Добавить статью
20:57 5 Апреля 2015

Баймамбет балбан (XIX к.)

Эгемендикти алгандан бери кыргыз тарыхын изилдөөдө фольклордук булактарды кылдат анализ аркылуу тарыхый булак катары пайдалануу жагынан алгылыктуу аракеттер көрүнбөй келет. Бар болгону саясий тарыхты жана этнографияны изилдөөчүлөр гана көңүл бурбаса, башка тармактары, анын ичинен кыргыз тарыхындагы спортту изилдөө тармагы көмүскөдө калгансыйт. Кыргыз спортунун тарыхы же тарыхтагы кыргыздардын спорту тууралуу арбын маалыматтар кыргыз фольклорунда: дастандарда, санжыраларда жана уламыштарда жыш жаткандыгы күмөнсүз. Мисалы, балбан күрөш, эр эңиш, ат чабыш, эр сайыш (эрөөл), жамбы атыш, өпкө чабыш, чака чапмай ж. б. у. с. толгон-токой спорт түрлөрүн табууга болот, ошондой эле атактуу балбандар, күлүктөр жөнүндө билүүгө мүмкүн. Кыргызстандын спорт тармагын өнүктүрүүдө буларды колго алып, жаш спортчуларды шыктандыруу үчүн тарыхтагы спортчу бабалары тууралуу кеңири изилдөөлөр болуп турса, өзүнүн ийгиликтүү натыйжаларын берери анык. Ушул максатта тарыхтагы спортчу бабаларыбыздин бири жөнүндө жүргүзүлгөн чакан изилдөөнү алдыңыздарга сунмакчымын. Ал тарыхый адам — Баймамбет балбан.

Байманбет балбан тууралуу эл ичинде аңыздар айтылып жүрөт, кээ бир санжыралык эмгектерде да кыскача эскерилип жүргөнүн байкоого болот. Эң эле молураак маалыматтарды тогузторолук акын Кожалы уулу Жакшылык өзүнүн «Тогуз-Тором жүрөк толгоом» аттуу 1996-жылы чыккан китебинин 38-82-беттертинде берет, анда «Байманбет балбан» деген темада атайын дастан арналган. Байманбет балбан жөнүндөгү кыйла кабарларды, кызыктуу баяндарды архивчи, санжырачы Жумагул Байдилдеев да 2001-жылы чыккан «Тайлак баатыр баяны» деген китебинде жазганы мааалым.

Жогоруда эскерилген дастанда камтылган булактарга таяна турган болсок, Баманбет балбан басыз уруусунун байсогур уругунан болгон жана Тогузтородогу азыркы Четбулак айылы турган жерде туулган (Кожалы у. 1996,61). «Алп Тобоок» дастанында Тобок алптын Байсогур деген замандашы, жердеши болгондугу жөнүндө учкай эскерилет, балким ошол Байсогур Баймамбет балбандын атасы же чоң атасы болушу мүмкүн деп болжолдосо болот. Кожалы уулу Жакшылык жаңылыштык менен Баймамбет балбанды XVIII кылымдагы Аблай хандын замандашы катары берет, бирок башка булактар Баймамбеттин замандаштары катары XIX кылымда жашаган инсандарды көрсөтүп жатышат (Кожалы у. 1996,38). Мисалы, Разабай деген адам тогузторолук санжырачы Абдылдаевдин санжыралык китебинде кетментөбөлүк бий катары эскерилип, Карбоз байдын ашына акталаалык Касымбек болуш менен катар эле катышкандыгы айтылат, ал эми Байдилдеев болсо Баймамбет балбандын Байзак баатырдын ашына катышкандыгын баяндайт. Ушундай маалыматтардан улам Баймамбет балбан XIX кылымда жашаган деп бүтүм чыгарса болот, ал эми Кожалы уулу айткан Аблай хандын заманына Байсогур туура келери шексиз. Өз мезгилинде Байманбет балбан «Лөк балбан» деген атак алган (Кожалы у. 1996,81). Байманбеттин сырткы келбети тууралуу Байдилдеевдин берген маалыматы боюнча, ал «...сары чийкил, жээрде сакал киши» болгон (Байдилдеев 2001,50).

Кожалы уулу Жакшылыктын «Байманбет балбан» аттуу дастаны боюнча, бир жолу Олуя-Атадагы казактарда боло турган чоң тойго кыргыз урууларынан саяк жана басыз уруулары биригип Разабай ажынын жетекчилигинде даярдана башташат. Балбандыкка ошол кезде талапкер катары бир гана Качкы дөө деген алпты гана таанышкан, бирок ал улгайып калгандыктан Байманбет деген жаш балбанды өзү сунуштаган. Ошондо жаш балбан чакыртылып, Разабайдын сынагынан: тандалган беш балбанды жеңүү, үч даана балбанташты көтөрүү жана тегирменташка бекем байлатылган үч арканды үзмөй сыяктуу сыноолорунан ийгиликтүү өтөт. Ошентип, тойго барышып, анда балбан башкырт-татар тараптык Түк балбан, өзбек-тажик-түркмөн тараптык Кап балбан деген балбандар менен күрөшүп, чоң таймашта кыргыздарга биринчиликти алып берген. Ошондо Баймамбетке ордо кыздан берилип, никелендирилген дейт.

Байдилдеевдин баяны боюнча, Баймамбет балбан Акталаадагы Чолок-Кайың айылында да жашаган. Кийин ал Анжиян (илгерки маани боюнча, Анжиян тараптагы кыргыздар, т.а. Ош жана Жалалабад облусу) тарапка көчүп кетип, ошол жаккы кыргыздардын атынан күрөшкө чыгып баштаган. Баймамбет балбанга тиешелүү айтылган бир окуяда ал бир жолу «Каракчы-Коо» деген жерди турак кылган каракчылар менен алышып, ошол соода жолду каракчылардан бошоткон деп айтылат (Байдилдеев 2001,52). Жумагул Байдилдеев Баймамбет улгайып калганда Анжиян тарапка аны издеп Аркадан жаңы чыккан Моюнчу балбан издеп келип, күч сынашып кеткендигин жазат. Жолуккан жеринде күрөшкө киришип, экөөнүн күчү тең чыгып калат, ошол жерден эле экөө кийин эч качан бири-бирине каршы чыкпоого антташышкан. Бирок кийин Байзак баатырдын ашында Моюнчу балбан антты бузуп күрөшкө чыгып келип, бирок жеңилип кайтат. Моюнчунун өз оозунан ошол окуя тууралуу уккан Дегенбай аке деген адамдын айткандарын Байдилдеев мындайча билдирет: «Баймамбеттин башындагы чаар топусу ыргып кеткенде төбөсүндө алакандын отундай жерде ак чачы бар экен. Маңдайына көкүл боло төгүлө түшкөндө жүрөгүм шуу дей түштү. Чач эмес эле ар бири ар бир жылан сыяктуу тил чыгарып, мени арбагандай көрүндү. Ошентип, адамдын ыйыгына кол салып антка учурап калганмын, балдар» (Байдилдеев 2001,51).

Баймамбет балбандан калган мурас, эстелик катары Акталаа районунда ал көтөргөн балбан таш сакталып калган: убагында «...Баймамбет балбан Балкылдактын сазынын тушундагы бир сайдан томолок, кармоого эби жок таш табат да, аны Шейталынын талаасына көтөрүп келип таштаган». Совет учурунда, 30-жж. Чолок-Кайың айылы «Осовиахим» колхозу болуп уюшулуп, Шейталынын талаасына эгин айдала турган болгондо Ленин орденинин ээси Артык Байсаяков ошол «...ташты атайын араба менен колхоздун канторунун алдына алып келип, салмагын жаздырган». Болжол менен 125-133 кг болгон. Санжырачы Байдилдеев белгилегендей, ушул айылдык Кебекчи Нарбаев карыянын айтуусу боюнча, бул «Баймамбеттин балбан ташын» 60-жж. Кожоналиев Өзүбек, Артыков Абакирлер каруу-күчүн сынап көтөрүп көрүшкөн, 70-жж. Касымалиев Кайыпберди белине чейин көтөрүп эки кадам баскан, 1986-жылы Орозалиев Надырбек белине чейин көтөргөн (Байдилдеев 2001,52).

Кыргыз тарыхында Баймамбет гана эмес, Моюнчу балбан, Молдаалы балбан, Мүсүралы балбан, Жаркынбай жана Жакып балбандар сыяктуу ж. б. дагы көп атактуу балбандар өткөн. Болгону, биздин спортчуларга дем берчү ошол балбандардын тарыхын изилдеп таанытуу ― жаш тарыхчылардын милдети болуп саналарын, ал эми жаш тарыхчыларга дем берип туруу ― кыргызстандыкмын деген ар бирибиздин милдетибиз экендигин түшүнүшүбүз керек.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
X
Для размещения комментария авторизуйтесь