Добавить статью
6:48, 22 марта 2011 34081

Акын

Автор: АЛЫМКУЛ

Алымкул Айылда окуп жүргөн кезимде акындын «Комузум», «Таластын көрүнүшү» деген ырлары айрыкча көркөм, жүрөккө жылуу сезилчү.

Кийин Фрунзе шаарындагы № 5 кыргыз орто мектебинин 10-классында окуп жүргөнүмдө Алым­кул үсөнбаев менен жолугушуп калдык. Анда «Алымкул ырчынын өмүрүжана чыгармачылыгы» деген темада чакан доклад жасагам. Кеченин акырында Алыкем «Номур бештин окуучуларына» деген ырын ырдады. Ошол ыры китебине чыгыптыр. Баамдап окуп көрсөм, бизге ырдап берген ырына эч өзгөртүүкиргизбеген.

Ушундан соң Алыкем менен өң тааныш болуп, бир аз убакка Алыкеме секретарь да болуп иштедим. Алыкем буудай өңдүү, чокчо сакал, орто бойлуу, кишиге катуу айтпаган, сабырдуу адам эле. Мандашын жазбаган, сыпаа, өзүбир сырдуу, анда-санда бир сүйлөп коюп, олтура берчү.

Алыкем бир катар элдик күүлөрдү, Сейилкандын Мусасынын «Таш жалак», Тойгожонун «Ак байбиче термиян» деген сурнай күүсүн чебер чертүүчү. Бул күүлөр да өз убагында магниттик лентага түшпөдү.

Алыкемдин ырчылык таланты эрте ойгонот. Он үч жашында Жайылган жерин кошуп:

Жүргөн жерим Жайылган,

Жүрө чыктым тайымдан.

Кеп уккула туугандар,

Алымкул ырчы шайырдан.

Бала саруу Жайылган,

Байгеден чыктым тайымдан,

Элиме айткан ырларым,

Эчен элге жайылган.

Аксакал, кары угуп кал,

Алымкул ырчы шайырдан, –

деп ырдаган алгачкы ыры эле эл көңүлүн өзүнө бурат.

Он төрт жашында Чолжой, Нурманбет деген кишиге орток болот. Бай эгин айдайт, бала маласын тартып, буудайын сээп берет. Жайы менен жаш бала жер кайкалаган буудайды сугарып, жыйырма күндө оруп бүтөт, бай бастырат. Кызылды арбын сузушат. Аны эки бөлүп, бир бөлүгүн кожоюн алып, бир бөлүгүАлыкеңе калат. Ошол кезде Шерипбай ажы: «Агаларыңда аласам бар», – деп төрт капка чештеп койгон буудайын үч төөгө артып кетет, бала солкулдап ыйлайт...

 Алымкул  он  жети  жашка  чыкканда  Эгемберди  деген агасы:

– Аксыны бир көргөзүп келейин, – деп алып кетет.

Ошентип ал жактан эл таанып, жер көрүп, нечен сөзмөр карыларга кездешип кайтат.

Болжолу он экинчи же он үчүнчүжылында Жанкороздун улуу баласы Эшенаалы Алымкулга кат жазат: «Атама аш берем, Кетментөбөдөн Токтогулду чакырттым. Током менен жүздөшүп, ыкмасын, нускасын алгын. Ошол себептүүсага дубай салам айттырдым».

Ушул сөздөрдүн баарын катка жазып, Шергелинин уулу Мусага жиберет. Ал катты окуп берип:

– Эртең Бешташка жөнөйбүз. Атың, комузуң болсо даяр, – дейт.

Эртеси алар күүгүм талаш барып калышат. Ошондо Муса Алымкулга:

– Эт бышымча аттардын жанында тургун. Акынга жылдыз чыкканда караңгылатып алып барайын. Ага чейин өзүм барып, Токтогул менен учурашайын, – деп ыр жаңырган үйдүн эшигине барып калат.

– Ассалоомалейкум! – деп салам айтып киргенде эле, Током комузун токтото коёт, эл ордунан тура калышат. Муса аяк өйдө баары менен көрүшүп барып, төрдө отурган Токтогулдун колун кармап:

– Кандай Токо, бала-чакаң аманбы, урушчаак бөдөнө ке­йиптенген жарыктык, эсен жүрөсүзбү, дениңиз сакпы? – деп ылдый жагынан жанаша орун алат.

Ыр саамыктап калганда баары дымый түшөт. Муса сөз баштап:

– Токо, биздин акбай, бабыр деген уруудан үсөнбайдын уулу Алымкул деген жаш акын бала чыкты эле, ошону ээрчите келдим. Алымкул балаңызга үлгүңүздөн таштап, Жанкороздун ашы тараганча ээрчитип жүрүп, бир топ машыктырып кетиңиз, Токо, – деп калды.

– Ал Алымкул балам кайда, ээрчитип кирбейсиңби? – деди.

– Аттардын басмайылын бошотоюн деп калды эле.

Ошондо Током Алымкулду ыр менен үндөп чакырып, мындай деп ырдап турган жери:

Жайлоонун гүлүсоолгондо,

Саржайыт журт болгондо.

Жайлоодон көчүп эл кетип,

Кара жамгыр төгүлсө,

Капчыгайдан сел кетип,

Алымкул балам угуп ал,

Чоңоюпсуң эр жетип.

Кайда жүрсүң, Алымкул

Адашкан торпок өңдөнүп,

Мурдуңдун үстүн тердетип.

Оо, качпай балам үйгө кир,

Көрөйүн мен да иреңиң.

Токтогул сүрдүүкиши деп,

Чыкпасын менден жүрөгүң.

Он беш күнчө ыр ырдап,

Жанкороз ашы өткөнчө,

Кең Таласта жүрөмүн.

өнөрүм артта калса деп,

Менин да ошол тилегим.

Качпай балам үйгө кир,

Кайнатаң эмес Токтогул,

Сага кызымдын бербейм бирөөбүн, –

деп Токоң ырдап басылды.

үйдө олтургандардын ар кимиси:

– Ал кандай бала, атайын Токтогулду көрөмүн деп келип, уялып эшикте качып жүргөнү. Ээрчитип келгиле, – деп бир-эки жигитти жиберди.

Токтогул тууралжын келген, толмоч, ак саргыл, кичине сыйда сакал, эки бетинин отунда болор-болбос тарам-тарам кызылы бар киши экен.

Алымкул аярлай келип, учурашканда акын анын колун кармап, комузсуз бир-эки ооз айткан ыры:

Ашып келдим Алымкул

Ак карлуу Бешташ белиңди.

Аралайын деп келдим

Алты сан саруу элиңди.

Жаңы өспүрүм баласың,

Аман кылсын дениңди.

Таластан Токоң кеткенче

Таанып кал, балам, жөнүмдү.

Алымкул балам, алып кал

Акындык нуска кебимди, –

деп кыскача ырдап Алымкулдун колун коё берди.

– Токтогулдай акын барбы, төрт аягы тең жорго эле, ыра­йымдуу, жүзүажарлуу, ырга ушунчалык берилген киши болучу.

Кары-жашпы, кемпир-чалбы кеңешип олтуруп, кол ойнотуп, комузун чертип жиберип, ыр менен күлдүрүп, жок жерден сөз таап айтып, кандай адам болбосун бир заматта бооруна тартып алуучу, – деп айтаар эле Алыкем.

Алымкулду ээрчитип келген Муса деген киши:

– Током менен учураш, – деди. Ошондо Алымкул Токоңдон кичине сүрдөнүп, ылдый карап олтуруп, Током ушул жакта эмей кайдасың, – деп, төр жакты карайт:

Акын Током келипсиз

Айтайын сизге саламды.

Айдалып кетип, Токо, сиз

Көңүлүң болгон караңгы.

Ээрчитип жүрүп жөнгө сал

Мендей Алымкулдай балаңды.

Калыбыма келгенде,

Токо өзүңдөй акын боломбу.

Кубантып Талас элимди

Кайрылып шакка кономбу?

Баралыма келгенде

Балалык ишти жоёмбу?

Айдоодон келип, Токо, сиз

Саламат көрдүң элиңди.

Ашып келген экенсиз

Ак карлуу Бешташ белимди.

Артыңдан ээрчип мен сизге

Алайын, Токо, кебиңди.

Кабарыңды укчу элем

Токтогул ата, жөнүңдү.

Эки солдат, бир тужур,

Айдап кетти дечүэле.

Эки колун артына

Токо, сизди, байлап

Байлап кетти дечүэле.

Эл-журтум деп Токтогул

Сайрап кетти дечүэле.

Шакардай ичи Токоңдун

Кайнап кетти дечүэле.

Ээрин алган жоргодой

Током, жайдак кетти дечүэле, –

деп ушул сыяктуу бир топ ыры менен Токомо учурашты.

Током Сибирге барганын, Кетментөбө, Таласты кошуп ырдап берди. Ошондон баштап, улуу акынга жанашып, анын таалимин алып, нечен-нечен алым-сабак айтышка түшөт.

* * *

Назим Берикпай кызы он төрт жашка чыгып, молдодон окуп жүргөн кези. Окуп жаткан жерине отузга келе элек үч жигит кирип келди. Анда кыз өйдө тиктечүэмес.

– Мынабу Алымкул төкмө! – деп берки балдар молдого айтты.

– Мынабу чиренген жигит кыз издеп жүрөт, төмөнкүэлден кыздан кыз жактырбайт. Айтууга акындыгы, билимдүү, окумуштуу болсо дейт экен, – деди жанындагы жигит.

– Колумда төрт кыз бар, жакшы ырчы болсоң бийлигим жетет, каалаганыңды берем, – деп тамаша кылды.

Ошондо Алымкул ырдады. Төрт кыз бүрүшүп, молдонун аркасына олтурушту. Баягы жигиттер күлүшүп, шарт кетип, кыздар кала берди.

Назим бир жыл окубай он төрттөн он бешке карады. Баягы акын жигит Назимдин айылына келип, эл аралап ырдап жүрдү.

– Он бешке карап калдың, айланайын, атактуу кишинин баласысың, көп кишиге көрүнө бербе! Эми окубай эле койчу, – деп апасы тыйып коёт.

Апасы айылга кеткенде Назимдин бир жакшы жеңеси:

– Айланайын, молдо кыз, каттама кылып эч жакка чыгарбай, жаныңа алып олтур деп дайындап, апаң айылга кетти. Биздикинен чай ич, – деди.

үйүнө барып олтуруп, жаңы эле чай ичип жатканда эшиктен үч жигит кирип келди. Назим коркуп кетти. Таза кийинген жигиттер. Бирөө Назимдин жакын акелери. Келип отуруп, бир жигит комузун боз үйдүн керегесине сүйөп койду.

– Ой, Алымкул, төкмө болсоң өзүңө. Назим бир тууган карындашым. Азыр он төрттөн он бешке карады. Бул сага тийбейт да, жолотпойт. Акындыгы сенден кем эмес! Тартынбасаң бирдеме дебейсиңби?! – деди.

Ошондо Алымкул ырдап жиберди:

Апта күн болду чыкканым

Аралап элде жүрөмүн.

Алымкул төкмө келди деп,

Арнаган жерге түнөдүм.

Асил жаштык кыйын го

Алтүндө жатсам уктабайм,

Аттай туйлайт жүрөгүм.

Акын болсоң чырагым

Алты ооз сөз айткын.

Ар кимден угуп билбесем

Айлыңды кайдан билемин.

Абайлап сени карасам

Абдан жапжаш иреңиң.

Канча күн болду чыкканым

Калк аралап жүрөмүн,

Алты сан кушчу, саруудан

Араласам табамбы

Акылы түзүк бирөөбүн.

Айтымдан элдин көп угам,

Акын кыз бар деп угам,

Азыр жашмын десең да,

Чырагым,

Алты жыл болсо да күтөмүн.

Караңгыда уктабайм

Катуу туйлайт жүрөгүм,

Кабарың угуп мен келдим

Калкың айтып бербесе,

Кайда экениң билемин.

Каниги төкмө келди деп

Каалаган жерге түнөдүм.

Калктан издеп табамбы,

Капа кылбай сөз билген

Каниги түзүк бирөөбүн.

Ошентип, Алыкең айтты. Назим мындайча ыр менен жооп берди.

Кара эле чачым секелек

Катарга башым жете элек.

Кагылайын апакем,

Кашыма чымын жолотпой,

Кармап эле жүрөт бөпөлөп.

Кайдан келген жигитсиң,

Калың берип койгонсуп,

Мага катуу эле айтпа төтөлөп.

Кара башым соо болсо,

Калктан бирөө табылар,

Кармап кетээр жетелеп.

Арка чачым секелек,

Акылга башым жете элек.

Айланайын энекем

Алдыма чымын жолотпойт

Ак шумкар куштай бөпөлөп.

Алты жыл болсо күтөм деп,

Сен айта бербе төтөлөп.

Каршымдай тоспо жолумду,

Казыр келет энекем,

Каңгып жүргөн кыз эмес,

Мен карматпаймын колумду.

Калкта кыздар көп чыгаар

Каркырадай керилген,

Камчыдай бели ийилген,

Кара кашы чийилген,

Калктан таап аларсың

Калтарга окшош сонунду.

Азыр келет энекем,

Алдыман тоспо жолумду,

Апасы жок кыз эмес,

Мен алдырбаймын колумду.

Ак маралдай керилген,

Алмадай бели ийилген,

Айдай кашы чийилген,

Араласаң табарсың,

Акактай сулуу сонунду.

Алымкул менен Назим айтышыптыр деген сөз Таласка тарап кетти. Ушинтип Назимге ашык болуп жүрүп, үч жылдан соң Алыкем менен Назим баш кошуп, турмуш курат...

1979-жылы жайында Назим апага учурашайын деп барсам, небере-чөбүрөлөрүн ойнотуп, короосунда жүрүптүр. Мени көрөөрүменен жаны калбай, үй-турмушум, бала-бакырамдан өйдө сурамжылады:

– Алыкем сени жакшы көрчү, келип тур, айланайын! – деди.

Назим апа менен сүйлөшүп олтуруп:

– Токтогул Пишпекке келе жатканда Алыкемди издеп келген турбайбы? – деп суроо койдум.

– 1928-жылдын октябрь айы. Боз үйдө элек. Мен он жети жаштагы жаш келин элем.

Эки мейман келди, кайнагам туруп аттан түшүрдү. Мен көшөгөнүн ичиндемин. Ал кезде ашкана тартпай, эттерди илип койчу. Тура калып, кайнагам айтты:

– Кокуй, Током келиптир. Алып кел бир койду!

– Ой олтур, иним, Алымкулдун эмнесисиң, – деди Током.

– Агасымын.

– Сен агасы болсоң жылкынын эти илинип турат, коюңду кой. Алымкул кайда? – деп сурады.

– Таласта Тоокун деген казак кантондун баштыгы экен, ошол алдырып кетти, – деди.

– Ата! – деп катуу кейиди. – Балама келдим эле го. Пишпекке кетип бара жаттым эле, баламды ала кетейин дедим эле, жок болуп калганын карачы, эмесе кетели, – деди.

Болбой жатып олтургузуп, чай бердик. Чай ичип алып, чертмегин алып ырдады.

Кетментөбө, Таластын,

Арасы алыс жол экен,

Мен аралап келдим эңиштеп.

Алып кетем дегенсип,

Алымкул балам сени издеп, –

деп көп айтты эле, калганын унутуп калыптырмын.

Алымкул үсөнбаев кыргыз адабиятында өчпөс из калтырды. Анын оозунан «Кожожаш», «Саринжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан» элдик эпостору жазылып алынган. Турмуш агымына арнап жазган Алыкемдин ырлары менен поэ­малары кыргыз поэзиясынын текчесинен өз ордун ээледи.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

19-04-2011
Жомоктор топтому
90217

18-04-2011
Жомокчу
74029

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×