Добавить статью
15:43, 22 апреля 2021 258

Бешик чапкан адам — Жанкороз Каниметов

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланды.

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт

Акбар Рыскулов

Кыргыз Элчиси, Эл акыны

 

Бешик чапкан адам бар!

Жакебиздин жаркын элеси көз алдыма тартылып, азыр да арабызда жүргөндөй туюлуп, ал жөнүндө эскерүү жазуу кыйын болуп турганы, аттиң!.. Көп нерселер ойго түшүп, көптөгөн окуя, жагдайлар көлөкө менен жарык алмашкандай оошуп, кагаз бетине даана кармалбайт. Эмнеден баштасам?

Жангороз Каниметов Жогорку Кеңештин депутаты, мен элчи кезибизде экөөбүз бир сапарлаш болуп, Алматыдан Бишкекке чогуу жөнөп калдык. Күрдөөлдүү күздүн башы же ортосу бекен, айтор, күндүн табы кайта элек, коңур, жылуу маал. Жеңил автонун айнегинен жаратылышка, табийгатка суктана карап, кобурашып келебиз. Аңгыча кеч кирип, күн батыш тарапка уясына батчудай, ылдыйлай чөгө баштады. Жарыша учкан чар каргалар дагы жол боюндагы бактарда чокчойгон уяларына – кечки түнөктөрүнө кайтып конууда. “Жаке, – дедим мен, – Күндү узатып койбойлубу?” Менин суроомдун төркүнүн узартпай, дароо түшүнүп, Жаке баш ийкей коштоду: “И-и, жарайт”.

Экөөбүз машинеден сыртка чыгып, кыркалекей өскөн каражыгач бутактары арасынан батчу күнгө көз салып турдук. Алтын табактай албырттаган күн тээ батыштагы уч-кыйырсыз талаага чөгүп, нурлары акырындап өчүп, биздин өмүрүбүздөгү дагы бир күн аяктап, түмөн түйшүгү бүткөнүн ырастаган өңдүү. Ар бир жердин аткан таңы менен баткан күнү, алардын касиети, көрүнүшү ар пендеге ар башкача таасир берет.

Сапарыбызды кайрадан улаганыбызда аңгеме ушул тууралуу уланды. Тоолордо күн аскалардын капталына жашынып, тез батат. Мелмилдеген түз, чексиз талаада андай эмес. Күн нурлары кайда жашынарын билбегенсип, көпкө кармалып турат. Ушул ойлорумду, казак талаасынан байкаган жагдайларды айтсам, Жаке мени бир топ сүрөп койду:

– Мунуңуз жакшы экен. Таңды тоскондой эле, Күндү узатып туруу парз экен го. Сиз акын эмессизби, бул темада атайын ыр да жазсаңыз керек?

“Ала-Тоодон Арканын айрымасы” деген ырым эсиме түшүп, жолду ката айрым саптарын үн чыгара окуп бердим:

Көнсөм да таңдын эрте атканына,

Көнбөдүм күндүн кечтеп батканына...

Биз жакта аскалардан чыгып бул күн,

Жашынчу аскалардын капталына...

Кылчактап кыбыладан сары улактай,

Күн неге батар кезде зарыгат жай?..

Бул Жакебиз менен жакшылап таанышуу, кененирээк баарлашуунун башаты, жаңылбасам, 1977-жыл эле. “Ыр жандуу, сыпаа киши го” деп боолгоп калдым ичимден. Балким, Кордой ашуусунун аркы бетинен өмүрдөгү бир күндү экөөбүз чогуу узаткандан тарта, ооба, ошол көз ирмемден тарта бири бирибизге деген ички ызаат-сыйыбыз ойгонсо керек. Анда бизге өмүр чексиз, жашоо бүтпөстөй, баткан күн кайра чыга берчүдөй сезилчү. Көрсө адам баласыныны өмүрү өлчөлүү экен го , чиркин!..

Жашы улуу экенине карабастан, Жаке өзүнөн кичүүлөргө, анын арасында мага да “Сиз” деп кайрылчу, ошол мүнөзүнөн эч убакта жанган жок. Азыр баам салып байкасам, ал бугунун Токтоян сындуу айылында калыптанган айнектей тунук, табигый мүнөзүн өмүрдүн өр жолунда эчен сыноого салып, бирок эч мокотпой, турмуштук кырдаалга жараша курчутуп, бүлөй билиптир. “Сиз” деген элде гана “Биз” деген түшүнүк орнойт эмеспи.

Өмүр бою педагогдук кесипти туу тутуп, жан дүйнөсү жаш муундарга жакын Ж.Каниметов, менин жеке баамымда, дагы бир жакшы касиетке эгедер эле. Ал курулай акыл-насаат айтып, өз оюн кыстап-кыйнап таңуулай бербей, улуунун да, кичүүнүн да пикирин тыңдай билчү. Татаал суроодон терс айланып качпай, берилчү жоопту “жок” деген сөздөн баштачу эмес. Баш ийкей отуруп, башкалардын тамырын тартып, анан гана жыйынтык чыгарчу. Тыңшай билүү, уга билүү! Азыркы муундарага жетишпей жаткан өкүттүн сыры мына ушунда!

Ырасында, педагог, окумуштуу, парламентарий, коомдук ишмер Жангороз Каниметовдун ысымын угуп, жасаган иштеринен мурдатан кабардар болуп жүрсөм да, мен өзүм аны менен соңку, 2000-жылдардан тарта гана тыгыз аралашып калдым. Ошентсе да, алгачкы мамиледен ойгонгон кадыр-сыйдын тизгинин карманып, үй-бүлөбүз менен аралашып, ысык ымалада болуп кеттик. Буга жайдын күнкү Ысык-Көл боюндагы жолугушуулар негизги себеп болду. Биз көлгө үй-бүлөбүз менен дем алууга барчу жерге чукул Жакебиздин эрки, акыл-туйгусу аркалуу курулган татынакай турак үйү бар. Дарбазасына Кыргызстандын мамлекеттик туусундагы күндүн кызыл нурлары түшүрүлгөн. Койкойгон үйдүн шамдары айрыкча кечкурун жаркырай жанып, Көлдүн көгүш асманында адамдын көз жоосун алып турат. Жубайы Айнагүл, балдары тегиз сыпаа, мейманчыл, анан эмгекчил. Оюнчуктай ошол үйдү салууга бардыгы жапырт киришип, майлап-сүттөп дегендей, жасалгалап турушат. Май-Чуңкурдагы үйдү кантип салып, пайдубалын кантип казып, кум-ташын кантип ташып, чатырын кантип жапканынан өйдө Жаке жобурап берчү эле. Көлгө чукул кумай коктуга там салган коңшу-колоңдор аны Май-Чуңкур атап алып, “Манастан калган майлуу жер” деп мактанып коюшат. Ырасы, Көлдүн суусу гана жанга дары эмес, куму да денге дем, касиеттүү эмеспи.

Ысык-Көлдүн касиетин жогору баалап, жыл сайын Чолпон-Атага келип турчу адамдар аз эмес, алардын арасында Аяган Сандыбай аттуу досум бар. Ал убагында Казакстандын тунгуч Президентинин басма сөз кызматын жетектеп, КазТАГ маалымат агенттигин башкарып турган, азыр “Мысль” аттуу коомдук-саясий журналдын башкы редактору. Мен дагы маалында басма сөздө ушундай кызматтарды аркалап, кесиптеш, калемдеш болгонумдан улам экөөбүз эбактан таанышпыз. Ошол Аякебиз жубайы Сауле, балдары менен чогуу Чолпон-Атага каттачу жылдардын биринде, тагы 2010-жылдын август айында, Жакебиз жылмайып кирип келип, жакшы кабар сүйүнчүлөп, өзү да неберелүү болгонун айтты. Айтып тим болбой, жентек тойго баарыбызды чакырып келгенин билдирди: – Астаналык агайындар адеп босого аттасын!..

Баарыбыз чогулуп бардык жентекке. Жакебиздин эр көңүлү эргиген, аяшыбыз Айнагүлдүн дасторкону кең жайылган, айтор, жадырап-жайнап тосуп алышты. Дасторкон башында башка да кадырлуу адамдар, агайын-туугандар, кудалар бар эле. Жентек той башталып, небере-чүрпөгө, алардын ата-энесине каалоо-тилектер айтылчу маалда үй ээси Жангороз Каниметович сөз айтып, бир сунуш киргизип коюуну өтүндү:

–Туура көрсөңүздөр, агайындар, жентек тоюбузду арабыздагы... – деп ал жалпыга кайрылгандай түр көрсөттү, бирок мени күлүмсүрөй карап, “жок дебессиң” дегендей, муну айтты: – Ооба, арабыздагы акыныбыз Акбар сиз баштап берсеңиз?.. – “Сиз” дегендин артында бир маани, мандем жатканын боолгоп, мен үндөбөй калдым. Ырас эле, конок тосуунун жөнүн кылдат билчү Жакебиз мурдатан ойлонгон белем, сөзүн олуттуу жалгады: – Жаңы туулган наристенин аты – Акбар! Андай экен, Акбар уулунун тоюн Акбар атасы башкарып берсин!

Көпчүлүк меймандар, анын ичинде менин өзүм үчүн да бул кабар жагымдуу жаңылык, эң бекем аргумент эле. Аңгыча кол чабуулар жаңырып, кимдир бирөө “эки Акбардын ден соолугу үчүн тост көтөрөлү” деген сунуш киргизип калды. Мындайда моюн толгоо жарашпайт, элдин эркин коштоого туура келет, бирок бир аз тыныгуудан пайдаланып, мен өз оюмду билдирүүгө үлгүрдүм:

–Эки Акбар дегениңер эп, рахмат... Бирок, бул куттуу бир дасторкондо үч Акбар бирге отурса кантебиз?..

Көпчүлүк бул сөздүн түпкү маанисин түшүнбөй, мага тигиле карап калышты. Чечмелеп айтып берүүгө туура келди.

–Астаналык мобереги мейман жигиттин аты да Акбар! – деп, Аяган досумдун уулун – менин өзүмдүн аяш уулумду тааныштырдым. – Эмесе, эки эмес, үч Акбардын ден соолугун бир тилеп, үлпөтүбүздү баштасак!

Астанада элчи жүргөн жылдарымда казактын көрүнүктүү калемгери Аяган Сандыбай менен ысык ымалабыз ого бетер артылган. Экөөбүз казактын жаңы борбор шаарына алгачкылардан болуп көчкөнбүз. Бирок, ай-күнүнө жетип турган Сауле аяшыбыз Алматыда калып, ошондо төрөп, уулунун кыркы чыккандан кийин гана Астанага, ал кездеги Акмолого учуп келген. Мен элчи катары аэропортко кыргыздын кырмызы кызыл туусу илинген машинам менен баргам. Ымыркай уулду дипломаттын машинасына ырымдап отургузуп, жаңы үйүн көздөй алып жөнөдүк. Акмолого алгачкы сапарын ушинтип баштаган кенже уулуна Аякебиз анан Акбар деген ысым ыйгарган.

Эми минтип, Астанадан келген өспүрүм Акбар, кыргыз-казакты кыдырып, алтымыштан ашкан кыргыз акыны Акбар жана жарык дүйнөгө жаңыдан баркырап түшкөн ымыркай Акбар – үч муундагы үчөө Май-Чуңкурда жолукту. Ушунун баары Жакенин каалоосу, сценарийи менен! Үлпөт андан ары, албетте, Каниметовдордун урпагы Акбарга арналып, наристеге ак бата тилөө, ак тилек арноо менен уланды. Аңгеменин төркүнү муундар байланышы, бөбөктүн жарык дүйнөгө келиши, наристеге ысым ыйгаруу, үрп-адат, ырым-жырымдар, ата-эненин милдети деген сыяктуу багытта жүрдү.

Мага ыйгарылган тамадалык укуктан пайдаланып, “акылдуу аңгеме” курсам дедимби, айтор, бешик тууралуу кеп козгоп кеттим. Анткени, “Бешик чапкан адам барбы?” деген макала жазып, аным газетада жарыяланган эле. Бешиктин мааниси, артыкчылыгы, азыркы заманда зарылдыгы тууралуу ойлорумду жазып, окурманга “ойчул, олуттуу суроо” салганыма кудуңдап турган учурум эле. Ошол пикиримди бышыктасам деген ниетте, Май-Чуңкурда жентек жеген меймандарга кайрылдым:

–Азыр бешик чапкан адам жок. Же барбы арабызда? Демек, бешик ыры да жок. Бар болсо, айтсаңыздар?.. Мен атайын издеп барып, макала жазар элем.

–Атайын издейсизби? – Акбартайдын чоң атасы, профессор Жангороз Каниметовичтин көз айнеги күнгө чагылыша, жадырай түштү. – Жебеси бутага таамай тийген мергендей кыбыңдап, дагы тактай сурады: – Жазасызбы?..

Мурдагы министр, депутат, азыр пенсиядагы чоң ата төрдү көздөй шашылбай басты да, терезени жаап турган жука шайы парданы түрүп, кеңири ачып койду. Мына кызык, терезенин кырбусунда арча бешик койкоюп турбаспы!

–Бешик! – деп тамшана үн каттым. – Эски го, качан чабылган? Качантан бери сакталып келет?

Профессор, интеллигент, жумшак мүнөз Жакебиз эми чындап жылмайды. Эки колун жайып, жентек той өткөн бөлмөдөн көк асманга уччудай умтула, талпына калып, саргыч өңүнө кызыл кан толо жүгүрдү. Суроомду укса да, оозунан “лам” деген сөз чыккан жок. Айтчу жообун мен өзүм боолгоп, түшүнгүдөй болсом да, кайталап, тактап сурапмын:

–Кайсы уста чапты экен муну?

–Жакебиз! – деп ырастады анын жубайы, балдарынын апасы, биздин болсо кадырлуу аяшыбыз Айнагүл: – өз колу менен, 1971-жылы, 21 жашында жасап жатканы, бул жерди кармап койчу деп, мен кээде кармап берчүмүн, ушул күнү бүгүнкүдөй эсимде. Балдарыбыз, неберелер жаткан тарыхы бар бешик эле..

–Бали, Жакебиз жөнүндө жазышым керек турбайбы! Мен дагы кызык... Макаланын аталышын дагы таап койдум. Аны эми “Бешик чапкан адам бар!” деп атаймын.

Ошондогу берген убадамды убагында аткарбай калдым, аттиң!.. Жангороз Каниметович менен нечен жылдар жанаша жашап, Май-Чуңкурга барганда майлашып-чайлашып, акжолтой бешиктин тарыхын алда нечен тактап, эчен сыр чечишебиз деп жүрбөймүнбү кыялда.

Убаданы унутпоо зарыл. Бул – моюндагы парз. Мен эми Жангороз Каниметовдун жакшы адам экенин, өмүрдөгү жүз парызын, жашоодогу миң карызын абийирдүү өтөгөнүн, эчен сынактан жалтанбай татыктуу өтүп, эң жогорку даражага, замандаштары тарабынан кадыр-сыйга ээ болгонун, эң негизгиси, ураан-урпактарына өз колу менен бешик чапканын айтышым зарыл.

Бугунун бир татыктуу уулу, болочок министр, ректор, эл депутаты, илимдин доктору Жангороз Каниметов Ысык-Көлдүн Түбүндөгү Токтоян айылында төрөлгөн. Эмгек жолун катардагы мугалим катары баштап, Каркыра, Арал, Кайкин атындагы мектептердин директору болуп, өзү сыяктуу педагог Айнагүл Кудуз кызы Асанбекова менен баш кошкон. Эми өзүнө жооптуу милдет – жаш үй-бүлөгө ата болуу милдети жүктөлгөнүн кылдат сезген. Кадимки Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосунун арча-карагай, кайың-талынан кыйыштырып, болочок чүрпөлөрүнө бешик чапкан. Бул баягы Атаке-бийдин заманындагы Жообасар-бешикчи узангандай, ошонун үлгүсүндөй эле усталык чебер иш.

Ооба, Жангороз Каныметов өмүрлүк жары Айнагүл экөө жаш үй-бүлө аталып, бара-бара балканакай беш уул таап, аттарын Эмил, Эрнис, Эдил, Адыл, Бакыт коюшкан. Ошол арча-кайың-тал бешикке беш уулу тең, андан берки Бакыттын Акбарындай небересине чейин бөлөнүшкөн. Азыр беш уулу беш тармактан баар таап, шаардын мэри, проректор, ден соолук сакчысы болуп, айыл чарба менен өнөр жайды башкарып жүрүшөт. Неберелердин алды кол арага жарап калса, чөбөрөлөрдүн көчү (тү-пай, тү-пай!) уланганы турат. Ошол көчтүн башы чоң атасы Жанкороз чапкан арча бешиктен башталган!

Ж.Каниметов Ысык-Көлдүн кулуну, элдин эң татыктуу уулу экени ырас, аны бугунун баатыры десек да куп жарашат. Жалпы элдик, педагогодук, парламенттик, илимий иштерге жигердүү аралашып, “Ысык-Көл” коомдук фондун көп жылдар башкарып, Түптүн дал борборунда Боромбай-бийге тургузулган эстеликтен баштап, эгемен элдин турмушундагы көптөгөн жакшы саамалыктарга демилгечи болгон.

Жакебиз акырын укуп, болбосо жеңден тартып, көз караш аркылуу жаңсап, ийгиликти ишаарат менен билдирүүнүн чебери эле. Көз айнеги күлүңдөй түшсө эле, бир тамаша же олуттуу сунуш айтарын сезчүмүн. Экөөбүз эки неберебиз Тынай менен Акбартайды ээрчитип алып, көпчүлүк элден окчун, ээнирээк жээкке барып, көлгө чөмүлөөр элек. Карта ойносо, ошол балдарга атайын уттуруп коюп, бирок эрмек болушканына кубана турган. Кайсы бир жылы жумуштар чыгып, мен Көлдөн эрте кайтууга мажбур болдум. Жакебиз машинеси менен келип, неберем Тынайды чакырып, сууга түшүүгө ээрчитип барып жүргөн экен уксам.

Бешик чапкан адам бар! Ал биздин замандаш, биз менен бирге, катарлаш жашаган Жангороз Каниметов!

Акбар Рыскул,

Кыргыз Элчиси, Эл акыны

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×