Добавить статью
7:46, 24 марта 2011 17377

Манасчы

Автор: ОРОК

1979-жыл. 16-декабрь. Кемин районундагы Комсомол айылында туруучу манасчы Орок Качкын уулуна барып калдым.

– Кандайча «Манас» айтып калгандыгыңыздан кеп салып берсеңиз?

– Атам орто чарбага илине албаган киши эле. Энем Айымбү­бүнүн акындыгы болоор эле. Кошок кошуп бер деп, айыл-айыл чакырып жүрөөр эле. Атам кызылдуу, токтоо киши болуучу. Энем болсо өңдүү-түстүүжана уз, жабык баш, уук учтук жасоочу.

– Уук учтук дегени эмнеси?

– Илгери жайлоого көчкөндө боз үйдүтөөгө комдогон ууктун учуна саймалап жасоочу эле. Тегирич (терип согуп үйдүн ичине тартат), шырдак оюп, ушулардын баарын бүтүрчү.

– Он бирге таянып калган кезим, ырчылыгым бар эле. Илгери кыз оюнга барганда жигиттер токмок салып ырдоочу.

– Айланайын, тиги келинге ырдап бере көр, – деп жигиттер ырдай албаганда жигиттерге токмок салып берчүмүн. Ки­йин өз алдымча «Манас» айтчу болдум. Кочкордун Сарыжон деген жеринде Манастын ордосу, чийини, Аккула чапчып чыгарган булак, Манастын саба ташы, бута ташы, кароолго чыкчу жери бар, ошо жерде ойноп жүрүп чоңойгом.

Таякем Боронбай бир күнүчакырып алып, коюн союп, элди жыйып:

 – Жээнимди  «Манас» айтат дейт, кана, бир айдатып көр­чү, – деди.

Ошондо бууракандап айткан экемин, эт желбей шылынып калыптыр:

– Эй, азамат, мындан ары айтып жүр... – деди таякем.

– Ырчы болот деген эмне, уят эмеспи, – деп агайыным Жээналы уулу Абыке айткандан соң, уялып айткан жокмун. Ушуну менен жүрө бердим.

Ар кайсы жерде, жородо муңдуу жерлерин: «Тайторунун чапканын», Алманбеттин жеринен качып Көкчөдө, Көкчөдөн Манаска алып келип, Алманбетти үйлөндүрүп, Чоң жыйындын башы, Көкөтөйдүн ашы, – деп айтып калдым. «Манастын» күчтүүсүэле «Көкөтөйдүн ашы» болот.

Согушта жумушчу дивизияга барып, ооруп келип, колхоздо иштеп калдым.

– Эми, ата, «Манастан» бир аз үзүндүайтып коюңуз?

– Манас өлгөндө Кошой абам асаладым деп Тайтору деген күлүк атты берген экен. Манастын ашы белгисиз болуп калбасын деп Каныкей Тайторуну чабат. Каныкей Аккуланы таптап жүрүп машы чыккан.

Келгендерден кеп уккан,

Сегиз хан эли чогулуп,

Ат чабат экен деп уккан.

Ал кабарды укканда

Ырым кылып жеңекең,

Күрүчтөн күрмөк жем берип,

Күнүгө терин алды эми.

Күүгүм кире, күн бата,

Элдин алды жуп жата

Жан кишиге көрүнбөй

Тайторуну токунуп,

Айдалаага салууга,

Асыл буудан күлүктүн,

Ачуу терин алууга,

Арка чачын он бөлүп,

өргөн жеңең эмеспи.

Айкөл Манас барында

Аккуланы көп байлап,

Адис болуп тулпарга

Көнгөн жеңең эмеспи.

Кечээ Көкөтөйдүн ашында,

Көп буюмдун баарын,

Көп бөктөрүп Манаска,

Берген жеңең эмеспи.

Эригип карап жатпаган,

Эр Манасты сактаган.

Караан болуп Манаска,

Берген жеңең эмеспи.

Тайторудай буудандын,

Арышын байкап көрүүгө

Капкалуу Букар шаарынан,

Далдап чыгып бетинен,

Акчийдин берки четинен,

Ойрон жеңең Каныкей

Олбуй-солбуй камчы уруп,

Оң-тетири теминип,

Каскалдак учса карыккан,

Кара жору учканда,

Канаты жолдо талыккан.

Чып этип ууртар суусу жок,

Чымчып жээр чөбүжок.

Буурусун чийген чийин жок,

Суур казган ийин жок.

Ойногон кумга салды эми,

Оргуй-оргуй чуратып,

Ачуу терин алды эми,

Оргуй-оргуй түйүлүп,

Алдындагы бууданы,

Башын жерге салды эле.

Оңкойгон тоонун учугун

Кайран энең Каныкей

Он айлантып алды эле.

Талаа-түзгө түшкөндө

Таманы жерде тарсылдап,

Кара болот ооздук,

Көмөкөйдө карсылдап

Эңкейишке келгенде,

Эликтей колун сайылтып.

өргө тарта бергенде,

Жал-куйругун жайылтып.

Туяк тийген жерлери

Кемеге болуп оюлуп,

Чымдуу жерлер чытырап,

Чыдай албай союлуп

Кара жерге туягы

Батып кетип баратыр.

Туяк тийген таштары,

Туш-тушуна зыркырап,

Атып кетип баратыр.

Төрт аяктан тик түшүп,

Казандай болгон кара таш,

Төрт бөлүнүп жик түшүп,

Табына келген бууданы,

Учуучудай күрүлдөп.

Сөөгүнөн аккан тер

Туяк ылдый бириндеп.

Каныкейдин ак сарай

Каалга темир-сом калай

Сөөлөтүбар бир далай.

Тайторудай буудандын

Ээрин алып жайдактап,

Эшиктин алды чоң чынар,

Аса байлап салды эми,

Ушинтип таң ашырып калды эми.

Төбөдө жылдыз чачылып,

Таң кашкайып ачылып.

Төрөнүн зайыбы Каныкей,

Чынарга басып барды эми.

Тайторудай бууданды

Чындап отко салды эми.

Талыкпастан олтуруп,

Таз кардын чөпкө толтуруп,

Он бетеге, сексен чөп,

Орой-орой чалдырып.

Оргуп жаткан кара суу,

Суусунуна кандырып.

Шашке убак мезгил кез,

Ак сарайдын ичине

Тайторудай бууданды

Аса байлап салды эми.

Жабуусун кайра тартты эми

Тазалап терин артты эми.

Ат тарак менен тарткылап,

Тазалап терин арткылап.

өлмөйүнчө сөзүачык,

Артык сынчы көзүачык.

Ай караңгы болгондо

Түн эмине болот деп,

Калып калса Тайторум,

Күн эмине болот деп.

Арман кылып сөз салса,

Тайторуга көз салса

Учкан куш менен жарышып,

Казы алуучу боор эт.

Калган экен Тайтору,

Төмөнкүкарчынына жабышып.

Сай-сайлап жүнүбөлүнүп,

Кабырганын баарысы,

Камчы саптай көрүнүп,

Тайторуну көргөндө,

Ай жаныбарым бууданым,

Айбан да болсо тууганым,

Араандай оозуң ача көр,

Кан аралаш ак көбүк,

Омурооңо чача көр,

Жериңди таптап баса көр,

Убара кылба сөзүмдү

Уят кылба өзүмдү.

Күрмөп койбо алымды,

Күйгүзө көрбө жанымды.

Калып калсаң жаманат,

Тайторудай бууданды,

Бүгүн табыш кылам аманат.

Көңүлүжаман бөлүнүп,

Көзүнүн жашы төгүлүп,

Жашып туруп калды эми.

Алты жүз кырк үч тулпарга,

Аманат деп торуну,

Кошуп туруп калды эми.

Ушинтип Орок манасчы келаткан жүздөгөн аттардын ар бирин сыпаттап сүрөттөп олтуруп, акыры Тайторуну чыгарып токтоду.

– Ырахмат ата, жетишет!..

– Кызып кеткенде көкүрөктө турбаган кайып сөздөр көп кошулуп кетет... «Чоң казат» турганда булар бутагы да. «Манастын» учу-кыйыры жок, көл соолобу...

– Чоң манасчылардан кимдерди көрдүңүз?

– Сагымбай менен Шапак Рысменде уулунан көп уктум...

Көрө-көрө көсөм, сүйлөй-сүйлөй чечен болот. Күлүктүда күнүгө чаап, сөөгүнөн тер алып жүрүп, камбар өпкө болуп, анан күлүк болот.

Табына келген буудандар,

Суулугун чайнап кемирет –

деген экен. Сөөктө болгон үчүн айтып жатам да...

Айтылып жүрсө эң сонун,

Адамдын кылган өнөрү.

Көпкө ырдап жүрсүн деп,

Көк таңдай кылып төрөдү.

Алтындай кепти жашырбай,

Эми арткыларга берели...

Карылыктан качканда,

Каргаша деген өлүм бар.

Тилимди алса өлүмгө,

Барбасам деген кебим бар.

Тилиме чыккан сөөлүм бар,

Таңдайга жазган мөөрүм бар.

Алатоо аттуу жерим бар,

Ак калпак кыргыз элим бар.

Эркин өскөн элимди,

Эриктирбес демим бар.

Жаштарга кебим жагымдуу,

Менин жаш эле болчу жөнүм бар, –

деп Орок ата небересин алдына алып:

– Алмазбегим онго чыкканча жетсем, «Манасты» ушуга берем го, көкүрөк күчүк болуп калды, – деп эркелетти.

– Чалдын китебин жазып берер киши болбойт го, – деп калды Сейде апа. – Баламдын кызы бар, ошого жаздырар.

Жөнөй бергенде сексенге чыкса да кайратынан жазбай, демдүүжана шайдоот жүргөн кара сур, сыпаа адам жаркылдап коштошту.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×