Добавить статью
11:17, 28 марта 2016 34872

Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдер сөз жыйнагы» мурасынын педагогикалык феномени

Махмуд Кашгари аталган чыгармасы аркылуу түрк элдеринин өз доорундагы энциклопедиясын түзүүгө жетишкен. Мында байыркы түрк тилдүү элдердин салттуу таалим тарбия маданиятын таанып билүүгө көмөк болчу фактылык материалдар да арбын.

«Дивандын» структурасы мазмуну, маалыматтардын ырааттуу жайгаштырылышы жагынан, белгилүү өлчөмдө аны энциклопедиялык мазмундагы «окуу китеп», ал эми анын авторун түрк калктарынан чыккан үлкөн аалым, «даанышман педагог» катары кабылдоого мүмкүндүк берет.

«Дивандын» мазмунундагы таалим-тарбия таламдуу маалыматтардын курамын негизинен төмөнкүчө мүнөздөөгө болот:

1. Тарыхты үйрөнүүгө нускаган даанышман кеӊештер. Түрк тилдүү элдердин тегин, өнүгүшүн, курамын, таанытуу, улуттук ариетин ойготууга багытталган санжыра нускасындагы таанымдык маалыматтар, .

2. Эне тил жана элдин руханий турмушундагы ордун таанытуу, аны аздектеп сактоо, үйрөнүү өнүктүрүүгө чакырган атуулдук, таалимчилик мотивдер. Түрк тилдеринин баалуулугу, өзгөчөлүктөрү тууралуу ой тыянактар. Түрк тилинин терминдери жана аларга берилген түшүндүрмөлөр. Айрым маалыматтар боюнча анда түркий элдердин тилдеринен алынган 7550 термин чагылдырылган.

4. Түркий элдердин географиялык көз караштарын, алар жашаган чөлкөмдөрдүн өзгөчөлүктөрүн, флора жана фаунасын үйрөнүү, таанып билүүгө ылайыкталган фактылар, эмпирикалык маалыматтар.

5. Түркий элдердин таалим тарбия жаатындагы акыл ойлорун, тажрыйбаларын таамай чагылдырган санат-насыят таризиндеги ырлар, кошоктор, учкулсөздөр менен макал – лакаптар, ошондой эле айрым улуу баатырлардын, акылмандардын жашоо нускасын келээр муун үчүн үлгү, өрнөк катары идеалдаштырган эпикалык мүнөздөгү тексттер.

6. Балдарды акылын, дене күчүн өнүктүрүүдө, адептик жүрүм турум маданиятына тарбиялоодо, эмгекке, турмушка даярдоодо активдүү колдонулуп келген элдик оюндардын сюжетттери, маани-маӊызы колдонулуш эрежелери да орун алган.

Мураста камтылган материалдардын педагогикалык потенциялы, тарбиялык мааниси эмнеде? Эмики кеп ушул суроолордун тегерегинде жүрмөкчү.

Махмуд Кашгари эң оболу санжыра салтынын үлгүсүндө түрк элдеринин билимдеринин башаты болгон, ата тек тарыхы жөнүндө ырааттуу маалымат берүүгө далалат кылган. Ушуга байланыштуу мураста «Түрктөрдүн түркүмдөрү жана урууларынын баяны жөнүндө сөз» - деген чакан бөлүм бар.

Алардын ар бир уруусунун Алладан башка эч кимге беймаалым сандагы уруктары бар (Мен алардын эң башкы урууларын гана санап жана огуз түркмөндөрдүн уруктарынан башка майда чүйдө уруктарын калтырып жатамын.) Алардын уруктарын малга салчу эн тамгаларын адамдарын аларды үйрөнүүдө муктаждыгы бар болгондугу үчүн гана баяндаймын» - деп аалым алардын тарыхын, тегин санжыра аркылуу чечмелеп түшүндүрөт.

Чындыгында эле көчмөн түрк элдеринин көпчүлүгүнүн рухий дүйнөсүндө кыргыздардын адептик кодексинде ата тек сүрүштүрүү жөнүндөгү түшүнүк байыртан эле негизги орунду ээлеген. «Ким өзүнүн жети атасын билбесе – ал безери» - деп айтылат накыл кептерде Өткөн кылымда Түркстанга келген орус адамы жети ата жөнүндө кыргыздардан алган түшүнүгүн дал ушундайча берген: «Бейтааныш адам жөнүндө билүү максатында сенин жети атаң ким болгон деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». Бирок жети ата сөз кылып жаткан маданиятты толук туюндура алган эмес. «Кыргыздардагы ата тек жөнүндөгү түшүнүктүн өзү эле «берки ата», «аркы ата» жана «түп ата» деген бир нече катмардан турган. Ар бир катмар этникалык башаты символдоштурулган легендарлуу атага чейинки муундарды камтыган. Ал турсун кандай гана уруктук топ болбосун өздөрүнүн келип чыгышы жөнүндө сөз болгондо дайыма бир атага байланыштырып айткан. Буларды идеологиялык жана тарбия жактан алганда, бир атанын балдары деген түшүнүк бириктирип турган». Ошондуктан Махмуд Кашгари Урумдан чыгышка чейинки таркалган түрк тилдүү калктардын баары өз тегин «Түрккө карап санжыралашат» - деп алардын баары түбү бир түрк элдери экендиги экендигин түшүндүрөт.

Махмуд Кашгари аалым, агартуучу катары өз эмгегинде түркий элдер жашаган аймактардын аттары, алардын жашашы тууралуу илимий таанымдык мааниси кеңири маалыматтарды жыйнап, түстүү картаны түзүүгө жетишкен. Мындан тышкары «Диванда» астрономия, математика, биология илимине таандык айрым эмприкалык билимдер да учурайт.

Ал эми байыркы түрктөрдүн педагогикалык көз караштары сөздүктөгү эпостук баян түрүндөгү ырлардын үзүндүлөрүнөн тартып баатырларды жактоо, акыл насаат айтуу, табигатты сүрөттөө мүнөзүндөгү айрым лирикалык ырларда (1000 сапка жакын) көптөгөн макал - лакаптарда орун алган. Алар белгилүү өлчөмдө ошол доордогу түрк тилдүү элдердин педагогикалык маданиятынын өзгөчөлүктөрү тууралуу башка булактар берген маалыматтарды толуктап турат. Өзгөчө бул маселени изилдөөдө «Дивандагы» педагогикалык мааниси терең санат - насыят жанрындагы ырлардын үлгүлөрү чоң мааниге ээ. Бул ырлардагы адеп - актык категориялардын көпчүлүгү түрк тилдүү элдердин таалим тарбия практикасындагы жалпы түшүнүктөр менен үндөшүп турат.

Улуу киши чакырса,

Тезирээк кел жүгүрүп.

Кургакчылык туш болсо,

Калба элиӊен бөлүнүп.

Түрк тилдүү элдердин кайсынысын гана албайлы алардын тарбия салттарынын башатын улууларды сыйлоо эрежеси турат. Айрым учурда бул жаштардагы нарктуулуктун жакшы тарбия алгандыктын жападан жалгыз белгиси катары бааланган учурлар да бар.

Ошондой эле «Диванда» меймандостук, кичипейилдик, берешендик, ата - энелерди сыйлоо сыяктуу оң касиеттер, сараңдык, көңүлү тардык сыяктуу терс салттын белгилери кыйыр салыштырылып, тиешелүү адептик этикалык бүтүм чыгарылат.

Баалап эл да сүйө албас,

Жүткүр жүздүү сараӊды.

Уулум укчу, журт сүйөт,

Кичи пейил адамды.

Берсең кайта аласың,

Кардың тойсо жинденбе,

Калаар баары артыңда,

Кара көргө киргенде.

Задисинде санаат - насият ырлары орто кылымдагы энциклопедист аалым акындар тарабынан педагогикалык акылман ойлор менен нуска болоорлук тарбия тажырыйбаларды калкка жугумдуу жеткирүүнүн бирден бир күчтүү куралы катары колдонулган. Кыргыз элиндеги «акыл - насаат айтуу», «насаатчылык», «үлгү болуу», «үгүт сөздөрдөн сүйлөө», «нускалуу карыя», «нускалуу сөздөн баштоо» деген сыяктуу сөздөрдөн эле булар элдик педагогиканын ийкемдүү, ары жөнөкөй методдору жана категориялары экендигин кабар берет.

«Диванда» эмгектин адам турмушундагы маанисин ачып көрсөтүүгө, жаш муундарды эмгекке үндөп өз мээнети менен жашоого багыт берген төмөнкүдөй макал - лакаптар да бар: «Мээнеттин акыры ырахат», «Тикмейинче өлбөс, тикмейинче келбес», «Жазында эмгек кылсаң, кышында кубанаарсың», «Чакмак чакса туюлаар, кулак чалса билинээр».

Махмуд Кашгари эң оболу өзүнүн боордош мекендештеринин илим билимдин маанисин терең түшүнүп, алга умтулуусун тилек кылып сөздүккө илим билимге байланышкан накыл кептерди киргизүү менен акыл менен билимдин түрк тилдүү элдерде канчалык деңгээлде бийик бааланарын көрсөтүүгө аракет кылган. Ырасында эле төмөнкү мисалдар мурдагы жана ошондой эле түркий элдердин билимине карата салттуу көз караштарын таасын чагылдырып турат: «Акыл менен арстанды да кармап алууга болот», «Жаш кезде билгениң, ташка тамга баскандай», «билимдүү болгуң келсе, даанышмандын айтканын ук».

Байыркы түрк бабалар акыл - парасаттуу интеллекти бийик адамды - «биглик эр», аалымды - «биликлик киши» - деп мүнөздөшкөн. Сөздүктөгү төмөнкү: «Биликни йүгүрөмүн, көңүлнө төгөрмүн», «Билимди топтоймун (үйөмүн), көңүлдү ага төгөмүн» - авто биографиялык ыр аалымдын өзүнүн билим өнөргө умтулуусунун туруктуулугунан жана биримдигинен кабар берет.

Педагогикалык мотивдер айрыкча «Алп Эр Тонганы жоктоо», «Белгисиз баатырды жоктоо» деген кошок ырларда ачык даана баамдалат.

Элдик дастандарда баяндалгандай түрк элдери элге кадыры, наркы сиңген улуу инсандары, баатырларды акыркы сапарга абдан сый урмат менен узатышкан. Мындай кырдаалдарда бүткүл улуу кичүү дебей, ишин таштап, жер коргогон жоокерлер жарагын ташатап, бейкут бөбөктөр эмчегин таштап, балдар оюунун таштап кырк күн, кырк түн аза күтүшкөн. Калың журт каңырыгы жаратышкан. Эл ушул салты менен өз урпактарын баатырлардын жолун жолдоого тарбиялашкан.

Махмуд Кашгаринин китебидеги кошок формасындагы ырлар да дал ушундай мүдөө максатты көзөмөл тутат. Аалым жаштарга калың эл тарабынан кастарланган журт унутпас адам болуш үчүн алар ушул Эр Тонгадай өмүр сүрүш ылазым экендигин эскертет.

Мурасты тарыхый - педагогикалык нукта ар тараптуу ачып көрсөтүү атайын олуттуу изилдөөлөрдүн объектиси болууга тийиш.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×