Добавить статью
6:53, 22 марта 2011 15477

Комузчу

Автор: АКМАТААЛЫ

аКМАТААЛЫ Кочкор аймагынан чыккан көп залкар күүлөрдүн ээси Самсаалы менен аңгемелешип отуруп:

– Көл тараптагы комузчулардын мыктыларынан кимди билесиз? – деп сурасам, ал токтолбой эле:

– Акматаалы Моңолдор уулу. Балыкчыда турат, үйүбазардын жанында, кара күүнүтаасын чертет. Чоң комузчу! Ушул кишинин күүлөрүжазылып алынса, элибиздин чоң байлыгы болот, айлана­йын балам! – деди жайкалган сакалын сылап.

Карыянын кеңешин уккан соң, комузчу Акматаалыга кездешүүмаксатында Балыкчыга атайы­лап барып калдым. Машинадан түшүп, «базардын жанында» деген сөз боюнча, үй жанында отурган бир кыргыз аялдан сурасам:

– Ал киши азыр эле тээтиги үйгө кирип кетти, – деп сөөмөйүменен бир үйдүкөрсөттү. Айткан үйгө кирип барсам, жаңы эле көчүк басып отуруп жаткан экен. Ал жерден эсендешип, издеп келгендигим тууралуу айттым.

Бул сөздүуккандан соң карыя мага мээримдүүкарады да:

– Анда эмесе, биздин үйгө жүр! Биз шаардын төш жагына көчүп кеткенбиз. Жолугуп калганыбыз ырас болбодубу, – деди.

– Мен сизди Фрунзеге алып кеткени келдим. Күүлөрүңүздүрадиого жаздырыңыз.

– Рахмат, айланайын. Шаарда кыз-күйөөм бар. Адресиңди калтырып кет. Эки-үч күндө өзүм барамын...

Айтканындай эки-үч күн өтпөй Акматаалы карыя келгендигин күйөө баласы келип кабарлады.

 Акматаалыны республикалык радионун музыкалык редакциясына алып келдик. Ошентип, Акматаалы Моңолдор уулунан тандалып отуз эки залкар күүжазылып алынды. Булар «Такмаза», «Кер толгоо», «Жаа толгоо», «Сур толгоо», «Кен күңгөй», «Жетим бала», «Чок кербез», «Жаш кербез», «Сейитбек», «Төрөкелди кулунум», «Калмак күү», «өрттөм-Музарт», «Булбул», «Көкөй кести», «Жаңы камбаркан», «Шаңдуу ботой», «Жаңы ботой», «Бала ботой» жана башка күүлөр эле. Бул күүлөрдүн көпчүлүгүэлдики. Муну менен бирге, анын чебер аткаруусунда Абактын, Серкебайдын, Муратаа­лынын жана ошондой эле өзүнүн чыгарган күүлөрүда бар. Бул күүлөр турмуштун ширесине каныккан, таза, терең философиялык ойлорго бай, тунук жүрөктөн сызылып чыккан кайталангыс музыка…

Бир күнүэртең менен карыяга жолугуш үчүн үйүнө барсам, ачык терезеден (жайдын күнүэле) «Насыйкаттын» мукам үнүмиң кубулуп чыгып жатканы угулду. Экөөбүз көпкө олтуруп маектештик.

– Ия, балам, беш чоң күүжазылбай калган турбайбы!

– Кайсы, кайсы?..

– «Абышканын арманы», «Курманбек», «Тайбаланын дас­торкон», «Бекарстан Ташы». Мына эми ар бирин чертип берейин, угуп тур, балам...

Кубулган күүартынан күүлөрдүн коңур үнүжүрөктүкытыгылап, көңүлдүэргитип жатты.

– Буларды жаздырып кетпесеңиз болбойт, ата?

– Балам, эмки келиште. Бул шаарга көп келем. Тогуз жолдун тоомундабыз. Автобуз көп...

– Анда эмесе, бул күүлөрдө эмне окуя айтылаарын айтып берсеңиз?

– Байыркы заманда Тайбала деген калмак кыз чабыктан колго түшөт. Тайбаланы Чолпонбай деген киши алат. Кыз күң болуп келгени менен акылдуу болгондуктан, бат эле эл ичинде кадыр-баркка жетишет. Тайбала көз жарып, бала көрөт. Чолпонбай дүйнөдөн кайтат. Жаш сулуу келин Тайбаланы зордоп аялдыкка алууну көздөгөндөр көп болот. Бирок Тайбала терс жооп берет. Мына ошондуктан бир кара ниет киши: «Мага тийбесең мына!» – деп түнүндө келип, баласын эмизип уктап жаткан Тайбаланын оозуна бир кап унду бастырып коюп кете берет. Ушинтип Тайбала адилетсиз канкордун колунан каза табат.

– Ата, ал эми «Бекарстандачы?..»

– Ош тараптагыларда «Бекарстан» күүсүн бири-биринен айырмалап эки-үч күүкылып чертишет экен. «Бекарстан» уламышын ар кандай кылып айтып жүрөт. Менин укканым бул: байыркы өткөн заманда Бекарстан Ташы деген жигиттен Махтым кыз түнүндө качып кетет. Эртең менен иниси үйгө кирип караса, түнүндө Ташыны кыз Махтым шарап ичирип мас кылып, бокчону кучактатып, оозуна иттин өпкөсүн, колуна жүрөгүн карматып коюп, өзүнүн мурдатан антташып, сөз берип жүргөн жигити менен качып кетиптир. Иниси агасынын кандай абалда жатканын көргөндө комуздун күүсүменен төмөнкүчө:

Оозуңдагы өпкөдүр – Ташы,

Колуңдагы колкодур – Ташы.

Кучагыңда бокчодур – Ташы,

Ошентип шарап ичкенче – Ташы,

Атаңдын канын ичсеңчи – Ташы... –

деп айттыртып, агасын комуз менен ойготот.

Ташы чочуп ойгонсо, колуктусу жок. Окуянын жагдайына түшүнгөндөн кийин, ыргып атына минип, артынан кууп жөнөйт. Махтым чоң суунун өйүзүнө өтүп кетиптир. Артынан кууса, куугунчуларды атышып, жакын жолотушпайт. Ошондо Ташынын иниси суунун берки өйүзүндө туруп, качкан Махтымга: «Сен жаманга тийдиң беле?» – деп комуз менен төмөнкүчө сүйлөтөт:

Ташыдан Ташы, Бекарстан – Ташы,

Бексаргыл минген Бекарстан – Ташы.

Чынсаргыл минген чын Арстан – Ташы,

Ташы до болсо миң журттун башы.

Күйдүм бир күйдүм, нелерден күйдүм,

Калемпир мончок таккандан күйдүм.

Карабай кашын каккандан күйдүм,

Уктабай көзүн сүзгөндөн күйдүм.

Урушпай күдөр үзгөндөн күйдүм... –

деп ырдап, Акматаалы карыя мага карап, жылмайып койду.

– Эмне себептен «өрттөм-Музарт» деп аталган?

– Бала кезим, бир үйдө Боккөтөн деген атактуу комузчу, кара киши экен, өрттөм-Музартта башыма күн тууп турганда черткен күүм деп черткен.

– Башыма күн тууп дегени эмнеси. Босогодо олтурабыз. Ошондо алып калгам.

Баса Акшыйрак тарапта өрттөммузарт деген ашуу бел бар.

Акматаалыга акыркы ирет, 1964-жылы октябрь айында Балыкчы шаарында үйүнөн кездештим.

Карыя коштошоор алдында:

– Күүлөрүмдүн баары жаңырып, башкача чыгып калды. Анын үстүнө бир топ жаңы күүлөр чыгардым. Күүлөрдүкайта башынан жакшы комуз менен жаздырсам болот эле, – деди.

Күндөрдүн биринде Балыкчыга, Акматаалы карыяга атайлап барайын деп жатып, кокустан күйөө баласын кезиктирдим. Комузчу Акматаалы 1964-жылдын 27-декабрында 85 жаш курагында дүйнөдөн көчкөндүгүн, ошондон бир күн мурда: «Мени Фрунзеге жибергиле!» – деп, уулуна акыркы өтүнүчүн айткандыгын уктум.

Көрүнүктүүкомузчу Акматаалы Моңолдор уулу Тоң районунун Дөңталаа деген жеринде төрөлгөн. Жерден боорун көтөргөндөн баштап, жаш жеткинчектин музыкага кызыгуусу ойгонот. Атасы Моңолдор «Сур толгоо», «Такмаза» деген күүлөрдүчыгарган, өз доорунун чоң комузчуларынын бири болгон. Ал дайыма залкар күүлөрдүн бардыгын өз атам Моңолдордон үйрөнгөм деп айта турган. Ооба, анын өмүр бою чексиз сүйгөн кесиби комузчулук эле. Бул кесибин акыркы деми чыкканга чейин таштаган эмес.

Комузчу Акматаалы өмүрүнүн акыркы жылдарында бир катар күүлөрдүчыгарган. Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиев менен Дүйшөнкул Шопоковдун эрдигине арнаган, ошондой эле «Алатоо» жана башка күүлөрү– мазмунунун тереңдиги, өтө дасыккан чеберчилиги менен өзгө­чөлөнөт.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×