Добавить статью
6:59, 22 марта 2011 33227

Кыякчы

Автор: САИД

Саид Күндөрдүн биринде кыякчы Саид аке «Жаш Ленинчи» журналынын редакциясына келип калды. Колунда кыягы бар экен. Саид аке менен чогуу сүрөткө түштүк.

– Саид аке, бала-чакаңыз менен жалпы-жайык эсенчиликте турасыздарбы? Ден соолугуңуз түзүкпү? Пенсияга чыкканыңызга көп болду го? – деп сурап калды журналдын редактору акын Смар Шимеев.

– үй-бүлө жакшы, ден соолук деле түзүк. Азыр иштеп жүрөм, Смаке. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында Карамолдо комуздан, мен кыяктан сабак беребиз.

 – Оо, өнөрүңүздүжеткинчектерге калтырып жатканы­ңыздар жакшы кеп! Балдардан кыякты түзүк тарткандар барбы?

– Көбүэле шыктуу. Муратаалы акенин небереси Толтой жакшы кыякчы болот го деген үмүтүм бар. Мукем чоң кыякчы эле, кайран киши. А кишеден да азыраак таалим алдык... – деп Саид аке сөздөн сөз чыгып, өнөрпоздордун олимпиадасына келгендигин, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасына катышкандыгын айтып өттү.

– Эми кыягыңызды тартыңыз, Саид аке! – деди Смар.

Саид кыягын толгоп, күүлөдүда: «Кара башыл ак токту» – деп тартты.

– «Кара башыл ак токту» – деп эмне үчүн айтылып калган, бизге түшүндүрүп койсоңуз? – деп Смар суроо койду.

– «Кара башыл ак токту» – деп сүйлөй баштады Саид аке, – бир аял кой кайтарып жүрсө, коюна карышкыр тиет. Койчунун коюн быт-чыт кылып, дүргүткөнүнөн караса, белгилүүкара башыл ак токтуну сүйрөй качыптыр. үйдөгүлөр койго карышкыр тийгенин көрүп:

– Ой, кой аманбы? – десе, баягы кой кайтарган:

– Ой, кара башыл ак токту, ак токтуну жеп кетти! – деп кыйкырыптыр. Ошондо элдик күүболуп комуз, кыякка түшүп калат. Эми, балдар, атайын келгенден кийин бир-эки күүтартып берейин, өкүттө каласыңар.

– Ырас, ырас тартыңыз! – деп сурап калды журналист Жумабек Кыдырмышев.

– Бул «Бургуй» деген күү.

– Бургуй деген ким өзү? – деп айтып калды олтургандардын бирөө.

– Бир айылдан чыккан Бургуй деген баатыр экен.

Карагай башы коо келет, Бургуй,

Кылкылдап канча жоо келет, Бургуй.

Кызылжар башы зоо келет, Бургуй,

Кыргызды көздөй жоо келет, Бургуй.

Байлануу турат тулпарың, Бургуй,

Тулпарыңды минсеңчи, Бургуй.

Жоо-жарагың кийсеңчи, Бургуй,

Жоонун жайын билсеңчи, Бургуй.

Түпөктүүнайза колуңда, Бургуй,

Жоо кийимиң жонуңда, Бургуй.

Алдынан тосуп бара көр, Бургуй,

Ач кыйкырык сала көр, Бургуй.

Ошондо Бургуй ойгонуп, келген жоонун алдынан тосуп барып жоо менен сайышып, жоону алган экен.

– Дагы тартыңыз, Саид аке! – деди күүгө бою жазылып Смар аке.

– Бу күү«Куу инген» делинет. Илгери бирөөнүн төөсүбар экен. Бир канча жылы туубай койгондуктан, «Куу инген» деп ат коёт. Куу инген картайганда тууп, ботосун телчитип, ээрчитип жүргөндө бир топ кербен келиптир. Кербендин жүк жүктөгөн төөсүөлүп калганбы, каалаганыңча пул берейин деп, куу ингенди сатып алышат. Ботосу боздоп мында калып, Куу инген боздоп кербенге кетет. Арасы бир айлыкпы, эки айлыкпы жол экен, жерине жеткенден кийин Куу инген ботосуна качып келип, ботосун таап тынчып калат. Ошонун качып кеткендигин мурунку комузчу, кыякчылар ата-бабабыздын «Куу ингени» деп күүчыгарышкан.

Качып келе жатканда Куу ингендин айтканы:

Калайлуу жүгөн каттырып,

Калы килем жаптырып,

Ээрчитпедим ботойду.

Ак жоолукту салынып1,

Телчитпедим ботойду.

Төрт эмчегим тирсийтип,

Эмизбедим ботойду.

Жардын башын кыдыртып,

Талдын башын сыдыртып

Ээрчитпедим ботойду.

Мен ботоюма барайын,

Ботоюма мен барып,

Жытын жыттап,

Моокумдан канайын!..

Ошентип Куу инген ботоюн аман көрүптүр, – деп карыялар ырдап олтурчу эле. «Куу инген» замандан-заманга, баладан-балага калып атак болуп келатат.

– Эми күүсүн Саид аке!..

– «Паризат» деген күү. «Паризатты» Нармат кыякчы чыгарган. Сулайман деген дүнүйөнүн күчүмерген кызды алып койгон. Нармат болсо, сүйгөнүнө жетпей калганына күйүт­төнүп, Аваз кыздын атын Паризат коюп алып, барган жеринде «Паризат» күүсүн муңкантып ырдайт.

Бул «Бекарстан Тайчы» деген күү. Тайчи деген калмак болот.

Махтымдын чачы кырк кулач, Тайчи.

Жазданып жатсаң жан куунайт, Тайчи, –

деген ыр бар.

Илгери бир өткөн заманда жоо басып киргенде, Махтым кыз эркекче кийинип, колуна жарак-жабдык алып, душман менен салгылашып жүргөндө калпагы түшүп, чачы жазылып кетип, аттын бутуна оролуп калып калмак тутуп алган экен.

Ушинтип чабыкта калмактын колуна түшүп кеткен Махтым, калмактын кол башчысы Ташыны түнүндө мас кылып, бээнин жалынан, куйругунан алдына төшөп, кишидей кылып бир нерсени кучактатып коёт. Эзилип жүргөн Арбанкул менен Тарбанкулду ээрчитип алып, малын талаага калтырып, кыргызды көздөй качат.

Эртең менен түндүгүтартылбай турганда Бекарстандын иниси Чынарстан:

– Бул эмне түндүгүтартылбай турат? – деп келет.

Бекарстандын койнундагы таңылчакты, мойнуна байланган тору айгырдын жалын көрүп ойготсо, ойгонбойт.

Ташыдан Ташы, Бекарстан Ташы,

Мойнуңдагы оролгон, Ташы,

Тору айгырдын жалыдыр, Ташы.

Койнуңдагы бокчодур1, Ташы,

Уктап жатып аласың, Ташы,

Койнуңда жаткан жар кана, Ташы,

Арак менен бороку2 ичесиң, Ташы.

Алган жардан кечесиң, Ташы,

Койнуңда жаткан жар кайда, Ташы,

Жайылып жаткан мал кайда, Ташы.

Арбанкул менен Тарбанкул,

Малды баккан кул кайда, Ташы,

Арак ичпей, каныңды ич, Ташы! –

деп жаактан ары бир салып, ойготкон экен. Бекеринен күүчыкпайт эмеспи. Атаңдын көрүай, кайран сөздөр. Балан-түлөн деп эле айтып атаар эле.

– Дагы Саид аке!..

– Эмки күү«Курманбек».

Барсаң салам айта бар энебизге,

Эне сүтүжайылган денебизге.

Барсаң салам айта бар атабызга,

Сураганда бербеген Телторусун,

Минип алып тойлорго той-тойлосун,

Курманбегим өлдүдеп...

Курманбектин балдызынын кошогу:

Жийденин гүлү, эжекем,

Жигиттин гүлү, жездекем.

Алманын гүлү, эжекем,

Адамдын гүлү, жездекем.

Зор өтүгүң жыртылды,

Таманынан жездекем.

Колго түшүп атынын,

Жаманынан жездекем, –

деп «Курманбекти» тартты.

Эми «Ак барак ботом» күүсүн тартып берейин. Бала торпоктун куйругун кармап, токтото албай көлгө түшүп кетет.

Керегенин саканак ботом,

Кеңешке тууган Акбарак, ботом,

Жайлоо бир үйдүн саканак, ботом,

Жалгызга тууган Акбарак, ботом.

Көкөлөп учкан күйкөнөк, ботом,

Күйдүргүбала Акбарак, ботом.

Атаны кокуй кулунум, ботом,

Карааның көрбөй курудум, ботом.

Көл жээгинде улудум, ботом,

Бошотуп кеттиң муунуму, ботом.

Мындан кийин Саид аке:

Ат бастырып айылга,

Келбеген жигит бери чык.

Ак жоолукту көргөндө,

Дегдеген жигит бери чык.

Оромолду бош байлап,

Опомпош селки бери чык.

О жигитти көргөндө

Буралган селки,

Керилген селки бери чык.

Адырдын кызыл гүлүндөй,

Ачылган селки бери чык.

Күңгөйдүн кызыл гүлүндөй,

Кулпунган селки бери чык, –

деп үнүн миң кубултуп кыяк менен ырдап берди.

– Ырахмат, Саид аке, – деп алкышыбызды айттык.

Кыякчы Саид Бекмуратов 1901-жылы туулган. Саид менен кийин маектешип, тааныш боло баштадым.

– Кыякты кармап, тартып жүргөн кезде, Карасуу районунда Асанбай деген кыякчы болоор эле. А киши кыякка үнүн кошуп, коңур ырдоочу. Карасуудан Назыбай акын чыккан. Мен ошо Асанбай кыякчыдан көп таалим, кылкыяктын ыкмасын, күүлөрүн алып калдым, – деп айтуучу.

Саид аке кара тору, бети жайык, кара каш, чоң кара мурутун бурап-бурап койчу эле.

Ал киши какшык, тамаша сөздүкөп билчүэмес. Саал тестеңки, өтө тамашаны сүйбөгөн өзүнчө мүнөздүүкиши эле.

Саид аксакал дайым гимнастерка кийип, кур курчанчу. Каршы-терши саймасы бар көйнөктүн этегин шымдабай ачып коюп, өтүкчөн жүрчү.

Маектешкенде кезек-кезек мага сырын айтып калчу. Кээде кыягын алып мага толгоп берчү. Кыягын тартып туруп:

– Мынабу күйгөндүн күүсү, бу Кедейбайдын күүсү, ылдыйраак ушул жерден келет экен, – деп тартып, басканын көрсөтүп. – Сен үзбөй келип тур, колумду колуңа байласам да үйрөтөмүн. Бир-эки күүбилип алсаң карыганда эрмек болот. Сен кыякчы боло турган мүнөзүң бар, – деп бир кыягын мага белекке берди.

Бирок Саид акенин сөзүнө көп назар салбай жүрүп, кыяк үйрөнбөй калдым.

Муратаалыдан кийин кыяктын атагын чыгарып, элге жайган Саид болгон. Ал «Топ жылкы», «Тизгин күү», «Багылдыр тоо» деген сыяктуу бир катар кыяк күүлөрүнө мыкты эле.

Кыякчы Саид Бекмуратов Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясында пенсияга чыкканга чейин үзүрлүүэмгектенди.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×