Добавить статью
11:27, 26 апреля 2011 37978

Жомоктор топтому

СЫРДУУ ШАКЕК

өткөн бир заманда бир Нуржан деген кишинин Айкыз, Гүлкыз, Нуркыз аттуу үч кызы, Сарытай аттуу жалгыз баласы болуптур. Анча-мынча чарбасы менен жан багуучу экен. Күндөрдүн бир күнүндө Нуржандын жубайы дүйнөдөн кайтат. Нуржан аялсыз жүдөй баштайт. үйлөнөйүн десе – балдардан коркот, үйлөнбөйүн десе – жалгызчылык жүдөтөт. Таң атса кеч кирбейт, кеч кирсе таң атпайт. Анан кайып каскагынан бир түш көрөт, түшүндө:

– Нуржан, кыздарыңды күйөөгө калыңсыз бер! – деп, аян кылат. Нуржан ойгонуп, кайра уктайт. Баягы түш кайра кирип, колуна бир нерсе карматып кетет. Ал Кызыр Нияз аттуу сыйкырдуу шакек болуп чыгат. – Бул шакектин атын айтып чакыр. Каалаганыңды жасап берет – деп, көздөн кайым болот баягы үн. Уйкудан көзүн ачып караса, шакек оң бармагында экен. Ордунан туруп, ары-бери басып ойлонуп, үйүндө оокат болбогондуктан:

– Дасторкон толтура болсун, семиз козунун эти менен мейиз салынган казан болсун! – деп буйрук берет. Бир пастан кийин барлык сураганы астына жайнап калат. Нуржандын дүнүйөсүтүгөл, жыргап калат.

Нуржан тирүүтуруп эле баласына керээзин айта баштайт.

– Мен жан бергенде бир дубана мени сууга жууп жатканда, бир дубана мени көргө коюп жатканда башка бир дубана келет. Эжелериңди ошолорго калыңсыз бер. үйдө болгон оокатты да ошолордон аяба. Шакек калса болду, гүлазык ошол сага, – дейт. Бирок шакектин атын эч качан башка бирөөгө айтпасын өтүнөт. Сырдуу шакекти Сарытайдын колуна салат.

Арадан көп күн өтпөй Нуржан каза табат. Баягы дубаналар атасынын айтканындай келет. үч эжесин өлгөндүн керээзи катары берет.

Сарытай атасынын керээзин акырына чейин аткарат. үй оокатын бүт бойдон таратып, көз көргүс, кулак уккус жакка жөнөйт. Көп жол басат. Шакектен ырайым алууну таптакыр унутуп калат. Кыйналат, арып-ачат. Бир маалда бир чоң дарыяга келип такалат. Чабак уруп өтөйүн десе, бечара чабак урганды билбейт. Бирок тобокелге салып, сууга кирет. Суу агызып кетет. Бир маалда көзүн ачса, агындылар жей баштайт. Кайдан-жайдан экенин ким билсин, бир чоң балык жонун тосо калат. Ошентип, жан алакетке келип жатып суунун өйүзүнө чыгат. Ал жагын тирмийип карап отурса, калың токой көрүнөт. Эптеп ага жетет. Токойдон жер-жемиш терип жеп, кичине сеп алат. Токойго үйүр алып, ошол жерге түнөп калат. үйүр-үйүрүменен жырткыч айбандар тегеректеп келет. Дарактын башына чыга качат, болбосо жеп коё турган. Дал ошол дарактын башында таңды атырат. Баягы жырткычтар бирин бири жеп отуруп түгөнөт.

Сарытай сапарын дагы улантат. Жүрүп-жүрүп отуруп бир мелжиген тоого келет. Туш-тарабынын баары тоо, зоо. Жол таба албай кыйналат. Анын үстүнө ачка. Тизесине башын коюп отуруп уктап кетет! Аңгыча периштелердин үнүугулат.

– Бул адам баласы экен. Жардам кылалы, бечара уча албай калса керек. Эптеп тоодон өткөрүп коёлу, – деп, Сарытайды төрт жеринен тиштеп жөнөйт. Алар тоонун үстүнөн түз талаага түшүрүп коюшат. «Эми, өлбөйт экемин» – деп, жашоодон үмүт этип калат Сарытай. Тилекке каршы, шамалы арылдаган жер экен, ага кабылат. Күндүн көзүачылбайт, бороон-чапкын. Бөён-чаян. Булардан эптеп кутулуп чыгат. Бир эски короого кирет. Ичинде чал-кемпир отурат. Сарытай өзүнүн чарчаган-чаалыкканын унутуп калып, эки карыга аябай боору ачыйт. Сарытай аларга уул болуп алат. Кемпир-чал аябай кубанат. Жаман үйүнө Сарытайды жаткырып:

– Уулум, сага айтарым, түн ичинде тышка такыр чыкпагын! – дейт да, абышка-кемпир уктаганы кирет.

Бир маалда Сарытай: «Эшигинде эмне сыр бар экен, көрөйүнчү», – деп, тышка чыгат. Асманда эки ай бар экен. Азан маалына чейин карап турду. Бир ай жалп этип өчүп, жер бети караңгы тартып калгандан кийин, Сарытай өз жайына барып жатты. Сарытай ата-энесине эч нерсе сездирген жок. Чал баштыгын алып шаарга кетти. Кемпири үйдө калып, аны-муну сүйлөшүп отура берди. «Түндөгүокуяны айтсамбы» – деп, далай жолу өзүн токтотту. Ошондой болсо да Сарытай түндө тышка чыкканын, эки ай көргөнүн айтты кемпирге.

– Жырткыч көрүнбөдү, айдын эмне сыры бар, айтып таштасаң? – деп, Сарытай жалынды.

– Ата балам, ай, кой десе болбодуң, эми болуптур – деп энеси кебин баштады. – Падышанын бойго жеткен Сахипжамал аттуу кызы бар, ал кыздар менен ар күнүкан сарайында ойнойт. Кыз өтө сулуу, ошол нур асманга көтөрүлөт. Жер бети жарык болгону – кыздын ай-жамалы, таң атарда жок болуп калганы – анын үйгө кирип кеткени.

Сарытай муну угуп, муун-муунуна тийбеди, ичи жалындап сүйө баштады. Ошого ашык болуп, өзүн араң токтотту: «Кандай кылам?» – деп, ойго батты. Эмне кылаар айласын таппады. Сарытайдын ичи күйүткө чыдабай, үч күнүкөкүрөгүн сыга коюп, жүрөгүн кандай дарт чалганын айтпай, башын көтөрө албай жатты. Муну чал байкап, баласынан сынап сурап кирди.

– Сахипжамалга ашык болдум, ага үйлөнбөсөм, өлөм! – деди бала.

Сарытай эмне кыларын билбей, маң болуп жатып Кызыр Ниязды көзүчалып калды. Ордунан тура калып:

– Кыке, үйгө түрдүүтамак жайнасын, дасторкон толсун! – деп айтып коюп, энесинин кашына барды. Кайра келсе, үйдүн ичи толтура тамак. Кемпир эмне кылар аргасын билбей: «өңүмбү-түшүмбү» – деп, такыр ишене албады. Даамдуу тамактарды жей баштады. Бала даамдуу басылган күрүчтүооз тийип көрүп эле, жебей койду.

– Сахипжамалды мага алып бергин, – деп өтүндү.

Апасы болсо:

– Балам, бул жолуңдан кайт, падышанын кызын кедей алам деген эмнеси, такыр ылайыгы жок, – деп, кесе айтты.

– Анда менден ажырап каласың, ошол кызды албасам, кантип басып жүрөмүн, – деп жалынды. Апасы баласы үчүн өлсөм өлүп калайын, – деп кайыл болду кыйынчылыкка.

Кемпир удаасы менен үч күнүбарып падышанын үч дарбазасын жууду. Төртүнчүкүнүкороо-жайын шыпырды. Буларды кайтарган үч кароолчу уйкуга кеткен эле, кемпир ушундан пайдаланып көздөн кайым болоюн деп баратса, чакасы колунан түшүп кетти. Шарактап кароолчуларды ойготту. Кароолчулар кемпирди кармап, камап салды. Падыша уйкудан ойгонгондон кийин, кемпирди ага алып барды.

– Баягы билгизбей үй шыпырган адам ушул экен, биз кармап келдик, өзүңүз билиңиз – деп падышага таштап кетишти.

– Кана, кемпир, чыныңды айтчы, эл терең уйкуда жатканда сен эмне издеп жүрөсүң? – деп падыша кыстап сурады.

Анда кемпир:

– Балам сенин кызыңа ашык болуптур. Кедей-кембагал болсок да аргасыздан кечирим сурап келдим.

«Кемпирдин башын алсамбы?» – деп, жакшы көргөн вазирине акыл салат.

Анда вазир:

– Жок, падышам, колунан келбес иш тапшырыңыз – деди.

Мындан соң падыша:

– Кырк даана каухар берип, көчүрүп кете бер, аны таппасаң, кыздан үмүт кылбагын! – деди.

Кемпир падышанын сөзүн укту да, кулдук кылып, арты менен тышка чыгып, үйүн көздөй жөнөдү. Баласы утурлап тосуп турган экен. Сарытай ага:

– Апа, кападар болбогун, тамактанып алгын, – деди.

Кемпир тамактана баштады. Сарытай болсо Кызыр Нияз менен сүйлөштү.

– Эмнени каалайсың? – деп, Кызыр Нияз суроо берди.

Анда Сарытай:

– Кырк төө, кырк бээ, кырк качыр жана кырк эшекке толтура каухар жүктөлгөн болсун. Башкарып бара турганы жыйырма беш сулуу адамдардан дайындалсын, кийимдерди падыша өмүрүндө көрбөгөндөй камдалсын. Жыйырма беш адамдын кийимдерине каухар топчу, жыйырма жараган аттын көкүлүнө каухардан коңгуроо тагылсын. Ат жабдыктары келишимдүү, кымбат баалуу буюмдар менен чүмбөттөлсүн. Апам үчүн башкача даярдалган ат болсун. Падыша гана жалгыз эмес, вазирлеринин да эси оогудай болсун. Аттын бою он кез болсун, аттар да төөчө чөгүп турсун, жарашыктуу кийимдери менен апам минсин. Сахипжамал Сарытайдын түбөлүк жары болсун деген сөз, – деп, сөзүн бүтүргөндө Кызыр Нияз:

– Көзүңдүжум, анан ачкын! – дей салды.

Баягы айткан суроосу толугу менен аткарылды. Энесине келишкен көк ат даярдалып, эки жагында эки перизат.

Сарытай:

– Апаке, баарысы даяр болду, эми падышанын сарайын көздөй бассаңыз болот, – деп кайрылды.

Падышанын сарайын көздөй жөнөдү. Падыша вазирлери менен айланып жүргөн кезде кемпирди көрүп, көздөрүабдан тойду. Вазирине акылдашып, алардын ыроологондорун алды.

– Күйөө бала да келсин! – деп, кабар айттырды.

Сарытай сыйкырдуу шакекке дагы кайрылды. Кырк төөгө каухар жүктөтүп алып падышанын үйүн көздөй жөнөдү. Падышанын кызын Сарытай алат деген кабарды эл дүң кылып калган кез эле. Чогулган элге алтын, каухар чачты. Кырк күнүкыңшылатып, отуз күнүойнотуп, кызды Сарытайга кошту. Сонун үйгө жаткырып, эки сулуу келин жеңелик кылды. Падышанын эң жакшы деген үйүжаккан жок, Кызыр Нияз шаардын четине сонун үй салган, ал үй булуттун үстүндө болсун, астында май көл, сүт көл жасалсын деген өтүнүчүн сырдуу шакек аткарды.

Ойгонуп кетсе, баягы сонун үйдө жатат. Падышанын вазири, кызга жеңе болгондор жок. Жаңы сарайды жалгыз гана куурай саткан абышка көрүп калып, ошол келиптир. Мындан башка бир да жан жок. Падыша из кубалап жүрүп бир азем үйдө бейиштин тамагын жеп отургандардын үстүнөн чыгат. Сарайды көрүп, ооздору ачылат, эшик алдында алтын чачылып калган. Падыша менен Сарытай күн сайын ууга чыгышат.

– Бир сыр бар го – деп вазир Сахипжамалдан сынап сурайт.

Бирок Сахипжамал:

– Күйөөм сырын мага айткан эмес – деп, жооп кайрыйт.

– Анда күйөөң сени сүйбөйт экен, түбөлүк эр боло турганы арсар турбайбы, – деп капа кылат.

Сарытай уудан келсе, аялынын кабагы бүркөө, оор үшкүрүп, негедир тескери карайт.

Сарытай:

– Ооруп калгансыңбы, сага эмне болгон? – деп, колунан кармайт.

– Мени сен аялым десең, сырыңды айтат элең, экөөбүз убактылуу жашайт окшойбуз, каухар, алтын, ушунча дүнүйөнүкайдан тапканыңды эмне үчүн мага айтпадың? – деп, Сахипжамал такып сурайт.

Вазир болсо, эмне деген сөз чыгар экен деп, экөөнүн сүйлөшкөнүн тыңшап турат. Сарытай атасынын айткандарын унутуп, ашык берилди да, шакектин атын, сыйкыры менен далай немени жасай турганын айтып таштады. Кызыр Нияз суурулуп, вазирдин колуна барып салынып калды.

Сарытай ушинтип тура берсин, эми вазирден сөз баштайлы.

Шакек заматта вазирди, Сахипжамалды асмандын жетинчи кабатына чыгарып таштады. Ошол жерде жыргап, дооран сүрүп калышты. Сарытай ээн талаада калды. Аялын таппагандан кийин, падышанын алдына барып, болгон окуяны баштан-аяк төкпөй-чачпай айтып берди.

– Мен уктасам, кырк күн, кырк түн уктайм, мен уйкуда жаткан кезде болгон окуя экен – деп өкүндүжездеси. – Ошондой болсо да мен сага жардам берейин, – деп үмүттөндүрдү. – Кырк күндүк жолду кырк саатта басып коёбуз – деп, кырк саат учуп, ортончу эже-жездесине, дагы кырк саат учуп, эң кичүүэже-жездесине келишти. Эже- жезделеринин турмушу дурус экен, аны көрүштү.

Кичүүжездеси:

– Сенин кызматыңа жарайм – деп, убада берди. Сарай асмандын алтынчы катмарында экен. Жолу татаал, бирок кыйынчылык болсо да максатка жетпей койбойбуз. Кырк жылдык жол бар. Тоонун арасында бир чоң түп даракка зымырык куш уя салган. Ар жылы эки жумуртка тууйт. Ар жылы балапандары уча турган кезинде ажыдаар жеп коёт. Ошол ажыдаарды сен өлтүрсөң, зымырык каалаган жериңе жеткирет. Сен издеген сарайга ошол гана алып бара алат деп кеңеш берди. – Менин кармаганда бир карыш, шилтегенде кырк кулач созулган кылычым бар, ушуну ал. Куштун уясы кырк жылдык жол. Бирок мен көз ачып-жумганча алып барам – деп ишендирди.

Сарытайдын жездеси ашуудан ашуу ашып, таш басып отуруп бир белге жеткирип таштады да, өзү: «Куштун ачуусуна тийбейин» – деп, кетип калды. Зор дарак көрүнүп турат. Сарытай жай басып дарактын түбүнө келди. Алдындагы булакты көрдү. Суусунун кандырып алды. өөдө караса дарактын башында эки балапан. Акырын айбайлап карап отуруп, үргүлөп кетиптир. Чочуп тура калса, майда жамгыр – балапандардын көз жашы. Даракка оролгон ажыдаар балапандарды сорууга аз эле калган. Куйругу кырк кулач болуп сүйрөлүп барат. Сарытай ажыдаардын башын кыя чапты. Туш-туш жакка жалмаңдап жатып жаны чыкты. Ажыдаардын эти менен балапандарды жакшылап тойгузду. Бир жалбырак жегенден кийин Сарытай балапандардын тилине түшүндү.

– Энебиз келе турган маал болду, – деп, Сарытайды канаттарына катып таштады. Бороон, шамал, куюн, жамгыр, мөндүр жаап, зымырык балдарына жетип келди. «Жеп кетти» – деп, коркуп келген экен, болгон окуяны балдары айтып берди. Зымырык аябай кубанды.

– Айланайындар, ал кишини көзүмө көрсөт, – деди. Балапандар канатынын астынан Сарытайды көрсөттү. Зымырык кучактап, ыраазылыгын билдирди. – Кандай тапшырмаң болсо да аткарылат, – деди. Асмандын жети катарына жетишке кыйын болсо да, зымырык куш макул болду. Кырк чаначка суу, кырк чаначка эт даярдап, Сарытайды кондуруп:

– Оң жакты караганда эт, сол жакты караганда суу бергин, – деп, сүйлөшүп асманга атырылды.

Жакындап калганда азыгы жетпей калып, оң санынын этин, сол көзүнүн суусун азыгып берди Сарытай. Анан асмандын жети кабатына жетти. Дарбазанын жанына Сарытайды таштап, зымырык куш балдарына кайра учуп кетти. Дарбазадан шыкаалап караса, Сахипжамалды вазир өз төшөгүнө сүйрөйт, ал такыр болбойт.

– өз жарым бар! – дейт, эч бет бактырбайт. «Иштин баарысы менин оозумдун ачыктыгында» – деп да өзүн жемелейт.

Вазир уйкуга кирди. Сарытай убактыны таап:

– Кызыр Нияз – деп өзүнө чакырды.

Сыйкырдуу шакек суурулуп Сарытайдын бармагына келип калды. – Ушул турушубузда кайын атамдын жанына жеткир! – деди.

Көзүн ачса, кайын атасыныкына барып калыптыр. Вазир менен Сахипжамал уйкуда экен. Сарытай кайын атасына көргөздү. Падышанын аябай кыжыры кайнады. Кызын жемеледи. Дароо желдеттерин чакырып, вазирдин башын алдырды.

– үй-бүлөнүбузганды жек көргүлө! – деп, жар салды. – Антка-шертке бек Сарытайдай болуп өскүлө – деп, балдарына акыл айтты.

АЙЛАКЕР БАЛА

Илгери бир чоң шаарда ата-энесинен эрте ажыраган жетим бала жашайт. Ал өтө эле баамчыл, көрөгөч, айлакер. Бирок элден тилемчилик кылып, ошону менен жан багат. Бир күнүтилемчилик кылып келе жатса, алдынан бир киши жолугат. Ал киши баланын жөн-жайын угуп туруп:

– Атың ким, – деп сурайт.

– Атым – Айлакер, – дейт. – Ата-энем мен үчкө чыкканда өлүп калыптыр. Эми минтип тентиреп тилемчилик кылып жүрөм, – деп, ал-жайын толук баян кылат. Абышка: – Эй, балам, сен анда мага бала бол, бирок эмгекчил, ыймандуу адам болушуң керек, ошону эсиңден чыгарба – дейт.

Чал баланы киринтип, кийинтип, жакынкы чөйрөдөгүбалдар менен тааныштырат. Илбериңки, тирикарак баланы көрүп карыялар:

– Бул баланын колунан баары келет, азамат, өмүрүузун болсун, – деп, баталарын беришет.

Бала күндөн күнгө жетиле баштады. үй-короонун бардык сарамжалын айттырбай өзүжасачу болду. Тил алчаак, илбериңки баланы ата-энеси жакшы көрүп, багып алганына өкүнбөй жүрүштү. Атасы сынап оор-оор жумуштарга жумшайт. Барбаймын деп айтпайт, орундатып келет.

Бир күнүэшикте ойноп турган Айлакерди:

– Келчи? – деп, атасы жанына жакын чакырып, бактын башында эмне бар, балам, – дейт. Айлакер:

– Аксары куштун уясы, ата, куш азыр жумуртка басып, уясында жатат. Эмне кылайын? – деп, атасына кайрылат. Атасы:

– Эмесе, энесине билгизбей бир жумурткасын уурдап мага көрсөт, анан кайра аярдап өз ордуна салып коёсуң – дейт.

Айлакер бир жумуртканы уурдап түшүп, атасына аны көрсөтүп, кайра ордуна коёт. Атасы кечинде Айлакерге кайрылып:

– Колуң эптүү, өзүң илбериңки экенсиң, мен билдим, сенин колуңдан бардык иштер келерин. Айбандарга, канаттууларга тийбе, алар менен шилекей алышып дос болгун – деп, ак батасын берет.

– Айылдын аркы четинде короосунда көп эчкиси бар, бирок балдары жок, бир карын сары майы бар чал жашайт, майын же өздөрүжебейт, же элге бербейт. Жатканда да ууру алып кетет деп коркуп абышка-кемпир ортосуна алып жатат. Ошонун майын уурдап кел, ооруган кемпир-чалдарга берип, сообуна калалы, – дейт абышка.

Айлакер, тайманбаган, жүрөктүүбала көзгө сайса көрүнбөгөн караңгыда кемпир-абышканын үйүнө жетип барат. Сары майды ортосуна алып, экөө мемиреп уктап жатат. Айлакер шырп алдырбай кирип, ортосундагы сары майды илбесиндей илип, көтөрүп чоң жол менен жай басып үйүнө келет.

Абышка чочуп ойгонсо, май жок. Жашынан шок өскөн Айлакер баланы элестетет. Ошол алды деген ой менен Айлакердин атасынын үйүнө төтө жол менен келет. Барса, бала келген эмес. Айлакерди бир азга күтөт.

Аңгыча Айлакер майды көтөрүп жетип келет. Абышка майды колуна алып, кур чаканы:

– Ме, суу алып жетип кел – деп, шашкалактайт. өзүмдүн атам экен деп суу алып келет. өз атасы жолунан тосуп чыгып: – Балам, мен сени сууга эмес, майга жумшаган элем го, түн ортосунда суунун эмне кереги бар? – дейт. Айлакер абышкага алдатканын ошондо билип, жакын жол менен чуркап чалдын үйүнө барат, ал барса, келген эмес. «Сага жасабасамбы» – деп, аны күтүп турат. Ак жоолук салынып чыйылдап: – Кокуй, кокуй эчкилерди карышкыр кууп кетти – дегенде ал майды бере салып, белгисиз тарапка жөнөйт. Айлакер бир карын майды көтөрүп үйүнө келет.

Чал үйүнө келсе, эчкилер турат. Кемпири аябай жемелейт:

– Ой, көк мээ, сен карышкыр кубалабай эле, майга кетпедиң беле, май кана? – деп, ачуу үнүн чыгарат. Абышкадан Айлакердин амалы кыйын экенин билип: – Атаны кокуй, карылык деп, – санын чапкылап, отуруп калыптыр.

ЖАНЫБЕК МЕРГЕН ЖАНА АНЫН БАЛАСЫ

Илгери өткөн заманда, жан-жаныбар аманда көргөнүн жаза кетирбеген, көзгө атар Жаныбек аттуу мерген болуптур. Кайсы убакта болсо да жолу кан жара тарткандай кайберендерди атып келип, үй-бүлөсүменен кошуналарын шыралга берип кубандырган. Пейли кенен, өзүнысапка тарбияланган жигит экен. Адырдан аркар, куюлушкан кулжа атып, жырткыч айбандарды да атып жок кылып, элдин сообуна калат.

Аял албай көпкө чейин бойдок, табиятты жакшы көрүп, дайыма ач-арыктарга, оору-сыркоого каралашып, бата алып, оозго кирген азамат болот.

Бир күнүкийик атууга бир түрдүүсебептер менен үйүнө кеч аттанып чыгат. Самаган жерине жетпесин билип, атын отко коюп, жолдо калууга аргасыз болот. Ары-бери ойлонуп жатып уйкуга кетет.

Таңга маал түшүсыяктуу бир аялзаты:

– Жаныбек, уктай бересиңби, эл кетип калды, бачым турбайсыңбы? – деп, үн салып, көздөн кайым болот. Уккан кулагына ишенбей:

– Эй, сен кимсиң? – деп, үн салат. Эч ким жок. Айран-таң калып, капага малынып, атын токуп бастырат. Бирок такыр жолу болбоду. Күнүбою көзүнө эчтеке илинген жок. өзүнчө кайгырып, атын отко коё берип, айлананы карайт.

Абайлап караса, зоонун боорунда ээр токулган элик, үстүндө аялзаты көрүнөт. Эмне болсо ошол болсун, – деп бут жагына атып жиберет. Аял элик таштын жаракасына күп этип түшүп кетет. «Эмне болсо, ошол болсун» – деп, Жаныбек кошо кирет. Кирсе, алкымынан ай көрүнгөн сулуу кыз. Адегенде кыздын сулуулугу көз талдырып, Жаныбек чалкасынан кете жаздайт. Кыз:

– Сен кимсиң? – дейт.

– Мен Жаныбек мергенмин – деп сөз баштайт.

– Жаныбек, мени бекер атпадыңбы, эми кандай айла кылайын, аксап калдым – дейт да, – отуруңуз – деп, орун берет.

Кыз караган жактан шоола чачып, алтын, күмүш түспөлдөнүп кетет. Эки капшытта байланган улак, эчкилер. Алар кепшеп турушат. Туяктан жасалган идишке Жаныбекке айран куят. Тышынан кичине көрүнгөнүменен, айран канча ичсе да түгөнбөйт. Азыраак ичип, Жаныбек туяктагы айранды кызга сунат.

– Коно жатсаң да ичип, идишти бошот! – дейт.

Көрсө таңга маал Жаныбекти ойготкон ушул Айпери кыз турбайбы деп ойлонот. Кубанат, толкунданат.

– Эми кетип баратасың, – деп сыйкырдуу жайнамазын колуна карматат. – Жүрөгүң жүрөк экен, эч нерседен коркпойт экенсиң – деп, жолдо баян кылат. Экөө бирин бири сүйүп калат.

Бийик карды көрсөтөт. Анын ары жагында жапызча эки кыр көрүнөт. Ашып эң кийинки кырга барган кезде, алдынан тосуп бир кара, бир сары кыз чыгат. Алар болжолдуу жерге жеткенде: «Жаныбек жездем келди» – деп кубанып, жакшы күтүп алганга аракет кылат.

Жаныбек тигилген көп боз үйлөр, шарактаган кыз-келиндерди көрүп, өзүн токтото албай, жыгылып кетет. Эки балдызы эки жагынан колтуктап жөлөйт. Бир аз эс алат. Жаныбек эс-учун жыйнап, баягы сыйкырдуу жайнамазды башына жазданып, уктамыш болуп калат. Кыздар:

– Бизге бөтөн жактан киши келчүэмес эле, сыйкырдуу жайнамазды Айпери эжебиз атайлап берген го, – деп, өздөрүнчө сүйлөшөт.

Бир убакта Айпери келет. Ошентип, өргөө көтөрүлүп, шаан-шөкөт менен Жаныбек баягы Айпери кызга үйлөнөт. өзүнчө боз үйгө жатат. Боз үйдүн түндүгүчүмкөлүү.

– Жаныбек, сен таң аппак атканча көзүңдүжумбай, мени бекем кармап жат, болбосо менден ажырап каласың! – деп эскертет, Айпери.

Жаныбек баарына макул болот. Бирок Айпери түндүк тартканы кеткенде таңга маал Жаныбектин көзүилинип кетет. Аны көрүп:

– Уктаба дебедим беле, – дейт да, Айпери асманга чыр этип атылып кетип, көздөн кайым болот. Жаныбек өзүн аябай жемелейт. «Ушунча жашка чыктым аялым жок, баласыз өтөмбү» – деп, аябай кайгырат. Суу жээктеп басып, бир аз эс алайын деп отурса, асмандан үн угулат.

– Жаныбек, сен капаланба, өзүң айыптуусуң, эмдиги жылы так ушул маалда ушул жерге келип этегиңди тос! – дейт да, жок болот.

Жаныбек кайра тартып келе жатса, кокту толгон эчки, теке, аркар, кулжалар. Киши деп сезип да койбой, жуушап жатат. Жаныбек аябай таң калат. «Айперинин касиети го, менден кайберендер коркпойт» – деп, аябай ырым кылат. Сезбей кайберендер жуушап жатат. Ойлонуп туруп, өзүм ачкамын деп, аяк жактагы аксак кийикти атып, союп, этин бышырат. Жуп эт даяр болгондо тумшугун жеңине каткан кемпир келет. Бир кесим эт берсе жебей, жеңине катып алат. Аны Жаныбек акырын көрүп калат. Анан бат эле кетип калат. Жаныбек: «Токойдо жезкемпир көп дечүэмес беле, акыры бул желмогуз менин жанымды койбойт. Буга аракет кылайын» – дейт. Ээр токумун жаздап, бүчүрдөн адам жасап, чепкенин айкарасынан жаап коюп, мылтыгын октоп, колуна алып, карагайдын башына чыгып карап отурат. Түн ортосунан оогон ченде жезкемпир:

– Жаныбек сенсиңби, каныңды ичем, – деп тырмагын батырганга аракеттенет. Жаныбек:

– Какбаш менмин, – деп атып жиберет. Бутунун канын чубурткан бойдон кемпир качып жөнөйт.

Кандын изи менен Жаныбек кубалап отурса, бир үңкүргө кирип кетет. Чалына арманын айтып, ыйлап отурганын акырын көрөт. Экөөнүтең мээлеп атып өлтүрөт. Жез тырмактарын кесип алып кайтат.

Антип-минтип мезгил өтүп кетет. Жуп Айперинин айтканы эсине түшөт да, белгилүүжерге келип этегин тосот. Балтайган эркек бала этегине түшөт. Жаныбек мээнет кылып багып, кайберендин этин берип, терисин кийгизет. Бала эмгекчил, көзгө атар мерген болуп атасы экөө айылын багып, оозго кирет. Карыялар бата кылып, балага Жанадил деген ат коёт. Жанадил ууга барса, куру келбей, атасынын колун узартат.

 

ЫНТЫМАК АЖАЛДАН САКТАДЫ

Илгери убакта бир бечара болгон экен. Болгону бир жаман үйүбар экен. Мындан башка үрүп чыгарга ити да жок экен, отун сатып жанын багып, байлар, соодагерлер келсе, кондурбай, кабагын ачпай кетирчүэкен.

– Мага консоңор, кир болосуңар, үйдө тамагым жок – деп тажатчу. Анан көбүтүңүлүп келбей коё турган.

Күн кечтеп калган кезде Ынтымак деген бир киши келет. Берерге бирдемесин таппай үй ээси аябай кубанат.

– Төбөм – жайлоо, төшүм – кыштоо, өзүм ичпесем жок, алдымдан жер өтсө, мейли, сүйгөн коногумдан аябайм – деп, жакшылап конок кылат. Ынтымак:

– Меймандостугуңа ыракмат, мен дагы бир керегиңе жарармын, кара кылды как жарган калысмын. Бир күнкүтуз таткан жериңе миң күнүсалам бер, ыракмат – деп, кош айтышып, жөнөп кетет.

Күн чубактап отурган кезде бир топ атчандар, арабалуу адамдар өтөт, көңүлдөрүачык. Мурда көп ойлонуп жүргөн кедей: «Мен качан байыймын, ушулар өңдөнүп» – деп, ойлуу отура берет. Ошентип, капалуу отурган кезде бирөө:

– Бечарам, жоктун жону катуу деген, көңүлдүчөгөт кылбай тетиги дөбөнүн жанындагы чоң ташты эптеп оодар. Астын ачсаң, чоң сандык чыгат. Улам ачып отурсаң, жетинчиси чыгат, ошондо алтын бар. Аны алып жыргап жатып каласың – деп, көздөн кайым болот.

«Айтса-айтпаса калппы. Күндө куурап жүргөнчө, бир жолу байып калайын» – деп, ташты кургап-тердеп оодарат. Улам ачып отуруп, жетинчи сандыкты алат. үйгө көтөрүп кетейин деп, ага чыдабай, эмне болсо көрүп, бир тынып калайынчы деп ача салат. Караса, тумчугуп калган кара чаар жылан бар экен. Баш көтөрүп ажыдаар болот, кичине туруп:

– Жаныңды алам, акыркы сөзүңдүайт, ачыкканды көрдүңбү– деп кекетет. Кедей:

– Азизим, мен сенин сообуңа калдым, жети кабат жер алдында элең, күн көргөздүм, жакшылыкка жамандык туура эмес, – дейт.

– Сөздүкыскарт, соромун, өзөгүм карарып баратат! – деп шаштырат.

– Болуптур, үч калыска түшөлү, жакшылыкка жамандыкпы, же жакшылыкка жакшылыкпы? – деген суроо менен кайрылалы, – дейт кедей.

– Акыры менден ажалың жетти, – деп, жылан утур-утур демитет. Биринчиси – дөбө, экинчиси – уй, үчүнчүсү– адам болсун дешет алар. Дөбө менен уйга тил кирет.

– Мени эмне гана кылышпайт, – дейт дөбө. – Жакканга отун, жегенге чөп, отурганга таза аба болом, бирок мени аябай булгайт, жакшылыкка – жамандык. Чынбы? – дейт.

Сөз кезегин уй алат.

– Сааса – сүт, жесе – эт боломун, бирок ошого карабай баламды дагы, өзүмдүдагы союп, жеп кетишет, мында жакшылыкка – жамандык.

Жолдон өтүп бараткан бейтааныш кишини токтотушат. Иштин жайын ага толук түшүндүрүшөт.

Көрсө, баягы Ынтымак экен. Ажыдаардан чочуп, кедейди таанымаксан болуп калды. Бечаранын көзүчанагынан чыгып кете жаздады.

– Мен ишенбейм, жылан ажыдаар болушу мүмкүн эмес, жети кабат сандыкка жатканың калп, болбосо мурдагы калыбыңа кел, анан калыс сөзүмдүайтайын – дейт Ынтымак.

Ажыдаар, жыланга айланат. Жетинчи сандыкка кайра түшөт. Ал сандыкты таш менен бекитет да:

– Туурасы ушул! – деп жыйынтыктайт.


АКЫЛЫМ БАР, АКЧАМ ЖОК

Бегмат аттуу бир акылдуу адам болгон экен. Бирок колунда такыр оокат болбоптур, ким эмне берсе ошону алып, оокат кылыптыр. Ачкалыкка, жылаңач-жыртыкка көнгөн. Бирөө бирдеме бербесе, ачка жүрө берген. Байларга, соодагерлерге барып:

– Менин акылым бар, акчам жок, мүмкүн болсо акылымдан алып, акча бергиле – дейт. Жолдун боюна отуруп алып да акылым бар, акчам жок – деп, какшай берет.

Ошентип, далай жылдарды өткөрдү. «Жиндиби, акылы жокпу?» – деп, көбүтаң калды. Чынында ал жашаган заманда адилдик жок эле. Элдин айткан сөзүнө кулак салбай, өзүнүн айтканы – айткан, дегени – деген. Бир күнүпадышанын көчөсүменен өтүп баратып, адаттагы сөзүн кайталады. Мына ушул учурда падышанын вазирлери муну укту да, дароо падышага жеткирди. Падыша:

– Чакырып койгула, бир байкайлы, – деди.

Падышанын сарайына кирери менен Бегмат:

– Акылым бар, акчам жок, – деп, угуза айтып калды. Аны падыша дароо укту. Падыша:

– Акылың эмнеге жетет, ошону айтчы, а деп эле акылым бар, акчам жок дей бербей, – деди. Анан түшүнбөгөн келесоонун көзүн тазалайлы деп, кырк төөлүүсоодагерлерге кошуп, башка бир шаарга жөнөттүэгерим келбесин деп, соодагерлер менен баратса да, айткан сөзүбаягы «акылым бар, акчам жок».

Барган жеринде жаагын басканы жок, коркутса да башка сөз айтпады. Бир нече күн, түн жол басып өткөндөн кийин, Бегмат жарды-жалчы, дубаналарды көрдү. Ичи ачышты да, маталарды жолдошторунан башка бөлүнүп сата баштады. Беркилеринин жаны кашайып, Бегматты адаштырып жоготууга аракет кылышты. Бегмат тигилердин айткандарын тыңшап да койгону жок, өзүбилгендей сата берди, башка шаар, кедей-кембагалдарга жага бербеди, соодагерлер урушуп да айтты, абдан коркутуп да көрүштү. Бегмат: «Акылым бар, акчам жок» деген сөздөн башканы айтпады. Жолдоштору сабаган да жок, себеби элден коркту. Маталарды арзан да, кымбат да сатып алып, ал шаардан кишмиш жүктөп жөнөштү.

Бегмат жолдо жүрүп бир нече күндөн кийин чоң дарыянын боюна келип, чатырды тигип, жыйырма төөнүн кишмишин сууга төктү. Балыктар тойду. Чачпай калгандан кийин балыктар сыртка чыгып сурай баштады:

– Айланайын, бизге тамак качан чачасың? – дешти. Бегмат:

– Ким кишмишти кааласа, суунун түбүнөн бирден таш алып чыкса, анан берем, болбосо бербейм! – деп кесе айтты.

Балыктар таш алып чыгып, кишмиш жеп жатты. Бир кап кишмишти балапан баскан көгүчкөндөргө берди. Балыктардан жыйналган таш дөбө болгон.

Эми көгүчкөндөргө:

– Бирден төөнүн корголун тапкыла, анан бирден кишмиш беремин, – деп, убада кылды.

Көгүчкөндөр капкайдан коргол алып келип, ага кишмиш алып жатты. Акыры Бегматтын кишмиши да калбады. Баягы кырк төөгө төөнүн корголун, таштарды толтура жүктөдү. Бир жерге келсе суук, отун жок, шүмтүрөп шодокондун бүркүтүндөй жүргөндөр көп. Бегмат түтүн булаткандан кийин, баарысы жабылып, карыз коргол алышты, эки эсе акча беребиз дешти. Жылынып, эс алгандан кийин Бегматты акмак, – деп, жектеп тилдей башташты.

– Жинди болбосо, кишмиштин ордуна коргол жүктөйбү, таш алабы? – деп тутанышты. Шаарга жетери менен соодагерлер Бегматты жамандай башташты. Болгон ишти төкпөй-чачпай баяндап айтты.

– Соодагерлердин өмүрүн кантип сактаганын айтсын, болбосо карыз алганды берсин – деп, көшөрүп турду. Бир убакта төөдөгүбир ташты ачса, жарк эте түштү, көздүуялткан каухар экен. Падыша аябай кубанды, анын жарымын элге бөлүп берди.

– Акылым бар, акчам жок деген чын экен, – деди ал.

СЫРДУУ БУЛАК БАЯНЫ

Илгери-илгери бир эшен болгон экен, жашы жетимиштен ашканына карабастан жаны тынбаган, жер чабыттап бүтпөгөн адам. Айлынан безип, үч айда үйүнө бир келүүчүэкен. Андан узак дагы жүрүп алыска кетип кала турган. Бир күнүэшен эң алыска жолго жүрүүгө даярданып, жолоочулап жөнөмөк болот. Бир нече күнүжол баскандан кийин, бир эрме чөл кезигет, тогуз күн өткөндө чөлдөн чыга албай айласы кетип, амалы түгөнүп, көмөкөйүкургайт, көзүчакчаят. Сүйлөөгө дарманы куруп, денесин тер басып, амалы аябай кетет.

Эшен ушундай абалда кетип баратса, жолдон булактын акканын көрөт. Ал суунун даамы таттуу, шербеттин суусундай, бирок ал бир дөөнүн сыйкырдуу булагы, эркек ичсе аял болот, аял ичсе эркек боло турган чырын билбеген эшен чыдабай көмөкөйүкургап, булактан жата калып суу ичет. Ана-мына дегенче эле эшен он сегиз жашар кыз болуп калат. Бирок эшен аны өзүбилген жок. Каны каткан байкуш дагы суу ичет. Бир убакта суудан жакшынакай кызды көрүп калып, карыганына карабастан ашык болот. өзүнүн кийим-башын оңдоп, кыз менен тамашалашкысы келет. Чынында ал өз көлөкөсүэкенин таптакыр билген жок.

– Бери чык, кантип суу ичинде зерикпей жатасың? өмүрдүбирге өткөрөлү– деп, жинди болгон адамча күлө баштайт. Кел берилеп ымдайт. өзүэмне кылса, баарысы ошондой көрүнүп жатат. үнүн чыгарбай, оозун басып, кызга кол жаңсады. Кыз дагы унчукпай колун булгалады. Суудагы кыз дагы эшенди өз тарабына чакыра баштады. «Мейли барайын» – деп, суунун түбүнө түштү, суу азыраак ылай, колу менен суудан кызды карады, сыйпалады, аңтарды, эчтеме жок.

Так ушул маалда булактын ээси дөө келип калды. Дөө эшенди кепке ала баштады.

– Сен кайдан келген немесиң, эмне издеп жүрөсүң?

– Мен жолоочумун, бойго жеткен кызымды түшүрүп жибердим, – деп баарысын айтып берди.

– Сен жолоочу, калп айтып менин башымды катырба, суудан көрүнгөн – сенин көлөкөң. Сен булактан ичип эшен болбой, кызга айланып калганыңды билбейсиңби! – деп айтты.

Эшен таптакыр ишенбеди.

– Кантип ошондой болсун! – деди.

Адегенде өзүн суудан карады, анан күзгүдөн көрдү. өзүнүн башын койгулап, эмне амал-айла кыларды билбеди. Кайсы бетим менен айымдын жүзүн көрөм? – деп, капаланды. – Эмне кылганда өзүмдүн мурдагы абалыма келем? – деп, эшен жалынып, дөөдөн сурады.

– Сен калп айтасың, мен сага такыр чын айтпайм – деп дөө өжөрлөндү.

Эшендин амал-айласы түгөнүп, жолун узартты. Көп узабай туруп, аң уулап жүргөн падышага кезикти.

Ай десе аркы, күн десе көркүжок, башкача бир кыз. Падыша бардык ишти жыйнаштырып, кызга аябай ашык болду. Падыша сарайына алып барып, нике кыйдырып, кызды аялдыкка алды. Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин, кыз падышага тыным бербей бакырып-өкүрүп ыйлады.

Акыры падыша кыздан сураганда, башынан өткөн окуялардын баары-жогун калтырбай айтып берди. Бирок падыша анын сөзүнө таптакыр ишенбеди:

– Кантип эле эркек аял болсун? – деп, ишенбестикти туудурду.

– Көзүм көрмөйүнчө ишенбейм, – деди падыша.

– Эмесе булакка баргын, ошондо гана айтканың туура деп айтамын, – деп эскертти.

Эртең менен эрте булакка барганга убада кылышты. Падыша сырдуу булакты анчалык байкас албай, жата калып суу ичти да, он сегиз жаштагы кыз болуп калды. Эки кыз эмне кылар айлаларын билбей, көз жаштарын көлдөтүп ыйлай баштады.

Бир ушакчы кемпир жолдон өтүп баратып эки кызга таңданып карап, булактын суусунан ичмекчи болду. Кыздар ал кемпирди коркутса да болбоду.

– Силердей кыз боло албай жүрөм, оозуңардан айланайын! – деп, жалынып-жалбарды.

Кемпир башын көтөрбөй, тойгончо булактын суусунан шимирди. Татынакай жигит болуп жатып калды. Эшен – кыз, падыша – кыз, кемпир – бай болуп чогуу болушту. Эки кыз күйөө кылганга макул болуп, падышанын сарайына барышты. Бул болгон окуяны эч кимге ооздорунан чыгарышпай, булар алты жылдан ашык эл сурашты. Эшен – кыз ар жылы эгиз төрөп отуруп, он эки баланын энеси болду. Күндөрдүн биринде эки аялы менен Кемпирбай уктап калат. Ошондон кийин такыр көз жумбайт. Кемпирбайдын аргасы кетип: «Сырдуу булакка барсамбы», – деп чечти. Ошентип, сырдуу булакка жетип отурары менен, баягы дөө келип:

– Эмне менин булагыма келип жүрөсүң? – деп, такый баштады.

Кемпирбай окуянын бардыгын төкпөй чачпай айтып берди.

– Анда бардыгыңар чогуу келгиле, мурдагы калыбыңарга келесиңер, – деп сүйүндүрдү.

Дароо барып, үй-бүлөсүн чогуу алып келди. Дөө Эшен–кызды абдан жемеледи.

– Элди алдаган, калпычы, ошондон таптың, – деп айтты. – Пайдыша сен калыс эмес экенсиң. Акыйкатсыз падышадан көрө – жогуң жакшы. Кемпирбай, сен калп айтканды жакшы көргөн ушакчы залим элең, муну мен туура айтамбы? – деп, үчөөнөн жандырып сурады.

– Чынбы? – деди, эгерде жакшы жолго түшүп, жалган ишке барбаска ант ичсеңер, мурдагы калыбыңарга келтирем.

Баарысы:

– Андай болбойт! – деп, өпкөсүн калбыр кылышты.

Булар жыйырма балалуу болушкан эле, дөөнүн амалынан кийин баарысы өз калыбына келишип, ынтымакта, алдым-жуттум болбой акыйкат жашап калышыптыр.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

24-03-2011
Жомокчу
36310

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×