Добавить статью
15:48, 10 сентября 2018 25481

«Мурас»:Аймактарды ѳнүктүрүү жылына жана Ноокаттын 90 жылдыгына карата

Автордун грамматикасы менен стили сакталды

Кыргызстан Борбордук Азиянын ортосунда жайгашкан демократиялык светтик республика, тарыхый баалуулуктар адам укуктары корголот. Анын ичинде динге, кудайга ишенүүгѳ тоскоолдук түзүлбѳйт. Республиканын түштүгүндѳ кѳптѳгѳн касиеттүү ыйык жерлер бар, мисалы Кыргызстандын экинчи борбору Ош шаарында дүйнѳ жүзүнѳ таанымал ислам дүйнѳсүнүн ыйык жерлерине кирген Сулайман Тоо маданий туристтик комплекс жайгашкан. Ал жерге жыл бою дүйнѳ жүзүнѳн миңдеген зыяратчылар, жѳнѳкѳй туристтер келип турушат. Ошондой эле деңгээлден кем эмес, ѳзүнүн убактысын күтүп жаткан касиеттүү ыйык жерлер кѳп.

Биз сѳз кыла турган аймак — Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ош шаарынан 45 км аралыкта, Ноокат районунун Ноокат шаарынан 5 км аралыкта, Жаңы Ноокат айылынын түштүк тарабында Чили Сай дарыясынын боюнда маданий, тарыхий, диний обсерваториялык бир нече ыйык касиеттүү жерлерди ѳзүнѳ камтыган Сахаба комплекси жайгашкан.

Элдик уламыш: Ноокаттын Жаңы-Ноокат айыл аймагы «Сахаба» ыйык багы менен Орто Азияга белгилүү (фото)

Комплекс дегенибиздин себеби, бир жерде аскадагы байыркылардын 486 кв метр аянттагы ыйык салам каты, Ислам дүйнѳсүнүн сахабаларынын бейиттери, ислам дин таркатуучуларынын улуу кол башчылары Кутейба ибн Муслим менен Убайдулла бин Зияттын мовзелейи жайгашканы, Кароол-Дѳбѳ мазары, Сурпа-Таш(Супура) мазары, Байыркы Чыны завод эстеликтери жайгашкан.

Сахаба

Байыртадан Сахаба аймагы коопсуздук стратегиялык жактан ѳзгѳчѳ жерде жайгашкан. Айланасы тик аска зоо, тар капчыгай баш жагы алыскы Алай ѳрѳѳнүндѳ жана тоодон келген дарыя суу болуп, коргонгонго ылайыктуу тик аска зоо. Байыркы убактан бери атайын бир максат учун колдонгонго, жайгашканга ылайыктуу жер болгон. Бул жер стратегиялык жактан ыңгайлуу болуп чоң армиялардын штабы, соода сатык кылган ишкерлердин Кербен сарайы, Улуу жибек жолунун тоому болуп келген. Ошол себептен, кичинекей аймакта кѳптѳгѳн тарыхий, маданий,диний, илимий жерлердин очогу, борбору болгон.
Жергиликтүү элдин маалыматтарына караганда Чынгызхандын армиясы ошол жерде токтогон, баш ийбегендиги үчүн жергиликтүү тургундарды кырып салган. Бабурдун келгендиги жѳнүндѳ да маалыматтар бар. Сахаба сейил багынын түштүк тарабында , Чили –Сай аска- ноосунун бетине сүрѳт жазма чегерилген. Ошол тоону тең экиге бѳлүп чыгыштан батышты карай аска экиге ноо түрүндѳ бѳлүнгѳн. Ошондуктан аны жергиликтүү эл Кескен бел деп аташат. Чындыгында, аны ким кескен эмне менен кескен эч ким билбейт.

Динчилердин айтуусуна караганда, аны Азиретаалы, же болбосо Мухаммед (САВ) пайганбар кескен дешет. Бул жердин чыгыш – батыш кууш капчыгай ноосун, Азретаалы, Чили – Сай капчыгайына тосулган сууну бүбү Аминага агызып берүү үчүн кылычы менен кескен экен дешсе, кее бири ошол тар капчыгайдагы кескен ноону Мухаммед ( САВ) пайгамбардын кылычынын изи деп божомолдойт. Ал эми, мандайдагы аскадагы кѳп сандаган аттын такасына окшогон айланаларга келгенде душмандар ороп калганда бийик зоо аркылуу Мухаммед (САВ) пайгамбарды ала качып чыгып кеткен дулдулдун изи экен деп билишет жана ага сыйынышат.

Сахаба (3)

Сахаба (4)

Бул жердеги аска-ноону жергиликтүүлор «Туяк» деп да аташат. Бул жерге келип тооп кылуучулар ѳтѳ кѳп. Жайдын күндѳрү күнүгѳ 200- 300 го жакын киши келип турат. Азыркы күндѳгү геологдордун айтуусу боюнча бул аска- ноо мындан бир нече миллион жыл мурун бүтүптүр. Алар бул кѳрүнүштү геотектоникалык граниттик кыйроодон пайда болгон деп айтышат.
Чили –Сай аска- ноосу –керемет ноо, тик кесилген ноо, ак мармар таш ноо. Анын жалпы узундугу 2,5 км, туурасы 9-10 м, бийиктиги 45-50 м. Биз сѳз кылып жаткан сүрѳт жазма байыркылардын Ноодогу каты, аска ноонун түштүк бетине чегелиптир, анын кан жол жак Чили- Сай дарыясы жак булуңуна тартылыптыр. Бул сүрѳт жазма асканын бетине 486 кв чарчы метрге барабар. Сүрѳттѳлүштүн бийиктиги жерден 3 – 3,5 метрден башталат. Бул жерди байыркылар ааламды, асманды элестетип тартышкан , ай күн жылдыздардын элестерин чагылдырышкан. Бул сүрѳттѳлүштѳр байыркы адамдардын жашоо мыйзамы , астраномиясы, астралогиясы, бай мурасы, философиясы, ай күн санагы, күнүмдүк колдонуучу календары.
Турмуштук зарылчылыгынан ошол жер илимий маданий аалам космос мейкиндигин асман картасын изилдей турган борбор обсерватория болгондугу чындык. Бул эстеликтин илимий баалулугуна, кѳркѳм маданий кереметтүүлүгүндѳ шек жок. Байыркылар Фергана ѳрѳѳнүнѳн алыскы жерлерден келишип, ай күн жылдыздардын тогошуусун, быйылкы жыл кыш, жаз, жай, күз кандай болоорун, аба ырайынын кубулуштарын ушул сүрѳттѳлүштѳр аркылуу изилдешип бай маалыматтарды алып кетип турушкан.

Сахаба (2)

Ноодогу кат сүрѳт чиймелери атайын тургузулган татаал курулуштардын жардамы астында бүтүргѳндүгү кѳрүнүп турат. Байыркы курулушчулар чыгып иштѳѳчү секиченин туурасы кеминде 30 метрдей, ал эми бийиктиги 45 метрдей болсо керек. Кѳптѳгѳн атайын устундар, тирѳѳчтѳр орнотулуп, жѳлѳгүчтѳр койулуп, иштѳѳгѳ ылайыкташтырылган атайын секичелер курулган сыяктуу. Бул жерди алар ондогон жылдап бүтүргѳндүгү кѳрүнүп турат. Сүрѳттѳлүштѳрдү бир адам эмес бир нече бригада атайын курал жабдыктар менен оюп жасаган сыяктуу.
Асканын бетиндеги саймалардын графикалык абалдары, бѳлүкчѳлѳрү градусттук бирдиктери, кѳлѳмү, чоңдук аянты кѳп жылдык эмгекти талап кылган. Бул кѳлѳмдүү ишке кѳп каражат жумшалып кандайдыр бир мамлекеттин пландуу тапшыруусу болбосо аткаруу кыйынга турмак. Бѳтѳнчѳ ноонун дал ушул жерин чегүү да максатка ылайыксыз болмок.
Асканын астынан караганда даана бир топ сүрѳт кѳрүнѳт, бийиктеген сайын кѳрүнбѳй калат. Асканын бетине чыгуу ѳтѳ чоң кѳйгѳйдү жаратты. Аска тик чыгып бир аз саландап турат . Аркан менен үстүнѳн түшкѳндѳ аскага жетпей каласын. Асканын бетине үстүнѳн тѳмѳн карай 600 метр аркан жип тарттык жана андагы тегиздикти белгилүү квадраттарга бѳлдүк, бирок биздин иштѳѳ ыкмабыз ѳтѳ кооптуу болду. Мындан тышкары ишибизге кошумча ыкмаларды коштук. Курулушчуларга жогорку кабаттуу үйлѳргѳ жүк алып берүүчү жана ремонт иштерине колдонуучу авто кранды колдондук. Натыйжада ишибиз жеңилдей түштү. Ошентип жогорку бийиктике жеттик. Башкача айтканда бул биздин биринчи ийгилигибиз, биринчи түшүнугүбүз, бир жерде туруп иштѳѳ мүмкүнчүлүүнѳ ээ болуп жакындадык жана сүрѳттѳлүшкѳ биринчи бетме – бет келдик.

Аска бетиндеги сүрѳт- жазмалар кѳз алдыбызда турду. Ушундай эле булардын ар түрдүү ѳлчѳмдѳрүн, чегилиш ыкмаларын, күн күйгүзүп, шамал жойгон түстѳрүн формасын кѳлѳмүн, кенсиздикте жайлашуусун санын, жайгашуу иретин кѳрүүгѳ мумкүнчүлүк алдык. Биринчи чийме жайгашкан аянтты тактадык. Чиймелердин квадраттык бирдиктерин частоттук абалдарын ошондой эле градусттук калыбын белгиледик. Натыйжада аскадагы чиймелердин кординаттык абалдары белгиленди. Биринчилерден болуп чиймелердин формасын, геометриялык абалын карап чыктык натыйжада кѳп түрдүү форма бар экендиги такталды.

Булардын биринчи түрү күнгѳ терен күйүп, шамал жеп, чаң – ылай баскан чиймелер эле. Буларды байкоо ѳтѳ кыйынга турат. Чиймелердин экинчи түрү күнгѳ терен күйгѳн ѳчүп бараткан сызыктар, булар аска бетинин 3,4,5 метр бийиктигинде кездешет. Кѳбүнчѳ урап калган сызыктар, терең реставрацияны талап кылат. Чиймелердин үчүнчү түрү сакталышы жагынан так дана кѳркѳм сүрѳттѳр. Ушул чиймелерге таянып кѳп нерсени чечүүгѳ болот. Чиймелердин тѳртүнчү түрү кара дат баскан ар түрдүү формалар бул чиймелер кѳбүнчѳ асканын жогорку жактарында 20, 30 метр бийиктикте кездешет.
Жогору жактагы чиймелерди капыстан таап алдык. Асканын бетине суу чачсак кургап баратканда кѳрүнѳт, кургагандан кийин кѳрүнбѳй калат. Утуру суу чачып кургап баратканда тартып алып жаттык. Ноодогу кат сүрѳт чиймелери формасы, чоңдуктары кѳлѳм айрымачылыктары бойунча кимди болсо да кызыктырбай койбойт. Алар тоголок , жалпак, мүйүз, кѳкѳр, ийри сызыктар, сынык сызыктар формасында кезигет. Кѳбүнчѳ айлана, жарым айлана, эллпис түрүндѳгү сүрѳттѳлүштѳр.
Ноодогу кат сүрѳт чиймелери ою чегүү ыкмасы да ар түрдүүлүгү менен айрымаланат. Бир сүрѳттѳлүштѳр терең басып оюлган кее бири анче эмес оюлган. Ноодогу кат сүрѳт чиймелериндеги сызыктардын кее бири жайык , жука, кенен тартылган. Чийүү ыкмалары да ѳтѳ чеберчиликти талап кылган. Атайын билимдүү компоновка, композиция, геометрия, перспектива закондорун билген адистер иштеген сыяктуу. Чиймелердин кичинеден чоңго карай, эң жогорку чектен баштап, туурасынан тобу менен тартып келип кайра бир четине жеткенде, спирал түрүндѳ кайра башынан башталган. Айрым жерлерде колдонулган инструменттердин издери батып калган.

Ноодогу кат сүрѳт чиймелериндеги жайык сызыктар терең сызыктардан кескин айрымаланат. Булардын тереңдиги 01, 03 миллиметрге, кеңдиги 4/5 миллиметрге чейин жетет. Ошондой эле бул жерде сынык сызыктардын узун кыска түрүндѳ да кезигерин айта кетүүбүз зарыл. Булардын узундугу 5 метрден 20 метрге, ал эми кыскасы 1 метрден 4 метрге чейин жетет. Бул сызыктардын бардыгы жалпы композицияны толуктап турган сыяктуу. Ар бир сүрѳт чийме точка кичинекей тире, айлана, жарым айлана, үстүнѳ астына койулган белгилер олуттуу бир нерсени туюнтат. (Айта кетүүчү нерсе, ушул керемет эстелик, жергиликтүү сүйүү каармандарынын ,алыс жакындан келген зыяратчылар, туристтер тарабынан талкаланып жатат).
Ноодогу кат сүрѳт чиймелеринин байыркылардын катынын, аска зоонун кууш капчыгайына жайгаштыруусу, кууш капчыгайга кескен белдин ноонун перпендукуляр жайгашып калуусу жѳн жеринен эмес. Бул аска –ноо андагы эки чокуга учташ. Эки учтун горизонттук абалы 800 метрге барабар. Анын эки жаасы аталган горизонтко болгон байланыштыгы,жарыктын жылыштыгына байланыштыгы кѳрүнүп турат. Бул байыркылардын обсерваториясынын шастисин, бурч ченегичин элестетип турат.
Биз сѳз кылып жаткан Ноодогу кат сүрѳт чиймелеринин бет мандайында түндүк жагында жайлоого кеткен жол менен Чили –Сай дарыясынын ортосунда кичинекей дѳңсѳѳ аска бар. Ошол асканын түндүк жана түштүк тарабында жергиликтүүлѳрдүн айтуусунда эки үңкүр болгон. Азыркы күндѳ түндүк жагындагы капшытында үңкүрдүн үстүнкү бѳлүгү сакталып калган. Жайлоого жол салуу кезинде бузулган деп айтышат. Жергиликтүүлѳрдүн айтуусунда бул эки үңкүрдүн оозу ак таштар менен жабылып турган дешет.

Бул үңкүрлѳрдүн колдон жасалгандыгы кѳрүнүп турат. Тилекке каршы азыр бул үңкүрлѳрдү кѳрүүгѳ болбойт, анткени азыркы күндѳ анын томунда жаңы салынган жол жатат. Баштапкы жѳѳ жалаң жол дал ушул асканын үстүнѳн ѳткѳн жана ал Чили –Сай дарыясын бойлой кеткен. Кийинчереек колхоз, совхоздор жайлоолорго жол салууну чечишет. Жергиликтүү инженерлер асканы жардырышат, ошол кезде үңкүрлѳр жок кылынат. Жардырган кишинин атын жергиликтүү тарых сүйүүчүлѳр аскадагы баалуу каттын үстүнѳ чегеришет.

Бул колдо чабылып жылмаланып жасалган үңкүрлѳрдүн Ноодогу кат сүрѳт чиймелеринин капшытында жайгаштырылышы жѳн жеринен эмес. Жалпы бир архитектуралык курулуш обсерваториялык комплекстей туюлат.
Ноодогу кат сүрѳт чиймелери – элибиздин азыркы күнгѳ чейинки илим билим башаты, аалам, асман таануусу, маданияты, философиясы, нарк насили. Ушул аймактын Сахаба аталып калышы жана канатташ тѳмѳнкү ыйык жерлердин бир жерде жайгашып калуусу жѳн жеринен эмес, бул жерге окшогон маданий, тарыхий, диний комплекс Борбордук Азияда эч жерде кездешпейт.

Ошондой эле ушул тарыхий шедеврге канатташ бир аз тѳмѳнүрѳк Кароол –Дѳбѳ, Сурпа- Таш ата (Супура), Сахаба мазары ислам Сахабаларынын кабыры мовзелейи, Чыны-Завод эстеликтери жайгашкан. Кароол –Дѳбѳ эстелиги байыртадан эле белгилүү. Аны биринчилерден болуп Санкт- Петербургтук окмуштуу Заднепровский ачат. Эрмитаждагы бай экспонаттардын бири болгон жакут булбул сырга, байыркы фароондордун таажысына коюлган алтын короз Кароол –Дѳбѳдѳн алынып барылат. Кароол-Дѳбѳ мүрзѳ эстелиги бир кезде ѳткѳн фароон падышанын кабыр сарайы болгон. (Азыркы күндѳ Алтын короз таажынын ээси Сахабада жашайт 150 рублге менчике күбѳлѳндүргѳн квитанциясы колунда) Эрмитаждан алтын корозду алып келүү биздин ыйык милдет. Илимде ѳтѳ баалуу Кароол-Дѳбѳ кабыр сарайы чачылып жок болууда археологиялык тактоолорго,корука алууга муктаж .

Сурпа-Таш ата мазары ушул эле чѳлкѳмдүн түндүк – чыгыш чегинде жайгашкан. Ал жерде таш үймѳк жана атайын таштан тизилип жасалган туурасы 25 метр узуну 28 метр аянтчанын бардыгы тура келет. Ѳзгѳчѳ таш үймѳктүн үстүнѳ чоң жалпак таш койулган. Тѳрт таштын бетине арабча жазылган. Бул таштар жергиликтүүлѳрдүн айтуусунда Сахаба кѳрүстѳнүнѳн алынып келүүсү да мүмкүн.
Сахаба чѳлкѳмүндѳгү ташка жазылган араб жазуулары 500-600дан ашат. Эгер бул таштарды толук чогултуп кайрадан окуп чыккан болсо, элибиздин бай тарыхы Ноокат тарыхы дагы айкын боло түшмѳк. Булардын жѳнѳкѳй адамга арналбагандыгына тарых күбѳ. Маселен мындай жазуулардын бири Сахаба кѳрүстѳнүндѳгү бир бейитке коюлган таш кылыч, андагы маркумга карата чегилген диндик түшүнүк. Сахаба кѳрүстѳнүндѳ араб жоокерлери койулган ал бейиттердин бетинде таш менгирлер жайгаштырылган ар биринин бетине арабча жазуулар калтырылган, бул жазуулар ислам илимпоздору тарабынан изилденүүгѳ окулууга муктаж.

Борбордук Азия Сахаба кѳрүстѳнүндѳгү эки мавзолей кабыр божомол боюнча 715- жылдарга таандык. Бул мавзолей кабырга ислам илимпоздорунун айтуусунда Аравиядан келген колбашчы Улуу инсан ислам динин Борбордук Азияга таркатуучу Кутейба ибн Муслим коюлгандыгы анык.

Кутейба ибн Муслим 668- жылы Иракта Басрада туулган. Кутейба ибн Муслим арабдардын бахилит уруусунан чыккан. Араб халифатынын дин таркатуу жоортулдарынын атактуу кол башчыларынын бири болгон. Согуш чеберчилигин жакшы билгендиги уюштуруучулук жѳндѳмдүүлүгүнүн натыйжасында Хорасанды 704- жылы башкаруучулукка дайындалган. Арабдардын Борбордук Азияга мусулман динин таркатуу ишмердигин уюштурууну аны жетектѳѳнү ѳз мойнуна алган жана ийгиликтүү аягына чыккан.

Айрыкча Мавераннахрды каратууда фантастикалык ийгиликтерге жетишкен. 708- жылы Кешти багындырган, 709- жылы Бухараны, 712- жылы Хорезм Самаркандды, 713- жылы Чач (Ташкентти) багындырган, 714- жылы Фергана ѳрѳѳнун багындырган. 715- жылы ошол кездеги жаңы шайланган халиф Сулайман менен пикир келишпестиктер болуп араб кутунчулары тарабынан Фергана ѳрѳѳнундѳ, Ферганадан 35 фарсак чыгыш чѳлкѳмдѳ тоонун түбүндѳ ѳлтүрүлгѳн деген маалыматтар бар. Кутейба ибн Муслимдин Ѳзбекстан аймагында болжолдуу бир нече жерде мовзолейи бар.
Эмне үчүн Кутейба ибн Муслим Сахабада койулган. Мусулмандардын эң ыйык Сахаба аймагы Фергана ѳрѳѳнүндѳ жайгашкан. Сахаба деген аталыш Борбордук Азияда башка жерде кездешпейт. Борбордук Азияда Сахаба бейитинде гана араб жоокерлеринин койулгандыгы. Тарыхий маалыматтарда Кутейба ибн Муслим Ферганадан 35 фарсак чыгыш тарапта тоонун түбүнѳ койулган деген маалыматтар бар. Сахаба бейитинде араб жоокерлерине койулган таштардагы маалыматтарда, арабдардын биринчи жоортулдарында койулган таштардагы жазууларда качан ѳлгѳндүгү датасы жазылган эмес, кийинкилерде датасы койулган.

Арабдардын биринчи жортуулдарындагы кийинки жортуулдарындагы коюлган мүрзѳдѳгү таштардагы жазууларга караганда Сахаба туруктуу аракеттеги генералдык штаб болгон сыяктуу. Арабдардын бардык жоортулдарында жоокерлерди Сахаба бейитине койгондугу. Мусулманчылык Фергана ѳрѳѳнүнѳ Кыргызстанга ушул жерден таркагандыгы далил болуп турат. Ушул жерде биздин заманга чейинки биринчи кылымдарда чегерилген сүрѳттѳлүштѳрдүн бардыгы. Фароондордун энбелги алтын короз таажысынын Сахабадан табылгандыгы. Жакут волфрам сырганын Сахабада чыккандыгы. Ачык асман алдындагы обсерваториянын ушул жерде жайгашканы. Байыркы Кытай Чыны заводунун ушул жерде жайгашканы. Чынгыз хандын, Бабурдун келгендиги.

Экинчи мавзолей кабырга колбашчы Убайдулла бин Зият коюлган деген божомолдор бар. Сахаба кѳрүстѳнүндѳгү араб жоокерлери коюлган бейиттер, жана Улуу колбашчылар коюлган мавзолей кабырлар кароосуз калган, реставрацияга муктаж. Араб жазуулары бар таштарды жергиликтүү тарых сүйүүчүлѳр үйлѳрүнѳ алып барып койуп алгандыгын да айтышат. Жергиликтүү молдо Сахаба бейитинин бир капшытына 1937 жылдары кѳптѳгѳн арабча жазылган таштарды НКВД дан жашырып түн ичинде кѳмдүрүп жибергендиги тууралуу 90 жаштагы карыя айтып берди. Эртеси күнү молдону репрессиялап жиберген. Жайдын күндѳрү Самарканд, Андижан, Тажикстан тараптан зыяратчылардын аягы үзүлбѳйт. Алар дагы кур кол кетишпейт.

Ноодогу кат сүрѳт чиймелерин изилдегенде Чыны –Завод маалыматтарына кѳңүл буруубуз зарыл. Заводтун аянты 1- 1,5 гектар жерди ээлейт. Ошондой эле анын бетин качандыр бир учурда анда иштетилген заттын калдыгы узуну 35 - 40, туурасы 15 - 20, тиги 7 - 10 см келген от кыш калдыктары каптап жатат. Байкашыбызча бул жерде затты бышырышкан эмес, жогорку температурадагы ысыктыкта зат эритип алышкан. Байкашыбызча заводдун кѳп бѳлүгү жер астында жайгашкан. Ал жерде иштетилген зат калдыгы жѳнүндѳ сѳз козгогондо анын геохимиялык элементи байыркы Кытайлардын чыны жасоочу фарфор минералына окшобостугу, тескерисинче кѳк жашыл дат баскан жез күлү шлагы экендиги талашсыз. Натыйжада бул түшүнүк Ноокат ѳрѳѳнүндѳгү тоолордон жез рудаларын казып келип эритишкен деген тыянак чыгарууга болот.
Ошондой эле Сахаба аймагынын батыш багытынан орун алган тоо таштар, азыркыга чейин катар тизилип турушат, бири- биринен 50 - 60 метр аралыкта. Бул таштар да Ноодогу кат сүрѳт чиймелеринин бир комплекси.
Байыркылар Ноодогу кат сурѳт чиймелери жайгашкан асканы, Ноодогу кат чѳлкѳмү, Ноодогу каттан келдик, Ноодогу кат аймагы, Ноодогу катка барабыз деп колдонуп жүрүшүп Ноокат аталып кеткен.
Байыркылардын бизге жазып кеткен аска зоо бетиндеги салам катын келечектин илимпоздору так даана аныктап беришине күмѳн жок.

Ноодогу кат сүрѳт чиймелери жана андагы астрономиялык туюнтмалары Сахаба бейит кереметтери элибиздин байыркы баа жеткис мүлкү, келечектеги муунга энчиленген энциклопедиясы дей кетмекчибиз. Жалпы алганда бул кереметтер тез арада изилденүүгѳ терең реставрацияга муктаж. Азыр ушул долбоордун үстүндѳ тарыхий чоң иш журуп жатат, тарыхий акыйкаттуулук ордуна келиш керек . Эн негизгиси бул аймак Кыргызстан тарыхында, Борбордук Азия тарыхында, Ислам дүйнѳсүнүн тарыхында,Дүйнѳ жүзүнүн тарыхында ѳз ордун ала турган жер.Ѳз салымын кошом деген инсандарга биз кызматташканга даярбыз.

сахаба комплекси
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×