Добавить статью
15:13, 25 июля 2016 50549

Алымбек датканын татыктуу тарыхый ордун табуу жөнүндө...

Учурдагы кыргыз тарыхнаамасынын дүркүрөп өнүгүп жаткан чагында инсан таануу багыты бир топ алдыга озуп чыккандыгын белгилөөгө болот. Эгемендүүлүктүн алды жагында жана андан мурунку эки жарым миң жыл бою “өз алдынча түтүн булатып, өз тагдырын өзү чече” алчу макамга жетиш үчүн күрөшкөн кыргыз элинин татыктуу инсандары ондоп саналат. Байыркы Ли Линден (б.з.ч. 1-кылым) башталган кыргыз династиясы атактуу Барс-Бек Ынанчу Алп Бильге (б.з. VII к.экинчи жарымы – 710/11-ж.) жана кытай императору Ву-цзундан «Цзун-ин Хюн-ву Чен-мин хан» деген титул алган“Кыргыз Улуу Дөөлөтүнүн” аты белгисиз каганына чейинки инсандар, кийин орто кылымдардын аягында кыргыз мамлекеттигин калыбына келтирүүгө аракеттенген Мухаммед Кыргыздан (1470-1533) расмий түрдө “хан” көтөрүлүшкөн багыштан Тейиш Көкүм уулу (XVII к.), сарбагыштан Кудаян Сарсеит уулу (XVII к.), Маматкулу Үчүке уулу (XVII-XVIII к.) жана Ормон Ниязбек уулуна (XIX к.) чейинки кыргыздын улуу чыгаандары “кыргыз мамлекеттүүлүгүн” калыбына келтирүүгө аракеттенип келишкендиги тарыхта маалым.

Кыргыздын оң канатынын Адыгине уруусунун насили Алымбек датка Асан бий уулу (1799-1862) так ошол кыргыздын “мамлекетчил” плеядасынын акыркы муундарынын көрүнүктүүсү болгон. Алымбектин зайыбы Курманжан датканын (1811-1907) өмүрү жана ишмердиги кыргыз тарыхнаамасынын инсан таануу багытындагы эң кеңири жана терең изилденген темаларынан болсо да, анын өмүрлүк жубайы, Кокон хандыгынын жогорку бийлик ээлеринин негизгилеринин бири болгон Алымбек датканын өмүрү жана ишмердиги кыргыз коомчулугуна толук жеткирилбей, атайын изилдөө темасына айланбай келе жаткандыгы чынында – кыргыз тарыхнаамасынын инсан таануу багытынын олуттуу өксүгү катары баалануусу абзел. Бул жөнүндө бир катар тарыхчылар гана эмес, коомдук ишмерлер да айтып келишүүдө.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган токтомуна ылайык2015-жылы өз заманында кыргыз жеринин бүтүндүгүн, кыргыз элинин биримдигин бекемдөөгө зор салым кошкон белгилүү тарыхый инсан Алымбек Датка Асан бий уулунун 215 жылдык маарекесин белгилөө иш-чарасы коомчулукта туура кабыл алынгандыгын белгилеп кетүүбүз зарыл.

Төмөндө Алымбек датка Асан бий уулунун тарыхый орду тууралуу азын-оолак сөз кылууга аракеттендик.

Алымбек датканын тарыхый ордун тастыктоодо, анын ишмердигин 7 топко бөлүп карасак туура болчудай. Алар: 1.Саясий, 2. Мамлекеттүүлүк, 3.Административдик, 4.Мекенчилдик, 5.Агартуучулук, 6.Социалдык-экономикалык, 7.Алымбек датканын ишмердүүлүгүн азыркы сабактары деп бөлүнүшү мүмкүн.

Жогорудагы топтордун ар бирине кыскача анализ берүүгө өтөлү.

  1. Алымбек датканын ишмердиги алысты көрө билген көсөм, эл аралык мамилелерге баам салган саясатчы катары таасын көрүнүп турат. Маселен, Алымбек датка 1831-жылы Ислам дининин Орто Азиядагы түркүгү болуп саналган Бухара-и Шарифтин шайх-уль-Исламынын ыйык фатвасы (шарыятка ылайыкталган бүтүм, чечим) менен Кокон ханы Мадалинин колунан “датка” наамын алган. “Датка” наамын И.Бичурин «генералга тете жогорку чин» десе, орус окумуштуусу А.Кун генерал-губернаторго теңеген. Кокон хандыгындагы белгилүү мамлекеттик ишмер катары эсептелген “датка” (додхох — фарсиче “адилеттүүлүк” деген түшүнүк берип, алгач вилайеттин диний көсөмү эсептелип, кийинчерээк хандын жергиликтүү бийлик өкүлү, акими же аскер башчысы катары таанылган.) жылына 10 миң теңге маяна же хан казынасынан 200 батман аштык алууга укуктуу эле жана андай инсан хандыкта маанилүү бийлик ээси боло алган.

1831-жылдан баштап Алымбек датка Орто Азия чөлкөмүндө теңтайлаша дооран сүргөн үч мамлекеттин бири, ээлеген аймагы, калкынын саны жана улуттук курамы жагынан коңшуларынан кем калбаган ири Кокон хандыгынын саясий турмушуна дээрлик 35 жыл бою активдүү аралашып, өмүрүнүн акырында хандын вазири мансап-мартабасына арзып ханга тете бийликти өз колуна топтоого жетишкен. Өзүнүн өткүрлүгү, адамкерчилик касиеттери, адилеттиги, эл бийлөөгө шык-жөндөмү менен тез эле хандыктын калкына таанылып, 1832-ж. 32 жаш курагында Мадали хан аны Анжиян вилаетинин башкаруучусу, беги кызматына дайындайт. Аталган вилаетке Алай менен Ош аймагы жана Ак-Талаа, Жумгал, Тогуз-Торо, Куртка аймагындагы кыргыздар ошо менен катар Анжиян аймагы толук  кирген [25, 91-б.].

Жогоркудай наам менен саясатка аралашкан Алымбек датка өз заманында болуп жаткан орчундуу эл аралык процесстер менен толук тааныш болучу. 1750-жылдардын акыр ченинде Кокон бийи (ханы) Эрдене менен өнөктөштүк түзгөн бабасы Ажы бийден баштап, өз заманына чейинки эл аралык кырдаалдагы кыргыз элинин, айрыкча фергана кыргыздарынын геосаясаттык орду, Чыгыштан улам кысмактап турган Кытай империясынын, Түндүктөн казак жергесинин аймактарын биринен сала бирин каратып келе жаткан Орусия империясынын, Түштүктөгү Индияны колонияга айландырган Улуу Британиянын Ооганстан аркылуу кирип келүү үмүтүн баамдап турган. Регионалдык таризде Алымбек датканын заманы Кокон хандыгынын негизги аймагы болгон Фергана чөлкөмүнө Мавереннагрдагы Бухара эмирлигинин көз артышынын жылдан-жылга күчөшү өзүнчө коркунучтуу туудурган.

1830-жылдардын акыр чендеринде эрки жок Мадалынын мезгилинде Кокон мамлекетинин өнүгүүсү солгундап, ордодогу бийлик үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүшкөн феодалдык жамааттардын Ташкенттеги, Бухарадагы жана Шахрисябздагы эмиграцияда жүргөн оппозиционерлери Бухара эмири Насрулладан жардам сурап кайрылышканы белгилүү[20, 16-17-бб.]. Ушуну гана күтүп турган Насрулла 1841-жылы Коконго басып кирип, 1842-жылы Фергана чөлкөмүн ээлеп алган. Кокон шаары таланып, Мадалы хан жана анын бир туугандары өлтүрүлгөн. Кокон тактысына марионет Ибрагим Хайал коюлган. Бирок, Бухара эмираты Кокондо бийликти көпкө кармап тура алган жок. Себеби, Фергана чөлкөмүндө буга жол бербөөгө чамасы жете ала турган көчмөн кыргыздардын жана кыпчактардын кубаттуу күчү бар эле. Натыйжада жаш Алымбек датка активдүү катышкан, Нүзүп бий (1794-1844) баштаган топ эмир Насрулланын баскынчылыгын токтотуп, Ибрагим Хаялды кууп жиберип, анын ордуна кыргыздардын арасында эресеге жеткен Алтын Бешиктин урпактарынын бири Шералыны хан көтөрүү менен Кокон хандыгынын көз карандысыздыгын сактап калышкан.

Алымбек датка Чыгыштан келе жаткан Кытай коркунучуна каршы турууда да активдүүлүгүн көрсөткөн. Маселен, 1847-жылы Кашкардагы “жети кожонун козголоңунда”, алардын башчысы Катта төрөнүн армиясына кол башчылык кылып, Кашкарды камаган, бирок Кытай баскынчылары көтөрүлүштү басып койгондон кийин, 20 миңден ашуун козголоңчулар Фергана тарапка качып, Алымбек Алайга кайтып келген[13, 50, 60-бб.].

Алымбек датканын Евразиялык, Борбордук Азиядагы регионалдык геосаясаттагы көсөмдүгүнүн маанилүү белгилеринин бири бул 1860-жылдардын башындагы Түштүк Казахстан менен Кыргызстандын түндүк аймактарындагы ишмердиги болгон.

Алымбек датканын акылман, алысты көрө билген көсөм, кылдат саясатчылыгы 60-жж. башында Россия империясынын колониалдык аскерлери Чүй өрөөнүнө кирип келишкенде көрүнгөн. 1860-ж. Верный чебинен чыккан орустар менен салгылашуу үчүн Малабек хан Ташкенттен чоң аскердин башында Канат Шааны, Ферганадан “Анжиян кошууну” деп аталган отряддын башында Алымбек датканы жөнөткөн. Алымбек Нарын аркылуу Чүйгө багыт алган. Жолдо кыргыздардан колун толуктап, аскери 12 миңге чейин жеткен. Алымбектин кошуунунун курамында Жангарач баштаган солто, сарыбагыш манаптарынын, алардын ичинде Шабдандын да жигиттери болгон[9].

Алымбек Чүй өрөөнүндө Алымбек датка Ташкент беги Канат-шаа жетектеген кокон аскерлери менен жолугушат. Бул жерде бири-бирине баш ийгиси келбеген эки төбөл башкы кол башчылыкты талашышат. Натыйжада, азыркы Казахстандын Узун-Агач, Кара-Кастек, Каскелең өзөндөрүндөгү салгылашууларда Алымбек кошуунун кармашка кийирбей коюп, кокон армиясы чегинүүгө мажбур болгон. Алгач Кара-Кастекке койгон чабуулунун мизи кайтарылган соң, Узун-Агачта экинчи чабуул кылууну буйруган Канатка Алымбек кескин каршы чыккан. Кокон ордосунун тарыхчысы Мулла Нияз: “Алымбек кыргыз менен Канат Шаа тажик кошуунга башчылык кылууну талашып, чатак башташты. Жаңжалдан улам Алымбек анжыян колу менен кыргыздарды майдандан алып чыгып кетип, салгылашуунун сыймык же маскаралык алып келүүчү тагдырын колунан чыгарды...”,— деп жазган[12, 122-б.].

Алымбектин мындай чечиминин түпкү максаты, бүткүл кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча мамлекет куруу же кокон ордосун толук ээлөө болгон деп ойлойбуз. Ошондуктан, ал орус бийликтери менен ушул мезгилден баштап эле ымала түзүүнү көздөгөн. Анын биринчи шарты орус аскери менен согушпоо экендигин жакшы түшүнгөн. Орусияга жүз буруп турган Чүй, Ысык-Көл кыргыздарынын манаптарынын пикирлери да эсепке алынган. Узун-Агач салгылашуусунун алдында эле Жангарач, Байтик, Шабдан жана башкалар менен жолугушкан Алымбек үчүн кармашта Канат Шаанын жеңилиши ынгайлуу эле.

Демек, Алымбек датканын ишмердигинин ошол замандагы кыргыз жергесинде евразиялык геосаясаттык абалдын жана ири империялардын тышкы саясатынын алкагындагы орду ушул окуялардан таасын көрүнүп турат.

2. Мамлекеттүүлүк идеясы. Алымбек датканын кыргыз мамлекеттүүлүгүн орнотуу же Кокон хандыгын кыргыз мамлекеттигинин бир көрүнүшү катары сактап калуу аракеттери анын кыргыз мамлекеттүүлүгү жаатындагы ишмердигин тастыктаган.

Алымбек датка Кокон хандыгынын таасирдүү саясатчысы болуп калыптанып, акырындык менен мамлекеттик түзүлүштүн маани-маңызын, башкаруу системасынын өзгөчөлүктөрүн, хан бийлигинин татаал сырларын үйрөнүү аркылуу саясий тажрыйба топтогон. Ал Кокон хандыгынын коомдук-саясий, чарбалык турмушундагы кыргыздардын татыктуу ордун табууга, хан ордосунда  ролун көтөрүүгө көп күч жумшаган. Эң негизгиси мүмкүнчүлүккө жараша ыңгайы келгенде кыргыздардын көз каранды эместигин камсыз кылууга, өз алдынча бирдиктүү жана түптүү мамлекетин түзүүгө жол издеген.

Мамлекеттүүлүк идеясын көтөрүүнүн башаты Алымбек датканын ишмердигинин 1840-жылдарынын экинчи жарымында жана 1850-жылдардын биринчи жарымына туура келет. Алымбек датка Кудаярдын энеси бөлөк агасы кыргызга жээн Малабек менен көңүлү жакын болгон. Алардын күч алышынан чочулаган Мусулманкул 1845-жылкы Ош көтөрүлүшүнөн кийин Алайга жүрүш жасаары туралуу кабар угулуп, кырсыктан алысыраак болуш үчүн Алымбек датка Көгарт ашуусу аркылуу Нарындын төрүндөгү Ак-Талаа,Тогуз-Торо, Ат-Башылык туугандарына келет. Алар даңкы чыккан Алымбек датканы кучак жайып тосуп алышкан. Алымбек тынымсыз тополоңдун алкагы боло баштаган Кокон хандыгында жашоодон көрө өз алдынча тоо кыргыздарынын ээлигин түзүү керектиги жөнүндө Теңир-Тоолук туугандары менен кеңешкен[19].

Нарындык кыргыздардын ага карата кандаш-туугандык мамилеси жөнүндө кызыктуу маалыматтарды Ч.Валихановдун эмгектеринен табабыз деп жазат профессор Т.Өмүрбеков. Атактуу аалымдын «Кашкарга жана артка карай Ала-Тоо округуна кетчү жолдун баяндалышы» аттуу эмгегинде мындайча кыскача кабар бар: «Кыпчактардын мезгилинде (1845-1853-жж.) кыргыздардын уруу башчысы Алымбек датка, азыркы кокондук вазир, кыпчактар менен жоолашып, Нарындын аркы тарабына кеткен жана бардык кыргыздарды күрөшкө көтөрүп чыккан. Куртка курчоого алынып камалган, комендант – кыпчак сүйлөшүүлөргө чакыртылган жана чыккынчылык менен өлтүрүлгөн». Ч.Валиханов дагы бир эмгегинде бул маалыматты андан ары тактап «1845-жылы, кыпчактардын убагында… Найман уруусунун Жапан тоо-таштык кыргызы Тилля, кыпчактарга нааразы болуп Тянь-Шанга качкан өзүнүн душманы Алымбек кыргыздын артынан сая түшүп, өтө кыска жол менен Терекке өтүп баруу үчүн Кызыл аркылуу жигиттери менен чек арадагы кытайлык четки бекеттерге кирип келди»… - деп жазат. Жогорудагы тарыхый так даректерден көрүнүп тургандай теңиртоолук кыргыздар Алымбек даткага жигердүү жардам беришкен. Ал Нарын аймагында да кыпчактардын үстөмдүгүнө каршы күрөштү токтотпой 1832-ж. Хаккули миңбашы курдурган Куртка чебинин Мусулманкул дайындаган бегин жок кылып, жаңы чечүүчү кармаштарга камынган. Кандайдыр бир деңгээлде анын өз киши катары кабыл алынышына Анжиян вилаетин башкарып турган жылдардагы туугандык карым-катнашы, карапайым калкка каралашуусу элдин эсинен чыкпай, жагымдуу шарт түзсө керек[25, 95-б.].

ХIХ кылымдын 50-жылдары Алымбек датка чоң саясатка көп аралашпаса да 1853-жылдагы Кокон ханыдыгындагы саясий кризиске карабай Ысык-Көлдөгү кыргыз бийлери Мураталы, Шералы, Ажыбай сыяктуу ири манаптарга Кокон жарлыктарын кың дебестен аткарттырып, 1852-жылы уратылган кокон чеп-дубалдарын кайра тургузуу керектигин талап кылган. Бул талаптар менен кошо пристав М.Д.Перемышльскийдин Ысык-Көлгө кеткендигин угуп, Иледен аркы орустарды сүрүп чыгарууга чакырган кат жиберген[1, 45-48-барактар.]. Тарыхый документтерде ал мезгилде Алымбек датка түндүк кыргыздарынын арасында «кокон ханы» катарында белгилүү болгон[21, 98-б.].

Алымбек датканын Кокон хандыгындагы саясий аренага активдүү чыгышы 1858-жылга таандык. Ал кезде Алымбек датка баштаган кыргыз бийлери Кудаяр ханга каршы активдүү саясий күрөшкө чыгышкан. Натыйжада Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашууда Кудаяр хандын аскери талкаланып, көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды, Коконду камаган. 1858-жылы ноябрь айында Кокон ордосунун өзүндө да саясий күрөштөр башталып, ал Малабектин такка олтурушу менен аяктаган. Малабек өзүнүн ордону ээлешине көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин — Алымбекти алгач Анжыянга аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындаган[24, 188-89-бб., 16, 46-47-бб.].

Бул окуядан 2 жылдан кийин, тагыраак айтканда 1860-жылкы, жогор жакта айтылган Узун-Агачтагы “күнөөсү” үчүн Алымбек куугунтукталып, ордого келбестен Алайда тура турууга туура келген. Ал адыгине менен мунгуштардан кошуун жыйнап Коконго жүрүш жасайын деп ойлогон, бирок ага мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан, аркалык туугандарынан жардам издөө жана бир топ саясый иштерди жүргүзүү үчүн 1861-жылы жазында кайрадан Нарын чөлкөмүнө жөнөп кеткен. Алымбектин тоолук кыргыз туугандарынын арасында аброюнун өсүп бара жаткандыгынан кооптонгон Малабек хан жарашуу үчүн аны ордого чакырган, бирок Алымбек Малабектин жиберген адамдарын өлтүртүп, алардын артынан келген кошуунду да талкалап таштаган. Жай айларында Датка Үмөтаалы, Ажы, Төрөгелдиге жолугуп, аларды Коконго, белгилүү деңгээлде Орусияга да каршы үгүттөгөн[21, 127-128-бб.]. 

1861-жылдын июлунда Ала-Тоо округунун башчысы Сибирь корпусунун командирине “Алымбек менен Мала хандын душмандык мамилеси жөнүндөгү маалыматтар ырасталып жаткандыгын” билгизген[7, 94-барак]. Алымбек датка Коконго же Орусияга ыктаарын билбей эки анжы болгон тоолук кыргыз урууларын бириктирип, өз алдынча феодалдык ээлик же мамлекет түзүүгө аракеттенгендигин Батыш Сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамелдин 1861-жылдын 8-июнунда согуш министрине жазган каты бышыктайт. “Алымбек кара-кыргыздардын арасында калып, Ысык-Көл менен Кичи-Бухара аралыгында өз алдынча башкаруучу болуу оюнда бар окшойт, — деп жазат А.О.Дюгамель, — ошондуктан биз менен жакшы мамилеге өтүүнү көздөйт шекил...” Генерал А.О.Дюгамель Жети-Суу облусунун башчысы Г.А.Колпаковскийге эгер Алымбек Орусия менен жакшы мамилеге кирсе, аны кубаттагыла деген көрсөтмө берген. Муну тышкы иштер министри А.М.Горчаков да, Александр II да жактырган[2, 94-98-барактар].

Түндүк кыргыз урууларынын айрым башчыларын, маселен Үмөтаалы, Ажы, Төрөгелди, Адыл сыяктууларды өз таасирине тарткан Алымбек датка 1861-жылы күзүндө Фергана чөлкөмүнө кайтып келген. Бир катар сүйлөшүүлөрдүн, кеңештердин жана акыл калчоолордун, айрыкча Курманжандын жүйөөлүү пикирлеринин таасири менен Алымбек датка Теңир-Тоодо өз алдынча мамлекет куруу иши али эртерээк экендигин түшүнөт да, анын ордуна азырынча Кокон ордосун ээлеп, кыргыздардын саясий аброюн кайрадан көтөрүү чечимине келген. Бул чечим ордодо кадимден келе жаткан “сартиййа” менен “илатиййа” жамааттарынын паритеттигин калыбына келтирүүнү көздөгөндүгүн баамдабай коюга болбойт.

1862-жылдын февралында Малабек ханга каршы козголоң уюштурулуп, кыргыз бийлери: Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар жана башкалар Малабекти өлтүрүп, анын жээни — Сарымсактын уулу 15 жашар Шах Муратты такка олтургузушкан[23, 108-б.]. Алымбек баш увазирдик орунду ээлеген. Ташкент беги Канат Шаа, Рүстөмбек баш болгон экинчи топ такка Кудаярды кайрадан отургузууну көздөшкөн. Канат Шаа Бухарага качып кеткен Кудаяр менен байланыш түзүп, аны Ташкентке чакырып, хан деп жарыялап жиберген.

Ошол кезде ичкилик кыргыз-кыпчак уруусунан чыккан белгилүү мамлекеттик ишмер, 1862-жылга чейин Маргалаң вилайетинин акими болуп турган молдо Алымкул мурун Малабек хан тарапта жүрсө да, бу сапар Кудаяр тарапка өтүп кеткен. Анын аракети менен Кыдыр, Ырсалы сыяктуу кыргыз бийлери алгач бийликтен четтетилип, кийинчерээк тындым кылынган. Ал эми июль айында алдоо жолу менен ордого чакырылган Алымбек датканы Алымкул Чотон   аттуу   кыргыздын колу менен   өлтүрткөндүгү изилдөөлөрдө белгиленет[12, 123-124-бб.]. Г.А. Колпаковский 1862-жылы 25-июлда Батыш-Сибирь генерал-губернаторлугуна жиберген билдирүүсүндө:—“айтылуу Алымбек кара-букаралардын колунан өлдү”,—деп жазган[13, 62-б.]. Кийинки мезгилде Чотон баатырдын Алымбекти өлтүрүүгө катышпагандыгы жөнүндө баатырдын урпактары тарабынан санжыра таризиндеги маалыматтар да пайда болууда.

 Ал кезде Алымбек датка пайгамбар курагында, тагыраак айтканда 63кө эми эле чыккан болучу. 1858-62-жылдарда болуп өткөн Алымбек уюштурган бул саясий аракеттерде Курманжан анын эң жакын кеңешчиси, пикирлеши болуп, айрым бир чечимдерге өзүнүн ойлорун да кошкондугу маалым. Курманжандын акылын жана саясий сезимталдыгын Алымбек датка терең баалаган, анын кеңешине көп убакта макул болгон. Курманжандын жөндөмүнө ынанган Алымбек кийинчерээк Анжиян вилайетиндеги чарбалык милдеттерди бүтүндөй аялына ишенип, калтырып турган.

Жогорку маалыматтардан көрүнүп тургандай Алымбек датка мамлекеттүүлүк идеясын белгилүү деңгээлге көтөрүп, колдон келсе кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түптөп, ал эми ага шарт түзүлбөсө кыргыз мамлекеттигинин бир көрүнүшү болгон Кокон хандыгын толук колуна алып, кыргыз элинин мамлекети катары аны чыңдоого аракеттенген тарыхый ишмер болгондугун ырастоого болот.

3.Административдик саясаты. Алымбек датканын Ош шаарынын беги, Анжиян вилаетинин акими, Кокон ханынын баш увазири, Алай жана ага тутумдаш аймактарды туруктаган элдердин көрүнүктүү өкүлү катары жүргүзгөн аракеттери анын мамлекетти башкаруу тажрыйбасын өнүктүрүүдөгү ишмердигин көрсөтүп турат.

1858-жылы тактыны Малабек ээлеп, жаңы хан ага көмөк көрсөтүшкөн кыргыз бийлерин — Алымбекти Анжыянга кайрадан аким, кийинчерээк өзүнө баш увазир, Сейитбек датканы Кожентке аким, Молдокасымды Ноо чебине комендант, Алымбекке көңүлдөш, Маргалаңдын мурунку беги, кыргыз-кыпчак Өтөмбай бийди Ташкентке аким дайындагандыгын жазган элек[24, 188—89-бб., 16, 46-47-бб.].

Ошентип, XIX к. 50-жж. аягында Кокон хандыгынын саясий турмушунда олуттуу роль ойногон Алымбек датка, ордодогу эң жогорку бийлик - вазирлик мансапка жетип, дээрлик 4 жыл бою (1858-1862-жж.) хандыктын тагдырын чечип турган.

4.Мекенчилдиги. Алымбек датканын фергана кыргыздарынын кызыкчылыктарын сакташы, Ош, Анжиян шаарларынын макамын бекемдеши, “сартиййа” менен “илатиййанын” паритеттүүлүгүн камсыздашы, этнос аралык мамилерди сактоодогу аракеттери анын мекенчилдик жана көп улуттуу калктын ынтымагын бекемдөөдөгү салымын көрсөтүп турат.

1840-50-жылдары Алымбек датка Ош шаарынын маанисин көтөрүүгө олуттуу көңүл бөлгөн. Себеби, кыргыз элин бириктирүүдө, эгер колдон келсе кыргыз ээлигин түзүүдө Ош шаарынын бай-такты шаар катары маанисин жогорулатууну зарыл деп ойлогон. Тарыхый булактарда Ош шаары эзелтен эле кыргыз урууларынын саясий борбору катары эсептелип, бул жерде кыргыз бийлеринин айдоо жерлери, соода түйүндөрү, мечиттери, вакфтык үлүштөрү болгондугу маалым[8, 238-б., 15, 211-б., 28, 366-б.].  

Ошого байланыштуу Алымбек датка вилайеттин борборун 1840-жылдардын башында Анжияндан Ошко көчүрүп келип, азыркы Алай мейманканасы турган чөлкөмдө Ак Ордо тургузгандыгы (бир нече ак өргөөлөрдөн куралган ордо) эл арасында айтылып келет[29, 118-122-бб.]. Так ушул жерде Алымбек менен Курманжан хан, бектерди, алыс-жакындан келген ызааттуу конокторду кабыл алышкан. Ал жерде мамлекеттик жана чөлкөмдүк маанилүү маселелер талкууланып, ири чечимдер кабыл алынган[10].

Шералы хандын (1842-44) башкаруусунун акыркы жылы, анын алык-салыкты эбегейсиз көтөрүп жибергендигине каршы көтөрүлүш чыгарган алайлыктарга жана Ош вилайетинин тургундарына Алымбек датка жетекчилик кылган. Ошол эле жылы Исфара акими кыргыз Сатыбалды жана Рахматулла менен бирдикте Шералы ханга каршы козголоңго да катышкан. Албетте, бул анын ордодогу этностор аралык кутумдукка, айрыкча Мусулманкул баштаган кыпчактардын этностук бөлүп жаруу саясатына каршы болучу.

1842-ж. Курманжан күйөөсү Алымбек датка менен бирге биринчи жолу Кокон хандыгынын ордосуна келет. Ошондо Курманжан Шерали хандын кыргыз аялдары Жаркынайым (саруу) жана Соноайым (багыш) менен таанышып, хандыктагы көйгөйлүү маселелер боюнча кеңешкен, ынтымакты чыңдоо, үзбөй кабарлашып турууга убадалашкан.

Бирок көп өтпөй хан ордосунда кыпчак бийи Мусулманкулдун таасири күчөп, кыргыздар мамлекеттик бийликтен четтетиле баштайт. Шералы такта отурганы менен саясий бийлик толук Мусулманкулдун колуна өтөт. Кыргыз төбөлдөрү анын ичинде Алымбек датка да бийликтен четтетилет. Мусулманкулдун башкаруусунда өлкөдө зомбулук күчөп, алык-салыктар көбөйүп, элдин эзилүүсү күч алат. Бул Мусулманкулга каршы элдик чыгуунун өбөлгөсүн жараткан.

Мусулманкулдун зомбулугуна нааразы болгон Кокон хандыгынын чыгыш жагындагы Ош жана Алай тоолорундагы кыргыздардын Мады чебинин жанында чогулган тобуна Алымбек датка баштаган Сейитбек датка, Болот датка жана башка кыргыз бийлери жетекчилик кылган. Көтөрүлүшчүлөр Ошту жана ага жакын аймакты кокондуктардан тазалашкан. Бул окуя 1845-ж. болгон. Ошол эле жылы Исфара акими кыргыз Сатыбалды жана Рахматулла менен бирдикте күрөш дагы уланган. Мусулманкул Ошко жазалоочу аскер баштап келип, көтөрүлүштү айоосуз баскан. Бул жөнүндө алдын ала кабар алган Алымбек датка Курманжандын кеңеши менен Алайга качып, ажалдан аман калган.

Көп узабай ордодо Мусулманкулдун зомбулугуна каршы дагы козголоң уюштурулуп, бир топ кармаштардын натыйжасында 1856-жылы Мусулманкул өлтүрүлүп, Кудаяр өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жетишкен. Так талашуу эми Кудаяр хан менен анын аталаш агасы Малабектин ортосунда жүргөн.

Кудаяр хандын кыпчактарга каршы этностук араздашууга алып келген кыргыны Алымбектин саясий ишмердигинин мазмунуна карама-каршы келген. Ошондуктан ал Кудяр хандын саясатына каршы аракеттенип, анын атаандашы Малабек ханга кошулат. Натыйжада Кудаяр ханга каршы толкундоолор башталган. Алардын кыймылдаткыч күчтөрү негизинен кыргыз элети болучу. Көтөрүлүшкө катышкан адамдардын саны 4-6 миң адамга жеткендигин изилдөөлөр кабарлайт[14, 181-б.].

 Бул саясий жанданууда айрыкча Алымбек датка баштаган алайлык кыргыздар активдүү болушкан. Көтөрүлүшчүлөр Маргалаңды, Коконду камап, 1858-жылы ноябрь айында Саманчыга жакын жерде Кудаяр хандын аскерин Алымбек датка баштаган бир топ кыргыз бийлеринин жардамы менен Малабектин кошууну жеңет да, Кудаяр хан Бухарага качат. Ошентип, Кокон хандыгында отурукташкан “сартиййа” жана жарым көчмөн “илатиййанын” ортосундагы этностук карым-катнаш кайрадан калыбына келген. Алымбек датканын хандыкты башкаруу саясатынын доорунда этнос аралык араздашуу болбогондугун тарыхый маалыматтар ырастап турат.

Алымбектин түндүк жана түштүк мамилесин өнүктүрүүдөгү ишмердигин анын мамлекеттик идеясынын алкагындагы Узун-Агач, Пишпектеги, Теүир-Тоодогу 1860-61-жылдардагы окуялар тастыктап турса, ферганалык жана аркалык кыргыздардын биримдигин сактоодо анын Арстанбек Буйлаш уулуна байланышкан окуясы дагы далилдүү. 1840-жылы Арстанбек төкмө 16 жашында бугулардын тынымсейит уруусунун жакшы чыкмасы катары Буйлашты бир топ адамдар менен Коконго алып кеткенине байланыштуу атасын бошотуп келүү үчүн Фергана өрөөнүнө барып, атактуу Алымбектин жанында бир жыл чамалуу жүргөндүгү жөнүндө маалымат сакталган. Аны Арстанбек өзү да ырларында ырастап келген. Ошондо, Алымбек Арстанбектин төкмөлүк өнөрүнө гана ыраазы болуп эмес, негизинен түндүк кыргыз туугандарынын суроосун канааттандырып, алардын үмүтүн актап, Буйлаш баштаган бир топ бийди ордодон бошоттуруп бергендиги жөнүндөгү кабар анын ошол кездеги түндүк-түштүк маселесин да көңүлгө аларлык чечкен адилеттигин көрсөтө алат[18, 115-б.].

5.Агартуучулук иштери. Алымбек датканын агартуучулук, кайрымдуулук, маданий жаттагы иш-аракеттерине анын медресе, мечиттерди курдуруп, мурунку салттуу мечиттерди оңдоттуруп, ошол замандын кайрымдуулугунун бир түрү катары вакф (вакуп) түзгөндүгү кирет.

Алымбек датканын бул жааттагы ишмердигин анын салдырган Ак-Медресеси ырастап турат Ал медресе Кыргызстандагы эң чоң медреселердин бири катары эсептелген. Медресенин 28 каанасы болгон. Ал жерде бир жылда 120 адам окуган. Бухарадан, Аравиядан, Самаркандан молдолор келип сабак беришкен[17, 7-б., 26, 73-б.]. Медресенин совет мезгилине чейин сакталып калган көрүнүшү эле анын Ош шаары гана эмес, Фергана өрөөнүндөгү эң кооз имарат болгондугунана кабар берип турат. Медресе бышкан кыштан салынып, сырткы кейпи жана курулуу стили боюнча чыгыштын салттуу культтук имаратына кирген. Оюм-чийимдери, жасалгасы Кокондун гана эмес, Самарканд, Бухаранын медреселеринин кооздугун кайталап тургандай кылынып салынган[11]. Медресеге караштуу ондогон соода түйүндөрү болгондугун орус булактарынан жолуктурабыз. Маселен, 1877-жылы медресеге караштуу Ош шаарында 71 соода жана кол өнөрчүлүк түйүнү болсо, 1882-жылы алардын саны 80ге жеткен, ал эми 1906-1907-жылдардагы статмаалыматтарда Ак Медресеге караштуу соода жана кол өнөрчүлүк түйүндөрү, устаканалардын саны 120 болгон[27, 50-52-бб.].

Алымбек датка Ош шаарынын Фергана өрөөнүндөгү маанисин таасын түшүнгөндүктөн шаардын ичинен да анын чет жакаларынан да бир топ жерлерди вакуф катары каттаткан. Вакуф (диний мекемелердин жер менчиги болуп, жергиликтүү тилде вакуп, вакф, вакуф, вакып деп атала берген. Вакуфтар диний уюмдардын гана эмес ири диний ишмерлердин да жер ээлиги болуп, алар «отурукташкан» жана «отурукташпаган, бош» вакуф болуп бөлүнгөн. Бардык вакуф жери ар кандай алык-салыктан бошотулган жана вакуфтарды сатууга же сатып алууга мүмкүн болбогон. Вакуфтар мамлекеттин башчысынын ыктыяры менен диний уюмга же диний ишмерге тартууланган, же ырым менен ыйгарылган, же атайын ыйык «фатфа» менен документтештирилген, же болбосо мураска калтырылган жер ээлиги болгон. Вакуф ээлиги атайын казынын мөөрү басылган «вакф-наме» аттуу документ аркылуу расмий тастыкталган.

Алымбек датка кезегинде 1859-жылы Кокон мамлекетинин жаш ханы Шах Мураддан атайын макамдаштырылган вакф-намэнин негизинде 10000 танап (1660 десятин же 1825 гектарга барабар) жер ээлигин алып, ал Ак-Медресенин карамагына өткөрүлүп берилген[3, 39-40-барактар, 4, 13-14-барактар, 5, 2,3,4,8-барактар, 6, 7-10-барактар, 27, 46-б.]. Кийин бул вакуф Абдылдабекке мурасталган. Орус оторчулук доорунда болсо Курманжан датканын кийлигишүүсү менен кичүү балдарына орус бийликтери тарабынан дагы бир жолу вакуф катары тастыкталган [27, 50-52-бб.]

Ак Медресенин бул вакуф ээлигин иштетүүдөн түшкөн каражаттар медресенин керек-жарагына, анда иштеген аалым-окутуучулардын муктаждыктарына жана медреседе окуган окуучулардын күндөлүк жашоосуна, тамак-ашына жумшалган.

Ошол эле учурда Ак Медресенин жетекчилеринин чечими менен кедейлерге, жетим-жесирлерге, мискиндерге садага берилип, көптөгөн кайрымдуулук иштери аткарылып тургандыгын булактар кабарлайт.

Алымбек датка өз кезегинде шаардыктардын диний талаптарын чечүүнүн дагы бир көрүнүшү катары атайын чечим менен шаар чегинен көрүстөн үчүн (мазар) жер үлүшүн бөлүп бергендиги жөнүндө да маалымат бар[29, 118-122-бб.].

6.Социалдык-экономикалык ишмердиги. Алымбек датканын социалдык-экономикалык ишмердигинде анын Ошту тең жарып аккан Ак-Буура суусунун эки жээгин байланыштырууга болгон аракеттери маанилүү орунду ээлейт. Аны ишке ашыруу үчүн Алымбектин чечими менен Ошто эки жээкти байланыштырган эки көпүрө курулгандыгы айтылып келет.

Ал эми шаардыктардын чарбасын өнүктүрүү максатында Төлөйкөн арыгы, Жоош арыгы, Жапалак арыгы, Баргы арыгы, Улан арыгы, Сабай арык, Анжиян арыгы, Коңурат арык, Кыдырша арык же Баргы арык (Сулайман тоосун түштүк жээгин айланта курулган Жаннат арык) болуп – баары 9 арык салдырганы Ош шаарынын өнүгүүсүндө зор орунду ээлейт[22]. Маселен, Жаннат арыктын суусу азыркы Сулайман Тоонун түштүк алдында курулган чоң мечиттин ордунда “Айдың көл” деген ак куу, өрдөктөр сүзүп жүрчү көлдү да толтуруп турчу дешет эл[11].

Алымбек датканын курдурган 9 тегирмени жана майжувазы да эл оозунда аңыз катары айтылып калган.

Датканын Ош шаарынын көчөлөрүн түздөтүп, оңдогондугу, чайханаларды, базар жана бир катар имараттарды салдыргандыгы жөнүндө да далилдүү аңыз кептер бар.

7. Алымбек датканын ишмердүүлүгүн азыркыларга болгон сабактары кыргыздын Алымбектей көрүнүктүү чыгаанынын тарыхый ордун тастыктоодогу жетинчи белги болушу мүмкүн. Анткени, азыркы эгемендүү Кыргыз республикасынын жарандары, жаштары, айрыкча өлкө башында турган саясатчылар, кызматчылар Алымбек датка атабыздын ар тараптуу ишмердигинин сабактарын өздөрүнүн кызмат абалына сиңириши абзел деп ойлойбуз.

Алымбек датканын мамлекеттин өнүгүү болочогуна карата алысты көрө билген көсөмдүгү, кыйын кезең кырдаалдарда тайманбаган баатырдыгы, “кара кылды как жарган” адилеттиги, өз элин, өз жерин жанындай сүйүп, анын өнүгүүсүнө “алтын башын сайып” койгон мекенчилдиги, байыртан келе жаткан кыргыздын “азаттык”, “мамлекеттик” идеясын туу тутуп, ошол мүдөөгө хандыктагы ички да, тышкы да саясий кадамдарын багыттай алгандыгы, чарбачылдыгы, кенендиги жана камкордугу, боорукердиги жана кайрымдуулугу, такыбалыгы жана насааткөйлүгү, айтор адамдын башына келген албан маселелердин башын ача алган даанышмандыгы бул күндөгү заманбап кыргыз муундарына сабак катары кала берет...

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×