Добавить статью
17:05 13 Мая 2015

Манас XIV-XV кк. жашаганбы?

«Манас» эпосунун башкы каарманынын тарыхый адам экендигин тактоо боюнча изилдөөлөр Кыргызстанда акыркы кездерде негедир өтө актуалдуу болуп калды. Мунун негизги себебинде канча кылымдан бери кыргыз элинде башкы идеология болуп келген «Манасты» учурда да кыргызстандыктар үчүн идеология катары көтөрүү аракети жатат. Бирок, баарыбир бул маселе боюнча буга чейин жасалып келген изилдөөлөр да, жаңы сунуштар да коомчулуктун жамылай колдоосуна ээ боло албай келүүдө.

Эпосто кыргыздардын душмандары катары кара-калмактар, маңгулдар, кытайлар жана манжулар көрсөтүлүп жаткандан кийин, кыргыздардын бул элдер менен болгон согуштары биздин замандын экинчи миңжылдыгына туура келерин эске алып, бизден анча алыс эмес жана жакын эмес X-XVI кылымдарда Манастын жашагандыгын болжолдош дурус болмокчу. Ошондуктан, болжолдонгон мезгилдеги атактуу кыргыз башчыларына көңүл буруп, аларды Манас менен окшоштурууга туура келет жана муну кылуу сөзсүз керек. Анын үстүнө, бул пикирге дем-күч бере алуучу төмөнкүдөй бир канча ишеничтүү тарыхый далилдер да бар:

1. XVI кылымда Сайпидин Аксыкенти тарабынан жазылып, анын уулу тарабынан бүткөрүлгөн «Тарыхтардын жыйнагы» («Мажму ат-таворих») деген тарыхый эмгекте Манас жөнүндөгү эң алгачкы маалыматтар кезигет жана мындагы маалыматтар «Манас» эпосунун көптөгөн варианттарынын бири катары саналып келет. Ошол «Тарыхтардын жыйнагында» жазылгандарга караганда, Манас баатыр XIV-XV кк. жашаган Амир Темир, Токтомуш-хан, Инка-төрө (Аңгатөрө) сыяктуу тарыхый адамдар менен замандаш болгон [1].

2. «Тарыхтардын жыйнагы» менен тааныш болбогон XIX кылымдагы казак окумуштуусу Шокан Валихановдун изилдөөлөрүнөн казактардын фольклорундагы «Ер Көкше» деген адам XIV-XV кк. жашагандыгы билинген, ошондой эле ал чогулткан материалдарынын ичинен «Эдиге» жөнүндөгү тарыхый ырларда Эдигенин (XIV-XV кк.) замандаштары катары Чувак, Акбалтыр, Ханекей аттуу адамдар эскерилет. Ал эми «Манас» эпосунда ошол эле Көкчө, Чубак жана Акбалта деген адамдар Манастын чоролору катары таанытылат, ал эми Каныкей Манастын сүйүктүү жарынын ысмы эмеспи [2].

3. «Манас» эпосунда Манас ар дайым калмактар менен согушуп тургандыгы айтылат, демек, калмак булактарында ал тууралуу ишеничтүүрөк маалыматтар кезикмек. Бул жагынан калмак элинин «Жаңгар» деген баатырдык улуу эпосунда Жаңгардын душмандары катары «Маңгас» деген ысымдагы баатырдын жана «маңгастар» деген элдин кезигиши кызыктырат. Тарыхчылар ойрот элинин золобосунун көтөрүлүүсү XV к. туура келерин эске алып, «Жаңгардын» тарыхыйлуулугун да ушул тушка туура келтиришет [3].

4. Кыргыз синологу Таалай Бейшеналиев өз изилдөөлөрүнүн биринде тарыхтагы ойроттук кыргыз башчысы Угечи-кашканын эпостогу «Манастын» өзү болушу мүмкүн экендигин болжолдогон. Бирок бул пикир ушуну менен гана чектелип, андан ары өркүндөтүлбөй келет, сыягы, буга фольклордук материалдарды барактоо мүшкүлү тоскоол болуп жаткандай [4].

Угечи-кашка (моңг. Угечи-Хашига) ― XIV к. этеги – XV к. башы аралыгында ойрот урууларынын бирикмесин башкарып, Юань империясынын калдыгы болгон Моңголиянын аймагындагы Түндүк Юань (Бэй-Юань) мамлекетинде ойрот гегемониясынын орношуна себепчи болгон кыргыз башкаруучу. Бир катар тарыхчылар бул тарыхый адамдын өмүр-баянын карап чыгып, моңгол булактарында эскерилген Угечи-хашига кытай булактарында Монкэ-Тэмур жана Гуйличи деген ысымдар менен да эскерилгендигин белгилешет. Биз дагы бул сырдуу тарыхый адамдын тарыхын карап чыгып, аны Манас менен окшоштуруп көрсөк, бул пикирдин туура экендигине ынанмакпыз.

Угечи-кашка менен Манастын ортосунда көптөгөн окшоштуктар бар экендигин көрүүгө болот. Эң негизги окшоштуктар булар:

- «Угечи» деген ысым моңголчодогу «өгүзчү» деген сөздөн келип чыгат, ал эми эпосто Манас балалык чагында атасынын өтүнүчү менен Ошпур деген калмактыкында мал багып чоңгойгон;

- Угечи-кашка Моңгол Алтай тоосунан чыкса, Манас Алтайдан төрөлгөн;

- экөөнүн тең душмандары кытайлар, маңгулдар жана калмактар;

- Угечинин калмактардан болгон Батула (же Махаму) деген жакын досу болгон жана анын жардымы менен 1399-жылы Моңголия аймагындагы Түндүк Юань мамлекетин басып алган, ал эми Манастын да Алмамбет деген калмак досу болгон жана Манас да ал досунун жардамы менен Чет-Бээжинди караткан ж.б.у.с. көп мисалдар бар.

Колдонулган адабияттар:

1. Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас, анын уулу Нурмухаммед. Тарыхтардын жыйнагы («Мажму атут-таворих») / Котор. М.Досболов, О.Сооронов. – Бишкек: Акыл, 1996. – 48-63-б.

2. Сочинения Чокана Чингисовича Валиханова / ред. Н.И.Веселовского // Записки Императорского Русского Географического Общества по Отделению Этнографии. Т. XXIX. – Санкт-Петербург, 1904. – стр. 224-225, 230, 244, 246-272.

3. Пашков Б. К. «Джангариада» — величественный калмыцкий эпос // Джангар: Калмыцкия эпос. – Элиста: Калмыцкое книжное издательство, 1977.

4. Бейшеналиев Т. Кыргыз ханы Мөңкө-Темирдин өмүрү / которгон: А.Кылычев // Кыргыздар: Он төрт томдук. II том. – Бишкек, 2011. – 528, 531-б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Санчы-сынчы XVIII кылымдагы кыргыз психологу жана анын социалдык кызмат боюнча адиси катары. Санжырадан бир мисал

X
Для размещения комментария авторизуйтесь