Добавить статью
7:32, 24 марта 2011 49179

Комузчу

Автор: ЫБЫРАЙ

Ыбырай Бир күнү эл ырчысы Алымкул үсөнбаевдин үйүнө барып калдым. Короого кирсем Назим апа:

– Келегой, балам. Биздин үйгө карыя комузчулар, акындар келишти. Төркүүйгө өт айланайын, – деди.

Төркүүйгө кирдим. Дасторкон жайылып, бир топ карыялар чай ичип, кубанычтуу сүйлөшүп олтурушкан экен. Салам айттым. Эшиктин кире беришиндеги сол капталында Ыбырай Туманов комуз чертип жатыптыр. Карыялардын баары менен эсендешип көрүшүп, алардын катарына келип, малдаш токунуп олтурдум.

Ыбыкем1 өтө толкунданып, көңүлүкөтөрүңкүэкен. Негедир Ыбыкем:

– Ушул уулума бир күүчертип берейинчи, – деп кандайдыр мага бейтааныш күүнүчертти. Ал эмне күүдеп атын сураган жокмун. Төр жактагы оң капталда бир карыя чыйрык­кансып жатат. Көрсө бул адам ырчы Коргоол экен. Коргоолдун жанында жаш комузчу Алтымыш Мундузбаев олтурат.

– Бул карыялардын бардыгы Токомдун2 кызы каза болгондугун угуп, топурак салганы келишиптир, – деди Алыкем3 мага карап.

Бир маалда Коргоол ырчы жаздыктан башын көтөрүп, молдош токунуп олтурду да, комузун күүлөп, өзүнүн белгилүүобону менен ырдады. Карыялар кунт коюп, кулак түрүп угушту. Бирок мен көп назар салбагандыктан, ыр эмне жөнүндө ырдалгандыгы да эсимде калбай калыптыр.

Мындан соң төрдө олтурган тууралжын келген, комуздун үч кылын бир эле манжасы басып кала тургандай, манжалары жоон, ак сакал Эркесары карыя жанындагы комузун алып, куштун канатын тырпыратып, бирде акырын сызып учкузуп, таңшытып сайратып чертти.

Күүчертилип, ыр ырдалып, чай ичилип бүттү. Карыялар бир аз жайланышкандан кийин карыя-музыканттарга берүүчүдаяр суроомду сундум.

– Ыбыке, сиздин күүлөрүңүздүн баары радиого жазылды беле?

– Аз эле күүбергем. Калгандары өзүмдө.

– Жазып алсак болобу?

– Бардыгына макулмун, балам.

...Ыбырай менен Эркесарыны ээрчитип алып, Кыргызстан Композиторлор союзуна бет алдык. Коргоолду: «Мен өзүм алпарам», – деп Алтымыш алып калды.

Жолдо келе жатканыбызда Эркесары:

– Ырчы Коргоолго суук катуу тийиптир. Жарыктык жылуу кийинип жүрбөй, жука келген турбайбы? Картаң киши суукка байымы жок болот эмеспи!.. – деди кейип.

Кара бактын ичиндеги Композиторлор союзуна келдик. Дал ушул кезде композиторлордун съезди болуп жатса керек эле.

Композиторлор, музыковеддер: Малдыбаев, Раухвергер, Германов, Фере, Власов, Виноградов, боордош республика­лардан келген меймандар карыяларды урмат менен тосуп алышты.

Алардын өтүнүчүбоюнча эки карыя бир-экиден күүчертишти. Музыковед Виноградов карыялар күүчертип жатканда маңдайына туруп алып, башы калтылдап, кичинекей фотоаппараты менен тынымсыз чыртылдатып тарта берди.

Акырында Эркесары Айдаралынын «Көйрөң күүсүн» курсагын кыймылдатып туураганда, боорлору катканча каткырып калышты.

– Бул карыяларды тезинен радиого жаздырып, киного тарт­тыргыла. Ар нерсенин алтындын, бриллианттын да баасы болот. Ал эми бул күүлөргө баа жок... Коргоол ырчы келиптир деп уктум, бизге жолуктургула, – деп өтүндү.

Аңгыча газетанын фотокорреспонденти келип калып, эки карыяны алдыга олтургузуп, сүрөткө түштүк.

Ыбырай, Эркесары, Шекербекти Композиторлор союзунун рафигине салып, күүала турган радиостудияга бардык.

Бул эки алп комузчуну бир күндө жазып алууга мүмкүн эмес экен. Студияга эртеңки күнгө заявка бердирип, Ыбыкеми үйгө алып кеттим.

Эртеси эртең мененки саат тогуздан баштап, күүлөрүн жаздырганга кириштик. Жаздырар алдында, бир кайрыкка келе турган күүлөрдүтутуму менен өздөрүнчө тизмелетти. Аня Овчаренко менен Турсун Уралиев жазышты.

Ыбыкем бул күнүалтымыш күүжаздырып болгондон ки­йин:

– Болду эми! Ушул күүлөр жетишет! – деди.

Ыбыкем биздин үйгө келип, чай ичип, бир аз жайланышып олтурду да:

– Мен кетейин, балам. Жаман киши бир үйгө эки конот. Сары деген өкүл уулум бар, ошонукуна барам, – деп болбой кетип калды.

Эртеси Композиторлор союзуна келип, Ыбыкемди таап алып:

– Атаке, дагы бир он күүжаздырыңыз, жетимиш болсун, – деп асылып туруп алдым.

Ыбыкем келип, ал күнүон күүжаздырды.

Арадан билинбестен беш-алты жыл өтүп кетти. Мемиреген жылуулук. Жай айы. «Ала-Тоо» кинотеатрынан бери көз­дөй Ыбырай ата менен музыка изилдеп жүргөн Балбай Алагушов экөө келе жатыптыр.

Кубанып көрүштүк.

– Мына, уулуңа кошуп койдум, – деди Балбай.

– Ыбыке, биздин үйгө дагы бир ирет конуп кетиңиз, – деп сурандым.

– Макул балам, – деп Ыбырай каршы болбоду.

Эртең мененки чайдан кийин, калем, кагазды алып келип:

– Ыбыке, деги канча күүбилесиз, тизмелеп көрөлүчү, – дедим.

Тизмеледик. Эки жүзгө жакын күүболду. Балбай Алагушовдун үйүнө телефон чалсам, жазылган күүлөрдүайтып берди. Жазылгандарды белгилегенден калганын тизмелесем жүздөн ашып кетти.

Дароо карыяны таксиге салып алып, Кыргыз ССР Минис­тр­лер Советинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүүкомитетинин председатели Асанбек Токомбаевге бардык.

– Карылык каршы келип... – деп Ыбыкем кыскача бир ооз сөз айтты.

Жазыла элек күүлөрдүн тизмесин көрсөткөндөн кийин Асанбек Токомбаевич:

– Качан жаздырууга мүмкүнчүлүгүңүз бар? – деп карыядан сурады:

– Эртең болсо, түзүк болор эле?

– Жарайт, – деди Асанбек Токомбаевич кыска гана. Эртеси күнгө жекшемби эле, эки үн режиссёрду жибериптир. Бул жолу Ыбыкем отуз бир күүжаздырып «Бердикожо жалгызым» деген күүгө келгенде токтотуп койду.

– Колум болбой калды. Анын үстүнө көптөн бери чертилбей жүргөн күүлөр эле, башым ооруп калды. Калганын ки­йинки жолу жаздыралы, – деди Ыбыкем бизге карап.

Далисте карыя эс алып олтургандан пайдаланып, кыскача өмүр-баяны, күүлөрүнүн чыгыш тарыхы туурасында сурадым.

Мен 1885-жылы Түп районунун1 Акбулуң деген жеринде кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам Туман Олжебат деген бай калмактын малайы эле. Энем байдын отун жагып, кызматын кылуучу.

Жети жашыман комуз үйрөнө баштадым. өз атам, атамдын иниси Жолбун комуз чертүүчү. Көбүнчө ошол агам Жолбундан үйрөндүм. Он бир-он эки жаштарга келгенде, Шайдылда деген байдын коюн кайтардым. Ошо кой кайтарып жүрсөм да, комузум койнумда. Шайдылда байга бир жылча койчу болдум.

– Сен талаага комуз чертип жатып алып, койду жакшылап жайбайт окшойсуң, – деп залим Шайдылда кордук көрсөтүп, сабаган күндөрүболгон.

Анан кыз оюнга чертип, күйөө жолдош болуп, жакшы-жаманга таанылып, комуздун аркасы менен он беш жашка чыгып калган убакта эл аралап, элге комуз чертип калдым. Ошол кезде Караколдо жыйында биринчи жолу Карамолдо менен кездешип, чертишип калдык. Тагдыр экен кийин өмүрүбүздүн акырына чейин үзөңгүлөш болуп бир жүрдүк.

1914–1915-жылдарда «Каныкейдин арманы», «Алмамбеттин арманы» деген алгачкы күүлөрүмдүчыгардым.

– «Каныкейдин арманы» күүсүжөнүндө айтып берсеңиз?

– Күүмындайча окуяны ичине алат: Манас өлгөндө Абыке, Көбөш, Адыбай, Көлбай, Чыйбыл, Кочкор малды бөлгөндө, Каныкейди Абыке алам деп:

– Ырамандын ырчы уул, сен барып Манастын аялына айтып «Ат өлсө соору керек, ага өлсө жеңе керек», жообун алып кел, – деп, жуучу жиберет. Ал Каныкейге барып атчан туруп:

– Каныкей жеңе, кайнилериң жиберди,– деп мүдөөсүн билдиргенде:

– Арага келген сен белең, алуучу алты арам беле! – деп Каныкей оттун жанында жаткан шамшаарды ала коюп, уруп калат.

Каныкей түнүндө кайын энеси Чыйырды менен Семетейди кара үңкүргө бекитет. Эртең менен үрөң-бараңда Көбөш келип, Каныкейдин эмчегин жара чаап: «Ишенген балаң ушубу!» – деп жабылуу турган бешикти кылыч менен тең бөлө чаап, кете берет.

Ошондон кийин, кайын энеси Чыйырдыны айдалыга мингизип, Семетейди бооруна көтөрүп, Алмамбеттин сырбараңын таянып:

Жоргонун белин аша албай,

Жобоп ыйлап баса албай.

Күйүктүн белин аша албай,

Күрмөлүп ыйлап баса албай.

Чакмактын белин аша албай,

Чарчап ыйлап баса албай,

Балтырдан кара кан кетип,

Каныкейден ал кетип... жолго чыккан тура...

Бакай анын кабарын билип калып, эки семиз ат менен, эки чанач сүт менен, бир борукту бышырып, Чакмактын белинен жолугат:

– Ушул жетимди алып барып таятасы Темирканга бала кылып бер. Атасын тарткан эр болсо, чоңойгондо элин бошотуп, алты арамдан кегин алаар. Жаман болсо, кул болуп жүрүп өлөр...

Мына,

Бөкөйдүн бөксө жол менен,

Бөрүжүрбөс чөл менен,

Ушул жолго салып кет!.. –

дешип  ыйлашып  турушканы  күүдө берилген, – деп койду Ыбыкем.

Ыбыкем мындан башка дагы бир нече күүнүн тарыхын айтып берди.

Ушул күнүкечкиге Ыбыкемди композитор Абдылас Малдыбаев мейманга чакырган экен. Абдылас акенин үйүн көздөй бет алып жөнөдүк. Жолдо бара жатканда:

– Калган күүлөрүңүздүтолук жаздырып кетсеңиз болмок эле, – деп өтүнүч койдум.

– Дүйшөмбүдө бирөө машинасы менен ала кетейин деп жатат. Жолдон калбайын, балам. Пурунзага көп келем, эмки жолу...

өз ара сүйлөшүп Абдылас акенин үйүнө кандай келип калганыбызды билбей калдым. Эшиктин коңгуроосун шыңгыраттым. Абдылас акенин уулу Болот эшик ачып, кубанычтуулук менен тосуп алды.

– Кириңиздер!..

Арадан дагы жылдар өттү. Кеч күз. Боз кыроо болуп, күн сууктап калган. Күндөрдүн биринде, Ыбыкем мен иштеген конторго издеп келип калыптыр. Көрүшүп, эсенчиликти сураштык. Кыргыз Композиторлор союзунун пленумуна келген экен.

Ыбыкемдин өтүнүчүбоюнча автордук укуктарды коргоо мекемесине ээрчитип жөнөдүм. Жолдо келе жатып, комузчу Карамолдо жөнүндө сөз болуп кетти.

– Молдокем, – деп айтты Ыбыкем, – сен комузчунун жамакчысысың, ойдо жок жерден күүтабасың деп калчу...

Бул ирет да Ыбыкемдин калган күүлөрүжазылбай калды. Пленумдан кийин Ыбыкем Пржевальскидеги үйүнө жөнөп кетти.

Баргандан кийин ооруга чалдыгып, Фрунзе шаарына кайта экинчи кайтып келген жок. Дүйнөдөн өтүп кетти.

Ыбыкемдин жакын шакирттеринин бири, Түп районунун Санташ айылында жашап туруучу карыя комузчу Асанаалы Кыштообай уулу Ыбыкемдин жаштык күндөрүжөнүндө төмөнкүдөй эскерет:

– Андан-мындан бирден-жарым күүалып, чертип жүрдүм. Он беш-он алтыга келген кезимде Ыбырай Туман уулу деген комузчу Эшимбек дегендикине келип конуп атат деп угуп, көрөйүн деп бардым.

Мурду адырайган, муруту жаңыдан чыгып келе жаткан кара жигит экен. Салам айтып кирдим.

– Аллейку салам, кел олтур!

– Ыбырай, мынабу бала жаңыдан комуз үйрөнүп жүрөт. Сен ушу баланын черткенин көрүп, бир күүберчи, – деп олтурган эл айтып калды.

– Макул, – деп жөлөп койгон комузун алды.

Комузун карасам, нокотек1 билбеген киши жасаган окшойт. Мага сунду. Олтургандар:

– Ыбырай, алды менен сен чертип бер, – дешти.

– Макул, – деп кайра толгоп «Кербез» деген бир күүчертти.

Ошондо Ыбырай комузду жакшы үйрөнүп калган кези экен. Менден тогуз жаш улуу болуучу. Байкасам менден өйдө экен.

– Ий, мен комузчу көрбөй тамтаңдатып чертип жүргөн турбаймынбы, – деп өзүмө баа бердим. Ошентип турганымда комузун маа берди.

Мен айттым:

– Ыбыкемдин бу күүсүн толук билбеймин, өзүмдүн билген күүмөн чертейин...

– Мейлиң, мейлиң...

– Бу кайсы күү? – деди Ыбырай мен чертээрде.

– Бу абамдын «Ооган камбаркан» деп чертип жүргөн күүсү...

Ал күүнүжана абамдын «Заман камбаркан» деген дагы бир күүсүн черттим. Комузун кайра бердим.

Олтурган эл айтып калды:

– Ыбыш жана Асанаалы черткен күүнүчертиңизчи?..

– Ушу эки күүмен укпаган күүэкен...

Олтурган эл:

– Комузчу биринин күүсүн бири черте албайбы? – деп сурашты.

Ыбырай:

– Канчалык болгон менен, бир комузчунукун бир комузчу мурун укпагандан кийин, черте албайт, – деди.

Отурган элдин кээси күлүп, кээси ырас-ырас, – деп калышты.

Аңгыча кеч болду. Мал союлду. Комуз угабыз деп бир канча көп киши чогулду. Ыбырай тынбай чертип жатат.

– Баракелде! – деп эл карап турат. Элдин сөзүменен ишим жок, комуздун буроо, толгоосун, черткен күүсүн, аны кай жерден басып чертет, кайруусун байкап олтурам. Анда-санда бирөөлөр:

– Ыбыке, ана балага берчи комузду, – деп калышат.

Колума комуз тийгенде жакшыбы-жаманбы, тартынганым жок, күрсүлдөтүп кирдим. Отурган эл:

– Түбүкомузчу болот экен, уялбай чертип жатпайбы! – деп калышты.

А күнүЫбырай конду. Эшикке чыкса, кошо чыгам. үйгө кирсе эшик ачам, көңүлүмдө эптеп жакындашып, таанышып, күүсүнөн үйрөнсөм деймин. Түн ичинде эл жатканда, жанына жатып алдым. Эртеси эртең менен турганда, баякы Ыбыкем черткен күүлөрдүкөңүлүмдө чертчүүдөй болуп турамын. Ыбырай жана чертти. Кайта черткенде мээме түшкөнсүп калды.

Баякы мурунку черткен «Кербез» деген күүсүн:

– Ыбыке, чертчи! – деп сурадым.

– Макул, – деп чертти.

Карасам Ыбыкем мени жакшы көргөндөй кыялы бар. Пикирин көрүп тартынбай Ыбыкемдин алгач черткен «Кербез» деген күүсүн черттим. Олтурган кишилер:

– Ой, Асанаалы жакшы чертип калыпсың го. Толук болбосо да, үчтүн экөөнүдаана черттиң. Бу кайсы күү?

– Ыбыкемдин «Кербези»...

Ыбыкем ошол сөзгө мактангандай, мурдун эдирейтип:

– Берчи, мен дагы чертип берейин, – деп комузду алды.

Чертип-чертип, маа берди черт деп. Мен черткенде, кан­тээр экен дегендей, карап калды.

Бирге жатып, бирге туруп, үйрөнүшүп калган киши көп караганына караймынбы, тартынбай черттим.

– Ой, Асакем, комузчу болот экен го! – деди.

Ошону менен чай ичип, аттанабыз деп калышты.

Ыбыкемдин кийими жупуну. Шымы жыртык. Тебетейи да жөнүрөөк. Бешманты жамачылуу экен. Эшимбек:

– Батмакан! – деп аялын чакырды.

– Эмне дейсиң!

– Сен баякы менин тик деген шымымды тиктиң беле?

– Тиккемин.

– Бая мен кийип жүрүп үйгө койгон бешмант барбы?

– Бар.

– Тетиги үйдө Дайырдын тебетейи турат, алып кел, – деди.

Иниси Дайыр деген:

– Аны кой, мен кийип турган тебетейимди бер. Жаңыдан жасаттым эле, – деди.

– Жөн олтур. Бирөөгө берген киши жаңысын берет. Эскисин берчүбеле! Апкел.

Бир бала алып келди. Жаңыдан жасалган түлкүтебетей экен.

Жаңы кийимдерди кийгенден кийин Ыбыкем көркүнө чыгып, шаңдана түштү...

Ыбырай кайда келди десе, ошерге барчу болдум. үйрөнүшкөндөн кийин Ыбыкемден:

– Келе комузду, – деп комузун талашып, чертип жүрдүм. Ыбыкем бар акылын аябайт, ошентип жүрүп мен да ачылып кеттим.

Бир күнүдагы Ыбырай биздин айылыбыз Жайылмага келип калыптыр.

Ыбырай келди дегенин угуп, Мурзакожо деген уста чапкан өзүмдүн жакшы комузумду алып бардым. Максатым, Ыбырайга эбин таап, кейпи жаман комузунун көзүн тазалап, жакшы комуздуу кылуу эле. Эл чогулуп, Ыбырайга комуз черт­кизип, тамаша кылып олтурушкан экен.

– Салоом алейкум! – деп кирип бардым.

Комузду көрүп, эл күлүп калды:

– Ой, сен комузду колуңа алып, Ыбырай менен чертишчүүдөй болуп келдиң го?!

– Чертишип жеңсем комузун алып калайын, жеңдирсем комузду берейин деп келдим, – дедим мен бейкапар.

Олтурган эл күлүп калды.

– Ой, муну кара, – деп күлдүЫбырай, – акырындан ичи-койнума кирип, бүткүл күүлөрүмдүтартып алып, эми жеңип, комузумду ээлеп алганы турганын көр!

– Кана, чертишкилечи көрөлү, Ыбыкемди коюп, сен черт, бала сен комузуңан айрылганы келген экенсиң, – дешти эл.

Ыбыкем черт деп мага берет. Мен чертип Ыбыкеме берем. Экөөбүздүн алмашып жатканыбыз бир күү. Олтурган эл бир эсе мени, бир эсе Ыбыкемди мактайт. Чыны менен чертишип жаткан экен деп эсептеген эл бир топтон кийин:

– Ой, биз биле албай койдук. өзүңөр билесиңер, экөөң тең жакшы көрүнүп жатасыңар, – деп күлүп калышты.

– Силер билбесеңер мен билип жатам, – дедим.

Ыбыкем калың киши эмеспи, мурдун адыраңдатып күлүп коёт.

– Менден Ыбыкемдин бир-эки күүсүашык болуп калды. Мен жеңилип калдым, – деп күлдүм.

– Ме, Ыбыке, мен жыгылдым, – деп комузду бердим. Ыбыкемдин комузун сурап, колума алдым.

Эл күлүп калды. Ыбыкем батасын берип, ыраазычылык билдирди.

Бир жолу жазга маал карыя комузчу Асанаалы телевидениенин чакыртуусу боюнча Фрунзеге келип кетти. Ошо келишинде Асанаалы ата жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдукунда мейманда болду. өткөн-кеткенден кеп салып олтуруп, комузчу Ыбырай туурасында да сөз салды.

– 1911-жыл. Бала кезим. Түнкатар деген агабыз бар эле. Ошол кишинин үйүнө кой тууп, бээ байланып калган убактарда, бир канча атка минген инабаттуу карыялар келип, мени чакыртып алып:

– Кана Асек, сени жакшы комузчу болду дейт, бизге бир комуз чертип бер, угалы балам, – деп калышты.

Алыска атым чыкпаса да, айыл арасына угулуп калган кезим. Көңүлүмдө комузчудан менин алдыма Ыбыкем, Карамолдо болбосо, башкасы өтө албайт го деп жүргөн кезим. Комузду колго алып, оюма түшкөн күүнүчерттим.

– Ой, баракелде, баракелде!

өзүмдөн башка киши жок, жеке өзүм болуп олтурган кезде, эшиктен бир кызыл келинчек көпчүлүккө салам айтып кирип келди да, Түнкатардын зайыбы Секелек деген жеңебиздин жанына олтура калды. Жашы отузга жакындап калган келин экен.

Мени карап:

– Жакшы үйрөнүп калган экенсиз, кайним, «Кой бөлөөр» деген күүнүчертиңизчи, – деди.

Бул күүнүмурун уккан эмесмин.

– «Кой бөлөөр» ушу! – деп оюмча бир күүнүөз билгенимче койгулап черттим. Анын комузчу экенин мен кайдан билейин. Келин турду да:

– «Кой бөлөөр» бул эмес, кайним, уккан эмес экенсиз го, комузду мага бериңизчи, мен анын кандай чертилерин көрсөтүп коёюн, – деп комузду сурап алып, чертип кирсе болобу.

– Жакшы үйрөнүп калыпсыз, уланта бериңиз, – деп комузду берип, эшикке чыгып кетти.

– Асаке, жанакы келиндин күүсүн черте албай калдың го, – деп бир даары күлүп калышты.

өзүм да уялып калып, эшикке чыксам, жанагы келин эки-үч кыз менен сүйлөшүп туруптур.

– Комузчумун, комузчумун дечүэлең, жеңемдин бир күүсүн черте албай калдың. Мындан кийин мактанбай жүр! – дешип кыздар шылдыңга алышты.

– Ой жеңе, бу күүнүкайдан үйрөндүң эле. Маа айтып берчи!?

– Менин жайымды сурасаң – төркүнүм Сарыке, Тумандын кызымын, Ыбырайдын эжесимин.

– Эмесе, жеңе, мен ошол Ыбыкемен үйрөндүм эле. Ыбыкем бу күүнүмага чертип берген эмес эле.

– Кагылайын, эсине түшпөй калган го. Күүнүаямак беле. Ыбыкем чертип бербесе, мен чертип кеттим го. Чертип жүр, айланайын, – деп кетип калды.

1913-жыл. Ыбыкемди ээрчип, талаптанып, күүсүн алсам экен деп жүргөм. Бир күнүЫбыкемдикине бардым:

– Ыбыкем кайда?

– Караколдо топ болуп, келсин деп кишиден айттырып жиберген экен, ошоякка кетти...

Анан кой, Ыбыкемдин көч жагынан барайын, болду-болбоду ушу Караколдо Ыбыкемди комуз черткизет, Ыбыкемди таап, жанында жүрсөм, мени дагы эл комуз черт десе, комуз чертип берсем деп Караколго келсем, бир чоң короодо мал союлган, кымыз чайкалган, жадырап-жайнаган дуу-дуу күлкү.

– Баракелде! – деген эле үн чыгат.

Мени менен элдин иши жок.

Аттан түшүп, кирип бардым. Төрдө бир комузчу комуз чертип жатыптыр, байкап карап турсам, күүсүжагымдуу, кулакка угумдуу, жакшы черткен кара мурут отузга барып калган жигит экен.

– Бу кайсы күү?

– Бу күү«Насыйкат», – деди жигит. Анан комузду Ыбыкеме берди. Ыбыкем өз комузун колуна алып «Сур толгоону» чертти.

– Баракелде! Экөөңө тең ырахмат! – дешти эл алкап.

Ыбыкем мени да черт деп айтса, мен да бир-эки күүчертсем, жакшы болоор эле деп ойлонуп, кыңырылып турдум. Эл тарап, аттанып чыкканда:

– Саяктын комузчусу Карамолдо оңой эмес экен! – деп эл кеп кылып калышты.

Ошентип «Насыйкатты» биринчи ирет Карамолдодон уктук. Буга чейин көл аймагындагы комузчулардын бирөө да «Насыйкат» деген күүнүчертчүэмес. Ушул «Насыйкатты» Карамолдо чыгарган. Анан бизден карыялар:

– Бул кайсы күү, балам, – деп сураганда:

– Карамолдонун «Насыйкаты» деп чертчүбүз. Эми ушул убакта Карамолдонун «Насыйкаты» деп атап черткенин укпаймын, «Насыйкат» элдик күүдеп эле жайылып кетиптир, – деди Асанаалы комузчу.

– Мына ушуну жазып койгун! – деди Түгөлбай аке мага карап.

Атактуу комузчу Ыбырай Туманов кыргыз филармониясы уюшулган күндөн тартып, 1953-жылы пенсияга чыкканга чейин филармонияда белсенип иштеп келди.

1936–37-жылдары Муратаалы, Карамолдо, Атай, Муса болуп Москвага барып, күүлөрүн пластинкага жаздырган.

Ыбырай 1936-жылы Фрунзеден биринчи жолу поездди көрүп «Паровоз», 1939-жылы «Толкун», 1945-жылы Совет элинин фашисттик баскынчыларды талкалап, жеңишке жетишкен улуу күнүн баяндаган «Жеңиш», «Жыргал күн», 1950–56-жылдары «Алатоо», «Ысыккөл», «Эпкиндүүчабан», «Эки дос», «Боз салкын», «Космонавт», «Ырчы Коргоолго эстелик», «Улуу той», «Карыянын кубанычы» жана башка ондогон залкар күүлөрдүчыгарган.

Бул чоң комузчу 1939-жана 1958-жылдарда Москвада болгон кыргыз адабияты менен искусствосунун декадаларына да катышкан.

өкмөт менен партия Ыбырай Тумановдун кыргыз искусствосунун алдында сиңирген зор эмгегин баалап, Кыргыз ССРинин Эл артисти деген жогорку наам берип, эки ирет «Ардак белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйлаган. КПССтин мүчөсү, СССР Композиторлор союзунун мүчөсүболгон.

Ыбырай Туманов нечен кылымдардан бери укумдан-тукумга берилип келе жаткан элдик бай музыкалык мурастарды сактап келген күүказынасы. Ал үч жүзгө жакын залкар күүлөрдүчерте билчү. Булардын ичинен тандалып 120га жакыны жазылып, республикалык радионун алтын фондусуна кабыл алынган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

25-04-2011
Жомоктор топтому
64996

30-03-2011
Жомоктор топтому
119262

28-03-2011
Жомокчу
134350

28-03-2011
Жомокчу
197963

22-03-2011
Манасчы
71277

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×