Добавить статью
5:52, 22 марта 2011 48833

Акын

Автор: КОРГООЛ

Коргоол Коргоол ырчы, комузчулар Ыбырай Туманов, Эркесары Бекбасар уулу, жаш акын Алтымыш Мундузбаев Алыкемдин1 үйүндө бир-эки күн мейман болушту. Бул өнөрпоздор Токтогулдун кызын угуп, топурак салганы келишиптир.

Бир маалда Коргоол сыртка чыгып, Алыкемдин чоң короосунун туш-тарабына көз чаптырып, орунтукка көчүк коюп, бир азыраак олтуруп калды.

Коргоол чокчо сакал, чапжагыраак, бир көзүндө болор-болбос ак чели бар, башында бирин-серин чачы бар киши экен.

– Ата, азыраак жекече сүйлөшүп алалык, – деп Коргоол атаны Алыкемдин кабинетине ээрчитип кирип:

– Током менен айтышканыңызды айтып берсеңиз, ата? – деп сурадым.

– Током Шиберден келгенден кийин арак ичип кызып алып ырдашам деп Токтогулга тиш салып каршы ырдадым, – деп ошол жеринен баштап айта баштады. – Бир топ кетментө­бөлүктөр арак ичирип, кызытып алып, мени Токтогулду көздөй тукуруп:

– Сен Токтогулдан кемсиңби! Токтогулга бирдеме де! – дешкенинен, ырдап турган жерим:

Айылда жүрдүң Токтогул,

Арстандай кутулуп.

Керимбайды айткансың,

Какшыкка бөлөп умтулуп.

Ошо бай-манаптын зарпынан,

Байланып кеттиң тутулуп.

Алатоолук кыргыздан,

Ажырап кеттиң айдалып.

Азуусу болот камандын,

Азуусуна чайналып.

Азапка башың тутулуп,

Айнектей көзүң жайналып.

Ошол кезде Токтогул,

Эгеме шүкүр дегенсиң.

Айдалып барган жериңден,

Сен эшектин этин жегенсиң.

Тобо кылып ошондо,

Тобомо шүкүр дегенсиң.

Тутулуп барган жериңден,

Сен доңуздун этин жегенсиң.

Кайрылып келип кыргызга,

Кудайга шүкүр дегенсиң, –

деп мына ушул сыяктуу оозума келгенди оттопмун. Ошондо Током мени карап алды, анда көзүм да соо, ак чел баскан эмес эле. Токомдун каарына, дубайматына калдымбы, же каргыш мага тийдиби, кийин бир-эки жыл өткөндө эле бир көзүм ооруп, ак чел болуп калды. Комузун колуна алып, мени чычканды желкесинен кармаган мышыктай кылып, Током мындай деп ырдап кирди:

Эй, Коргоолум

Акындын көркүэл болот.

Аккуунун көркүкөл болот,

Ашуунун көркүбел болот.

Күлүктүн көркүтер болот.

Сендей агасына асылган,

Акылы жок кем болот.

Жамгырдын көркүсел болот.

Жакшы сөздүайтпаган,

Жакшы кептен таппаган,

Сендей жарым акылы кем болот.

Каз-өрдөк көркүкөл болот.

Кара жамгыр төгүлсө,

Капчыгай ичи сел болот.

Чарба малга жарашкан

Чалкайып жаткан төр болот,

Чакчаңдап ичип алыпсың,

Сендей, чала кайым көр болот.

Агарып жаткан ак көлгө,

Айланып учуп каз конот.

Анын айланасы саз болот.

Агасына асылган,

Сендей, акылсыздар таз болот.

Жайлоонун көркүөр болот,

Жайыттын көркүтөр болот.

Сендей устатына асылган,

Жаман адам көр болот.

Ырчымын деп Коргоолум,

Токтогулга асылба.

Ыр үйрөткөн мен элем,

Кырчаңгыдай кашынба.

Умтулуп мурун камынып,

Устатыңа таш урба.

өчөшүп ырдап коём деп,

Коргоол өспөй калба жашыңда! –

деп Токтогул ушул сыяктуу ыр менен мени селдей каптап, тим эле таш тиштегендей кылды.

Бир базардан кийин Токомо бир жаңы кыргыз чапан тиктирип, анча-мынча акча алып барып алдына түшүп:

– Баягы мен мас болуп ырдаган ырды кечирип кой, айланайын, Токо, – деп чапанды үстүнө жаап, буга чай ичип коюңуз, – деп акчамды берип, ошентип кутулган эмесминби.

– Атайдын Сейдана менен айтышканын билесизби?

– Билем. Атай Айчүрөк комузчу менен да чертишкен.

– Сейдана менен айтышканын айтып берсеңиз?

– 1932-жылы Атай Кетментөбөгө барып, бир жыл Токтогулду жандап ырдап жүрөт. Кетментөбөнүн күн чыгыш жагында Ничкекөөдүл деген тоо бар. Туздун кени ошол тоону – Шамшыкал ата деп коёт. Ошол жерден Чыйрымбайдын келини Сейдана деген ырчы комузчу чыгат.

Кетментөбөнүн базар күнүАтай менен кездештиребиз деп, Ничкекөөдүлдөн Сейдананы алдыртат.

Кетментөбөнүн  күн чыгыш жагында Чычкан өзөнүнүн боюн­да көкала майдан көк шибер калың бактын ичине кирип, кенен олтурушат.

Эртең менен кимиси баштасын деген сөз болуп калат.

Абдыракман деген калыс:

– Кыздын кырк чачы улуу деген, аялдын жолу улук эмеспи, Сейдана баштасын, – дейт.

Ошондо өңдүү-түстүү, тамагынан күн көрүнгөн Сейдананы ээрчитип келген бир-эки келин бар экен. Сейдананын комузун жанындагы кара каш, кара көз келин колуна кармап, сырткы көк тукаба бешмантынын оң жагындагы жеңин бир келин, сол жеңин комуз алып турган келин тартып чечти. үстүндө кыргызча тегерек жака, кызыл тукабадан кыпкызыл бешманты, зергер устага сыя төгүп жасаткан катар тагынган күмүш топчусу өзүнчө жаркырап бир керемет көрүнөт. Ичинен кызылдан шайы көйнөк кийген. Кызыл, көк жибек менен кончун сайган Анжияндын маасысы бутунда.

Сейдана башындагы көк жибек жоолуктун алкымын чечип, четин эки кашынын үстүнө келтирип, аркасына алып барып байлап койду. Тамагын, сөйкө сагагын көрсөтүп, жагалданып элди өзүнө тартууда. Оң колунда жумуру соккон эки күмүш билерик. Оң колунун аты жогу менен сөөмөйүнө салынган зергер устасы куш тумшук кылган көздүүкош күмүш шакек бар.

Сейдана келиндин сол колунда да эки шакек, эки билерик, кызыл шайы көйнөктүн оң жеңин чыканагынан өткөзүп туруп, ак билегин көрсөтүп, чачыктын учуна ак бермет орнотуп, кыпкызыл чачык жасап, комуздун жоон мойнуна тагыптыр.

Комузун толгоп алып, Сейдана Атайдын Бешташтын ашуу­сун ашып барганын кошуп:

Каракүңгөй, Бешташты,

Ашкан жигит бери чык.

Эки көзүалаңдап,

Шашкан жигит бери чык.

Ашып келген экенсиң,

Терек деген белиңди.

Саламат болсоң көрөсүң,

Айланып бир күн элиңди.

Эми кезекти сизге берейин,

Атай кайним баштагын.

Серпип таштайт экен деп,

Сейданадан качпагын... –

деп ушул сыяктуу бир топко созуп ырдап калды.

Сейдананын Атайды кайним деп ырдаганы анын күйөөсүЧыйрымбайдын баласы Мырзакмат Атайдан үч-төрт жаш улуу кара мурут, орто бойлуу, кара каш, маңдайы жарык, кызылдуураак келген, тамашакөй жигит экен. Сейдана олтурган тарапта замандаш курдаштарынын ортосунда олтурат. Ал Мырзакмат Кетментөбөнүн Чычкан өрөөнүндө Атай комуз чертип жүргөн кезде эки-үч жолу көрүптүр.

– Айланайындар, унчукпай олтургула. Атайдын ырдаганын угалык, – деп Сейдананын күйөөсүМырзакмат айтты.

өрүк комузун колуна алып, тепкесин шилекейлеп бекитип, ордуна коюп, ал да Сейдана жеңесинче сырткы чапанын чечип, жеңилденип, оң жеңин чыканагынан өйдө түрүп, комуздун кулагын толгой баштады.

Ал да Таластан Бешташ ашуусун ашып, Кетментөбөгө барганынан баштады. Ошол жерде анын черткенин көрүп, угуп жүргөн бир топ абийирдүүжигиттер бар экен.

– Атай бизге «Ак тамак, көк тамак» күүсүн чертип берсин, – деп ар кимиси сунуш киргизип калды.

– Кайрадан комузду «Ак тамак, көк тамактын» күүсүнө толгоп, «Ак тамак, көк тамакты» кол ойнотуп, ойдогудай черт­ти.

– Эми Сейдана жеңеңе карата билгениңди ырдагын, – деди. Ошондо Сейданага ырдаган ыры, «Жалжалым» деген ырдын обону менен жеңе, бирде жалжалым, бирде Сейдана деп атын айтып ырдап жатты.

Сейдана, ашып келдим Таластан,

Атактуу Бешташ белимди.

Келип көрдүм Сейдана

Кетментөбө жериңди.

Алыстан келген мен Атай,

Угузайын кебимди.

Начар болсо өнөрү,

өргө чаппайт дедиңби.

Ушул айткан ырымды,

Жалжалым, чыгарбагын эсиңден.

Мен да көргөм жеңетай,

Ничке менен Көөдүлдү

Айтышып ырдап экөөбүз,

Ачалык жеңе көңүлдү, –

дегенде күйөөсүМырзакмат элди карап, жайдары сөз менен күлүп:

– Ыракмат Атай, өзүмдүн атагым элге чыкпаса да, аялым Сейдананын атагын Кетментөбө, Таласка чыгарып кеткин, – деп күлүп калды.

Атай дагы Сейдананы кошуп ырга кирди.

Адырдан шамал жел урса,

Айткым келет эл турса.

Айтпастан кантип чыдайын,

Алдымда сендей пер турса, –

деп Атай Сейдананы бир топ кошуп, күйгөн-секетпай ырдап, эң акырында экинчи кезекти дагы ыр менен Сейданага берди эле комузду чертпей туруп, Сейдана Атайга жооп берип калды.

– Кагылайын, Атай кайним, өнөрүң күчтүүэкен, мен жеңилдим, сөз чындыктан бузулбайт эмеспи. Комуз менен «Секетпай» ырдын кожоюну экенсиң. өнөрүңүзгө ыраазы болдум, – деп экинчи черткен да, ырдаган да жок.

– Атай кандай киши эле?

– Атай Огонбай уулу шыңга бойлуу, бою анча жапыз эмес, ээрди жука, бетинде болор-болбос кызгылтым тамыры бар, мурду чымчыгандай, кара каш, кара көз, эки бетинин тегереги ак жуумал тарткан сулуу жигит эле. Атай шайыр, тамашакөй, элге сүйкүмдүү, ажарлуу, ыманы ысык, кандай адам болсо да көрүнүшүн жактырбаган киши калчу эмес. Анын комузчу, обончулугу быякта турсун, куудулдук жагы да бар эле. Кандай адам болбосун сен мындай адамсың, кулк-мүнөзүң, кыял-жоругуң ушундай деп бетине айтуучу. Ал эми комузда кандай күүнүчертсе дагы кол ойнотуп чертүүчүэмес. Чертип турганда Атайдын колун карап турсаң, асманга атып чыккан шумкардай болуп, өзүнчө бир башкача эле.

– Токтогулга шакирт болуп көп эле жүргөн экенсиз. Токомдун эсиңизде калган ырларынан бирди айтып бериңиз, – десем,  комузду  алып күүлөп, Токтогулдун насыятынан ыр­дады:

Агарган карды көп басса,

Ар кимдин көзүкарыгар.

Ынтымак курап жүрбөсө,

Ынтымакка кирбесе,

Жүрүп-жүрүп ошонун,

Көңүлүбир күн тарыгар,

Жакшы сөздүбиле албай,

Жаман суук сүйлөсө,

Андан ар кимдин көңүлүкалынар.

Аның үчүн туугандар

Бирөө көңүлүн салып сураса,

Кылыч берсең кындап бер,

Көңүлүң менен чындап бер.

Береке кетээр адамдан,

Андан мурунураак

Пейили менен кун кетээр.

Бир ооз ынтымак болсоңор,

Анда душман кайдан былк этээр.

Булут кетсе асмандан,

Күн ачылып жылт этээр.

Каза келип калганда

Кары дебей, жаш дебей,

Кайран баш жерге шылк этээр.

Ак бараң мылтык кундагын,

Ата албасаң колуңа

Кармап алып сунбагын.

Эрмин десең душмандан

Эки көзүң жумбагын.

үйүңдөн болсо чыгаша

Катын-балаңды урбагын.

Жинди менен жол кошпо,

Суу куя бербе толбоско.

Акмак болуп каласың,

Атаандашпа болбоско.

Акыл айтып чарчаба,

Айткан кебиң конбосо,

Тамаша айтпа билбеске,

Тамаша айтсаң билбеске,

Тар жер болсо сындырат.

Жаман адам курусун,

Жалган кепти чын кылат.

Көптүкөргөн кишилер,

Көңүлүңдүтындырат.

Сурап ичкен даамың,

Суу ичкен менен барабар.

Сук атанып айылыңа,

Суук болбогун жаш балдар.

Жолдош болбо куу менен,

Жолдош болсоң куу менен

өмүрүң өтөт доо менен.

Жыкмайынча качпагын,

Беттешкен душман жоо менен.

Күлүктүминсең күүлөнүп,

Жоргону минсең түрдөнүп,

Эки жагың каранба,

Көйрөң атка коносуң,

Көрүп калган адамга,

Эси паска эрегишип сөз айтпа,

Чакырса да эки адам бир баспа.

Эл тиричилик кылып жатканда,

Эс алып уктап тим жатпа.

үйүңдөн бир азыраак чыккан жаңжалды

Ачууңду чакырып,

Аны ашырып ийип ырбатпа!

– Ыракмат, мыкты ыр экен!

– Анан Токтогул жаман ыр ырдачу беле! Токтогул тегинен Токтогул болуптурбу!

Аңгыча эшиктен Назим апа кирип:

– Сиздерди кайсы жакка адашып кетти деп эшиктен издеп жүрсө, бул жерге бекинип алган турбайсыздарбы, үйгө кириңиздер, тамак даяр болуп калды.

үйгө кирдик.

– Ой, Коке, кайда кетип калдыңыз, – деп Алымкул сурап калды.

– Сиздин кабинетте олтурушуптур.

– Шаардан адашып бөлөк көчөгө түшүп кеттиби, – деп аябай шаштыбыз кетпедиби.

Отуруп тамак ичкенден кийин ошол кезде Кыргызстан Композиторлор союзунун съезди болуп, академиялык опера жана балет театрында жаңы жазылган музыкалык чыгармаларды угууга Алыкем Коргоолду баш кылып, үйдөгүмеймандарды ээрчитип барды.

Театрга кирерибиз менен Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков жолугуп, Алыкем, Эркесары, Коргоолду ээрчитип залга алып кирип кетти.

Мен Ыбырай Туманов менен алдыңкы катардагы орундардын чет тарабында олтурдук...

Коргоол оюн бүтүп, театрдан кетип бара жатканда опера-балеттен көргөн артисттердин баарына өзүнчө баа берип:

– Сууту канган сар таман күлүк аттай болгон артисттериң бар экен, – деп койду Алыкеме карап.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×