Раймалы ырчынын ортосундагы сүйүү мунун айкын дадили.

Раймалы: Ак шоола таңдай сөгүлүп

Ажайып жылдыз көрүнүп

Бегимай мени тартасың,

Көзүңдөн мээриң төгүлүп

Жүзүңдөн нуруң төгүлүп

Жалжылдап жанган шамым ай,

Жылыткан жанды жайым ай,

Жыргалым өзүң окшойсуң

Жылдызым, айым Бегимай.

Өчпөгүн сулуу Бегимай

Өзүңдөн кубат алайын

Өчпөгүн нурлуу Бегимай…

Бегимай: Таңкы чолпон нуруна батып дүйнө,

Талаа сүйлөп бүткүчө келип тилге

Булбул сайрап ээритсин ташты сууга

Бура баспай түбөлүк болом бирге

Агатайым түбөлүк болчу бирге

Келем эртең, агатай болчу бирге,

Агатайым, агатай болчу бирге…

Чыгарманын мазмунуна ашыкча баа берип чое берүүнүн зарылчылыгы жокко деген ойдомун, бирок да Бегимай сулуунун сүйүү деп алтын башын садага чапкан жоругуна таазим этпей кое албайсың. Раймалынын, Бегимайдын сүйүүсү адамдар үчүн үлгү болоорлук мааниге ээ, махабат деген сезимдин улуулугун баяндаган кылым икаясы болуп жашай берет.

Экинчи окуя, ушул романдагы Эдигей Жангелдин аттуу эмгекчил темир жолчунун Зарипага карата ички албуут сүйүү сезиминин от алып, өрттөй жалбырттап жанып, кыш чилдесиндекирген Каранардын айбандык инстинкт сезимине ээ боло албаган стихиясына окшошуп, өзүн-өзү оңдой албай калган өксүгөн арман - муңунун чегинде көрсөтүлөт. Куйруктуу жылдыздай тездик менен учуп өткөн сүйүү деген сезимдин мынчалык ысык да, муздак да экенине дендароо болгон Эдигей өчкөн оттой сууйт, муздайт, азаптанат.

Болгон күчүн Каранарынан чыгарат. Сүйүүнүн күчүн жашы улгайган кезде кайрадан татып, азапка малынган Эдигей үчүн бул окуя азаптын азабы, тозоктун тозогу эле. Ошентип Ч.Айтматов сүйүүнүн керемет күчүнө баш ийбеген пенде болбостугун дагы бир ирет таасын көрсөтүп башкалар үчүн сабак-санат кылып берүүгө жетишкен экен…

Сүйүү темасы “Гүлсарат” повестинде да орун алган. Аскерден күйөөсү кайтпай калган жаш келин Бүбүжан көңүлүн кайратуу, иштин майын чыгара жасаган жигит – фронтовик Танабайга арнаганы тууралуу айтылат.

Төмөндө К.Бекназарованын “Бүбүжандын ыры” деген төрт куплет ырынан үзүндү келтире кетели.

Автор мындай дептир: Түшүптүр тоого жаңы кар

Эсиме бүгүн сен түштүң… дагы

Бакыт деп сездик анда биз

Айжууган аруу элеси… же

Өрөпкүп туйлайт бир сезим,

Өрт чачкан жакты унутпай… (91-бет)

( Турмуш чындыгы жана көркөм образ. Б.1998-жыл )

Аялдар темасы бар жерде сүйүү темасы бар, анткени аял улуттук салт-санаанын алып жүрүүчүсү, сактоочу жана кийинки муунга өткөрүп, өнүктүрүүчү болот. Ал аркылуу бул жарыкчылыктагы өйдө-төмөн нерселер өтөт. Аял заты жакшылыкка да жамандыкка да сезимтал экендигин сүйүү аркылуу көрсөтөт.

Арийне мындай улануу, байланыш, муундар катышы Ч.Айтматовдун баардык чыгармасында учурайт. Алсак Алтынай менен Жамийланын ортосундагы аралык, мезгил эмнени билдирет? Мезгил өтөт-кетет, сүйүү сакталат, уланат түгөнбөгөн түбөлүк түйшүк! Жазуучунун көптөгөн каармандары ошол түбөлүктүү сүйүүнүн жүгүн аркалап келишти. Алсак Бүбүжан менен Жамийла, Сейде менен Зарипа бул мезгилдин, согуш учурунун кыздары. Ал эми Асел өнүккөн социалдык коомдун билимдүү, эрктүү кызы болсо, Элес менен Айдана Самарова базар экономикасынын кыздары, көз караштары ар башка, кызыгуулары да түрдүү, максат-мүдөөсү бири-биринен айырмалуу. Айрыкча, Айдана Самарова шоу-бизнестин мыкты өкүлү катары элине даназалуу атакка ээ болууга жетишет, бирок “пулуң болсо, кулуңмун” заманынын типтүү кызына айланат. Ал эми Элес рух дүйнөсү таза, махабаттын баасын, баркын бийик кармаган билимдүү, замандын мыкты кызы катарында сүрөттөлөт “Тоолор кулаганда” романында. Бул кыздарды окшоштурган, бириктирген бир нерсе бар. Ал адамдык бийик сапат, сүйүү менен адамгерчиликтин этикалык эрежелери менен жосундары.

Адам ата, Обо эне жаралып,

Өткөн доорлор, мезгил сызып аралык

Ошол күндөн эркек, аял келетат

Назик сезим сүйүү менен агарып. (С.Турдукожоев)

Сүйүү менен агарып, көгөрүп бул жашоонун азоо чалмасын башына илген, тагдырын таш кордодой кордукка малынткан кийинки сүйүүнүн ээлери-каармандары “Кызыл жоолук, жалжалым” повестиндеги Асел, Илияс жана Кадичалар. Бул үчөөнүн ортосундагы мамиле, сый, урмат, махабат кесирлик менен жаштыктын, кенебестик менен мастыктын, адамдын мүнөзүндөгү аруулук менен оройлукту айрып тааный албаган, алаңгазар, өзүмчүл, сабырсыз көпкүлөң сүйүү экен деп эт-бетинен кеткен жеңил ой, жалганчы, алдамчы, утурумдук кумарланууга берилип, алданып кеткен, турмуштуке каныккан кадыресе тажыйырбасы, тутунган идеал – принциби, карманар чекит – таянычы жок эки (жок үчөө десек да болот) жаштын табышуусу менен ажырашуусунун бир көрүнүшү экенин көрүүгө болот.

Бир четинен экөөнү, Кадичаны кошо тең алып, ичиңден кейийсиң, экинчи жагынан үчөөнү тең жаман көрүп тилдегиң келет. Окуучу ушундай ойлорого кабылат, бул болсо чыгарманын эстетикалык-көркөмдүк күчү, таасири, тарбиялык милдети экенинен кабар берет. Анан “өтө кызыл бат оңот” дегендей Асел менен Илиястын ортосундагы махабаттын улам өчүп, бозоруп, кыярып бартканына өкүнүп кала бересиң.

В.И.Ленин: “Сүйүү эки адамдын ортосунда болот, андан үчүнчү адам жаралат”,- деп айткан сөзүн эстебей коюуга мүмкүн эмес, анткени “Делбирим” повестинде армандуу махабат менен кошо тирүүлөй жетим калган бала Саматтын тагдыры сүрөттөлөт. Өгөй ата Байтемирдин, Аселдин жашоолору көз алдынан өтөт, бирок бул эки каармандын ортосундагы сүйүүнүн чыныгы белгилери бүдөмүк көрсөтүлгөнүн көрөбүз. Байтемирдин сүйүүсүн сыйлаган Асел Илияс менен элдешпей коёт. Мында көп иштер бар. Алардын себебин окурман өзү талдап алат. Чыгармадагы табышмактуу түйүндөр ушунусу менен кызыктуу көрүнөт.

Чыгарманын ички сюжеттик биримдигинде каармандардын ортосундагы мамиле логикалык жактан ички күрөштүн натыйжасы катары көрсөтүлгөн. Мында Ильяс-Асел, Ильяс- Кадича, Асел-Байтемир, Байтемир-Ильяс, Асел-Кадича деген биримдиктеги диалог-баяндоолордон улам ар бир каармандын ички дүйнөлөрү, көз караштары ачылып көрсөтүлөт. Бул чыгармада үй-бүлөнүн тагдыры ортого коюлат. Жогорто бул жаатында сөз болду. Мында Кадичага өзүнчө токтолуп өтүү керек. Кадичанын образында өз бактысын, сүйүүсүн табууга аракет кылган адамдын аракети көрсөтүлөт. Кадича-жаратылышынан өткүр, шыдыр, ачык-айрым жан болуп жаралган экен.

Ээ, кайда калбаган кайран жан: Назданган кара көздөрүн көзүмөн албай стакан кагышты…(Ильястын сөзүнөн)

Өмүр чиркин бир ордунда турабы… Кызыгы болсо алып кал. Тагдыр менен ойноп болобу… (Каличанын сөзү). Мына бул сөздөр Кадичанын турмуштук позициясын билдирип турат.

Чынында Кадича ачык-айрым, “Күндөлүк өмүрүң болсо, түшкүсүнө жорго мин” деген элдик накыл сөздү жактырган ал бат эле Ильястын арзуусуна татыктуу болууга жетишкен ак пери эле. Тобокелдикке салып турмуш жолуна аттанат.

Аселдин бактысын көз көрүнө тартып алат. Ошондой болгону мнен чыгармада окурман Кадичаны күнөөлөшсө туура болбойбу деген пикирди карманганыбыз да бар. Тагдырдын күчтүү эч нерсе болбойт, Кадича үй бүлөлүк жактан бактыга ээ болбой калганы өкүнүчтүү…

Ал эми Ильяс аял затынын кадыр-баркын баалап биле албаган жигит катары четке сүрүлөт.

Эми Кадича ким? Ильястын оюнда “Жаш десе жаш, сулуу десе сулуу” дегендей эле перизаттай, айчырайлуу, эстүү келин бойдон окурмандын көңүлүнөн түнөк табат.

Демек, Кадича да аялзаты катары эртеби-кечпи сүйүүдөн, турмуштан өз бактысын, ордун табарына окурман ишенет. Кыргызда “Көздүү мончок жерде калбайт” деген сөздү эстесек Кадича Түндүк Казакстандагы дың жерде эмгектенип, балким, бактысын тапкандыр деп ишеним арткың келет.

Жалпысынан алганда жазуучу турмуш, сүйүү, үй-бүлө деген нерселерге олуттуу мамиле жасоо керектигин эске салат. “Отуз өлчөп, бир кес” “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей үй-бүлө кичине мамлекет, аны коргой да, сактай да, чындай да билүү менен бактылуу ата-эне, бактылуу бала дүйнөсүн жараталы деген демаграфиялык, социалдык, психологиялык, этикалык проблемаларды алдыга койгон. Сүйүү темасын таасын сүрөттөгөн автор анын жүз түрдөнгөн аки-чүкүсүн мыкты билген, өзү да сүйүүнү кадырлап, барктап жана асылзат аялзатын сүйө билген кыргыз жигитинин бири болгондугун билдирип кеткенин баалай жүрөлү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×