Добавить статью
7:49, 24 марта 2011 54606

Акын

Автор: СЫДЫК

Сыдык 1978-жылы ноябрь айында Сы­дык акынга (Бала ырчыга) атай­лап барсам карыя үйүндө экен, салам айтып учурашып, ал-жай сурашып, маектешип, эмне себептен келгенимди түшүндүрдүм.

– Жакшы келипсиң, айлана­йын. Билгенимди айтып берейин...

Сыдык ата бир буту сылтып бас­кан, арык чырай келген, өңүкара сур, орто бойлуу, кыраакы адам.

– Былтырбы, же мурдагы жыл­бы Фрунзеге келип, бир акын менен айтышпадыңызбы, ошолор эсиңизде барбы?

– Бар эмей!

– үзүндүсүнөн айтып койсоңуз.

– Жарайт. Ал акын:

Элиңдин аты эмине,

Жериңдин аты эмине,

Шаарыңдын аты эмине, –

деп бир аз созуп келип, кезекти мага берди. Мен:

Озунуп балам ырдадың,

Менден беш-алты сөздүсурадың.

Шаарымдын аты Ош болот,

Барган адам биз менен,

Ажырагыс дос болот.

Колхозум аты – Фрунзе,

Пермесинде жайылган

Жылкы, бодо, кой-эчки,

Жер жайнаган малы бар.

Кампасында толтурган,

Арпа, буудай даны бар.

Тоют үчүн камдаган,

Алты жылдык чөбүбар.

Ишенбесең чырагым,

өзүң барып көрүп ал.

Араван менен Карасуу

өрүк, жүзүм, алма бар.

Барып калсаң шо жерге,

Бышканынан үзүп ал.

Кара алтын – Ташкөмүр,

Сурьма, сымап кени бар.

Барып калсаң шол жерге,

Белек болоор зайыбыңа

Бир шише сымап куюп ал –

десем, «Мен качтым» деп жүгүргөн бойдон чыгып кетти.

– Сиздин устатыңыз ким болгон?

– Он алты жашымда Ботобай ырчыга кошулуп кеттим. Ноокат, Жүлгөдөн – Амира, Туяк, Ташмат, Кубат, Арзыбай, Абыл, үчүкө деген ырчылар чыккан. Ошолорду көрдүк.

Ботобай атактуу акын Орозаалы аке менен он үч жыл бирге жүрүп, кызматын кылып, батасын алган.

– Сиз көрүп калдыңызбы?

– Орозаалы мурун өтүптүр.

– Ботобай кандай киши эле?

– Ботобай жоош, кечиримдүү, куудул, нысаптуу адам эле. Мага насаат кылчу: «Балам, туз таткан жериңе кара санаба. Келин-кызына жаман көзүң менен караба, бирөөнүн акысын жебе, атыма салам деп, үй ээсинен бейжооп тамдын башына чыгып, бир боо чөп таштаба...»

Бозо, арак иччүэмес. Ошол үчүн эл аны жакшы адам деп, Ботобай акелеп сыйлашчу.

Ботобай бойдок маалында Чолпон аттуу кызга ашык болуп калып, «Ак Чолпон» деп ырга кошуп жүргөндө, ошол айылдын жигиттери каршылык кылышып, минип жүргөн атын кармап алып, куйругун кесип коюшат.

Саар менен караса, атынын куйругу кесилип калганын көрүп кошуп ырдайт экен.

Ботобай менден жыйырма беш жаш улуу эле. өз ажалынан өлдү. Мен мугалим болуп жүргөндө бар эле. Кийин көрбөй калдым. Төкмө эле.

өзгөндүн үстүндөгүЯссыда Жаныбектин атасы Сагымбайдын ашына Бекназар, Барпы, Нышан, Токтогул, Ботобай келишкен. Ошондо мен он сегиз, он тогуз жашта элем.

Кечеси коногуна Ботобай менен мени да чакырды. Барсам Токтогул, Барпы, Нышан, Көржолдош деген ырчылар олтурган экен.

Эң алды менен Барпы өлүм жөнүндө ырдап, өлүмдүтаза мактап токтогондон кийин:

– Ботобай аке, сизден дагы аз-маз угалык, – деп сурап калышты.

Анан Ботобай терме ырларынан кыскача ырдап барып, Барпыны Ботобай жеңди.

Токтогул угуп олтуруп:

– Ботобай чечен ырчы экен, – деп койду.

Этеке олтурсам:

– Бала кичине ырдап кой! – дешти. Анан мен ырдадым:

Сагын бийдин ашына,

Сексен төрт ырчы топтолду.

Эсиңди билгин ырчылар,

Санатта башың жоктолду.

Күңгөй менен тескейдин,

Топтолуп келди баары ырчы.

Ырчылардын ичинде

Токтогул акын кары ырчы.

Ботобай болсо чал ырчы,

Мен боломун жакшылар,

Он сегиз жашар бала ырчы.

Жамы ырчынын ичинде,

Мен боломун кичиги, –

деп бир топко созуп ырдадым. Токтогул бир карап койду, – деп Сыдык ата башынан кечирген өмүр жолунан кеп салып берди.

Сыдык – Бала ырчы 1894-жылы Ош шаарынын четинде Алайчы деген кембагал дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

үч жашка чыкканда атасы дүйнөдөн кайтат. Атадан эки агасы, бир эжеси, эки иниси бешөө Ажар эненин колун карашат. Тогуз жашка чыкканда көп узабай эле оокаттын тарынан Ажар энеси да дүйнөдөн кайтып, Сапар деген өгөй атанын колунда калышты. Эки агасы саал жетилип, көрүнгөнгө малай болуп, жанын багып кетти. өгөй атасы Сапар эжеси Сарагүлдүон төрт жашка чыкканда Атакул деген карыган чалга сатып, калыңын жейт.

Сапар атанын, жеңенин колунда жүргөндөн кийин, иниси да өлүп калды. Он эки, он үч жашка чыкканда Сапар Оштон өзбектердин субай малдарын топтоп, баданы алып чыгып: «Ушул малдарды бак», – деп ага тапшырат. Жылаңайлак, жаман чапанды этине кийип алып, бадачы болот. Заар менен баданы айдап кетип, кеч кайтып, бир көтөрүм куурайды терип, аркасына жөө көтөрүп келет.

Куурай алып келбесе, жеңеси Майрам:

– Эмне отун алып келбейсиң? – деп башка муштап, казаптайт. Ыйлаган бойдон атканага кирип, атасынын ээр-токумдарын төшөнүп, ээрин башына коюп, акырда жатып, өзүнчө бир кыңылдап ырдай турган болот.

Ошол кезде бир кыздын тою түшөт. Тойго келген адамдар аттарын байлап койгон жерден бир атты чечип минип алып ырдайт. Адамдар көрүп:

– Капырай! Бул ырчы болуп калган турбайбы! – дешип таңданышат.

Той ээси чөнтөк, байлап алышка белинде кур жок, дамбалынын тор ычкырына ороп-ороп койсо, ычкырды кыркып түшүп калат. Ошол кезде Абдыбаит деген жездеси анын кар болгонун көрүп:

– Сен баланы кар кылып коюпсуң. Акыры ушул балага салам айтасың! – деп акеси менен жеңесин жемелеп, жетелеп келген атынын үстүнө бир эски кийизди салгызып, атка мингизип, турган жери Кожогатка алып кетет.

Жолдо кетип баратканда аркасын кылчайып:

– Ырдап кой! – дейт.

Чаңкылдап ырдап калса, жолдун боюнда пахта терип жаткан келин-кыздар:

– Ий, ырчы, тура тур! – деп эки тыйын, бир чеңгел пахта берет. Пахтаны таштабай, койнуна салып коёт.

– Ала бер! – дейт жездеси күлүмсүрөп.

үйүнө барат. үйүнө баргандан кийин, бир тууган иниси Калматтын он төрт жаштагы баласы өлөт. Анын аялын чакырып:

– Жетимди тарбиялап, үстү-башын жакшылап бак, ушунун шарапаты менен ажеп эмес бала төрөп аласың, – деп насаат айтып: – Бир жылына он тогуз сом пул төлөйсүң, – деп баалап берет.

Малай болуп, бедени кыркып, саманга аралаштырып салып, эки уй, эки өгүз, атын багып от-жем берип жүргөндө ырдоочу болду.

Күз болуп, элде той-тамаша башталып, бир жактан кернейдин добушу чыкты.

– Курбанбайдын тою башталыптыр! – деп аңыз кылып калышты.

Жигит-жалаң топтолушуп, жыйырма-отуз аттуу болуп, аны тойго алпарып ырдатабыз дешип, Касым деген кишинин тайын токуп, мингизе турган болушту. Бутунда өтүгүжок.

– Айылда бир таштап аткан эски өтүктөр болсо, таап келчи! – деп, бирөөн айтты.

Ал барып бирөөлөрдүн таштап салган бири кара кайыш, бири кызыл кайыш эски өтүгүн кийгизип, тойго жөнөттү. Той Коргончо деген жерде экен.

– Сыдык, Курбанбайдын тоюна келдик, кана ырда! – дешти эле:

– Курбанбайдын тою экен,

Курсантчылык зор экен.

Элдин баарын топтоптур,

Эл каттасын жоктоптур.

Калктын баарын чогултуп,

Камдаганын бериптир,

Калбастан көп эл келиптир, – деп ырдайт.

Бир маалда ырын токтотуп, көзүн ачып караса, эл ортого алып, аялдар кант, май беришсе, тойго келген жигит куржунга салып чогултушууда.

Ошентип ырдап турганда аялдар:

– Баланы бизге бергиле. Силер улагыңарга кеткиле! – дешип чуркурап калышыптыр.

Эркектер баланы аялдарга таштап, тамашасына чыгып кетишти. Топтолгон аялдар бир шатыны алып келишип, шатыга чыгарышып, ошол жерде ырдатышат.

Жетим элем жетилдим,

Жеңелер ырым уккула,

Адам болуп тетилдим.

Атамдан калдым үчүмдө,

Ата деп ээрчип жүрө албай,

Атанын доорун сүрө албай,

Арманым көп ичимде.

Энемден калдым тогузда,

Калбас эле арманым.

Ата менен эненин

Дидарына тойгузса.

Агада жүрдүм алты жыл,

Жеңеде жүрдүм жети жыл.

Жайы-кышы тыным жок,

Талаада бада бакканым.

Күз маалы болгондо,

Адырдан шыбак чапкамын.

Кечкурун жатаар маалда,

Токумду салып астыма,

Ээрди коюп башыма

Акырда ыйлап жаткамын.

Азапты минтип тарткамын.

Ошентип жүрүп кор болуп,

Ырчылыкты тапкамын.

Баданы багып кыйналып,

Желкеме отун көтөрүп,

Кечкурун келсем темселеп,

өгөй жеңе бээ саап

Кызматыма таң бербейт

Колума бүтүн нан бербейт, –

деп ырдаса аялдар шакек, тыйын, оромол жоолук беришти. Ырдап жатканымда кемпирлер жашып ыйлашты.

Тойдон кайтып келип, атканада аттарды, малдарды карап кыңылдап жүрсө, түнүндө жездең чакырат, – деп бир бала келет. Барса жездесинин жанында бейтааныш, семиз томолок киши олтурат.

Жездеси айтты:

– Сыдык, мынабу киши Ботобай деген атактуу ырчы. Бая­гы тойдо сени көргөн экен. Баланы мага бергин, тарбияла­йын деп келиптир. Ушу кишиге берейинби?

– Жезде, сиз билесиз...

– Көрдүңбү, Ботобай мунун эсин. Бул адам боло турган бала. Кием дегенин кийгизип, ичемин дегенин ичирип, көңүлүн азар бербей тарбиялагын. Арызданып келсең, Сыдык азабыңды беремин. Экөөңдүн чатагыңды ачып коёюн. Жылына кырк сом пул төлөйсүң.

Анда Ботобай:

– Макул аке, сиздин айтканыңызды кылам, – деп атына учкаштырып Булакбашыга алып кетти.

Ботобай үйүнө жакындаганда боз үйдөн келин чыкты:

– Ошо келинге мен куштармын, бир ырдап кой! – деди. Аркасында учкашып келе жатып ошондо ырдады:

Боюңду көрсөм боздоймун,

Элесиң көрсөм эстеймин.

Карааның көрсөм какшаймын,

Тамагың көрсөм тамшанам

Качан сендей жар алам, –

деп барып аттан түшүп калышты. үйгө түшкөндөн кийин ырдатпады. «Ботобай бир бала алып келиптир. Кандай бала экен?!» – дешип, коңшу-колоңдору чогулушуп калышты.

Ботобай өзүбазарга чаап барып, кийим-кече сатып келип, жакшылап кийиндирип, кашка тайга күмүш жабдыкты токуп, Сыдыкка мингизип алып, маараке чыккан жерге алып барып, тойдо, ашта, ошолор менен оро-пара болуп ырдашып жүрдү.

Ноокатта Абдыкалык амин той кылып, тойдо көкбөрүберилип, улакчылар жолдо улак тартып жүрүшөт.

Ботобай, Арзыбай, Ташмат, Амира ырчылар келишкен. Ошолордун ичинде Сыдык ырдап турса, семиз жоон Ташмат ырчы анын ырына каршы чыккандай болуп:

Элегиңден өткөзүп,

Элгеп ырдап турасың.

Кечээги чыккан бала ырчы,

Кеткен менен келгенди

Тергеп ырдап турасың.

Көп сөз бир сенин оюңда,

Келгендерди тергейсиң.

Тергөөчүболуп калгансып,

Буйругуң барбы колуңда.

Келгендерге сен өзүң,

Октолгонсуп ырдайсың.

Кең Ноокаттын боорунда

Жакында эле бала ырчы,

Сот болгонсуп ырдайсың, –

деп ырдап калганда Ботобай балага карап: – Аа! – деп койду. Анан бала ырдады:

Көңүлүм өсүп Ташмамат,

Толгонумду билбейсиң.

Жакында сот Ноокатка,

Болгонумду билбейсиң.

Нообатты эч бербейин,

Жакшылап мага жооп бер,

Эмесе сени тергейин.

Оор элең жеңилдиң,

Оокатың жок үйүңдө

Кембагалсың Ташмамат

Эмине жеп семирдиң?!

Ташмат жооп берип ырдады:

Оор элем жеңилдим,

Отуз жылдан бер жакка,

Оң менен солду жеп жүрдүм,

Көңүлүм куунак, деним соо,

Ошон үчүн семирдим.

Ырысы жок жетимдин,

Башкалар сөзүн угабы.

Сага окшогон карышка

Жеген жеми жугабы!

Сыдык:

Кышында баккан бордоку,

Кой семирер дечүэле.

Калың элди сугарган,

Зор семирет дечүэле.

Жайында жайлоо оттогон

Тай семирет дечүэле.

Актуу-боздуу кой айдап,

Бай семирет дечүэле.

өмүрүң өтүп кеткиче,

Көргөнүң жок бир койду,

Сага окшогон кедейге,

Семиришти ким койду.

Сен жарабайсың коного

Кошулбайсың жорого.

үйүңдө жатып көп ичип,

Семиргенсиң бозого.

Анда Ботобай ырдап калды:

Насия кылбай Бала ырчы,

Нак бергенсип ырдайсың.

Бозо кылып ичкин деп,

Ташмат аттуу акеңе

Жарым чейрек, он чака,

Шак бергенсип ырдайсың, –

дегенде эл дуу күлүп жиберди.

Осол болуп, ар кимге Ташмат ырчы:

– Бул бала ырчыны урамын, элге шерменде кылып абийиримди төктү, – дейт.

Анда Бакир мырза:

– Ташмат аке, сиз сот болуп калдыңызбы деп ырдаганыңызды жооп кылып ырдады. Ырчылыкка чыдаш керек, – деп айтат.

Ботобай ага тарбия берип, кээде экөө ырдашып да кетүүчү.

Маргалаң шаарынын ичинде эки-үч зооту бар Сейдакмат эшен деген чоң бай Аравандагы бир канча тойлорго келип, Ботобай менен Бала ырчыны көрүп, экөөнүн ырдашкан ырын угуп жүрүптүр.

Бул киши өзүчоң той берет. Ал тоюна Мансуркул болушту чакырып, Ботобай менен Бала ырчыны албай келбе деп дайындайт.

– Азыр кай жерден тапса болот, – деп сурайт Мансуркул.

– Кула, Окчу, Булакбашыдан тапса болот, – дейт бир киши.

Ботобай менен Бала ырчы Кула деген жерде базарда жүрсө, бир жигит кагаз берет. Кагазды нас сатып отурган өзбекке окутса: «Ботобай, Кал ырчы Маргалаңга Саит Ахмат эшендин тоюна көрдө болсоңор да тирилип келгиле!» – деп жазыптыр.

Муну уккандан кийин Ботобай баласын кошо алып, Акакеге барганда, аттарды андан кайтарып, поездге түшүп, Маргалаңга барышат. Барса чоң той экен. Молдо Тайчи, Амракул кары эки балаканга олтуруп, бири-бирден нооват менен азилде айтышты.

Усуп деген куудул чыгып тамаша кылып, элди күлдүрүп, өнөрүн көрсөттү.

Булардын аркасынан Сейдакмат эшен:

– Жакшылар, кыргыздан эки шайыр алып келгемин, мүмкүн болсо, ушулардын тамашасын көрсөк,– деп элге айтып калды.

Олтурган эл:

– Жакшы болот, жакшы болот, көрөлүк! – деп чуулдашып, жыйындын ортосуна эки орунтук коюп берет.

Ботобай топтоголок семиз киши.

– Бу кичине бала экен?! – деп адамдардын баарынын көзүбалада болду. Ошондо экөө ырдашып кетишти.

Ботобай:

Сейдакмат эшен той кылып,

Элдин баарын топтоптур.

Эсине алып тоюна,

Эки ырчыны жоктоптур.

Бул окшогон чоң тойго,

Келе бербейт баары ырчы.

Мен боломун жакшылар,

Карып калган чал ырчы.

Жанымдагы олтурган

Жаңыдан чыккан Бала ырчы.

Бир жагжаңдаган кал ырчы

Мындан башка ыры жок,

Телпегин алып көргүлө

Чокусунда жүнүжок, –

деп ырдап калды.

Эл дуу күлүп жиберишти. Сыдык:

Угуп тургун Ботобай,

Узун кылсын жашыңды.

Беш-алты жылдан бер жакка,

Ээрчитип жүрүп ырдатып,

Тынчытпадың башымды.

Тыталап жүрүп жок кылдың,

Төбөмдөгүчачымды.

Айтканыңда жалган жок,

Сен көсөөнүн дардинен,

Башымдын жүнүкалган жок.

Жулуп алган чачымды,

Кандай кылып топтойсуң?

Ээгиңди тиктесем,

Эликтен ашуун жүнүң жок,

Энеңе эле окшойсуң, –

дегенде адамдар кол чаап жиберишти.

Бир адам 25 сом пул берип:

– Мырза Каримбай көчөдөн ырдабасын, – деди.

Көрсө, Мурза Карим өзүчоң бай экен, көсөөлүгүн жанындагылар маскаралаптыр.

Ошондо секин Ботобай аке:

– Ырдай бер, кудай берди. Жакиттин казысы каллени ырдабасын деп отуз сом берди. Көрсө, кызы таз экен. Жанындагылар шылдыңдагандыктан, ырдабасын деп пара бериптир. Ошону менен ал той өттү.

Ботобай менен жыйырма бир жыл экөө бирге жүрүштү. Эл чогулуп келгенде Ботобай:

– Бул балага тең келе албайм, – деп көтөрмөлөп калуучу экен.

Ушинтип акын Сыдык Алайчы уулу Октябрдын таңы атканга чейин нечен кыйынчылыктарды башынан кечирет. Совет доорунда кат-сабатын жоюп, теңдикке жетишти. Сыдык ата 1927-жылдан 1953-жылга чейин мугалимдик кесипте нечен жаш муундарды тарбиялады. Ага «Кыргыз ССРинин мектептерине эмгек сиңирген мугалим» деген атактуу наам берилген.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

20-09-2014
Ата-бабалардын улуу мурастары эстетикалык билим-тарбия берүү процессинде (Скульптура сабагында)
61493

21-05-2013
Жусуп Абдрахмановдун махабаты
85127

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×