Добавить статью
15:25, 3 декабря 2020 1817

Мурас:Манастын философиясы

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат. Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Вышла в свет книга Жумагула Сааданбекова
«Философия «Манаса» и Чингиза Айтматова»
Ее кыргызский перевод издается в 2021 году
ниже публикуется резюме автора о книге
Манастын философиясы” 

Дүйнөдө көптөгөн эпостор бар. Алардын ичинен бизге кеңири белгилүүлөрү гректин «Одиссея» жана «Илиада» эпостору VIII-VI кылымдарда жаралган бирок, азыркы заманда ушул эпостор тарыхый эстелик гана катары каралып, Грециянын, Европанын музейлеринде, библиотекаларында сакталып турат.

Ал эми «Манас» болсо, бүгүн да элдин калың катмарынын эң керектүү руханий талабы. Ал тургай жалпы улуттук саясий ураан болуп да жашап келет, аны укканада кары дебей, жаш дебей ыйлайт, күлөт көп азаптуу турмуштун өксүктөрүнө жооп издейт.

Эмне үчүн Гомердин атактуу эпостору күнүмдүк маданий актуалдуулугун жоготту, а «Манастын» байыркы мааниси күнү бүгүнкүдөй, кыргыз улуттук маданиятынын уюткусу болуп турат?
Эпос деген мифологияга оролгон, таңгакталган улуттук тарых. Эгерде тийиштүү тарыхты камтыбаса, элдин эркинидиги, аман сакталып калыш үчүн талыкпас күрөшүндө туу болуп бербесе, ал баатырдык эпос эмес, жөн эле жомок.

Атактуу “Закат Европы” (“Европанын күүгүмү”) китебинин автору О. Шопенглер: гректер өздөрүнүн Гомерин, Сенекаларын окуп, мифтерге чөмүлүп жатып , тарыхты издеп, аны актуалдуу турмуштун, жашоо күрөшүнүн куралына айландыра алган эмес. Ошондуктан, тарыхын баалабаган, тарыхын коргой албаган Грецияны кеп-кенедей Македония басып алган, анан Рим империясына кул болгон, акырында Персия тап-такыр талкалаган. Өз эли, өз мамлекетин коргогусу келбей, жалданма армия күткөн Византияны Осмон түрктөрү көз ачып жумгуга кайраткан”.
Ал эми кыргыздардын тарыхы - миңдеген жылдар бою өзүнүн улуттук эркиндиги жана эгемендүүлүгү үчүн талыкпай салгылашып келе жаткан кандуу тарых. Ошондон уламбы, дүйнөлүк тарыхтын барактарында кыргыздар – баатыр эл деп аталып калган. Кытайдын тарыхый жазмаларында “Кыргыздар баш кишисин эр деп айтат” – деп жазылган. Чыгыш Түрк каганатынын белгилүү төбөлдөрүнүн бири Тонукөк: “Табгачтын (Кытайдын) каганы биздин душман эле. «Он октун» (Тюргештердин) каганы дагы душман болгон. Бирок, эң коркунучтуу, эң чоң душманыбыз кыргыздын каганы эле” - деп жазат.

Манастын каардуу душманы, Коңурбайдын атасы, тарыхта белгилүү калмактын баатыры Алооке, кыргыздарды «коркуу дегенди билбеген, салгылыштарда кандай тоскоолдук болсо да талкалаган эл» деп баалаган. «Кыргыздар – Азиянын арстандары» деп, Александр Македонский айткан. Кыскасы, баатырдык, жоокерлик, эгер Л. Гумилевдун аныктамасына таянсак, кыргыз элинин этностук доминантасы (үстөмдүк кылган идея, күч, мүдөө ж.б.) болуп саналат. Анын эстетикалык коркомдук туюндүсү – «Эр Манас». Этностук доминанта деген илимий табылгасын түшүндүрүү үчүн Л. Н. Гумилев төмөнкү мисалды келтирет. 17 – кылымда Англия бүт Францияны басып алат да, акырында, ошол кезде мааниси Парижден кем эмес Марсель шаарын курчоого алат. Ошондо, мурда эч белгисиз, француз тилин да немисче аралаштырып сүйлөгөн Жанна д Арк деген кыз чыгат. Ал, «За прекрасную Францию» деп ураан көтөрөт. Болгону ушул ураан бүткүл француз элин жоого каршы көтөргөн экен. Бул жерде Гумилев француздардын этностук доминантасы сулуулук, эркиндик үчүн күрөшкө ширелген экенин көрсөтүп жатат. Дагы бир мисал, Индиянын баатыр эли десең эч ким түшүнбөйт да, ишенбейт. Анткени, кылымдар бою бул эл тышкы баскынчыларга кыңк этпей баш ийип, эркиндик үчүн кандуу күрөшкө чыккан эмес. Ошондон улам, К. Маркс; «Индиянын эч кандай өз тарыхы жок, болгон тарыхы – улам алмашып келген баскынчылардын тарыхы» деп жазган да. Чынында эле, адегенде А. Македонский, андан кийин биздин бабаларыбыз моголдор (Бабур, Акбар ж.б.), анан Улуу Британия кылымдар бою Индияга үстөмдүк кылып келишкен. Өткөн 20-кылымда гана Махатма Гандинин генийлигинен жаралган баскынчыларга каршы «кансыз каршылык көрсөтүү» идеясы жаралат, анымиллиондогон инди эли колдоп, колонизаторлор чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Демек, инди элинин этностук доминантасы – гуманизм экени көрүнүп турат. Ал эми Индиянын жанындагы Вьетмандын элинин этностук доминантасы – баатырдык экени талашсыз.

Жеке адамдынбы же бүтүндөй бир элдин баатырдыгы, ошол эле Гумилевдун пассионардык (ышкылуу, кумарлуу, дилгир) теориясы ар кылуу да жакшы ачылат. Анын айтканы боюнча, пассионардуулук – бул сокур стихияга ширелген биохимиялык энергия. Ал энергия басым жасаганда пассионар адам өзүнүн жасаган иштеринин жыйынтыгы кандай болоорун эсепке албай калат. Мисалы, пассионарий Наполеон француз элинин бүтүндөй үч муундарын өзүнүн баскынчылык согуштарында тып-тыйпыл жок кылды. Акыркы согуштарында 13-15 жашар балдарды армияга чакырган экен. Согуштарынан максатын ал өзү ар кандай мотивдер менен түшүндүргөн, бирок өзүн өзү, өзүндөгү кайнап турган энергия эмне экенин түшүнгөн эмес. Жада калса, Св. Елена аралында камалып жатып, күнү-түнү мемуарын жазган, кыскасы, ишсиз, кыймылсыз бир мүнөт да турбаган киши болгон.

А.Македонский атак-даңкты өзүнүн жана өз элинин тынччылыгынан, бакыбат турмушунан жогору койгон. “Македонияда анда-санда басып келген душманды кубалап коюп, тынч, жырыгап жата берсек, биз улуулуктун, эрдиктин даңкын кайдан табат элек” – дептир. Албетте, Наполендун да, Македонскийдин да жеке баатырдыгы, пассионардуулугу бар үчүн, алардын жасаган иштеринин актагына же каралыгына карабай эл ээрчип жатат. Анткени, - алар этникалык доминантаны уюштурганды, түзгөндү билишкен. Аны түзө албагандар кыйрган. 1204 жылы чокундуктар (крестоносцы) 400 миң калкы бар Константинополь шаарына чабуул койгондо, алардын Алексей Мурзуфул деген лидери өзүнүн мыкты армиясы болсо да, этностун доминантасын түзө алган эмес. Шаар талкаланып, өрттөнүп, эл кырылган.

Манастын “Чоң казатка” аттанганы теңлешсиз оор трагедия менен аяктайт. Бул жүрүшкө тегерегиндегилердин көпчүлүгү - атасы Жакып, ананын бир тууганы Хан Бакай, Кошой жана башкалар каршы. Ар кандай кеңешинде бирге болгон, акылман жубайы Каныкей да буга каршы:
Алысыраак бир жерге,
Сапар кылмак болгон бейм.
Алакандай кыргызга,
Азап кылмак болгон бейм” – дейт Каныкей.
Күнүмдүк турмушта Манас өзү да тышкы экспансия жасаганга каршы:
Үйдө жатып эл бакмак,
Бастырып келсе жоо алмак.
Баатырдыктын белгиси.
Капкайда жүрүп эл чапмак,
Кагышып жүрүп мал тапмак,
Кара өзгөйдүн белгиси” – деген Манас.

Ошого карабастан, Манасты пассионардуулуктун жалыны каптады. От деген от да, ал жылытат дагы, өрттөп да жиберет да. От аз болсо үшүйсүң, көп болсо өрттөнөсүң. Манастын күйүтү, ошондогу кыргыз элинин зилдеген арманы, Манастын өзү пассонардык энергиясына ээ боло албайт калганында болуп жатпайбы.
«Манас» эпосунун дагы бир уникалдуу өзгөчөлүгү – ал жалпы кыргыз элинин коллективдүү эс - тутумунан жаралган. Гомер сыяктуу анын жалгыз автору жок. Жеке адамдын аң сезимдүүлүгү(сознательное) менен көкүрөк сезимдүүлүгүн (безсознательное или подсознательное) бири-бирин толуктап, бири-бирин тең салмактап турат. Көкүрөк сезим дегенибиз – булГегель айткандай жан дүйнөнүн караңгы жагы, ал жерде акылдан тышкары аңдоосуз,басылып,куулуп, адашыпкалган акыл-парасаттынэлементтери терең сүңгүп жаткан өзүнчө эле бир деңиз.Анын жанында аң-сезим(созание). М. Мамардашвили айткандай, кенедей эле жарык точка. Ал эми коллективдүү көкүрөк сезим болсо, океандагы айсбергдин чокусу аң-сезим болсо, ошонун эбегейсиз түпкүрү. Бирок ошол терендикте илимдин жана искусствонун теңдешсиз сонун ачылыштары, бой термелтекен жаркын поэзиялар, үрөйүңдү учурган трагедиялар даярдалат, бышып жетилет, анан оперативдүү аң-сезимдин талаасына келип түшөт.

Карл Юнгдун гениалдуу ачылышы - коллективдүү көкүрөк сезимдин таң калаарлык өзгөчөлүктөрү: биринчиси – бул жалпы адамзатка тийиштүү, жеке адамдын аң-сезиминен тышкары феномен. Экинчиси,тукум күүчүлүк касиетке ээ.Ал адамдын аң-сезими ойлонуу, эрк, эс-тутум ж.б. болуп бөлчөктөнөлө электе эле (предсознательно) пайда болгон. Кысасы, ар бир жеке адамдын аң-сезиминен тышкары, ааламды камтып турган гравитациялык, электромагниттик талаалар бир бар сыяктуу эле, жалпы адамзаттын коллективдүү акыл-ой талаасы бар өңдөнөт. Жакында эле мунун аныктыгын америкалык генетиктер эксперимент аркылуу далилдешти. Эң алгачкы түйүлдүктөн төрөлгөнгө чейинки адам баласынын геномдорун чечмелеп көрүшсө, (о, шумдук!) анын ата-бабаларынын салттарынын, дүйнөлүк эпостордун, диндердин, мифтердин, легендалардын элементтери табылыптыр.
Демек “Манас” кыргыздын гана картышында муундан муунга түкүм куучулук аркылуу жаралган асыл дөөлөт тура. Ал эми манасчылык өнөрү, айтыш сыяктуу эле (бу жерде казактарды кошуу айталы) кыргыздын гана эңчиси экен да.
Коллективдүү көкүрөк сезимдин ачылышы, адмдын аң-сезимине болгон материалистик көз карашты да бир кыйла күнөмдүү абалга коюп салды. Бүгүн анын ого бетер күчөгөнү нейрохирургияда ондоп, жүздөп табылып жаткан үрөйүңдүү учурган фактылар, алып айтканда, мээнин клеткаларынын жарымы жок же 90 пайызы оорулуу кишилердин аң-сезими кадимкидей иштеп жаткандыгына байланыштуу. Мисалы, немистин нейрохирургу Хуфланд, оорулунун баш сөөгүн ачса, мээнин ордунда толтура суу бар экен, бирок тиги киши акыл-эси тап-таза сайрап отурат. Ушуга байланыштуу, дагы бир мисал. Бир күнү И. В. Сталин орустун эң белгилүү хирургтарынын бири В.Ф. Войно-Ясенецкий менен аңгемелешип жатып:

  • Сиздей атактуу хирург жандын бар экенине чын эле ишенеби?
  • Ишенем, - деп жооп берет хирург.
  • Анда Сталин какшыктап: сиз адамдарды операция кылып жатып, алардын денесинен жандарын көргөндүрсүз...
  • Жок, көрбөйм, дейт хирург.
  • Анда кандайча жан бар экенине ишенебиз?
  • Иосиф Виссарионович, мен сизге суроо берсем болобу?
  • Албетте.
  • Адамда ар-намыс деген бар экенине ишенесизби?
Сталин бир топко ойлонуп калып, анан:
  • Ишенем, дейт.
  • Анда хирург:

Сизге жан дилим менен чындыкты айттайын, адамдардын денесинен да ар-намысты коргогон жокмун.
Сталинди хирург ишендирдиби же жокпу ким билет, бирок бүгүн адамдын аң-сезимине болгон материалистик көз караш олутту сыноого капталып калды. Чынында эле, “пассионардуулук” да, “коллективдүү көкүрөк сезим да” илмий ири ачылыштар, бирок экөөнөн тең жарым карыш ары аттасаң эле кудайдын бар же жок экенине барып такалып жатпайбызбы. К. Юнг да, Л. Гумилев да буларды жерө кыртышынан тышкары (внеземное) көрүнүштөр деп далилдешти да?!

Дегеле, азыр дүнүйө жүзүмдөгү чоң кагылыштар, чатактар акыл-ой талаасында жүрүп жатат. Диндердин тегерегинде цивилизациялар кагылына баштады. (Сирия, Азербайжан, Армения). Ушул макала жазылып жаткан күндөрдө Франциянын президенти Э. Макрон өлкөдөгү мусулман лидерлерине 15 күндүн ичинде Европа баалулуктарын алуу жөнүндө чечимге келгиле деп ультиматум жасады.
Ошол эле учурда, Батыш Европа христиан дининен баш тартат деп үч уктасак түшүбүзгө кирди беле. Фашисттык, расисттик идеялар дагы кайра жанданды. Америкадагы акыркы окуялар расалар аралык согуш башталганын көрсөтүп турбайбы.

Кыскасы, “Манас” эпосунун философиясы байыркы бир архаикалык баалулуктардын жайындысы эмес. Улуу эпостун мазмуну аркылуу адамзаттын акыл – парасатынын бүгүнкү жагдайын, кыргыз элинин улуттук сезиминдеги эволюциясын ачып, элге түшүндүрүү ыйык иш. Менин “Философия эпоса “Манас”деген китебим орус тилинде чыкканына бир жылдан ашты. Эмдиги, 2021-ж. кыргызчасы чыгат. Менин таң калганым: Манас таануу деген сабак бар экен окуу жайларында. Ушул сабакты берген бир да мугалим, философ же тарыхчы үн катпайт, чиркин. Интернетти, газеталарды карасаң журналистер (азаматтар!), жазуучулар, акындар жана дили менен ой болушуп жатат, а ондогон, жүздөгөн ЖОЖдордогу философтар кайда? Илим-билим, маданият деген министрликтер кайда?

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×