Добавить статью
5:45, 22 марта 2011 69131

Манасчы

Автор: ЫБЫРАЙЫМ

СүрөтчүСагынбек Ишенов экөө­бүз манасчы Ыбырайым Абдырахмановду издеп барсак, үйүн­дө болуп чыкты.

Ыбырайым муруттуу, чокчо чакалы бар, балкайган ак жуумал, кара каш, маңдайы жарык, укканын жаздым кетирбей кармап калган көкүрөктүүкиши эле.

Эсенчилигин сурашып, жайланышып олтурдук.

– Бүгүн «Манас» секторуна ча­кыртканынан барсам, Кетмен­тө­бөдөн семетейчи Сейдене келиптир. «Семетейи» мыкты, башкалардыкына окшобогон жагы бар экен, – деди жаңылыкты айт­канча шашып.

Ал чечилип, кичинекей жыгач сандыгын ачып, Сагымбай Орозбак уулу, Шапак Рысменде уулу, Саякбай Каралаев жана башка манасчылар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөттү, Мухтар Ауэзов, Калим Рахматуллин, Медина Богданова сыяктуу көп окумуштуулар менен болгон кездешүүлөрүтуурасында аңгеме салды.

– өмүр баяныңызды айтып берсеңиз, эртеби-кечпи кереги тийип калаар, – дедим.

 – Мен 1888-жылы Жетөгүздүн Чырак деген айылында туул­гамын, – деп баштады ал. – Атам Абдырахман колунан иш келген чебер киши эле. Мерген, тамырчы, комузчу жана адамды көрөр замат сындаган сынчы болгон.

Жети жашыман баштап, молдодон дарс алдым. Ал убакта жаздырып окутчу эмес. Чөк түшүп олтуруп, молдонун камчысынын алдында окуган доор эле. өзүм тырышып, жазууну өздөштүрүп алдым.

Эл кыштоого кирип, согум айында аксакалдар чогулуп:

– Эми «Манас» айттыралык, – дешти. Мен тосурайган тонум менен «Манасты» угуп, уктабай олтура берүүчүмүн. «Бул бала манасчы болот», – деп эл кеп кылыша турган. Түн ичинде төшөккө жатканда элирип тура калып, «Манас» айтчумун. Эртеси боз үйдүн каалгасынын бетине бычак менен сүрөт чи­йип, Коңурбай менен Манасты сайыштырып коёр элем. «Манас» угам деп, түн ичинде торпок минип баратып, сууга түшүп, өлүп кала жаздагам.

Он эки жашымда Караколдогу «Жаңы тартип» деп аталган татар мектебине кирип окуп, аны ийгиликтүүбүтүрүп, Жетөгүздөгүжаңы ачылган мектепте 1905-жылы мугалим болдум. Ошол бойдон үзгүлтүксүз кесибимди уланттым. Көл айланасынан мен: Дыйканбай, Жандаке, Байжан, Отунчу, Калча, Акылбек, Жакшылык Сары уулу (Кара ырчы) деген атактуу жомокчулардын «Манасын» угуп, он беш, жыйырма жылдай алар менен аралашып жүрдүм.

1915-жылы падыша өкмөтүнүн помещиктери жер-сууну артып алгандан кийин, Атбашыдагы туугандарыбызга көчүп бардык. Атбашыга төрт жыл тургандан кийин атам Көлгө кайта көчүп кетти.

1922-жылдан баштап, чоң манасчы Сагымбай Орозбак уулунан «Манасты» жазганга кириштим.

– «Манасты» кандай себептен жазып калдыңыз?

– Бир күнүпартиянын Нарын шаарынын уезддик комитетинин секретары Касымбай Телтаев чакырыптыр. Барсам, Сагымбай манасчынын «Манасын» жазасың, шарт түзүп беребиз, – деп табыштады.

Нарындын Солтонсары деген жайлоосуна Сагымбайды алып барып, жаза баштадым. Бирде Сагымбайдын үйүндө Кочкордо, бирде Атбашыда менин үйүмдө жазып, 1926-жылы «Манасты» араң аяктадык.

– Кандайча жаздыңыздар?

– Дайыма түн ичинде жазчубуз. Сагымбай манасчы тажап, эригип койчу эмес. Күндүзүар кайсы үйгө чакырып, «Манас» айттырганда жанына олтуруп алып, үлгүргөнүмчө өзүмчө бөлөк дептерге жаза берүүчүмүн. Кечинде жазганга киришкенибизде, бул жерин күндүз минтип айтпадыңыз беле деп эсине салып, унутулгандарын кошумчалап койчубуз.

– «Семетейин» эмне үчүн жазбадыңыздар?

– «Манасты» бүткөндөн кийин, мен мугалимдик кесибимди улантып, бөлүнүп кеттим. Ошону менен «Семетейи» жазылбады. Бөлөк манасчылардын эч кимиси «Семетейди» Сагымбайдай таасын айта алчу эмес.

– Кийин кайда иштедиңиз?

– 1939-жылы Фрунзе шаарындагы эки жылдык педагогикалык институттун адабият факультетин бүтүрдүм. Атбашыда мугалим болуп жүргөнүмдө Фрунзеге чакыртып алышты. Тил, адабият институтунда иштей баштадым. Бул жерде Саяк­бай Каралаевден эки жылы «Манасты» жаздык. Ошону менен катар да жыйнактуу кылып, «Манас», «Семетей», «Сейтек­тин» варианттарын, «Жаңыл мырза», «Казак кайың саап, кыргыздын Ызарга киргени», «Кыргыз-казак окуясы» дастандарын, чечендердин сөздөрүн, макал-лакаптарды, жөө жомокторду фондуга тапшыргам. Ошону менен бирге көрүнүктүүманасчылар: Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо, Багыш Сазан уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысмендиев, Молдобасан Мусулманкуловдун варианттары менин түздөн-түз жетекчилигим астында жазылып алынган.

1960-жылы пенсияга чыктым. Ушинтип, отуз жыл мугалимдик кесипте, жыйырма беш жыл адабият майданында эмгектендим.

 – Илгери  өткөн  манасчылардан  эсиңизде  калгандарын айт­саңыз?

– Акылбек жомокчуну Түптүн Арал деген жеринен көрдүм. өзүзор, кара сур тарткан, жаагы кере карыш, жайкалган сулуу сакалы бар киши экен. үстүндө көк чепкен, азыркы моюн орогучка окшогон анжияндын курун сыртынан курчаныптыр.

Акылбек алты күн жомок айтты. Манас казаттан кайтып келип, берендеринен ажырап, тилден калып баратканда касиет­түүКаныкей берендин башын кучактап:

Эки жашар Семетей,

Эрте бир атка мине элек.

Эл кадырын биле элек,

Алат күн Манас кантесиң?!

Эки жашар балаңды,

Эрте атка мингизип,

Эл кадырын билгизип,

Алат күн Манас өлсөңчү,

Азабың Манас көрсөмчү.

Карманаарым жалгызым,

Карадан тулпар мине элек.

Казаттын тонун кие элек,

Калкыңдын жайын биле элек.

Карадан тулпар мингизип,

Казаттын тонун кийгизип.

Калкыңдын жайын билгизип,

Каран күн төрөм өлсөңчү,

Кайгыңды шондо көрсөмчү.

Асылым төрөм кеткен соң,

Күндө чаап байге алган,

Тулпарың жайы не болот?

Балырлуу көлдөн каз алган,

Туурда калды талпынып,

Шумкарың жаны не болот?

Ит агытып, куш салган,

Касиеттүүкең Талас

Жериңдин жайы не болот?

О калмактардын чоң Калча,

Сенин көзүң өткөн соң

Канча түмөн кол менен,

Коңурбай келсе элиңе,

Оо, элиңдин жайы не болот?

Кызылды кийсем кыргак жол,

Кенедейде колдо өскөн,

Серегиң менен Сыргак жок.

Асыл жаның кеткен соң,

Ардактаган мен бейбак

Жыргай турган убак жок.

Арманым айтсам сүйлөшүп,

Арманымды жазарга,

Алманбет аяш, Чубак жок.

Тоодогу жылкың ала баш,

Томуктай болгон балаң жаш.

Томсортуп таштап кеткенче,

Тозок күн төрөм ала жат!

Адырда жылкың ала баш,

Айлантып журтту билүүгө

Алат күн Манас балаң жаш.

Азабыңды тарттырбай,

Азап күн төрөм ала жат...

Ошентип фольклорчу Ыбырайым Абдырахман уулу «Манас» үчилтигин жыйноодо зор эмгек сиңирген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-04-2011
Жомоктор топтому
62750

30-03-2011
Жомоктор топтому
118413

28-03-2011
Жомокчу
133374

28-03-2011
Жомокчу
194522

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×