Добавить статью
9:21, 21 марта 2011 10715

Комузчу

Автор: КАРАМОЛДО

карамолдо 1959-жыл. Жаз айы. Күндөр­дүн биринде кыргыз музыкасын изилдөөгө жаңыдан киришип жүргөн Балбай Алагушовго жолугуп, Карамолдону сурамжыладым:

– Сен, Молдокем1 менен катташып жүрөсүң. Кайдан кездештире алам?

– Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында комуздан сабак берет. Азыр барсаң табасың, – деди.

Барсам Молдокем кыякчы Саид Бекмуратов сабак берген бөлмөдө, арткы партада олтурган экен. Саид аке менен мурдатан таа­ныш элек. Бөлмөгө баш багарым менен Саид аке:

– Киргин! – деди.

Кирип Молдокеме учурашып, жанына жакын олтурдум. Бир аздан соң Молдокем чыгып кетти. Артынан кошо чыктым. Ал киши жай басып, өз классына кирээри менен уруксат сурап, мен да кирдим. Бөлмөдө бир жаш бала комуз кармап олтуруптур.

Молдокемдин өтө сыпаа, кең пейилдүүлүгү мени бат эле өзүнө тартып алды.

Алды менен Молдокем бир аз унчукпай турду да, комузчу балага карап сөз баштады.

– Балдарга комуз үйрөтүп жатабыз. өнөрүбүздү алып калса болгону...

Мен дароо сөздү илип кеттим.

– Келген себебим, Молдоке, сиз черткен күүлөрдөн канчоо жазыла элек, ошону билейин деп келдим.

– Жазыла электери эски элдик күүлөр. Баш-аягы кырк-элүүдөй болот го. Карылардын өнөрүн алып калалы дегениңер жакшы, – деп Молдокем кубанып калды.

Эңсеп барган суроомо оң жооп алгандан кийин, аңгемени башка темага буруп, улуу акын Токтогул менен кандайча кездешкендиги жөнүндө айтып берүүсүн өтүндүм.

Алды менен Молдокеме:

– Токтогулдун «Ыр бизде экен, күү силерде экен» деген сөзү чын беле? – деген суроо койдум.

– Балам, ал сөзү чын. Токомду Затаевич күү алганга чакырыптыр. Током Таласта Алымкул деген жаш ырчы чыгыптыр, ошону ала келейин, – деп, Алымкул бир тойго кеткен экен, үч күн күтүп, келбегенден кийин, өзү келе бериптир. Ошентип Током бизден кийин үч күн кечигип келди.

Затаевич кабагы жарык, өтө маданияттуу киши экен. Бирден бөлмөгө киргизип алып, комузчуну комуз черткизип, кыяк­чыны кыягын тарттырып, жазып алып жатты.

Комузду черттирип, ак кагазга бир нерселерди чиймелеп, кайта роялга салып ойноп берип, кээ бирде: «Кагазга толук түшпөй, кайран күү маңызын жоготуп жатат», – деп диванга жыгылып калчу.

Жарыктык Током Пишпекке келип, күү берип жүргөндө, чогуу жүрүп калдык. Током дастандарды түнкүсүн гана айтуучу. Көпчүлүктүн өтүнүчү боюнча «Кожожашты» айтты. Током «Кожожашты» «Кожомжаш» деп айтат экен. Эки түн таң куланаак болгончо айтты. Током Кожожашты биздеги үчдөбө деген тоого алып келди. Жарыктык Жумгал менен Кеминден ары өтпөптүр. Биз жердеген тоону өз көзү менен көргөндөй, ташы-суусунан өйдө айтып сүрөттөп ырдаганына айран таң калдым.

Током дастанды төмөнкү окуяга келгенде токтотту: Күндөрдүн биринде, боз үйдүн керегесинде илинип турган мылтык өзүнөн өзү үн чыгып, кылдырт дей түшөт. Ошондо Кожом-жаш:

– Мылтык кан сагыныптыр, ууга чыкпасам болбойт, – дейт.

Аялы Кожом-жашка карап:

– Ууга чыксаң балаңды жаныңа кошо ала кеткин, балаң ат дегенди аткын, атпа дегенди атпагын, – деп эскертет.

Дастанды ушул жерге чейин алып келип токтотту.

Токомдон: – Дагы канча калды? – деп сурадык.

– Эки түндүк бар го, – деди Молдокем, улуу акындын ырчылыгына суктанып.

– Ыр бизде экен, күү силерде экен деп эмне себептен айтты, – деп кайталап сурап калдым.

– Баса, балам, чертип койчу, – деп Током комузун мага сунду.

Мен удаасы менен бир нече күү черттим. Током үндөбөй кунт коюп угуп олтуруп, күү чертип бүткөнүмдө:

– Балам, күү силерде экен, ыр бизде экен, – деген болчу.

– Эми ата, «Кет Бука» күүсү туурасында айтып берсеңиз?

– «Кет Бука» күүсү, – деп сөзүн улады Молдокем, – ба­йыртан келе жаткан эски күүлөрдүн бири. Илгери өткөн заманда Айхан деген падыша өткөн экен. Айхандын Жолчухан аттуу жалгыз баласы болот. Жолчухан он алты, он жети жаштарга келгенде, кырк жигит курап берип, найза сайдырып, кылыч чаптырып, түрлүү өнөрлөрдү үйрөтөт. Ушул оюндарды ойноп жүргөн убактардын биринде, Жолчухан алыс жерге барып, куш салып ойноп келишке куштар болот.

Кырк жигит кеңешип, ханга таазим этип келишет:

– Уруксат этсеңиз, Жолчухан алыс жерге барып куш салып, ойноп келсек, – дейт.

Кырк жигит келип сурангандан кийин, хан макул болот. Ушуну менен алар шумкарын кондуруп, тайгандарын ээрчитип, узак жерге чыгып кетишет.

Ууда алардын жолу болбойт. Илбээсин кууса кушу албайт, тайгандары каңшылап, шумкары шаңшыйт. Кайдан балакет кырсыкка туш болушканын билбей дагы нары жөнөшөт.

Келе жатып бир токойдун жээгинен Жолчухан илбесинге кушун шилтейт. Кушу ала албай, токойдун орто жерине, бир дарактын башына барып олтуруп калат. Күн кеч кирип, караңгы кирип калган кез эле. Бөпөлөсө да кушу колуна учуп келбейт.

Ошондо аты-тонун, кылыч-жабдыгын таштап:

– Ээ жигиттер, силер ушул токойдун жээгинде жаткыла, мен токойго барып, дарактын башына чыгып, шумкарды алып келейин, – деп токойго кирет.

Токойдон Жолчухан, жолборско кездешип, ага алдырып коёт.

Бала ана келет жок, мына келет жок, жолдоштору токойдун жээгинде эмне кылаарын билбестен, айран болуп туруп калышат. Ошондо жигиттердин ичинде Бука деген комузчу жигит бар экен.

– Токтогула, жигиттер! Силер мынча ойлонбогула. Мен ханга барайын. Баласынын өлгөндүгүн комуз менен угуза­йын. Хан эмеспи, бир сөзүн айтаар.

 Хандын  маңдайына  барып,  баласын  угузуп  комузду чертет:

Туу-туу, туу куйрук

Тулпар качты, Айханым.

Туурунан ажырап,

Шумкар качты, Айханым.

О не болот Айханым?

Алтын боолуу ак шумкар,

Айды көздөй сызыптыр.

Алтын боосун тытыптыр

О не болот Айханым?

Күмүш боолуу ак шумкар

Күндү көздөй сызыптыр,

Күмүш боосун тытыптыр

О не болот Айханым?

Абадан агала булут сөгүлөт,

Аяктап жамгыр төгүлөт,

О не болот Айханым?

Көктөн көкала булут сөгүлөт,

Көнөктөп жамгыр төгүлөт,

О не болот Айханым? –

деп Бука черткенде, Айхан падыша колунан комузду алат. Букага жооп кайтарып мындай дейт.

Туу-туу, туу куйрук,

Тулпар качса карматпай,

Менин туйгунум өлгөн турбайбы,

Ошондо шорум курбайбы?!

Алтын боолуу ак шумкар,

Айды көздөй ал сызса,

Менин арстаным өлгөн турбайбы,

Анда бир шорум курбайбы?!

Күмүш боолуу боз шумкар

Күндү көздөй бул сызса,

Күйөөрүм өлгөн турбайбы,

Менин бир шорум курбайбы?!

Көктөн көкала булут сөгүлсө,

Көнөктөп жамгыр төгүлсө,

Көзүмдүн жашы турбайбы?!

Менин шорум курбайбы.

Кет, кет Бука, кет Бука

Кеби жаман ит Бука.

Комузуңду колго алып,

Сүйлөткөнү келдиңби?

Бүгүн Айхан пашаңды,

Ыйлатканы келдиңби?

Жолчуханды тапкыла,

Жолчуханды тапсаңар

Кыркыңды паша кыламын,

Жолчуханды таппасаң,

Кыркыңды кырк жерде

Башыңарды аламын! –

деп хан айбалтаны белине кыстарып, комузчуну жанына алып токойго кирсе, Жолчуханды жолборс басып жатат.

Жолборстун маңдайына барып, жолборсту мактап, Бука комуз чертет. Жолборс комуздун күүсүнө көшүй түшкөндө аны мээге чаап өлтүрүп, жонунан жоон тасма кайышты тилип, баланын өлүгүн алып кайтышкан экен...

Коштошуп жөнөөрүмдө «Насыйкат» менен «Сынган бугу» күүсүн чертип берүүсүн өтүндүм.

Молдокем бул эки күүнү тең удаасы менен мукамдуу кылып кайрып берди.

– Насыйкат деп эмнени айтат, ата? – дедим суроолуу карап.

– Насыйкат деген жаман болбой, жакшы бол деген эле сөз, балам, – деди Молдокем комузун тизесине коюп, күлө багып.

Кийин Молдокем менен эки-үч ирет эле кездештим. Бирок, тилекке каршы, Карамолдо билген элдик эски күүлөрдөн турган кырк-элүү жазылбай калды. Анткени Молдокем улуу акын Тоголок Молдонун жүз жылдык тоюнан кайтып келгенден кийин, катуу ооруп калды да, капылеттен дүйнөдөн кайтып кетти.

«Көкөй кести», «Сынган бугу», «Насыйкат»

Жана башка залкар-залкар күү черткен.

Терең акыл, ойлор толгон нечен кат,

Карапайым бир жан болчу, Молдокем!

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×