Добавить статью
8:40, 24 марта 2011 37501

Жомокчу

Бүб алтыбай кызы Атасы Баатырбай уулу Алтыбай алты айында төрөлүп, керегенин башын кыдыртып, жылуу ороп, баккандын күчүменен адам болот. Энеси Таштанбек кызы Күңүтай эгиздин түгөйүэкен. Ошого карабай өзүолбурлуу, колунан бардык иш келген, элге өтө кадырлуу болгон.

БүбүАлтыбай кызы 1886-жылы Ысыккөл областынын Аксуу районундагы Жайылма айылында, кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Төрт эркектин ортосунда жалгыз кыз болуп, саал эрке өсөт. «Жалгыз кызым, жалама тузум», – деп, ата-энеси көзүн карап, аябай эркелетчүэкен. Бөтөнчө таятасы Таштанбек мейримин салып:

– Жээним уз болот, колу эптүү, көзүкөрөгөч – деп, аябай золобосун көтөрүп, ак батасын берип, келечекке шыктандырыптыр.

Чоңсаройлук Турдубай конок болуп, Бүбүчай сунуп отурган кезде, маңдайы жарык, жасаганы орундуу, баскан-турганы шайдоотунан келген бойго жеткен кызды келин кылып алам деп, ичинен тилек тилеп отурат.

Кудалашалы дегенден жазганып:

– Алтыбай достошолу, достун түбүкуда дейт. Аны буйрук билет, көл жээгине конок болуп кеткиле – деп, күн болжоп чакырып кетет.

Атасы, энеси, Бакаш болуп ат жабдык, кийим-кече алып, барып калышат.

Чай ичип, эт жешип, эртеси эркектер дөңсөө жерге чыгып, өздөрүнчө аңгеме куруп, көпкө сүйлөшөт.

Бүбүнүн энеси дагы эрте туруп, алардын тиричилигин, аялдарынын оокат жасаганын карайт. Уйларын, койлорун саап, бардык сүттөрдүчыпкалабай чоң казанга куюп бышырат.

Карап турса, сүт эмес эле сапсары суу, ошондон энеси жүрөгүайнып кусат. Жылмалап «оорусу бар» деп коюшат. Аттанар кезде бир көк ат, он кез болотнай берет.

Ошондо энеси балдардын ой-максатын байкап, жүүнүбош баласын көрүп:

– Ыракмат, келиш-кетиш дагы болот. Биз көл айланып Арбото, Шерботолорго барабыз – деп, бергендерди албай, аттанып кетишет.

Атасы башкасын байкабай:

– Аттиң ай, көк ат чапса, мөрөй алып берчүкүлүк болчудай – деп өкүнөт.

– Ушундай Сасыкбайга кор кылбайм, маңги баш баласына кызымды ыраа көрбөйм, абышка бул сөзүмдүэч кимге оозуңдан чыгарба, – дейт энеси.

Жайылмада: «Кызына куда түшүптүр, жөн эле достошуптур» деген ар түрдүүсөз чыгарышат.

Эл оозуна кирген сулуу кыз, күлүк атка кимдин болбосун көзүтүшөт да. Эл ичинде Мактым байбиче, Бектен, Алиякпарлар малдуу, кадырлуу адамдардан болуп, оозго кирген. Баарысы акылдашып, кепти бышырып, апасына:

– Алтыбай, кызыңа куда түшөбүз – деп айттырып, кебез байлаган тору ат менен сегиз кара алып келип, ак бата, кызыл кан – дешип, мал союп, аны жегенден кийин жакшы тилектер айтылып, тарап кетет.

Бүбүболсо көрүнбөй көшөгөдө ыйлап, башын көтөрбөй уктап калат. Аны кыз каадасы ошол деп, жалынып тургузушат.

– Кыз жыргар жерине ыйлап барат, куурай турган болсо, күлүп барат. Багың ачылсын, ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн, эми сен өзүңдөн улуулардан ыйба кыл, суук көзгө түшпө, бойго жетип калдың – деп энеси акыл-азатын айтат.

 Баягы чапчаң сүйлөгөн Бүбүтоктолуп, жүк бурчуна отуруп, иш кылып, сайма сая баштайт.

Мамбетсейит Бүбүменен баш кошуп, бала-чакалуу болуп, бактылуу өмүр сүрүшөт. Ал элдик жомокторду көп билчү.

Кийин Мамбетсейит кызы Зыйна жазып алып, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүнө тапшырган.

1977-жылы 21-июлда дүйнөдөн кайтат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

26-04-2011
Жомоктор топтому
39055

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×