Добавить статью
11:29, 18 марта 2011 17741

Кыякчы

Автор: ДАТКА

Датка.jpg 1965-жыл. Декабрь айынын аяк чени эле. Конторго ичикчен кийинишкен, бели бүкчүйгөн эки карыя келип калышты.

Бирөө атактуу кыякчы Датка болуп чыкты. Бирге иштегендер чогулуп келишип, ал-жайын сураштырып, кыякчы экендигин билишкенден кийин, бир-эки күү тартып берүүсүн өтүнүштү.

Датка ата кыягын миң кубултту. Укмуштуу күүлөр! Кыякта мындай чебер күү тарткан адамды мурда эч жерден көргөн эмесмин.

Экөөн тең үйгө ээрчитип алып кеттим.

Эртеси сүрөтчү Валерий Ким келип, карыя кыякчынын портретин тартууга киришти.

Окчунураак жерге олтуруп, тарткан күүлөрүн тизмелөөдөмүн.

Бир кезде Датка ата сөзгө аралашты.

– Єткөн заманда ушул Чүй боорунан Турап деген кыякчы чыгыптыр. Бир күнү Турапты Байтик чакырып алып:

– И, кыякчым, өнөрүңдү көрсөтчү!– деген экен.

– Болуптур, – деп кыякчы башын көтөрүп караса, бакта күкүк конуп олтурат. – Күкүктү кыяктын күүсү менен жерге түшүрөмүн... – дейт.

Кыякчы күүнү миң кубултуп тарта берет. Бир топ убакыт өткөндөн кийин күүгө бою балкып, эриген күкүк топ этип жерге түшүп калат. Турап күкүктү калпагына салып, Байтиктин алдына алып келип коёт. Карап турган эл:

– Өнөрүңө баракелде! – деп чурулдашат.

Күкүк оозун улам ачып, көзү алайып, диртилдеп жаткан экен. Турап күкүктүн оозуна түкүрүп, эс алгандан кийин учуруп жиберет. Ошол күү ушул. Күүнүн аты: «Кара Тураптын арманы» – деп Датка кыягын таңшытты.

– И, ушинтип тарыхын кошо айта олтурсаңыз, – дедим.

«Карагул ботом». Илгери бир заманда калмак менен кыргыз чабышып, бирин бири чаап алып турган кезде, ар кайсы байга кызмат кылып жүргөн бир кембагал адам болот. Бул бечаралар баласы жок жүрүп, улгал адам болот. Бир балалуу болушат. Атын Карагул коёт. Ал Карагул чоңоюп, ойноп жүргөн кезде да, баатырлыктын шаанасы менен ойночу экен. Аны көргөн эл:

– Мына Карагулдун оюну бекер оюн эмес, ушул баатыр болуп эл сактоочу түрү бар, – деп эл жакшы көрүп, тарбиялайт. Он сегиз-жыйырмага келгенде, айылдан жоого мал бербейт. Карагул баатыр аталат. Карагулдун кабарын уккан душман айылына көп келе албайт.

Ошентип жүргөн кезде, Карагул кырк жигити менен кырга аң уулап чыгып кеткенде, бир канча адам менен Күрөңкабыл деген калмактын баатыры Карагулдун айылын чаап, малын алып кайтат.

Ал Карагул тоодон келип, ит улуп, аял ыйлап, уй мөөрөп, айыл бир шумдук болгонунун үстүнөн чыгат.

– Эмне болду?

– Ушинтип калмак чаап кетти.

– Качан?

– Кечээ...

Ошондо Карагул баатыр кайратына келип, жоо-жарагын байланып, кырк жигитин ээрчитип, калмактын изине түшүп, артынан кууп калат.

Бир күндөн кийин калмактын артынан жетет. Сан кол, сапырылган көп мал жаткан жерде, Карагул баатыр жетип, уруш баштайт. Ары урушат, бери урушат, калмактын баштыгы Күрөңкабыл жекеге чыгып келгенде, Күрөңкабылды кылыч менен чаап, башын алат.

Күрөңкабыл өлгөндөн кийин калмак качат. Кызып калган баатыр, кырк жигити малда калып, жоону жалгыз кууп калат.

Кырк жигити аркамдан келет деп, эч нерседен кабары жок, элөөсүз келе жатканда, калмактар жашынып туруп ат деп мерген таштап койгон экен.

Мерген таштаганын Карагул билбейт. Өлгөнүн өлтүрүп, кутулганы кутулуп, кайта тартып, бадана-зоотунун топчулугун чыгарып салкындап, көкүрөгүн ачып келе жатканда жашынган мерген Карагулду атып, ошо жерде өлтүрөт.

Карагулдун жигиттери Карагул кечиккен соң, баатыр эмне кечикти деп артынан келсе, Карагул баатырдын өлүгүнүн үстүнөн чыгат.

Чуркурап, чуулдап, Карагулдун өлүгүн алып элге келет. Калк чогулуп олтуруп, Карагулду энесине угузат. Энеси токсонго келип калган кези экен. Ошондо Карагулдун энеси кошот:

Улгайган жашка жеткенде, ботом,

Оо кулунум сени тапкамын, ботом.

Ардактап жүрүп кулунум, ботом,

Айнектей кылып баккамын, ботом.

Ой арманда кеттиң, арстандай ай, ботом.

Ой, калмактан гана өлгөн Карагул ай, ботом!

Акжал бир Акжал дечү элең, ботом,

Акжалдын жалын тараттың, ботом.

Зарлап бир көргөн жалгызым, ботом,

Ар кимдин көзүн караттың, ботом.

Тор аргымак тулпарың, ботом,

Топто бир жалың тараттың, ботом.

Токсонго чыккан кезимде, ботом,

Томсортуп таштап талаага,

Ар кимдин көзүн караттың, ботом.

Эрезе тартып эр болдуң, ботом,

Эл коргогон шер болдуң, ботом.

Эрегишкен жоо менен, ботом

Ээрчип бир барып не болдуң, ботом.

Эңкейип калган кезимде, ботом,

Карагул сенден ажырап, ботом,

Кара жер менен тең болдум, ботом.

Кайраттуу чыгып эр болдуң, ботом,

Калк коргогон шер болдуң, ботом.

Жалгыз бир барып калмакка, ботом.

Кайрат кылып не болдуң, ботом.

Картайып калган кезимде, ботом,

Кара жер менен тең болдум, ботом, –

деп күүнүн таржымалын чечмеледи.

– Рахмат ата, сөздөрү мыкты экен,– дедим.

«Карала Найман, Ак Козум» деген күү бар. Илгери жайлоодо жылкы багып жатканда каракчы келип, жылкычы баланын колун байлап, жылкыны айдап, чогулта албаганда:

– Чоордун үнүн укмайын жылкы чогулбайт. Менин колумду чечип кой, – дейт бала.

Колун чечкенде:

– Карала, Найман, Ак козу,

Айдап кетти жылкыңды,

Байлап кетти иниңди! –

деп чоорду тартканда, таң эртең менен боз үйдүн түндүгүн тартып жаткан жеңеси угуп:

– Капырай, жаңкы баланын чоорунун үнү чыгат, тыңшачы! – дейт.

Тыңшаса:

Карала, Найман, Ак Козу,

Айдап кетти жылкыңды,

Байлап кетти иниңди! –

деп үч агасын жардамга чакырып жатышканын билишет.

Айылдагы көп киши топтошуп, жылкыны чогулта электе, жоодон ажыратып калат.

– Азыркы тарта турган күүм «Моруктун арманы». Илгери Алайку аймагына Морук деген кыякчы келип, катуу ооруп каза табат. Ал өлөөрүндө кыягын алдырып алып, ушул арман күүсүн тартып жатып жан берген экен.

– Бая сиз тарткан күүнүн аты «Түбөй-түбөй, Тайгарам» экен. Эмне үчүн мындай аталган?

– Алгыр тайгандарын агытканда, бугу тепкенде, тайганы чала өлүк болуп калат. Ошондон улам күү «Түбөй-түбөй, Тайгарам» болуп калган экен.

Ушинтип биз карыянын кыягын угуп олтуруп, далай күүлөрдүн сырларын чечтик.

Бир күнү кызматка барсам, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков телефон чалып:

– Датка кыякчы келиптир деп уктум. Кечинде биздин үйгө мейман болуп кетсин, – деп өтүндү.

Кечкисин Тургунбай Садыков, Белек Шайымкулов деген жолдошторум менен бирге, Датка атаны ээрчитип, Түгөлбай акеникине бардык.

Їй ээси чоң кубаныч менен тосуп алды. Алды менен үйдүн экинчи катарындагы кабинетине алып келип, ал-жай, тиричилигин сурап, далайга чейин аңгемелешти.

Мындан соң үйдүн биринчи катарындагы чоң ашканага кирдик. Столдо түрдүү тамактар коюлган. Артынан эт келди.

– Карыяга жумшагыраак болсун деп атайын тай этин алдырдым. Бул тайдын жалы, – деп баарыбыздын алдыбызга тай жалынан салып берип жатты.

Тамак ичип, жайланып олтурдук.

– Менин таякем, Тыны кыякчы болгон. Тирүү болсо, быйыл бир жүз экиге чыкмак. «Шырдакбектин боз жорго» деп, жааны аттатып, таптак сүйлөтүп тартаар эле. Ошол күүнү уккум келип жүрөт, тартып койсоңуз, – деп карыядан суранды.

Карыя тартып берди. Далайга олтуруп, кош айтышып, үйгө кайттык.

Датка карыя шаарда бир нече күн жүрүп, радиого күүлөрүн жаздырды, журналисттердин клубунда журналисттер менен кездешип, кыягын тартып берди.

Белгилүү чоң кыякчылардан таалим алып, өсүп чыккан карыя кыякчылардын бири Даатка Шааке уулу. Датка ата 1889-жылы Каракулжа районунун Алайку өрөөнүндө жардынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Датканын атасы, ал жаңыдан там-туң басканда дүйнөдөн кайткан. Мындан бир аз убакыт өткөндөн кийин өзүнүн эки агасы каза табат. Энеси Мончок жалгыз уулу Датканы жетелеп, турмуштун оор кыйынчылыктарын башынан кечирет. Датка боконогу катып, жерден боорун көтөргөндөн тартып, кыяк менен комуз күүлөрүнө кызыгат. Кыякчы Чалыр Бектемир уулун ээрчип жүрүп, кыяк күүлөрүн үйрөнгөн. Мындан соң Ойталдан чыккан чоң кыякчы Кедейбайдан таалим алат. Акыры ал өз алдынча күү чыгарууга жетишет. Жыйырма жашынан тартып, эски заманда эзилген карапайым элдин муң-зарын сүрөттөгөн «Жокчулуктун арманы», «Атаке», «Эки кыздын алымсабагы» аттуу күүлөрүн чыгарган.

Улуу Октябрь Социалисттик революциясы жеңгенден кийин гана Датка Шааке уулунун көкөй кескен шору жуулуп, өз теңдиги колуна тийди. Датка ата пенсияга чыкканга чейин көп жылдар бою колхоздо малчы болуп иштеп келди. Ал кадырлуу малчы болуу менен бирге, жаш күнүндө баштаган кыякчылык өнөрүн таштабай, жогорку чеберчиликке жеткирди.

Ал Күрөңкөйдүн «Сурнай күүсү», Морук кыякчынын «Єлөөр алдындагы арманын», Чалырдын «Кара күүсүн», Кедейбайдын «Чырыроонун», Карамураптын «Арман күүсүн», ошону менен бирге «Бекташ», «Саркөбөн жалгыз», «Шырдакбектин боз жорго», «Карагул ботом», «Жусуп менен Зулайка», «Темир комуздун күүсү», «Ат келет», «Тизгин күү», «Үчүке-Түлкү сайышы», «Карала Найман, Ак козу», «Эки ногой айрылыш», «Пейиштин уулу Ак Кочкор, Каңкы», «Сараң кыз», «Бекарстан», «Тайлагы өлгөн төөнүн арманы», «Жетим кыздын бейарманы», «Беш аялдын кошогу» жана башка эл күүлөрүн кайталангыс кайрыктар менен таңшытып чебер аткарчу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×