Добавить статью
7:36, 24 марта 2011 36735

Кыякчы

Автор: КУЛМАТ

Кулмат 1962-жыл. Күз айы. Бир күн­дөрүБилиш деген жигит Кетмен­төбөдөн улуу акын Токтогулдун замандаштары: кыякчы Кулмат Асанбай уулу менен комузчу Барпы Сарпек уулу деген карыяларды Фрунзе шаарына алып келди.

Карыя музыканттар биздин үйдө он чакты күн болушту.

Музыканттар келгендин эртеси эле карыялардын күүлөрүн угуу­га жазуучу Төлөгөн Касымбеков, Сагынбек Ишенов, Кубанычбек Аманкожоевдер келишип, карыялар менен ал-жай сурашып, жайланышып олтурган соң:

– Күүңүздүугууга куштар элек, сиздерди келди деп угуп, токтоно албай жетип келдик, – деп калды сүрөтчүКубанычбек.

Кулмат ата жанындагы кыягын алып, кулагын толгоп, күүлөй баштады да:

– өз кыягым сынып калган эле. Бу Билиш балам барып шаштырганынан жаңы өрүктүкыйып чаба койдум эле, жыгач суу болгондуктанбы, оңдуу сүйлөбөй жатат, бу «Керезен» деген күү, – деп калды.

– «Керезен» деген эмне күү, ким чыгарган? – деп мен сурадым.

– Ким билет, балам. Бул байыртан келаткан күү. Күүкимден калгандыгын эч ким билбейт.

– Тартып койсоңуз, ата?!

Миң кубултуп күүнүтартты. өз ара сүйлөшүп олтуруп, негедир манасчыларды кеп кылып кеттик.

– Бизден Жаңыбай деген жомокчу чыккан. «Семетейди» мындайча обон менен айтчу. Бир-эки ооз айтып берейинби?

– Айтыңыз, ата, айтыңыз, – деп Төлөгөн сөзүн коштоп кетти.

– Манастын тиккен багында,

Кең олуя мазар жагында.

Чаткалдын төмөн жагында,

Баткалдын маңдай жагында.

Как кайнардын көзүндө,

Как чынардын өзүндө.

Ошо кезде Таластын,

Булагы кайнап ташыган,

Булбулу сайрап шаңшыган,

Аны көргөн адам жашыган.

Тереги көктүтиреген,

Текеси чөптүжиреген.

Кайыңы көктүтиреген,

Кайыбы чөптүжиреген.

Чымынын көрсөң чычкандай,

Чычканын көрсөң күчүктөй,

Чегирткеси түлкүдөй,

Ченебей бүркүт илгидей,

Аны көргөн адам күлгүдөй.

Тиги тескейинде теке бар,

Бу курбусунда кулжа бар,

Кайыптын кени мында бар.

Будурунда бугу бар,

Муну көрбөгөн жандын муңу бар.

Көк зоодо теке жардаган,

Көлүндө бака чардаган,

Муну көргөн адам таң калган.

Жекендери желектей,

Кымыздыгы теректей.

Камыштарын карасаң,

Он эки кулач челектей.

Көрүп көөнүтолду окшойт,

Көп ыраазы болду окшойт.

Аягы Талас, башы Чүй,

Жер соорусу турбайбы.

Муну жердеген адам тунбайбы.

Карап турсам мына ушул,

Кайран Манас өлгөн журт.

Каныкей каран калган журт.

Калайлуу кумган колго алып,

Кан Манасты жууган журт.

Каныкей белин бууган журт,

Баш жагына бир мунар,

Аягында бир чынар

Эки чынар болуптур.

Ошол кезде жарыктык

Так эле он кулачка толуптур,

Журтум!.. –

деп Жаңыбай жомокчу ушинтип айтуучу эле, – деп олтургандарга карады.

– Бали, сөз эмес бекен! – деп койду Төлөгөн.

– Атам Асанбай саяпкер киши болгон – деп калды Кулмат карыя кыягынын кулагын толгоп жатып.

– И, ошо саяпкерлик өнөрүнөн айтып берсеңиз, – деп өтүндүТөлөгөн.

– Болуптур, айтып берейин, – деп сөзүн баштады Кулмат карыя. – Сыдык болуштун ашында биринчи атка төө баштаган (уй, кой болуп) тогуз малды, кырк жылкы коюлду.

Эртең менен Асанбай саяпкер ат чаба электе:

– Атым жакшы сууп калыптыр. Байге жерге кирсин, төө баштаган тогуз малдан балам артык. Кесепети, бул кара ат жакшы сууганда баланы бир жакка ала качып кетет. Мен баланы коштоп алып, айдоочу менен төмөн барамын, бул жакка калбаймын. Анжиян, Арка дебей жүз күлүк ат чабылган экен.

Мени коштоп алып, аттар менен кошо айдалып жүрүп отуруп, Акбейит деген жерден коё берди. Атты коё бергенде эле балдар чаап кетти. Аттын оозун тартып жайлатып калдым. Мен үчүн аттарды кайра чабат беле деп ойлонуп, аттар кеткенде, аттын оозун коё берип, ат айдоочу менен кийин кетип бараттым. Бир убакта көпчүлүк мааракеден келе жаткан беш-алты адамга Асанбай саяпкер учурап:

– Ой, кандай ат чыгып баратат? – деп сурады.

– Бир жээрде ат, анжияндыкы окшойт, бөлүндү. Баласы оозун ээр кашка ороп басып алыптыр, ошондо деле алдыда...

– Менин кара атымды билдиңерби?

– Бу жаныбар кара ат он беш аттын артында.

– Жер узак, дагы жетип калаар, көкүрөктөп калган экен.

Кетип баратса, Асанбай саяпкерге дагы бир топ адам кезикти.

– Кайсы ат алдыда?

Анда адамдар айтат:

– Жээрде ат, тизгинин ээр кашына оросо, алыс бөлүнүп алыптыр.

– Кара атты биле алдыңарбы?

– Ээ жаныбар, кара ат бештен кийин түштү.

Андан ары баратканда дагы эки-үч адам учурады.

– Ой, кандай ат чыгып баратат? – деп сурады Асанбай саяпкер.

– Ээ бир жээрде ат, анжияндыктын аты. Ага учкан куш дагы жетпейт!..

– Кара ат кандай?

– Жээрде атты кара ат койбос бекен, эки аттан кийин түштү.

Асанбай саяпкер кубанып кетип, ыйлап жиберген экен. Туулуктун оозуна барганда көп эле адам учурады:

– А, Асанбай! Кара ат бирден кийин, жээрде аттын аркасынан түштү. Бокбасардын чоң арыгына жеткенде:

– Оо, Асанбай, сүйүнчү! Кара ат чыкты астына! Улуу арыктан өткөндө, жээрде атты басты. Кара ат чыкты, сүйүнчү! – деген эл.

Ошол кара аттын байгесине төө баштаган тогуз мал (уй, кой болуп) кырк жылкыны алдык. Төөсүн алып келип, согумга сойгонбуз. Атам өтө март киши эле, байгесин дайыма кедей-кембагалдарга таратып берип, кете берүүчү. өзүбүздө таптаган күлүгүбүздөн башка мал болчу эмес.

Эми силерге «Ат кетти» күүсүн тартып берейин, – деп сөзүн улады Кулмат ата, – илгери байге чапканда, атты айдаганда, кыяк менен ат кетти деп атты коё берип, чаң бур дей түшкөндө, ат жүгүрүп келе жатканда ат келет, анан тору ат келет, торала ат келет, карала ат келет, сары тору ат келет, анан биринчи чыгып тору кашка ат келе жатат.

Ээси сүйүнүп кетип:

– А кудай! А кудай деген экен, – деп, карыя таптак келтирип тартып берип, атасы Асанбай саяпкер жөнүндөгүаңгемесин улап, далайга чейин эргип айтып олтурду.

– Ии, сиздин «Ат кетти» күүсүн өтө берилип тартканыңыз бекеринен эмес экен! – деп калды Сагынбек сөзгө аралашып.

– Кыякчы болгондон кийин чоң ат чабыштарда, элдин өтүнүчүбоюнча «Ат кетти» күүсүн тартып туруучумун, – деп койду Кулмат карыя сакалын сылап.

– Улуу акын Токтогулга кандайча кездештиңиз, – деп суроо койдум.

– Илгери Коңурөгүз жайлоосунун Эшенташ деген төрүндө эл маараке кылып, үлүш берип, улак, эңиш, балбан күрөштүрүп турган кезде, өйүз-бүйүздөн алты ырчы, өйүздөн: Токтогул, Шадыкан, Кулуке; бүйүздөн (үчтерек тараптан): Эшмамбет, Курман, Жолой деген ырчылар келишти. Ошондо Токтогулду биринчи ирет көрдүм.

Ушундан тартып, Токомдун көзүөткөнчө көп жолу кездешип жүрдүм. Апам Токтогулдун эжелери болчу, эже-жезде деп биздикине көп келүүчү. Токомдун ырларынан, күүлөрүнөн үйрөнүп үлгүсүн алып калдым.

Эми, силерге «Карагул ботом» күүсүн тартып берейин.

– Ата, сөзүн да кошо айта олтурсаңыз.

– Илгери-илгери, байыркы өткөн заманда бир мергенчинин Карагул аттуу жалгыз баласы болот. Күндөрдүн биринде, атасы мергенчиликке жөнөп калат. Баласы: «Мени ала баргын» – деп ээрчийт. Бирок атасы болбой баланы калтырып, өзүкетет. Бала көрүнбөй, атасынын артынан ээрчип жүрүп олтуруп, бир жерге барганда бутун тарталбай чарчап, элик тонун аңтарасынан жамынып уктап калат. Атасы тоодон тырмагына эч нерсе илинте албай, кур кол кайтып келе жатып, балдыркан түбүндө жаткан эликтин баласын көрүп сүйүнүп кетет. Мээлеп туруп атып калса, аткан элиги «Ата!» – деп бакырып алат да, кайта шалак этип жыгылат. Эликтин жанына барса, жалгыз баласы Карагулу болуп чыгат. Бул күүдө:

Ой, Карагул ботом,

Элик тон кайдан кийгиздим, кокуй,

Ой, элик деп атып тийгиздим, кокуй,

Балтыркан башы былк этти, кокуй,

Башка бир тийип шылк этти, кокуй.

Эчки тон кайдан кийгиздим, кокуй,

Эчки деп атып тийгиздим, кокуй,

Атаны кокуй, Карагул ботом! –

деп бул сөздүайтты да, Кулмат ата Карагул жөнүндө күүнүкыякта муңдатып уккандын зээнин кейитти.

Ошондой эле карыя «Керметоо», «Бала», «Бери чык», «Таттыдан-татты», «Ак чабак», «Эдилдин кызынын кошогу» жана башка толгон күүлөрдүтартып, кылкыякты кандайча тартуу ыктары, өткөн замандарда элден чыккан көрүнүктүүкылкыякчылар, алардын күүлөрүтууралуу айтып берди.

* * *

1971-жылы июнь айында, Кетментөбө өрөөнүндөгүүчтерек» совхозунун өзгөрүшүндө жашап туруучу 98 жаштагы санжырачы Кошаалы Можу уулуна кездешүүмаксатында барып калдым.

Кошаалы карыя менен Кулмат кыякчынын үйүжанаша. Анын үстүнө ага-ини тууганчылыгы бар. Кулмат кыякчынын үйүндө үч-төрт күн жаттым.

Кыякчы Байжээн деген уулу, Асел апа үчөө үйүнүн ичи-сыртын кара шыбактап, үстүн жаңыртып жаап жатышкан экен. Бул үйгө конуп, эртеси эртең менен Кошаалы аксакалдыкына барсак эшегин минип, жогорку айылга кетип калыптыр.

– Кечинде келет. Бөлөк үйгө конбойт, – деди Кулмат.

өрүктүн көлөкөсүндө ала кийиз, төшөктөрдүсалып таштады. Аңгыча Кулмат кыякчынын уулу Байжээн атасынын кыягын алып:

– Мен да акеме күүтартып берейинчи! – деди да атасынын күүлөрүн тарта баштады. Ал жалаң эле кыяк күүлөрүэмес, комузда чертилүүчү«Ибарат» сыяктуу күүлөрдүкыякка салып алган экен.

– Ушу уулум кыяк кармай турган болуп калды! – деди карыя сыймыктангандай жадырап жылмая карап...

Кыякчы Кулмат Асанбай уулу 1891-жылы Кетментөбө­дөгүүчтерек аймагындагы Камышбашы деген жерде төрөлүп, ошол жерде өмүрдүн ачуу-таттуусун татып, турмуш жолуна түшкөн.

Жаш кезинен комуз чертип, кыяк тартууга кызыгат. Улуу акын Токтогулдун «Чуу басар», «Чоң кербез» жана башка күүлөрүн чертип, кыяк күүлөрүн Жолой деген чоң кыякчыдан үйрөнөт.

1962-жылы республикалык радионун музыкалык фон­дусуна Кулмат кыякчыдан тандалып, 14 күү жазылып алынган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×