Добавить статью
14:22, 30 августа 2021 34976

Манастын, Кыргыз журтунун идеологиясы

Автор жазган текст өзгөртүүсүз жарыяланат

Манастын Кыргыз журтунун идеологиясы

Автор – Асылбек Эшиев

Кыргыз журту.

“Манас” эпосу тарыхый-этнографиялык булак катары. Эпосто (С. Орозбаковдун варианты) Кытай журту, Кыргыз журту, Орус журту, Кырым журту, Ооган журту (III китеп, 152-б) деп, Евразия мейкиндигиндеги эң ири журттар (державалар) айтылат. Биринчи манасчы тарабынан тарыхый Тан жана Ляо империясы, Кыргыз каганаты, Хазар каганаты, Киев Русу, Саффариддер бийлиги кеп кылынган кыязы. Бул геосаясий чөлкөмдөгү бардык этникалык бирдиктер (эл, этнос, уруу, фратрия, урук) ушул аталган державалардын бирине таандык болгон. Кыргыз журтуна кимдер кирген? Албетте, тарыхый кандаш кырк кыргыз уруулары. Булардын этникалык башаты, тили, маданияты, каада-салты, жашоо образы бирдей болгон.

Кыргыз журту – бул журт (федерация, каганат), б.а. кырк уруу бирикмеси. Эпосто журт дал ушундай статуста катышат. Бул журт мамлекеттик-этникалык түшүнүгүн эл, калк, этнос, уруу түшүнүктөрү менен бирдей кароого болбойт. Эзелтен Кыргыз журтун түптөп, кыргыздын башатында турган Кара кан, Огуз кан, Аланча кан, Байгур кан, Бабыр кан, Түбөй кан, Көгөй кан, Ногой кан ата-бабаларынын геосаясатын, идеологиясын туу туткан Бакай, Кошой, Манас, Семетей, Сейтек кырк уруу кыргыздын атынан чыгышкан. Алардын журту да, эли да, уруусу да, уругу да, ата-бабалары да кыргыз болуп, кыргызды урууга, тэк-жаатка бөлүп кароо болбогон (Бакай: “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, // Бөлүнүп калды кыргыз деп // Бөлөк элге кеп кетет” (IV китеп, 195-б.)).

Манас – Кыргыз журтунун үмүт-тилеги.

Манастын негизги миссиясы - чар тарапка чачыраган Кыргыз журтун кайра тикелөө болгон. (“Кулаалы таптап куш кылдым, // Курама жыйып журт кылдым”). Шыгай, Бай, Жакып, Кошой, Бакай, Манас, Алманбет кыргыздын эзелки рухий дүйнөсүнөн (алда таала (илая, ак, эге, бар, жапар), теңир, барбардигер, кызыр иляс, кырк чилтен ж.б.) жардам күтөт. Урушта “ногойлоп”, “жакыптап”, “манастап” ураан чакырылат. Балага кыргыздын байыркы рухий дүйнөсүнүн атынан “ак күлөлүү дубана” аты Манас болсун деп көздөн кайым болот. Манас - кырк уруу кыргыздын рухий дүйнөсү. Эпосто ушул атты алган уул гана кыргызды кытай-калмак эзүүсүнөн эркиндикке чыгарат деген идея жаткан. Муну кыргызда Манас аттуу бала туулуп, алтыга чыгыптыр, баралына жеткенде “Ааламга салат түлүк дейт // Чоң Бээжинге ок атар // Чоңойгондо жүрүп дейт” (I китеп, 173-б.) деген кытай төлгөчүлөрүнүн кооптонуусу да ырастайт.

Манас - Борбор Азиядагы күч-кубаттуу Улуу Кыргыз журтун кайра тикелген кыргыз каны. Манастын доору тарыхый Кыргыз Улуу державасынын доору (IX-X кк.) менен дал келүүсү мүмкүн. Буга ал Кытай журтун (кара кытай (Эсенкан, Коңурбай), кара калмак (Жолой), “чала кытай” (Нескара)) бузуп талкалоо менен жетишкен. Ага чейин Анжыян-Алайдагы кара кытай Алооке кандын, Ысардагы Шоорук кандын туусун жыккан. Бир катар калмак (Текес, Култаң, Куяс), ойрот (Оргу), кытай (Акунбешим, Тулус) кандыктарын багынткан. “Көкөтөйдүн ашындагы” окуялар Манастын Кыргыз журтун бекем түптөгөндүгүн, күч-кубаттуу согуштук-саясий мамлекетти (журт башчылары: Манас, Бакай, Кошой, Алманбет; кандык мөөрү, жардыктары; жалпы мобилизациялык укуктары, аскердик мыйзам; ыйгарымдуу элчилик: эр Ажыбай, Ырамандын Ырчы уулу, жаш Айдар; кырк чоро, “себилдүүсү сексен төрт” журт гвардиясы; жансакчылар кызматы) түзүп алгандыгын ырастаган.

Манас - Кыргыз журтунун туусу.

Бирок алты кандын чатагы Кыргыз мамлекетиндеги уруулардын өз алдынчалуулукка, суверендүүлүккө умтулуу тенденциясын ырастаган. Күч-кубаттуу уруулардын бир нече түмөндөн (он миң) турган колдору болуп, жикчил сепаратист кандар Кыргыз журт башчысы Манас менен тирешүүгө да даяр турушкан. Муну Манас мыкты билген, саясий кырдаалдын олуттуу экендигин түшүнгөн. Анын эң башкы жетишкендиги автономдуу уруу башчылары алты кандын калпыс ниетин, дымагын, Кыргыз журтундагы коомдук пикирди өнүмдүү пайдалануу (Ажыбай чечен, Ырамандын ырчы уулу, кырк чоро) менен агылып келген согуштук күчтүн энергиясын Түп Бээжинге Улуу казатка буруп жибергендиги болгон. Кечээги өткөн тарыхты унутпаган кыргыз уруулары, андагы согуштук күчтөр Манасты туу тутушкан, ага сыйынышкан, өз уруу кандарына караганда айкөл журт башчыны жогору баркташкан, жардыгына баш ийишкен. Ооба, кыргызды кытай-калмак эзүүсүнөн бошоткон Манастын жеке авторитети өтө жогору болгон. Кайсы уруунун өкүлү экендигине карабай аскерлер Манасты көрүүгө, анын сөзүн угууга, жардыгын аткарууга даяр турушкан. Мына ушундай согуштук-саясий кырдаал, коомдук пикир каяша айтам деп келген кандардын кыңк этпей Манастын айтканы менен болууга өбөлгө түзгөн. (Эпосто алты канды Манас Аккуланын үстүндө отуруп күтүп алат, эр Төштүктөн башка бүт баары аттан (учуп) түшүп, кол куушуруп салам берет (IV китеп, 53-б.)).

Манастын башкы идеологиясы.

Ооба, тарыхый Манас болбогондо чилдей тараган кыргыз урууларынын азыркы Кыргызстандын территориясында кайра Кыргыз журтуна биригүүсү дээрлик мүмкүн эмес эле! Жер бейиши кыргыз жергесинен регионалдык гегемон, күч-кубаттуу Кытай журту эч качан кетмек эмес экен да, бүгүнкү геосаясий карта башкача өң-түстө болмок экен! Бул - кан Манастын кыргызга жасаган тарыхый эң башкы сиңирген эмгеги. Журт башчысы Манастын кыргызга жасаган тарыхый экинчи эмгеги Борбор Азия геосаясий мейкиндигинде Кыргыз журтуна биригүүдөн башка альтернатива жок экендигине кыргыз урууларын (кан-бектерин, эл-журтту) айныгыс ынандыргандыгы! Кан Манас уруучул болбой бир бүтүн кыргыз болууга чакырган! Айкөл Манас уулу Семетейге, небереси Сейтекке, Кыргыз журтуна кайра бириккен эл-журтка ушундай баа жеткис түбөлүктүү эстафетаны тапшырып кеткен экен!

Эпикалык Кыргыз журтунун идеологиясы.

1. Кыргыз журтун көздүн карегиндей сактоо. Ата-журттун чакырыгына дайым даяр туруу.

Кан Манас Борбор Азия чөлкөмүндөгү Кытай журтунун аскердик күчүн кыйратып, кыргыз жеринен кууп, Кыргыз журтунун эгемендүүлүгүн орнотуусу. Манастын жардыгына (жалпы мобилизациясына) үч күндө он түмөн, он күндө отуз түмөн колдун сапка туруп калуусу. Кыргыз колунун Алтайдан Ала-Тоого көчкөндөгү аскердик жогорку маанайы. Манастын стратегиялык көрөгөчтүгү. Чоң казатка аскердик, материалдык жогорку даярдык.

“Ата журтуң - алтын бешик”. “Журту тирүүнүн - өзү тирүү”. “Эли журтуң болбосо, ай-күнүңдөн не пайда”. "Эр жигит - эл четинде, жоо - бетинде", "Чептен - эрдин күчү бек". “Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк”. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу”.

2. Улуттук кызыкчылыкты туу тутуу.

Эл-журттун мүдөөсүнө төп келбеген ой, кеп, сунуштар үчүн Манас атасы Жакыпка, кан Кошойго, абалары Чагатайга, Бакайга, кырк чорого катуу эскертүүлөрү. Манастын жикчил сепаратист алты кандын калпыс оюн аңдап-туюусу, алдын ала чара көрүүсү. Алтайда Нескарага, Жолойго, Анжыянда Алооке канга, Ысарда Шоорук канга, калмак-ойрот кандарына, кара кытай Эсенкан, Коңурбайга (ж.б.) эл-журттун, мамлекеттик таламдын негизинде иш чара көрүүсү, мамиле кылуусу.

“Элиң сынганы - белиң сынганы”. “Мекенден айрылганча - өмүрдөн айрыл”. “Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман”. “Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман”.”Тил жоголсо, эл жоголот”. “Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт”.

3. Кыргыз элинин ынтымагын бекемдөө, биримдигин күчөтүү. Кыргыз өз жеринде гана эркин боло алат.

Манастын чабылып-чачылган кырк уруу кыргызды кайра Кыргыз журтуна бириктирүүсү. Кыргыздын күчү биримдик, ынтымакта экендигине кырк уруу кандарын, бектерин, эл-журтун ынандыруу. Улуу Кыргыз журтун тикелөө. Алты кандын аскеринин энергиясын, согуштук дымагын Чоң казатка буруп жиберүү.

Бакай: “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, // Бөлүнүп калды кыргыз деп // Бөлөк элге кеп кетет”. Манас: “Кулаалы таптап куш кылдым, // Курама жыйып журт кылдым”. "Күч - биримдикте". "Ырыс алды - ынтымак". “Ынтымак бар жерде ырыс бар”. “Элиңде тынчтык жок болсо, алдыңдан таяр алтын так”. “Мекендин кадыры башка жерде билинет”.

4. Элдин жашоо деңгээлин көтөрүү, материалдык абалын чыңдоо. Мамлекет эл үчүн иштейт.

Бакай, Манас, Алманбеттин элге кам көрүүсү, материалдык кем-карчын чыңдоосу. Кытай журтун кыйратып, колду мал-мүлккө карк кылып, жалпы демобилизация жарыялоо. Кан Манастын Чоң казаттын алдында колундагы миң-сан жылкыны элге таратуусу.

“Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба”. “Жакшы адам белгиси эл камы үчүн күйүнөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт”. "Тең бөлгөндү теңирим сүйүптүр". “Эмгек менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт”. “Эмгегиң катуу болсо, тапканың таттуу болор”.

5. Улуу муунга, ата-энеге, карыларга сый көрсөтүү, урматтап ардактоо.

Ата-бабалардын арбагына сыйынуу, таазим этүү. Манастын Бай, Жакып, Ошпур, Кошой, Бакай ж.б. улуу инсандарга урмат-сыйы. Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө алтымыш акылман аксакал карылардын мажилис жыйыны. Журт карысы кан Көкөтөйдүн ашын эл-журттук майрам, оюн-зоокко айлантуу.

"Карысы бардын ырысы бар". "Карынын сөзүн капка сал". "Улууга - урмат, кичүүгө - ызат". “Кары келсе - ашка, жаш келсе - ишке”. “Улук болсоң - кичик бол”. “Сыйга сый, сыр аякка бал”.

6. Аялзатын (энени, эжени, карындашын) урматтоо, сый мамиле жасоо.

Манастын аялзатын урматтап сыйлоосу. Багынып берген элдердин аялзатына гумандуу мамиле. Каныкейдин Кошойго, Бакайга кайрылуу өтүнүчтөрү, Манаска, Алманбетке, кырк чорого кеп-кеңештери. Кырк кыздын кырк жигитти тандоосу. Манастын Кыз Сайкалга эр жигиттик мамилеси.

“Эне - үй-бүлөнүн жүрөгү, Ата - үй-бүлөнүн тиреги”. “Бейиш - эненин таман алдында”. Эне - үйдүн куту”, " Аял жакшы - эр жакшы, увазир жакшы - хан жакшы”. “Кыздын кырк чачы улуу". “Жакшы кыз - жакадагы кундуз, жакшы уул - көктөгү жылдыз”. “Кызы бар үй - кымызы бар саба”.

7. Адилеттүүлүк. Акыйкаттык. Калыстык.

Кыргыз журтунун олуттуу маселелерин чечүүдө ордо кеңешчилери, уруу башчылары, кан, бектер менен ийри отуруп, түз кеңешүү. Согуштук демократиянын мыйзамдарын, эреже-жоболорун сактоо. Кан Манастын, Бакайдын, Кошойдун, Алманбеттин аскерге, караламан калкка калыстыгы, адилет мамилеси. Бакайдын алты кандын элчилерин абактан чыгаруусу. Багынып, ийилип, чөгөлөп кулдук урган душмандын кан, бек, эл-журтуна кечирим берүү, ырайым кылуу. Кан Манастын аскерге жараксыз эки жүз миң адамды аскердик саптан бошотуусу.

“Калыс канда, кайын жок, туура канда, тууган жок”. "Канды кудай урарда өз элине кас болот", "Туугандуу бийде ыйман жок", “Ак ийилет, бирок сынбайт". Калк айтса - калп айтпайт. “Элчиге өлүм жок”. “Адил адам абройлуу”. “Акыйкат отко күйбөйт, сууга чөкпөйт”. “Кыңыр иш - кырк жылдан кийин билинет”.

8. Улуттун ден соолугун чыңдоо, кам көрүү. Элдин ден соолугу – мамлекеттин байлыгы.

Ордо, тогуз коргоол, чатыраш, топ таш-чакмак улуттук оюндары. Көкөтөйдүн ашындагы улуттук, спорттук оюндар, кырк чоронун, "себилдүүсү сексен төрт" гвардиянын аскердик-спорттук андистиги, чеберчилиги. Кошойдун Жолойду жыгышы. Манастын жаа тартуу чебердиги. Кыргыздагы, аскердик колдогу дарыгерлик өнөр.

“Биринчи байлык - ден соолук”. "Спорт - ден соолуктун булагы". “Дени сактын - руху бийик. "Сергектик - жашоонун нормасы". “Ичкилик арты – өкүнүч”. “Дарыгер – ден соолуктун сакчысы”.

9. Билимдүү жаштар - өлкөнүн бүгүнкүсү жана келечеги, улуу муундун үмүтү.

Бала Манастын көчмөндөр цивилизациясынын акылман (мары) Ошпурдан таалим-тарбия алышы. Бакайдын, Манастын, Каныкейдин, Алманбеттин, Семетейдин, Айчүрөктүн, Күлчоронун билими, эрудициясы, интеллекти. Полиглот жаш Айдардын жетимиш тил билүүсү, Урум менен Кырымга, Шыбыр менен Мухит көлгө чейинки сапары.

“Билим кенчи - мектеп, илим кенчи – китеп”. "Билим алуу - ийне менен кудук казгандай". “Билим кенч, эмгек анын ачкычы”. "Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат". “Уулуң өссө - Урумга, кызың өссө – Кырымга”.“Мугалим – мөмөлүү дарак”.

10. Элдик маданиятты баалоо, сактоо, өнүктүрүү.

Каныкейге күйөөлөп баргандагы каада-салттык жөрөлгөлөр, жүз комузчу. Чоң казатка даярдыкта Каныкейдин, кырк кыздын уздук өнөрү, чебердик санаты. Элчи-жарчы Ырамандын Ырчы уулунун, жаш Айдардын чечендиги, ырчылык өнөрү, тапкычтыгы. Көкөтөйдүн ашында эр Ажыбай жана эр Алманбеттин Чыгыш менен Батыштан келген конокторду төкмөлүк өнөр менен тосуп алуусу.

“Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол”. "Эл ичи - өнөр кенчи. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат". “Өнөр алды - кызыл тил”. “Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет”.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×