Добавить статью
5:08, 18 марта 2011 106498

Жомокчу

 токтогул калмамбет уулу Токтогул Калманбет уулу 1852-жылы Өзгөндүн Доңуздоо, азыркы Кызылтоо айылында туулган.

Сегиз жашында энесинен, он эки жашында атасынан ажырап, атасынын

бир тууганы Элтойдунун колунда калат. Он беш жашында агасы эл

башкарган Токтомуш бийге жалдап жиберет.

Бий Токтогулдун сергектигин байкап, минип жүргөн эки жакшы

жоргосун бактырып, кайда барса ала барып, ырчы, комузчу, кыякчы,

жомокчулар менен тааныштырат.

Ошолордон уккан ыр, жомогун эртеси эле кайталап айтып жүрөт.

Токтомуш бийдин үйүнө келген чоң жомокчулар: Чодон, Бекмурат,

Келдибек, Тыныбек «Манастан» баштап, «Сейтек», «Эр Чегиш», «Эгизек»

сыяктуу көп жомокторду айтышат.

Бир чоң жомокчуну кыштай алып жүрүп, жазда токулуу жорго

мингизип, толук сарпай кийгизип жиберген. Андан «Манасты»,

«Семетейди» толук үйрөнөт.

Ушул өңдүү чоң жомокчулардан «Жаныш-Байыш», «Бостон», «Эр

Төштүк», «Эр Табылды», «Курманбек», «Эр Чегиш», «Кедейкан», «үч

баатыр», «Жаңыл мырза», «Алтын көкүл – Гер көкүл», «Шырдакбек»,

«Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи менен Бөкөй», «Ак

Мактым», «Мендирман», «Кулмурза менен Ак Саткын», «Зордукка кеткен

кыздын арманы» дастандарды угуп, көбүн көкүрөгүнө жат алууга үлгүрөт.

Казактын «Алпамыш», «Кыз Жибек», өзбектин «Лайли менен

Мажнун», «Фархат менен Ширин», Кулкожо Акматтын казалдарын,

түркмөндөрдүн «Көр уулун» билет.

Калманбет уулу Токтогул 1950-жылы Кошетер айылында, токсон

сегиз жашында дүйнөдөн кайтат.

Булак: Жомоктор жана жомокчулар / Түз. Буудайбек Сабыр уулу Б., 2008

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-03-2011
Эр Чегиш (жомок)
110555

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×