Добавить статью
7:28, 24 марта 2011 42033

Акын

Автор: ОСМОНКУЛ

Осмонкул Кыркынчы жылдары. Дөңарыкка артисттер келип калды. Айыл түп көтөрө колхоздун клубуна чогулду. Ошондо Осмонкул акынды биринчи ирет көрүшүм. Осокем орто бойлуу, толмоч, курсактуураак келген, буудай өңдүүбоз киши экен.

Акын эл менен учурашып, үл­гүлүүиштегендердин жана активдердин кыял-жоруктарын куп келиштире төгүп ырдады. Ырынын аяк жагында өмүр, карылык жөнүндө сабап ырдаганда:

– Кайран киши! – деп көзүнө жаш алган кемпирлер да болду.

Кийин шаардан окуп, иштеп калганда Осокем менен таанышып, маектешип жүрдүк.

Күндөрдүн биринде барып калсам:

– Кел уулум, кел! Төргө өт, сейрек келчүболдуң го. Деги бир жумуштап келгенсиң го, – деди Осокем тегин келбегенимди сезгендей.

Осокем өткөн-кеткенден кеп салды. Бир топтон соң өзүменен замандаш болгон залкар таланттар жөнүндө айтып берүүсүн өтүндүм.

– Кимди айтып берейин? – деп калды.

– Муратаалы, Карамолдо, Шаршен... баары эле керек. Алды менен Шаршенди айтсаңыз?

– Термечик уулу Шаршен куудул, ал тургай акындыгы да бар эле. Эки кылдуу домбура, комуз да чертчү, обондору да бар болчу.

Шакем кара сөздүделе адам укпаган балакет обонго салып ырдоочу. өнөрүн кийин-кийин байкасак, барып турган чоң куудул экен.

«Ажынын азабы» деген ыры боло турган. Ыры кара сөздөй эле угулчу. Ошо Ажы деген кишиден бала кезинде келтек жеп, ыза көргөнбү, ким билет. Домбурасын колуна алып, шарты келип калган жерде ошону ырдоочу:

Ажы мени камчы менен сабады,

Жарылып жонум канады.

Ажы ажыдаардай көрүнүп,

Ажынын жаман болчу кабагы.

Ажы мени караңгы тамга камаган,

Ажы мени темир менен чапкан.

Ажынын кылган иштери,

Сөөгүмө баткан.

Ошондо мени

Бармактай чаян чаккан.

Ушул «Ажынын азабын» ырдаганда күлбөгөн эл калбас эле.

– Шакемдин бой-келбетин дагы айта кетсеңиз, ата?

– Шаршендин өңү-түсү, кебете-кешпири, адамдан бөлөк эле. Бойлуу, жоонураак, мурду барбайган, шишимик көз, эки ийнине эки жигит конгондой, саал бука моюн келген, кара тору киши эле.

Шаршен кырк сегизинде, Атай кырк тогузунда, Муса кырк төртүндө көз жумду. өмүрлөрүкелте экен.

– Шакемди кошкон ырыңыз эсиңизде барбы?

– Оо, Шакемдин кабарын,

Кыргыз-казак укту эле.

Куудул жакка мыкты эле,

Шакем, алтымыш жашка жеткен жок,

Элүүжаштан өткөн жок.

Жаңы эле кырк сегиз жашка чыкты эле.

Шаршен барган жеринде,

Калың элди күлдүргөн.

өнөрүн элге сүйдүргөн

Мен Осмонкул агасы,

Шаршен менен бир жүргөм.

Эр-аялды каткыртып,

Шакем ичегисин түйдүргөн, –

деп ушул сыяктуу кошком. Шакем өтө шайыр, тамашакөй, алыш-беришинде да убадасы шыр, өзүалынын келишинче казан-аштуу киши эле.

Сахнага чыгып чындап ойногондо, өтө күлкүчүл кишилер боору катып, көзүнөн жашы агып калчу.

– Карамолдо жөнүндө бир-эки сөз айтсаңыз?..

– Комуздун атасы Карамолдодон мурда Муратаалы эле. Жаш кезинде чоор да тартчу экен... Карамолдо күүнүтак баскан, кайнап чыгып жаткан күүгө дыйкан эле. Тегерек көз, чокчо сакал, жапалдаш бойлуу, дунган муруттанган, кара тору, сөзгө анча бай киши эмес эле.

Артистке келип, кошулган соң Молдокем менен сыр алышып, анын чоң комузчулугун сездим. Айылга чыгып калган кезде жаш комузчулар Молдокемдин жанынан чыкпай, а киши күүчерткен сайын энесине ыктаган кулундай кулагын салып, зээнин коюп олтурушчу.

Ал киши күүгө көп кызганыч эмес болчу. «өнөрүң болсо өргө чап» деген балдар, күүлөрүбүздөн алып калгыла, биз да картайып баратабыз. Карамолдонун күүсүдеп черте жүрсөңөр кыргыз элине мурас эмеспи дечү.

Молдокемдин кулк-мүнөзүөзүнчө башка өнөрпоздордон айырмаланып турчу. Чукулап сурамайынча оңой менен сүйлөчүэмес. Шаттанып турганда кезек-кезек борс-борс күлүп коёр эле.

– Ыбырай комузчу туурасында пикириңизди билгибиз келет?

– Ыбырай артистке келгенден кийин тааныштым. Кепке нокок, зымдын кара ташындай болуп, өзүнчө бир зымпыйган киши эле.

– Ыбыке, баланча сөздөн баштаңыз, кандай жигиттик доор­ду сүрдүңүз эле деп, – андан бирдемени сурасаң, анан барып оозу кыбыроочу.

– Агабыз Жолбундан комуз үйрөнүп алдым. Тумандын уулу Ыбырай комузчу болуптур дешип, той берген жерлерде комуз чертип берип, баркым угулуп калган кез эле. Артистке келгенден кийин бир топ комузчулар күүалышып, «Камбаркан», «Кер толгоо», «Салмоюн» өңдүүкүүлөрдүчертип жүрдүм. Ки­йин өзүмчө «Жаш тилекти», Пишпектен паровозду биринчи көрүп, «Паровозду», Кеңеш өкмөтүэлге укук бергенде «Кеңешти», колхоз уюштурулганда «Колхоз куралын», согуш басылып, жеңиш биздики болгондо «Жеңишти», жайдын толук кезинде жайлоого барып «Жашыл жайлоо – мал семиз» менен «Таң атаардын боз салкыны» ушу сыяктуу бир топ күүчыгардым, – деп коёр эле.

Чындыгы Ыбырай терип кайырганга өтө чебер болчу. Ыбыкем чертип турганда оң колуна караганда кылды басып жаткан сол колунда да кеп бар эле. Оң колун ойнотуп туруп, анан көтөрө берип, сол колу менен бир топ күүнүкайрып кеткеничи.

Биздин эки же болбосо үч манжабыз бириккенде анын бир манжасына зорго тең келүүчү. Чертип жатканда: «Капырай, ортону же сөөмөйүменен үч кылды бир эле басып коёт го», – деп ойлочу элем. Жок, антип үч кылды бир баспай эле күүнүн агымына жана кайрылышына карай төрт манжасын төрт бөлөк иштетип, үч кылдан түркүн үн чыгарчу. Мүнөзүбала кыял эле. Ыбыкем «Жаш тилек» деген күүнүчыгарганда мындайча ырдаган:

Тумандын уулу Ыбырай,

«Жаш тилек» деген күүтапкан.

Бир койдун кылын бүт таккан,

Сыдырып көрүп, жүз таккан,

Көп комузга сынтаккан,

Тумандын уулу Ыбырай,

«Жаш тилекке» келгенде,

Тепкенин жогор жагына

Тегирмендей чоң колду,

Тегеретип бир чапкан

Мындай күүнүким тапкан? –

деп ырдап койсом, Ыбыкем мага карап:

– Ой, баракелде, Осмонкул акынсың да, «Жаш тилекке» айткан бир куплет ырың жүз куплет ырга татыктуу болду, – деп ушунчалык ыраазы болгон.

– Муса Баетовчу?..

– Бийик десе бийик, жапыс десе жапыс чыгарып, өтө кооз­доп, мукам үн менен ырдаганда Мусанын обонуна берилбеген эркек-аял калчу эмес. «Ой, баракелде ырдаганын!» – дешип келин-кыздар тамшанып, шилекейин үч кайра улутунуп жутчу. Муса обондун атасы болучу.

Ырдаганда тамагы бүлкүлдөп, көмөкөйүтүшө калчу, Төтөн «Даанышманды» созолонткондо үнүжата калып, көгөндүн канатындай дирил кагып, кары-картаңды оор күрсүнтүп, жаштыгын эсине салчу. Муса «Ойгономду» комуз, «Сагынамды» гармошка менен шаңдана ырдаганда угуп турган элди толкундатып, шаттыкка бөлөөчү. «Добушуңдан айлананайын, Муса!» – дешип залдан кыйкыргандар да болучу.

Мына, Мусанын өзгөчөлүгү! Атайдын «Эсимдесин», Абдырашиттин «Түшүмдөсүн», Токтогулдун «Туткун ырын» (обону Мусаныкы) ырдап турганда ээсинен эки эсе ашырчу десек апырткандык болбойт.

Акын өзгөлөрдүкөтөрө чалып, акыйкат сөзүн айтып, өзүнө келгенде кепти тайсалдатып, башкага буруп кетти. өзүнүн кантип акын болгонун нечен курдай ичмектесем да чаргытып койгон күндөрүболду. Ал жөнүндө башкалардан сурап билдим.

Акын жөнүндө комузчу Шекербек Шеркулов төмөнкүдөй эскерет:

– Токмок шаарына 1935-жылы октябрь айында Бөлөбалаев Осмонкул баш болуп, Термечиков Шаршен, Туманов Ыбырай, Орозов Карамолдо, Актан Тыныбеков, аксакалы Күрөңкөев Муратаалы оюн коюп барып калышты.

Артисттер келди, оюн коёт экен дегенде ошо жерден угуп, сурамжылап барсам, артисттер Алымжан акенин чайханасында олтуруптур. Ошо жерден бардыгына учураштым:

– Быйыл өткөн жайда биз Таласка барганда бу Шекербек инимди комуз черттирип, концертке чыгардык эле. Комузду жакшы чертет. Бүгүн дагы Шекербек инимди концертке чыгар, бир-эки күүжазып кой номурга, – деп Осмонкул Адамкалыйга айтып калды.

Шаардын ичинде эки жүз кишилик чакан оюн коюучу клуб бар экен. Ошого концерт коюшту. Эң алды менен Осмонкул аксакал эл менен учурашты. Сахнага чыгып мен да «Чоң камбаркан», «Карөзгөй» деген күүнүчертип бердим.

Келип калдык туугандар,

Атактуу Токмок шаарына.

Учурашып алайын,

Ушул элдин баарына.

Чуркай турган буудандын,

Басайын камчы санына.

Эркек-аял, кары-жаш,

Кубат берсин жаныңа.

Осмонкул ырчы деп айтып,

Кыргызга кеткен кабарым.

Дагы айтамын кары-жаш,

Жаныңдын тиле аманын.

Акын болуп калган соң,

Айтуудан кантип танамын.

Айта турган ырымды,

Ак калпак элге жаямын, –

деп ушул сыяктуу жамак менен кырк элүүмүнөт сабады. Андан кийин Молдобасан аксакал «Манаска» кирип, «Чоң казаттан» жарым сааттай төктү. Байбатыров Адамкалый гармошкасы менен өзбекче бир ыр ырдап, Термечиков Шаршен жетим кезинен баштап, өз сырын айтып, Тыныбеков Актан Боккөтөн комузчунун «Жетим бала» деген күүсүн аткарды.

1936-жылы күзүндө артистке кирип, ошондон тартып Осмонкул акын менен оюн коюп, Кыргызстанды кыдырып, бирге иштеп жүрдүм. Осмонкул акын Токтогул сыяктуу кишинин көңүлүн калтырбаган, карыга да, жашка да айылдаш жүргөн немедей теңтуш катары сүйлөшүп, ойлогон оюңду таап айтчу. Кишинин кулк-мүнөзүн, ой-пикирин билип ырдоочу. Ал кезде Осмонкул акынды кыргыздын булбулу деп коюшчу. Менимче, булбул деген атка Осмонкул татыктуу акын эле.

Бала кыял, өзүэлге сүйкүмдүү, өтө көркөмдүүкиши эле. Колхоз, совхозго чыгып, оюн коюп жүргөндө, үйгө келип олтуруш болуп калганда:

– Комузду ал, Шекербек балам, биз конгон үйдүн коңшулары жана үй-бүлөсүболсун өңүбүздүкөргүлөрүкелди дейсиңби? Биздин өнөрүбүзгө келди, ал комузду, – деп менден баштоочу.

Мен комузду толгоп алып, Осокемден мурун эл менен учурашып, ырдап көрөйүнчү– деп, бир топ жамап ырдоочумун. Анан кайра толгоп, күйгөн секетпайлардан ырдап, Токомдун кербездеринен, Атайдын «Ак тамак, көк тамагынан» чертип, кырк элүүмүнөт өз милдетимен кутулуп, кезекти башка артист­терге берчүмүн.

– Шекербек балам, комузду мага толгоп бер! – деп дабыштап койчу. үнүн да байкап, билип калгамын. Комузду анча бийик эмес, үнүнө жараша толгоп берчүмүн. Осокем олтурган эл менен учурашып, терме менен жамакка кирип, кызыганда, эң кеминде бир сааттан кем эмес ырдап болгондон кийин бетаарчы менен чекесин аарчып:

– Эми катарыңар менен силер тамаша салгыла, бул эл баарыңардан уккусу келип турат, – деп айтып, мени карап, – Шекербек иним, мен ырдап жатканда ырымдын тизмегин байкап олтургандырсың, сен ырдаган жамактан жандатып, айтканыңды айтпайын деп, башка ырдап жаттым.

Ошентип Осокем акындыктын таалимин ар бир жаш талантка үйрөтө турган. Кыскасы, Осокем пейили кең, сезими күчтүүкиши эле. Ар кай жерге барганда терме, насыят ыр менен учурашчу.

Боом капчыгайына темир жол салгандарды, Чоң Чүй каналын казгандарды, малчыларды, дыйкандарды, кыскасы, эмгек алптарын аябай даңазалай турган. Аларды эмгекке демдендирип, оң жакка үндөй турган. Акындын элге сиңирген кызматы эч качан унутулбайт, – деди чебер комузчу.

Осмонкул – кыргыздын эң көрүнүктүүтөкмө акындарынын бири. Ал акындар Калык Акы уулу, Коргоол Дос уулунун катарында турат.

Ал 1888-жылы азыркы Кант районунун Чоңдалы айылы жайгашкан аймакта жарык дүйнөгө келген.

Жашынан эле ырга шыктуу болуп өсөт. Чылпак уруусунан чыккан чоң ырчы Жаманкулдан таалим алат. Жаманкул Шабдан баатырдын ашында (1912-жылы) жарчы болгон. Бирок 28 жашында каза тапкан.

Мындан соң казак акыны Кожонтайды ээрчип, Казакстандын көп жерлерин кыдырган.

Бирок атасынын агасы Сүйүнбай ажы: «Биздин уруудан ырчы чыккан эмес» – деп, Осмонкулдун эл алдына ырдоосуна катуу тыюу салган.

Ырдап калышына эки аңыз кеп бар: биринчиси, Осмонкулдун бир эркек баласын агасы Сүйүнбай асырап бала кылып багып алат. Ошол бала алты жашка чыкканда чарчап калат. Баланы көөмп жатканда Сүйүнбай күйүтүнө чыдабай:

– Эми жоктоп кошпойсуңбу? – деп уруксат этет.

Ошондо баласын кошуп, бир жарым саат ырдап, элдин баарын ыйлаткан деген кеп бар.

Экинчи аңыз. Агасы Сүйүнбай Чолпонкул менен чогуу олтурганда, Осмонкул ырдагысы келип токтоно албай комузун колуна алып, эшиктен кирип барат.

– Чык эшикке, Осмонкул! – деп жиберет агасы Сүйүнбай.

– Токто уулум, отур – деп Осмонкулду кетирбей олтургузуп, – антпе Сүйүнбай, казактан Чөжө, Абай чыккан. Осмонкул жашырынып казак элин аралап ырдап жүрөт. Иним, жолун тоспогун. Мындан кийин ырдай бергин. Кана, бата берип коёлу, – деп Чолпонкул айтканда, олтурган көпчүлүк бата берип жиберет.

Мына ошондон кийин жолу ачылып, ачыкка чыгып ырдап калган деп да айтылат.

Осмонкул 1936-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик филармониясында үзүрлүүэмгектенип, 81 жашында дүйнөдөн кайткан.

Кыргызстандын аймагында ал барып ырдабаган жери калган эмес. Эл дагы ырын угууга куштарланып, өтө кадырлашкан.

Ырлары нечен ирет китеп болуп басылып чыккан.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×