Добавить статью
17:39, 5 мая 2021 243

Исхак Раззаков — улут көсөмү

Исхак Раззаковдун өмүр баяны жана ишмердүүлүгү менен таанышкан ар бир окурманда мекенчилдик, сыймыктануу сезими менен кошо улуу инсандын бейнесине, ишмердүүлүк, уюштуруучулук, көрөгөчтүк, инсандык, чыгармачылык сапаттарына болгон урматтоосу пайда болуу менен, ошол эле мезгилде күчтүү улутунуу сезими да жаралбай койбойт. Анткени, анын томолой жетимчиликтеги оор тагдыры жана балдар үйүндөгү жашоосу зээн кейитсе, билим жана эмгек жолу шыр кетип, олуттуу кызматтык жогорулоолор менен коштолгон арбын ийгиликтери көңүл кубантат.

Ал эки мамлекетте: Өзбекстанда жана Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалап, экөөндө тең өзүнүн билими, мыкты уюштуруучулук, жетекчилик сапаттары жана ишмердүүлүгү менен аталган өлкөлөрдү Ата Мекендик улуу согуш мезгилиндеги кыйынчылыктарга жана андан соңку оор мезгилдерге карабастан, социалдык-экономикалык жактан жогорку көрсөткүчтөргө жеткире алган. Ата Мекенинде жан үрөп жасаган эмгектерине, жараткан ийгиликтерине, жетекчилик жөндөмүнө, чыгармачылык дараметине жана адамгерчилик асыл сапаттарына карабастан, өз мекендештеринин куру дооматтарынын артынан кызматынан, аны менен кошо туулган жеринен да биротоло кетүүгө аргасыз болгон. Москвада иштеп, пенсияга чыккандан кийин да алгач Кыргызстанга, жок дегенде Өзбекстанга келип жашоо укугунун берилбеши, Ала-Тоосуна, Ата Мекенине болгон өксүсү, балалыгындагы жетимчиликтен да оор, кусалуу жашоосу өмүрүнүн акыркы армандуу барактарынан болгон. Сөөгүн Ата Мекенине коюу боюнча керээзи да аткарылбай калган.

Исхак Раззаков 3 жашында энесинен, 10 жашында атасынан ажыраган. Алгач Кожент шаарындагы балдар үйүндө, андан соң Ташкенттеги интернатта тарбияланган. Ташкенттеги педагогикалык техникумду 1931-жылы, Москвадагы айыл чарба институтун 1938-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1939-1941-жылдары (29 жашында) Өзбек ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинде алгач орун басар, андан соң жетекчи болуп эмгектенген. Өзбекстандын эл агартуу комиссары (министри) жана республиканын эл комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары кызматтарында (1941-1945-жж.) иштеген. 1945-жылы Өзбек ССРинин Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчылыгына шайланып, партиялык жана советтик кызматтардын жогорку рангасына чейин жеткен.

Исхак Раззаков — эки элдин тең ишенимдүү уулу, анын ысымы менен бүткүл Өзбекстан сыймыктанат, деп айткан өзбек туугандар.

Анын Кыргызстандын аймагында төрөлүп, алгач Тажикстанда, андан соң Өзбекстанда тарбияланышы, Ташкентте жана Москвада билим алышы кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде эркин сүйлөөсүн шарттаган жана бул тилдерде жазуу, которуу иштерин да мыкты деңгээлде аткара алган. Ал орус адабиятынын улуу классиктери А.П.Чеховдун, Л.Толстойдун бир катар чыгармаларын өзбек, тажик тилдерине жеткиликтүү которгон. К.Маркстын гениалдуу «Капиталын» которууга катышкан.

Исхак Раззаков мамлекеттик көрүнүктүү жетекчи гана болбостон, мыкты илимпоз болгондугун да белгилей кетүү керек. Ал Өзбекстанда иштеп жүргөн мезгилде экономика илимдеринин кандидаттыгын коргоп, жогорку окуу жайында лекция да окуган.

Ар бир инсандын социалдык абалына, тегине, улутуна карабастан, адистик жана ишмердүүлүк жөндөмдүүлүгүнө карай кызматка коюу ошол кездеги коммунисттик коомдун артыкчылыктуу багыттары экендигин өзгөчө белгилеп коюуга милдеттүүбүз.

Исхак Раззаков соңку 16 жылда Кыргыз мамлекетинин жогорку жетекчилик кызматтарында: 1945-1950-жж. Эл комиссарлар советин (премьер-министр) жетектеп, соңку 11 жыл Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы — мамлекет жетекчиси болгон.

Мына ушул жылдар Исхак Раззаковдун өмүрүнүн жана ишмердүүлүгүнүн туу чокусу катары каралып, Ата Мекен тарыхынын индустриалдык-агрардык, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүндөгү жогорку көрсөткүчтөр менен эриш-аркак байланышкан.

И.Раззаков өлкөнүн илим, билим тармагын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурган. Ал республиканы жетектеген жылдарда: Илимдер академиясы, Кыргыз мамлекеттик университети, Политехника институту, Кыргыз кыз-келиндер пединституту, Ош, Каракол пединституттары, Кыргыз дене тарбия институту ж.б. көптөгөн илимий жана агартуу мекемелери түзүлгөн. Опера жана балет театрынын имараты курулган. Исхак Раззаковдун жеке демилгеси жана аракети менен улуттук кадрлардын чоң тобу даярдалган. Согуштан кийинки бүлүнгөн эл чарбасынын жана элдин турмуш-тиричилигинин абалынын оордугуна карабастан, мамлекеттин колдоосу менен илим-билимге умтулган жаштар Москва, Ленинград шаарларындагы жогорку окуу жайларына жөнөтүлгөн. Жергиликтүү улуттук кадрларды даярдоо максатында республиканын жогорку окуу жайларына (айрыкча медициналык, инженердик-техникалык адистиктер) кыргыз улутундагы жаштарды кабыл алуу боюнча атайын орундар бөлүнгөн.

И.Раззаков Кыргызстандагы маданият жана массалык-маалымат каражаттарынын өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон. 1950-жылдарда адабият жана искусство жанрынын бардык тармактарында чыгармалар жаралган. Москвада 1958-жылы өткөн Эл чыгармачылыгынын декадасында Кыргызстан элдеринин чыгармачылыгы жана маданияты бүткүл союзга даңкталган. И.Раззаков декадада артисттердин, акындардын, кыргыздардын улуттук чыгармалары жана маданий мурастары боюнча жараткан ийгиликтерине чын дилинен кубанганын анын замандаштары айткан.

И.Раззаков өлкөнү жетектеген жылдарда бир топ ири өнөр жай жана айыл чарба объектилери курулган. Алар Лебединовка, Аламүдүн, Каракол, Үч-Коргон жана Токтогул ГЭСтери, “Кыргызавтомаш” заводу, Ош электромеханикалык заводу, бут кийим фабрикасы, Фрунзе атындагы айыл чарба машиналары заводу, Фрунзе-Ош жолу, Кант-Балыкчы темир жолу, Орто-Токой суу сактагычы, Чоң Чүй каналы, Жыргалаң көмүр кени, СССРдагы ири Сары-Жаз олово кен-комбинаты ж.б. Натыйжада, Кыргызстан агрардык өлкөдөн агрардык-индустриалдык мамлекетке айланган.

Ал Кыргызстанды жетектеген 16 жыл аралыгында өлкөнүн бардык тармактарында олуттуу жогорулоо болгон. Исхак Раззаковдун көз жаздымынан четте калган, же колу жетпеген бир да аймак же тармак болгон эмес. И.Раззаковдун көрсөтмөсү менен тоо арасында, кокту-колоттордо жашаган калктар түздүктөргө көчүрүлүп, жаңы заманбап кыштактар жаралган, миңдеген гектар дың жерлер өздөштүрүлгөн, майда колхоздор ирилешип, мамлекеттик чарбалар ирденген, малдардын асыл тукумдуулугу, дыйканчылык, бакчылык тармактары жакшырган. Анын алкагында Лейлек районунда Кулунду каналы курулуп, Кулунду өрөөнү өздөштүрүлгөн. Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычынын ордун өзү келип, ат менен жүрүп таанышып чыккан соң Москваны ынандырып, суу сактагычты куруунун экинчи варианты болгон Тажикстандын Варух аймагы четке кагылган. Төрт-Күл суу сактагычынын долбоорлоо-сметалык документтери даярдалып, 10 жылга созулган курулуш иштери 1962-жылы башталган.

Исхак Раззаковдун интелектуалдык деңгээли бийик, саясий көрөңгөсү жогору, жетик, иш билги инсан болгон. Ал өлкөнүн кайсыл жеринде, ар кандай адамдар менен жолугуп, аңгемелешкен учурда ал жердин өзгөчөлүктөрү, өнөр жайы, мал чарбасы, дыйканчылык, тейлөө же башка тармак болобу аны өркүндөтүүнүн жолдору, көйгөйлөрү жөнүндө аргументтерин жана баалуу сунуштарын айтып, угуучуларын ынандыра да, шыктандыра да алган.

Исхак Раззаков Кремлдин бийик трибунасында сүйлөгөндө жана Москванын биринчи жетекчилери менен аңгемелешкенде республиканын көйгөйлөрүн жана ага көңүл буруунун зарылдыгын цифралар, фактылар менен далилдеп, ынандыра алган. Ал көз боёмочулук, текебердик, кошоматчылык кылган инсандар менен эч качан келишкен эмес,тууганчылык, жердешчилик ымала ага жат көрүнүш болгон, артыкбаш коромжулукту, ысырапкорчулукту жек көргөн.

Исхак Раззаков Кыргызстандын чыныгы уулу жана мекенчил инсаны катары өз өлкөсүнүн ар тараптан өнүгүүсүнө бүткүл билимин, тажрыйбасын жана эмгегин арнап, анын келечеги үчүн жан үрөп аракеттенгендигине карабастан, Кремлдин жана өз замандаштарынын саясий арамзалыгынын жана көралбастыгынын курмандыгына чалынган.

1961-жылдын май айындагы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин VI Пленумунда Исхак Раззаков “республиканын партиялык уюмдарына жетекчилик кылууда ири катачылыктарга жол бергендиги үчүн” деген айып менен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчылыгынан жана бюро мүчөлүгүнөн бошотулган.

Кыргызстан Компартиясынын ХI съездинин (1960-ж. май) резолюциясында: “Кыргызстан КП БК партиянын улуттук саясатын жүргүзүүдө олуттуу катачылыктарга жол берген, республиканын бардык мектептеринде милдеттүү түрдө кыргыз тилин окутуу жана республиканын жогорку окуу жайларына 60-70%дан кем эмес кыргыз жаштарын кабыл алуу жөнүндө токтом кабыл алган”, - деп белгиленген. Албетте, мындай демилгелердин башында Кремлдин чабармандары туруп, улуттук республикалардагы жетекчилердин ишмердүүлүгүн (жеке жашоосу, жүрүш-турушуна чейин) саясий шаблондун рамкасында чектеп турган.

Ошол кезде И.Раззаков 51 жашка толуп, жетекчилик тажрыйбага такшалган, акыл көрөңгөсүнө толгон мезгилде болгон. Кремлдин саясатын колдоп, И.Раззаковдун ишмердүүлүгүнө көө сүрткөндөр, көралбастар бирге иштешкен мекендештердин арасынан чыккан. Кыргызстан Компартиясынын БКнын мүчөлөрү Кремлдин ишаратына каршы тура алышкан эмес. Ал эми бир топ жыл аралыгында улуттук тилден, улуттук салт-санаалардан жана маданий мурастардан четтеп, анын азабын тартып жатканыбызды бүгүнкү мезгил ырастап отурат.

Коммунисттер жүргүзгөн кадр саясатын иликтеп олтуруп, жогоруда биз белгилеген жакшы жактары менен кошо кемчиликтерин да белгилеп коюуга милдеттүүбүз. Коммунисттер бийликке келгенден тартып эле, жергиликтүү эл башчылары, билермандары болгон байларды, молдолорду куугунтуктай баштаган. Алар мал-мүлкүнөн ажыратылып, камакка алынган, өлкөдөн сыртка сүргүнгө айдалып, алардын үй-бүлөлөрү, туугандары да олуттуу жабыр тарткан. Басмачылык кыймылга аралашкан, колдоо көрсөткөн деген айып менен дагы бир канчасы жазаланган.

Кадрларды куугунтуктоонун экинчи этабы кандуу репрессия менен коштолуп, төбөсү көрүнгөн А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, Б.Исакеев, М.Салихов А.Сыдыков, К.Тыныстанов сыяктуу ондогон мамлекеттик ишмерлердин, саясатчылардын көзү тазаланган. Эл душманынын баласы, тууган-уругу деп алардын артындагы урпактары да куугунтукталган.

Үчүнчү этапта Ата Мекендик улуу согушта туткунда болгондор (согуштун мыйзамы – өлтүрүү, колго түшүрүү эмеспи) эл-жерине кайтып келгенден кийин, Мекенге чыккынчылык кылды деген “күнөө” менен 25 жылга эркинен ажыратылып, Сибирге сүргүнгө айдалган.

Кийинки мезгилдерде деле И.Раззаков сыяктуу инсандарды аткарган кызматына жана жараткан ийгиликтерине карабастан, ар кандай шылтоолор менен жыга чабуу көндүм адатка айланган. И.Раззаковко Кыргызстандын эл чарба пландарынын аткарылышынын 1960-ж. жыйынтыктары менен Ленин ордени менен сыйланып, бир тарабынан даңкталып жатса, ошол эле мезгилден беш ай өткөндөн кийин “ишиндеги ири кемчиликтери үчүн” кызматынан алынгандыгын түшүнүү кыйын.

И.Раззаков кызматынан алынгандан кийинки жыйырма жыл бою ал жана анын жараткан ийгиликтери жөнүндө массалык маалымат каражаттары, коомчулук үн катпай келген. Качан гана коммунисттик бийликтин дасыгы басаңдап, эгемендүүлүк болгондон кийин гана анын эмгектерин эскерүү, баалоо кайрадан жанданып, 90, 100 жылдык маарекелери мамлекеттик деңгээлде белгилене баштаган.

Кыргызстандын Совет доорундагы жана Эгемендүүлүк мезгилиндеги жетекчилеринин ишмердүүлүк жана жеке сапаттарын иликтеп олтуруп, аларды эки топко бөлүп кароого болот.

Биринчи топко Совет доорундагы А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Т.Айтматов, Б.Исакеев, М.Салихов А.Сыдыков, К.Тыныстанов сыяктуу жетекчилерди кошууга болот. Алар өз керт башынын ачы-тогуна, тиричилигинин бары-жогуна карабастан, жан үрөп, ошол кездеги каатчылыктын, жокчулуктун, коомдогу ар кандай көз караштагы топтордун каршылыктарына карабастан, тикеден-тик туруп, мамлекеттин пайдубалын, негизин түзүшкөн. Жаңы коомду негиздөө, элдин курсагын тойгузуу, сабатсыздыкты жоюу, башкаруу системасын түзүү, коллективдүү чарбаларды уюштуруу сыяктуу бир топ маанилүү иштердин башында турушкан. Бирок, анын үзүрүн көрүүнүн ордуна, өздөрү түптөгөн системанын курмандыгына өздөрү кабылып, эл душманы деген жалаа менен атылып, сөөктөрү да бир нече жыл боюу белгисиз бойдон кала берген. Сталиндик репрессиянын курмандыктары кыргыз интеллигенциясы үчүн орду толгус, өтө оор трагедия болгон.

Андан соң Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев жана Абсамат Масалиевдер жетектеген мезгилде Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий жактан түптөлүү жана гүлдөө мезгилдери болгон. Алар Кыргызстандын өнүгүүсүнө баш оту менен гана берилип, жеке кызыкчылыктары жөнүндө маселе жараткан эмес. Жок дегенде өздөрүнө турак-үй да курбаган, материалдык байлык да жыйнаган эмес. И.Раззаков сыяктуу кийинки эки жетекчи тең кызматынан алынган соң куру дооматтарга дуушар болгон.

Эгемендүү Кыргызстандын мамлекет жетекчилерин экинчи топко кошууга болот.

Кыргызстандын Совет доорундагы жана эгемендүүлүк мезгилиндеги социалдык маселелерин жана кадрлардын ишмердүүлүк ж.б. айрым сапаттарын талдап көрөлү. Эгемендүү Кыргыз тарыхы да Совет доорунун башталышындай олку-солкулуктар менен коштолгон:

- коммунисттер байларды тап катары жоюп, бийлик бутактарына жумушчу-дыйкан өкүлдөрүн коё баштаган, эгемендүүлүк мезгилде кедейчиликти тап катары жоюу программасы кабылданып, бийликке жана депутаттык орундарга жалаң капчыктуулар тандалган;

- Совет доорунда “кадрлар баарын чечет”, “кадр – алтын фонд” деген принциптер болгон жана кадрлар адистик жана ишмердүүлүк сапаттары боюнча тандалган, эгемендүүлүк мезгилде тууганчылык, жек-жаатчылык, кайсы партиядан экендиги боюнча кызматка коюлган;

- большевиктер “Жер дыйкандарга!”- деген ураан менен чыккан, бирок жер мамлекеттин менчигине алынган, эгемендүү өлкө айыл жериндеги бардык жарандарга жерди үлүш, ал эми дыйкан-фермер чарбаларга жеке менчик катары берген;

- Совет доорунда мекеме-ишканалар, чарбалар, соода, тейлөө кызматтары ж.б. толугу менен мамлекеттик менчикке алынган, эгемендүүлүк мезгилде алардын бир топ бөлүгү мамлекеттен жеке менчик тараптарга берилген;

- Совет доорунда жумушка жарактуу курактагылар милдеттүү түрдө эмгек менен камсыз болгон, эгемендүүлүк мезгилде жумушсуздар көбөйүп, ички жана тышкы миграция күч алган;

- билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактары бекер болгон, эгемендүүлүк мезгилде бул тармактарда алтернативалуу түрдө кызмат көрсөтүү үчүн жеке тараптарга да уруксат берилген;

- Совет бийлигине каршы жарандык согуш жана басмачылык кыймылдар чыгып мамлекеттин шаштысын алган, эгемендүүлүк доорунда эки ирет элдик революция (2005, 2010-жж.) болуп, эки президент кызматынан кеткен;

- коммунисттер мурдагы түзүлүштү жактап, жаңы коомго каршы болгондорду алыскы аймактарга сүргүнгө айдаган, эгемендүү Кыргызстандын биринчи жана экинчи президенттери башка өлкөлөргө эмиграцияланган;

- Совет доорундагы жетекчилер өздөрүнүн материалдык кызыкчылыктарынан мамлекеттик кызыкчылыкты жогору коюп, (жада калса алардын кийимдери да жупуну болгон) мамлекеттик байлыктарды көбөйткөн, эгемендүүлүк доорундагы жетекчилер мамлекеттик, коомдук байлыктарды, мекеме-ишканаларды (эмгек акыларды, пенсия, пособиелерди), кыймылсыз мүлктөрдү, жада калса жаратылыш байлыктарын ач көздүк менен талап-тоноп, мыйзамсыз башка да жолдор менен ченемсиз байыган;

- Совет доорундагы жетекчилер менчик турак-үй да курган эмес, эгемендүүлүк доорундагы жетекчилер жеке менчик хан сарайларды, тейлөө имараттарын ж.б. курган;

- Совет доорундагы жетекчилер элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча тынымсыз иш алып барган, эгемендүүлүк доорундагы жетекчилер өздөрүнүн байлыгын көбөйтүү үчүн мыйзамсыз жолдор менен күнү-түнү иштеген;

- Совет доорундагы жетекчилер барлык тармактарда акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү талап кылган, эгемендүүлүк доорундагы жетекчилер бардык тармактарда жана бардык бийлик бутактарында коррупциялык схемаларды түзүп, анын башында өздөрү турган;

- Совет доорунда өкмөт эл үчүн ишеп, элдин өкмөткө болгон ишеними жогору болгон, эгемендүүлүк доорунда эл өкмөт үчүн иштеп (салык төлөө, чек араны коргоо ж.б.), элдин өкмөткө болгон ишеними жоголгон;

- эки доордо тең байлар өз мүлктөрүн жаап-жашыруу максатында ар кандай айла-амалдарды колдонгон, айрымдары чет өлкөлөргө качып кетишкен;

- эки доордо тең соттоолор, камоолор орун алган;

- эки доордун тең башталышында азык-түлүк тартыштыгы, каатчылык орун алып, жалпы карапайым калк кыйналган.

Бирок, Кыргызстандын эки доордогу саясий жана экономикалык абалынын айырмачылыгы асман менен жердей болгон. Совет доорунун башталышында кыргыз коомчулугу негизинен көчмөн турмушта, кокту-колоттордо жашап, турмуш абалы бир топ оор болгон. Эл текши сабатсыз болуп, турак жай, турмуш-тиричилик, карым-катнаш да ошол деңгээлге жараша болгон. Материалдык байлык (мал чарбасы) эсеби менен белгилүү гана инсандарда болгон.

Ал эми өткөн кылымдын 90-жж. Кыргызстандын саясий жана экономикалык абалы дүйнөдөгү бир канча мамлекеттерден өйдө турган. Айылдардын инфраструктурасы, социалдык-маданий өнүгүүсү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият ж.б. тармактар мыкты өнүгүп, элдин жашоо деңгээли олуттуу түрдө жакшырган. Республикадагы койдун саны 10 млн.го чамалаган, өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн, миллионер колхоздордун саны көбөйгөн. Мамлекеттик чарбалар, мекеме-ишканалар, соода, тейлөө тармактары бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуп, алардын материалдык, финансылык абалдары белгилүү өлчөмдө жана туруктуу абалда болгон.

“Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, Совет доору да бир топ мезгилден кийин бутуна туруп,элдин жашоо тиричилиги жакшырып, бардык тармактар боюнча олуттуу жогорулоолор болгон. Анын сыңарындай акыркы жылдарда Кыргызстандын саясий жана экономикалык турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр элдин турмушунун жакшырышына, коомдун өнүгүүсүнө карай баратат.

Исхак Раззаков 1961-жылы ошол кездеги коммунисттик саясаттын таасири менен Москвага СССР мамлекеттик экономикалык советтин тамак-аш өнөр жайына бөлүм башчы болуп которулган. Натыйжада, Мекеним деп бардык күчүн, билимин жана тажрыйбасын аябастан эмгектенген, өзү туулуп, бирок сыртта тарбияланып, кеч да болсо эңсеп жүрүп жеткен Ата журтунан, өз элинен биротоло кетүүгө аргасыз болгон. 1965-жылы СССР Госпланынын аппаратынан эс алууга чыгып, союздук маанидеги пенсия ыйгарылган. Пенсияга чыккандан кийин алгач Кыргызстанга, андан соң Өзбекстанга келип жашоо өтүнүчү четке кагылгандан соңку 14 жылдык өмүрүн Ата мекенге болгон кусалык менен өткөргөн. Өнөкөт ооруудан 1979-жылы 18-мартта 69 жаш курагында көз жумган, сөөгү Москвага коюлган. Маркумдун керээзин эске алып 2000-жылы сөөгүн Бишкекке алып келип, Ала-Арча көрүстөнүнө кайрадан коюлган.

Исхак Раззаков көрүнүктүү жетекчи, жетик уюштуруучу гана эмес, кристаллдай таза инсан, белгилүү саясатчы жана кыргыздын чыныгы мекенчил уулу – улут көсөмү катары тарыхта калды. Анын: “Коом деген сени менен мен. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” – деген акылман сөзү, бүгүнкү коомду алдын ала көрө билгендиги.

Исхак Раззаковдун: “Бирөөнүн күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк”, “Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын”, “Үлгүлүү кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол”, “Таза иштеген адам акыры жамандык көрбөйт”, “Касташуудан кач, бирок адилдиктен тайба”, “Жакшы кызматкер болсоң да өзүңө, жаман кызматкер болсоң да өзүңө. Бирок жаман кызматкер болсоң зыяның элге тиет”, “Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал – эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат”- деген акылман, нуска сөздөрү ар бир инсандын жүрөгүнүн түпкүрүнөн, аң-сезиминин чордонунан орун алууга тийиш.

Исхак Раззаков учурунда төрт ирет Ленин ордени, I даражадагы Ата Мекендик согуш, эки ирет Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери бир канча медалдар менен сыйланган. Ал өлкөнү жетектеген мезгилде (1957-ж.) Кыргыз ССРи айыл чарбасында жетишкен ийгиликтери үчүн ал кездеги эң ардактуу сыйлыкка, Ленин орденине татыктуу болгон. Партиялык эреже боюнча ар бир сыйлыктын артында так жетишкендиктерди көрсөткөн, реалдуу цифралар турган. Ошондуктан, ага берилген мамлекеттик сыйлыктарды анын ак эмгегинин натыйжасы катары баалоого болот.

Исхак Раззаковдун мамлекетке, өз элине кылган эмгеги бааланып, 2010-жылы (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.

Исхак Раззаков сыяктуу инсан бүгүнкү күндө аны жакшы билгендерге, анын өмүр таржымалын, ишмердүүлүгүн жактырган кишилерге, анын инсандык асыл сапаттарын сүйгөн жаш муундарга, айрыкча, биздин эгемендүү мамлекетке жетишпей турат.

Абдинаби Кадыров
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×