Добавить статью
13:54 2 Апреля 2017
Бердике берендин урпагы Орунбай олуянын баяны (уландысы)
Автор: Абдырахман жана Абдырасул Айдосов

Аяздуу чилденин ортолоп калган мезгили. Сыртта ак кар, кѳк муз, суук сай сѳөгүңѳ ѳтүп, чучугуңду какшатат. Тээ айылдын тѳмѳн жагындагы, ойдуңчадан кѳрүнгѳн бир топ караан жѳѳ жалаңдап, жалгыз аяк чыйыр жол менен Орунбайдыкына келе жатышат.

Жолоочулардын ичинде орто бойлуу, ак саргылынан келген, арык чырай келин улам токтоп, эки жагын карап, бейтааныш ѳзүнѳ жат жерде баратканын сезгендей. Улам артында келе жаткан күйѳѳсү жакындап келип бас жүр, токтобо деп артынан түртүп, оорулуу келинди токтобой жолду улантууга мажбурлайт. Айылдын күн чыгыш тарабындагы бийик дѳңсѳѳдѳн кѳрүнгѳн айланасы ѳрүкзар менен курчалган жалпак там Орунбайдыкы экенин, тигил келе жаткан жолоочулар сурамжылап табышты.

Короого жакындап келишкен аларды эшик алдында отун жарып, короодогу жумуштар менен алектенип жүргѳн кызматчы тосуп алып: «Үй жакка кириңиздер», - деп жылмайды. Короодон угулган кобур-собурдан улам бирѳѳлѳр келгенин сезген Орунбай оордунан козголуп сыртка чыкты. «Аа келиңиздер, кана үй жакка кириңиздер, сыртта үшүп калган окшойсуздар», - деген Орунбай жолоочуларды үйдү кѳздѳй киргизди.

Үйдүн каалгасы ачылып, босогодон алды менен жашы жетимиштерге барып калган байбиче кирди. Кемпирдин артынан орто жаштардагы оң жагына сылтып баскан бели бүкүрү чал колундагы таягын сыртка калтырып кирди.Үйгѳ кирүүнүн кезеги жанагыл ак саргылынан келген келинге келгенде, үйгѳ кирбей босогодо туруп калды. Күйѳѳсү «Бурма, эмне туруп калдың, кирбейсиңби» дегенде, келин артына шарт бурулуп, кѳздѳрүн алайтып, күйѳѳсүн жеп жиберчүдѳй карап: «Мен кирбейм! Мен сени жейм, ѳлтүрѳм», - деп эки колу менен күйѳѳсүнүн үстүндѳгү бешмантты аткып, заматта артында турган жигитти кѳтѳрѳ чаап, эшиктин алды будуң-чаң, тополоңго айланды. Үйдүн ичиндегилер бары сыртка чыгышып, келинди тынчтандырууга аракет кылып жатышты. Эч кимге моюн сунбаган келин алдынан келгенин алдынан, артынан келгенин артынан туш тарапка ыргытып, долуланып, бир оокумда короодон чыгып алыстай бергенде Орунбай: «Тим койгула, мен ѳзүм», - деп келиндин артынан барып, колундагы аса таягы менен келинди жон талаштыра чаап ѳттү. Таяк жеген келин бир аз тынчып, Орунбайдын алдына түшүп айтканын жасай баштады.

Орунбай: «Сиздер ичкери кирип туруңуздар. Алман, кайдасың? Кел жардам бер», - деп кызматчыга үн салды. Короодо колунда ичке чынжыры бар Алман мына чынжыр деп Орунбайга бере салды. Келиндин күйѳѳсү жардамдашып оорулуу келиндин колуна темир чынжыр байланды. Колу менен буту байланган келинди үйгѳ алып киришти.

«Айланайын балам, алыстан сенин атыңды угуп, мына бүгүн бир аптадан бери жолдобуз. Кудай жалгап сага жетээр күнүбүз да болот экен. Ушул бешенеме бүткѳн жалгыз кызым, бир жылдан бери жинди болгон эмедей ушул ооруга чалдыкты. Тиги күйѳѳ балам, мына бул кудам, бир жылдан бери айлалары кетип, эмне кылууну билбей калышты», - деди байбиче.

Байбиченин айткандарын кунт коюп уккан Орунбайдын: «Чоң эне, кызыңыздын айыгып кетишине Алла Таала ѳз шыпаасын берет деген үмүттѳмүн, а мен болсо бир себепчимин. Оорукчанды үйдѳ кѳп кармап койупсуздар, аракет кылып кѳрѳбүз. Кызыңыздын айыгышына баарыбыз болгон аракетибизди жасабасак оорусу ѳтүшүп кетиптир. Кызыңыздын жашы канчада, перзенттүү болгонбу?», - деген суроолоруна, байбиче: «Ээ балам, жашы 22де, он сегизинде күйѳѳгѳ узаттым, бир уул неберем бар», - деп жооп берди.

«Анда эмесе сиздер ушул жерде 22 күн болосуздар. Араңыздардан бирӨѳ, тигил куда кишиңиз үйүнѳ бара берсе болот. Мен азыртадан кызыңызды айыктырууга киришем», - деди Орунбай. Ал кыздын күйѳѳсү менен энесин кыз турган бѳлмѳгѳ киргизип, ѳзү сыртка чыкты.

Кыз кирген бѳлмѳнүн ичи жылуу. Жерге салынган тери талпактын үстүндѳ отурган кыз апасын кѳрүп, эчкирип ыйлап жиберди. Байбиче кызынын башындагы жоолугун оңдоп, кызынын бетинен сүйүп: «Ыйлаба алдыңа кетейин, эми сен мурдагыдай болуп айыгасың. Эртең күн жылыса жайлоого чогуу чыгабыз, сен мага жардам бересиң, экѳѳбуз тээ Бүлѳлүнүн башынан терген кожогатыбызды уулуң Тагайга алып келип жедиребиз», - дед.

Кыз эмнегедир башкача боло түшүп, ак жоолугунун четине иретсиз жайылган саамай чачтарын оңдоп, жоодураган карагаттай кѳздѳрү апасына үмүттүү тигилип: «Апаке, мен чын эле айыгамбы? Мурдагыдай болобу?», - деди. Анын кѳздѳрүнѳн аккан жаш жаак ылдый куюлуп, улам байбиче сооротконго карабай, бечара кыз ыйын токтото албады.

Баятан бери жубайынан кѳзүн албай турган күйѳѳ тескери бурулуп, ѳпкѳсү кѳѳп токтоно албай, кѳзүнѳн чыккан жашты кѳргѳзбѳѳгѳ аракет кылып жатты. Бир оокумда келиндин ѳңү ѳзгѳрүп, каны ичине тартып, кѳздѳрү алаңдап чоң чоң ачылып, иреңи бопбоз болуп кубарып, ордунан ыргып туруп, алдында отурган кемпирди кѳмѳлѳтѳ тепти. Айкырып келип күйѳѳсүн алка жакадан алып, улагага баса жыгылды. Сыртта даарат алып жүргөн Орунбай ѳзүнѳ керектүү камчы, аса таякты, жардам бересиң деп кызматчы Алманды алып тигилердин үстүнѳ кирди. Орунбай дароо колундагы жылан боор ѳрмѳ камчы менен бисмилла деп кызды сабап кирди. Албууттанган келин күйѳѳсүн бошотуп, үйдүн тѳр жагына ѳтѳ чыкты.

Орунбай кызга жакындап, улам колундагы кеседеги куюлган суудан ууртап, оозу менен кызды кѳздѳй бүркүп: «Аллооху Акбар, чык шерменде чыгып кет, бул күнѳѳсүз келинде эмнең бар? Чык! Жин шайтан!», - деп болгон күчү менен кыйкырып, колундагы аса таяк менен келиндин башынан тѳмѳн карай бутунун учуна чейин ургулады. Улам ылдамдатып чапкылап, келиндин үстүндѳгү кѳйнѳгү жонунан дал-дал айрылып, камчы тийген жерлери кызыл ала кан болуп, улам камчы менен аса таяк кѳбүрѳѳк урулган сайын келин акырындап жоошуп, бакырып-ѳкүрбѳй, Орунбайдын айтканын аткарып жатты. Муну кѳргѳн эне менен күйѳѳ бала таң калышып, эне таяк жеген кызына аялуу карап: «Ай балам, акырыныраак урчу, тиги камчы тийген жерлери эмне болот» деп айткысы келди. Бирок, улам ѳзүнѳ келип, жоошуп, башындагы жоолугун оңдоп, карап тургандардан ийменип, ѳзүнѳ келе калган кызын кѳргѳндѳ, оозунан сѳзү түшүп, байкуш эне эмне кылаарын билбей турду. Бир оокумда Орунбай: «Ай Алман, келиндин колундагы кишенди алып сал, бутундагы кишенди бошотпо» деди. Ыкчам кыймылдаган Алман келиндин колуна салынган кишенди чечип, сыртка чыгып кетти. Бир аз ѳзүнѳ келген келин апасына карап: «Апаке курсагым ачты, бирдеме берсең, алым куруп, башым айланып жатат» деп апасын жалооруй карады. Бир нече күндѳн бери тамак жегенин да билбей, алдына койгон тамактарын башынан алыс ыргытып, эч нерсеге моюн бербей, жинденген кызынын тамак жейм дегенине энеси таң калып карап турду. Аңгыча Орунбай: «Байбиче, кызга эми тамакты мүнѳздѳп беребиз, күчтүү тамак берилбейт. Күрүчтү сууга кайнатып, айран кошуп 22 күн ичиребиз, мына ошондо гана кызыңыз толук айыгат. Менсиз тамак бербеңиз» деп эскертти.

Алман сырттан тамак куюлган кесени кѳтѳрүп кирди. Орунбай кызга тамакты ѳзү сунду. Колуна тийген кеседеги кордо ашты колуна дароо алып, шыпкап бир заматта ичип жиберди. Орунбай: «Эми сиз менен биз кызды күнү түнү карообуз керек. Бутундагы кишени толук айыкканда чечилет. Азырынча кызды байлап коёбуз» деди.

Ошентип арадан бир топ күн ѳтүп, кыз акырындап акыл-эсине келип, бирок кээде албууттанат, кайра ѳзүнѳ келет. Оорунун залалдарынан толук кутула албай жатты. Келгендерине он беш күндѳй болгондо Орунбай кемпирге: «Сиз үйүңүзгѳ барып небереңизди алып келиңиз, мен сизге жолго улоо таап берем», - деп кемпирге короодо байланып турган токмок жалдуу, ѳңү сүлүктѳй кара жоргону мингизип айылына жѳнѳттү. Кемпир эки күндѳ небересин алып келди. Кемпирдин үч жашар небересин кѳргѳндѳ Орунбай таң калды. Баланын атын сурады эле Анарбай деп жооп беришти. Наристенин оң жак бѳлүгү бешенеден баштап, оң кашы, кѳзү, мурундун оң жак жарымы, кыскасы атайылап тең бѳлүп койгондой бет түзүлүшүнүн оң жагы чоктой кызыл болчу. Наристе жарык дүйнѳгѳ келгенде апасын кара басып, айылдагы молдо, эмчи-домчулар келиндин жанын араң алып калган эле. Келин тѳрѳгѳндѳн кийин бир ай тѳшѳктѳ ооруп, турбай жаткан болчу. Күн суугуна алып, сыртта боз туман түшүп, күндѳн күнгѳ, ай чырайына чыгып, оорудан айыгып келе жаткан келинге наристесин алдыртканы айыгышына чоң жардамын тийгизди.Чилденин чыгышы менен келин мезгил оорусунан биротоло айыкты. Бирок, кемпирге Орунбай катуу эскертип, мындан кийин оору кайталанбаш үчүн, айрыкча күздѳн кышка ѳткѳн мезгилде келинди этияттап кароосун, үйдѳ жалгыз калтырбай, түн киргенде сыртка жалгыз чыкпоосун, ошондой эле суук түшѳѳр мезгилде дайыма жанында бирѳѳ кѳзѳмѳлдѳѳсүн ѳтүндү.

Орунбайдын мындай дегендеринин себептери бар эле. Келин тѳрѳгѳндѳ кыш чилде мезгили болчу. Тѳрѳт учурунда кара баскан келинди араңдан зорго тѳрѳтүшүп, бала менен алек болуп калышканда, келиндин айтуусу боюнча эшиктен эки сары кыз кирген. Алар келин жаткан тѳшѳнчүгѳ жакындап, бала менен алектенип жаткан кемпирге билгизбей келинди баса жыгылышып, үстүнѳн түшпѳй кыйнай башташкан. Кара терге түшкөн келин алар менен кѳпкѳ чейин кармашкан. Бир оокумда айылдын молдосу сырттан кирип, келме айта баштаганда тиги эки кыз кѳздѳн кайым болгон. Жанагы кыздар дайыма баласын жалгыз эмизип отурганда пайда болушкан. Мына ошол кыздар тууралуу күйѳѳсүнѳ айтса ал ишенбей, кайдагы жок нерсени айтпачы деп кѳңүл бурган эмес. Мына ушундай оорулуулар менен дайыма аралашып, алардын кантип ооруп калгандарынын себептерин изилдеп, жин оорусу менен ооругандардын айыгышына себепкер болгон Орунбай тез эле эл оозуна алынып, Орунбай дубана атка конду. Жин ооруга чалдыккандарды айыктырууда ѳзү дагы оңой жоо болбогон, кара жин дүйнѳсүнүн татаал, аябагандай оор, адам баласына ѳтѳ эле жагымсыз, керек болсо кээде Орунбайдын ѳзүн дагы жолдон чыгарууга аракет кылган жин шайтандардын, дѳѳ шаалары менен келишпес күрѳш алып барды.

Күн жылып, аяздуу кыш чилдесинин күчү кайтып калган күндѳрдүн биринде Орунбай жолго чыкты. Мингени ѳзүнүн кара жоргосу. Күн батышты кѳздѳй жѳнѳгѳн Орунбай тез эле Шаңколдон ѳтүп, Чечме Сайга келди. Айылдын орто ченинен агып ѳткѳн дарыяны бойлоп, ѳйдѳлѳй кеткен жолдон чыкпай, болжогон жерге келген Орунбайды үстүндѳ тѳѳнүн жүнүнѳн токулган чепкен, башында чоң селде, ак саргылынан келген, кѳздѳрү укмуштай кѳп кѳк, аппак сакалы жайкалган, колунда кызыл тобулгудан, уч жагы жыландын башынын элеси түшүрүлгѳн таяк кармаган абышка күлүмсүрѳп тосуп алды. «Мына баатыр экѳѳбүздүн жолугушар күнүбүз да болот экен, кана аттан түш тиги жерге атыңды байла. Мени менен жүр», - деген абышка жол четиндеги эски тегирменди кѳздѳй жѳнѳдү. Абышканын артынан ээрчиген Орунбай тегирмендин ичине кошо кирди. Суунун шары, тегирмендин ташынын колдураган доошу, тартылып жаткан буудайдын тозоңу, катар жыйылган каптардагы буудайды, биринен сала бирин ыкчам жеңил кѳтѳрүп, бошоп бараткан тегирмендин үкѳгүнѳ оодарып жаткан жанагы карыя бир оокумда: «Кана мындай кел», - деп тегирмендин тѳрүндѳгү секичеге салынган кѳрпѳчѳнү кѳрсѳттү. Секичеден орун алган Орунбай бир саамга эки жагын карап, таң кала, тиги абышканын жаш жигиттей ыкчам жасаган кыймылына, ѳзү менен ѳзү сүйлѳшүп, кээде кыңылдап куран окуп, эки жагына дем салып жатканын кѳрдү. Орунбай жанына келип абышканын олтурганын сезбей калды. Карыянын жанында Орунбай ѳзүн ыңгайсыз сезип, жана жолго чыкканда үйдѳн ала чыккан сары май менен буудай нанды, сыртта калган аттын үстүндѳгү куржунда калганын эстеп оордунан козголуп, мен азыр деп сырты кѳздѳй жѳнѳгѳндѳ, менин кебимди ук деп Орунбайды жылдырбады.

Карыя: «Ээ балам, бул жарык дүйнѳгѳ келгеним менде бир арман бар. Атадан жалгызмын, бирок кудайыма миң мертебе шүгүр, мен жалгыз болгон менен сендей шакиртим бар. Атадан жалгыз тѳрѳлүп, бой жетип, жыйырма экимде үйлѳндүм, бирок менин бешенеме перзенттүү болбодум. Алла эмнени буйруса ошону кѳрүүгѳ аргабыз жок, кемпирим эки жыл болду оо дүйнѳ аттанганына. Менин ата бабамдан бери келе жаткан ишти уланта турган сенсиң балам. Эртели кеч бул жалгандан баарыбыз кетебиз. Эми сенин алдыңда мурдагыдан да оор жоопкерчиликтүү иш турат. Сен мына баралыңа жетип, жашың жыйырмада. Балам, заман ушинтип эле тура бербейт, ѳзгѳрѳт, мындан башка жашоого туш келишибиз мүмкүн. Сен тез арада үйлѳнүшүң керек, сенин артыңда тукум улай турган, биздин жумушубузду уланта турган бала-чакаң болушу зарыл. Мына сен азыркы учурда баарын ѳзүң жасап, сени кудай колдоп, сыркоолуулар сенин жардамың менен айыгып эл оозуна алындың. Эми ушундан жазбай эмгектен балам. Бизге дүнүйѳ, алтын зер, мал, буйруган эмес балам. Сен байлыктын, мансаптын, бийликтин азгырыгынан этият бол балам. Бул жалганда дүнүйѳ, байлык бары убактылуу нерселер. Сага айтаарым ушул балам, сени кудайым колдосун, менин айткандарымды аткарууга аракет кыл балам», - деди. Мына ошентип экѳѳ сүйлѳшүп отурганда тегирмендин эшиги ачылып, сырттан узун шырыма чапан кийген, кара сакалы коюу, кѳздѳрү ойногон жаш жигит кирип келип, «Дубана ата, мурдагы күнү келген жүктүн ээлери келиптир, сырта турушат. Даяр болсо ундарын берсекпи дедим эле», - дегенде, карыя: «Ооба балам даяр, каласын алып, унду бер балам», - деп буйруду.

Экѳѳнүн маеги ушул жерден токтоп, сыртка чыккан Орунбай ат үстүндѳгү куржундан сары май менен нанды алып чыгып, тигил жигитке берди да коштошпой атына минип, келген жолу менен айылын кѳздѳй жѳнѳдү. Ат үстүндѳ терең ойго баткан Орунбай тигил устатынын айткандарын эстеп, кѳңүлүндѳ ѳзүнѳ ылайыктуу, ѳмүрлүк жар боло турган, бул жалгандын ысык-суугуна, аз-кѳбүнѳ, бар-жогуна ыраазы болуп бирге ѳмүр сүрѳ турган кимди кудайым жолуктураар экен деп келе жатты.

Кызыр Атанын сайынан ѳткѳн Орунбай тѳтѳ жол менен сайдын күн чыгыш жээгин бойлой, ар жерде топ топ болуп иретсиз жайгашкан кыштакты аралап жѳнѳдү. Акыркы күндѳрү Орунбайдын үйүндѳ адам үзүлбѳй, келди-кетти кѳбѳйүп, ооруп-сыркагандар улам келип оорусунан арылып, келечектен үмүт үзүшпѳй жашоо улантышты.

Демейдегидей эле эртең менен эрте турган Орунбай багымдат намазынан кийин ооруп келгендерди бир сыйра кѳрүп, аларга дува салып, ал акыбалдарын сурап, айыгып бараткандарына күндѳлүк майда барат жумуштарды дайындап, бирѳѳсү суу алып келсе, экинчиси отун даярдап, да бирѳѳ короону иретке келтирип жатты. Себеби ооруп келгендердин саны, кээде элүү-алтымыш адамга жетип, алардын тамак-ашын, керектүү нерселерди даярдоо бир Орунбайга оор келип, оорулуулардын айыгып бараткандарына жумуш дайындап, аларга ѳзү кѳзѳмѳл болуп турду. Күндѳрдүн биринде Орунбайдын үйүнѳ Улук катындын аксакал карыялары – Үркүнбай, Кожомберди, Календер, Атай, Ѳмүрзак, Чекебай, Жаныбек келип түшүштү. Короодо жүргѳн кызматкерлер, орун даярдашып, күн ысык болгондуктан ѳрүкзардын кѳлѳкѳ жерине орун даярдаттырды. Келгендер менен учурашып, алдыларына дасторкон жайдырып, тамак-аш алып келди. Аксакалдардын арасында Календер ажы сѳз алып: «Кана балам Орунбай мындай кел, атаңдын ѳмүрү кыска экен, бул жалгандан эрте кетти. Ырааматылык жайы жаннатта болсун, сени кѳрбѳй, бирок жеңебизге уул тѳрѳсѳң атын Орунбай кой деп керээзин айтканы баарыбыздын эсибизде. Эми минтип сен торолуп, эрезеге жетип, эл керегине жарап, анча мынча жасаган жумуштарың элге жагып, дубана атка конуп, ата-бабаң аркалап келген кесипти улантуудасың. Бардыгын бир жараткан ѳзү билет, кимдин эмне болоорун, мындан кийин кандай заман болоорун. Мына кылым тогошуп жаңы кылымдын он эки жылын жашап койдук. Угушума караганда ак падышанын бийлигине каршы кѳтѳрүлүшкѳ чыккандар кѳбѳйүп, беш-алты жылдын арасында заман ѳзгѳрүп, жаңы заман келип, ѳзгѳрүүлѳр болуусу мүмкүн деп жатышат балам. Кандай болот аны бир жараткан ѳзү билет, аны кѳрѳ жатарбыз. Эми балам жасаган жумушуңда эч кандай жагымсыз жери жок, бардык кылгандарың шарияттын жолуна тѳп келишип турат. Бирок, үйлѳнүп, үй-бүлѳ күтүп, бала-чакалуу болуп, артыңда из калтырышың керек. Сен биздин айтканыбызга кѳнсѳң, биз сени үйлѳндүрүп коёлу деп келдик. Эгер сен каршы болбосоң ѳзүбүздүн айылдан Кара Тагайларга тукумдаш Атакишинин кызы Гааз айымга куда түшсѳкпү дедим эле», - деди. Календер ажынын айтканын келген аксакалдар баары колдоп, баталарын беришти. Орунбай дасторкон четине тизе бүгүп олтура калып, эки колун бооруна алып таазим кыла, мейли авалар мен макулмун деди. Ошентип арадан кѳп күн ѳтпѳй Орунбай колуктулуу болду.

Жаз келип, эл жайлоого кѳчкѳн мезгил. Жаз айларынын акыры жайлоо кѳркүнѳ чыгып, Эш жайлоосу кѳк ыраң жашыл шиберге чүмкѳнүп, эл менен кошо Эшке кѳчүп келген Орунбай боз үйүн Таш Мечиттин маңдайындагы дѳңсѳѳгѳ тиктирди. Орунбай жылда ушул жерге келип конот. Келген күндүн эртеси Календер ажы ѳз балдары Мааткасым, Абдилла, Орозаалы, Ырысмаматтын үйлѳрүн ѳзү баш болуп Орунбайларга жакын жерге койдурду. Келген кошуналарга жардам берип, боз үйлѳрдү курууга ѳзү жардам берип жүрдү. Мал союлуп, түлѳѳ ѳткѳрүлдү.

Орунбай менен Календер ажынын аталары – Ата менен Жээнбай бир тууган ага-ини. Календер ѳз заманынын эр кѳкүрѳк, эл үчүн ичкен ашын жерге койгон азаматтарынын бири эле. Убагында алты ай жол жүрүп Мекке, Мединага барып ажылык милдетин аткарып, ажыдан келгенден кийин ѳз күчү менен мечит салдырып, Ноокаттан 20 үйлүү ѳзбек туугандарды кѳчүрүп келип, балдарынын туңу Абдиллабекке ѳзбек улутундагы кыз алып берип, Жаңы Базарга бек кылып шайлап, соодагерчиликти үйрѳтүп базар салдырган инсан болчу.

Календер ажынын кенже уулу Ырысмамат Орунбайдыкына келип: «Сизди ажы атам келсин деп жатат, сыягы бир олуттуу кабар айтат окшойт. Жүрүңүз мени ээрчитип кошо кел деп жѳнѳттү», - деди.

Ырысмаматты ээрчиген Орунбай ажынын үстүнѳ салам айтып кирди. «Кел дубанам, мен кечээ жума окуганы Ноокатка бардым эле. Жума окулуп бүткѳндѳн кийин имам молдолор топтолуп, ак паша тактан кулаптыр, ордуна убактылуу ѳкмѳт келиптир деген каңшаар кепти уктум. Молдо кожолордун айтуусунда, кудай ѳзү сактасын жакын арада заман ѳзгѳрѳт окшойт. Ак паша тактан куласа, ордуна башкалар келсе кандай заман болоорун кудай ѳзү билет. Баарына даяр турушубуз керек болот балам. Илгертеден тутунуп келе жаткан исламга каршы чыккандар да бар имиш деген ушактар бар. Эгер балам заман ѳзгѳрсѳ, эл ичинде кѳрѳ албаган кутумдар, саткындар пайда болушу мүмкүн. Ошолордон этият болушубуз зарыл. Бирок, сага айтаарым, иним кандай гана ѳзгѳрүүлѳр болбосун азыркы кѳз карашыбыздан, аткарган жумушубуздан тайбай, ислам үчүн ѳмүрүбүздүн акырына чейин кызмат кылуубуз керек болот», - деди. 

Мына ушундай кабардан кийин туура ойлонуп, эл арасында үгүт-насаат иштерин мурдагыдан да күчѳтүп, ак падышаны кулаткандар кудайдын жолунда жүрбѳгѳндѳр экендигин элге түшүндүрүп, дайыма эл менен чогуу болушту. Күрдѳѳлдүү күз келип эл жайлоодон жакага кѳчүп келип, эгин жыйналып, кышка даярданып жаткан күндѳрдүн биринде убактылуу ѳкмѳт куулуп, ордуна кедей дыйкандардан куралган жаңы ѳкмѳт келиптир, аларды Ленин деген башкарат экен деген каңшаар кеп эл арасына таркады. Ошентип арадан үч жыл ѳтүп, Кеңеш ѳкмѳтү биротоло орноп, башка заман башталды. Акырындап эл ичинен чыккан бай кѳпѳстѳрдү, соодагер, оокаттууларды четинен кулакка тартып, кедей-кембегалдардан активисттер чыгып, ѳз бийликтерин жүргүзѳ башташты. Бирок, айылда мурдагыдай эле Орунбай кѳнүмүш адат болуп калган табыпчылыгын уланта берди.

Барган сайын «жаңы заман ѳз күчүнѳ кирип, Ноокатка орустар келиптир, бардыгы курал-жарактуу, мурдагы акимдерди иштен алып ордуна ѳздѳрүнүн адамдарын коюп жатат. Ал гана эмес кезек эми атактуу молдо, имамдарга келип, алардын иштерине да кийлигише башташыптыр. Каапырдын жүзүн кѳрбѳйүн деп атактуу молдо кожолор тоо ташка, качып эл аралай албай калышыптыр» деген кептер эл арасында күндѳн күнгѳ кѳбѳйүп, уккандын үрѳйүн учуруп жатты. Жогорудагы кѳрүнүштѳр Улук Катын элине да келип жетти. Жаңы Базарга орустар келип, атчан жыйырмадай орус тез атар мылтык, кылыч менен куралданган, алдынан чыккан кепке сѳзгѳ кѳнбѳгѳндѳрдү ордунда кылычтап же атып салып жатышкан экен, эми бизге да кезек келген сыяктуу дешип айылдын молдо имамдары, кѳчѳгѳ чыкпай мечитке да бара албай калышты.

Жума күн болчу, айылдын этегиндеги мечитке асир намазын окуганы келген Жумаш даарат алып, мечитке кирип азан айтты. Намазга келген бир нече аксакалдар менен чогуу намаз окуган Жумаш намаз окулуп бүткѳндѳн кийин мечитте калып, мечитти иретке келтирип, тигилерден бир аз кийинчерээк сыртка чыгып, үйүн кѳздѳй жѳнѳдү. Мечиттен эми эле узай бергенде күн батыш тараптагы бѳрү арыкты бойлой он чакты атчан чыга келди. Жумаш бул дүйнѳгѳ келгени тиги ат үстүндѳгү адамдарды биринчи жолу кѳрүшү. Тиги атчандар Жумашты кѳрүшүп, аттарына камчы басышты. Жумаш башындагы селдесин колуна кармап, тез-тез басып, айылды кѳздѳй жѳнѳдү. Артынан жетип келген тигилер Жумаштын алдын тосуп, токтоого мажбур кылды. Ат үстүндѳгү шыңга бойлуу, ак саргыл жүздүү, кѳк кѳздѳрү ойноктогон каапыр бир нерселерди бакылдап айтып жатты. Жумашка жакындап келген бирѳѳсү кылычын кынынан сууруп, чабууга аракет жасады эле, да бирѳѳсү токтотуп койду. Тигил биринчи кѳргѳн каапыр Жумашты жолун торобой жѳнѳ дегендей ишаарат кылды. Жумаш айылды кѳздѳй чуркап жѳнѳдү. Бир убакта артынан атылган мылтыктын үнү чыгып, Жумаш кыбылага жүзүн буруп кулап баратты. Башындагы селдеси жайылып, Жумаштын жүзүн каапырлардан жаап кѳрсѳтпѳй калды. Канга боёлуп жаткан Жумашты иниси Айдос күн батпай айыл четинен таап, бакырып боздоп эки жагын элеңдей карап, коркуп араңдан зорго атка артып, айылды кѳздѳй жѳнѳдү. Мына ошондон баштап айылда алаамат башталды, эл тоо-ташты кѳздѳй качып кыштоого кыштай албай калышты.

1937-жылдын жайы. Улук Катын элинде эле эмес башка жактарда эл душманы деп эр азаматтарды четинен кармап, камап жатышты. Мына кезек Орунбайга да келип жетти. Жаңыдан Жаңы-Базарга Сельсоветтин тѳрагасы болуп шайланган улук-катындык Баатыр менен Ашым, НКВдыга молдо кожолордун баарын карматып, каматып, мечиттерде намаз окутпай, эл кѳчѳгѳ чыккандан коркуп калды. Күндѳрдүн биринде Ашим менен Бакир биригип алып, айылдагы бекинип жүргѳн Кубат уулу Тѳрѳнү каматышты. Мал-мүлкүн талап-тоноп жок кылышты. Муну кѳргѳн эл экѳѳнѳ кыжырданышып, бирок айлалары жок, заман ошол саткындардыкы. Түн бир оокумда Орунбайдын эшигин бирѳѳ каккылады. Орунбай кичүү уулу Караматты ким экенин билип кел деп жумшады. Сыртка чыккан Караматты Орозаалы күтүп турган эле. Эки жагын абайлай караган Орозаалы акырын сүйлѳп: «Орунбай акеме айт, бүгүн түнү менен тоого барып жашынсын. Эгер жашынбаса Ашымдар эртең кармап кетет экен», - деди. Ошол күнү Оштон дагы бир шакирти качып келген эле. Түнү менен жолго камынып, жѳнѳп кетишти. Алчалуу тоосун ѳрдѳп, Сасык булактан ѳтүшүп, Сары-Таштын тескей бетиндеги калың чердин ичине кирип жашынышты. Он беш күндѳй тоого жашынып жүргѳн Орунбайларга эки күндѳ бир кичүү уулу Карамат түн киргенде тамак жеткирет. Ашымдар Орунбайдын үйүн күнү түнү кайтарууга ѳтүштү. Бир күнү каш карайганда эле тоону кѳздѳй жѳнѳгѳн Караматтын артынан жѳнѳгѳн Ашым Орунбайлардын каерде жашынгандыгын НКВдыга билдирди. Бир нече атчан солдат эртеси Орунбай менен шеригин кармап түшүштү. Эки күн мал сарайга камап, үчүнчү күнү айдап жѳнѳштү. Улук-Катындын эли ат арабанын артына байланган эки туткун менен коштошуп жатышты. Чекебайдын коргонунун жанынан ѳтѳ бергенде үйдѳн сыртка чуркап чыккан Үсѳн апасы Назирага солдаттар Орунбай дубананы алып кетип жатышат дегенде, Айдос байбичеси Назира экѳѳ тигил байлангандарды кѳздѳй жѳнѳштү. Дубанам кудайдан үмүтүңүздү үзбѳңүз, бул жер жуткурларга да кудай бардыр, деп экѳѳ тең Орунбайдын этегине тооп кылып жатышты.

Орунбай арабакечтен бир азга токтотууну суранды. Араба токтогондо Орунбай Айдоско кайрылып: «Биз кудалашып бир кызымды сизге келин кылып берейин дедим эле. Ал кызымдын калыңын да тѳлѳп койгонсуздар, эми насип эмес экен, тигил кызым башка бирѳѳгѳ турмушка чыкты. Силерден карыз болуп калдым, кѳзүмдүн барында силерге кичүү кызым Авазды берейин. Азыр он жашта, убагы келсе келин кылып алыңыздар деди. Кудай алдында мен ыраазымын, сиздер да ыраазы болуңуздар деп», - деп коштошту. Апасы Гааз айымдын жетегинде жүргѳн Аваз ошентип Айдоско келин болду.

Орунбайларды узатып жаткан элге ыраазы болгон дубана: «Кош болгула, жакшы-жаман айтсам кечиргиле, мен элим силерден эки дүйнѳ ыраазымын. Ал эми тиги эл саткындарга кудай бар, бирѳѳсүнүн мойну үзүлѳѳр, бирѳѳсү кѳргѳ батпайт», -  деп эл менен коштошту.

Эртеси аларды Ошко алып барып, ѳздѳрүнѳ кѳр каздырышып, казылган жердин четине катар тизишти. Кыр-Арыктан келген көп солдат баарын атып салышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.
Закрыть
X
Для размещения комментария авторизуйтесь