Добавить статью
6:39, 18 марта 2011 37314

Манасчы

Автор: ШАПАК

Шапак Шапактын атасы – Рысменде,

энеси – Дандеке.

Рысменденин атасы – Орус,

Орустун атасы – Карагул, Кара-

гулдун атасы – Чиркей, Чиркей-

дин атасы – Тайлак...

Уругу чоңчарык. Рысменденин

энеси Дандеке – чечей уруусунан.

Рысменденин беш уулу, беш кызы

бар экен. Эң улуусу Мамбет, Шо-

пок, Мамаке, Шапак, эң кичүүсү

Абдылда.

Рысменде мергенчилик кылып,

кийик атып, мал бакчу. Ал тоо-

дон бир кийик атып келсе, ага ко-

шуп бир коюн союп, этти чоң са-

лып, тегерегине берип турган ак

көңүл, берешен киши болчу деп айтылат.

Кыздарынын эң улуусун Карабалтага, андан кийинкисин

Ысыкатанын бери жагы Норузга (Туздун Жайылмасы дечү),

бир кызын Атбашыга, да бир кызын Нарынга бериптир. Эң

кичүүсү Кочкордо карып өлдү (кенжесинин аты да Кенжеке

болуучу).

Балдарына кайтартып, малын өзү бакчу. Шапактын эне-

си Дандеке берешен, үйүнө келген кишиге, мейли чоочун киши

болсун, тамак берүүгө аракет кылчу.

Шапак айтуучу эле:

– Эшиктин астына бир чоочун киши келип, атчан тура

калып эле баланча жол кайда? – деп жол сурап, кичине

сүйлөшүп тура калып, бастырып кетти.

Энеси түшпөсө деле баягы атчан турган кишиге бергени

үйдөн айран куюп чыгыптыр. А киши бастырып кеткенде ай-

ранын колуна кармаган бойдон бая кишинин көч жагынан

басып:

– Ой, токто! – деп кыйкырат.

– Ие жарыктык, кетип калган кишинин көч жагынан эмне

ала чуркайсың? – дебейби.

– Ыя, ботом, атайы эшиктин астына келип, даам ооз тий-

бей кетти!.. – деп энеси кейүүчү.

Ошондой киши эле... – деп Шапак өз энесин айтчу.

Олжотай түпкү аталары, чоң киши экен. Улагын издеп

таппай жүрсө, чечип койгон кепичтин ичине кирип жатып

алыптыр.

Улак издеп жүргөн киши:

– Мунун бутуна ушунчалык чоң кепичти кантип тигет, –

деп кеп кылат.

– Чарык деген болот эмеспи. Чоң кепич кие албаса, чарык

кийип албайбы! – дейт.

Ошондон чоңчарык атка конуптур.

Балык ырчы, Балыктын уулу Найманбай манасчы, Акун

чоңчарыктан чыккан туугандары экен.

Шапак Кочкордо өсөт. Ал арык чырай, ак жуумал, сурча,

мурду кырдач, чекесинде тырышы бар, элпегирээк, чоң са-

кал, элге көп чыгып айтпаган киши болгон.

Ал «Семетейди» айтчу. Солтодо Байтикке ырчы болуп

жүргөн чоңчарык Балыкооздон үйрөнгөн.

Балык мурда түштүктөгү бир манапка ырчы болуп, ошо

киши өлгөндөн кийин, адеп Чолпонкулдун атасы Тынаалыга

келет.

– И ырчы экенсиң, эмне билесиң? – деди Тынаалы.

– Киши төрөсү Манасты, куш төрөсү Буудайыкты, ит

төрөсү Кумайыкты билемин, – дейт.

– Ээ ырчым, ит төрөсү Кумайыкты айт – деп, ошону айт-

тырат.

Жарым түн айтып токтойт. Эртесинде: «Ушул боло ал-

байт го» – деп, Байтикке барып «эмне билесиң» десе, мурунку

айтканындай а кишиге да айтты.

– Ээ ырчым, ит-ит, куш-куш. Адам баласы-асыз, бүткүл

жандуу-жаныбардын киши төрөсү Манасты айт – деп, Манас-

ты айттырат.

Ошол бойдон ырчы болуп, Байтикке туруп калат.

«Бөрү кулакташ, жору танапташ» дегендей, ырчылар бири-

бирине кабарлаш да.

Балыкты карып калган кезинде көрөт. Балык жүзгө жа-

кындап өлгөн. Балык нооча, сөөктүү чоң киши экен, ырдай

албай, карып-чөгүп калганда баласы ырдап жүрүптүр.

Солто Байтик Найманбайды чакырып алып:

– Басбөлтөк. Чардын сазын жердеп отурам. Бу кандай жер?

Байтик кандай киши? Менин Байтик экендигимди жакшыбы,

жаманбы ыр кылып айтчы? – дептир.

Найманбай жери-суусун, Байтиктин өзүнүн мүнөзүн ыр

кылып олтуруп, аягында:

– Кара башың чарадай,

Кандай аял тууду экен, баатыр ай! –

деп Байтиктин өзүн да кошуп басылат. Анда Байтик:

– Ой, эбин тапкан энесинин атын сурайт турбайбы! Менин

энем өтүгүн сууга агызып жиберип, өйдө жагын бойлоп, өйдө

карата кыдырып караган, эчтеке билбеген Эйренче деген аял

тууган экен, – деп айтып бериптир.

Найманбайды ээрчип, Шапак ошондо эки жыл, үч жыл

жүргөнбү, «Манас» жаатынан «Чоң казаттан» анча-мынча

үйрөнүп келет. Андан кийин бугу Дыйканбайды ээрчийт. «Се-

метейди» ошо Дыйканбайдан үйрөнөт.

Нарында сегиз бектин бирөөсү Мамбеттин Касымаалысы-

на Шапак жээн экен. Касымаалы Дыйканбайды алып келип,

«Семетей» айттырып, эки конгонбу, үч конгонбу, ошого че-

йин айттыра берет.

– «Семетейден» башканы айтпайсың, – деп койгон экен

Касымаалы.

– Ээ, Касыке, «Манастан» эмне айттырбайсың? – деп су-

райт.

– Манас болсо Манас! – дейт Касымаалы. – Бул ай-аалам-

га билинген. Семетей болсо ошондон туулуп, жетим калып,

Абыке-Көбөштөн кордук көрүп, энеси Темирканга алып кет-

кен. Ошо жактан келип, кайта калкка баш болгондон кийин,

мына ушуну угуп, ушунун эрлигин билиш керек эмеспи. Атам

Мамбет Кайдуга тең болбой, тонуна көбө таппай, эндей тон

Мамбет атанган. Мен болсо Чокого тең боло албай, Чоко элге

Касымаалы жинди атандырды. өзүмдүн зээндүүлүгүмдөн, эр-

лигимден кончума чоң шамшар салып жүрүп, Чокодон сегиз

жүз түтүндү бөлүп, болуштугумду бөлүп чыктым. Шатен эли

деп, чоң атам Шатендин атын койдум. Мен дагы өз башымдан

кордук көргөндүгүмдү, мага окшогон Семетей дагы жаш ке-

зинде энеси тең боло албай, үч жашында Семетейди көтөрүп

алып, төркүнүнө кеткен. Он экиге чыкканда элине кайта ке-

лип, чоң атасы Жакыпты, Абыке-Көбөштү өлтүрүп, атагы

чыгат. Семетейди укпай кайсыны угабыз, – дейт.

Кетээринде Шапакка «Чоң казаттан» айттырды. Ал Дый-

канбайды ээрчип, Шапак үч жыл жүрөт.

Аттуу-тондуу болуп калгандан кийин Кочкордогу тууган-

дарына келип, анан семетейчи атыгат.

Эл келип:

– Көңүлүңдөн болдубу, же кишинин айтуусу менен болду-

бу? – деп сурашты.

– Дыйканбайга баргандан кийин, ал киши айтып кеткен-

ден кийин, ошонун бир айтканын бир эле угуу менен башынан

катасыз жаңылбай айтып өткөн боюнча Дыйканбайдыкын-

дай айтып койчу элем. Ошол Семетейдин Айчүрөккө жөнөп

барган жери деп баштоочу:

Ээй, аны мында коюңар,

Эки чоро, бир төрө

Жата турсун каңкайга.

Аны мындай коюңар,

Тээ Чүрөктөн кабар алыңар.

Акундун кызы Чүреги,

Акыры бекер жүреби.

Чүрөк айткан сөз ушул,

Быйыл отуз беш жашында

Тууттан калар кез ушул.

Санап учту сегиз күн,

Санабай учту сексен күн,

Санап учту тогуз күн,

Санабай учту токсон күн.

Он эки чалгын он куйрук,

Бирин койбой жазды эми.

Тыяк чети кең Алай,

Анжиян көздөй качты эми.

Аны мындай сыдырып,

өзгөн, Кокон, Маргалаң

Баарын көрдү кыдырып.

Бир нече күн жүргөндө,

өзүң ойлор сөз болду,

Устыкан сөөгү мистедей,

Ак сакалы чүштөдөй

1

Эр Кошойго кез болду.

Карылыгы болбосо,

Качып тийчү эр экен.

Качып келип кара бет,

Картаңга тийди дээр бекен.

Андан учуп жөнөдү,

Капал менен Кашкарды,

Бүт кыдырып көрөдү.

Жаш кезинде Найманбайды ээрчип, Атбашыда черикте бир

ашта чогулган эл ырдатып жатты. «Манасты», «Семетейине»

чейин айтты. Ошондо жанында жүрүп, көөдөнүнө уюп калып-

тыр, ошондон тартып, күчөп манасчы болду.

Же көп ойлонгондукубу:

– Айт, «Манастын» ырын ырда! – деп түшүндө да айта

берчү. Айтса оозуна өзү кире берет.

Найманбайдыкын башынан аягына чейин көп угуп, ошон-

дон үйрөнүп айтып калды.

Сагымбай менен көп эле бирге жүрдү. Бир күнү Сагымбайды

эл тегеректеп, «Манас» эмес, жөн ыр ырдатып жатыптыр.

Бир киши тепме

2

чепкенин аттын үстүнө коюп жоготуп-

тур.

– Чепкенимди жоготуп жибердим, элге кабарлап бериңиз, –

деди Сагымбайды.

Сагымбайдын айтканын эл угат.

Чечендерге кеп келди,

Чечип коюп жоготту,

Тепме кара чепкенди.

Сүйүнчүсү бар бир козу

Мал ээсине эп келди.

Арт жагынан эл ээрчий, укпай калды. Сүйлөгөндө акун-

дук менен сүйлөөчү. Каралжын кара сур тарткан чоң сакал

киши. Алынып-жулунбай, салмак менен бир ордунан козгол-

1

Чүштө – таза.

2

Тепме – койдун жүнүнөн ийрип туруп, тебелеп койсо кездемеси бышык

болуп калат.

бой, куюлтуп айта берчү. «Сагымбай көп айтат, түгөнбөйт» –

деп Шапак айтуучу.

Илгери Анжиянга эл кой айдап, барып сатчу. Жумаш уулу

Анжиянга барып, байлардын өтпөй калган койлорун ылдый-

раак баалап алып, жалдап кылып, Ош жакка эки-үч кур са-

тып, пайда кылышкан.

Алар жакын Көкартты ашып, Тогузторо менен барчу. Ошо

жерден кой алып, ары жакка сүрүп барып, пайда чыгарып

алар эле.

– Эрмек болуп биз менен кошо барып кел, биз кандай кел-

сек, сиз да биз катарында келесиз! – деп Анжиянга ала кет-

кен.

Кечкурун бир бактуу, короо-жайлуу үйгө: – Коюмду са-

райга түнөтүп, бүгүн ушунда конобуз, – деп барса, ат менен,

уй менен аралаштырып айдап, темин басып жатыптыр. Бир

топ киши барса, дарактын түбүндө бир ак сакал киши олту-

руптур. Салам айтып учурашып, олтуруп калышты. Келинде-

ри, бала-бакырасы бар экен.

– Ай, мейман келди, дасторкон жайгыла, – деди.

Анжияндык жакшы эл болот. Дарбыз, нан алып келип,

нанды, дарбызды аралаштыра жеп олтурду.

Бир кара сакал жигит баласы экен, мал менен эгин басты-

рып жатыптыр.

Кара сакал кишиге атасы:

– А балам, мейман келди, жумушуңду токтот! – деди.

Барган кишилер:

– Бир түнөп кеткенге жай бар бекен, аксакал? – дептир.

Ошол киши аксакалдын баласы нашаакеч экен. Баягы

жумушун таштады, алар менен учурашкан да жок, тутулуп

ары-бери басып турат. Чалыш ат минип, темин айдап турган

кичинекей жаш баланы:

– Баланча акемдикине барып келчи, үйгө мейман келип

калды, бир чегим нашаа берсин дейт, – деди.

Бала келатып, куруна ороп койсо, түшүп калыптыр.

– Барбы? – деди.

Аттан түшүп эле, белинен таппай калды.

– Барбы? – деп, кара сакал белинен бычагын сууруп алып:

– А, жубарымбек!.. – деп бакырды.

Жаш бала дубалдан-дубалга секирип, бала күлүк эмес-

пи, жеткирбей кетиптир, баланы кууган бойдон ал дагы жок

болду.

– Ээ, бычагын сууруп, ушинтип жүргөн жерге конбой эле

коёлукчу, – деди.

Баягы карыяга:

– Биз башка бир жай таап конолу, – деп айтты.

Ак сакал киши:

– Мына, мастын сааты өзүнө да, бала-бакырама да кыл-

ды. Силер мында конуп, бир койду соёт элеңер. Мал жүргөн

жерде береке бар эмеспи. Ушул аймакта менин бала-бакырам

сорпо ичип, артканына аркалыктар карабайт, өзү эмне болоо-

рун билбейм, акыры баланын ажалы ушундан го, мастыктын

саатын көрдүңбү? – деп аларга айтты. – өзүнө кылат, бизге

да залалын тийгизет. Арак, ана-мунага жолой көрбөгүлө, деле

жакшы кылбайт, – деди.

Ошол анжияндык момун, меймандос, жакшы эл.

Кеч күзгө чейин жүрүп калды. Ичинде бир жигиттин кушу

бар болуучу. Шапакка түнөгөндө «Манас» айттырып, ошол

үчүн эле алып кетиптир.

Баа деген жерге сүрүп олтуруп, Чоң Анжиянга чейин ки-

рип барышат.

Ошо шаарда бөдөнөпос, кекиликпостор кумар кылып, байге

сайып, уруштурмайы бар экен.

Кушту кондуруп, атчан бара жатканда бир сарт:

– Кекилик согуштурасыңбы? – деди, ичинде Миңбай деген

бир жигит бар эле, куш ошонуку эле.

Кушту кээде бөлөп, байланып, кээде кондуруп да алат.

«Кушту тааныбай, кекилик деп жатканын билбей» – деп, куш-

тун ээси:

– Согуштурам! – деди.

Дарбазаны ачып, ар жагына бакылдап үнү чыкты.

– Оо, кекилик согуштурамыс! – деп бирөө чыгып келди.

– Кушту тааныбай, кекилик деп жатпайбы, токтоп тургу-

ла! – деди Миңбай.

Андан-мындан дегеле өзүбектер көп болуп кетти.

Уруштурууга чыкпай, шаарды бүт жеңип, утуп алып

жүргөн кекилик экен.

– Короого киргиле! – деди.

– Кой, кекилик менен кушту уруштурмак беле, – деди жол-

доштору.

– Жок, тааныбай турат. Кекилик уруштуруп жүргөн ноо

бар экен.

Эки башынан коё бергенде, ошонун ичинде кармашат экен.

Бир өзүбек чаардап

1

мелдеш алып жүргөн кекилигин алып

келди.

Миңбай кушун алып, атын карматып коюп:

– Айтың? – дегенде, жыйырма беш сом чыгарды.

Экөө тең:

– Баланча акеме карматып коюңуз, – деди.

Бир сакалдуу киши бар экен, элүү сом карматып койду.

Кечке маал болчу. Кушка жем берип тойгузуп койгон. Сыпаа

да, ачка болгондо алып жейт, ток болгондо карабайт.

Ноонун башынан кекиликти коё берди. Кушту дагы кир-

гизди. Кекилик качырып келип, кушту тээп өттү. Куш чал-

касынан кетти. Тойгон куш караган да, байкаган да жок, кай-

ра чокуп өттү. Куш талпылдап качып калды:

– Болду жеңдик! – деп кекилигин кармап алды.

– Бөлө кушуңду! Тааныбасын тигилер, өзү куш болсо, ке-

килик деп кармаштырсаң, уят болбо, билбесин, – деди.

– Менин кекилигим жол келип, ачка болуп, арып калып-

тыр. Эртеңге дагы согуштурабыз, – деди.

– Эртеңге да макул!

Кол алышып, эртеңге макулдашты. Эл жатканга чейин

кыраан каткы күлкү.

– Ээ кудай аткыр, кекиликке кушуңду алдырып!

– Буларга кылам! Эртең да кармаштырам деп убада кыл-

дым, – деп болбойт.

Кечинде кунуна ак дем берип, ичин тазалап, эртең менен

жем бербей, чабыт убагында бир-эки чокутуп, кушун конду-

руп алып жөнөдү.

– Кудай ургур, болбойт! Эми да уттурат! – деп жолдошто-

ру кошо барыптыр.

«А баягы аркалыктар келет», – деп жыйылып алыптыр.

«Эми кудай урганда кушту таанып коёт го» – деп, башын

чыгарып бөлөп алыптыр.

Баягы кекилигин көтөрүп чыгып келди.

– А-а, байгесин айт! – деди.

– Элүү сом! – деди.

– Элүү сом эки аттын пулу.

1

Чаардап – кооздоп.

Жүз сомду баягы аксакалга карматты. Кой алты кокон,

токту-боруктар алты кокон, беш кокон.

Кекиликти көрсөтүп, таанытып, кушу чычып, кекиликке

куш жымырылып жатат.

Ал кекиликти коё бергенде, каадасынча кушту качырып

келди.

Кекилик качырып келгенде, чеңгелдеп чокуп, жүнүн жу-

луп жеген жатпайбы.

– А-а! – деп койду, – кекиликти өлтүрүп койбосун деп,

тырмагын акырын чыгарып: – Кармай турчу, – деп жолдош-

торуна берет.

Жүгүрүп барып:

– Келе! – деп, акчаны алат.

Кекилик эси ооп калыптыр. Эстери ооп, үймөлөктөп ка-

рап жатышат. Жыйырма беш сомду утуп алып:

– Кушту тааныбайт, ошолорго кантип алдырайын, – деди.

Момундугунан кушту тааныбай, куш менен кекиликти

уруштуруп, бир аттын акчасын уттуруп койду.

Ошентип жүрүп, ашуу бүтүп камалат.

Кетелик деп Көкартка келди. Көкарт бүтүп, жол жок, Жазы

деген ашуу бу да бүтүп калыптыр.

Камалып калды. Анжияндык бир киши:

– Алайкунун ичинде бир айыл эл бар. өзү мерген, тоонун

сырын билет. Аты Ормонбек, ошого барсаңар жол таап, ашы-

рып берүүгө жарайт, – деп айтты.

Бир айыл киши бар экен. Антип-минтип он бир, он эки

киши эле. Ормонбектикине барды.

– Келиңиздер.

– Ормонбектики кайсы?

– Тигил.

– Барбы?

– Бар.

Ормонбекти тапты. Кечкурун болду.

– Тегеле ашалбасак да, ошол айылга конобуз, – деди.

– Тогузторого түшө турган ашуунун баары бүтүп калып-

тыр. Быяккы ашууну билбейт экенбиз, сенин кабарыңды угуп

келдик.

– А, акелер, макул! Бул тоодогу таштын баарын тааныйм.

Кенен-кесири там үйүнө киришти. Ормонбектин көптү

көргөн аксакал атасы бар экен. Беркилер баары акчалуу да.

Баягы куштун ээси:

– Чөнтөгүңөрдөгү акча алгыр куш эмеспи. Койго салсак

эле акча алып берет, ошону союп жейбиз, – деди.

Алар күлүп калышты. Ал сөзүнө анжияндыктар түшүнгөн

жок.

– Сата турган кой барбы? – дегенде.

– И-е бар! – деди.

– Баасын айт да, абдан тандап, жакшы козу алып кел, –

деди.

Бир ирик жетелеп келди. Куйругуна кучак жетпейт, тор-

поктой бар, таң калышты. Ошого алар «ирик экен» деп ой-

лоп:

– Козу алып кел! – дешти.

– А-а ушу козу! Козубуздун баасы мынча деп койду. «Ко-

зусу ушу болсо, кою кандай» – деп ичинен ойлошту. Баары

акчалуу. Бир эле киши чыгарып берип, койду сойду. Бир ка-

занга бата турган эмес. Эки казанга салып, абыдан бышы-

рып, эки чарага жасап келип, калганын үйүп коюп, эмне кы-

ларын билбейт. Куштун ээси Миңбай тура калып, калган этти

көтөрүп, мындай коюп:

– Ушу аймактагылардын кошуна, бала-бакырасы келсин,

жетет! Бир киши кур калбасын, – деп тең этин берип койду.

Куйругу казанга батпай, араң бышырыптыр. Кашык да

май, чөмүч да май, жеп тойгондон калганы баары калды.

Жатып калып, эртең менен эрте жер көрүнгөндө атта-

нышты.

– Эрте аттаналык, – деп Ормонбек өзү асман тиреген ча-

лыш чоң атын минди.

Атасы Ормонбек баласына:

– А, балам, Алайкунун өрдөшү менен жүр, бу Кашкарга

кетет, кербен жол, булар Кашкарга барбайт. Быякка барат

аркалыктар, өзүң билген жолго сал да, Сөөктүн тоосу деген

тоо келет ар жактан, ошонун ар жагында Алайку дейт, ошо

жерден ашырсаң, көрсөтүп берсең, Арпанын тыяк башы,

Сөөктүн тоосунун этегинен түшөт. Аны да Алайку дейт, анан

Арпага барат.

Айдын мезгили болуп калды, бир булут чыкса кайра тарт,

балам! – деди.

Жүрүп кетишти. Алайкунун өзөнүн өрдөп, күн чыгыш жак-

тагы тоого Ормонбекти ээрчип эле бара жатышат. Кар жок,

чоң кырга жакындап келаткан кезде, Ормонбек асманды, эки

жагын карап туруп:

– Булут чыкса кайра тарт деп акем айтты эле, ар кайсы

кырдан, коктунун башынан туман көрүнүп калды.

– Ие балам, ачык эле турат го... Бир топ бастыра түшкөндө

туман, булут көбөйүп, дароо эле булут басты. Аңгыча эле ша-

малдай түштү.

– Акелер ылдамдагыла!

Бурганак. Күн жаап кирди. Бир түшкөн кар – бир кашык.

Бирде шамал, бирде лапылдап жаайт.

Ит боюндай чуңкур жерлерди сыдырмалап, түшүп кетип,

аты менен жүрө албай калды.

– Акем айтты эле... Энди акелер, бирден узун таяк карма-

гыла, кырккыла.

Бирден узун таяк кыркып, таяк менен Ормонбек сайгы-

лап, араң-араң куржундарын көтөрүп, аттарды таштап, жөө

чубады. Ормонбек айтты:

– Туу кырда таштан салган рабат бар эле, ал табылса жан

калар, ал табылбаса өлдүк, – деди.

Баягы жерден Ормонбек рабатты тапты. Аны да кар чай-

кап басып, эшиги бүтүп калыптыр.

– Мынабу эшиги, – деп жаш карды чачып рабатка кириш-

ти.

Киришсе ичи кургак. Чарчаган кишилер сойлоп эле жыгы-

лышты. Мергени деле унчукпайт, баарысы эле тилден калды.

Чала өлүк болуп уктап, оозу бүтүп, көк түтүн буркурап,

ысып-күйүп, өлөрүнө аз калыптыр.

Таң атканы да билинбейт. Бир кезде, таңга жуук, жылдыз

көрүнүп бажырайып, күн ачылды.

Кыр кырдын баары бүтүп, чубуруп чыкты.

Күн тийди. Аттарды караса, бир жерде аттын кулагы чы-

гат.

Бир жалама кырдагы, арсак ташта бир бутуна орун жок,

үч буту менен бир ат турат. Чайкап салган экен, башкасынан

дайын жок. Баягы алардын кобур-собурун угуп, кишенеп жи-

берди. Ээси айтты:

– Ата, жаныбар ай, биздин дабышты угуп, кишенеп жи-

берди. Адал мууздап келсем болот эле.

– Жол жок. Эки аркан бою жаш кар, – деди Ормонбек.

– Эми эмне болобуз...

– Энди, аша албай калдык, кайра кетебиз, акелер. Жол

табылса кетебиз. Жол табылбаса өлдүк да. Таяк менен сайгы-

лап олтуруп, бир чоң арчанын түбүнө барып олтурушту.

Далай күндөн бери наар албай, абдан ачка. Бир жолдошу-

нун куржунунун түбүндө набат бар экен, ошону талкалап, бир

кымындайдан жетишинче ооздоруна салып, өзөк жалгашты.

Бийик тескейди карап, Ормонбек:

– Ушу тескейдин кары көчсө, өйүзгү тоого чыгабыз, – деп

айтты.

– Ыя, балам, көччү беле?

– Кар жеңил болсо, көчпөй да калат. Оор түшсө, жылда

көччү эле.

Түшкө жакындап, күн шашке болду.

– Акелер, чогулуп алып кыйкыралычы, жаңырык менен

көчпөсө...

үч-төрт сапар чогуу кыйкырышты. Мелтиреп эле турат.

– Бу көчпөсө, башка жерде жол жок болсо, кантебиз? –

дешти.

– Ээ, өлөбүз да! – деп койду.

Ошентип турганында бийик жерден салмагын көтөрө ал-

бай, баш жагынан жарылган экен кар, тарс деп жаңырып

кетти.

Бир жагынан абдан оор болгондо утур эле кашат болуп

жыйрылып бүт кетет экен. Бүт көчкү көчкөндө күркүрөп жа-

тат.

Калдырап таш кулап, арчанын түбүнө бирин бири кучак-

тап, чогулуп калган. Көчкүнүн серпиндиси арчаны жаба коюп

өтүптүр.

Саргайып тескейдин чөбү көрүнүп, кар жок, Ормонбек баш-

тап алып жөнөдү.

Куржундарын көтөрүп, тескей менен аркы тоонун кыры-

нан чыкты.

Кагын каккан

1

ошол кырдан жүрүп олтуруп, айылдын ту-

шуна келишти. Ал өйүздөн алардын каңыртын уккан го, ит

үрүп, ойдон кыйкырык чыкты.

– Ормонбек! Ормонбек! – деген атасынын үнү чыкты.

– Акем санаасы тынбай, үйдө тура албай жүргөн экен, –

деп уулу да бир-эки кыйкырды.

Айылга чууруп кирип барды. Баягы аксакал киши:

– Көжөдөн жылыткыла, жылытып туруп, азыраактан бер-

гиле.

1

Кагын каккан – шамал учуруп кетип кырга кар тургузбайт.

Жылыттырган бир чыныдан жарма көп ичсе, ачка жүргөн

немелердин өзөгүнө түшүп кетет, – деп айтты.

Он бир киши эле.

– Олтургулачы кыркар, – деди аксакал киши. Олтурушту.

– үй-жайыңар барбы? – ачуусу келип турат. – Катын-бала-

ңар барбы? Ээ, акеңе наалат! Дүнүйөкор аркалык. Бала-ча-

каңды эстебей али күнчө не кылып жүрөсүңөр...

– Ээ, аке болдучу эми! Буйруктагыны көрөт да! Болду аке,

– деди Ормонбек.

Баягы киши басылды.

Жүргүнчүлөр акчалуу. Аман келгенине козуну сойдуруп,

конок да болушту. Бардыгына жетти, артып да калды.

– Оо, биз кантебиз, Ормонбек.

– Акелер, сиздер ушул Алайкунун оозунда сарай бар, От-

базар деп айтабыз. Жүргүнчүлөргө ат керек болсо сатылат.

Бирден ат сатып минип келгиле. Мен эми ашырам, – деди.

Эрте түндөп жөө чубап, оозго чыгышты. Сатыла турган

ат көп экен, бирден сатып алышты. Ээр, үзөңгү, басмайыл,

боо-чуусу менен сатып алышты.

Токулга табылбайт. Токулганы, эски чапандарды, бекер

бергенин бекер, жетпегенин сатып алды.

Кеч келип, конду.

– Эртең менен эрте жүрөбүз түн жарымында, – деди Ор-

монбек.

Ормонбектин жакшы анжиян чалыш айгыр аты да өлгөн

да.

– Атыңды төлөйбүз, баасы эмне? – деп айткан жеринен

акчасын берди.

Ошону менен Ормонбек башка жол менен, жол болбосо

дакагын каккан кыр менен, алар камалган раваттан жогор-

тон чыгарды.

Кыңарыктай кырга келди.

Ошол бери багытты Алайку дейт. Кашкар тарабынан кел-

ген Кашкар менен катышкан чоң кербен жол бар, Сөөктүн

бели деген бел бар. Оң жагыңарга кайрылсаңар ошол жолду

табасыңар. Арпа менен жүрүп, Атбашыга барасыңар, андан

ары билесиңер, – деди. – Салынып кирген узун бир кырды

кырдап жүргүлө, ылдый карай ылдыйлап барсаңар, кар та-

йыз болуш керек. Кырды болсо, шамал айдап, кагын каккан.

Анжияндан келатып, аты баспай жолдошторунан бөлүнүп

калат. Чаптуу, карагай-черүү жер. Бир кыштоодо чөкчөйтүп

үйгөн чөбү бар. Атына каралап жалгыз калып, ошонун башына

чыгып, жөө келип, тегеректеп тытып жеп кетчүдөй болуп,

ширеңке тарта коюп, а кылып, бу кылып жанталашып таңга

жуук көзү илинип кетет. Дүбүрөгөн аттын табышы чыгып:

– Манас! Манас! – деген эки кыйкырык кулагына шак дей

түштү. Ойгонуп кетти.

Баягы чуулдап камап жаткандар жок, жымжырт. Кыроо

түшүп, мал баспаган жер, аттын бура тарткан жеринде чым

омкорулуп, аттын туягынын изи түшүп калыптыр.

– Ушундай элес-буластар көп кирди, балам, – деп калчу

балдарына.

Шапак «Чоң казатты» айтканда черикчи элинде Сабатай

эл башы шашкеден тыңшап, мойну маталып калат.

– Кокуй, кой, мойнум маталып калыптыр! – дептир.

– 1916-жылы солдат бересиң, – деди Николай падыша.

Бир болуш элге он беш солдат түшүптүр. Солдат берип көнгөн

эл эмес турбайбы.

– Балдарыбызды кантип беребиз, – деп эл бербей коюшту.

Бербеген себеби, бай, чоң манаптар бербейт, көпчүлүк ке-

дейдин балдары кетет.

– Биздин эле балдарыбыз: дыйкан, кедейдики кетет. Бу

болуштар, бийлер, чоң манаптардын балдары барбайт. Биз да

бербейбиз! – деди эл.

Николай падыша:

– Солдат бербеген, буйрукту аткарбаган болуш, бийлерди

кармаш керек! – дейт.

Алар да көпчүлүктөн чыга албай, уезддердин буйругун кыл-

бай, солдат бербей койду.

– Баш-баш жооптуу кишилерди кармайбыз, – дейт.

Кыргыз жооптууларын кармоого аскер келди. Уруш чык-

ты. Кыргыздын курал-жарагы жок, буйрук менен келгендер

курал-жарактуу.

Көпчүлүк аз-аз келгендерине моюн бербей койду.

Падыша буйрук берип, Алматыдан миң, Ташкенден миң

солдат жибериптир. Баш ийбеген элди, малдан башка көрүнгөн

караан болсо, итине чейин атылсын, үйлөрүн өрттөгүлө деген

буйрук менен чыккан, шак эле келип, эл туруштук бере албай

качышат.

Токмоктун аркы өйүзүнө казак эли качат. Көлдүн башын-

да Каркыра жактагы чек арага эл мурун кире качып кетти.

Эл такат бере албай тескей менен сыртка түшүп, Тоңду

ашып, ар жакка баргандан кийин, Кашкарды көздөй кайрыл-

ган жолдорго туш келди.

Көпчүлүк Беделдин Төөкуйрук ашуусун ашты. Беделдин

белинде тосмо таштан чөл бар экен, тийген жок, кирип ке-

тишти.

1916-жылы эл буудай орогунда качты. Нарын, Атбашы

кача албай удургуп жүрүп эле, жолун тостуруп салыптыр.

Турпанга качты. Уй баспай жолдо калды. Жылкы, кой

менен барды.

– Быяктан элим качып кетти, жер бербе, кайра айда, –

дептир орус падышасы Николай.

Элдин асты Турпан, Карашаар, Аксыга чейин кирип кет-

ти. Шапак айтты:

– үрүмчү, Карашаар, Манас дейт. Манас ошо жакта

жүргөн да, ошонун баары Манастын карамагына карап, Ма-

наска баш ийген.

Карашаар камбылды,

Камап жүрүп дөөлөрүн

Карыганда Бакайды

Как ошолорго кан кылды.

Анан Манас

Кайсы жерден жаңылды, – деп коёт.

үрүмчүнүн оюнда

үч капканын боюнда

Дөөлөрүн сабап кекетти.

Карыганда Бакайды

Кан көтөрүп бекитти.

Элге жер бербей, кайра айдаганда он жетинчи жылга ки-

рип келди.

Көпчүлүк ачарчылыкка кабылып, малдан ажырап, эгин

сеппей, элдин бир бөлүгү сандалып Кашкарга кетти.

Жаз айларында эл кайра тартпайт эле. Он жетинчи жыл

келип, теңдиктүү заманды угуп, эл кайра тартты.

Жандосов, Сапаровдор:

– Теңдиктүү заман келди! – деп кабарлады.

Көпөштөр миңдеген теше жерди ээлеп алып, канчалык көп

кишилерди малай кылып, кайсы бир жерде бир ууч эгин тап-

пай, ачкадан өлүп жатса, Көпөштөрдүн эгини кампасында

Page 19

– 19 –

чирип жаткан экен. Кеңеш өкмөтү мыйзам менен ортого алып,

баякы ачарчылыкка кабылган элге жеткирип, ач-арыкты

бакты.

Кыргыз эли теңдиктүү заманды жакшы көрүп, артыкча

жалынып, тилектеш болгон. үч жыл аштык айдалбай, мал

жок, эл ачарчылыктан, жаш балдар өзгөчө кырылды.

Шапак качып Турпанга барып, жөө темселеп кайра кел-

ген.

– Манас түшүмө көп кирип жүрөт, – деп «Манасты» ай-

тып берип жүргөндө, кээ бирөө жакшы тамагын берип, чапан

кийгизип, «Манастын» жомогунун аркасы менен жакшы сый

көргөн.

Таласта Манастын күмбөзүнө барып, бир куран окуп ке-

лейин, – деп кетип калды. Бир ай жүрүп келди.

– Бир айдан бери кайда жүрдүң, ата? – дешсе.

– Мен Таласка барып, бир эчки сатып алып, жакыныраак

бир үйгө союп, ушуну жегиле деп аймагындагыларды чакы-

рып келип, дуба кылып куран окутуп келдим, – дейт.

Кыял-жоругу ак көңүл, бирөө керек деп бирдеме сурап кел-

се, бербеймин деп айтчу эмес.

Эки теше жерде жалаң багы бар, дыйкан киши болгон.

Байлыкты күткөн эмес, табылганын тамагына сойчу. Жар-

ды жүрүп өткөн.

– Аракет кылсаң, саргара сактасаң – кызара бөртөсүң. Ой,

балдарым, жаманга жанашпа, жакшы адамдан адашпа. Муну

оюңарга алгыла деп насыят кылчу. – Калың жугуштуу кара

тумоо, чечек деген ооруну аралап да жүрдүм. Мен токсондон

ашканга чейин сасык тумоо да тийген жок эле, бир эле оору-

сам өлүп калам.

Бекерден кудай бесер деп, бир топ күнү бекер жүрүп, се-

мирип калыптырмын, – деп чечинип алып дубал согуп:

– Ак элес

1

жүргөн жакшы деген.

– Ыя, ата, болбой эле семирип кетсек эмне болот? – дешсе,

тамашалап:

– Жумуш кылгыла, кызмат иштегиле, ошондо жакшы

жүрөсүңөр.

Ырчылыгы бар акындар менен жүрүп, акын болгон киши

да.

1

Ак элес – көп арык, көп семиз болбой жүргөндү айтат.

– Ээ, адам болом десең ак сүйлө, акылман болсоң так сүйлө,

оозуңду көптүрбө, оозуңду көптүрүп, атаңарды сөктүрбө!

Эки кеменин башын кармаган сууга агыптыр. Иттен да

жок, ит байлаган жиптен да жок. Ушунун баары чындык,

балам. Мен оокат үчүн жаман жүрдүмбү, жакшы жүрдүмбү.

Балага ата жаман ишти айтпайт, жакшы ишти айтат. Менин

айтканымды кылгыла дечү.

Азамат болсоң ак сүйлө,

Акылман болсоң так сүйлө.

Оозуңду көптүрбө,

Оозуңду көптүрүп,

Атаңарды сөктүрбө.

Акылдуу киши жакшы киши деп айтылат. Жакшы бол-

мокко эмне керек? Жакшы адам көтөрүмдүү болот, – дечү.

Шапактын эң улуу уулу Ысмайыл. Кеңеш өкүмөтү чыгып

калганда:

– Жаңы тартип, жаңы окуу чыгыптыр, – деп өзү Алматы-

га окууга барып жүрдү.

Ошол баласы атасынын айтканы менен Алматыда окуу-

дан бир жыл окуп келип, жети жылы мугалим болуп, бала

окутту. Районго кызматкер болгон.

– Балам, биз жакшы кепти айтабыз балабызга. Менин ти-

лимди алып, окудуң эле, жакшы болбодубу.

Жаш кезим. Илгери сакал-мурут алыш жок. Он сегиз жаш-

тан жыйырма жашка барганда эле сакалдуу болчулар сакалы

бапайып, кишинин катарына өтүп калуучу.

Эми болсо токтолуп, отуз-кыркка чыкканы алып коёт,

улгайыңкы байкалбайт.

Ой, сакалыңарды алсаңар да, мурутуңарды албасаңарчы.

Мурут эр азаматтын көркү эмеспи. Жаштын өйдө-ылдыйы

сакал-муруттан таанылат. Сакал-муруттун арасында бирин-

серин буурул чалса, жаш арылаганы, буурул чала элек болсо,

жаштыгы билинет.

Карылык унутчаактыктан башталат. Мурунку күч-кубат-

тан кайтып, бөксөрүп бараткандыгына далил. Көп унутчаак

болуп кетсең, карыгандыгыңды ошондон бил, – дечү.

Ал жазгычтыгы жок, «Манасты» көкүрөгүндө сактап ай-

тып жүргөн.

Шапак Рысменде уулу 98 жашка чыкканда өлдү. Сөөгү

Кочкор районунун Карасуу айылына жакын жерге коюлган.

Шапактан жазылып алынган «Манас», «Семетей» башын-

да турган дастандар, Калыгулдун меселдери сыяктуу эскир-

бес мурастары Кыргыз Улуттук академиясынын кол жазма-

лар бөлүмүндө сакталып турат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×