Добавить статью
10:54, 18 марта 2011 45296

Манасчы

1947-жыл. Күз айы. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисттери Дөрбөлжүнгө чоң концерт беришти. Эң алды менен манасчы Молдобасан Мусулманкулов чыгып, «Семетей» эпосунан: Айчү­рөк келип үргөнчтүн боюна чатыр тигип конуп жатканын көрүп, Тайбуурулду Күлчоро минип, Ак олпокту сурап кийип, кабар алмакка аттанып чыкканын, Агинектин белесин ашып, үр­гөнч­түн суусуна келгенин мындайча айтып:

Ортонуна илинүү,

Булдурсунун имерип.

Тоодой болгон буурулду,

Томукка тартып жиберип.

Эти ачынган жаныбар,

Учуп кетчүэмедей.

өзүнөн өзүдыркырап,

Аттан чыккан даңканы,

Башынан кетип зыркырап.

Бурамалуу тизгинди,

Бооруна басып алды эле.

Анда-санда бир тийип,

үргөнчкө жетип калды эле.

Касиеттүүчоң үргөнч,

Жаткан экен буу болуп.

Илби келген жерлери,

Бута атымча суу болуп.

үстүкөбүк кар болуп,

Кечээрге пенде зар болуп.

Жаш карагай балаты,

Түбүменен суурулуп.

Муну көрүп Күлчоро,

Заманасы куурулуп.

Жарга тийип урунуп,

үйдөй болгон бос чалма,

Сууга түшүп жуурулуп.

Аккан жери жар болуп,

Тийген жери жар болуп,

Суу түбүндө кара таш,

Суу агызып калдырттап.

Таштан-ташка чакмак от,

Чагылгандай жалбырттап.

Күңгүрөнүп күүлөнүп,

Күкүк болуп сүйлөнүп.

Сай-сайдан суусу кошулуп,

Мунарыктап алыптыр.

Суунун түрүн баамдап,

Кайраты кетип алсырап,

Кандай өтүп барам деп,

Дене-бою калтырап,

өйүз жакты караса,

Отуз келин, отуз кыз,

Ортосунда Айчүрөк,

Оюн салып калыптыр.

Селкинчекти салышып,

Сейил куруп калышып,

Жар башына жарданып.

Күлчорону көргөн соң,

Карап калды таңданып.

Кыдырып кечүүкарабай,

өлөмүн деп санабай,

Буурул атка камчы уруп,

Жардын башын уратып,

Сууга кирди чуратып.

Кирген жерде жоголуп,

Жаныбарым буурул ат,

Сүрдүгө түшүп оңолуп.

Ак болотун дат алып,

Алыс болгон жаныбар,

Суунун агынын көздөй маталып,

Жуккан суусу буу болуп,

Жал-куйругу суу болуп.

Суудан чыкты буурул ат.

Булгаары токум көк желдик,

Бурчунан суусу шорголоп,

Чыйрыгып калган жаныбар,

Кылтылдай басып жорголоп.

Маңдайында эки көз,

Айнектей болуп жалтылдап.

Болот така, күмүш мык

Төрт аякта жаркылдап.

Даңкаң-даңкаң бастырып,

Жолдун четин каздырып.

Баладай болгон көбүктү,

Жол үстүнө чачтырып.

Кыздардын берки четине,

Чатырдын туура бетине,

Жетип келди чунагың… –

деп аягын дагы далайга чейин созуп, Айчүрөк менен сүйлөш­көнгө чейин айтып берди.

Акын Калык Акыев Айдаралынын «Көйрөң күүсүн» чертип, топусун аңтарасынан төбөсүнө коюп, кашын өйдө-ылдый ирмегенде топу бирде маңдайына, бирде кежигесине жылып, Айдаралынын куудулдугун туурап, элдин жарпын жазды.

Муса Баетов чыгып казакча «Алма аламын» ырдаганда угуп турган көпчүлүк:

– Бали! – деп кубаттап турушту.

– Көтөрө албагандан кийин бөксө эле албайбы! – деп бир аял айтып калды. «Алма аламдын» этегинде күлгөн сыяктуу каткырды. Мындан кийин бир топ өнөрпоздор катары менен чыгып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Эртеси Молдобасан карыянын туулуп-өскөн айылы Келтечапка жөнөп калышты. Артисттердин бардыгына ээр-токум, жабдыктары келишкен алкынган аттарды мингизишти.

Келтечапка бара жатканда Молдобасан аксакалга Адамкалый:

– Айылыңызга баратабыз, Молдоке, колхозуңа бүгүн оюн коёбуз, туугандарыңыз кандай сый-сыпат кылаар экен, – деп калды.

Молдобасан улуу болгондуктан, кайта Адамкалыйга:

– Буюрган сый-сыпатын кылат да. Аларга мындай-андай кылгыла, бээ сойгула, төө сойгула деп буйрук берет белем. өз­дөрүбилишинче меймандашат да. Молдобасандын элине кадыры бар бекен, жок бекен деп сын бергениң го. Менин айылыман башка жерден деле кай жерге барбайлык ичкенибиз кымыз, жегенибиз эт болуп жүрөт. Ошондо сен Адамкалый семирбей, жатакчынын эчкисиндей эле тыртайып келе жатасың, – деп асыл сөз менен жооп берди.

– Молдобасан туура айтты! – деп буга баарысы күлүштү. Ошо айылга чейин көк бөрүтарта тургандай мейкин талаа. Жаштар кай бир жерде жарышып, кай бир жерде текирең таскакка салышат.

Молдобасан, Актан, Чалагыз, Калык аксакалдар сүйлөшүп, аттардын басыгы менен келатышат. Дөрбөлжүндөн чыккандан баштап, ошо жердин шартын, кокту-колотторуна чейин ар бир аска-зоо, чалкайып жаткан төрүболсун Муса менен Молдобасан артисттерге туюндурууда.

Актан сөзмөр киши экен, Молдобасан экөө кыйын азилдешип, кайым айтышып, бири-бирин сөз менен четке чыгарбай, чечендигине салып ээн коё бербей бакайынан тушашат.

Тыныбеков Актан Келтечапка жакындаганда:

– Ой, Молдобасан, сен кай жерде туулгансың, айылың кайсы? – деп калды.

– Тээтиги көк өрөөндүкөрдүңбү? Ошол көк өрөөн Келтечап деген жер, ошол Келтечаптын оозундагы көк ала майдан, көк шиберде төрөлгөн экенмин, – деди Молдобасан аксакал сөздүн алдын тороп.

Дөрбөлжүндүн күн чыгыш жагы катар кеткен эле ак чап. Актандын сөзүн оозунан илип алып Чалагыз да:

– Бул эмне үчүн Акталаа деп айтылган десек, көрсө чыгыш жагы катар кеткен аппак чап турбайбы! А Молдобасан аксакал, аңтара бүткөн жериң бар турбайбы? – деди Чакем чычалатмакка.

Анда Молдобасан Чалагызга карап:

– Аңтара бүтсө да Сөгөтүңө Акталааны бербеймин. Ысык­көлдүн айланасында далай кең жер жатса, кууш келген бүт эле таш менен корумдап койгонсуган тар жерге келип камалып кыштак салганыңды айттырайын дедиңби. Сенин айлыңа караганда Карамолдо аксакалдын айылы кең жерге түшкөн, – деп Молдобасан бир топ тамашалады. Ушинтип Келтечап атынан бир топ сөз чыгып кетти.

Мындан соң атымдын оозун тартып, Муса Баетов менен Бектемир Эгинчиевди жандай бастырып, алардын өз ара сүйлөшкөн сөздөрүнө кулак түрдүм.

Муса чыгыш тарапты карай колун жаңсап көрсөтүп:

– Тээ... – деп койду да аңгемесин улады. – Боогачынын кедейирээк кезинде сугу түшүп, аламын деп жүргөн көңүлүжакын Уулкан деген сулуу кыз Атбашынын Акмуз деген жеринен экен.

Муну Боогачы ала албай калып, Атбашынын тескей тарабында көк ала, ала-була жылкылуу бай Салмаке деген болуштун иниси малына чиренип, Боогачынын сүйүп жүргөн кызын алып коёт. Боогачы Уулканды Укейим деп ырдаган.

Алтындан чачпак соорунда,

Айтканың турат ордунда.

Алыска кетти Укейим,

Алтыным болбой колумда.

Ошол алтындай менин Укейим,

Тетиги ак карлуу тоонун боорунда! –

деп тескей жакты карап алып ырдап, «өх» деп үшкүрүп, отуруп калчу экен, – деди Муса.

– Кайран киши... – деп койду Бектемир Мусанын сөзүн коштоп.

Антип-минткиче Келтечапка жетип келишти.

– Оо, Молдокем өзүбаштап келип калган турбайбы! – дешип сый-сыпаттап тосуп алышты. Бала кезинде Молдобасан менен торпок минишип, көпөлөк кууп жүрүшүп, курдаш болуп, асыл сөздөрдүайтып күлүшүп, бирге чоңойгон төрт-беш замандаштары бар экен.

Эркинбай, Жаманкул деген курдаштары:

– Ээ Молдобасан, баарыбыз ушул Келтечап деген жерден туулуп чоңойдук эле, сен кийин манасчы, ырчы болуп артист­тикке кирип кеттиң. Биз өнөрүбүз жок экен, чарба менен алек болуп айылда калдык, – деп айтып калды.

Алардын оозунан сөзүбасылаары менен Молдобасан жооп бергенче, Акыев Калык сөз баштап:

– Молдобасан аксакал баарыбыздан кыйындык кылат, чоң манасчы, ырчы, обончу, комузчу. Азыркы биздин Тяньшанда бу кишини чоң өнөрпоз десек жаңылыштык болбос, – деп карс-карс күлүп койду.

Ырдап, тамаша кылып берип, түн ортосу оогондо жатышты. Биринчи эле Молдобасан өзүбир азыраак туугандар менен учурашып, кыскача ырдап басылып, экинчи кезекти Калык акынга берди. Калык Атбашы, Нарын, Куланак, Кочкор, Жумгал, аягы Тогузторого чейин ыр менен кошуп, бир саатка жакын ырдады. Отургандар ыраазы болуп:

– Ыракмат, Калык аксакал, жерибиздин ой-чуңкуруна че­йин бүт козгоп айтып, бизди ушунчалык ыраазы кылып койдуңуз, – деп ар кимиси демденип калышты.

– Молдобасан, Калык аксакал жакшы баштап бердиңер, эми калган артисттерден угалык, – дешти.

– Ал комузду, Шекербек балам! – деп Молдобасан комузду аны карай ыйгарды. Ал Токтогулдун «Чоң кербезинен» баштап чертип, Атайдын «Эсимдесин», «Күйдүм чогун» ырдап, «Ак тамак, көк тамакты» чертип, жарым сааттан ашыгы­раак тамаша кылып берди.

Муса Баетов «Арпанын Алатоосунан», Боогачынын «Уке­йим», «Алма аламын», Эгинчиев Бектемирдин «Күлгүн жаш», «Балажан», «Бозойдун сүйгөнүн» ырдады. Жайдын кыска түнү. Түн ортосу ооп кетти.

– Эми меймандар тынч алып жатсын. Булардыкы түгөн­бөйт – дешип, көпчүлүк шаттанып, ыраазы болушту.

Эртеси аттары токулуп, чай ичип бүткөндөн кийин Молдокемдин да даңкы көтөрүлүп калсын дегенби, башка колхозго жакшы жөнөтүштү.

* * *

Молдобасан чоң казаттан баштап:

Отуз түмөн кол менен,

Оёнуң Манас аттанды,

Учуна жеткис жол менен...

Ушул сыяктуу кылып айтып, Манастын өз обонуна салып, элди кызыктыруучу. Ал Молдобасан жаш кезинде Атбашыдан чыккан чоң обончу-акын Боогачыдан, ал эми Молдобасандан Муса Баетов, Жумамүдүн Шералиев үлгүалып, обон жакка калганда устаты Молдобасан болгон экен. Ошону менен бирге манасчылыгы, акындыгы, комузчулугу да бар эле.

Молдобасан аксакал орой сөздү билбеген, тамашакөй, жүзү сүйкүмдүү, бала кыял, мүчөлүүкелген, бойлуу, чокчо сакал, сыпаа, кара тору адам эле.

Мурунку өткөн өнөрпоздор, акындар Боогачыдан баштап, Нарындан өткөн Акматбек, Нурдин деген акындарды, Кочкордон Сейилкандын Мусасы, Бейше, Кудайберген, Алыкенин уулу Самсаалы комузчуларды, Курманкул, кызарттык Мырза кыякчыларды, Куйручукту (өз аты Кудайберген) баш кылып баарын кайран кишилер деп, калтырбай айтып, өзүнчө баа берип, зоболосун өйдө көтөрүп, биз ошолордон кийинки чыккан өнөрпоздун бирибиз, – деп айтып олтуруучу.

– Мына ушундай балам, – деп а киши сөз менен көп көмөк берген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-03-2011
Жомокчу
96051

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×