Добавить статью
12:00, 22 марта 2011 36546

Манасчы

Автор: МАМБЕТ

МАМБЕТ Акын Абзий Кыдыров, журналист Бергенаалы Базарбаев үчөө­бүз кызмат боюнча көлдүайланып келе жатып, Мамбетке кездешип, эсенчилик сураштык.

– Ырасык сөзмөр тоодон келиптир, ошондон келдим, силер да кездеше кеткиле, балдарым, – деди.

– Ата-энеңиз, үй-бүлөңүз жө­нүндө айтсаңыз?

– Атадан төрт кыз, эки эркек болчубуз. Ошонун эң кичүүсүмен элем. Киши менен сүйлөшпөй, мал багып эле жүрдүм. Жыйырма эки жашымда Тастарата деген тоодо Манас баатырдан кабар болуп, эки жыл айта албай кыйналып жүрүп, шал оору болуп баратып, анан айткамын.

Манасчы болуп, чакырган жер болсо барып, каалабасам барчу эмесмин. Он үч баланын атасы болдум, карманганым эки эркек, бир кыз. Муратбек Ата Мекен согушунда каза болгон. өзүм да согушта жумушчу батальонго барып, он ай жүрүп келдим. Балам Касымбек мектепте мугалим, дагы бир балам Камчыбек колхоздо трактор айдайт.

– Манасчылардан кимди көрдүңүз?

– Чоң манасчылардан Чоюке дегенди көрдүм. Андан башкасынын баары эле окшош.

– «Манастын» кайсы бөлүмдөрүн айтасыз?

– Манастын жети атасынан тартып айтам.

– «Манастан» жазыштыбы?

– Абдылдаев Эсенаалы «Көкөтөйдүн ашын» жазып кетти.

– Анда эмесе, ата, биз Ырасык аксакалга барып жолугуп келели да, сиз менен шашпай кең-кесири сүйлөшөлү, – деп дароо эле Ырасыктын үйүнө бардык. Ырасык эки көзүкыпкызыл, орто бойлуу, топтомолок кары адам экен.

Бир аз ал-жай сурашып, таанышкандан кийин:

– Канча жаштасыз, ата? – деп сурап калдым.

– Сексен экиге чыктым.

– Али жаш экенсиз.

– Жаш болбой калсын, – деди төрдө олтурган кемпир сөзгө аралашып.

– Аны айтканым, Кетментөбөгө барып, токсон сегиз жаштагы Кошаалы чечен деген карыяга кездештим. Акыл-эси кадимкидей, беш жашынан беркини эстейт экен, – дедим мен.

– Жумуру баштан чыгат да... Жашында алжып калгандарды көрүп жүрбөйсүңөрбү? Анын эмнесин айтасың, – деп сөз баштады. – Ачуу менен акыл түбүбир. Бир жагы ачуу да, бир жагы акыл. Акылдан ачууң көп болсо, акылыңды тартып алат. Акыл көп болсо, ачууну токтотот. Ошондуктан көздөн мурун акыл көрөт. Кулактан мурун мээ угат. Көзүкөрүп, мээси көрбөгөндүмээ сокур, кулагы угуп, мээси укпаганды мээ дүлөй деп коёт.

Жаш кезиңде сыйлап жүр,

Ак сакалдуу карыны.

Картайганда өзүңө,

Сыйдын тиер жарыгы.

Атың арып баспаса,

Аксымдык менен чаппагын.

Акылдуусунуп бирөөнүн,

Оозунда сөзүн какпагын.

Убада кылсаң бир ишке,

Ошондон кайра тартпагын.

Шайтанга пейилиң алдатып,

Уурулукка баспагын.

Абийириң күлдөй төгүлүп,

Уят болуп каласың.

Ыгы жокко жан берип,

Ыйманыңды сатпагын.

Алың келсе эмгек кыл,

Бекер карап жатпагын.

Ырыс алды – ынтымак,

Ынтымагың бар болсо,

Башыңан кетпейт таалай-бак,

Ойло досум жакшылап.

Жол энеси из болот,

Жолдошу көптө күч болот.

Ынтымагың жок болсо,

Жолуң кайдан түз болот.

Барпаң-барпаң кар жааса,

Ак куурай башын көтөрбөйт.

Арсыз эрден иш тайса,

Жаздыктан башын көтөрбөйт.

Он бешиң – жарда ойногон улактай,

Жыйырмаң – тыңшап турган кулактай.

Отузуң – ободон учкан булуттай.

Кыркың – кындан сууруп алган кылычтай.

Элүүң – эрдин өзүэкен.

Алтымыш – кайра тарткан көч экен.

Жетимишти айтып нетейин,

Сексен – териге сүрткөн бор экен.

Токсон – күч-кубаты жок экен.

Жүз – суу алып кеткен коо экен.

Сөздөн-сөз чыгып олтуруп, карыя Жаңыл мырза жөнүндө кеп урду. Көз байланганда Мамбеттикине келдим.

Манасчы Каба Атабек уулу Мамбет жөнүндө мындайча эскерет:

– Манасчы Мамбет чакыртыптыр, кирип барганда:

– Ии, балам жана «Манас» айткан уулум сенсиңби? Ырас келиптирсиң. Анча-мынча кичирээк жеринен айттырайын деп чакырттым эле. Билген жериңен кичине айтып бергин. Чоң жигит болот деген ушул. Кана баштачы, уулум, – деп олтуруп калды унчукпай.

– Ата, кайсы жерден баштайын? – дедим.

– өзүң жакшы көрүп, жакшы айткан жериңен баштагын.

– Каныкейдин Бээжинге кырк чорону жөнөткөн жеринен айтып берейин.

Бир-эки чай кайнамча айттым.

– Ыя, балам, манасчы болгон турбайсыңбы? Эми мени менен сыртка барасың. Беш-алты күндө өзүм барып алып кетем, – деп күн болжоду.

Сыртка ээрчитип барып, мени көп жерден сынап да көрдү. Кай бир жерин кошумчалап, үйрөтө берди.

Мамбет ата өзүайтканда кызып, бир эт бышым дем албай, узарта баштады. Айрыкча «Көкөтөйдүн ашын» мыкты айтты.

Коргошун түйгөн булдурсун,

Толгой кармап имерип,

Тоодой болгон Кошойду,

Бакай тартып-тартып жиберип.

Эти ачынган эр Кошой,

Имере кармап алды эле,

Тоодой болгон Жолойду,

Оң жамбашка салды эле,

Тоодой кылып имерип,

Көтөрүп уруп калды эле.

Чымдуу жерден чаң чыгып,

Оозу ачылса Жолойдун,

Шүүшүндөп кара кан чыгып.

Башынан аттап жүгүрдү,

Азирет деп айкырып,

Карап турган калың эл,

Каткырып кыйын сүйүндү.

Макемдин сөзүкөркөм, куюлушуп чыгып, өзүда такалбай ырдап жатты. Мен андан көптүүйрөндүм.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

15-04-2019
Дагы бир жолу Суяб, Баласагын жөнүндө
35987

24-03-2011
Манасчы
20785

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×