Добавить статью
8:23, 24 марта 2011 7703

Кыякчы

Автор: ДЫЙКАНБАЙ

1978-жыл, күз айы. «Кыргызфильм» киностудиясынын кызматкерлери кыякчы, акындарды Ноо­каттын Кыргызата деген жеринде киного тартып бүткөндөн кийин, мелтиреген көк кашка асфальт жол менен Ошту көздөй бет алдык.

Аңгыча сексен жаштагы карыя Калбек уулу Марат комузун алып, мындайча сүйлөп калды:

– Талдыктан чыккан үсөнбай комузчу Токтогулга барган экен. Ошондо минтип ырдаптыр:

Оштун үстүн сурасаң,

Ачы деген жери бар,

Ак буудай жеген эли бар,

Анан өйдө сен барсаң

Талдыктын суусу ташканда,

Тоо башынан ашканда,

Таалайыңды көрсөтөт.

Чыйырчык башы чын токой, көйкөй,

Чымчыгы сайрап кетпеген, көйкөй,

Күлүшө башы гүл токой, көйкөй,

Күкүгүсайрап кетпеген, көйкөй.

Алайдын башы Айдама, көйкөй,

Айланып элге конулсун, көйкөй –

деп комузун таңшытып бир нече күүчертти.

– Мен дагы бир «Көйкөй» айтып берейин, – деп Дыйканбай кыягын күүлөдүда, шаңданып ырдап кирди.

Папандын башы бак арча, көйкөй,

Талдыктын үстү, чаар арча, көйкөй.

Чаар арча чыгып жайкалсын, көйкөй.

Чаарала кулун байласын, көйкөй,

Сабада кымыз кайнасын, көйкөй,

Күлүштө үстүүчдөбө, көйкөй,

үчдөбө үстүШишдөбө, көйкөй.

Шишдөбө чыгып жайласын, көйкөй,

Ширгелеп кулун байласын, көйкөй,

Шириде кымыз кайнасын, көйкөй.

Келген эл жайлап кең конгон, көйкөй,

Кең Алай сендей жер кайда, көйкөй,

Алайдын үстүПордөбө, көйкөй,

Пордөбө үстүЗордөбө, көйкөй.

Зордөбө чыгып жайласын, көйкөй,

Чогултпай кулун байласын, көйкөй.

Чогуу бир кымыз кайнасын, көйкөй,

Аңкаган жерге туш болсун, көйкөй,

Ошондо көөнүкуш болсун, көйкөй.

Дыйканбай кыякчыга жакыныраак олтурдум да:

– Сизге суроом бар? – дедим.

– Айтың?

– Кыякты кимден үйрөндүңүз?

– Алгач комуз үйрөнгөм. Менден жыйырма жаш улуу жакын тууганыбыз Төрөгелди уулу Бегаалы кыяк тартып, комуз чертчү. Ошол кишиден он эки жашымда кыяк тартканды үйрөнгөм. Бөлөм Тайбак Камчы уулу кыякчы эле. Колумдагы ошонун кыягы. Бул экөө тең кырк биринчи жылы чоң согушта курман болуп кетишти.

– Асанбай аке сизге кыякты кандайча үйрөттү? Кыяк жөнүндө эмне дечүэле?

– Асанбай аке кыякты эрте туруп алып тартчу. Элди кыяк менен ойготчу. Ошондо кыягынын үнүкулагыма жакшы угулчу эле. Айлыбыз коңшу. Жайлоого бир чыгып, кыштообуз да бир болчу. Бирге жайлап, бирге кыштоочубуз.

– Балам, карагайдын чайырын сүйкөсөң үнүкооз чыгат, – деп мени олтургузуп, – кыяк жакшы, адамдын көңүлүн ачат, бул өнөр, үйрөтөйүн, үйрөнүп ал, балам, – деп ал киши аттын куйругун самындап жууп, кургатып, андан кийин санап, жетимиштен бөлүп эки кылга бир жүз кырк кыл тагат. – Биринчи буроону жакшы билгин, алдыңкы кылы катуу, үстүңкүкылы жумшак буралат. Жорго, күлүк аттын кылы жакшы сүйлөйт. Андан кийин карагайдын чайырын кайнатып, кыяктын алкымына жабыштырып кой. Анткени тартышка оңой болот. Элдин көңүлүн ачып, мен кыяктын аркасы менен кадырлуу болдум. «Карагулду» тартканда муңдуу аял-эркектер ыйлоочу эле, – деп сүйлөөчү. Ошондон баштап кыякты өздөштүрө баштадым.

– Москвага кайсы жылы бардыңыз?

– 1974-жылы август айларында Москвага кылкыяк тартканы чакыртып, алып барган.

– Эми сөзүн айтып, күүлөрүңүздөн тартып бериңиз?

– Күүнүн башы «Бекарстан» болот, балам, – деп бул күүнүтарткандан соң, удаасы менен «Паризат», «Дарды өттү», «Терс күү», «Ботой», «Тейиттин уулу Ак кочкор Каңкы», «Кү­рөңкөйдүн соолума», «Карабашыл Ак токту», «Кара күү», «Керме тоо», «Жабышбектин кызынын күүсү», «Желпиме» ж. б. күүлөрдүтартты.

– «Бургуй». Акеси – Бургуй, укеси – Шыргый эки бир тууган экен. Жаш жигит Бургуй колукту алып, сегиз күндөн кийин куш салганы талаага чыгып кетиптир. Куш салып жүрсө, капыстан жоо тийип, кармашта мерт болуптур.

Ошондо зайыбы ыйлаган экен.

Ак зоонун башы Терметаш, Бургуй,

Алганың калды керме каш, Бургуй.

Көк зоонун башы Терметаш, Бургуй,

Көргөнүң калды керме каш, Бургуй.

Чырмаган чийиң чече элек, Бургуй,

Чымчыган көгүң кете элек, Бургуй.

Барарда атың жорголойт, Бургуй,

Келээрде каның шорголойт, Бургуй.

Барарда атың эбелейт, Бургуй,

Келээрде каның себелейт, Бургуй.

Көк зоонун башы саралуу, Бургуй,

Көргөнүң калды каралуу, Бургуй.

Ак зоонун башы саралуу, Бургуй,

Алганың калды каралуу, Бургуй.

Дагы тартыңыз, Дыйканбай аке, – деп сурап калды Таип кыякчы.

– «Кожожаш» деген күү.

О, Кожожаш, Кожожаш,

Тоорулуп турган жагыңа,

Долоно чыксын бутактап,

Калаарсың эми Кожожаш,

Кара жерди кучактап.

Кайрыла турган жагыңа,

Карагай чыксын бутактап.

Калаарсың эми Кожожаш,

Кара жерди кучактап.

Оюлманын он теке,

Оюл-кыйыл бас теке,

Кожожаш эми өлдүэле,

Эми жаның тын теке!

Куур баштуу куу теке,

Кубалашып бас теке.

Адил мерген өттүэле,

Эми жаның тын теке! –

деп күүнүтартты да:

– Эми «Бекташ» деген күүнүтартып берейин, – деп калды. – Бекташ өлгөндө аялы ыйлаган экен:

Көк ала кушта туур жок,

Курусун Бекташ ойронум,

Көрүп бир сүйөөр уул жок.

Ак ала кушта туур жок,

Курусун Бекташ ойронум,

Алып бир сүйөөр уул жок.

Ушинтип, жолдо карай Дыйканбай ата кыягын тартып бирге келаткандардын жарпын жазды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×