Добавить статью
11:44 27 Ноября 2015

Жүсүп Мамай Казыбек казалчы жөнүндө

Автор: Барктабас Белеков, журналист, Нарын облусу

Казыбек казалчы жарыкчылыкка келип чыгармачылыгы ашып-ташып турган мезгил Кыргызстанда анын ичинде тоолуу Нарын облусунда Совет бийлигин орнотуп жаткан оор жылдарга туш келген. Совет өкмөтүн кыргыз жергесине орнотуудагы большевиктердин саясаты тарых барактарынан белгилүү болгондой кызыл террорго айланып, андан жеке эле кыргыздар эмес, ошол мезгилдеги Советтик Федерациянын тутумундагы баардык элдер, улуттар баштарынан кечиришкен. Андыктан көзү менен көрүп турган адилетсиздиктерди акын жан дүйнөсүнөн башкача кылып өткөрө албайт эле. Себеби, Казыбектин атасынын жана өзүнүн турмушу эл арасындагы оокаттуу адамдардын турмушу менен тең болгон.

Совет өкмөтүнүн ал кездеги саясаты боюнча бардык мал, айрыкча байлардын малы, мүлкү көз көрүнөө эле тартылып алынып колхоздун мүлкү деп эсептелген. Андыктан Казыбектин үй-бүлөсү да бул саясаттын көз жаздымында калбаса керек. Мындан сырткары ошол оор мезгилдеги көрө албастык, чагымчылдык да большевиктик кызыл террордун куралы болуп берген. Ошол өздөрү жашап жаткан мезгилдин нечендеген чыгаандары, андан кийин репрессиянын жылдарында кыргыз эли көптөгөн прогрессивдүү инсандарынан айрылган. Алардын бири катары мен Казыбек казалчыны кошор элем.

Ошол кыргыз жергесине, Совет бийлиги орногон алгачкы эки он жылдыгындагы тарыхый оор жылдар менен (1918-1935-ж.ж.) айтылуу казалчы Казыбек Мамбетимин уулунун тагдырын эки бөлүп кароо мүмкүн эмес экен. Себеби дегенде, замандын оош-кыйыш болуп турган мезгилине туш болгон казалчы-акын өзүнүн чыгармаларында арман кылгандай ошол кездеги большевиктик бийликтин тап душмандар менен аёосуз күрөш жүргүзгөн саясатынын курмандыгы болгон. +з оокаттарын тың өткөрүп жатышкан, колдорунда барлардын баардыгынын малы, мүлкү тартылып алынып, өздөрүн кулак катары туулган жеринен, тууган-туушкандарынан бөлүп башка аймактарга, Сибирге көчүрүшкөн.

Мына ушул сыяктуу бир беткей адилетсиз тарыхый кырдаалдан улам, колунда барлар Кытайга качууга аргасыз болгон. Нааразылыктар жаралып, жергиликтүү мааниде жаңы бийликке баш ийбеген чакан козголоңдор чыгып турган. Ага Ат-Башы районундагы Абдылда, Кулчун, Сүйүндүк, Турсун деген адамдар башында турган “Ак-Талаа көтөрүлүшү” мисал боло алат. Андыктан өткөргөн турмушу менен өмүрү ошол адилетсиз оор жылдарга туш болгон Казыбек казалчы андан качып кутула албайт эле.Деги эле Казыбек казалчынын чыгармалары Совет бийлиги же болбосо эсил кайран СССР кулаганга чейин эл арасында айтууга тыюу салынып келди. Бирок, Коммунисттик партиянын, ошол эле КГБнын тыюу салгандарына карабастан казалчынын чыгармалары купуя эл арасында билгендердин ооздорунда сакталып келди. Казыбектин казалдарын билгендер“бөлөк-бөтөн”, “суук көздөр” жок жерде анда отургандардын суранычы менен айтып жүргөндөрү да дайыма эсимде. Кийин гана Кыргызстан өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин казалчынын чыгармалары ачыкка чыгып, дээрлик жетимиш жыл бою Совет өкмөтүнүн душмандарынын бири аталган Казыбек казалчы Мамбетимин уулу ошол мезгилдеги Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугу боюнча акыры акталып отурат.

Бирок, тилекке каршы казалчынынын чыгармаларына тыюу салып келген жетимиш жыл, мезгилинде акындын казалдарын оозеки билгендердин көбүнүн көздөрүнүн өтүп кеткендигине алып келди. Тагыраак айтканда айрым чыгармалары алар менен кошо кетти.

Казыбек казалчы тууралуу буга чейин эле анын чыгармалары тууралуу жана эл оозунда калгандары чогултулуп, өзүнчө жыйнак кылып бастырышкан бир нече авторлордун изилдөөлөрү жарык көрүп, окурмандардын колдоруна тийген. Ал эми акындын акыркы жылдардагы жеке тагдыры, анын кандай болуп дүйнөдөн отуз бешке жетпей өлгөндүгү тууралуу ар кандай божомолдор айтылып келет.

Алдын ала эле айтып кетейин Казыбек казалчы тууралуу Жүсүп Мамай аксакалдан 2003-жылдардын башында өз оозунан угуп, телеге тартып алган маалыматар бир катар божомолдордун соңуна чекит койбосо да, анын өмүрүндөгү биз билбей калган актай барактарын анча-мынча болсо да толуктайт деп эсептейм. Себеби дегенде, Казыбек казалчы Кытайга качып барганда Жүсүп Мамайдын агасы Балбайдын чакыруусу менен алардыкында бир жарым жыл жүргөн.Тагыраак айтканда ошол кезде 11-12лерге чыгып, эс тартып калган, куйма кулак, эс тутуму өзгөчө, болочок залкар манасчы Жүсүп Мамай агасынын үйүндө жүргөн Казыбек казалчынын чыгармаларын, эл менен сүйлөшкөндө айткан сөздөрү бүгүнкүдөй эсинде калган. Андыктан Казыбек казалчы тууралуу залкар манасчы менен болгон теле маекти стеннограмма түрүндө берүүнү ылайык көрдүм.

Б.Белеков: Айтсаңыз Казыбек казалчы Кытайга качып барганда канча жашында келди? Деги эле Казыбек деген ким болгон?

Ж.Мамай: Казыбек болсо кечөө 1900 -жылдардын ичинде дүйнөгө келген киши.

Миң тогуз жүз жыйырма тогузунчу жылында,

Манаптар деп айдалып,

Маалым болдук кылымга,

Буйрук менен туш болдук,

Бул өңдөнгөн кыйынга, -деп айтып жатпайбы. Мен ал кезде кичирээк экемин канча жашта келгенин так айта албайм, Менин байкашымча 31-32-жашында келсе керек. Себеби ал жактан бир жарым жылда эле келдим деп айтып калуучу. Казыбек өзү Ат-Башыдан. Уруусу черик. Чериктин ичинен Ак чубак. Ак чубак үч атага бөлүнөт, анын ичинен азжабыгы уругунан. Атасынын аты Мамбетимин. Чон атасы Асыл. Бабасын билбейм, айтканын уккан эмесмин. Казыбек өзү кара сур, орто бойлуу, ширенкедей болгон мурду кырдач, отурган кишилер менен камыр-жумур болуп сүйлөшүп кетпеген, эгер бир сүйлөп алса, көпкө чейин сөз бербей сүйлөгөн, болбосо элдин эле кебин тыңшап унчукпай койгон киши эле. Элдин көбү ордо атып, ошол жылдары Какшаалга тогуз коргоол жаңы тарап жаткан элдин көбү ошого тырмышып экиден -үчтөн болуп отурса да алар менен кээри жок болучу. +зүнчө элден обочо болуп алып там-туң баскан балдардан баштап чогултуп алып бир ташты бул жакка бир ташты тигил жакка ыргытып, алып келгиле деп коюп, жерди чийип отурат эле. Биздеги үсөйүн ажыны эки кайтарып тартып, мурдун кырдач кылып койсо Казыбектин эле өзү болуп калмак. үсөйүн ажыны кээде тамашалап койчумун сенин атаң илгери Ат-Башыда көп жүрүптүр кайып каскак болуп калса керек деп (күлүп).

Эми ал киши биздикинде бир жарым жыл жүрдү.Ал кезде агам соода менен алектенип дегендей атам менен энем көздөрү өткөнчө уулунун ыраатын көрүштү. Азыркы ак унду бул жакта лоопан деп койчу ошол ак нан үйдөн үзүлчү эмес. Казыбек да ошол нандан жечү. Ак ундан боорсок жасаганда карала-торала болуп калса жебей койчу. Суу майга куурулган тамактарды жечү эмес, күрүчтү ал киши аз жечү, эмнегедир, ашказанга зыян деп. Биз ашказан деген сөздү ошондо

Казыбектен укканбыз. Болбосо бул жакта жумур дечү. “Жумуруңдун туюк башына барып туруп калат”- деген кеп бар азыр деле.Эттин сорпосун карандай ичээр эле. Кокус талкан чалынса иччү эмес. Арпа жармага да табити жок болчу. Таруудан жарма салып ачытып берсе ичээр эле. Биздин конок деген даныбызды оозуна алганын көргөн жокмун.

Өзүн бир атадан эркектен жалгызмын дечү. Акчубак болуштугу азыр силер Арпага чукул айылды Казыбектин аты менен атапсыңар го? Акчубак болуштугу Ат-Башы өрөөнүнүн Чалдыбар, Ак-Жарга аймакташ өрөөндүн тескей тарабында отурукташкан болуштук деп айтканы да эсимде.

Ат-Башыдагы “Акчубактын кыргыны” деген ат менен Кытайга качып бара жаткандарыбызды аэроплан менен барып Байтүгөлдү баш кылып атып өлтүрүп, аэроплан жылкынын алдынан келбей, артынан келип, үрккөн жылкынын артынан 16 -17 киши эле келдик, калгандары өлүп, жардар болгону калып калды деп айтып жаткандары да эсимде.

Казыбек 11 жашынан 17 жашка чейин Бухарадагы диний мектептен билим алганы, ал жактан 17 жашында келип, бир жыл туруп, 18 жаштан 20 жашка чейин Санкт-Петербургга үч жарым жылдык окушка барганын, ал жактан эки жарым жылдан кийин келгенин, Санкт-Петербургга ыктызаат окуйсуңар, окуп бүтүп келгенде мүлк башкарасыңар, деп ошол жааттан адистик алганы барган

Совет бийлиги орной баштаган жылдары эл арасында идиреги барларды Ташкенттен кыска мөөнөттүү даярдоо курстарында окутуп,аны бүткөндөн кийин кедей кембагалдын баласы Абдылда деген экөөн Ат-Башыдагы райисполкомду жетектейсиңер, Казыбекти катчысы болосуң деп Алма-Атадан жер-жерлерге бөлгөн. Бирок,эмнегедир келгенден кийин Казыбекти Ак-Жар айылына мектепке мугалимдикке жиберишкен. Барсам ал жерде Ыбырай Абдыракманов деген бар экен. Жашы 34-35тен ашса да аял алып, үй-бүлө күтпөгөндөн улам эл аны “ат молдо” деп сыртынан ат коюп алыптыр. Мен ошол аркылуу камалып кеттим деп калуучу.

Райисполкомго бөлүнбөй калгандыгым, андан сырткары сабаттары анча эмес, жөнөкөй эле жардылардын балдары эл башкарып жаткандыгына кыжаалат болуп жүргөнүмдө бир күнү Ыбырай катуу тамашалап койду. Мен жаштыгымдан улам анын тамашасына жооп кылып:

Жашың отуз ашканча,

Катын албай жүрүүгө,

Кандай себеп,жөнүң бар,

Эч болбоду дегенде,

Сени энесин “эптейт” деген шегим бар, деп катуу айтып коюптурмун.Ошондон кийин үч күндөн кийин бир айча жоголуп кетти. Бир айдан кийин мени камакка алышты деп кеп салганын кулагым чалган.

Автор: Ушул жерден Казыбек биринчи жолу камалганда кулакка тартылган бай-манаптар менен өзүнчө барып келгени же болбосо Ыбырай Абдыракмановдун арызы менен менен кошо атасы үй-бүлөсү менен кошо кулакка тартылганы белгисиз. Казыбек биринчи жолу камактан кутулуп келгенден кийин да азыркы Ак-Талаа районунда кайын журтунда жүргөндө жарым жылча камалганы боюнча да маалыматтар бар.

Айдалып келдим агынан,

Ар ким көрсүн багынан.

Артта калган курбунун,

Ар жоругун сагынам.

Айылчылап жүрсөм да,

Айыптуу деп табылам.

Келдим Саяк элине,

Кемчиликтин айынан,

Бир ат алдым Акийден

Бир туугандык жайынан.

Залалым барбы тагалар,

Зарланттың неге агынан....дегендей саптар Казыбек казалчы тууралуу жыйнактарда бар. Менимче жогоруда биз сөз кылган Ы. Абдыракмановдун арызынын негизинде 1929-жылы манаптар менен бирге кулак катары тартылып, ал жерден бир жарым жылдан кийин өзү кутулуп келсе керек.Ал эми Казыбектин атасы Мамбетимин кийин кутулуп келе жатып, жолдон каза болгон окшойт. Казыбектин атасын кошкондогу ырларында анын сөөгү башка жерде калгандыгы тууралуу айтылат.

Б.Белеков: Демек, Казыбек алгач диний мектепте окуп арабча,андан кийин орусча билими бар, ошол кездин сабаттуу кишилеринин бири турбайбы? Анан эмне үчүн Санкт-Петербургдан эрте келиптир, окуусу аяктай электе?

Ж.Мамай: Ал жактан эрте келгенинин себеби, Герман менен согуш башталып, Лениндин байрагынын аркасы менен окуусунун аяктаарына жарым жыл калганда таратып жибергенин айткан. Сабактар арабча билим алгандан айырмасы деле жок экен. Мен баргандан баштап эле тил үйрөндүм.Лениндин аркасынан актар гана ээрчибей калбаса калганы бүт ээрчип кетти. Биз окуган жердин айланасы тосулуу болучу. Орто чарба менен оокат кылгандардын балдары окучу. Ал эми биздин ары жагыбызда жалаң мужуктардын балдары бар эле аскерге алынган. Николай жакшылык көрбөй калсын ошол мужуктардын балдарын дене тарбияга алып чыкканда ар кимисинин салмагына, боюна карап туруп эки санына баштыкка салынган кумдан илип коёр эле. Жаңылып жазгандарын темир чыбык менен сабачу. Ал эми актардын балдары бар дечү аларды такыр эле көрө алган жокмун. Ленинди ошол мужуктар ээрчип кетти. Ленинди бирөөлөр жөөт деп айтышат. Ленин орус да эмес, жөөт дагы эмес. Анын улуту башка. Анын расмисин (сүрөтүн) карабайсыңарбы этнографиясын билбейсиңер деп калаар эле.

Автор: Демек, жогорудагы маектен улам белгилүү болгондой Казыбек мезгилинде өз заманынын арабча да орусча тил билген кат тааныган билимдүү инсандардын бири болгон. Биринчи жолу камакка түшкөндөн кийин кантип бошонуп келгенин, Какшаалда жүргөндө кеп салган эмеспи же болбосо кеп салган күнү да ал жөнүндө эс тартып калган болочок манасчы укпаптыр. Бир сүйлөсө сүйлөп болбосо көп убакта элдин кебин тыңшап же көпчүлүктөн обочо жүргөн мүнөзү бар казалчыдан эч ким деле кызыгып сурабашы да мүмкүн. Ошентип Казыбек бир эмес эки жолу абакка түшүп, абактан бошонгондон кийин Кытайга качып кетүүгө, адилетсиз заман алмашаар деген тилек менен ал жактан аз да болсо, тынч турмуш өткөрүүгө аракет кылган окшойт.

Тилекке каршы, Совет бийлиги күч алып баштаганда кайра кайтып келүүгө аргасыз болгон. Кытайга качып барганда бир жарым жылдай Жүсүп Мамайдын агасы Балбайдын чакыруусу менен Какшаалда жүргөн. Ал кезде Казыбектин дайны, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына дегендей Кытайда жашап жатышкан кыргыздардын арасында белгилүү болуп калса керек.

Ж.Мамай:Казыбектин бул жакта жүргөнүн угуп билген агам Балбай ошол кезде ыр жазып жүргөн Маамет деген жигит бар эле, биздин айылда мен минип жүргөн атты мингизип, бир ат жетелетип андай кишини андай жерде жүрө бербесин алып кел, деп аттандырып жатканын билем. Ошол Маамет деген жигит Улуу Чатка барып Казыбекти алып келген.

Б.Белеков: Казыбек, сиздердин үйгө, агаңыздын үйүнө кандайча болуп жүрүп калды?

Ж.Мамай: Казыбек Мамбетимин уулу алгач чек арадан жанагыдай болуп, качып бозуп өтүшкөн. Адегенде алар азыркы Улуу Чат ооданында жашап жатышкан чоң багыш уруусунун айылдарында баш калкалап жүрүшөт. Азып -тозуп, качып жүргөндөрдүн оор турмушунан пайдаланган ал жактын жергиликтүү алдым-жуттум төбөлдөрү тарабынан качкын катары кабыл алынган.Ошол силер тарапта “Айыктык” деген бел бар окшобойбу?

Айыктык ылдый өрт келди,

Аскери каптап көп келди,

Жалыны катуу чок келди,

Жайнаган мылтык ок келди,

Алыстан салып чеңгелди.

Ажыдаар менен шер келди,

Ал өңдөнгөн каапырга,

Атышып кимдер тең келди.

Ажалы жеткен эрлердин

Канын төктү ошол күн,

Касасы жеткен пендеси,

Кала берди сай-сайда,

Ажалы жоктор качышты,

Аркайган тоода ар кайда,- деп ырдаганы эсимде турат. Чек арадан бери качып өткөндөн кийин эптеп баш калкалап туралы деп качкан эл менен кошо келген малдарынан чек аранын аркы тарабындагы жергиликтүү элдин төбөлдөрүнө беришсе керек. Бирок, алар күткөндөгүдөй көңүл бурулбай, эптеп алардын мал мүлкүн ал жактагы шылуундар тартып алууга аракет кылышкан.

Бетегелүү Ак-Сайда,

Берекелүү биздин мал.

Бери келип азайды.

Белдеп, күчтөп чоң багыш,

Берди белем жазайды.

Сексен камыр сегиз эт,

Себеледи чоң багыш.

Кайран этти камырга

Тебеледи чоң багыш

Алты качкын бир карап,

Кесме келди бир табак,

Арасын чулгуп эт карап,

Качкынсытып биздерди

Карып кылды бир ж ......п

же болбосо,

Ар жагы Терек, Тоюндан,

Аралап өттүк тогуңдан,

Алтымыш ат,үч жүз кой,

Ал үчүн биздер бөлгөнбүз,

Кетсе деп жумуш оңунан,

Жайып бердик калтырбай,

Жылкы түгөл коюңдан,

Кейибедик мал үчүн,

Кетсин деп иштер оңунан,

Жалпы Тоюн мыктысы,

Жардамыңды көргөнбүз,

Аракет келсе колуңдан,

Аябасын билгенбиз,

Кыйналып бизге толгонгон

Кызматыңа бергенбиз.

Жардам талап кылбадык,

Жайыңды көрүп сенден биз.

Элиңе келсек жанашып,

Эптүүлөп бизге асылып,

Көрүнөө качан жүрөбүз,

Көксөөбүз сууп басылып,

Кашкардан черүү чыгыптыр.

Кала тур деп жашынып,

Таштатып, үйүн түнөгүн.

Талаа-түзгө жашырып,

Барабызбы биз элге,

Бакты таалай ачылып, деген ырлары да биздин Какшаалда эл арасында Казыбектин ырларын билгендерде бар. Мындан сырткары азыр эсиме түшүп жатат, ошол Тоюн тарапта жүргөндө андагы шылуундарга таарынганбы же атайын эле ырдаганбы аны билбейт экемин. Чоң Багыш элинде ошол мезгилде Айдараалы деген мыктысы бар экен.

Такыр алып башкасын

Таштаса боло дамбалды,

Сурап көр Айдараалыдан

Сүйлөгөн болсом жалганды,

Шыпырып болгон кийгенин,

Шылуундар тоноп алганбы,

Көңүлү бекем адамдан,

Көрбөдүк мындай арманды,

Жаатчылык деген ушу деп,

Жана кылып арманды,

Өтүнөмүн жараткан,

Өзүңдөн тилеп жардамды.

Бир чымындай жан үчүн,

Келе жатсак эл издеп,

Кээ бир катуу шылуундар,

Келе атыптыр мал издеп,

Атайын келип алыстан,

Албай кетсек намыс деп,

Кашкарга минип барууга,

Кадырлуу болот чалыш деп,

Кара малды көзгө илбей,

Каптаган ээр дагы издеп,

Кызыл-тасыл шырымал,

Кызга ылайык нагыз деп,

Күйөөгө барчу кыз бар деп,

Күмүш тердик дагы издеп,

Кеби таттуу шылуундар,

Келатыптыр дүйнө издеп,

Бул сапар да жумушу,

Бүтпөй калды чала издеп,- деп ырдап жүргөнү бар эле. Эми алардын баарысын айта берсек узун сабак сөз болор. Мен кайсыл бир жерлеринен кыскача айтып берейин.Макул болсоң.

Б.Белеков: Макул, макул, сиз өзүңүздүн шартыңызга караңыз. Ансыз да эртеден бери чарчатып койдум көрүнөт.

Автор: Бул ыр саптарында ошол “Айыктык” бели аркылуу өтүп бара жаткан бейкүнөө качкындарды асмандан аэроплан менен арт жагынан атчан аскерлер келип, кайра кайтарууга аркет кылып, атып, көбүн тосуп калып кайра кайтарып, качкындардын алды кутулуп кетсе керек. Мылтыктын огунан өлгөндөрдү бери жактагылар угуп билип, анан азыркынын тили менен айтканда марадёрлук кылып жаткандарын да казалчы көрсө керек. Болбосо акын көрбөгөнүн минтип ырына кошо алмак эмес деп ойлойм.

Ж.Мамай: Мурун келгенби же кийин келгенби билбейт экемин.Бул тарапка качып келгендердин арасында Ат-Башыда жүргөндө болуш болгонбу же бий болгонбу Абдылда деген салабаттуу, нарктуу бирөө бар эле. Кайсыл үйгө кирбесин бут кийимин чечип салып байпакчан болуп отурар эле. Топ кишинин арасынан мурда кийин Казыбекти көрбөгөндөр, Казыбек кайсынысы деп күбүр шыбыр болуп калганда Казыбекти аяр бекен же же Касым казалыңдан баштап бербейсиңби десем унчукпай коёбу дээр бекен, ал киши келе комузду алып кел деп өзү отуруп алып бир күүсү боло турган эле ошол күүдөн баштап ойноп келип анан:

Кара өтөк чөптүн шалбаасы,

Каргалар куштун далбаасы,

Капкайда калдың Арууке,

Карааныңды көрсөтпөй ,

Мына бул, каркайган тоонун далдаасы.

Көк өтөк чөптүн шалбаасы,

Көгүчкөн куштун далбаасы.

Көлөкөңдү көргөзбөй,

Көз жеткис калдың Арууке,

Мына бул калдайган тоонун далдаасы .. деп баштаганда эле Казыбек чыдабай кетчү. -Келе бериңизчи комузуңузду,- деп колуна алып алып комузду кайрып черткенде, мен азыркыга чейин андай кайрыкты уга элекмин. Кулагымда турат. Мен Ыбырай Тумановдун, Шекербектин жана башка чоң комузчулардын күүлөрүн уктум. Бирок, бирөө дагы ага окшобойт.

Б.Белеков: Демек, Казыбек чоң комузчу дагы экен да?

Ж.Мамай: Ооба, Казыбектин казалдары мендегилери үч бөлүктөн турат. Биринчиси өзүнүн, Ат-Башыдагы беймарал турмушу, өзүнүн камакка барып келгени тууралуу, экинчиси Асан-үсөн тууралуу, үчүнчүсү пайгамбарладардын кысасы тууралуу. Кийин эле Казыбек тууралуу Кыргызстандан басылып чыккан китепти окутуп, таанышып көрдүм. Казыбектин кээ бир ырларына башка бирөөлөрдүн ырлары дагы кирип кетиптир, моңолдор уруусунан Тазабектин уулу Касмаалы дегендики.

Касмаалынын аялы чериктин кызыл тукум уругунан болучу. Анан бул жакка келгенде жек-жаат издебей коёбу.Менин агам Балбай жанагыдай колунда оокаты бар, эл арасында кадыр-баркы бар дегендей болуп турганда. Анан агамды тайаке деп биздикинде Казыбек да Касмаалы да туруп калышкан. Мен кийин ойлосом Касмаалы менен Казыбектин бири-бирине мамилелери анча жок экен. Бир күнү сөздөн сөз чыгып отуруп, Казыбек күлбөй мостойуп туруп, “Моңолдорду кыйнаса коломтодон күкүрт таап чыгат” деп койду. Бул кеп эми эл арасында бар кеп экен.Ошондо Касмаалы бул Какшаалда жикчилдик бар экен. Черик черикке батып, моңолдор сыртта калат экен деп айткан. Ошондон көп өтпөй эле Касмаалы кетип калды.Мен кийин ошолорду эстеп отуруп анан бири-бирине батыша албайт экен деп тыянак чыгарып жатканым ошондон. Андан сырткары бул жакта да Казыбектин ырларын башкалардыкы деп жүргөндөрү бар.

Сен мугалим болгону

Сегиз жыл болду болжолу

Сенден окуп бир бала,

Секретарь болбоду.

Сен айыл башчы болгону,

Алты жыл болду болжолу,

Алдыңда жүрүп бир бала,

Агитатор болбоду деген ырларды бул тараптагы биздеги Чирикбаш Жумаалыныкы деп алгандары бар экен. Бул ыр Казыбектики. Жанагыл Ат-Башыда жүргөндө Ыбырай Абдыракмановго карата айткандары.

Б.Белеков: Казыбек бул жакка бой эле келдиби?

Ж.Мамай: Бой эле,өзү келген. Маалымбүбү деген аялым бар, ал тигил тарапта калды деп айтчу. Анан Калык деген эркек уулум бар деп калганын да кулагым чалган.Ууулунун деле кийн аты чыкканын уккан жокмун.

Б.Белеков: Казыбек кайра бир жарым жылдан кийин кетти деп айтып кетпедиңизби. Ошол боюнча сурайын дедим эле, эмне себептен кетти?

Ж.Мамай: Бул тарапта кечки тамакты кечирээк жейт эле. Бир күнү тамак жеп жатканда эле ушул тарапта жүрүшкөн Чолпонбайдын уулу Жапар деген моңолдор урусунан бирөө жүрдү ал эки иниси менен жүрдү Муса анан Абдыракман деген. Анын бир эжеси ушул жакта бир чоңдун аялы экен. Кечөө жакында өлдү. Анан сарбагышмын деген Жапаркул деген бирөө бар эле. Нарын сотунун башчысы элем, күнөө өткөрүп койуп качып келдим деп жүрдү. Күнөө өткөргөнүн же болбосо бул жакта кеп тыңшап жүргөнүн билбейм. Ошол күнү Казыбек, Чолпонбайдын Жапары анан ошол Жапаркул үчөө тең келип калыптыр. Бир мал союлду.Анан тамак жеп отуруп Жапаркул кеп кылды,

- Балбай сен бул жактагы черик ичинде жаман эмес экенсиң, ар тарапта кадыр-баркың бар дегендей. Эми биз кетебиз, ушул турган үчөөбүз, өз ыктыярыбыз менен. Кетпесек деле баары бир болуп калды, бул жакка батпай калдык.Орустун төртүнчүлөрү бул жакты ээлеп жатышат. Ак-Сууда Иванов турат.Кашкарга Сейфулун баш болгон жөө аскерлери кирди. Чөйчөктө бул, баланча жерде тигил турат деп орустун аттарын айтып келип, бүт баарыбыз балчейвиктердин колуна өтүп болдук. Бул жакта турган турбаганыбыз деле окшош болуп калды.Кыргыз бар жерге тигил жактан кыргызды алып келип, сартка уйгур деп ат коюп алып, уйгур деп уйгурга аралатып жиберип жатат. Эми, бирок Балбай макул болсоң сен биз менен кеткенди айла кылып көр.Сен өз ыктыярың менен келген киши катары эч нерсе дебейт. Балчейвиктер жок болуп кетмейинче сенин укукм-тукукмуңа чейин кар кылбайт,-дегенде Балбай акем дароо эле, менин беш атама чейин ушул жакта жашап келишкенден кийин мен бара албайм. Силерди кетип жатат деп да кебим жок. Атыңар астыңарда тонуңар үстүңөрдө.Ошондо кыш болуп калган. Үчөөңө үч көрпө ичик тиктирип койгом. Экөө кара саксак, бирөө ак көрпө, Казыбекке кичирээк ак көрпө ичик камдатып койгом,-деп Балбай акем тамагын берип, дайындатып койгон ичиктерин кийгизип, аткарып жиберген. Ошону менен ошондон ары кетиштиби же андан кийин кетиштиби мен андан кийин Казыбекти көргөн жокмун.

Б.Белеков: Менимче Сиздерде Казыбектин чыгармалары бар болсо керек? Басмадан чыккандары барбы?

Ж.Мамай: Чыгармаларын мен дагы учурунда топтогомун, үсөйүн ажы да топтоптур, андан башка угуп алып, жазып жүргөндөр да бар экен. Казыбектин чыгармалары мендеги топтолгону бир түн таңга жете айта тургандай көлөмдө. үч бөлүктөн турат. Биринчиси Алдым колго калемди,

Ак кагазды каралап,

Айткым келди бир сөздү,

Алым келсен чамалап,

Жакшы болсо бул сөзүм,

Жалпы журтка таралат,

Катасы болсо сөзүмдүн

Кала берсин талаалап, деп баштайт, андан кийин атасын кошкону бар.

Наамыңыз кетти ар жерге,

Набыт болдуң кай жерде,

Насаатың калды кай жерде,

Олтурдуң үч жыл тар жерде

Насип болдуң кай жерде ,- деген сыяктуу ырлары турат.Азыр басманын ээлери болуп тургандардын да колунда бар бул жакта. Басып чыгаралы деп алып барганбыз. Бирок силер эгемендүү мамлекет болуп кетпедиңерби. Бизде болсо Жүңгөчө социализм деген бар. Азыр басмадан өтпөй кармалып турат.

Б.Белеков: Казыбектин ырдарында социализмди көбүрөөк жамандап койгон жерлерии бар эмеспи, ошондон улам болсо керек. Аны биз дагы ошол социализм доорун башыбыздан өткөргөн катары жакшы түшүнөбүз. +зүңүз айткандай эгемендүү мамлекет болгонго чейин бизде да Казыбектин ырларына тыюу салынып келген.Эми азыр минтип кайра чогултуп, ал киши акыры акталып олтурбайбы.

Ж.Мамай: Ооба, ошондой социализмди жамандаган жерлери бар.

Жазып берип планды,

Жазгы,күзгү жүнгө деп

Жарым кадак жүн үчүн,

Жатар жериң түрмө деп.

Жаңы кийиз жасалып,

Жабылбасын үйгө деп.

Жарлык кылдың элиңе,

Жаңы байпак кийбе деп.

Жашатам деп алдайсың

Кыянатчыл болжолуң,

Кыскасы жүндөн кемисе,

Кырктырып алдың тондорун.

Ошондой эле,

Жалпы журтту каратып,

Жалгыз дүкөн ачтырып,

Белети жок адамга,

Берилбейт деп наз кылып,

Кыянатчы бузуктар,

Кызмат кылды бастырып,

Эки катын алба деп,

Эски жолго барба деп.

Катын алып мал берсең,

Каршы болот санга деп.

Айтып койсоң ар кимге,

Аңдып жүрүп карма деп.

Бүгүнкү биздин душман деп,

Бүтүрдү жеке чарбаны,

Эки уюнун бир уюн,

Эбин таап минтип алдады.

Кожоюндук кылууга,

Көбүнүн малы калбады.

Түлкүдөн бетер сойдурдуң

Түрөгөй ит тайганды,- дегендей социализмдин айыбын ачкан казалдары бар. Эми силерден бир ооз сөз сурайын, Казыбек кандай өлдү? Бул кеп силерде кандай айтылат?

Б.Белеков: Бизде эми Казыбек жөнүндө ар кандай божомолдорду айтып жүрүшөт, эл арасында.Кээ бирөөлөрү айтышат, түрмөдөн бошоп келе жатканда жолдон ооруп, ич өткөктөн өлдү деп. Эми кийин-кийин бул боюнча дагы тактоолор болот деп ойлойм.

Ж.Мамай: Мен билгенден айтайын 1980-жылдары Чынгыз Айтматов алтымыш жылдыгына чакырган.Ошого бир хансуну кошуп туруп мени жиберди.Ал хансу чынына келгенде менин аркамдан барган аңдоочум. Өзү орусча тил билип, Москвада консулканада иштеп жүрүп келген эме эле. Өзүң курактуу болучу жашы. Азыр деле бар.Чынгыздын бардык чыгармаларын орусчадан кытай тилине которуп бастырып жаткан ошонун күчү.Мен билгенден “Кылым карытар бир күн”,“Бороондуу бекет”, ”Ак саргыл ат”, ”Ташчайнаар менен Акбара”, ”Жамыйла”, ”Жалгыз мугалим”деп чыгармаларынын бир тобун такыр чыгарып болду бул жакта. Ал гана эмес Чынгыздын атына да бир макаласы чыкты “Алп ичинде” деп. Кыргыз элинен чыккан дүйнөдөгү алп жазуучулардын бири деген мааниде.

Анан андан аркы сөзүмдү жалгай турган болсом, ошол Чынгыз Айтматовдун алтымыш жылдыгына барганда Түгөлбай Сыдыкбеков менен бетме-бет отуруп сурадым. Ал киши үйүнө бир коюн союп, чакырып барган эле. Кеңеш Жусупов, +скөн Даникеев деген жазуучулар бар эле. Түгөлбайдын бир кызы оруска турмушка чыккан экен, орус күйөө баласы кызы менен бар экен, бир баласы орустан аял алган экен алар да, төртөө тең бар экен. Анан бир балам кыргыздан алды эле, азыр Ысык-Көлдө иштеп жатат деп айтты.Эмне иштеп жатканын сураганым жок.

-Аксакал бул Казыбектин өлүмүн биз тигил жактан ар кандай угабыз, темир тарак менен тарап отуруп өлтүрүптүр десе, бирөөлөрү жыланга, бөйү—чаянга салып бериптир деп айтышат десем: Түгөлбай баары жалган.Андай эмес, Казыбек бул жерге келди.Бул жерге келгенде үч ай солонуп турду. Ошол үч ай камалып турганда Москвадан бирөө келди Казыбектин баардык чыгармаларын топтоп бергиле деп. Баарын топтоп жиберип берсек, чоң тилчилер болсо ошого котортобуз дешти.Эки-бир киши жибердик, кишилердин аттарын айтты эле азыр унутуп калдым. Анан бул котормо болбоду деп, Казыбектин өзүнө алып барып көргөзүптүр. Казыбек карап чыгып, жазганды билген киши жашырып жаппай өзүм которуп берем дегенинен, ошону менен Казыбекти алып кетишти.Алып кеткенден кийин бир жыл алты ай чамасы жок болуп кетти. Анын бир күнү кабар келди. Казыбекти тосуп алгыла деген. Калбай чыктык баарыбыз, айрыпланга Казыбектин сөөгүн алып келе жатабы деп. Казыбек келип түштү.Бул жактагы чоңдор кийбеген кийим кийип зыңкыйып абыдан жакшы келди. Жакшы келдиңиз дедик. Жакшы- деп эми мен бир эки-күн эс алайын деди. Ушул жакта үй-бүлөсү баласы бар болучу.Казыбек камалып кеткенден кийин атасынын атын өзгөртүп алышкан. Ошол бойдон туруп жатышат.Анан үч-төрт күн өткөндөн кийин Казыбектин келишине байланыштуу чогулуп, биртке дасторкон уюштуруп сыяпат кылдык.

“ -Мен бардым, деди Казыбек. Барсам менин жазгандарымды алып келишип көргөзүштү. Баасы бир жери болуптур, баасы бир жери болбой калыптыр үстүртөн сыйдалап, саал жазап алдап которуп койгон жерлери бар экен. Анын өзүм которуп ташырып бердим. 13 Президиум дейт экен Сталин менен он үч киши отуруптур. Сталин өзү орто бойлуу киши экен, боюнун жапыстыгын жашырып өтүгүнүн таманына карыш жете така кактырып алган экен. Биринчилерден болуп Сталин сөз баштап, саясат деген дайыма түз болбойт, ийри-буйру болот. Сен жазагандардын баардыгын кылгандыгыбыз чын. Кара сөз адамдын эсинен чыгып кетет.Адабият шекилиндеги ыр адамдын эсинен чыкпайт. Азыр адамзаттын ичиндеги куран, инжил жана башка төрт китеп эмне үчүн кылымдар бою адамзат менен бирге жашап келет. Алар биринчиден башында ыр түрүндө түшкөн.Сен адабият шекилинде большевиктерди абдан катуу жамандагансың. Мындайлар элдин эсинен унутулбайт.Сен жашырбай баарысын жазыптырсың. Сага биз бүгүн “калк акыны” деген наамды берели деп жатабыз. Эми сен социализмди жаз.Мен динди көбүрөөк окуган киши болгондон кийин эки беткейлик кыла албадым. “Калк акыны” деген эмне деп сурасам, чынчыл деген сөз дешти.Чынчыл деген наамды бергениңерге рахмат! Мен ошол калк акыны катары көргөн билген чындыкты жазам. Жалган ишти жазып аны мактай албайм дедим.Ойлонуп көр дешти. үч-төрт күн өткөндөн кийин менден ошол эле жоопту алышты. Андай болсо 3-4 күндөн кийин сени үйүңө кетиребиз дешти. Кетер күнү кайрадан Сталиндин кабыл алуусунда болдум. Киргенде эле Сталиндин столунун үстүндө бири нары жакты караган, бири бери жакты караган эки попорос туруптур. Өзү жактагысын өзү алып мен тарапты караганды мага берди.Эки беткейлик кылып социализмди жазбайм дегенге чыдаган тамекини тартпайм деп айта алганым жок. Аркы беркини сүйлөшкөнчө алып тарттым.Мен эми токсон күнгө жетсем жетем болбосо жетпейм.Ал тамеки мени өлтүрөт .Союп убара болбосун, арыктап жүрүп куу сөөк болуп өлөм. Менден уксаңар кебим ушу деген.”

Айткандай эле 84 күн дегенде Казыбек арыктап отуруп өлдү.Сөөгүн көөмп койдук деди Түгөлбай. Мен атайын отуруп сурадым, Казыбек илгери биздин үйдө бир жарым жыл жүрдү эле,- деп сөзүн жыйынтыктаган эле залкар манасчы 2003-жылы.

Автор: Деги эле Жүсүп Мамай аксакалдын эскерүүлөрүнөн кийин Казыбек казалчы тууралуу Кыргызстанда басылып чыккан авторлордун китептерин таап, бир сыйра таанышып чыктым. Казалчынын 100 жылдыгына карата бир катар авторлордун чогулткан, жыйнаган эмгектери өз-өзүнчө китеп болуп басылып чыккан менен анын өмүрүнүн акыркы жылдары тууралуу так маалыматтар жок экен. Анда эмесе алардын айрымдарына токтолуп андан кийин сөзүбүздү уласак: Казыбектин казалдарын далай жыл эл оозунан жыйнап, кагазга эрикпей түшүрүп келгендердин бири Болотбек Исабеков деген инсан экен. Ал кишинин айтымында Казыбек 1943-жылы түрмөдөн аман-эсен бошоп келатып, +згөндүн Мырза-Акесине келгенде каза табат.Демек, 1943-жыл Улуу Ата Мекендик согуштун кайнап турган убагында, түрмөдөн бошонуп келе жаткан жыл менен казалчынын жашын сүрүштүрсөк 42 жашка чыгып жатат.

Ал эми убагында Казыбек менен камакта чогуу отурдум деген, азыр Нарын (мурдагы Тянь Шань) районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жашаган эмгек ветераны Макеев Төлөмүш Казыбек бошонуп келип, Мырза-Акеде көз жумганын караманча төгүнгө чыгарып, мындай деген: "1936-жылы январь айында Ташкендин "Чирчикстройго" жөө айдап барды. Ошол жылы жай келгенде Казыбек ич өткөк дартка кабылды, бир топ күн жатып жөнүгө албай, ошол дарттан каза болду. Мусулмандар чогулуп, сөөгүн ошол жерге коюп куран окудук. Ошондо жашы 42ге барган экен, кайран кишинин, өңү сулууча келген, сыйда муруттуу келишкен киши эле. Бош боло калганда комузун колунан түшүрбөй төгүп отурчу".

Мына ушул эки эскерүүдө тең Казыбектин өмүрүнүн акыркы жылдары боюнча ар башка маалыматтар бар. Тяншандык Макеев Төлөмүштүн айткандарына бир аз тактоо жүргүзө турган болсок. Казыбек 28 жашында 1929-жылы бай манаптар менен айдалып кеткенин өзү айтып жатат. Же болбосо Казыбек 1901-жылы туулган болуп эсептелсе 1936-жылы Ташкенттин жанында 42 жашта өлдү кылып жатат. Ошондо Казыбектин туулган жылы 1901-жыл болгондо Казыбек 42де эмес эле 35 жашта болуп жатпайбы..

Ал эми Өмүрбек Дөлөевдин “Кан жандан чыккан казалдар” аттуу Казыбек казалчы тууралуу 2003-жылы чыккан китебинде Казыбектин атасы Мамбетимин абактан бошонуп келе жатып Ош облусунун Мырзакесинен каза болгонун Казыбектин төртүнчү аялы Зуурабүбү Нурманбет кызынан 1989-жылдары көзү тирүү кезинде жазып алган.Казыбектин акыркы жубайынын эскерүүлөрүндө Казыбектин атасы Мамбетимин да өз кезегинде ырга шыктуу экендигин эскерген. Же болбосо “Кайынатам Мамбетимин жөнүндө” деген эскерүүнүн бөлүгүндө кайын атасы Мамбетимин уулу Казыбектин талантына өзгөчө баа бергенин өзү да кезегинде Кытайда жүргөндө

“Сары аркадай жерим ай,

Сагынды бекен элим ай.

Күндө жыйын , күндө топ,

Оодарылбас элим ай,”- дегендей ыр саптарын чыгарганын, ушундан улам, ошол мезгилде эл арасына чагылгандай тарап кеткен уулу Казыбектин ырларын билбейт деп так кесе да айтуу кыйын. Балким жогоруда биз атап өткөн Б.Исабеков менен Т.Макеев Казыбектин атасын айтылуу казалчыга алмаштырып алышы да мүмкүн.Ал эми Казыбек 1931-жылы Орунбор камагынан бошонуп Ат-Башыга кайтып келип, дароо эле Кытайга качып кеткен эмес экен. Муну +.Дөлөевдин казалчы жөнүндөгү эмгегинде казалчынын жубайынын эскерүүлөрүндө Казыбек Ак-Талаа районунда кайын журтунда жана тайларында жүргөндө (Казыбектин апасы Ажар Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылынан) тай акеси Акий бир жакшы ат мингизип, аны көрө албагандар чагым жасап Казыбек Нарындын түрмөсүндө жарым жылга жакын жаткан. Түрмөдөн бошоп келгенден кийин эки жолу абакка камалган казалчы Ат-Башыда Кытайга өтүп кетүүгө даярданып жаткан белгилүү манап, Совет өкмөтүнүн тарыхында “Ак-Талаа көтөрүлүшүн уюштурган басмачылар Абдылда, Кулчун, Сүйүндүк, Турсун”деген ат менен калышкан атасынын жакын кишилеринин бири Абдылда Жаанбай уулу менен Кытайга качып өтүп кеткен.

Кытайда жүргөндө Казыбек Мамай уулу Балбайдыкында бир жарым жыл жүрүп, кийин аялы кызы менен келгенден кийин Абдылда Жаанбаевдар менен өзүнчө дагы бир жарым жыл, баш аягы үч жыл Кытайда турушкан окшойт. Муну Ө.Дөлөевдин китебинде “1933-жылы июнда Казыбектин жубайы Зуурабүбү кызын өңөрүп алып Акчийге баргандыгы айтылат.Андыктан казалчы-акын 1931-жылдын июнь айында Кытайга качып өтүшүп, чек аранын аркы тарабындагы Улуу Чат аймагында 2-3ай андан кийин Балбайдыкында бир жарым жыл жүргөнүн болжолдосок жубайы бир жарым жылдан кийин 1933-жылы Ак-Чийге барган болуп жатат. Ак-Чий менен Улуу Чаттын ортосу ат жол менен болжолу 400-500 чакырымдай. Ошентип Казыбек казалчы акыркы жылдары Ак-Чийде (Ак-Чийдин мурдагы аталышы Какшаалда) турганында Абдыш Молдакун деген адамдын үйүндө турган. Бул боюнча маалыматты kabar.izde.kg сайтынан алдым. Анда мындай деп айтылат:

“Казыбек Какшаалда Абдыш Молдакун уулу аттуу кишинин үйүндө турган экен. 1932-жылы ошол Абдыш Казыбектин чыгармаларын фарси тилинде жазып алыптыр. Анын жазгандарынын аягында "1935-жылы 16-июлда жазылып бүткөн” деген жазуу бар. Абдыш өз уулу Айтакунга ошол өзү жазып калган Казыбектин казалдарына баа берип, баркын түшүнөөр маал келгенде кыргыз жерине жеткирип берүүнү тапшырып кеткен экен. Айтакун Абдыш уулу атасынын айткан керээин аткарып, Казыбектин өз оозунан жазылып алынган ырларынын араб тамгасы менен чыгарылган китебин Кыргызстанга алып келип, Казыбек жөнүндө маалымат топтоп, элге таанытсам деп аракет кылып жүргөн ырчы Токтобек Асаналиевге тапшырган.”

Демек, Казыбек Кытайда жүрүп, акыры кайра туулуп өскөн жерине ошол эле Абдылда Жаанбай уулу менен чек арадан өтмөкчү болгондо мурда эле сыртынан билип жүрүшкөн НКВДнын аскерлери тарабынан үсөнгү-Кууш аймагындагы Кытай тарабына караган аймактан колго түшүрүлүп, суракка алынат. Бул 1935-жылдын июнь айы экен. Ошентип, Казыбекти жана аны менен колго түшкөндөрдүн көбү атууга кесилет. Бирок, эки айдан кийин СССР Жогорку Сотунун Аскер коллегиясы мурдакы өкүмүн бузуп, (мунун себептери да белгисиз) Казыбек Мамбетимин уулу он жыл түрмө менен алмаштырылат.Казыбектер үсөнгү-Кууштан кармалганы боюнча маалыматты автор +мүрбек Дөлөевдин Казыбек казалчынын акыркы жубайы Зуурабүбү Нурманбет кызынан жазып алгандары да тастыктап турат.

Андыктан Казыбек ошол 1935-жылы кармалгандан кийин Жүсүп Мамай аксакалдын эскерүүсүндө белгилүү жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбеков айтып бергендей Бишкекте камалып туруп, андан кийин мүмкүн Москвага алынып кетсе керек. Жыйынтыктап келгенде айтылуу казалчы Казыбек Мамбетимин уулунун жергебизде Совет бийлиги орноп жаткан оор мезгилге туш болгон өмүр таржымалы, акындын өмүрүнүн акыркы жылдары залкар манасчынын көргөн-билгендери жана уккандары боюнча ошондой эле менин жеке божомолумда мына ушундай. Албетте, казалчынын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу келечекте адабий изилдөөчүлөр тарабынан казалчынын өмүрүнүн актай барактары дагы такталып, толукталат деп ойлойм.

Баса, дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө элдик классикалык чыгармалардын бири катары ырдалып, жүргөн Жагалмай деген жапан куш,

Жар ташка барып конгон жок.

Жарпымды жазар тең курбум,

Ой, тобо, деги, деги,

Жайлообуз бирге болгон жок... деген «Ой, тообо» аттуу обондуу чыгарманын автору Казыбек казалчы экендиги кийин билинген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь