Добавить статью
21:39, 13 мая 2021 264

Кыргыздардын жана алтай элдеринин салттуу билимдери, үрп-адаттары жана ырым-жырымдары

АННОТАЦИЯ: Кыргыздардын жана Алтай элдеринин байыртадан бери карай келе жаткан салттуу билимдери, үрп-адаттары жана ырым-жырымдарынын окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө Алтай Республикасында жана Кыргызстандын түштүгүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча талаа материалдарынын негизинде баяндалган. Кыргыздардын жана алтайлыктардын турмуш-тиричилигинде, салт-санаасында, үрп-адаттарында жана ырым-жырымдарында орун алган окшоштуктар алардын түпкү тегинин бир экендигин гана билдирбестен, алардын башка да байланыштарынын тыгыз экендигин айгинелейт.

Алтайлыктардын боз үйлөрдө жашоо образы, буюм-теримдери, тамак-ашы, топонимикалык аталыштардын жалпылыгы, тилдин окшоштугу ж.б. салттар боюнча бир канча кызыктуу маалыматтар камтылган.

Эки тарапта тең табып, тамырчы, дем салуучу, эмчи сыяктуу “элдик адистер” учурайт. Алар медицинадан шыпаа таппаган айрым бейтаптарды сакайткан учурлар кездешет. Аларда бир гана диндик айырмачылык болгондугуна карабастан, эки тарапта тең элдик дарылоо ыкмалары кеңири колдонулат. Мындан сырткары кээ бир күтүүсүз окуяларды, инсан тагдырларын алдын-ала айткан көзү ачыктардын ишмердүүлүгү жана аларга коомчулуктун ишениминин жогору экендиги анализденген. Мындай салттуу ишенимдердин, үрп-адаттардын жана ырым-жырымдардын кыргыздар менен Алтай элдериндеги өзгөчөлүктөрү автор тарабынан изилденип, айрым жалпылыктар жана окшоштуктар талдоого алынган. Канча кылымдарды карыткан салттуу ишенимдерге үрп-адаттарга жана ырым-жырымдарга коомчулуктун пикири менен бирге илимий көз караштар берилген.

АЧКЫЧ СӨЗДӨР: кыргыздар, алтайлыктар, тарых, салттуу билимдер, ырым-жырымдар.

Байыркы кытай тарыхчысы Сыма Цяндын “Тарыхый кол жазмаларында” белгиленгендей, Алтай элдеринин түпкү теги байыркы гунндардан тараган теле жана түрк урууларына барып такалат. Кийинки илимий изилдөөлөр далилдегендей Тоолуу Алтайдын азыркы титулдук калкы байыркы гунн, түрк, уйгур, кыргыз, кидан, монгол жана жунгар урууларынын жана алардын улуу маданиятынын мураскорлору болуп саналышат.

Тоолуу Алтай б.з.ч. II – б.з. III кк. Гунндардын мамлекеттик бирикмесинин курамында болуп, Гунндар чыгыштан батышка чейинки кеңири аймакка ээлик кылып турган. Мындагы көчмөн уруулар Орхон жана Селенга дарыяларынын жээктерин, Хингай жана Батыш Хэнтэй (Борбордук Монголия) тоолорун байырлашкан. Гунндар андан соң Тарим дарыясынын жээгин жана Чыгыш Түркстан тоолорун, Казакстандын түштүк-чыгыш аймагын жана Монголиянын түндүк-батыш аймактарын ээлеп, Азиянын чок ортосундагы Белуха тоолорунун аймагына чейин жеткен.

Байыркы Түрк доорунда (VI-IХ кк.) Тоолуу Алтайдын аймагына түрктөрдүн куу, теле жана кыргыз уруулары байыр алган. I миң жылдыктын экинчи жарымынан баштап түрк тилдүү калктардын калыптануу доору жүрүп, изилдөөчүлөр аларды “алтай-теле түрктөрү” деп аташкан. Алтай уруулары мына ушундай кыйын мезгилдерде ири уруулук бирикме болгон Биринчи жана Экинчи Түрк каганаттарынын (552-744-жж.) курамында болгон. Түрк каганаттары кулагандан кийин алардын ордун Уйгур мамлекети ээлеген.

Кыргыздар 840-жылы Уйгур мамлекетин талкалагандан кийин алтайлыктар ушул мезгилден баштап Кыргыз каганатына баш ийген. Тоолуу Алтайдын аймагында кыргыздардан калган археологиялык эстеликтер бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Андагы Яконур, Акташ эстеликтериндеги рунь жазмаларында “кыргыз” этноними көп учурайт [Алтайцы... 2014].

Мына ушул тарыхый фактылар далилдегендей кыргыздар менен Алтай элдеринин тарыхы, дини жана маданияты байыртадан бирге болуп, кийинки доорлордо эки башка аймакта жашап калгандыгына карабастан, дале бир нукта өнүгүп жаткандыгынын мыйзам ченемдүү экендигин танууга болбойт. Анткени, кыргыздардын маданияты, салты, үрп-адаттары, ырым-жырымдары, жашоо эрежелери, турмуш-тиричилиги, чарбачылыгы ж.б. өзгөчөлүктөрү Алтай элдериндеги окшоштуктар менен үндөшүп турат.

Алтайлыктар менен кыргыздардын жашоо образдары да окшош. Алтайлыктар эзелтеден жыгачтан жасалган боз үйлөрдө жашап келген. Андай үйлөр азыр деле колдонулат. Аны алтайлыктар “журт” деп, орустар ошондон “юрта” деп айтып калган дешет. Журт үйдүн ичиндеги буюм-тайымдар: туулга, казан, жыгач челек, чөмүч, кашык, чыгдан, гүпү, себет ж.б. кыргыздардын буюмдарынан эч кандай айырмачылыгы жок. Айранды гүпүдөн бышып сары май алуу, курут, сүзмө, боорсок сыяктуу тамак-аштарын эч кандай өгөйлөөгө болбойт. Кой союп, мүчө тартуу салтында да айырма жок. Климаты мелүүн, жаанчыл болгондуктан, чайды аз ичишет. Талкандан жасалган куурма чайды суусундук катары пайдаланышат. Талкан чай азыркы учурда кыргыздарда пайдаланылбай калган. Сүттөн тартылган алтай арагынан да ооз тийгизишти. Аны жасоо технологиясы менен “Эл музейинде” тааныштык. Орто эсеп менен 20 литр сүттөн 5 литр арак тартылат экен. Алтай арагынын ден соолук үчүн абдан пайдалуу экендигин жана анын сүзмөсүнөн жасалган куруттун даамынын өзгөчөлүгүн сыймыктануу менен айтышты.

Исай Калашниковдун “Каар заман” аттуу китебинде Чынгыз хан энесинин сүттөн тартып берген арагын кез-кезде ырахаттануу менен ичкендигин окуп, бирок аны жасоо технологиясын билбегендигимден, аны кымыз менен салыштырып караган болчумун. Демек, алтай элдери орто кылымдарда эле сүттөн спиртти өндүрүүнү жана аны ичкенди билишкен турбайбы деген пикир пайда болду.

Катын, Бий, Чүй дарыялары, Алтын көл, Ай көл, Чүй жолу, Бий шаары ж.б. топонимикалык аталыштар менен өзүңдү Кыргызстандын аймагында жүргөндөй эле сезип кетесиң. Новосибирден Тоолуу-Алтайга, андан ары Монголияга карай кеткен автомобиль жолу да Чүй тракты деп аталат. Ага жанашкан Катын дарыясынын жээги туристтерди тейлөөгө ыңгайлашып, жай айларында Россиянын чыгыш жана Сибирь аймактарынын жашоочулары бул жакка карай агыла баштайт. Бул көрүнүш Ысык-Көлдөгү эс алууларга окшоп кетет.

Найман, кыпчак, төлөс, мундуз сыяктуу урууларга кезигип, туугандашып кетүүгө да болот. Кыргыздар: Кайсыл уруудансың? – деп сураса, алтайлыктар: Сөөгүң ким? - деп кайрылышат[Словарь... 2016:54]. Эгер уруулаш болуп чыксаң, тууган катары жакын мамиледе болушат. Бир аз гана тыбыштык өзгөчөлүктөрдү айырмалап биле алсаң, бири-бириң менен котормочусуз эле баарлаша аласың.

Антропономиялык түзүлүшү, өңү-түсү боюнча окшош болгондуктан, кыргыз менен алтайлыкты бири-биринен айырмалоо кыйын. Россиянын бардык аймактарындай эле ал жакка да Кыргызстандан окууга барган студенттер, иштөө үчүн барган мигранттар көп кездешет. Алтайлыктар менен үй-бүлө куруп, ошол жакта биротоло орношуп калгандар да арбын.

Гунндардан Борбордук Азиянын көчмөн калктарына дин катары шамандык жөрөлгөлөр: отко, сууга сыйынуу, курмандык чалуу ж.б. калган болсо, мындай салттык ырым-жырымдар алтайлыктарда дээрлик толук бойдон сакталып калган. Ал эми кыргыздар мусулманчылыкты кабыл алгандыгына ХIV к. болгондугуна карабастан, дале отко, сууга сыйынуу жөрөлгөлөрүн карманып келатышат. Бул эки элдин салттык ишениминин бир экендигин далилдейт.

Байыркы калктардын ишеними боюнча жаратылыштын: жердин, тоолордун, дарыялардын, көлдөрдүн, дарактардын ж.б. ээси болгон. Адамдар жаратылыштан алган нерселеринин – тамак-аш, суу, отун ж.б. ордуна ага кайра берип туруу керек деген ишенимди карманышкан. Адамдар колдо барын, тамак-аштын бир бөлүгүн, суусундуктун алдын, майда буюмдарды тартуу кылышкан [Некоторые… 2017: 145]. Мындай алыш-бериштин көп тараган формасы катары бүткүл Сибирь аймагынын жана Тибетке чейинки элдерде дарактарга чүпүрөктүн бир бөлүгүн байлоо салты кеңири жайылган. Бул салт азыркы учурга дейре Алтай жана Түркстан элдеринде сакталып келе жатат.

Түрк-монгол элдеринин салттуу ишеними болгон Теңирчилик (Көкө Теңир) байыркы диний ишеним катары көпчүлүк көчмөн калктарда калыптанган. Кыргыздарда дале бул ишенимди кармап келе жаткандар жок эмес.

Шаманизм Алтай элдеринде салттуу ишеним катары азыркыга чейин толук кандуу жашап келе жатат. Кийинки кылымдарда алтайлыктар менен христиан жана мусулман калктары чогуу жашай баштагандыгына карабастан, бул диндердин бири-бирине болгон таасири өзгөрүүсүз бойдон кала берген.

Алтайлыктарда шамандык реликттин негизинде “сырдуу билимди” кесип кылышкан (эмчи-домчу, көзү ачыктык кылуу, сыйкырлоо) инсандар жок эмес. Мындай шамандык реликттер Алтай элдеринен сырткары сибирдик татарларда, Борбордук Азиядагы түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да кездешет. Бул калктар ислам динин кабыл алгандыгына 14 кылымдан ашуун мезгил болгондугуна карабастан, дале шамандык жөрөлгөлөрдү кеңири колдонуп жүргөндүгү жашыруун эмес. Себеби, ислам дини жаратылышка, отко, сууга, тоо-ташка ж.б. сыйынууга тыюу салат жана мындай жөрөлгөлөрдү жасоо мусулман пендеси үчүн чоң күнөө деп эсептейт.

Мусулманчылык боюнча, тагыраак айтканда Курандын сүрөөлөрүн окуу менен дем салуу аркылуу дарылоо, жин-шайтандардан арылтуу, жолун ачуу, рухун тазалоо сыяктуу ыкмалар азыркы учурда арбын кездешет. Муну ислам дини боюнча билими бар молдолор ишке ашырат. Бирок, ага өтө деле өзгөчө билим керектелбейт, Курандын сүрөөлөрүн мыкты окуган молдолор болсо боло берет дешет.

Баткен районунун Рабат айылында Шерматов Дыканбай (1900-1974-жж.) аттуу аксакал боло турган. Ал аксакалды Ата Мекендик улуу согуштун катышуучусу, Квантун армиясына каршы согушкан жоокер катары гана билчү элек. 1970-жылдары жай айларында Мусаев Турдубай деген адамды бөй (кара курт) чагып, райондук бейтапканага алып келишет. Бирок бейтаптын абалы күндөн-күнгө начарлай берет. Ал мезгилде оорууканада ырым-жырымдарды аткарууга катуу тыюу болгондуктан, туугандары нөөмөттөгү врач менен сүйлөшүп, түн ичинде Дыканбай аксакалды алып келип дем салдырышат. Кийинки күндөрү эле бейтап сакайып оорууканадан чыгып келет. Эл арасында Дыканбай аксакалдын деми врачтардын дарысынан да күчтүү экен деген сөз айтылат. Бул сөздөрдү мен да ошол кезде өз кулагым менен уккам. Ал эми Мусаев Турдубай 80 жаштан өтүп жашады.

Дыканбай аксакалдын деминин сырын билүү үчүн мен анын 86 жаштагы баласы Дыканбаев Көчөр аксакалга жолуктум. Көчөр аксакал атасынын ислам дини боюнча сабаты болбогондугун, ал эми бөй чаккандарга дем салганда даарат алып, андан кийин дубасын окуп дем салгандыгын, ал эми анын кандай дуба экендигин билбестигин айтты. Бул дубаны сага үйрөтөм деп көп айтчу, бирок мен аны үйрөнүп алууга маани бербепмин. Атам өмүрүнүн акырына чейин көп адамдарды деми менен айыктырган, - дейт[ТМ-1]. Албетте кыргыздардын жашоо-турмушу, жумушу талаа-түздө болгондуктан, ошол мезгилдерде бөй-чаяндардын чагып алуусу да көп кездешкен.

Дыканбай аксакалдын небереси Дыканбаев Калык: жогорку класстарда окуп, каникулда жайлоодо жүргөн учурумда мени да бөй чаккан. Апам атка менен айылдагы атама алып келген. Бүткүл денем ысып, демим кыстыга баштаган. Атам бирдемелерди окуп-окуп, анан: “Сүф! Сүф! Сүф!” дегенде утуру жеңилдеп, денемдеги ооруу бутума карап ылдыйлай баштаган. Акырында атам: ооруң тизеңден ылдыйлады, мен чарчап калдым, эми калганы өзү айыгып кетет, деген. Кийин буттарымдан сары суу чыгып, бир аз жара болуп жүрүп айыгып кеткен. Эч кандай медициналык жардамга муктаж болгон эмесмин, дейт[ТМ-2].

Бирок, биз бир канча адамдардан сурамжылап, мындай ыйык кесиптин сырын жана аны алып жүргөн инсандын кимдигин да биле албадык. Азыр мындай кесипти аркалаган инсандардын бар экендигинен да кабар таппадык.

Азыркы учурда жаш балдарды “эми” менен дарылап, эл арасында “эмчи” атка конгон апалар да кездешет. Айрыкча жаш балдар арасында ичтейи жоголуп, эмчек эмбей, денесинен тап чыгып, чыргоолонгон наристелер көп кездешет. Алар күндөн-күнгө алсырай баштайт. Медицинада мындай учурдагы жаш балдарды аппаратка салып, асма уколдорду сайып, бир канча убакытка алек болушат. Жети бала тарбиялап чоңойткон апа Пинназарова Бухава: Таалайбек балам бир жашар убагында ооруп калды. Догдурларга алып барсам, укол сайып, аппаратка салып, эки-үч күн дарылашты. Бирок, балам күндөн-күнгө алсырай берди. Дем алыш күнү эртең менен эмчи кемпирге алып бардым. Ал баламды көрүп: “жүрөгү” козголгон экен деп, чалкасынан жаткызып, эки бутун жогору кармап, тамандарын чапкылап, дагы бирдемелерди жасады. Эми бул бала 4-5 саат уктайт, андан тургандан кийин эмизесиң, аны менен сакайып калат деди. Анын айтканындай болуп, балам айыгып кетти.

Эмчи 73 жаштагы Анарова Сапаргүл: жаш балдардын арасында бир нерседен чочуп “жүрөгү” козголгон учурлар көп кездешет. Ал учурда балдардын табити жоголуп, кусуп, кыйнала баштайт. Аны биз эмдеп, дары-уколсуз эле айыктырып коёбуз[ТМ-3].

Бул маселе боюнча врач-педиатр, 38 жылдык эмгек стажына ээ Кудайбердиев Сайпилла: жаш балдарды дарылоо бир топ татаал иш, анткени, алар ооруганын айта албайт. Ал эми эл арасында ар кандай элдик ыкма менен дарылагандар да бар. Бирок, аларга толук ишенүүгө болбойт, - деген пикирин билдирди[ТМ-4]. Бул, советтик доордо окуп, ошол мезгилден бери карай иштеген врачтын пикири.

Азыркы мезгилде мусулманчылык боюнча дем салып, рухту тазалаган молдолор да ар бир айылдарда кездешет. Биздин иликтөөбүз боюнча ага ишенгендер да арбын. Алар ыйык Курандын сүрөөлөрүнүн күчү баарынан жогору турат дешет. Адам руху да ар кандай нерселерден жабыркап, ар кандай жаман нерселерге дуушар болот, ошондуктан, аны мезгил-мезгили менен аруулап туруу абдан пайдалуу дешет. Экинчиден, мындай ыкманын эч кандай терс таасири болбойт.

Айгүл-Таш айылынын имамы Шералы: ислам дини аруулукка негизделген дин, ал ар бир инсандын дене боюнун, рухунун, ички дүйнөсүнүн, кийим-кечесинин, буюм-териминин, турак жайынын, ж.б. таза болушун каалайт. Ыйык Кураны Керимди окуу жана ага амал кылуу да ар бир мусулман пендесин аруулукка чакырат. Бирок турмушта дайыма ак менен кара, жакшы менен жаман бирге жүргөндөй, адам пендесинин руху да жабыркайт. Аны мезгил-мезгили менен аруулап туруу керек. Ага да Ыйык Кураны Керимдин сүрөөлөрү жардам берет[ТМ-5].

Алар ыйык курандын сүрөлөрү аркылуу дарылагандыктан өздөрүнүн ишин мусулманчылыкка шайкеш келет деп эсептешет. Шералы молдонун үйүнө күн сайын орто эсеп менен 15-20 адам барып, рухтарын аруулап, анча-мынча ооруулардан сакайып кетишет.

Албетте, бейтаптарды дарылоодо терең ынандыруу жана психологиялык жактан таасир көрсөтүү ыкмаларын пайдалануу боло турган иш экендиги маалым.

Мындан сырткары “көзү ачыктар” да бар. Алар пенденин алдында аткара турган айрым иштерин, тагдырын, турмуштук жагдайын, жоголгон нерсесин ж.б. маселелерди ачыктап айтып беришет. Аларга да күн сайын көп адамдар кайрылышат.

Алар өздөрүнүн кесибин Алла тарабынан берилген тубаса талант катары санашат. Алардын көпчүлүгү бул кесиптин берилиши аян болуп, көзүнө бир нерселер көрүнүп, кээ бирде “ооруп” андан кийин бул кесипти аркалоого мажбур болушкандыгын айтышат.

Мына ушул теманы изилдөөмдүн алкагында мен да “көзү ачыкка” жолуктум. Мени буга чейин билбеген, мен жашаган жерден 150 чакырым алыстыктагы Кызыл-Кыя шаарындагы Бабаева Дилдора аттуу аялга барып, өзүм жана тагдырым жөнүндө билдирүү алдым. Ал менин буга чейин иштеген кызматтарымды үй-бүлөлүк абалымды жалпылап айтып берип, келечек багыттарыма да токтолду. Ал көзүн жумуп туруп, андан соң айтып жатты. Мен андан бул өнөрдүн сыры тууралуу сураганымда: менин көзүмө көрүнөт, мага баян кылуучу периштелерим бар, алар мага айтып, ишарат кылып турушат деди. Мага жумушуңузда бир кагаз иштери боюнча проблемаларыңыз бар экен, алыскы сапарга барууну ниет кылып жүрөсүз деген саптарынын түшүндүрмөсүн сураганымда, менин көзүмө додолонгон кагаздар көрүндү, ал эми аппак кийинип алыпсыз деп жооп берди[ТМ-6]. Көзүнө көрүнгөн нерсесин чечмелеп берүү анын өзүнүн ой жүгүртүүсүнө байланыштуу болоорун баамдадым. Албетте, бирөөнүн бир нерсесин боолголоп айтуунун өзү эле канчалык кыйын экендигин эске алганыбызда, жок жерден таап айтуунун өзү да канчалык жоопкерчиликти талап кылаары ар бир пендени ойго салбай койбойт.

Мусулманчылыкта чоң күнөө дегендигине карабастан, дале эмчи-домчуларга, көзү ачыктарга, табыптарга ишенгендердин жана аларга кайрылгандардын саны арбын. Келечегиңди айтат, жолуңду ачат, жоголгон нерсеңди табууга жардам берет, рухуңду тазалайт, ооруудан сакайтат - деп эл ишенген көзү ачыктардын, эмчи-домчулардын, табыптардын кадыр-баркы эл арасында дале жогору.

Эл арасында алдын-ала айта билгендерди олуя деп атаган. Алардын айрымдарынын ысмы эл оозунда дале сыймыктануу менен айтылып жүрөт. Баткен чөлкөмүндө Токтогул олуя деген инсан жашап өткөн экен. Анын мүрзөсү Баткен шаарынын түндүк тарабында. Ал жерге азыр да жарандар барып сыйынып турушат. Ал мезгилде Баткен аймагы бозоргон талаа болгон, келечекте бул аймак шаар болуп, көл жаркырап, бак-дарактуу калаага айланат деп саймедирлеген экен:

...Кабат үйлөр салынар,

Калк көбөйүп агылар.

Атырылып элирген,

Ат минишер темирден.

Карагайдан сым кетер,

Караңгылык жылт этер.

Илим өсөр, иш болор,

Ит аягың мис болор.

Көп биригип кургандай,

Көл жаркырап тургандай,

Айдын нуру ак болор,

Айдың талаа бак болор [Баткен областындагы... 2015 : 49].

Канча мезгил өткөндүгүнө карабастан, Токтогул олуянын айткан заманы келгендигин ар бир инсан көрүп, билип турат. Баткенде Төрт-Күл суу сактагычынын курулушу ойго келбес иш болгон. Мына ошонун таасири менен бозоргон талаалар жашыл өрөөнгө айланган.

Мындан сырткары бул кесиптин терс жагын кармангандар да бар. Бирөөлөрдүн жолун байлоо, ишине тоскоолдук кылуу, башын айландыруу аркылуу бир нерсеге ынандыруу сыяктуу усулдар да кездешет. Бул ыкмаларды оппоненттерине же каршы тараптарга пайдаланган учурлар көп кездешет.

Андан сырткары азыркы учурда “жин” кирип калыптыр, жинин чыгарабыз, же жин ооруусунан тазалайбыз деген кесип ээлери да пайда болду. Булар жөнүндөгү биздин иликтөөлөрүбүз али аягына толук чыкпагандыктан, ал жөнүндө жарыялоону азырынча эп көрбөдүк.

Биздин бул макалабызда мына ушундай сыйкырдуу кесип ээлеринин өзгөчөлүктөрү жана натыйжалары, элдин ага болгон ишенимдери тууралуу изилдөөбүздүн алгачкы жыйынтыктары менен тааныштырууну гана максат кылдык.

Бирок, акыркы мезгилдерде бүткүл Жер шарында “Жалгыз Кудай – жалгыз ишеним” деген пикирди колдогондор көбөйүп, диндердин ортосундагы ажырым да жоголуп бараткансыйт. Экинчиден, дүйнөлүк деңгээлде көзү ачыктык кылган Ванганын айткандары анын дүйнө салгандыгына бир канча жыл болгондугуна карабастан, дале орун таап жаткандыгын эске алганыбызда, бул кесиптин али биз билген жана биз билбеген сырларынын көп экендигин танууга болбойт деген пикирдебиз.

ТАЛАА МАТЕРИАЛДАРЫ ЖАНА АДАБИЯТТАР:

Автордун талаа материалдары (тм)

1. Дыканбаев Көчөр – Баткен районунун Рават айылынын тургуну, 1932-жылы туулган.

2. Дыканбаев Калык - Баткен районунун Рават айылынын тургуну, 1954-жылы туулган.

3. Анарова Сапаргүл – Баткен шаарынын тургуну, 1945-жылы туулган.

4. Кудайбердиев Сайпилла - Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын тургуну, 1955-жылы туулган.

5. Акматов Шералы - Баткен районунун Айгүл-Таш айылынын тургуну, 1965-жылы туулган.

6. Бабаева Дилдора – Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 1983-жылы туулган.

Адабияттар:

1. Алтайцы: Этническая история. Традиционная культура. Современное развитие. Горно-Алтайск – 2017. С. 14.

2. Народы Евразии: История. Культура. Языки. Материалы Всероссийской научно-практической конференции. Горно-Алтайск – 2017. С. 145.

3. Словарь говоров Кош-Агачского и Улаганского районов. Горно-Алтайск – 2006. С. 54.

4. Баткен областындагы тарыхый ыйык жана экзотикалык жерлер. –Б., 2015. 49-б.

Абдинаби Кадыров
Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×