Добавить статью
5:53, 28 марта 2011 39067

Манасчы

Автор: КАБА

каба Атасы Токтогон баласы Атабек көп сүйлөбөгөн, кырс, жаман айткан кишини жактырбаган, калп айтканды, ууру кылганды жаман көргөн. Асанбек тууганы ууру экен, анын үйүнөн барып тамак иччүэмес. Аны билген Асанбек көзүнө көргөзүп сойбосо: «Сен уурдап келдиң, сенин арам тамагыңды жебейм», – деп барчу эмес. Бирөөгө кара санабаган, так жүр­гөн киши экен.

Атасынын өңү-түсүсары чийкил, кызыл жээрде мурут, мурду кырдач, бирөөгө жаман айтпаган, калп айткан кишини «калп ырысты кесет» дечү.

– Ушу Кабамда бирдеме болот, жаман айтпагыла, балама, – деп айтып калчу.

1938-жылы кырк тогуз жашында өлдү. Каба он эки жашка чыгып калган.

Каба «Манасты» кандайча айтып калгандыгын төмөнкүчө эскерет:

– Атам өлгөндөн бир-эки жыл өтүп кеткенден кийин Манас түшүмө кирди. Алманбет келди.

– Эй, бала, кыжылдаган көп кол келди, көзүңдүачып карачы, мобу тегеректи дегенде, көзүмдүачсам жайнаган эле кол.

Кыжы-кыйма эл. Аркы-терки бастырып, найзанын башы эле жылтылдайт.

– Эми, мобуну көрүп турасыңбы, экөөнүн беттеше, чабуулдун баштала турган күнүбүгүн.

Тетиги ак асаба туу болгон,

Айгайлаган чуу болгон.

Ошол Манастын колу.

Тетиги көгүш түрдө көрүнгөн

Арышын арбын таштаган,

Коңурбай баштаган,

Кытайдын колу тетиги.

Эми кагыша турган жери ушул,

Качпай туруп токтолуп,

Салыша турган жери ушул,

Тетиги башында туу кармап турган

Нескара деген эри ошол –

деп айтып жатат. Анын ары жагында Алгара минип алкынткан Коңурбай деген эри ошол.

Анан музэртик бууданчан,

Анан кытайлардын Тагылык,

Адамдын мурду, кулагын,

Тумар кылып тагынып.

Эми бер жак жагын карагын,

Тээтиги ак сакалы жаркылдап,

Айткан сөзүбаркылдап,

Абаң Бакай өзүошол.

Анын бери жагында,

Анда-мында барк эткен,

Кошой абаң өзүошол.

Тээ баш жагында туу кармап,

Майлаган буудай жүздөнүп,

Күүгүм туман көздөнүп,

Көзүкөлдүн орундай,

Кан Манас деген шери ошол.

Жаныңда туруп сөз салган,

Алманбет деген эр ошол.

Бүгүн катуу кыргын согуш болот, мына ошону көрүп туруп айткын – деп, башыман бир-эки жолу сылап коёт.

Айтчы деги баатырлардын атын, – дейт. А дегенде аттарын билбей айта албай калдым.

өзүкайталап эки сапар айтып бергенден кийин баарынын атын айттым.

Эми айткын деп, ошондо баягы кырылып жаткан жер экен.

Ак асаба туу болуп,

Айгайлаган чуу болуп.

Жер дүңгүрөп эле жердин баары чаң-тополоң болуп, бири-бирине кирип калыптар. Ар кайсы жерде жыгылып жаткан жан болуп, ошол аралашып жүргөн өңдөнүп, ошону айтып жатканда, «балам жинди болуп кеткен го» деп, жылаңач олтуруп алып айтып жатыптырмын, ойготуп жибериптир. үч күнгө чейин тил-оозу жок эчтеке сүйлөбөй жатып калдым.

Андан кийин бир-эки ай жөн эле жүрдүм да, талаага барып, уй кайтарып, күн ысык талыкшып олтуруп уктап калып, жер дүңгүрөп дүңгүр-дүңгүр эле этет, анча-мынча көзүмдүачып карасам аттардын баары жабылуу, туягы эле көрүнөт.

– Ээ, балам, эмне жатасың, келе колуңду. Колумду өйдө карай сунсам, билектен алып учкаштырды. Колун артка алып, мени кармап, бир чоң суудан кечип өттү.

– Бар, эми балам.

Чочуп кетсем,  уй жок,  сайгактап кетиптир, үйгө барыптыр.

Акыл-эс кирип калган. Оюмда өлөмүн го деп калдым. Эч кимге айтпаймын. Ошондон баштап үйгө, энеме айтпайм.

Талаадан бирдеме айткым келет, эмне айтканымды билбеймин.

Жаман таар көйнөктүчечип салып, дөңсөө жерге чыгам да бир нерсени айтам, «Манас» экенин өзүм да билбеймин, ка­раан көрүнсө айтпай, басылып калам.

Бир күнүчечинип салып айтып жатсам, Иса деген бир киши бар, эчки кайтарып жүрүп, «Манас» айтканда көрбөй калыптырмын, жашынып угуп жатыптыр.

А кишини көрүп, кийим-кечени кийбей эле, таштаган бойдон уялып кетип калдым.

Күндөн күн өтүп, атамдын агасы Асанбек:

– Балам, мобу айылдагы сакалдуу карылардан беш-алтыны бүгүн чакырып келгин, – деди.

Ат минип алып аларды чакырып келдим.

Кеч бешим, бешим болуп калганда келишти. Тышта бир топко сүйлөшүп туруп, үйгө киришип, дасторкон салып чай ичип жатканда мурун чакырчу эмес эле: – Балам, бери кел, Манас атаңды айтат экенсиң. Ыса атаң айтты, уй кайтарып жүргөндө айтып жатыптыр, ошону угуп келдик, айтып бергин, угалы, – деп кыйнап олтуруп алышты.

Эчтеке оозума келбейт. Бир саат, жарым саатка чейин ортосунда олтурдум. Чыгып кетейин десем кетирбейт. Айлам кеткенден кийин тердеп, кургап олтуруп Алманбеттин Бейжинден качып келе жатканын, ошону айтыптырмын.

Жаздын күнү. Ушу таңга жуук болуп калган экен. – Эми өмүрлүүбол, балам, атаңды айтып жүргүн, эми батабызды берип кетелик, – деп кетип калышты абышкалар.

Таң атканда, өзүм менен теңтуш балдар менен талаага барып, ошол балдарга айтып берип жүрдүм.

Турмушта өйдө-төмөн болот турбайбы, бирде айткың келип, өзүң делөөрүп, ошентип калат экенсиң. Бирде, такыр эчтекени сүйбөй, айткан кишинин да тилин албай кетип каласың, өзүң эле бирөөнүн бир тескери айтканын жактырбайт экенсиң.

Анан мектепке барып, бала-бакырага айттым.

* * *

Кыркынчы жылдары Саякбай, Карамолдо, Ыбырай, Жаманак Чотой уулунун үйүнө келип калышты. Жаманак абасы айтты:

– Менин уулум «Манас» айтат, Саякбай көрбөйсүңбүалып келип айттырып берейин.

Чакырып келип, жалаң дөөдөй, шаадай болгон абышкалар сүрөдү.

– Балам, уялбай айткын, кудай берген немени уялганда болбойт, айт балам, – деди Карамолдо.

– Ээ, балам, билген жериңен баштачы, – деди Саякбай. Кайсы жерин айтканын билбейт, бир жерин айтты.

– Эми балам, айтып жүргүн, кошо ээрчитип кетейин, жүргүн дегенде: – Садагаң кетейин, үйдө киши жок, бала-бакыранын баары согушка кетти, эми бара албайт, өмүрүболсо кийин барар, – деп койду энеси.

Ошону менен барбай калды.

Ошондон баштап, элге айтып жүрөт.

Апасы Кекилик – көзүкөк, жапалдаш бойлуу кичирээк, балдарга деле катуу айтпаган киши.

– Эми балам, эл катары бол, ууру кылып, ушак сүйлөбөгүн, кара санаба, ак жүрсөң, балам кудай берет, – деп койчу.

Төрткүлдө төртүнчүкласска чейин Бегимаалы Жамгырчинов, Мукамбет Асаналиев, Молдогазы Таранчиев, Дүйшөнаа­лы Калдарбаевден окуган.

Бир күнүКабаны манасчы Мамбет Чокмор уулу чакырыптыр, кирип барганда:

– Салоомалейкум, ата! – деп салам айтты.

– Ии, балам, кел. Кайсы жерден келдиң? Кимдин баласы болосуң? – деп жай сурай баштады.

– Ата, мобу өйүздөгүторгойдон болом. Атабек дегендин баласымын.

– Ии, балам жана «Манас» айткан уулум сенсиңби? Ырас келиптирсиң, анча-мынча кичирээк жеринен айттырайын деп чакырттым эле. Билген жериңен кичине айтып бергин. Чоң жигит болот деген ушул. Кана, баштачы, уулум, – деп олтуруп калды унчукпай.

– Ата, кайсы жерден баштайын?

– өзүң жакшы көрүп, жакшы айткан жериңен баштагын.

– Каныкейдин Бээжинге кырк чорону жөнөткөн жеринен айтып берейин. Бир-эки чай кайнамча айтты.

– Ыя, балам, манасчы болгон турбайсыңбы. Эми мени менен сыртка барасың. Беш-алты күндө өзүм барып алып кетем, – деп беш-алты күндүболжоду.

Күржун-пуржун салынып, өзүкелди Кабанын үйүнө.

– Кана, балам, уулумду алып кеткени келдим, – деп энесине айтты.

– Ырас болот, барсын, аке.

Бир бышты бар эле, ошону токуп, Мамбет абасы менен жөнөп калды. Жолдо баратканда:

– Ыя балам, сен уялбагын. Айтса элдин баары эле айтып албайбы! – деп айтып баратты. – Корумдуда Асанакун дегендики бар, ошондо конобуз. Баатырларды айтып бер десе, айтып берип, эртең ашуудан эңкейип кирип кетебиз.

Эртерээк ашпасак кар эрип кетип, ашуу тыгын болуп калат. Тоңголокто ашып кетелик, – деди.

Эртең менен эрте туруп, сыртты көздөй жөнөштү.

Ашуунун кырынан эңкейгенде жамгыр кар аралаш болуп, суу өтүп, өлүп кала жаздады.

Эптеп Жылуусууга жетти. Бир-эки чатыр турат.

– Жылуу-жумшак жатып алып, курганалык эми, балам. Эртең буюрса Кызылсууда болобуз.

Эртеси Кызылсууга айткандай чоң шашкеде эле барды. А жерде өзүнүн теңтушу Асанбай жылкычы бар экен.

– Макем келген турбайбы, атын ал, атын ал! – деп калды. Абасы түшкөндө, ал дагы кошо түштү.

Эшик ачып, үйгө кирди. Чоң боз үй. Жылкылар менен жайы-кышы сыртта жүргөн кишилер экен.

Кирээри менен эле чайнекке чай кайнатышты.

Эки-үч чыныдан чай ичип, жакадагылар аман-эсенин сурап:

– Бу кайсы балаң, Маке?! – деп аны сурап калды.

– Бул бала менин балам, манасчы, «Манас» айттырып берейин деп ээрчитип келдим.

– Кимдин баласы экен?

– өйүзгүторгой Атабек дегендин баласы.

Сыр аяктарга чаначтан кымыз куюлду.

Кымыздан ичип, бир топ убак болгондон кийин тышка чыгып шиберге салкындап, ар кайсыны айтып олтурушту. Аңгыча болбой Асанбайдын уулу Мурат келди.

– Балам, Макем келиптир, козуңдун семизинен сойгун, – деди.

Ошол эле короонун жанында экен үйү.

Бат эле:

– Бата тилегиле! – деди.

– Эми Маке, үйгө кирели, тегеректегилер дагы угаар. Бир жылдан бери сагындым. Баатырлардын бир жеринен баштап, эрмек болуп бер.

– Эмесе Коңурбай менен Манастын сайышкан жери экен, – деп, козунун эти бышканга чейин айтты.

Эт бышып, шылынып бат эле чыгарышты.

Табак тартып, устаканын алып, антип-минтип олтурганда Асанбай:

– Кап! Бу уулуңкун да уксак жакшы болот эле, качан кетесиз? – деп сурады.

Тамашалап:

– Сен кубаламайын кетпеймин.

– Кайдан кубалайм, конуп кеткиле! Уулумун айтканын да угуп калайын.

Тамакты ичип болду. Кол жуугандан кийин тышка бир чанач кымызды сүйрөп келип, кийизди салып таштады.

Чоң сыр аяктарга мелтилдетип кымызды куюп койду.

– Кана эми, балам, кичине бир жеринен баштап берчи, атаң уксун.

– Көкөтөйдүн баласы Бокмурун атасына кайсы жерге аш берейин деп кеңешип турган жери экен, – деп ошо жерден баштады.

Анда-мында:

– И, балам, башта дагы, – деп сүрөп олтурду Мамбет аба.

– Мына ашка эми жер жарашпадыбы! – деп Каркыраны айтканда ыраазы болду.

– Ырахмат, айланайын, өмүрлүүбол! Дагы арбытып айткын! – деп Асанбай ыраазылыгын билдирди.

Күүгүм кирди. Дүйшөн абышка, үмөт мерген, Ленин колхозунун малчылары:

– Макем келиптир! – деп жалпы эле түшүп, жети-сегиз киши чогулду.

– Ээ балам, бирдеме алып келип сойгун, түн ичинде куру жатабы! Булар да келиптир. Козунун эти жетпейт. Эрмегин угалы, – деп бир чоң кой союшту.

Кымыз ичип, антип-минтип олтурганча эт салды.

Эттин боору бышып, боорду кесип келип ооз тийгизгенден кийин:

– От жакпай эле койгула, жылтылдап от өчпөй күйүп турсун, Макемдин эрмегин угалы.

Ошентип, Макемдин жомогун угуп, жерге жарык киргенде этти жеп жатты.

– Кой эми, малыбызга кетели, биздикине качан барасың? – дешип, улам-улам эле сурай беришти.

Түн ичинде Каба айткан жок.

– Балам, мен кандай айтып жатат экемин, көңүлүңдүкоюп, байкап угуп тургун. Сени ушундай жаман абышкалардын арасында айттырбаймын, – деп тамашалап, – эл арбын болгон жерден эле айтасың.

Ойлосо элге көрсөтөйүн деп жүргөн экен. Күндүз бир-эки үзүндүдөн айттырып коюп:

– Токтогон жериңди эстеп жүргүн, айт дегенде ошондон айта баштайсың.

Күйкө-Уяда1 Кенетай уулу Дүйшөн деген бар. Ошондо барып конобуз, тегерегинде эл да көп. Ал жерде бир түндүсен эле таң атырасың. Мен эс алайын, балам, кеттик, – деди.

Бир түндүкантип таң атырам деп сарсанаага батты.

Бат эле бая Күйкө-Уяга жетти.

– Макем келген турбайбы, жарыктык! Эки-үч түнөп эрмек болуп кеткиле. Жайы-кышы сыртта жүрүп эриктик.

Ошондо түштү.

– Жайдын күнүтышкы абага олтурган жакшы. Кийиз, көл­дөлөң алып келгиле. Кымыз ичип эрмектеше олтура туралы.

Бала-бакыра мал-жайын сурап:

– Кош, эмесе, Дүйшөн, быйыл сырт жакта кыш кандай болду?

– Ээ, Маке жүдөп-какап, сырт-сырттыгын кылбай коймок беле. Мына эми, бир айдан бери оңолдук. Кымыздан иче олтурсаңар, бир он күн жүрсөңөр кымызды сабасы, чаначы менен деле ичесиңер, – дейт.

Аңгыча чоң уста Зарына келди.

– Ээ Маке, аман-эсенсиңерби? Качан келип калдыңыз? – деп эле салам алышып, ал киши да кошо олтурду.

– Макемди чакыртайын деп жатсам, чакыртпай эле өзүкелип калыптыр. Жанында уулу дагы манасчы экен. Кечээ күнү Асанбайдыкынан угуп ыраазы болдук.

– Макемди үч түнөтмөйүн жибербейм.

– Кош, анда жакшы экен, Макем канча түнөсө, мен да ошончо түнөп кетемин, – деп бир топко өйдө-төмөн сөз сүй­лөштү.

– Эми үй жакка кирбейсиңерби? – деди.

Шашкеде барды эле түш болду.

Мамбет аба, үйдүкөздөй басканда астын утурлап, боз үйдүн эшигин ачты.

үйгө кирди.

Айтпай эле мурун союп коюшканбы, же сүйлөшүп олтуруп укпай калганбы, козунун эти жаңы кайнап калыптыр.

Аңгыча дасторкон салып, чай алып келди. Кымыз ичкен кишилер ошо чайдан бир чыныдан ичишти.

– Боор бышты! – деп боорун чыгарып, табак менен астыга койду.

Боордон экиден-үчтөн алып, бир сыйра ооз тийди.

– Эми Маке, уулуңузду баштатып бергин. Кайсы жеринен баштайт экен угалы.

– Кайсы жери эле болсо баштайт, балам эми «Чоң казаттан» бир үзүндүсүн баштап бергин, – деп Мамбет аба аны карады.

«Чоң казаттын» үзүндүсүн баштап, чалгынга жибергенче эти бышты.

– Ырахмат айланайын, өмүрлүүбол! Макем, баласын ырас ээрчитип жүргөн турбайбы! – дешти.

– Ээ Зарына, күндүз өзүм айтпай, бир түнкүсүузак болот экен, уулума берейин деп жүрдүм эле, ырас эрте кутулуп калбадымбы, – деди күлүп.

Этин чыгарып, тамак-ашын жеди.

– Кымызды ак серке кылып ичкен жакшы болот, – деп, козунун сорпосуна кымыздан куйгузуп, бир аяктан сорпо ичишти.

Кеч бешим болуп калганда, баягы Макем келиптир дегени угулуп, бирден-экиден келип олтуруп, бат эле он төрт, он беш киши болуп кетти.

– Эми Дүйшөн, тай соёсуңбу, бээ соёсуңбу, камынсаң эрте камын. Бат эле таң атып кетип, моокумубуз канбай калат экен. Макемдин тамашасын эрте угалы.

Күн бата электе бир ирикти сойдуруп, үй толтура киши болду. – Эми Маке, черибиз бир тарап калсын, бир таңды атырып бериңиз, – деди.

– Ырас болот, балдар, бир таң атырыш оңой эле жумуш, тажап кетип үргүлөсөңөр ошо жерден токтотуп коёмун, – деп тамашалады. – Эми балдар, мен насбайдан бир чегип алайын, тынчтанып туруп тургула.

Насбайын түкүрөт десе, насбайы оозунда боюнча эле «Манасты» баштады.

Төрт бүктөлгөн көлдөлөңдүн үстүнө ордунан кайра жылып келип, айта баштап, бат эле таң атты.

Казанга салынган эт от жакпай, бышпай, ошо бойдон калыптыр.

Таң аткандан кийин бир саатча кайнатып, анан тартышты.

– Ой, ырахмат, Маке, черибиз тарап калбадыбы! – дешип, тамак-ашты ичип болгондо үйлөрүнө кайтышты.

– Эми Дүйшөн биз эс алалы, уулум экөөбүзгө астыга бирдеме салдырып бер.

Түн ичинде уктабагандыктан экөө түш ооганга чейин укташты.

– Калган туураган эттер бар эле, жылытып келгиле Макеме – деп жылыттырып келип, табактын кап ортосунан туураган этти астыга койду.

Абасы экөө аябай тойгончо жеди.

– Эми Дүйшөн биз кайталы, жалаң эле силердин айылыңарда жүргөндө баркыбыз кетип калат. Каракаман жакта Ашаке деген теңтушум бар эле, төрт-беш күндөн бери өз айылында жүрөт деп таарынар. Уулум экөөбүз Каракаманга баралы. Атты алып келип, токуп берсеңер жакшы болот эле, – деди.

Ошол эле жанында экен, атты алып келип бат эле токуду. Куржун-кечекти салып:

– Эми кошкула, жети-сегиз күндө келээрбиз, – деп Каракаманды көздөй жол тартты.

Жолдо ар кайсыны айтып жүрүп олтурду. Балгарт суусу кирип калган.

– Эми, балам, Манас баатыр колдойт, кечип кетебиз.

Орто кечүүдөн кечти.

Күүгүм кирип, каш карайып калганда Ашаке теңтушунун үйүнө жетти.

– Эй, үйдө киши барбы?! – деп Макем атчан кыйкырды.

– Бар! – деп бирөө чуркап чыкты.

– Ашаке кайда?

– үйдө.

– Ой, Макемдин үнүго! – деп а киши шашып чыкты.

Аттан түшүп, кол алышып, кучакташып көрүштү.

– Ат-көлүгүң менен аман-эсен келдиңби? Маке, көлдөгүага-туугандар эсенби? Келди дегениңди уктум эле. Барайын деп малдан кол бошобой, анын үстүнө Жолоочу уулум да жок, Көлгө кетти эле, он чакты күн болду келбейт. үйгө киргиле! – деп үйгө киргизди.

Даяр чай бар экен, акыбалын сурап, дасторкон коюп, ча­йын суна баштады.

Эки-үч чыныдан чай ичти.

– Кымыздан алып келгиле.

Бобу Каракамандын кымызы кыпкызыл күчтүүболот. Эки аяк ичкенде эле кызып калчу элек.

– Мына кымыз деген ушундай болбойбу. Балга окшоп таптаттуу экен, – деп Мамбет аба бир аяк кымызды тартып жиберди.

Аба бир күнүкөп болсо, бир аяк кымыз ичпесе, мындай иччүэмес.

– Мал соём деп да чыгым болот. Жарды немени кыйнабай, уулум ичкин, кымызга тоюп алып жаталы, – десе эле Ашаке:

– Жардыны тапкан экенсиң, азыр бир кой эмес, бир тай союп беремин. Жарды экен деп аясаң, төшөгүңдүсалдырып берейин, балаң менен жатып алгын, – деп экөө бир топко күлүштү.

– Эми Маке, төрт-беш күнсүз кетпейсиз. Түндүн да бир тобу болуп калды. Көп кыйнабайын, мобу казанда кайнап жаткан этке эле тоёсуң го. Чарчап келдик деп астын ала айтып койдуң, айылда болгон жаңылыктардан кеп сала бергин.

Көргөн-билгендерин айтышты.

– Эми Маке, кымыздан ичип олтурсаң. Мына эт бышты. Уулум ичкин! – деп өзүбир аяк кымызды ичип жиберди.

Аңгыча этин чыгарышты. Киши түгөтө алчудай эмес, бир табак эт. үйдө майда балдар менен үч-төрт эле киши бар экен.

Чарчы бойлуу, жашы алтымыштарга чамалап калган аялы бар экен.

Мамбет аба:

– Ээ Ашаке, ушул этке уулум экөөбүз тоёбузбу, же аялың менен өзүң эле жеп алчы, биз кол жуубай эле коёлу, – деп тамашалап күлдү.

Этти жасап келип тартты. Устукандан чыгарып, Мамбет аба, Каба дагы бир устукандан алды.

Калган этин табакка туурады.

Эт тууралып болуп, чыгын куюп, сен ал, мен ал болуп жеп болгондон кийин табагын алып, бата тилеп, колго суу куйду.

– Эми мейман каадасы кылалы. Орун салсын, – деди.

Тышка чыкты. Тышта деле Ашакем, Мамбет аба сүйлөшүп жатышты. Жакын басып барган жок.

– Орун алгыла! – деп аялы тышка чыкты.

Төргө төшөктүМамбет аба экөөнө бир салыптыр.

Ал күнүЧатырташта Ашакеникине жатты.

Эртеси туруп чай-чуй, кымыз-сымыздан ичип, Ашаке бир чаначтын колунан өйдө кымыз куюп бөктөрдү.

– Кечке чейин тамаша кылып келели, – деп, ошол эле Каракамандын өзүнөн төрт козунун этин жеди.

Ар кайсы жерден бир чыныдан, жарым чыныдан кымыз ичип олтуруп, кеч бешимде Ашакенин үйүнө келди.

Кошунасын чакыртып, чоң ирикти алып келди.

– Эртерээк соё бергиле, – деп, бата тилеп коюп, жогору жагында дөңгө барып олтурушту.

Тышта төрт-беш атчан киши келе жатат.

Аңгыча алар келип саламдашты. Көрсө алар үйүнө барган кишилер экен. Андан кийин үч киши келди.

– Макемдин «Манасын» угалы деп келдик, – деп тышка аттарын байлап таштап, дөңгө чыгып жанына барышты.

– Караңгы болуп кеч кирип кетти, үй жакка кирели.

үйдүкөздөй Ашаке ээрчитип, Мамбет аба болуп барды. үйгө кирип олтураар менен боз үй толду.

– Батпай калчудай болду, эми келбесе экен, чай-чуй алып келгиле, – дешти.

– Ой, чай-чуй ичип жатабыз, андан көрүкымыздан ичели.

Керегеде эки чоң чанач байланып туруптур. Бир чаначын атчан келген бала куюп берип жатты.

Бир-эки чыныдан кымыз ичти. От калап, чоң казан асып, болгон этти бүтүн эле салыптыр.

– Эми, Макемдин тамашасын угалы, бир черди жазып кетиңиз, – деп, Мамбет абага асылып жатышат.

– Эмесе бир эрмек болуп берейин, – деп, Көкөтөйдүн ашында, Каркыранын түзүндө Жолой менен Кошой экөөнүн күрөш­көн жерин, ошондо Кошой абам токсон беш жашта экен, – деп баштады Мамбет аба. – Кара сөз менен түшүндүрүп коёюн, Көкөтөйдүн ашында Жолой балбанга түшкөнгө үч күнгө че­йин киши чыкпай коёт.

– Бурут балбанын алып келбейби, болбосо байгени бербейби, – деп, үч күнгө чейин тамак ташып берип, Жолой бир эле олтурган жеринде олтурду.

– Байгени бербейби! – деп Коңурбай ачууланды.

– Он эки урук кыргыздан бир кытайчалык бала туулбай калган турбайбы! – деп, Кошой өзүнчө дөңсөө жерге олтуруп, ачуусу менен жерди чапчып, улам алып ыргытып олтуруп, ошол дөң жердин баарын түз кылып койгон экен, – дейт.

Ошондо:

– Кошой абама бир кеңеш салып көрөйүнчү, – деп, Алманбет абасынын астына таазим кылып жүгүнүп:

– Байгесин берелиби, түшө турган киши жокпу, үч күн өтүп кетти.

– Ээ балам, бир кишилик бала туулбай калганга капамын. Токсон беште элем. Балбанга түшө турган кийим болсо, алып келгиле, мен түшөмүн.

Абам ушинтип айтып жатат, – деп Алманбет Манастын астына барды.

Манас сүйүнүп кетип, өзүкийинип жүргөн кандагайын1 чечип берди.

Алманбет абасына алып барып берсе, жоон сандан өтүп, өйдө чыкпай койду.

Алманбет өзүнүн кандагайын чечип берсе, ал да батпайт.

– Эми Каныкейге барып көрөйүн, ошол аяш билчүэле – деп Алманбет Каныкейге келет.

Каныкей:

– Абама атайын дайындап койгон кандагай бар. Ошону алып барсаң батат. Кандагай кой макмалдан көрпөчөнүн астында, ак каңкы ээрдин үстүндө, ошону алып баргын.

Алманбет сүйүнгөн бойдон кандагайды алып, Кошойго жетет.

Каныкейдин кандагайы Кошойго батпай, айласы кетип:

– Кандагай абама батпай койду, – деп Алманбет Манастын астына барат.

– Атаңдын оозун урайын, бир кишилик кийим жасабаган катынды алып келгиле, ушул жерден башын алам, – дейт Манас.

Ачуусу чукул эле, а дегенде аяшыма барайын деп Алманбет Каныкейдин астына барып, кандагайдын батпаганын айтат.

Ошондо Каныкей:

– Кандагай жайы момундай, алтымыш жери бурама, килиттеп койгон кандагай. Алтымыш жеринде буроосун чечип жиберсең абам, Манас үчөөңөр кийсеңер да батат. Килиттерин айтып берет.

Алманбет чуркап жетип, кандагайдын килиттерин чечип, абасы Кошойго берет.

Бутуна салып, абам Кошой кийгенде, батпай жаткан кандагай эмчегине чыга түшөт.

Кошой ыраазы болуп:

– Ушуну жасаган катын тууса бирди тууйбу, туубаса туубай калабы, аягы кууш, башы телки1 туубас болчу неме экен.

Батамды берип көрөйүн, жер үстүндө тирүүболсо, алып келгин! – дейт Алманбетке.

Алманбет Каныкейди ээрчитип, Манас баш болуп абасынын астына келип, ошондо эки колун көтөрүп Кошой бата берет: – Эмне болуп кетти деп тигилер дагы кол көтөрүп батасын кылат.

Кошой бата бергенде:

Батадан бүткөн туягың,

Эр Семетей чунагың...

Кошойдун сырын Бакай билчү. Кошой баатырдын эти ачынмайын киши жыкчу эмес экен. Бакай ээрчитип, Жолойдун жанына алып барат.

Кошой менен Жолой экөө адегенде кол алышып, колун катуу тартып алганда буттары кызыл ашыкка чейин жерге кирип кетет.

Ары тартып, бери тартып сүрүшүп кээде чөгөлөп, бирин бири жыга албай, ошентип турганда:

– Эмгиче эмне жыкпайсың, – деп коргошун түйгөн булдурсун2

Толгой кармап имерип,

Тоодой болгон Кошойду,

Бакай тартып-тартып жиберип.

Эти ачынган эр Кошой, көтөрүп урат. Эми ушундай болот экен, түшүнүп алгыла деп баштады. Жолой жыгылгандан кийин:

– Мени чабат экен деп, Жолой коркуп кетип жыгылды, Бакай келбесе Кошойду жыгат эле, – деп Коңурбай чыр салып, кайра Нескарасын экинчи жолу балбанга чыгарды.

Нескара балбанга чыкканда, Агыш деген бала:

Чыканактай эр Агыш,

Бүткөн бою тарамыш.

Көз тиет экен деп,

Кызча саамай койдуруп,

Кыздын киймин кийгизип,

Мойнуна тумар тактырып, –

ушинтип баягы баланы багат.

– Эми Нескарага ким түшөт, – десе чыканактай эр Агыш:

– Мен түшөмүн! – деп Манастын астына келет.

– Түшсөң түшкүн, иним, кийим которуп кийгин, – дейт.

– Мен кийим которуп жүрөмбү, – деп кызча кийим менен эле Нескарага чыгат.

Кытай көрүп, таң калып, кызын чыгарып аткан турбайбы, бурут тукум-курут кылып, бүлүктүушул жерден салалы, шылдың кылган буруттун кызын мыкчып эле өлтүрүп койгун, – деди.

Ачуусу келип Нескара ордунан туруп, колун сунуп, кол кармаша турганда карматпайт:

Ары буттап жүгүрүп,

Бери буттап түйүлүп.

Кол салчудай камынып,

Нескараны бет алып,

Чыканактай эр Агыш,

Буттан кармап имерип,

Тоодой болгон чочкону,

Союлдай чаап жиберип.

Башынан аттап жүгүрдү,

Бая карап турган көп кытай,

Эми жандан түңүлдү–

ушуну айтып коюп, Макем: – Эми кара сөзүн угуп аягын тү­шүнүп калдыңар, – деп Жолой менен Кошойдун күрөшүн баштап таңды атырды.

– Баракелде, Маке! Бир эле күрөшүбир түндүк. Муну качан аягына чыгасың, – деп келген элдин баары ыраазы болуп үйлөрүнө кайтышты.

1943-жылы аскерге кетти. Воронежде болду. Көпчүлүк учурда талма кармап жүрдү. Догдурга алып барат. Жалаң эле Манас түшүнө кирет. Солдаттар өздүк-көркөм чыгармачылыкка кошуп койду. Взводдун командири Желтопласов үйүнө чакырып барып:

– Менде орусчасы бар, атайы алып жүрөм, – деп түшүнбөсө да «Манас» айттырат.

– Кыргызга барсам, – деп дегдеп жүрчү. Балдар үйүндө өскөн бала экен.

1950-жылы аскерден кайтып келип, Тоңдо маданият үйүндө иштеди.

Мамбет манасчы таяк таянып:

– Ээ, Каба балам, эмне кылып жүрөсүң, бая атаңдан баштап жатасыңбы? – деп кезиккенде сурап калчу.

– Аба, кезек-кезеги менен эл сурап калганда айтып жүрөм.

– Ээ, ошентип айт балам, Кудай Таалам айт деп бергенден кийин, айткын. өмүрүң болсо, айта бер. «Манасты» жөн киши айтмак беле.

Аман жүрсөңөр эле болду. Андан башка мага керегиңер жок. Оокатыңарды жөн жасап тургула…

Сапсары болгон сары шыйпаң, шыйпаңдабай... – деп тамашалап тилдөөчү.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×