Добавить статью
7:11, 22 марта 2011 19402

Комузчу

Автор: УСУП

Усуп Атактуу комузчу Ыбырай Туманов күүлөрүн жаздырып, көл­дөгүүйүнө жөнөөр алдында:

– Карамолдонун иниси Усуп да чоң комузчу. Эптеп тың кезинде жаздыргыла.  Эскерте  кетейин:

Жылуулукта алып келгиле!  – деп өтүнүчүн айткан эле.

Шаарда Карамолдо комузчунун үйүнө барып, Усуптун уулу Кийикбайга кездешип:

– Атаң шаарга келип калса, унутпай мага кабар берип кой! – деп эскерттим.

1962-жылдын май айы эле. Күн­дөрдүн биринде Кийикбай келип:

– Атам келди! Карамолдо атамдын кызы ооруп, ооруканада эле, көрөйүн деп келиптир... – деди.

Заматта жеттик. Карыя короодо, эшик алдында олтургучта олтуруптур. Учураштык. Ак сакал, сабырдуу, момун киши экен.

– Сиздин күүлөрдүрадиого жазып алалы, – деп баштадым сөзүмдү.

– Жаздырбаймын, балам. Молдокем болгон. Мен Молдокемен жол талашпаймын, – деп койду.

– Молдокем черткен күүлөр толук жазылбай калбадыбы! Ошол бөксөөсүн толтуруңуз. Черткен күүлөрүңүздүн баарын эле Молдокемдики деп айтыңыз, – деп жагдайдын баарын айтып жатып, араң ынандырдым.

Студияга заявка бердирип, эки-үч күндөн кийин жаздырдык.

Комузчу Чалагыз Иманкулов эки комузун таптап, койдун кылын тагып, көтөрүп алып, Усуп карыяны студияга ээрчитип келди. Бир күнүжыйырмадан ашуун күүчертип берди.

Эртеси Чалагыздын эки комузун тең кимдир бирөөлөр сурап кетиптир. Усуп карыя комуз таппай, Осмонкул ырчынын комузу менен он чактыдан ашуунду чертти.

– Бул комуз оңдуу сүйлөбөйт экен. Айылда Молдокемдин өз комузу бар. Эмки келишимде ала келип, ошол комуз менен күүберейин, – деди.

Биз да бул пикирди туура таптык.

Мындан чыгып, Журналисттер союзунун клубунда, журналисттер менен болгон жолугушууда күүкайрып берди. Ки­йик­байдын үйүнө келдик. Усуп карыя суроо бермейин, өз алдынча сүйлөбөгөн адам экен.

– Молдокемдин «Сыздат» деген күүсүэмне үчүн минтип аталган?

– Молдокем бул күүнүэлге чертип жатса, олтурган көпчүлүктүн ичинен бирөө:

– Дагы сыздата түш! Сыздата көр! – деген экен, үнүн катуу чыгарып. Ошондон улам эл:

– Баягы «Сыздатты» чертип берчи? – деп суранып жүрүп, «Сыздат» аталып кеткен экен...

Арадан бир топ жылдар өттү. Усуп карыянын келгенин дагы балдары кабарлашты. Бирок чоң өкүнүчкө туш келдик, анткени Усуп атанын кулагы жакшы укпай калыптыр.

Ошол кезде Оштон Асанбай чоорчу да келген эле. Асанбай менен Усуп эки карыяны Гапар Айтиев агага ээрчитип бардым.

Гапар ага Тюрин, Трусовский деген сүрөтчүлөргө эки карыянын портретин тартууну табыштады.

Асанбай чоорчуга чоор тарттырып, Усупту жанына олтургузуп, тартып жатышты.

Трусовскийдин тартканы негедир оңдуу чыкпады.

Тюрин күчкө толуп турган сүрөтчүэкен, кудум өзүндөй кылып тартып койду.

Кийин бул сүрөт Тюриндин чыгармачылыгына арналган көргөзмөгө илинди.

1971-жылы апрель айында Түпкө баратып, Усуп атаны эстеп, Корумду айылына түшүп калдым.

Усуп ата үй-бүлөсүменен эсепчиликте экен.

– Таржымалыңызды жазып алайын деп кайрылдым, ата! – дедим.

Усуп ата мээримдүүжылмайып койду да, кыскача сөз баштады:

– Молдокем менден үч жаш улуу эле. Жетимиш сегиз жашында өлдү.

Мен сексен үч жаштамын.

Кичине кезибизде ойноп эле жүрдүк. Комуз чертип, кыяк тарттык. Молдокем мылтык атты, куш салды.

Энебиздин аты Кенжетай – чоң сары чийкил, Ороз кызылдуу, чокчо сакалы бар орто киши болучу. Бир топ күүчертчү. үйдө комуз турчу. Тээ жабыкка илип коюп, кетип калуучу. Ошону чертип үйрөндүк.

– Тийбегиле, атаң сүйлөнөт, – дечүэнебиз. Бир чыбыкты алып келип, илип алып чертип, кайра илип койчубуз. Карамолдо (чыныгы аты Токтомамбет) он сегизден он тогуз жашында атка минип, элге-журтка комузчу болуп кетти.

үркүндө Какшаалдын башынан (Жаңыл мырза үчүке-Түлкүнүатып өлтүргөн жерден) кайра тартып, Атбашыда, Нарында турдук.

Карамолдо Нарындан Шаарбүбүгө үйлөндү. Кайтып, Корумдуга көчүп келдик. Бир атадан үч кыз, эки эркек элек (үмүт, Токтомамбет, Усуп, Калый, Байра) тирүүдөн бирөө калды. Эң кичүүкарындашым Байра Таштакта турат, – деп кыскача баян этти.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

12-02-2014
Кыргыз көчү
7219

28-12-2013
Кечиккен аңкоолук
8757

07-08-2013
Улуу Көтөрүлүштүн бир тирүү тарыхый инсаны
12374

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×