Добавить статью
8:46, 17 марта 2011 48903

Кыргыздын ооздон оозго өтүп келген көркөм дүйнөсүн 40 жыл бою чогулткан автордун китептери чыкты (маек, фото)

Фольклор жыйноочу аксакал Буудайбек Сабыр уулунун «Эл шайырлары», «Жомокчулар жана жомоктор» аттуу китептери 2008-жылы «Турар» басмасынан жарык көргөн экен. Бул эмгектер тууралуу маалымат алуу максатында «Баракелде» кабарчысы аталган басманын директору Тилек Мураталиев менен маек курду.

- Буудайбек Сабыр уулунун жогоруда аталган эмгектери тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Белгилүү болгондой, кыргыз эли илгертен өнөрпоздорго бай калк келет эмеспи. Айрыкча эл арасында айтылып жүргөн оозеки чыгармачылык өтө жогору өнүккөн. Мындай байлыктар Кыргызстандын булуң-бурчтарында айтылып жүргөнү менен кагаз бетине түшүрүп же жаздырып калууга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жок болуп, эл ичинен чыккан изилдөөчүлөрдүн жардамы менен алардын кандайдыр бир бөлүгү сакталып калды. Мына ошолордун бири - жазуучу, фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулунун ысмын сыймыктануу менен атасак болот. Бул инсан даанышмандыгы, айкөлдүгү, калыстыгы жана жөнөкөйлүгү менен кыргыз интеллигенциясында кадыр-барктуу. Буудайбек аганын эмгегине таандык мына бул: «Эл шайырлары», «Жомокчулар жана жомоктор» аттуу китептери ар бир кыргыздын үйүндө турууга тийиш чоң байлык. Кыргыз элинин эзелтен ооздон оозго өтүп келген көркөм дүйнөсү ушул китептерде энциклопедия катары тизмектелип, абдан жакшы берилген. Анын дагы бир өзгөчөлүгү — китепте камтылган ар бир акын, манасчы, ырчы, чоорчу, комузчу жана башкалардын чыгармаларынан сырткары, авторлордун сүрөттөрү жана өмүр баяндары кошо берилген. Мындан тышкары, кол жазма түрүндөгү бир топ эмгектери Тил институтунун фондусуна жана 1100 күү кыргыз радиосунун фондусуна берилиптир.

- Мындай улуттук мурасты эл ичинен чогултуп, жыйнак кылып чыгарууга канча жылдык эмгек сарпталды экен?

- 40 жыл кетиптир. Бул убакыттын ичинде анын Кыргызстандын бир дагы булуң-бурчуна барбаган жери калган эмес. Бул кишинин өтө эмгекчилдигин ушундан эле байкаса болот. Буга чейин авторлош кылсаңыз чыгарып берем, деп 5 жыл кармап жүргөн саясатчылар болуптур. Ошентип жүрүп, 2008-жылы гана аталган эки китептин толук варианты биздин басмадан жарык көрдү.

- Эмгек канча нуска менен чыккан?

- «Эл шайырлары» 2 миң, «Жомокчулар жана жомоктор» дагы 2 миң нуска менен чыгарылып, жарым жылдын ичинде толук бүткөрүлдү.

- Китептеги ар бир автор сүрөтү менен кошо берилген экен. Техника өнүгө элек ал заманда кантип тартып алышкан?

Ооба, анда сүрөткө тартуу эмес, кадимки калем сап жок, сыя менен жазууга аргасыз болушкан да. Бу киши жер-жерлерди кыдырып жүргөндө, өзү менен чогуу сүрөтчүлөрдү (художник) ала жүрчү экен. Белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиев, Сүймөнкул Чокморов, Теодор Герцен сыяктуу сүрөтчүлөргө авторлордун келбетин колго тарттырып калыптыр.

- Буудайбек Сабыр уулу учурда дагы чыгармачылыгын улантып жатабы?

- Азыркы тапта ден соолугу бир аз солгундап жатат. Өтө чоң операцияны бир эмес, эки жолу көтөрдү. Ага болбой, колунан келген аракеттерин көрүп жатат. Мындан башка да чогулткан эмгектери бар экен. Аларды таятасынын жолун улантабыз деген жээн-неберелери түзүүчү катары чогултууга умтулуп жатышат.

- Басма тарабынан авторго калем акысы кандай бөлүндү?

- Ар бир китебине 50 миң сомдон 100 миң сом төлөндү. Ал эми бир китептин бизден чыккан нак баасы 250 сомду түзөт.

- Ушул сыяктуу кыргыз элинин этно-фольклордук чыгармаларын камтыган китептер дагы чыгып жатабы?

- Жакында «Манас», «Семетей» эпосторунан тышкары кыргыздын кичи эпостору биздин басма аркылуу жарыкка чыгуу алдында турат. Бул Ч.Айтматов атындагы Тил институту менен биргелешкен долбоордун негизинде даярдалууда. Өткөн жыл биз үчүн абдан жемиштүү жыл болду. Манасчы Саякбай Каралаевдин толук варианты чыкты. Уркаш Мамбеталиевдин «Семетей» эпосу боюнча толук варианты жарык көрдү.

- У.Мамбеталиевди көпчүлүгү жаттама манасчы катары айтып калышчу эле го...

-Мен да ошентип ойлоп жүрчүмүн. Элде мындай ой калып жатканына ал өзү күнөөлүү экен. Анткени ал киши абдан сыпайы, момун адам тура. Улуу манасчы Саякбай, Сагынбай сыяктуу эле жогору жактан келген аян аркылуу айткан туубаса манасчы экенин кийин байкадым.

- Басма ишинде келечекте кандай пландар түзүлүп жатат?

- Кыргыз адабияты учурда дүйнөлүк классикалык котормолорго суусап турган чагы. Ошондой эле балдар адабияты жокко эсе. Дүйнөлүк адабияттардын котормосу көп болсо деп ойлоп жатабыз. Балдар үчүн арналган классикалык, мифологиялык котормолор боюнча китептерди чыгарсак деген максаттар бар. Эң негизги көйгөй - азыркы мезгилде калем акынын аздыгынан котормочулардын ишине көңүл бөлүнбөй калгандыктан, котормочулар да азайып кетти.

-Кыргыз тилин, тарыхын, улуттуулугун сактап калуу жана өнүктүрүү ишине кошкон салымыңыз келечекте кандай болот?

Пландар Наполеондукундай эле, мүмкүнчүлүк Бишкектикиндей. Басмагерлер жана китеп таратуучулар деген ассоциация түзүп, анын атынан жогору жактарга бир топ эле кайрылып жүрдүк. Былтыр гана президент Роза Отунбаева китеп дүйнөсүнө көңүл бөлүп, чечкиндүү кадам кылды. Китептерди Ала-Тоо кинотеатрынын алдына көргөзмөгө коюуга жана сатууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ал жерди биз өзүбүз сунуштаган элек, себеби, маданий ишмерлердин баары мурунку инерция менен ошол жакка көп барышат. Ошондой эле жаштарды да көп жолуктурууга болот. Китептин өтүшүнө абдан ыңгайлуу жер. Кийинчерээк маданий борборго айлантсак деген да кыялдар бар.

Жамааттан: Буудайбек Сабыр уулунун «Эл шайырлары», «Жомокчулар жана жомоктор» китептеринин электрондук версиясы толугу менен жакында «Баракелденин» жаңы долбоорунун бет ачаары менен сайтка жайгаштырылат.

 Маектешкен Махабат Мамырова

 буудайбек

Буудайбек Сабыр уулу

с книгой

 Тилек Мураталиев

буудайбек менен

 Автор менен

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×