Добавить статью
8:14, 24 марта 2011 33311

Комузчу

нАРЫНДЫК Балалык кез. Дөрбөлжүндө турчубуз. Агам Сатаалы Нарын шаарына барган сайын дайыма ала кетүүчү. Нарында он чакты күндөп жүрүп да калуучубуз.

Кээде агам отпускасын Нарында өткөргөн кездери да болгон.

Эсимде, Мамажан деген бала экөөбүз, Нарын дайрасынын жээгине барып, балык кармап, сууга түшчүбүз.

Кээ күндөрүтоого чыгып, Аламышык тоосуна кандай адам чыгат болду экен деп тамшанып, ал жөнүндөгүуламышты айтып, өз акылыбыздын жетишинче талкуу­лашчубуз.

Бир күнүтоодон түшүп келе жатсак, төшкө жакын жердеги үй жанындагы көк шибер үстүндө, бир топ адамдар олту­рушат. Ортодо тери талпактын үстүндө орто бойлуу, сары чийкил карыя комуз чертүүдө. Биз дагы айланчыктап калдык.

– Бул карыя ким деген комузчу? – деп сурадым четтеги кишиден.

– Асанаалы ... – деп жооп берди кыскача.

– «Куу ингендин ботою», – деди Асанаалы жаңы күүгө толгоп. – Илгери бирөөнүн куу ингени ботолойт. Бир кербен келе жатат экен да, бир төөсүөлүп калып, анын жүгүн артуу үчүн: «Ушу ингениңди саткын, канча сурасаң берем», – деп ингендин ээсине оозунан чыккан пулун берип, кербен башы жолун улантат.

үч күнчүлүк, төрт күнчүлүк жерге барганда, желини ооруп, жайылып жүргөн жеринен, ботосун издеп качып жөнөйт.

Талдын башын сыдыртып,

Жардын башын кыдыртып

Ээрчитпедим ботойду.

Калы килем жаптырып,

Калайлуу жүгөн каттырып

Ээрчитпедим ботойду –

деп сыздап келаткан ингендин арманын комузчу өтө элестүүчертти. Биз дагы бир топ күүуктук да, ойногон бойдон жолубузга түштүк.

Арадан зыпылдап нечен жылдар өттү. Нарын шаарына барып Асанаалы атага жолугуп, күүсүн угууну эңседим. Анткени 1963-жылы Ыбырай Туманов өзүнүн күүлөрүн радионун фондусуна жаздырганда нарындык Асанаалы комузчунун күүсүдеп эки күүнүжаздыргандан улам, ал кишиден:

– Нарындык Асанаалы Ошур уулу кандай комузчу эле? – деп сурап калдым.

– Оо, Асанаалы бутактантып кара күүнүтаасын черткен күүнүн устаты, комузга жаралган киши эле. Атбашы, Нарындан кыл тырмагандардан анын алдына чыккан болгон эмес, – деди көздөрүн бажырайтып.

Ушундан соң Нарын шаарына барып калдым. Бул булкунуп аккан тентек Нарын дарыясынын жээгиндеги, эки капчыгайдын ортосунан орун алган татынакай шаар ичинен комузчу Асанаалы атаны издөөгө кириштим.

Элден сурамжылай баштадым. Жолдон эле биринчи кезиккен жигитти токтотуп алып:

– Комузчу Асанаалы Ошур уулун билесиңби? – деп сурадым.

– Билемин.

– үйүнө ээрчитип барасыңбы?

– Ал киши дүйнөдөн кайткан...

– үйүнө барууга тийишмин.

– Тоголок Молдо көчөсүнүн башында, төштүн алдындагы үйдө туруучу. Кийин үй-бүлөсүжаңы үйгө көчтүдеп уктум эле, азыр кайда экендигин билбеймин.

– Журтундагылар билишээр...

Ушинтип, экөөбүз маектешип олтуруп, төштүн алдындагы кичинекей үйдүн жанына келдик. Жигит айланасына жоодурай көз чаптырып, такырайта чабылган арыкты көрсөттү:

– Бир кезде мына бул арыктын жээги көпкөк шибер бо­лоор эле. Эртели-кеч бул жерге шаардын туш-тарабынан көп адамдар чогулуп келишчү. Асанаалы ата комузун таңшытып, миң кубултуп сайратып чертип олтуруучу, талып-чаалыгып да койчу эмес.

Аңгыча бир карыя жайыраак басып, биздин жаныбызга келип, аңгемебизге аралашты.

– Асанаалыны бул киши жакшы билет, кошунасы, – деп алиги карыяны көрсөттүжанымдагы жигит.

– Бул Нарын өрөөнүнөн Асанаалыны кимдер гана билбейт. өзүнүн көзүөтсө да, анын күүлөрүбиздин жүрөгүбүздө...

Кечинде комузчу Асанаалынын үй-бүлөсүкөчүп келген жаңы үйүн таптык. Ал үйдө далайга чейин аңгемелештик. Асанаалы атанын өмүрлүк жолдошу Букей апа комузчунун өмүрүнүн акыркы күндөрүнөн айтып берди.

– Асанаалы эки жылча төшөктө жатып калды. Кишиге сөз айтчу да эмес. Олтуруп черте эле берүүчү. өлөөрдөн эки-үч күн мурда, астына олтургуч койдуруп алып, комуз чертип жүрдү. Бир топ сакалдуу кишилер келип:

– Ыя, Асаке, комузду кантип ушундай танбай чертесиз? – деп сурашса:

– Бир көкүрөктүн сокуру жаман, менин жүрөгүм чечен, – деген жооп сөзүн айтты.

өлөөр күнүнүн мурунку түнүтөшөгүн оңдоп салып, жаздык коюп берсем, колун сунуп, жаңдап комузун сурады. Көрсө, ал тилден калган экен. Комузду алып берсем, күүлөп алып, тарсылдатып черте баштады. Бул түнүтаң атканча чертти. Жакын санаалаштары, тууган-туушкандары чогулуп келип, кунт коюп угуп олтурушту. Ушинтип, ал өмүрүнүн акырына чейин күүчертүүдөн танган эмес...

Комузчу Асанаалы Ошур уулу Нарын өрөөнүндөгүДөбөлүүдеген жерде жардынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жети жашынан баштап комуз черте баштайт. Он жашка чыкканда атасы өлөт. Кийинчерээк энеси каза табат. Бой көтөрүп, эр жеткенче жети-сегиз жыл ар кайсы байларда жалданып малай жүрүп, нечен кыйын кордуктарды башынан өткөрөт. Кийин атактуу комузчу болуп чыга келгенде гана малайлыктан бошонуп, эл ичине комуз чертип кетет. Карыялардын айтуусуна караганда Асанаалы чертип жатат дегенде, ошол үйгө эл толуп калуу­чу экен.

Улуу Октябрь революциясы жеңгенден кийин гана Асанаа­лынын бактысы ачылып, өз теңдиги колуна тийди. Бүткүл Нарын өрөөнүндөгүталанттууларды чогултуп, Нарын театрын уюштурууга көп күч жумшаган. 1936–1938-жылдары кыргыз филармониясына артист болуп кирип, кайтадан Нарын шаарына көчүп барып, пенсияга чыкканга чейин Нарын театрында белсенип эмгек кылган. Ал 1958-жылы 28-мартта 78 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Анын жүрөгүнөн сызылып чыккан «Кара чий», «Керөзөн», «Кыз Дарыйка», «Карыялардын кеңеши», «Кыз ойготоор», «Ат кетти», «Карылык» аттуу түбөлүккө жашоочу классикалык күүлөрүэлге кеңири белгилүү.

Ал сыпаа, жөнөкөй, билген күүлөрүн толук чечилип чертип берген, кең пейил адам болуптур. Андан ондогон комузчулар таалим алып, өсүп чыкканы маалым.

«Жакшынын өзүөлсө да, сөзүөлбөйт» деген макал бекер айтылбаптыр. Асанаалынын өз колунан күүлөрүжазылып калбаса да, шакирттери: Тяньшань районундагы Жанбулакта Муса Молдоканов, «Эмгекчилде» Абдырахман Кыдырбай уулу менен Курманалы Нусуп уулу, Ленин атындагы колхоздун Алыш айылында Бүдө Омокеев, Жданов атындагы колхоздун Ортонура участкасында Жакып Бейчериков, Нарын шаарында Жусуп Самаков, Жапар Садабаев, Султан Майлыбаевдер Асанаалынын күүлөрүн сайратып чертишип, өз устатын ооздорунан түшүрүшпөй, дайыма кадырлоо менен сөз кылышчу.

Кийинчерээк карыя комузчу Курманалы Нусуп уулу Асанаалынын айрым күүлөрүн республикалык радионун фондусуна жаздырган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×