Добавить статью
11:55, 4 марта 2015 112706

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары

Эгемендик мезгилиндеги коомдук өзгөрүү тарых илиминин да концептуалдык өзгөрүүсүнө алып келе жаткандыгы чындык. Учурда кыргыз тарыхнаамасында көптөгөн орчундуу маселелер кайра каралып, жаңы көз караштар илимий монографияларда жарык көрүп, конференцияларда айтылып, окуу китептерине киргизилип жатат. Ошондой илимий маселелердин бири Кокон хандыгынын тарыхы жана анын кыргыз тарыхнаамасындагы орду болуп саналат.

Коммунисттик партиянын марксисттик советтик-тоталитардык идеологиясынын чүмбөтүндөгү концепциясынын капшабы менен XVIII-XIX кылымдар ичинде 167 жыл жашап, кыргыз элинин басымдуу бөлүгүнүн тарыхый тагдырын кучагына алып турган Кокон хандыгы деп аталган мамлекеттин, бүтүндөй өлкөнүн тарыхы кыргыз тарыхынан сырт көрүнүш катары каралып, академиялык басылмаларда атайын орун албай, окуу китептерине киргизилбей келген. Көптөгөн көрүнүктүү кыргыз тарыхый инсандары, Кокон хандыгын каалагандай калчап, анын башкаруу чөйрөсүндө батыл катышып, ошол кездеги кыргыз элинин 75-80 пайызы хандыктын толук кандуу жараны катары жашап келгенине карабастан, кыргызга “улуу ага” деп эсептелинген орус элинин, Орусиянын “кичүү иниси” кыргыздарды реакциялуу, артта калган Кокондун эзүүсүнөн куткарган деген тариздеги концепциянын алкагында советтик доордо Кокон тарыхы дээрлик окутулган эмес.

Азыркы мезгилде жаңы тарыхнаамалык илимий ой-пикирлердин катарында Кокон тарыхына байланыштуу маселелер кайрадан каралууда. Мына ушундай тарыхый өткөөл учурда Кокон хандыгы тууралуу айрым ири тарыхый талаш маселелерди комплектүү жалпылоо менен ортого салууну туура көрдүк.

Кокон хандыгын изилдөө жана анын перспективалары боюнча ушул мезгилге чейинки талаш болуп келе жаткан, же тактоону талап кылган маселелер негизинен бешөө. Төмөндө алар жөнүндө кыскача баяндап кетели.

I. Жакынкы аралыкка чейин Кыргызстандагы бардык академиялык басылмаларда, окуу китептеринде жана программаларында “Кокон хандыгы бул өзбек элинин хандыгы” деген расмий пикир орун алып келген. Кокон хандыгынын тарыхы расмий изилденген эмес жана ал жөнүндө монография түгүл, атайын баптын темасы да берилген эмес. Маселен, 1984-жылы курамында А.К.Карыпкулов (төрага), А.М.Молдокулов, В.П.Шерстобитов (төраганын орун басарлары), В.М.Плоских (жооптуу катчы) жана мүчөлөрү академиктер: С.И.Ильясов, А.К.Каниметов, К.К.Каракеев, И.И.Минц, К.К.Орозалиев болгон олуттуу “Башкы редакциялык Кеңештин” астындагы ошол кездеги бараандуу тарыхчылардын авторлугунда даярдалган Кыргыз ССРинин мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхы боюнча орус тилинде гана (Ал кезде олуттуу китептер орус тилинде гана жарык көрчү.) жарык көргөн акыркы академиялык басылманын 2-томунун “Политическая история и патриархально-феодальные отношения киргизов во второй половине XVIII - середине XIX в.” деген 10-бабынын 2-параграфы “Завоевание Киргизии Кокандским ханством” деп аталып, хандык мамлекеттик түзүлүш катары башка өлкөнүн тарыхы, кыргыз тарыхына эч кандай тийешеси жок доор катары берилгенi.

Совет доорундагы Кокон хандыгы жана анын мезгилин изилдеген көрүнүктүү кыргызстандык тарыхчылар А.Хасанов, К.Үсөнбаев, В.М.Плоских Кокон хандыгын тикеден-тике өзбек хандыгы катары белгилешпесе да, анын Орто Азиядагы көп улуттуу мамлекет болгондугун жазышкан, хандыктын курамындагы кыргыздардын ордун жана кыргыз бийлеринин Кокон хандыгынын бийлик сересиндеги ролун жогору баалашкан. Бирок, баары бир “кокон хандыгы кыргыз тарыхына тийешеси аз” деген көз карашта турушуп, советтик идеологиядагы орун алып келген “Кокон хандыгы кыргыздарды басып алып, катуу эзүү жүргүзгөн” деген пикирде болушкан. Ошондуктан андан куткаруу үчүн “орус падышачылыгы кыргыздарга жардамга келген” таризинде Кыргызстандын Орусияга “ыктыярдуу кошулушун” тастыктоо максатында мындай жыйынтыктарды чыгарууга мажбур болушкандыгын моюнга алуу керек. К.Усенбаев гана 90-жылдардагы эгемендиктин алгачкы жылдарындагы акыркы эмгектеринде жана макалаларында Кокон хандыгынын көп улуттуу мамлекет болгондугун жазуу менен, анын кыргыз тарыхындагы маанилүү этабын белгилей алган, бирок ал да Кокон хандыгынын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү экендигин ачык жаза алган эмес.

Кыргызстандан тышкаркы советтик жана эгемендик доордогу жарыяланган чыгармаларда, айрыкча Өзбекстандан жарык көргөн расмий академиялык изилдөөлөрдөv жана окуу китептериндеvi, анын артынан Өзбекстандык булактарга таянган эл аралык интернет материалдарындаvii да Кокон хандыгы “Өзбек хандыгы, мамлекеттүүлүгү” деп азыркы мезгилге чейин аталып келет. Орус тилиндеги интернеттик Википедия эркин энциклопедиясында “Кокон хандыгы Бухара эмираты жана Хива хандыгы сыяктуу эле өзбектердин үч хандыгынын бирөөсү” деген аныктама барviii. Жогорку интернет булактарын ээрчиген Кыргызстандын да кай бир интернет булактары, маселен “kirgizy.ru” аттуу сайт түз эле “Өзбек хандыктары” деген топтомго Кокон хандыгын да киргизип койгон. Ал жерде хандык этникалык курамы боюнча бирдей болгон эмес деп эскерткен гана пикир барix.

Н.В. Сычев аттуу орус окумуштуусу “Книга династий” деген 2008-жылы Москвада жарык көргөн көлөмдүү монографиясында XVIII кылымга Фергана өзбек хандыгы болгон Бухара эмиратынын курамындагы ээлик болуп келип, 1700-жылы миң уруусунун башчысы Шахрух бий Фергананы ээлеп алып, андан Кокон хандыгы өсүп чыккан деген көз карашты берип, мунусунан ал да, ачык айтпаса да, Кокон хандыгы “өзбек хандыгы” болгон деген пикирди белгилейт.

Бирок, Кокон хандыгы көп улуттуу болгондугуна карабастан ал “өзбек мамлекетиби?”, же “өзбек, кыргыз, тажик элдеринин кошмо мамлекеттүүлүгүбү?”, аны так белгилеген пикир ачык айтылбай келүүдө. Ошол эле учурда акыркы кезде Кыргызстандын, Казахстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын тарыхчыларынын акыркы изилдөөлөрүнүн таасиринин астында “Түркстан үч хандыкка бөлүнгөн” деген мааниде, анын ичинде Кокон хандыгын “өзбек хандыгы” деп тикеден-тике тастыктабаган материалдар да жарык көрө баштады.

Маселен, казак окумуштуусу С.К.Елшибаев бир катар тарыхчылар “ортоазиялык хандыктар “өзбектердики” деп жарыялап жатышат. Андан “башка элдер кайда кетишкен, кантип эле алар ассимилацияланып же тукум-курут жок болуп кетсин” деген адилеттүү суроо келип чыгып жатпайбы деп өкүнүчтүү тарыхнаамалык маселе койуудаi.

Азыркы кыргыз тарыхнаамасында жогорку көз караштардан айырмаланып, “Кокон хандыгы – бул көп улуттуу өлкө, өзбек этносу менен кошо эле кыргыз, тажик элдеринин да мамлекеттүүлүгү, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү” болгон деген көз карашты тарых илимине расмий алып чыккан изилдөөлөр пайда болду. Ал көз караш окуу китептерине, окуу программаларына да кире баштады. Бул багытта тарыхчылар Т.Кененсариевдин, К.Молдокасымовдун, Т.Өмүрбековдун, Т.Чоротегиндин, Б.Абытовдун, Ж.Алымбаевдин, Т.Өмүрзакованын жана башкалардын эмгектерин белгилөөгө болот.

II. Жакынкы аралыкка чейин эле Кыргызстандын тарыхчыларынын, анын арасында окуу китептерин жана колдонмолорун даярдап келишкен тарыхчы-окумуштуулар “Кокон хандыгынын тарыхы бул Өзбекстандын гана тарыхы. Ошондуктан Кокон хандыгынын тарыхын Кыргызстандын тарыхы окуу китептерине киргизүү кажет эмес” деп келишкен. Аны биз Кокон хандыгынын тарыхынын талаш маселелеринин жогоруда белгиленген биринчисинде толук эле айтып өткөнсүдүк. Кыргыз тарыхынын советтик мезгилде жарык көргөн бардык окуу китептеринде, ошондой эле эгемендик доордун баштапкы мезгилинде жазылган кай бир олуттуу окуу китептеринде Кокон хандыгынын тарыхы боюнча атайын бөлүм жок. Айрымдарында “кыргыз элинин кокон хандарынын эзүүсү астында”, “кыргыз элинин кокон хандарына каршы боштондук күрөштөрү” деген сымак чакан параграфтар менен гана чектелишип, ал эми Кокон хандыгынын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бир көрүнүшү катары ыстыкоомат кылышы жөнүндө эч кандай көз караш берилген эмес.

Кокон хандыгы да кыргыз мамлекеттиги катары каралып, анын тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү катары болушу керек деген көз караш толук эмес болсо да, Т.Чороев менен К.Молдокасымовдун мектептер үчүн окуу китептеринде берилгендигин айта кетүүбүз абзел. Ал окуулуктар жөнүндө маалымат алдыңкы шилтемелердин биринде берилди.

Кокон хандыгынын кыргыз тарыхына XVIII-XIX кылымдар аралыгында кеминде 150 жылдан ашуун тикелей катыштыгы болгондуктан, ал Кыргызстандын тарыхынын да олуттуу бир бөлүгү. Андыктан ал Кыргызстандын тарыхы боюнча жалпыланган академиялык басылмаларында жазылып, расмий окуу китептерине киргизилиши керек экендигин дагы бир жолу белгилеп коюу туура.

III. “XVIII-ХIХ кылымдарда кыргыздардын мамлекеттүүлүгү болгон эмес. Ормон Ниязбек уулунун көчмөн мамлекеттүүлүк түзүүгө болгон аракети гана мамлекеттүүлүк маанисинде каралышы керек” деген көз караш, тилекке каршы кыргыз тарыхнаамасында ушул мезгилге чейин негизги пикир катары жашап келе жатат.

Тарыхтын таасын беттерине көз жүгүртсөк кыргыздарда тээ X кылымдан бери эле өз алдынча борбордошкон мамлекеттүүлүгү болгон эместиги маалым. Бирок, албетте “өз алдынча түтүн булатууга аракеттенген” мамлекеттүүлүктүн алгачкы кадамдары бир нече жолу болгондугун моюнга алуу керек. Мында Ормондун хан көтөрүлүшүxxi деп аталган, кай бир булактарда 1825-жылы (Б.Солтоноев, С.Абрамзон), басымдуу көпчүлүгүндө 1842-жылы ишке ашкан делген окуя мисал боло алат. Ормондун хан көтөрүлүшүндөгү расмий курултайда оң, сол кыргыздарынын негизи ири уруу башчылары, маселен, сарыбагыштан Жантай манап, Төрөгелди, Адыл, Түлөберди, Калпак баатырлар; бугудан Боромбай манап, Муратаалы бий, Балбай, Өмүр баатырлар; солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Жетикашка, Чыңгыш, Күрпүк бийлер; саяктан Алыбек, Черикчи, Качыке баатырлар; саруудан Ажыбек датка, чериктен Ажыбек баатыр; азык, кушчудан Бүргө баатыр жана башка уруулардын билерман бийлери катышканы менен иш жүзүндө ал хандыкты сарбагыш уруусунунан башка уруулар тааныган эмес. Атүгүл сарбагыш уруусунун Жантай башкарган тынай бөлүгү да Ормонду хан катары толук тааныбагандыгы чындык.

Ал эми 167 жыл өмүр сүргөн Кокон хандыгы XVIII-ХIХ кылымдардагы кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн бири катары таанылуусу тийиш. Аны бир нече фактылар менен негиздеп көрөлү.

Кокон ээлиги түзүлгөн мезгилден (1709-жыл) 1830-жылдарга чейинки мөөнөттө хандыкка азыркы Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрү жана элдери бириктирилген. Айталы, XVIII кылымдын башында Кокон ээлиги жаңыдан түзүлүп жаткан кезде, анын курамына алгачкы кирген аймактарда, маселен Коженттен бери Маргалаң, Наманган чөлкөмдөрүн камтыган Сыр-Дайранын эки жагында, Кокон шаарынын (мурунку Эски-Коргон) айланасында жана Асаке, Анжиян аймактарында ал кезде азыраак сандагы отурукташкан “сартиййа” шаар-кыштактарынын арасында аралаш-келки жайгашкан сандаган көчмөн жана жарым-көчмөн уруулар менен этникалык топтордун кыштоо, жаздоолору жайгашып тургандыгы көптөгөн булактардан белгилүү. Ошол “илатиййа” калкынын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзгөндүгү да анык.

Кокон ээлигинин түптөнүшүнүн алгачкы этабында эле (1709-1760-жылдар) жаңы мамлекеттин курамында Коженттен түндүк-чыгыш жана түндүктү көздөй созулган Фергана өрөөнүнүн түздүк, адырлуу жана бөксө тоолуу аймактары (Коженттин атрабы түштүгү Заамин, Бакмал тоолорундагы кыргыздар (азыркы мезгилге чейин жашашат), түндүк-чыгышы Кожо-Бакырган Сай ичи, Исфара, Исфана, башкача айтканда азыркы Лейлек районунун аймагы, түндүк-батышы Сыр-Дайранын оң жак жээгиндеги Могол-Тоо аймагындагы элеттиктер, мисалы Курама, Бостон, Кыпчак, Катаган сыяктуу эски кыштактар андан бери азыркы Баткен районунун аймагы, Тажикстандагы Канибадам, Махрам чептеринин айланасы, Ноо аймагы жана башка жерлерде кыргыздардын көптөгөн айыл-кыштактары, кыштоолору жайгашкан. Ал жөнүндө төмөнкү маалыматтар ырастап турат.

Мисалы, Матча өрөөнүндө Тарикан деген кыштак болуп, анын аталышы кыргыздын “тааруу” деген сөзүнөн келип чыккандыгын фольклор ырастайт. Бул кыштак аркылуу байыртан Жибек жолунун бир тармагы өткөн. Ал жерде орто кылымдарда иштетилген кытай шахталары болгондугу, тарыхый баалуу эстелик катары кыштактын жанында 20дан ашуун кыргыз тамы бар экендиги маалымxxii. Ошол эле өрөөндө Өрөөндөгү Шекер-Булак, Жар-Булак аттуу кыштактарында да кыргыз тамдары болуп, тоодо “катыраңкы” жыгачы өсөөрү, аны азык катары пайдаланары айтылат. Сардоб аттуу кыштакта да 5 кыргыз тамы, ал эми Бостон кыштагында 15 кыргыз там болгон. Алар азыр бузулуп кеткенi.

“Кыргыз там” демекчи, ал жөнүндө азыноолак түшүндүрмө бере кетели. Курама кырка тоосунун түштүгүндө жана чыгыш тоо этектеринде биздин замандын II - I кылымдарынан VI - VIII кылымдарына чейин деген убакыт ченеми менен ырасталган “корумдар” деп аталган илгеркилердин сөөк көмүүчү таш үңкүр же кемер жайлары археологдор тарабынан изилденип келгенxxiv. Бул корумдар тышкы көрүнүшү жагынан таш үйлөргө окшошуп турган. Таш дубал менен курулуп, үстү жалпак таш менен жабылып, же купол тургузулган. Корумдардын көбүндө көчмөн адамдардын сөөгү коюлгандыгы аныкталган. Кээде корумдарда көмүү бир нече жолу кайталанган. Орус окумуштуусу Б.А. Литвинскийдин изилдөөсүндө Фергана өрөөнүндө кезигип келген “мухканалар” менен бул корумдардын байланышы белгиленген. Ал корумдардын тышкы формасына көчмөн кыргыздарынын боз үйүнүн структурасы таасир эткендигин окумуштуу аныктаганга аракеттенген. Анын үстүнө VII-III кылымдарда арабдардын Ферганага болгон жортуулдарында арабдар мындай корумдарды же мугканаларды “этникалык кыргыздардын тамдары” деп атаган деген маалыматтар бар деп тастыктайт окумуштуу Б.А.Литвинский.

Матча өрөөнүндө эскиден «Бердибайдын жайлоосу» деп аталган айыл азырга чейин турат. Ошол эле өрөөндө “Текелүү” деген кыштак болуп, анда көчмөн, жарым көчмөн кыргыз, өзбектер менен кошо тажиктер да жашап келгендиги кабарланат. Ал жерде да “кыргыз тамдары” бар. Өрөөндө эски аты “Ажырыктуу” деп аталган чоң кыштактын болушу, кыргыздын «ажырыктын тамырындай чырмалышкан туугандар экен» деген мааниде туугандашкан бир нече этникалык топтордун жашап тургандыгынан кабар берет.

Ашт районунун “Ашоб” кыштагынын XIX кылымдын аягында жашаган этникалык катмары тажиктер болгону менен ага чейин мындан 300 жыл илгери “кара-кытай” жана “карлук” уруулары туруктагандыгы жөнүндө маалыматтар бар. Уламыш боюнча алардын алгачкы мекени Мажаристан болгон имиш. Жергиликтүүлөр, бирок, Мажаристан кай жакта экендигинен кабардар болушкан эмес. Ал жактан алар алгач Самарканга, андан Ташкен өрөөнүнө келишип, уруулук жер талаштан соң Курама тоолурунун этегинде жайгашкан Ашт аймагына көчүп келишкендиги маалым. Аларга Кураманын батыш тоо этектеринде, Чаткал өрөөнүндө жашаган уруулар кийин кошулуп кетишкен.

Тажикистандын Исфара аймагынын “Офтоблу” (Аптаптуу) аттуу кыштагында кыргыздардын ичкилик тобунун «кыпчак» уруусу жашагандыгы маалым. Кыштактын “Офтоб” маалесинде кыргыз-кыпчактардын «токмок» уругу туруктап, алар XIX кылымда өзбектешип кеткендиги изилдөөлөрдө белгиленет. Кыргыздар мындан 300 жыл мурун эле чыныгы дыйканчылыкка өтүп, байлары малын батыштагы Түркстан кырка тоосуна жана чыгышта Алай тоолоруна жайып келишкендиги жөнүндө маалыматтар бар. Жаздоо жана күздөө катары Исфара аймагындагы Кех, Маданген, Зандалак, Каратаг,Туя жана Лолак деген жерлерди пайдаланышкан. Ошол эле райондун “Машпари” кыштагынын тургундары аралаш этностордон турган. Арасында кыргыздардын “кыпчак”, “найман”, “токмок”, “жуй”, “чекилдек” аттуу уруктары болгондугу жөнүндө маалыматтар учурайт.

Исфара районунун Найман, Какыр, Ганжаке деген кыштактарында мындан 300 жыл илгери негизинен ичкилик тобунун Найман уруусу жашап, кийинки кылымдарда тажиктешип кеткендиги, алар атүгүл өздөрүнүн кыргыз экендигин унутуп калгандыгы жөнүндө изилдөөлөр маалымат берет. Ал кыштактарга жакын жерде жайгашкан Кыргыз кышлак деген айылдын тургундары жакынкы аралыкка чейин өздөрүн кыргыздарга таандык кылып келишкен. Бул конуш азыркы Тажикистандын Нефтеабад шаарынын жанындагы “САНТО” мунай өндүрүүчү ишканасынын жанында алгач кыргыз кыштоосу болуп, анан ал кыштакка айланып кеткен.

Тажикистандын Канибадам районунун аймактарында да кыргыздардын турак-жайлары болгондугу жөнүндө маалыматтар көп. Маселен, “Ботиркургон” кыштагынын алгачкы тургундары кыпчак уруусунун малчы жигиттери болгон экен. Жийде кыштагы Канибадам аймагынын эң батышындагы конуш болуп, ал Кожент-Канибадам, андан ары Коконго чейин кеткен соода жолунун боюнда жайгашкан. Кыштактын негизги тургундары ичкилик кыргыздарынын Асанаалы, Калта той, Абагат, Маргум, Дархум жана Чапкылык уруктарынан туруп, алар Кокон мезгилинде мал чарбачылыгы менен шүгүрлөнүшкөнxxx. Ошол эле райондун Кучкак кыштагынын тургундары ар кошкон эл болуп, арасында Кыпчактар, Миңдер, башка кыргыз уруктары жашаган. Уламыштарда бул кыштакта кыргыз бийлери, Кокон хандарынын наибдери Осмонкул бек менен анын уулу Ашыркул бектин мүрзөлөрү тарых эстелиги катары саналып тургандыгы айтылат. “Кучкак” сөзү тажик тилинен чыгып, сөзмө-сөз которгондо “падыша сарайы” же “чакан борбор” деген мааниге ээ. Анткени, уламыштарда бул жерде тээ Чыңгыз хан доорунда эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашаган экен.

Азыркы Кыргызстандын Лейлек районунун аймактары Кокон ээлиги уюшулган алгачкы мезгилде эле анын курамында калган. Кийинки аталышына карап, ал аймакты Чапкылык жана Исфана чөлкөмү деп бөлсө болот. “Чапкылык” деп аталып, XIX кылымдын 80-жылдарынан баштап Түркстан генерал-губернаторлугунун Самаркан облусунун Кожент ойозуна кирген болуштукта Исфана аксакалдыгы, жана Ак-Суу деп да аталган Бөксө-Сибирген аксакалдыгы орун алып, анда эзелтен бери эле Кулунду, Ак-Арык, Кара-Жыгач, Булак-Башы, Мырза-Пачча, Самат, Кызыл-Бел, Сүлүктү, Чалды-Балды, Кара-Таш, Исфана, Гордой, Голбо, Беш-Бала, Көкчө, Чоюнчу, Андар-Сай, Жар-Кыштак, Кара-Кемер, Замборич, Жезган жана башка айыл-кыштактар орун алган. Эски уучу, Корунчу, Тагоб, Кайрагач, Лойли, Муслим кишлак, Тозок, Шоро, Андархам, Чорбек, Маргум, Дархум. Дагоз, Маденган, Сегиз-Там, Арка, Максад деген кыштактар Кожо-Бакырган-Сайдын жээктеринен орун алып, алар жөнүндө кызык уламыштар эл оозунда сакталып калган.

Маселен, Эски-Уучу кыштагынын курамына кирген Корунчу деген кыштакчада Чапкылык кыргыздарынын дийдор, ажыбай, жыпар, калта той, имамшик, тайлактар деген уруктары, кесек, абагат, найман жана кытай урууларынын өкүлдөрү турушкан. Лойлик аттуу кыштак мурун кыргызча “Майлык” деп аталчу экен. Демек, ал жерде орто кылымдан бери эле мунай майы чыгып турган болуу керек. Кийинчерээк, кыштакты “Ылайлуу” деп да атап калышыптыр.

Кожо-Бакыр-Сай массивинин Тагоб деген кыштагынын түндүгүндө Шоро деген айыл бар. Жергиликтүү уламышка караганда ал айылда жашаган кыргыздардын тегин кытай тараптан издешет экен. Уламыш боюнча ошол жерлик кыргыздардын ата-бабаларынын бир Кытайга кетип, ал жакта кытай кызына үйлөнгөн имиш. Тагдыр буйруп, ал киши кыргыз жергесине кетээрде, кытай аялына алтын шакек калтырат экен да, аны эркек бала туулса тагып алууну суранат экен. Чын эле кытай аялы толгоо тартып Асаналы аттуу уул көрүптүр. Асааналы тестияр тарта баштаганда курбулары аны тексиз бала деп мыскылдашып, натыйжада бала 15 ке чыкканда атасын издеп жөнөптүр. Апасынын айтуусу боюнча атасынын аты Тойчубай, анын мекени Кожо-Бакырган-Сай экенин угат экен да, бала Теңир-Тоо аркылуу көп кыйынчылыктар менен Лейлекке жетиптир. Асаналы келген учурда Тойчубай той берип жаткан болот. Алыстан келген меймандын колуна суу куюп жатканда атасы бир кезде кытай аялына берген шакекти көрүп калат да, уулун тааныйт. Тойчубай кожо тоюн андан ары улантып дагы 40 күн, 40 түн той-тамаша куруп, кийин алардын ошол аймактын кыргыздары тараган экен деген уламыш сакталган.

уландысы бар...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

06-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (аягы)

86745

04-03-2015

Кокон хандыгын изилдөө жана кыргыз тарыхнаамасы.

Талаш маселелер жана изилдөө перспективалары (уландысы)

108473

26-02-2015

Кыргызстан XIX кылымдын ортосунда: геосаясат, эл тагдыры, Боромбай (Улуу инсандын 225 жылдыгына карата)

98901

05-01-2015
Мамыр Мерген уулу – кыргыз элинин азаттыгы үчүн жанын берген баатыр инсан
121031

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×