Добавить статью
9:25, 30 января 2015 166800

Кокон хандыгы жана Нүзүп миң башы

Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүшө салым кошкон тарыхый инсандардын басып өткөн өмүр жолун, саясий ишмердүүлүгүн изилдөө кыргыз тарыхнаамасында актуалдуу маселелердин бири экендиги шексиз. Ушул өңүттөн алып караганда, XIXк 40-жылдары Кокон хандыгынын саясий турмушунда мамлекттин биримдиги үчүн күрөш жүргүзгөн, тарыхый инсан, аскер башчы, мамлекеттик ишмер Нүзүп миң башы туурасында сөз кылуу учурдун талабы деген ойдобуз.

Эл оозунда Нүзүп “бий”, “ миң башы” аталып калган инсандын саясий ишмердүүлүгүн чагылдырган эски кол жазмалар, орус тилиндеги булактар авторго маалым. Нүзүп Эсенбай уулу 1794ж. (айрым тарыхый булактар боюнча 1798 жылы) азыркы Аксы районунун Афлатун айлында төрөлгөн. Атасы Эсенбай оз мезгилинде Кокон хандыгынын саясий турмушуна аралашкан, саруулардын кадыр-барктуу адамы болгон.

Баласынан чоң үмүт күткөн Эсенбай эс тартканда эле, Нузупту Кокон армиясына кызмат кылууга жөнткөн.

Кокон ордосунда 28 жыл кызмат отогон Нүзүптун саясий ишмердуулугу Омор, Мадали, Шералы хандардын бийлик жүргүзгөн мезгилине туура келет.Омор хандын учурунда Маликул он башы, Алишер жүз башынын аскердик тобунда кызмат кылып, өзүнүн тайманбастыгы менен айырмаланган Нүзүптүн аскердик чиндери жогорулай баштаган. Омор хандын доорунда Бухара менен Кокон хандарынын чегинде жайгашкан Оро Төбө талаш маселелердин бири болгон(Таджикстандын түндүк аймагында жайгашкан аймак). Омо хан бул аймакты кошуп алуу аракетин жасай баштаган. 1818жылы Алишер баштаган аскер бөлүгүно Оро-Төбөнүн башчысы Махмуд төрөнү колго түшүрүү тапшырмасын жүүктөлөт. Хандын тапшырмасын орундаткан Алишерге пансаттык, Маликулга жүз башылык, катардагы сарбаз Нүзүпкө он башылык аскер даражасы ыйгарылат. Аскер өнөрүн тездик менен үйрөнүп, башка сарбаздардан айырмаланган Нүзүп хандын назарына илине баштаган. 1820 жылы Омор хандын коштоп Сафид-Буланга чейин келүүгө жетишет.

Мадали хандын доорунда болсо, Нүзүп ордо бийлигине аралашып, хандын тапшырмасы менен мамлекеттин ички жана сырткы иштерди аткаруу жүктөлө баштаган. 1758-1759жж согуштун натыйжасында Чыгыш Түркстан Цин дөөлөтү тарабынан каратылып, аймактагы түрк тилдүү элдердин арасында антициндик кыймылын жаралган.Чыгыш Түркстандагы антициндик кыймылды басуу үчүн Мадали хан согуштук аракеттерди жүргүзүүгө туура келген. 1830ж Мадали хан, аскер башчы Хаккулу менен 20 миң кокондук, 15миң ташкендик, 2 миң тоолук тажиктерден куралган аскери менен Кашкарга карай жол тарткан. Бул жүрүшкө Нүзүп пансат башчы катары катышкан. Нүзүптүн жетекчилиги астында Кашкардын аймагында жайгашкан Гулбах калаасы үчүн болгон таймашта, калаа кытайлыктардан бошотулган. Мадали хан тарабынан Нүзүпкө өзгөчө баалуу белектер берлигендиги булактарда тастыкталат.

Бирок, Кашкар аймагындагы антициндик кыймылдар токтогон эмес.

Мадали хан маселени дипломатиялык жол менен чечүү үчүн 1831-жылы Алим паша башында турган дипломатиялык топту Пекин шаарына жиберген. Аскер ишене такшалып, хандын көзүнө көрүнүп калган Нүзүпкө элчилик топтун коопсуздугун сактоо милдети жүктөлүп, сапарга аттанышкан. Ч.Валиханов белгилегендей Мадали хан тарабынан жөнөтүлгөн делегация 1832ж кокон-кытай келишимин түзүүгө жетишкен.

4 пунктан турган келишим Чыгыш Түркстандын эли, Кокондуктар үчүн өтө ыңгайлуу болуп, келишим бир тараптуу болгонуна карабастан 15 жылга чейин Чыгыш Түркстанда бейкутчулукту сактап турууга негиз болгон.

Өзүнүн эр-журөк тайманбастыгы көрсөтө алган Нүзүпкө хан тарабынан улам жаны тапшырмалар жүктөлө баштаган.Алсак, 1834 жылы Оро-Төбө, Каратегин аймактарын каратууга жиберилсе, 1841жылы Алай өрөөнүндөгү Сары-Коргон, Дароот-Коргон, Памирдеги Таш-Коргондогу чептерди бекемдөө тапшырмалары жүктөлүп, хандыктын чек ара маселелири бекемделген. Нүзүптүн Мадали хандын учурундагы ишмердиги туурасында “Фаргана хандарынын тарыхы” китебинин автор, Зиябидин Максым “Жусуп миңбашы деген Саид мухаммад Алихандын( Мадали хандын) заманында өкүмөт башчы болуп иштеген, өтө этибарлуу”-эле деп эскерген.

Нүзүп бийдин эл үчүн күйүп, мамлекеттин биримдигин, бүтүндүгүн сактогоо карата жасаган аракетин XIXк. 40-жж саясий окуялардан көрүүгө болот. 1842 ж Бухара эмирлиги Мадали ханды өзүнүн гареминдеги өгөй энесине үйлөнүп шариатты бузду деген күнөө коюп, Коконго басып кирген. Чындыгында эле Мадали атасы Омор өлгөн соң атасынын жаш сулуу аялына ашык болуп, дин өкүлдөрүн чакырып “мага үйлөнүүгө шариат жол береби деген маселени койгон”. Хандын каалосуна каршы тура албаган улемалардын, “үйлөнүүгө тыюуу салынбайт”- деген бүтүм чыгарып беришкен. Мындай чечим жаш сулууга да жаккан. Мадали хан өлтүрүлгөн соң, сулуулугуна азгырылган Бухара эмири тигил аялга өзү үйлөнүп алган.

Жогорудагы окуяны шылтологон эмир 1842 жылы ордону тоноп, Мадалини апасы Надира айымды, жана хандын жакын туугандарын өлтүрүлөт. Хан тактысын эмирдин адамы Ибрагим хайал ээлеп, Кокон бийлиги колдон кетип, мамлекеттин тагдыры кыйын абалга дуушар болот. Бийликти колго алып, элди бириктирип, мамлекетти сактап калуу маселеси жаралат.

Кокон ордосунда такшалган Нүзүптүн хан болууга лидердик сапаты, эл арасындагы аброю, эрки, аскердик тажрыйбасы да, жетишерлик эле. Бирок, Нүзүп хан болуу укугуна ээ болгон миңдерден тараган Алтын Бешиктин урпактарынан эмес эле.Белгилей кетчү нерсе, монголдор доорунан кийин пайда болгон Орто Азия мамлекеттеринде калыптанып, салтка айланып калган “тектик мифологиялык” идеологияга ылайык, хан тактысын чынгызиддерден тарагандар гана ээлөө укуктуу болгон. Чынгызиддердин өкүлдөрү гана легитимдүү бийликтин өкүлү катары эсептелген.Ошондуктан, Алим хандын учурунан баштап жарала баштаган “Алтын Бешике” байланышкан легендадагы “тектик мифология” ылайык Нүзүп өңдүү кыргыздардын хан тактысын элөө укугунан ажыраткан. Кокон ордосундагы мындай саясий оюндарды Нүзүп алдын ала түшүнгөн.

1842 жылдагы түзүлгөн саясий кырдаалга байланыштуу, Нүзүп кыргыздарга ыктаган миң династиясынын өкүлүн бийлике алып келүү жолун издей баштаган. Сары-Таш аймагынан Сафид-Булаңга келип аксакалдар менен ордо бийлигин колго алуу маселесин талукуулайт. Нүзүптүн сунушу менен кыргыздар миң династиясынын өкүлү Таластагы Шералыны бийлике алып келүү чечимине келишет.

Шералынын тагдырына байланышкан айрым окуяларды окурмандардын эсине салып өтөлү. Нарбото 1800 ж. көз жумган соң, салт боюнча такка анын иниси Хаджы бий (балдары Алим, Омор жаш болгондуктан) келиш керек эле. Бирок, Алимди такка олтургузууну каалаган тарап уюштурган кутумдун натыйжасында Хаджы бий көз жумган. Бул туурасында В. Наливкин минтип жазат: «1808-ж. Алим хан өзүнүн агасы Хаджы бийди өлтүртөт, анын эки улуу Улукбек жана Шералы атасы өлгөн соң Чаткалга качып кеткен. Улукбек капысынан эски тамдын урандысы басып каза болгон. Ошол кезде 14 жаштагы Шералы болсо, андан ары Таласка качып барып ал жерде бир окаттуу кыргыздыкында жашап, үйлөнгөн». Ч. Валиханов калтырган маалымат боюнча кыргыздар менен туугандашкан Шералы “саруулардын бийи Аджибайдын колунда” жүргөнүн белгилейт. Кыргыз окумуштуулары Ажыбек бийдин колунда жүргөнүн белгилешет. Биздин колдо бар тарыхй булактарга таянсак, Алимдин куугунтуганан сактап, 14 жаштагы Шералыны таластык таякелерине алып барып кези келгенде “кези келгенде, хан көтөрүү” максатын көздөгөндөрдүн бири Нүзүптүн атасы Эсенбай болгон. Шералы Аксылык саруунун кызы Жаркынайымга үйлөнүп балалуу чакалуу болгону белгилүү. Ал эми Жаркынайым менен Нүзүп тага жээн болушуп туугандык байланышта болгону тарыхта такталган маселе.

Ошентип, Нүзүптүн демилгеси менен Тасаласта жашап жаткан Шералыны хандыка көтөрүү идеясы көтөрүлөт. 1842-ж жай айында Нүзүп баштаган делегация Таластан Шералыны алып келүүгө жөнөгөн. Таласта мал артынан жүргөн Шералыга : “Коконго барып хан так тактысын ээлең”- деген Нүзүптүн сунушуна Шералы: “мен кантип элди башкармак элем, тажрыйбам, түшүнүгүм да болбосо,-деген сөзүнө, Нүзүп: Сиз макул боло бериң, мамлекетти башкарууну мага койуң”- деген экен. Ошентип Афлатундун ашуусу аркылуу Таластан Шералыны үй-бүлөсү менен азыркы Аксы районунун Кара-Суу айлындагы Жаркынайымдын атасынын үйүнө көчүрүп келет.

Нүзүптүн буйругу менен азыркы Чаткал, Ала-Бука, Аксы аймактарынан аскер, курал-жарак топтоло баштаган. Афлатундун Ой-Алма, Кууганды, Балтыркан жайлоосунда өскөн “ак четинден” курал жасаттырган. Коконду алуу кабары Алайлык кыргыздарга жиберилген.

В.П.Наливкин белгилегендей Нүзүп бийдин жетекчилиги астында Сафид-Булаңда Шералыны хан көтөрүү аземи болур өтөт. Көчөндөрдүн салты боюнча ак боз бээ жана ак төө союлуп, 50 жаштагы Шералы ак кийизге оролуп хан көтөрүлөт. Нүзүп бийдин жетекчилиги астында топтолгон калың кол ордону алууга аттанышат. Окумуштуу Р.Набиев билгилегендей бухаралыктарга нааразы болгон Фергана өрөөнүн калкынын колдоосу менен кыска мөөнөттүн аралыгында Наманган, Төрө-Коргон, Чуст, жанан Сыр-Дарьянын оң жээктери ээленет.Ордо көчмөн кыргыздардын колуна өтөт Шералы хан тактысын ээлеп, Нүзүп “миң башы” болуп дайындалат. “Миң башылык” аскердик чин Омор хандын түшүнда киргизилип, анын функциясы ички иштер минситрлиги менен мамлекеттик канцлер кызматынын ортосундагы милдетти аткарган.

Кокон хандыгында кызмат орундар, аскердик чиндер туруктуу сакталган эмес. Хандардын алмашуусу менен ордодогу кызмат орундардын иерархиясы, функциясы өзгөрүп турган. Шералы хандын учурунда миң башылык кызмат хандан кийинки экинчи адам катары эсептелген.

Ошентип Кокон хандыгындагы 1840-1842 “коогалаңдуу жылдардагы” саясий кризистин натыйжасында, кыргыздар саясий аренага кайрадан чыгышып, хандыктагы кызмат даражаларын ээлей баштаган. Ордо бийлигинен оолак өскөн, башкаруу тажрыйбасы жок Шералы эмес, иш жүзүндө хандыкты Нүзүп жүргүзө баштаган. Жоош мүнөздүү хан эл арасында Шералы “ботко”, “шавля” деген атка конгонун орус тарыхый булактары тастыктап турат. Бирок Шералынын таянганы акылман аялы Жаркынайым, жана анын оң колу Нүзүп Көчмөндөрдүн кайрадан ордо бийлигин колго алышып, Нүзүп өңдүү абройлуу инсандын бийлике келишин отурукташкан топтун өкүлдөрүнө жаккан эмес.Ордодон орун алган Нүзүптү жок кылуу масесели жаралат.

Маргеландын акими Шады бий, кыпчактардын өкүлү Мусулманкул тарабынын Нүзүпкө каршы “кокон оюндары” күн санап күч алат. Акыры ханды Нүзүптү Маргеланга аким кылууга көндүрүшөт.

Бирок, Нүзүп ордодон кеткени менен анын оюу кеткен эмес. Бошоң Шералы аны чакырып мурункусундай эле кеңеш суроого мажбур болгон.

Албетте Нүзүптүн ордодон кетиши Жаркынайымга да жаккан эмес. Ханды эмес, Нүзүптү жок кылуу керек экендигин түшүнгөн куу Мусулманкул, анын жолун издей баштаган. 1844 жылы Нүзүптү өлтүрүү боюнча хандын жасалма буйругу даярдалып, ага жасалма мөөру басылып, Маргеланга атайын даярдалган топ жөнөтүлөт. В.Наливкиндин пикири боюнча Нүзүптү өлтүрүүгө 1844 жылы Шады миң башы тарабынан Мад-Керим Ясаул аттуу киши жиберилет деп жазса, Зиябидин Максым Саид Алибек аттуу адам Нүзүпту өлтүрүп келүүгө жөнөтүлгөнун жазат. Нүзүп миш башы “падышадай соолотуу бар, теңи жок баатыр экендигин сүрөттөп, ынгайын таап кармашып, чынжыр менен байлашканы жазылат”. Ошентип 1844 жылы Нүзүп саясий буйруктун курмандыгы болот. Көп өтбөй Шералы өлтүрүлүп, анын баласы Мурад такка олтургузулат. Бир күн болсо, да такка олтурсам ыраазымын деп самаган Мурат хандын башы 11 күндөн кийин алынат. Ошентип XIXк 40-жылдарында башталган саясий кризис улам тереңдеп олтурган.

Белгилей кетчү нерсе, Фергана өрөөнүндөгү көчмөн жана отрукташкан калк тарабынан түзүлгөн Кокон хандыгында, “так талашуу” тынымсыз жүрүп келген. Эки атаандаш тараптын (үчүнчү тарапта болгон) ордо бийлик үчүн саясий күрөшүндө чагымчылдык, кутумчулдук ыкмалар колдонулуп, “ордо төңкөрүштөрү” уюштурулуп, төңкөрүштөр талап-тоноочулук, кандуу кагылышуу, буйруйтма өлүмдөр менен аяктаган. Бийлике жетүү үчүн өз жакындарын( бир тууганын, куда-сөөктөрүн ж.б.) курмандыка чалуу кадимки көнүмүш адатка айланган. Так талашуу процессинин натыйжасында Кокон хандары капыстан “ордо оюндарына” кабылышып, дээрлик көпчүлүгү “ордо төңкөрүшүнүн” курмандыгы болушкан. Маселен, 167жылдык хандыктын тарыхында 21 хан бийлик жүргүзгөн болсо, анын айрымдары 11күн, 3 ай, 1 жыл гана башкарашып, көпчүлүгү буйрутма өлүмгө кабылышкан. Үч ирет бийлике келген Кудаяр хан чет мамлекеттке качып кетүүгө аргасыз болуп, тарыхта жаман салтты баштагандардын бири болгон.

Ошентип, бүт өмүрүн Кокон хандыгынын өсүп-өнүгүшүнө, чыңдалышына, анын коопсуздугуна арнаган Нүзүп, бийликтин саясий курмандыгы болгон. Биз жогоруда Нүзүптүн Кокон мамлектетин чындоого кошкон салымынын айрым гана жактарын белгилеп өтүүгө аракет жасадык. 28 жыл боюу Кокон хандыгында кызмат аткарып, катардагы “он башыдан” “миң башылык” кызматтка чейин өсүп жетип, 167 жыл жашаган Кокон хандыгынын тарыхында “мин башы” даражасына кыргыздардын жалгыз Нузуп гана жеткен.

Нүзүптүн доору Кокон хандыгында саясий таймаштар күчөп, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келип, хандык жок болуп кетүү мезгилине туура келди. Тарыхый кырдаалда Нүзүп, такшалган аскер адамы гана эмес, саясий лидердик сапатка ээ болгон, элди бириктирүүгө эрки жеткен, эр-жүрөк, тайманбас баатыр, тарыхый инсан катары өзүн көрсөтө алды. Элибиздин XIXкылымдын тарыхында элдин, жердин бүтүндүгү үчүн күйгөн улуу инсандардын катарында Нүзүп миңбашынын тураары шексиз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×