Добавить статью
5:54, 18 марта 2011 109607

Эр Чегиш (жомок)

Кыргыз элинин калча уруусунан Көчкөнбай жана

Көчпөсбай деген эки кан чыгат.

Көчкөнбай бир өрөөндү ээлеп, көчүп-конуп жүрөт. Бардык

мал кандыкы. Эли жер айдап, малын багып, ошону менен

оокат кылат.

Көчпөсбай такыр көчпөй, бир жерде эле отура берет. Малын

эл багып, жерин эл айдайт. Кан болсо бир чоң өрөөндү ээлеген

аймак башчысынан эсеп алып турат. Көчпөсбайдын Бердиш,

Эрдиш, Чегиш деген балдары болот.

Чегиш он жашка чыкканда атасынын элин-жерин байкап,

минтип ойлонот: «Эмне үчүн биз эки жакка бара албайбыз,

элибизди аралай албайбыз? Көчкөнбай кан болсо көчүп-конуп,

эли-жерин аралап, той-тамаша өткөрүп жүрөт. Көчкөнбай

кандын деле ушундай бир өрөөн жери, бир өрөөн малы бар,

аны деле эли багат».

Чегиш бир күнү агаларына:

– Эмне үчүн биз көчпөйбүз, эмне үчүн биз эл аралабайбыз?

Кан Көчкөнбайдын балдары эл аралап жүрүшөт. Биз болсо,

ушул жерде эле отурабыз, – дейт.

Анда агалары Бердиш менен Эрдиш:

– Эртең тамактан кийин биз кымыз ичип отурганда, сен

ушуларды сурагын, биз сенин сөзүңдү коштоп кетебиз, – дешет.

Эртеси эртең менен эт жеп, кымыз ичип отурганда Чегиш:

– Ээ, ата, эмне үчүн биз көчпөй-конбой, бир журтта эле

отура беребиз? Көчкөнбайдын балдары эл аралап, жер аралап

көчүп-конуп жүрүшөт, – дейт.

Чегиштин айткан сөздөрүн тигил экөө убадалары боюнча

кубатташат.

Анда атасы:

– Силер да көчүп жүргүңөр келип калдыбы? Көчкөнбай

кандын болсо малы аз. Менин малымдын жарымынча жок.

Анын дүнүйөсү дагы аз.

Анда Чегиш:

– Мал элде. Бизде агаларым багып жүргөн эки үйүр жылкы

эле бар.

– Анда, – дейт атасы, – багып жүргөн жылкылардын

баарын союп жеп түгөткүлө. Андан кийин малдан кол-жолуңар

бошоп калат. Анан эл аралай баштайсыңар, – дейт атасы.

Атасынын буйругу боюнча колундагы жылкыларды

балдары бат эле союп жеп түгөтүшөт. Акырында бир тай калат,

аны дагы союп жешет.

Тамактан кийин атасы:

– Бүгүн жакшы жатып, жакшы түш көргүлө. Мындан ары

кандай жашайбыз, аны силердин түштөрүңөрдөн улам

билгидей болоюн, – дейт балдарын Көчпөсбай.

Балдары уктап калышат.

Эртеси Көчпөсбай:

– Кана, ким кандай түш көрдү? – деп, сурай баштайт.

Чоң уулу Бердиш:

– Мен укурук алып элди башкарып, жылкыны айдатып,

көчүп жүрүппүз, – дейт.

Ортончу уулу:

– Биз бир жерге барыппыз. Мен жылкыларды жакшы

жайга жаялы деп жүрүпмүн. Биздин жайытыбыз абдан жакшы

экен.

Эки агасы түшүн айтып бүткөндөн кийин, кезек Чегишке

келет, бирок ал унчукпайт. Атасы:

– Сен түшүңдү айтпайсыңбы? – деп, кичүүсүнөн сурайт.

Чегиш:

– Жеңелерим айтсын, – деп отура берет.

Кандын келиндери:

– Жаңы жерге барган экенбиз, жайкалган шибер, мөмөлүү

токой, абдан жакшы экен. Биз арча челек колго алып, бээ

саап жүрүппүз, – дешти.

Алардын түшүн кан Көчпөсбай мындай деп жоруй баштады:

– Малыбыз жер-сууга батпай, байлыгыбыз дагы артат экен.

Ошондо көчүп-конуп жашайт экенбиз. Түшүңөр төп болот экен,

байлык кенч болот экен. Эми сен түшүңдү айтчы? – деп, атасы

Чегиштен өтүнөт.

Чегиш буга да макул болбойт. Көчпөсбайдын өзүнүн түшүн

уккусу келет. Бирок атасы баласын «айткын» деп кыстоого

алат.

– Сен айткын, мен акырында айтам.

– Мен бетти сууга жууп, тамак жегенден кийин айтам.

Ачка түштү айткан да, жоруган да болбойт, – дейт Чегиш.

Бардыгы бети-колун жууп, тамактанып, бата кылышат.

Түндүк жабууну тартып үйдү караңгылатып, эшикти

бекитип, өзү сыртка чыгып агаларынын, жеңелеринин түшүн

жоруй баштайт.

– Элибизди адегенде жоо чабат экен. Ириде атамды баш

кылып, айдап кетет. Агаларым кул болуп, колуна укурук

алып, жылкы кайтарат. Жеңелерим күң болуп, арча челек

көтөрүп, бээ, уй саап калат экен, – дейт.

Бул сөздү уккан соң, кандын ачуусу келип, эки уулуна

мындай деп буюрат:

– Чегишти кармап, ичин жарып, мага боорун алып келгиле!

Антпесеңер моокумум канбайт, – дейт.

Чегиш бул сөздү угары менен качат. Кан балдарын артынан

кууп жетип, кармагыла, – деп жиберет.

Чегиш качып баратса, алдынан бир сур коён жолугат.

Чегиш коёнду таш менен уруп жыгат. Ошодо чала жан болуп

жаткан коёнго тил кирет.

– Сени тирүү калсын деп, мени Кайып ата жиберди.

Көйнөгүңдү тез чечип, жаным чыга электе ичимди жарып,

боорумду алып, көйнөккө ороп, акелериңе бер. Сен азыр эле

чарчап калдың, сага баары бир агаларың жетип, кармайт, –

дейт.

Чегиш адамча сүйлөгөн коёнго таң калат. Коён дагы сөзүн

улайт:

– Сен тез болгунуң! Агаларың келип калды.

Чегиш көйнөгүн чечип, коёндун ысык боорун көйнөгүнө

ороп, көйнөктү канга боёп, отуруп калат.

Агалары келип Чегишти кармайт. Чегиш канга боёлгон

көйнөгүн көрсөтүп:

– өлтүрөм десеңер, өзүңөр билгиле. Жок, бир тууган

эмеспизби, жашасын десеңер таштап кеткиле. Бобул коёндун

боору. Ушуну Чегиштин боору деп, атама берсеңер, мүмкүн

ишенээр.

Эки акеси бирин бири тиктешип, эмне кылаарын билбей

калышат. Аңгыча болбой өлгөн коёнго тил кирет.

– Силер, коркпой эле менин боорумду Чегиштин боору

деп атаңарга бергиле, ал ишенет. Чегишти сактап калууга мени

Кайып ата, Кайып эне жиберди. Болбосо, коёнго жөө адам

эмес, аттуу адам жетеби? Силер Чегишти коё бергиле!

Бердиш менен Эрдиш ойлоно түшүп, анан Чегишти

кучактап ыйлашат.

– Сага Кайып жардам берип жатканда, биз кантип кыят

элек, аман бол, кудай көргөзсө көрүшөөрбүз, өмүрүң узун

болсун, – дешет.

Чегиш:

– Силерди жоо чабат. Даярдаган жоокериңер, куралыңар

жок. Мен тагдырыман көрөм, силер дагы тагдырыңардан

көргүлө, – деп көздөн кайым болот.

Эки акеси – Бердиш менен Эрдиш көйнөккө оролгон боорду

атасына алып келет. Көчпөсбай Чегиштин боорун көргөндө,

көксөөсү сууп, үшкүрүп отуруп калат.

Энеси болсо баласынын көйнөгүн жыттап:

– Силер кантип колуңар барып бир тууганыңарды

өлтүрдүңөр – деп өксөп боздойт.

Чегиштин сапары

Чегиш агаларынан ажырап, өз тагдырын өзү издеп көйнөгү

жок жалаң чапан кийип, батышты карай баса берди. Бир белди

ашып, калың токойлуу өндүргө туш келди. Карды ачкан неме

алсырап бир топ жатты, анан көзүн ачып караса, алма бактын

түбүндө жатат. Алмадан жеп, өзөк жалгап, алмадан терип,

чапанга ороп алып дагы сапар улады.

Нечен бел ашып, нечен суу кечип, нечен токой аралап,

чарчап-чаалыкты. Буту чийдей, өзү чилдей болду. Бирок жол

тарта берди. Акыры бир жерге келип уктап калса, түшүнө бир

аксакал кирет да:

– Сен эмне жатасың? Бир аз баса түшсөң, бир жаңы атага

жолугасың. Бактың ошонун жардамы менен ачылат.

Тайманбаган эр, жыгылбаган балбан болосуң, – деп аян берет.

Чочуп ойгонсо эч ким жок, эч нерсе билинбейт. Бир белге

чыгып, айланасын караса, токойлуу жылга көрүнөт.

Жылганын ачык жеринде, жүрөктөй ак үйдөн жүлүндөй түтүн

чыгат.

Жылга толгон жылкы, короо-короо кой, жайнап жаткан

уй. Анан кулагына түшүндө көргөн чалдын: «Коркпо,

тайманба, баатыр, балбан болосуң» деген үнү угулгансыйт.

Ошол жакты карап, токойду аралап, үйгө жакын барды. Карап

турса бир жигит, бир келин келип тамак берет. Алар кеткенден

кийин Чегиш чычкан аңдыган мышыктай акырын басып үйгө

кирди.

Бир чал, бир кемпир тамак жеп отурат.

Бир нече күндөн бери тамак көрбөгөн Чегиш байкатпай

тигилердин табагына колун кошо салды.

Баягы жигит менен келин дагы тамак алып келишип, бош

идиштерин алып кетишти. Чегиш билгизбей барып оокаттан

дагы жеди.

Бир күнү жигит менен келин өздөрүнчө сүйлөшүп калышты.

– Жакындан бери байкайсыңбы, кан менен каныша соргок

болуп баратат. Мурун анча-мынча тамак артып калчу эле. Эми

жалап-жуктап коюшат. Бир аз тамакты көбөйтсөкпү, – деп

кеңешишти. Чегиш баарын угуп отурду.

– Ээ, каныша, бир нерсени байкайсыңбы? Жакындан бери

тамакка тойбой жүрөм. үч жыл болду, көздөн ажырагандан

бери мындай болгон эмес. Бизге тамакты азайтып жүрөбү, же

болбосо соргок болуп кеттикпи, – деп кеңеш салды.

Кечки тамак дагы келди. Чегиш дагы тамакка кошо

отурду.

Бирок Чегиштин бул амалы көпкө созулбады…

Жоодар кан балалуу болду

Кечки тамакты жеп жатканда кан кокустан Чегиштин

колун кармап калды. Чегиш колун сууруп алды, бирок

качпады.

Ошондо кандын айтканы:

– Жерден чыккан жек белең, жек желмогуз сен белең,

кармай калган мен белем. Суудан чыккан сук белең, сунуп

колум кармаган, сук желмогуз сен белең.

Анда Чегиш:

– Жерден чыккан жек эмес, жек желмогуз мен эмес, ата.

Ата таппай желип жүргөн жетиммин. Суудан чыккан сук эмес,

ата, сук желмогуз мен эмес, ата таппай жүрөмүн, ата. Баласы

жокко бала болоюн. Алыс жолдо мен жүрүп, арып жатсам

токойдо, ата, айбаттуу артык түш көрдүм, ата. Ак сакалдуу

ал адам, ата. Ушундан ары сен барсаң бала, жолугаарың

Жоодар кан, ачык айтып, ак сүйлөп ага бала болгун деп, ак

сакал көздөн кайым болду, – деди.

Менин атам – Көчпөскан. Улуту кыргыз. Бардык малын

эли баккан.

Агаларым – Бердиш, Келдиш. Алардын баары үйлөнгөн.

Эң кичүүсү мен элем. Он жаштамын. Атама: «Көчүп жүрөлү.

Жоокер куруп, эл сактайлы. Ээн-эркин жатпайлы» – десем,

мени өлүмгө буйрук кылды.

Жоодар кан менен канышага бир туугандары менен

жеңелеринин түштөрүн жоруп, чындыкты айтып, атасынын

каарына калып, башынан кандай кыйынчылыктар

кечиргенин, ушул жерге кандай келгенин төкпөй-чачпай

айтып берди.

Кан менен каныша экөө кучакташып ыйлашты:

– Кудай бизге чындап бериптир, – деп кубанышты. Эртең

менен тамак алып келген жигит менен келинге – аймактагы

акылман жакшыларды чакыргыла, мен балалуу болдум, – деп

буюрду.

Жоодар кандын алдына бардык акылман жакшылары

келди. Аларга:

– Мага кудай бир бала берди, эми силер элди жыйнап, чоң

жыйын кургула. Тогуз күн той, он күн оюн болсун деген

жарлык кылды.

Жарлык эки болбой, той болду. Тойдун эртеси да болду.

Күндөр өтүп жатты. Бир күнү Жоодар кан Чегишти

чакырып:

– Биздин сокур болгонубузга үч-төрт жыл өтүп кетти, –

деди, алаканын жайып. – Сенин жылкыларың азайдыбы, же

болбосо ордундабы, байкачы.

– Атаке, мен мурун көрбөсөм, кайдан аны билем жана ал

жылкыны кантип жыйнайм?

Анда атасы:

– Мындан ары барсаң, бир чоң таштын жанында орнотуп

койгон бир када бар. Анын башында бир чоюн токмок, бир

коңгуроо турат. Анын оң жагындагы бир белди ашсаң менин

кан ордом бар. Эки жанаша үйдүн бири – биздин жашаган

үйүбүз, экинчиси – менин бай тактым.

Ал жерге эми эч ким барбайт. Аларды он жигит кайтарат.

Аймактагы элди ошолор башкарат. Мага кеңешип кетишет.

Биз жашаган үйдөгү күмүш нокто, алтын жүгөндү алып, айткан

жерге барып, токмок менен коңгуроо каксаң, айгыр келет.

Ал тору айгыр – жылкынын куту. Ал келгенде, ноктону

алып барсаң, башын тосуп берет. Анан сен ошол токмок менен

аны башка койгуласаң, ал катуу чыңырат. Ошондо бардык

жылкы келип, аймакка толсо, анда амандыгы.

Экинчи бир белгиси, жылкыны чоң өрөөндүн суусуна

айдагын. Айгырды токуп минип, суунун аягына барсаң суу

соолуп калса, анда жылкынын амандыгы.

Айгырдын токулгасы ордо үйдө. Ал айгырды өзүң гана

токуйсуң. Башка адам аны токуй албайт. Жылкынын баары

сууну ичкенде суунун аягы чыгып агып жатса, анда

жылкынын азайганы. Ууру алганы, же жутта бир тобу өлгөнү.

Чегиш кан атасы айткандай, ордо үйүнө барып, нокто менен

жүгөндү алып, айландырып караса, эки чоң үй көрүнөт. Андан

ары караса, дагы алты үй тигилген. Экөөндө ордону

кайтаргандар жашайт экен. Калган төрт үйдү кандын

билермандары келип-кеткендерине койгон.

Азыр кан жашаган үй жакшы жерге тигилиптир. Айланасы

гүл, мөмөлөрү ийилген бак. Күндө эки маал ырчы, комузчу,

кыякчы, оюнчулар кан менен канышанын көңүлүн ачып

турушат.

Айтканды Чегиштин аткаргандары

Кандын уулу Чегишти ордо үйдө жакшылап тосуп алышты.

Чегиш эки жигит менен барды эле. Атасы айткан мейкин

талаалардагы чоң таштын үстүнө чыгып, токмок менен

коңгуроону какты.

Айтканындай эле токмок жалдуу тору айгыр келип калды.

Башына күмүш ноктону катканда, былк этпей бир жыттап

алып турду. Чегиш айгырды темир токмок менен койгулаганда

абыдан катуу кишенеп чыңырды. Ой-тоодогу жылкынын

бардыгы жыйылды. Атасы айткан мейкин талаа толду. Анан

бардык жылкыны сууга айдатты.

Чегиш айгырды токуп минип, эки жигит менен суунун

аягына барды. Суунун аягына такыр суу чыкпай калды.

Чегиш атасына келип:

– Жылкынын саны баштагыдан көбөйгөн окшойт, – деди.

– Балам, мурда сен жылкыны көрбөсөң, кайдан билдиң?

– Мен жылкынын суу ичкенинен баамдадым. Бир канча

жылкыга суу жетпей калды, атаке.

Кан тактады:

– Канча баш жылкыга суу жетпеди?

– Аа, беш түмөндөй жылкыга.

Жоодар кан ойлонуп туруп:

– Бир жылдык төлүндөй кошулуптур да… Чегиш балам,

эми ошол мал, ошол эл сеники болот. Атыңы минип, элиңди

аралап таанышкын.

– Ата, мен абдан чарчадым. Ээн жатып уктап, дем алсам.

– Анда жигиттерди мага чакыр…

Эки жигит:

– Биз келдик улук каным – деп, таазим кылды.

– Элге барып, бир үй алып келип, бул үйдүн катарына

тиктиргиле. Анан бизге тамак даярдап жүргөн жигитти дагы

чакырып келгиле, – деди.

үй алынып келип, үйүнө жанаша үй тигилди. үйдүн ичи

кооздоп жасалды. Жатууга жайлуу болду.Анан тамак

даярдоочу жигит дагы келди.

Кан аларга:

– Чегиш балама жаккан тамагын даярдап бергиле.

Эми жигит Чекишке карады.

Чегиш аларга:

– Бир семиз кунан союп, этин толук бышырып келгиле,

менин кардым абдан ач.

Кечинде эт бышырылып келди. Чегиш эттен туурап, кан

менен канышага берди. Көбүнчө ич эти. Кан менен канышага

эт абдан жакты.

Ата-энеси тамак жегенден кийин, Чегиш өзү кунандын

этин калтырбай жеп, шорпосун ичти.

Этке тойгондон кийин, тигилген үйгө кирип, уктап калды.

Эртең менен турбады. Кан менен каныша «эмне болду» дешип,

кирип-чыгып, тынчы кетишти. Анын уйкусу үч күнгө созулду.

үч күндө үч эссе чоңойду.

Чегиш туруп, жуунуп, ата-энесине кирип, ал-абалын

сурады.

– Эми менин чоң карызым, – деди ал, – силердин көзүңөрдү

ачыш. Ошону орундатсам, көңүлүм тынат.

Кан менен каныша:

– Биздин көздүн жоголгонуна үч жылдан ашты. Көздүн

бардык тамыры куурап бүткөн, эми кайдан оңолсун. Биз

унутканбыз. Сенин колуңдан келет беле, аны ойлонбой эле

койгун, балам, – дешип ыйлашты.

– Мен силердин көзүңөрдү көрсөтүшкө аракет кыламын,–

деп Чегиш жооп берди.

Анда кан:

– Балам, ал жетпегенге кол сунба. Биздин көздөн

ажыраганга үч жылдан ашты. Эми бизге көрүү жок болду.

Эми сенин айдыңың менен жашап турсак болду. Сенден

суранаарым, жашоодон да жадагам. Эми мага келип, бала

болом дегенден бери, кайта жашагым келди. Мага күнүгө эки-

үч аксакал келип, эрмек болуп турса деймин.

Чегиш ата-энесинин бул мүдөөсүн дароо орундатты.

– Балам, мен бай тактыга барбаймын, аны сага өткөрүп

беремин, азырынча бош турсун. Сен он экиге чыкканда, чоң

той берип, сени өз ордума отургузам.

Анда Чегиш:

– Азыр бош турбасын. Сиз элди сурабасаңыз да аксакалдар

менен ошол жерде сүйлөшүп отурсаңыз, көңүлүңүз ачылат.

Жакшы санагандарыңыз кубанат. Кайгылар качат. Ата, сиздин

кубатыңыз курчуйт, жашооңуз узарат. Эртеден баштап ошол

жакка алып барам.

Чегиш Жоодар канды ордосуна алып барып, аксакалдардан

чакыртып берет.

Кан дагы сүйүнүп, көңүлү ачылып, аксакалдар менен

сүйлөшүп, элде болгондорун угат. Ошентип, күндөр өтө

баштайт. Эл башкарган бийлерден жамандык ойлогон бирөө

чыгат.

– Өзүбүз бийлеп, элге кадырлуу болуп калганда, кайдагы

куу жетим келип, кадырыбызды кетире баштады. Кан өзү

келип, элдин суроосун чечүүдө. Бизге келгенде кичине эле.

Эми кара, адамдан башкача чоңоюп кетти. Бул адам эмес, көз

боочу окшойт. Ушундайында куу жетимди жоготуш керек, –

деп, башка бийлердин бирине Алым бий айтат.

Эл макул болбойт.

– Бизге акыйкат кан керек.

– Каныбыз жок кантип жашайбыз.

Андан дагы бирине айтса:

– Алым бий, сен эмнени айтып жатасың. Жакшы каныбыз

карып, көзү көрбөй калды. Уулу жок кайгы тартып жүргөндө,

акылдуу балага жолукту. Эми жакшы болсо, бизге кан болуп

калат. Бизге тынч жашоо керек, – деди. Бирок Алым бий

башкача жаман ойлорду ойлоп, үйүнө конокко чакырып, уу

берип жок кылууну чечти.

Чегиш ошол түнү көпкө ойлонуп жатып уктады. Уйкуда

жатса, бир аксакал түшүнө кирип:

– Сен Жоодар кандын көзү тууралуу абдан катуу ойлондуң.

Жоодар кандын жана канышанын эки көзүн ушул суунун

башындагы мастан кемпир алып кетип, ал көздөр куурабасын

деп, дары сууга салып койгон.

Ушул суунун башындагы чоң зоодо бир үңкүрдө мастан

кемпир азыр жашап жатат. Ал мастан Жоодар канга келип:

«Мени алгын, сага уул төрөп берем» – деген. Ага кан макул

болгон эмес. Кан менен каныша уктап жатканда, сыйкырдап

баса калып, экөөнүн тең көздөрүн уурдап кеткен.

Табыптарын чакырып көрсөтсө, көздөрдүн карегин чукуп

алып кетиптир, айыкпайт дешиптир. Аны азыр таппайсың,

тапсаң да ал мастанды кармай албайсың. Эгер үңкүргө кирип,

аңдып жатып кармайм десең, мына бул калпакты кийип ал.

Бул сыйкырдалган калпак. Кийип алсаң, сени ал көрбөй калат.

Ал мастан сени үңкүргө келгениңди билет, бирок сени таппай,

издей берет. Сен кайдасың? Эмне менден качасың? Чегиш

баатыр, сенин сураганыңды берем. Бери чык. Антпесең көзүңдү

чукуп аламын, – деп коркутат. Ал сөзгө сен коркпогун. Калпак

башыңда турганда баары бир сени таппайт. Бирок сен көрүп

турасың. Жакын барып, төбө чачтан карма. Жаны төбө

чачында. Анан аны соку, сокбилегине жакындатпа. Эгер соку,

сокбилегине жетсе, күчүнө сенин алың жетпей калат. Мастан

кемпирдин күчү ошолордо.

Андан көз кайда, кантип салат, ошолорду аныктап сурап

алгын. Аны таап алганча, колуңду чачтан бошотпо. Чачынан

кармап, сүйрөп жүрө бер. Айласы кеткенде, айтып берет.

Ушул акылды айтып бүткөндө Чегиш ойгонуп кетет. Көзүн

ачса, жанында эч нерсе жок. Бир гана калпак калганына таң

калат.

Анан бети-колун жууп, тамакка курсагын тойгузгандан

кийин атасына:

– Мен бүгүн суунун башына барып, силердин көздү издейм.

Эгер келбей калсам, капа болбогула, – дейт.

Ата-энеси буга каршы чыгат:

– Балам, кайдагы жок жомокту айтасың. Ушунча жыл

өткөн көз эмгиче калат беле. Ал небак куурап, күл болуп жок

болбодубу, же кеткени жатасыңбы? Эми сени эч кайда

жибербейбиз! – дейт.

– Айланайын, ата, мен силерди алдабайм. Жаныма эки

жигит алам. Аларды ээрчитип, белгилүү жерден издеп көрөм.

Табам, таппасам эртең кечинде кайтып келем.

– Балам, айтканыбызга болбодуң, аман барып, аман кел!

Бизди кудай каарына алып, ушул абалга салган эле – дешип,

бата берип кала берет.

Көздүн табылышы

Чегиш эки жигитти ээрчитип, суунун башын карай жөнөп,

сууну бойлоп жүрүп отурду. Кечке жакын калганда чоң зоонун

түбүнө жетип барды.

Эки жигитти калың токойдун ичине бекитип, Чегиш өзү

аңдып, чоң зоонун түбүндөгү үңкүрдү тапты. үңкүрдө эч ким

жок. Адам жашагандай үңкүр. Ичинде ар түрдүү айбанаттын

терилерин жыйып койгон. Калпакты кийип алды.

Ал аңдып жатты эле, көп узабай сокусун минип,

сокбилегин камчыланып мастан кемпир келди.

– Апээй, адамдын жыты жыттанат. Келсе эле Чегиш келди!

– деп, изденип, Чегишти таппай, өзүнчө сүйлөндү.

– Ой, Чегиш, сенин сураганыңды берейин, менден бекинип

жатып ала албайсың. Бекинбей көрүнгүн мага. Эмнеге келдиң?

Ачыгын айт, – деп айланасына каранды. Ары-бери ойт берип

сактанды. Соку менен сокбилегинен кичине алыстай да түштү,

ушул учурда Чегиш төбө чачка жетти.

– Мени кайдан билесиң? – деди баатыр Чегиш мастанга

жини келип, – эми сенин башыңды үзүп алайынбы? Чыныңды

айт, көз кайда?

Чачынан кармап, мойнун толгоду.

– Кан менен канышанын көзү кайда? Мага ошону бер.

– Сокур кан менен канышага бала болгонуңду, кайдан

качып келгениңди да билем. Этими оорутпа. Мендей энең бар.

– Сендей мастан энем жок.

– Жок, бар!

– Жок!

– Кандай эси жок немесиң. Бооруң таш экен. Кантип эле

мен бирөөнүн көзүн чукуп алайын. Чачымды жулба?

Чегиш мастан кемпирдин төбө чачын дагы катуураак

кармады, мойнун дагы катуураак толгоду. Кемпирдин айласы

кетти. Акыры кемпир жалынды. Чегиш буга да болгону жок,

дагы катуураак төбө чачын бурай тартты.

– Бошоткун, таап берем.

– Айтып берсең, өзүм эле таап алам.

– Мен алган эмесмин.

– Алгансың!

Чегиш жигиттерди чакырды.

– Айтасыңбы, же башыңды үзүп салайынбы?

– Айткан менен таппайсың.

– Табам.

Жигиттер келип калды.

– Анабу жаткан соку менен сокбилекти бачым өрттөгүлө.

Соку менен сокбилекке кол тийгизбегиле.

Жигиттер соку менен сокбилекке от коюп жатканда,

жезкемпир ыйлап кирди.

– Айтайын эми, өрттөбөгүлө?!

– Кана, айткын! Кайда?

– Мен өз колум менен алып бербесем, төгүлүп такыр

жараксыз болуп калат.

– Кана, жигиттер!

Соку менен сокбилек күйө баштады эле, жезкемпир бакыра

баштады.

– Сенин өзүңдү да өлтүрүп, ушундай кылып өрттөйм.

Күлүңдү сапырып жиберем. Көздү өзүм таап алам. Эгер

кыйнабай көрсөтүп берсең, коё берем. Кана, айтасыңбы, же

өлгүң келип турабы?

Соку менен сокбилек жалындап күйдү.

– Мени, – деди мастан – анабу жерге жетелеп бар!

Мастан кемпирдин айткан жерине алып барышты.

– Жакын алып бар, өзүм алып берейин!

Ага Чегиш көнбөдү. Мастан кемпир үңкүрдүн оң жак

бетиндеги бир кара ташты, бир ак ташты көрсөттү. – Ошол

кара таштын ары жагындагы чуңкурда кара таш кеседеги

суунун ичинде.

Тиги ак таштын ары жагындагы чуңкурда ак кесенин

ичиндеги сууда биринин көзү.

– Кайсынысы кандыкы, кайсынысы канышаныкы.

– Кара кеседеги – кандыкы, ак кеседеги – канышаныкы.

– Мага эмне бересиң?

– Муну менен бүткөн жок. Кана, жигиттер, анабу кара

ташты сууруп алгыла.

Жигиттер ташты үңкүрдүн бетинен сууруп алышты.

– Эмне бар экен?

– Бул чуңкурда эки кесе турат. Берки кесе кара экен,

аркысы көк кесе.

Чегиш мастан кемпирди чачынан булкту:

– Бул эмнең, кана, ачык айт?

Мастан кемпир ойлонуп туруп:

– Мен айтпадымбы, кара кеседеги кандын көзү, көк кесени

карагылачы, анда суу барбы?

– Жигиттер карап:

– Суусу жок, эки түйүнчөк бар экен.

– Анда ал дүйнөдөн өткөн экен. Суроомду аткарбай, менин

каарыма калган эле.

– Ал ким эле? Мага толук айтчы!

– Анын сага эмне кереги бар. Ал сенин элиңде жок. Ал

алыскы, катыр аттуу элдин баатыры Сон. Эми дүйнөдөн

кайтыптыр.

Жигиттер:

– Кара кеседеги суунун ичинде эки түйүнчөк бар экен.

Бири – кара, бири – көк, – деди.

Чегиш жезкемпирден:

– Бул кандай? – деп сурады.

– Аркысын ачсын, – деди.

Жигиттер ак ташты үңкүрдүн бетинен сууруп алышты.

– Мында бир ак кесе турат.

– Аны карагылачы.

– Мында да эки түйүнчөк, бири – жашыл, бири – көк.

– Бул эмне айтчы?

Мастан кемпир:

– Суулары кандай?

Жигиттер:

– Ак кеседеги суу бир аз бөксөрүптүр.

Мастан кемпир:

– Канышанын өмүрү кыскарыптыр. Мени ал жакка алып

барасыңбы?

– Бардык сырды айтып бүткөндөн кийин алып барам.

– Ой, Чегиш, мен өзүм салып берейин. Анын сага эмне

кереги бар?

– Бардыгын толук билүүгө тийишмин. Мүмкүн бир нерсе

калып, убара болуп жүрбөйлү. Бардыгын толук айт. Болбосо

отко салып жиберем. Кана, жигиттер, отту жаккыла.

– Ой, Чегиш! Айтайын. Сураганымды бер?

– Айт, каалаганыңды?

– Мени жыйырма жаштагы жигитке алып бер.

– Сурооң ошол элеби?

– Ооба, ошол. Анан мага көз салып турасың.

– Эми айт.

– Кара түйүнчөктөгү Жоодар кандын оң көзү, көк

түйүнчөктөгүсү сол көзү. Канышаныкы – ак кеседе. Жашыл

түйүнчөктөгү сол жак көзү.

Сен жарык көрсөтпөй, түн ичинде айтпастан баса калып,

суудан түйүнчөктү чечип, ачылган жагын астына каратып,

түйүнчөк менен басып, ушалап, түйүнчөктү анан алгының.

Убакты өткөрбөй, экөөнү тез салгын. Суудан алганда, тез

кыймылдабасаң, кургаса соолуп калат, – деди.

– Дагы кандай сыр бар?

– Башка эч кандай сыры жок, Чегиш! Минип жүргөн

сокумду, камчыланып жүргөн сокбилегимди өрттөп, сен мага

жаман иш кылдың. Алар менен дүйнөнү айланып жүрөт элем.

Эми алыска чыга албай калам.

Чегишке түшүндө аксакал мастан кемпирди кармагандан

кийин сокуга, сокбилекке жакындатпа, өзүң да кол тийгизбе,

өрттөп ийгин. Кемпирди кан чыгарбай өлтүр. Кан жерге тамса,

аны өлтүрө албайсың деп айткан.

– Сен мага бардыгын айтпадың. Эми сени өрттөп жиберем.

– Мени коё берем дебедиң беле?

– Аны өзүм билем.

Мени малча мууздагын. Анан көөмп кой.

– Жок. Сени антпейм. Отко салам, ансыз сен өлбөйсүң.

– Чегиш баатыр,баарын айттым, жанымды калтыр. Сага

үрдүн кызын алып берем.

– Жигиттер, отту жаккыла!

Мастан кемпир жалына баштады.

– Мен баарын айттым. Акыркы сөз: үч күн үйдөн чыкпасын,

башка айтаарым жок.

Чегиш:

– Бар экен го айтпаганың.

– Айланайын, баарын айттым.

– Алардын көзүн эмнеге алганыңды айтпадың го?

– Канды мени катындыкка ал десем, болбой койгон.

– Сенин али айтпагандарың көп! – деп, жезкемпирдин

мойнун толгоп, отко кактап турду кемпирди.

Чегиш эки кесени эки жигитке бекем карматып, үйүн карай

шашып кайтып келе жатты…

Көздүн ачылышы

Чегиш аттан түшүп, жигиттерин ээрчитип, салам айтып

ата-энесине аман-эсен келгендигин билдирди да, сөзгө

келбестен, жигиттеринин колундагы көздү алып, атасы менен

энесине жезкемпир айткандай кылып салып берди…

Каңдыларга кандын баласы ата-энесине көз салган имиш

деген кабар тез эле тарады. Бардыгы кан менен канышанын

жаңы көзүн көрүүгө келип жатышты. Бул адамбы, олуябы,

же болбосо көз боочубу деген үндөр жаңырып турду.

Эл күткөн үч күн бүтүп, Жоодар кан ордосуна келди.

Эми келип, бардыгы сүйүнүп:

– Чын эле баштагыдай болуп калыптыр, – дешип таң

калышты.

Жоодар канга келип-кеткендер бир айга созулду. Эли

Чегишке чексиз ыракмат айтышты.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

18-03-2011
Жомокчу
105538

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×