Добавить статью
13:18, 16 февраля 2021 749

Жусуп Баласагын жана Абулкасим Фердауси

Макала 2002-жылы “Иран акыны А.Фердоуси жана кыргыз ойчулу Жусуп Баласагын” деген аталышта “Материалы международной научной конференции «Центральная Азия вчера, сегодня, завтра» Бишкек, 2002" жыйнагында жарык көргөн.

Ж.Баласагын аябай берилип окуп, үйрөнгөн му-растардын бири улуу ойчул, дасыккан илимпоз, күн чыгыш элдеринин бир канча тилдерин билген Иран акыны Абулкасым Фердауси эле. Ал 954 -1025-жылдары жашап, өз заманында жогорку билимге ээ болуп, илим менен адабиятка чоң салым кошкон окумуштуу, ойчул.

Фердауси жарык дүйнө менен коштошуп кеткенде Жусуп Баласагын 6-7 жаштагы өспүрүм бала болгон. Албетте, эрезеге жеткенде Фердаусинин чыгармаларынын кол жазма түрүндөгү варианттарын берилип окуп үйрөнүп, Фердаусини чыгыш поэзиясынын чоң өкүлү катарында карап, анын илимий мурасын жогору баалаган. Өз дастаны «Кут билимде» Фердаусинин тийгизген таасири байкалып турат.

Жусуп Баласагындын Фердаусиге болгон мындай жакындыгын, анын чыгармаларын окуп үйрөнүү-гө бөтөнчө маани бергендиги, менин оюмча, төмөнкү шарттар менен түшүндүрүлөт. Эң оболу А.Фердаусинин чыгармаларында Иран жана Орто Азиянын аймагындагы болуп өткөн чоң тарыхый окуялар чагылдырылган. Албетте, алар көз карашы жаңыдан калыптанып келе жаткан Жусупка чоң таасир тийгизген.

Экинчидеи, эки аймактагы эки элдин тарыхында аябагандай эле окшоштуктар, тарыхый жалпылыктар, мүнөздүү нерселер бар болчу. Иранда калыптанып, дүркүрөп өскөн империя Самандыктардын талкаланышы, Газна империясынын түптөлүшү эки элдин тарыхына тең чоң таасир берген карахандыктар династиясынын орнотулушу сыяктуу ошол учурдагы тарыхый окуялар, албетте А.Фердаусиге маалым болуп, ал өз чыгармасында ушул окуяларга кенен токтолгон.

Ошондуктан жаңыдан түзүлүп келе жаткан көчмөн кыргыздар мамлекети үчүн мындай үлгүлүү жолду басып өтүп, мамлекет деген эмне, эл башкаруу деген эмне? Калктардын өз ара мамилеси кандай нукта өнүгүүгө тийиш ж.б. суроолорго жоопту Ж.Баласагын Фердаусинин эмгектеринен таап окуган, бул — талашсыз маселе.

Демек, Жусуп Баласагын «Кут билимди» жазууда чоң булак катары Фердаусинин «Шах наме» дастанын пайдаланган. Албетте, Жусуп көчүрүп алган эмес. Жусуп өз дастанын жазууда Шах наменин чоң үлгүсүн, А.Фердаусинин ойчул катары нускалуу ишинин таасирин гана алган. Сөз келгенде кыстара кетчү дагы бир чоң нерсе, айрым окумуштуулар «Кут билим» дастаны Бухарада жашаган ойчулдардын таасиринде жазылган деп болжолдошот. Менин оюмча, мындай тыянак чындыкка коошпойт, жакындабайт. Ошондуктан сөзүбүздүн эмки нугу ушул багытта болсун.

А.Фердауси, биринчи кезекте, дүйнө жүзүнө өтө мазмундуу, көркөм сөздүн бермети болгон “Шах наме” дастаны менен таанылган. Ал бул дастанды жаратуу үчүн өзүнүн жыйырма жылдан ашуун өмүрүн сарптаган. Аны эки вариантта жазып чыгып, биринчиси хижра жылы боюнча 484 -ж, ал эми азыркы жыл эсеп боюнча (Григориан календары) 997 — жылдары жарык көргөн, ал эми экинчи варианты 400-ж. же 1009 - 1010 - жылдары чыккан болчу. Биздин изилдөөлөр көрсөткөндөй, Жусуп Баласагын анын экинчи варианты менен таанышып, окуп чыккан сыяктанат. Анткени «Шах наме» дастанынын экинчи варианты Фердауси тарабынан Газна мамлекетинин султаны Махмуд Газневиге белек катары берилип, бир канча нускада көчүрүлүп, Чыгыш өлкөлөрүнө жиберилген эле. Мына ушундай нускалар аркылуу Жусуп Баласагын дастан менен таанышып, Фердауси жөнүндө кабардар болгон.

Биздин жеке оюбузда, «Шах наме* дастаны көркөм сөздүн бай казынасы гана эмес, ыр түрүндө жазылган тарыхый булак, тарыхый даректүү роман. Албетте, тарыхый окуяларды сүрөттөөдө адабиятта орун алган ар кандай ыкмалар колдонулган. Дастандын чөлкөмдүн булуң-бурчундагы элдердин тарыхы, этнографиясы, адабияты, философиясы ж.б. жөнүндөгү тарыхый булак экендигине төмөнкүлөр күбө боло алат.

1. Дастанды жаратуу үчүн анын автору А.Фердауси чыгыштын коп өлкөлөрүнө саякат жасап, керектүү материалдарды чогулткан. Ал гана турсун биздин аймакка да келген сыяктанат. Талас, Баласагын, Суяб же Сыяб Кочкордо болуп, бул аймакты Афросиаб өлкөсү деп атаган. Дастанда Кочкор, Атбашы, Сыяб ж.б. жерлердин аттары бир канча жолу эскертилет.

2. Дастанды жазуу үчүн булак катары чыгыш иран элдеринин, Орто Азиядагы элдердин баатырдык эпосторун жыйнап, алардагы бай материалдар дастанда кенен орун алган. Айрыкча сак жана согди элдеринин Үрүстөм баатыр жөнүндөгү уламыштары ж.б. дастандын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Сиявуш жөнүндөгү Хорезм аймагындагы элдердин аңыздары, Спандияр тууралуу бактриялыктардын уламыштары, түркий тилдеринде сүйлөгөн элдердин баалуу аңыздары колдонулган.

3. Эң башкысы бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе, ошол учурда жары к көргөн араб, фарсы, түркий ж.б. тилдеринде жазылган эмгектер дастан жазууда кенен-чонон пайдаланылган.

4. Өтө орчундуусу - дастанда болуп өткөн тарыхый окуялар жогорку көркөмдүк даражада чагылдырылып, улуу аскер башы Александр Македонскийден (чыгышта - Искендер Зулкарнайн) баштап, дээрлик биздин заман-дын XI кылымына чейинки болуп өткөн тарыхый окуялары да камтылган. Дастандын баалуу жактарын мына ушул жагдайлар анын чоң тарыхый булак катарында эсептелинишинин олуттуу далили, чоң күбөсү. Ушул аталган жагдайлардын өзү эле бул дастан өтө маанилүү тарыхый булак экендигин далилдеп турат.

Ошондуктан Жусуп Баласагын «Шах наме» дастанын берилип окуу менен аны чыгыш өлкөлөрүндө жаратылган чоң чыгарма катарында карап, анын негизги идеялары Жусупту жаңы эмгекке, эл үчүн болгон кызматка чакырган, үндөгөн. Себеби «Шах наме» дастанындагы башкы өзөгү болгон окуялар кыргыздар мекендеген Мавереннахр чөлкөмүнө да тиешелүү болчу. Бул окуяларга кыргыздар активдүү катышышкан, аларсыз бул окуяларды элестетүү мүмкүн эмес.

Эң башкысы Жусуп Баласагынды кызыктырган нерсе эки чоң аймактагы (Иран менен Турандын) элдеринин ортосунда карым-катнаш мамилелери, калктар ортосундагы өз ара кызматташуу, бири-бирин сыйлоо, достошуу. Кайсы өлкөдө болсо да эл үчүн кызмат кылуу, өз элин, жерин, ата мекенин ыйык тутуп, аны жан дили менен коргоо идеясы болгон. Экинчиден, «Шах наме» дастаны тарыхый булак экендигин Жусуп Баласагын жакшы түшүнгөн. Ошондуктан Жусуп бабабыз келечекте мына ушундай китеп жаратууну самаган, ошол үчүн аракет жасаган.

Ал гана турсун «Куттуу билим» дастанына жазылган киришүү сөзүндө Жусуп Баласагын бул китеп үчүн «Ирандыктар - түркий элдердин «Шах китеби» болгондугун сыймыктануу менен жазып, өз дастанын көчмөн кыргыз үчүн тарыхый маанисин белгилеп кеткен.

Чындыгында эле «Шах намедеги» тарыхый окуялар Мавереннахрды ээлеген элдердин сан жагынан көбүрөөк жана экономикалык, аскер күчтөрү боюнча бир канча өйдөрөөк турган кыргыздар үчүн да түздөн-түз тиешелүү болун турган. Анткени, кыргыздар айрым учурда чиеленишкен окуяларды жандандырууда чоң роль ойношкон. Бул тыянактарга «Шах наме» дастанын төмөнкү урунттуу окуялары күбө боло алат.

А.Фердауси «Шах наме» дастанында түркий элдеринин падышасы Хакан деп аталарын белгилеп, алардын жашаган кери Чинден (кытайдан) тартып, Жейхун дарыясынын боюна чейинки мейкиндикке чоң чөлкөмгө жеткендигин белгилейт.

Мындай чоң аймакта жашагандарды улуу достукка, ынтымакка, биримдикке чакырган. Эң кызыктуусу түркий тилинде сүйлөгөн элдердин ушул аймактагы өлкөсү Афросиаб деп аталып, анын Аржан же Эржан ысымдуу баатыры болгондугу. Алардын мекендеген жери - Кочкор айылы экендиги айтылат. Демек, Кочкор эң байыркы шаарлардан болуу менен ал көчмөн кыргыздардын мекени болгондугун «Шах наме» дастаны дагы бир жолу далилдеп турат.

Иран менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы достукту чыңдоо максатында кыргыз чөлкөмүнүн падышасы (хакан) өз кызын Иран мурасчысы, Нүшираванга колуктуга берет.

Биздип котормобузда «Шах наме» дастанын фарсы тилиндеги нускадан айрым үзүндүлөргө токтололу:

Тамыр сөөк болуп жашасак,
Бизге эч ким тие албайт.
Данк келет, согуш жок болот.
Бизде мыкты турмуш орнойт.

«Шах намеде» баяндалгандай, Иран мурасчысы Нушираван чыгаан дипломат, кыргыз тилин жакшы билген Михран Ситадды кыргыз канынын кызы үчүн жуучулукка жиберет, ал ата салты боюнча кызга сөйкө салып, бардык ырым-жырымды колдонуп, кыргыз кызын Иранга көчүрүп кетет. Бир канча белек-бечкеги, жүз күлүк, жүз төө, жүз килем, жүз кул, жүз төөгө жүктөлгөн кытай жибеги толгон-токой унаалар себи менен кыргыз жеринен узатышат. Бөтөнчө белгилей кетүүчү нерсе, кызды чек ара болуп эсептелинген Жейхун дарыясына чейин узатып келишкен, аларды коштоп барганда кайра Кочкорго эсен-аман жол тартышты деп сүрөттөлгөн дастанда.

Демек, Иран мураскоруна турмушка чыккан кыргыз кызы Кочкордон экендиги ушул тексттен да көрүнүп турат. Көңүл бөлүүчү бир жагдай, ушу тойго, кудалашуу салт-санаасын, үрп-адаттарды кенен жазуу менен Абулкасым Фердауси кыргыз жерин мекендегендер тоолуктар болуп, алардын түпкү аталары сактар экендигин эскертет. Ал гана турсун, суфрат же салар уруулары кыргыз элинин түпкү ата-бабалары катарында каралат. Кыргыз жергесине эчак эле таралган нооруз майрамы жөнүндө да кеп болот.

Кыргыз жергесинде Сулайман тоосу «Шах наме» дастанында эки-үч жолу эскертилип, ыйык жер катарында сүрөттөлгөн. Дастандын эң башкы каарманы Фаридун жек көрүмдүү душман Заххокту жеңгендиги, эл тарабында турган Кова устанын жеңиши чоң чеберчиликте көрсөтүлгөн.

Жалпылап айтканда Жусуп Баласагын «Шах наме» дастанын көп окуп, анын негизги мазмунун өзүнө сиңирип, калыптанып келе жаткан кыргыз хандыгында жашаган жаштар үчүн жакшы иштердин сонун сапаттары жана пайдасы туурасында атайын насыят жазган «Кут билим» дастанынан 230 — 239 — саптарында:

Эл үстүнөн бийлик кылчу кишинин,
Тагы жакшы сөзү менен ишинин
Жаштык өтөт, өмүр өтөт элирген,
Бу дүйнө түш, - сен да өтөсүң өмурдөн,
Өмүрүңдү Ата-Журтка арнасаң,
Жыргап-куунап кор болбойсуң эч качан
Эстүүлөрдүн айткандарын билгин сен,
«Эч ким качып кутула албайт өлүмдөн».
Бул дүйнөгө далай эрлер келишкен,
Жашап, өнүп, кез келгенде өлушкөн.
Бек болсоң да, кул болсон да бүт баары,
Өлөт бир күн, артта калат аттары.
Эми келди сенин дагы кезегиң,
Моюн сунуп, жакшы ишиңди өтөгүн.
Тирүү өлөт кара жерди төшөнүп,
Ысмы жашайт, кетсе дагы ал өлүп.
Өлгөнүңдө эки собол сураган
«Жакшы беле, жаман беле» бул адам?

Бул саптар «Шах наме» дастанын зор таасири менен жазылып, автор өз дастанын окурмандарына төмөнкүчө кайрылат:

240

Жакшыны алкап, жамандарды каргашат,

Кайсынысы сага ылайык өзүң айт.

241

Жакшы болсоң - мактап, ыйлап узатат Жаман болсоң - энчиң каргыш, жаман ат.

Окурмандарга жакшылык үчүн күрөшкөн инсандар-дын басып өткөн жолун жете түшүндүрүү үчүн Баласагын өз оюн, айтуучу насыятын улантып:

242

Байка, Заххок, алды неге каргышты,

А.Фаридун кантип алды алкышты деп кайрылат. Анын себеби улуу ойчул бабабыз жазгандай:

243

Бири эле атактуу жан - алкыш алды,
Бирөөсү жаман эле - каргыш алды.
Карап көр: асыл менен жаман атты,
Тандап ал, алкышпы же каргыш жакшы.

245

Тандагын бул экөөнүн жаккан бирин,
Артынан аттиң ай деп өкүнбөгүн.
Угуп алгын сынчы адам айткан макал,
Сынчынын айта турган акысы бар

250

«Жакшы адам тирүүсүндө алкыш алат,
Жамандар өлсө дагы каргыш табат.

Ойлонбой жасаган иш адамды өмүр бою өкүнтөрүн айтып, адам болгон соң, эл үчүн улуу кызмат өтөө менен сонун сапаттарды гана улантуу зарыл экендигин эскертип, улуу бабабыз төмөнкүчө сөз учугун улаган:

249

Айрымдар качанкы осол иши менен
Өмүр бою азап жейт, көрүп жүрөм.

Эл үчүн кызмат кылууну сүрөттөөдө Жусуп Баласагын А.Фердаусинин улуу мурасын өздөштүрүү менен гана чектелбестен, биздин оюбузча, бул идеяны андан ары улантып, жаңы шарттарда Фердауси ойчулдан да озуп кеткен сыяктанат. Себеби, көчмөн элди жаңы мамлекеттин аймагында мындай өрнөктүү иштерге үндөо үчүн бабабыз Жусуп Баласагын ошол элдин басып өткөн тарыхына көз салып, бай окуяларды далил катарында колдонуп, өз оюн, пикирин, сөз күчүн бекемдейт.

Ошондуктан акын бабабыз:

277

Түрк бектерде даңктуулары көп болгон,

Кадыр-баркы артык болгон көптөрдөн.

Арасында Алп Тонгадай баатыр бар,

Бардык жерге анын даңкы таанымал.

279

Улуу болчу, баатыр болчу даңкы ашкан,

Акылга бай, акжол, айкол, даанышман.

Демек, кыргыз кагандыгы капыстан эле пайда болгон жок, анын тарыхый өбөлгөлөрү коп болгон. Ушу аймакта эми жаңы мамлекетти түптөгөн элдин алдында чоң милдет - уюшулган мамлекетти чыңдоо аркылуу анын чегин андан ары жылдыруу, жаңы аймактарды жеңип алуу» эл үчүн болгон күрөш, Жусуп Баласагындын ою боюнча, кечиктирилгис иштер эле.

Закирбек Эралиев
тарых илимдеринин доктору, профессор (22.04.1940-12.07.2010)

ШИЛТЕМЕЛЕР

1. А.Фердауси «Шах наме». Т. 1. С. 493 - 454.

2. Ошол эле китеп, том. 4. С. 116

3. Ошол эле китеп, том. 6. С. 607 - 698.

4. А.Фердаусинин “Шах наме” дастаны жөнүндө кыргыздар Октябрь революциясына чейин эле тааныш болушкан. Элде бул дастанды эки түрдүүчө: «Искендер Зулкарнай» же «Үрустөм дастан» деп аташкан — З.Э.)

5. А.Фердаусинин «Шах наме» дастаныннын туп ну-скасында «Туран» деген сөз «түрк өлкөсү» деп берилген (Караңыз: А.Фердауси. Шах наме. Т.1. М. 565, 566. Т.5. С, 363 - 364)

6. Жусуп Баласагын Куттуу билим. М. «НИК», 1993, 28-бет.

7. А.Фердауси Шах наме. М., 1989. Том.6. С. 117

8. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том.6. С. 117 — 118

9. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том.6. С. 118 -119

10. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том. 6. С. 11

11. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том. 6. С. 130

12. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, (фарсы тилинде, араб ариби менен) том 6, С. 131

13. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том 6. С. 137

14. А. Фердауси Шах наме. М., 1989, том 6. С. 139

15. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том 6. С. 140

16. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том 6. С. 145

17. А.Фердауси Шах наме. М., 1989, том 6. С.590

18. А.Фердауси Шах наме. М., М., 1989. Том1. С. 461, том 5. С. 357 – 359

19. А.Фердауси Шах наме.М., 1989. Том 4, с. 405, том 5, с. 359-359

20. А.Фердауси Шах наме. М., 1989. Том 1, с.77, 85

21. Жусуп Баласагын Куттуу бил им. М., НИК, 1993, 64-бет

22. Ошол эле китепте 65-бет

23. Ошол эле китепте 67-бет

24. Эр Тонг жөнүндө кененирээк караңыз: X. Короглынын макаласы. «Советская тюркология». 1970. №4, с. 108-115. Биздин жекече оюбузча Ысык-Көлдөгү Тоң району, ушул чөлкөмдүн аты Тоң баатырдын ысмы менен байланыштуу болсо керек. Аны кийинки изилдөөчүлөр тактап чыгышат деген ойдобуз.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

22-04-2021
Курманбек баатыр жана «Курманбек» эпосу
493

09-03-2021
Мурас: Баткендин материалдык маданий мурастары
420

16-02-2021
Даңазасы таш жарган окумуштуу Жусуп Баласагындын теги ким?
814

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×