Добавить статью
9:07, 21 марта 2011 121569

Жомокчу

бакаш алтыбай уулу Бакаш Алтыбай уулу Ысыккөл областындагы Аксуу районунун Жайылма айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Алтыбай Баатырбай уулу алты айлык ара төрөлүп, жакшы багуунун күчү менен адам болуптур. Жаралгандан ак пейил, адам акысын жебеген, өтө мээнеткечтиги менен оозго кириптир. Чыйрак өскөн бала көп жолу ат чаап, ал чыгып келип, ээсин далай ирет байгеге ээ кылыптыр.

Аялы Таштанбек кызы Күңөтай эгиздин түгөйү болгонуна карабай өтө олбурлуу, сымбаттуу, сыпайы, колунан көөрү төгүлгөн аял экен.

Алтыбай төрт уул, эки кыздуу болушат. Эң улуусу Бакаш, Бүбү, Касым, Моке, Жума, кичүүсү Кыргый деген кыз экен.

Алтыбай үркүп баратканда 1916-жылы жолдо Кытай жеринде каза болот. Аялы 1917-жылы Желеңжүз деген жерде көз жумат.

Бакаш сөз баккан, сөзгө конок берген аябагандай нускалуу, кебетеси келишкен, сейрек сакал, кызыл жүздүү, кырдач мурун, өткүр караган, бирөөнүн кемчилигин бетке айткан, аласа-бересеге так, өтө баамчыл, көп окуяларды башынан кечирген, калп сүйлөгөндү жактырбаган, чынчыл адам деп элге алынган.

Дайыма жарашыктуу кийим кийинип, сый дасторкондо отурчу. Ашта, тойдо, же бардык үй-бүлөсү тамак ичип отурганда, дастан, уламыш, «Манастан», «Семетейден», же болбосо уккан-көргөндөрүнөн баян кылуучу.

Айткан сөздөрү: чындыкка, эрдикке, эмгекке шыктандырып, нысапка тарбиялоочу. Чоң чатак, же үй-бүлөдө келишпестик болобу, сөз кезеги келгенде кара кылды как жарган калыстыгын көрсөтүүчү.

Далайлардын дартына даба, илдетине шыпа болгон – өзү дарыгер, тамырчы эле.

Бакаш 1931-жылы Түп районундагы Кеңсуу айылында колхозго алгачкылардан мүчө болуп, элге оң таасирин тийгизген. Биринчи күндөн баштап, колхоз өндүрүшүнүн жооптуу тармагында иштеген.

Кийин жаштарга насаатчы болуп, эл эмгек кылган жерден кеткен жок. Айрыкча Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда кырман кайтарышты, чөп чапкан аялдардын чалгыларын чыңап берди. Кенедей тыным боло калса, уккан-көргөнүн айтып, шыктандыруучу.

Ал жылды жакшы сүрүүчү. Асмандагы ай, жылдыздарды карап көрүп, жыл кандай болоорун айтканы далай адамдарга баамчыл кеңешинин пайдасы тийген. өзүнө өзү табып болуп, 93 жашка дейре жашады.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-04-2011
Жомоктор топтому
114772

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×