Добавить статью
6:13, 28 марта 2011 35941

Акын

Автор: УРПЕЙИМ

Урпейим 

Атасы Байсак бойлуу, нурлуу, шаңдуу, элге катуу атак алган, аты чыккан, сөзмөр, Жакы уулунун чечен Байсагы деп коюшчу. Байсактын атасы – Табылды, көрбөй калды. Апасынын аты – Булаке. Төркүнү– Тастар. Туздун быягында Чалайбыжы деген жерден. Атасынын аты – Илебай. Жакшы кадырлуу кишинин аялы болуп, дасторкондон, келди-кеттиден, жа­йылуу дасторкон аталып, жакшы атак алган. өңдүү-түстүү, орто бойлуу киши болуучу. Урпейимден мурун төрт баласы өлөт. Ал бешикте калыптыр. үчкө чыккандан тартып, айырмачка таңат. Башка чукак болуп, кичинекейинен атка үйрөтүп, алты-жетиге чыккандан тартып, урматталып мал көздөп калды. Бүтүн элдин чапкан күлүк аттарынын баарын атасы таптоочу. Ал тогузга чыкканча аш менен тойго ээрчитип жүрчү. Баягы үйгө келгенде, балдар болуп ойноп калат. Жаркыштоо деген жерде ойноп жүрсө, Акиш тултук деп койчу, капилет эле:

– Байыс акемдин ороңгосу1 бийик кыз,

Он чекеси күйүк кыз.

Такыясы бийик кыз

Так төбөсүкүйүк кыз, –

деп акыйлап калды. Мындай сөз уга элек кыз, сабап койгонсуп, ыйлап үйгө келди.

– Эмне болду? Киши менен уруштуңбу?

– Жок, киши менен урушпай эле, Акиш тултук...

Байсакемдин ороңгосу бийик кыз,

Он чекеси күйүк кыз.

Такыясы бийик кыз

Так төбөсүкүйүк кыз –

деп акыйлады деди.

Атаңдын көрү, ошого ыйлайсыңбы, үйрөтүп берем, – деп ата-эне айтты.

– Ал тултукту минтип айт:

өрмөчүлөр буттанган Акиш,

өгүздүн жоору жыттанган Акиш,

Тасма чидер буттанган тултук,

Тастын бир жыты жыттанган тултук.

Мен кырды кырдай жүгүргөн,

Кызыл кийик баласы.

Кынга салган болоттой,

Мен Байсактын баласы.

Мен жарды-жардай жүгүргөн,

Жашыл кийик баласы.

Жанга салган болоттой,

Мен Байсактын баласы.

Бой тумарым бойдо жок,

Сендей жаман тултукту,

Теңтуш кылар ойдо жок.

Этегимби, жеңимби,

Тултук менин теңимби.

өрө кийиз жазданган, тултук,

өлгөн бука баштанган, тултук.

Таар баштык жазданган, тултук,

Тармал теке баштанган, тултук.

А к и ш а й т а т:

Байсакемдин сары дөбөт ити бар,

Байсакемдин бойго жеткен кызы бар.

Сур кунан минип туурдап,

Мен боюмду уурдап.

Сен кара атка таккан түймөсүң,

Түймөгө таккан күймөсүң.

Кыз башынан алчаңдап,

Сенин кесириң журтка тийбесин.

Ошону менен токтоду.

А н д а У р п е й и м:

– Мен кара атка таккан түймөмүн,

Түймөгө таккан күймөмүн.

Менин агыным суудай агады,

Кесирим сага тийбесе,

Тултугум өзүмө майдай жагады.

Жеңимин учу тегерек,

Тултугумду жеңип алдым не керек.

Ошо кездерде атасы Соңкөл жайлап, атасынын үйүлгөн көп топто жүргөнүн көрүп жүрдү. Туташ-туташ кылып, аш бышымдан үч маал ыйлоочу эле. Атасынын тамсил сөзү, чоңоюп аял алып, анын он бирге чыгып калган кызы бар экен.

Колуктусу, бая кызы менен кайын атасына жолдо баратышат. Жолоочулар кезигип, жигит менен саламдашып, сакалдуу, көкүлдүүкишилер болуп келатып сүйлөшүшөт. Минтип айтыптыр:

– Ээ балам, кай туугандансың? – деп урук тууганын сураптыр.

Уругун айтып сүйлөшкөндөн кийин:

– Ии балам, тиги келин келинчегиңби? – дептир.

Анан:

– Ии! – деп ошентиптир.

– Тиги кыз бала өзүңдүн балаңбы, карындашыңбы? – дептир.

Уялып балам деп айта албай, тим болот. Атасынан улуураак киши сурап калган го, жигит күлүп, жооп бере албаганда кыз айтыптыр:

– Ата, бул кишинин энеси менин энемдин кайын энеси, – деп жооп берет.

– Баракелде, өмүрлүүбол! Ырахмат көп жашагыла, – деп, кыздын сөзүнө жыгылып, кете берген экен.

– Сенде акыл жок, сен Макиш күйүк кыз деп кордосо, тултукка өзүнчө акыйлай албай, ыйлап келесиң, – деген сөздүатасы айтты.

Бешикте кезинде эле ата-энеси кулдук урдум деп ат мингизип, тон кийгизип, кут кылсын деп, сонун куда болуп жашайт. Балдар чоңоюп, майдай-сүттөй жакшы куда болуп жүрүшүп:

– Эки бала тең чоңоюшту, мунуңа шүгүр, кут кылса, – деп, күйөө атасы берки кудасына айтат.

– Биздин баарыбызда тилегибиз кабыл болсо, эки бала ыракатыбызды көрүп жыргасын, экөө теңтуш, күйөөңдүжиберейин, эки бала ойноп-күлүп жыргай берсин.

Келеркиде алам деген кишилер экен.

Анан:

– Жакшы кебиң бар экен, ойдогумду таптың. Ошентип эки бала жүздөшүп турганы жакшы болот, – дейт.

– Эмки жумада күйөөңдүжиберем. Жакшы болот, үй көтөрүп камылга кылып турайын, жибер.

Жуманы болжоп кетишти. Ага чейин кыздын атасы уялат, кыз келин ойнойт деп, обочого үй көтөртүп, үйүн көтөрүп болгондо үч-төрт күйөө жолдошу менен малын айдап, эшик ачаарына туу бээ алып келет да, доор сүрүп, бир ай жатып кетет.

Ортосунан бир ай өткөрүп, күйөөнүкүйөө жолдоштору менен жиберип, келген сайын малын, жеңкетайын алып келе берет.

Кыш өтүп, кайра жай, күз келгенде, баланча айдан мурун беребиз деген сөзүболот экен.

Буйрук менен кыз бала кабыргасынан сезгенип ооруп калат. Атасы бечара колунан келишинче табып, тамырчыны аянбайт. Кыз бала катуу ооруп чыдабайт. Асан-касан болуп жатканда:

– Атаке, мен бир сөз айтайын, туура көрөсүңбү?

– Айт, садагаң кетейин, сеникин туура көрбөй, кимдикин туура көрөм, – дейт атасы.

Кудасынын уругу эшкара деген эл экен.

– Жакшы дечүэлең, эшкаранын эч кызматын көрбөдүң, жаш баланы бийге салбай малын бер, бечаранын.

Эттей эзилишкен куда элең, ошо боюнча кал, тилекке жетишпей калдык, көңүлүңөр калышпасын...

– Сөзүңдүэки кылбайм, сенин оюңдагыдай болсун, – деп ыйлайт атасы.

Момундай иштер болот, акылдуулар чыгат, акылсыздар чыгат. Акылың, сезимиң деле бар, өзүң кичине балалык кылып токтобой кетесиң, акыл кирип чоңоюп келатасың, атасы акыл айтпаган балдар бар сезимдүү, акылдуу болуп жүр, – деп атасы акыл-насаат айтаар эле.

Кенен болсоң азамат бол,

Кең Кочкордун сазындай,

Кычык сөздүүазамат,

Кыянаттуу капырдай.

Түбүылай кишилер,

Ат байлаган акырдай.

Ала карганы алты жылы

Буудайга бакса дагы

Бир чалымы бок татыйт.

Аш-тойго атасы тогузга чыкканча ээрчитип жүрдү. Онго чыкканда эркекче кийим кийип жүрдү, кыз баланын кийимин жасатып койчу. Он бир жашында чоң үркүн болду. Карыя­лар, жакшылар атасынын үстүнө келишип:

– Солдат бер деп жатат, – дейт.

– Тирүүлөй эле чыркыратып балдарды кантип кармап беребиз – деген сөзүн айтат.

– Уруш чыгып, үркүп калабыз го, урушабыз деп дем кылган менен падыша аскеринде жабдык көп го, – деп кеп кылышат.

– Солдаттын бир мылтыгынча күчүбүз жок, – деп, аны да айтышат.

– Замбирек, бардеңке, мылтыктар бизде жок болсо, – деп, далай эле акыл кылышат.

Ошентип, кыжы-кыйма болуп жатышып, чоң шашкеде мылтыктын үнүчыкты.

Мыкан Туздун четине көп казак үркүп келдик деп калды.

– Катыгүн, уруш болуп калган турбайбы! – деп элдин баары дүрбөдү.

Чоң шашкеде мылтык чуулдап, жылкы үркүп, бээлерди, кулундарды агытышты. Атасынын иниси:

– Кудай уруп салды! Кокус үркүн болуп калат го. Каякка бет алып үркөрүбүз белгисиз. Непада аттарыбызды такалап коёлу, кандай балаа болот? – деп, ошо күнүтакалатам деп турганда, мылтык атып чыкканда ызы-чуу түштү.

үч жылы мурун атасынын иниси зоот айгыр алып, жылкылар айгырларын тартып жорго болгон. Эл удургуп турушкан кезде Туздун чоң сазынан ок жаадырды. Не кайбыл жаткан эмелерге, тегеректеп атып болгончо, жылкылар карматпай, тигилүүбоюнча үй калды, жөө-жалаңдап жанталашып жетелешип жөнөштү. өлчөсүкурусун, ошондой кызыл чоктон чыгышкан! Туздун сазында жылкысы ызы-чуу менен карматпай, чоң энесине кулуну бар жоош тору бээни токуп, атасынын иниси Жанузак тогузга чыккан эркек баласын чоң энесине учкаштырып, айылдагы абышкалар атка жетпей ыңкып, эл кетип баратат.

Карыялар таягын алып кудайлап эле ыйлаган эл. өйүз-бүйүз бүтүн үркүп, тыгылышкан койдой ызы-чуу, күрү-күү, чоң-кичине жөнөп жатышат. Буудай ыргалып бышып, асты орок салып калган. Жанузак Мыканды кечип чыга калса, көч жагынан бала абакелеп кыйкырат. Кайрылып, жүгүрүп келе жаткан баланы атасы жетип, эңкейип алганча жасоолдордун огу тиет. Айгырдан түшүп, баланы көтөрүп кучактап: «өйүздө калың чийдин ичине ок тийип жыгылды деп, айгырды алганы келет», – деп, айзасын оңтойлоп, баланы жанына коюп, кучактап жатып калат.

– Буйрук экен, бала болбосо, кутулуп кетээр эле, – деп арман кылышат.

Баланы жанына коюп, чийдин ичине жатат. Чылбырды кармап, «Ушундай сайсам оң болоор» – деп, найзаны алып, оңтойлойт. Чийге окшоштуруп, бүтүн бос кийген беш аскер зоот айгырга бирөөн жумшайт. Жанында өлгөн киши болуп жатса, аскер аттан түшүп келе жатканда жасоолду ээрине жабыштыра саят. Толгоп туруп найзаны сууруп алганда, ээрдин кашын кучактап кайра кетет. Аркылар тосуп алып, чуулдатып атып тегеректейт. Анысын тандыбы, коштоп экөө алып кетти. үч аскер калып: «Баягы киши өлө элек экен», – деп, бешимден тартып, чийди болжоп, жер сыйпатып ата берет. Ошондо сол колуна ок тийип, көзөп, кансырап жата берет. Күн эңкейип, күн бата турган болуп калганда: «Бул өлдүго, кантип тирүүболсун, октор ушуга түгөндү» дегенсип, зоот айгырга кызыгып, күүгүмдө экөө ары туруп, бирөө келет. Солк этпейт. Түшүп келе жатканда тура калып сайганда кансырап калганбы, сууруп алганга күчүкелбей, найза аскерге сүйрөлүп калыптыр. өкүргөн боюнча экөөн көздөй кетет. Найзаны сууруп, экөө найза жегенди жерге таштай коюшуп келет. Мурунку сайган солдатты алып кетип: «Атып эле жатабыз, бул өлдү» – деп, найзасын сунуп келип калып:

– Найза менен эки киши өлтүрдүң! – деп, өз найзасы менен боорго сайып кетет. Ошондо мыктылар, тоого далдаланып, дүрбүменен карап олтурушуптур.

Күүгүмдө келип:

– Кандай сонун киши болчу! – деп ыйлашып, өбүшүп көрүшөт.

– Жакын эле жерде, кечүүнүн ары жагында чоң чанач кымыз чечип таштадым эле, менин колуман ичкен даамыңар ошол. үйүңөргө алып барып ичкиле, бул жерде мени көрүп туруп иче албайсыңар. үйүңөргө барып, тамактанып келип, ыйман айтып, силер кайта келип, мобул ноолудан омкоро тартып, жүзүмдүжаап кеткиле. Жылдыз толуп калды, меники деле аз калды. Ыйман айткыла.

– Кымыздан жуткуралы, – деди.

– Жок ичпеймин, силер келгениңер жакшы кеп болбодубу. Мобу өзүмдүн топума, мобу жерде суу агып жатпайбы, башы кудук, бу дүйнөнүн даамы, ушуну менен суум түгөнгөнүболуп жатпайбы, ошондон топу менен толтура сузуп келгиле... – дейт.

Топуну өйдө кармап, оозума жеткирип, жакшы кармагыла, оң колумду кичине топунун көчүгүнө сүйөгүлө.

Аны ичет дагы – күн ысыкта ичим кургап калган турбайбы, дагы сузуп келгиле, – дейт.

– Самсанын суусу! – жеп жуткурушту.

– Эми мага ыйман айткыла дагы, үйгө барып тамактанып келгиле.

Ыйлап-сыктап, даарат алып, ыйман айтат.

– Даарат алып келдиңерби?

– Аа, келдик.

Анан ыйман айтып болгондон кийин ыйлашып, өбүшүп жытташып:

– Эми буйрук экен, буйрукту көрдүк, үйгө барып, тамактанып, жайланып келгиле. Мобу жерде ала кийизге орогон таңгылчак бар, тышкы кийимди чечкиле, көйнөк, дамбалчан, топумду кийгизип, кыбыланы каратып, баламды жаныма коюп, ноолунун түбүнө коюп, өзүңөр билесиңер, ала кийиздин бир бетин бетиме тийгизбей, үстүмө кайрып койгонду билесиң, ноолуну жыгач, таш алып келип, үстүн көңдөй кылып, туш-тарабын бекитип койгула. Буйрук, салган топурагыңар ушу болду. Дагы айтаарым, өлгөндөн калганыңар бири-бириңердин жүзүңөрдүжапкыла, алыңар келсе. Мен ыраазымын, ыраазы болгула.

– Эки желдет өлтүрүп бердиң, арыстан, сага кантип ыраазы болбойлу.

– Айтаарым ошол, ыраазы болушалы, эми коштошолу, жылдыз толуп келатат, силер барып келгенче жөнөп кетемби, анан келгиле, кетсем да, кете элек болсом да жүзүмдүжашыргыла. Келип көрөсүңөр. Эми коштошкула, кайсыны айтайын. Кебим түгөндү. Бизге бир алаамат келбедиби, кайрат кылып, өлгөнүңөрдүкөөмп тургула.

– Кошкула эми, кайта келип жашырып кетебиз, – деп ыраа­зылашып жөнөшөт.

үйлөрүнө сабап барышып, кайта келишти. Атка бөктөрүп алам деп кийип алган чоң кемсели бар, кемерин чечип койду.

– Байсак тирүүболсо бергиле. Баарыңды эле бирдей көрөм – деп, анан коштошуп, кемселин, желеткесин чечип, чөнтөгүмдө чоң маки бар, бирөөң керээзге салып алгыла. Байсак аман болсо, кемерди жүзүн жаптыңар деп өзүэле берет. Жанагы чаначты бирөөң керээз кылып алгыла. Ичкиле, колуман берген даам ошол болуп калды. Жылдыз толуп калды, силер келгиче жөнөп кетемби, келип жүзүмдүжапкыла, – дейт.

Кайра келип айтканындай, урап кетпегендей кылып, кирпичтен коюшат, алачык кылып, үстүн жыгач менен жаап, эртеси өлчөсүкара ташка болсун, түн катып, күн катып, ызы-чууга түшүп, ал кишинин эмне болгонун билбей калышты.

Аскер атып каптап жатканда, эски кишилер:

– Ыйман берсин! – деп өкүрүп жатышат.

Сиңди, эжелери соо, атасы көзгө көрүнбөйт, ыйлап эле өкүрүп жаткан жан.

Айылы чогуу эле, кыжы-кыйма, энеси табылбайт. Атасынын мингени килейген кызыл күлүк ат болчу. Ызылдап-тызылдап жатса, бою узун бир агалары:

– Кудай бизди урду ээ! Байсакемди атып салды, Байсакемден айрылдык!.. – деди.

– Бизди калтырбай чогуу кырып кетсе экен, тирүүкайсынын күнүн көрөбүз – деп, өкүрүп-бакырып жатышат.

Энеси болуп эстерин жыйбай, жол тийбейт элден, атырылып эле атасы пайда болуп калат.

өлдүдегени – атасынын аты баткакка тыгыла түшүп, атын чыгарыптыр.

– Атакем барсыңбы, – дегенде, – Коркпогула, аманмын, – деди.

Аттын төшүнүн баары кан, ар кай жерде кан дирилдеп жатат.

– Кайсы жериңе тийди – десе, – Атка тийди, коркпогула, – деди.

Мууздоодон бери тийип, ошону билбей ат атылып жүрөт.

Элди атасы:

– Сазга салгыла, Мыканга жаштар кыркалай жаткыла. Суудан, баткактан өзүлөрүда коркот! – деп кыйкырып, сазга салып айдады.

– Мыкандын жээгин кармап сууга жаткыла, солдат атпасын.

Кичи энесин балдары менен жиберди. Баягы жерден кеч кирди. Караңгыда тоо арасына барып, эл тыгылып калды.

– Атаке, атың баспай калбайбы кансырап, – десе:

– От жагып жибер, Булаке байбиче, отун таппай куурайсың го – дегенде, жолдон анча-мынча көтөрүшүнчө көң алып алышыптыр.

Энеси от жагып, атасы үзөңгүдөн бир нерсе алып, отко салып, бир инисин чакырып, атты карматып, баягы үзөңгүнүысытып жатат.

– Атаке, эмне кыласың, – десе, – Аттын мойнун каарам, – деди.

өзүсаяпкер шумдук киши болчу. Инилерин чакырып, атты карматып, үзөңгүнүкалың бирдеме менен кармап:

– Атты момундай кармап тургула, – деп, карматып, секирип кетпесин деп аттын ээрин камчы менен толгоп, чорбулап, үзөңгүнүн ысыган жалпак жагы менен кан токтобой жаткан жерлерди каарып атат.

Кайра токунуп, үч-төрт иниси менен бир топ киши:

– өлгөндөн калган тирүүсүн табалы, – деп өйүз-бүйүздүкыйкырышты. Атты атасы кан акпай кан токтосун деп каарып алгандан кийин:

– Эми журтка кайра баралы, өлгөндөн калгандар кыйкырсак чыгышар, сууга жат дегемин...

Ошентип беш-алты киши кетишти. Аттарын чакырып, Мыканды бойлошуп, чоң энеси минген бээ чыңырып, өйдө-төмөн жүгүрүп, бээ токулуу бойдон кулунун ээрчитип ары-бери кишенеп жүрөт.

Атасы суудагы кишилерди чакырса, атасынын үнүн угуп, бээ кишенеп, кулунун ээрчитип, чылбырын сүйрөп, имгендегидей чаап атасынын жанына келиптир.

– Ээ кудурет, энеми дагы өлтүрүп кетип, бул жаныбар журттан кетпей турган турбайбы, бөлөк жылкы жок...

Ээсин таанып, чаап кишенеп ээсине келет. А жерден: «Жарыктыгым, энем дагы өлгөн турбайбы», – деп кармап алып, баягы кыйкырганда сууга жаткандар ызы-чуу түшүп келе жатат.

– Аман-эсенсиңерби?

Сууга жаткандар:

– Аман эсенбиз, калган элдер эмне болуп, эмне кылганын билбейбиз.

– Сазда бир өгүз жүрөт болчу, айдап келгиле, – деп, бирөөн жиберет. Айдап келсе токулуу өгүз экен.

– Кармап мингиле... баарыңар чечинип, эки-экиден толгоп сыгып, кийип алгыла. Ушундай шумдукту көрмөк белек, шумдук деген ушул – деп, жетишиңче өгүзгө бир-экөөң учкаш, калганыңар чоң жолго түшүп, аркабыздан баса бергиле. Биз илгери барып, учкашкандын баарын түшүрүп коюп, сиздерди алып кетебиз.

Түн ичинде жөө жүргөн, өгүз минген киши көп.

Кичи энесинин көч жагынан жөнөп, кичирээк алыштан тайсалдап эл өткөн жерден өтөлүк деп жатса:

– Чу! – деп энесинин үнүчыгат.

– Апей! Чоң энемдин үнүчыгат! – деп кичи энеси айтат.

– Эмне дейт! – деп токтой калышат, атты бура тартып.

– Эне! – деп кыйкырат уулу.

– Оо, кудай, Батемсиңби?– дейт.

– Ие кудай, кудай!

Кичи энесин түшүрүп:

– И эне!

– И садагаң – деп ошентип атасы эмне дээр экен дегенсип, арыктын жээгине олтуруп алыптыр.

– Имген бээң кана?

– Имген бээмди солдат капыр түртүп ийип алып кеткен.

– Ким билет эле караңгыда ызы-чуу менен, таалайлуу киши экенсиң, талаада калбай, энем экөөң учкашып ал, – дейт кичи энесин.

Анан кийин:

– Кандай болуп бээден ажырадың, энеке? – деп бастырышканда сураса:

– Оо бээден атасын көздөп Асанаалы солдатты көрүп, абама барам деп жүгүрүп кеткен. Анан бир солдат келип жанымда келе жаткан Карабашты көрдүм, жез таягы бар болчу, солдат келип, кылычына камынганда баягы абышка кош колдоп туруп солдатты тартып жиберди. Солдат бакырып ийип, кылычын алып, кылычтап салды. Ошону көрдүм, мени бир бутумдан ала салдырып ийип, бээни жетелеп кетти. өйдө турсам буту-колум аман, ооруганымды деле билбей калдым го, – деди Эркеч байбиче, кубаттуу нурдуу киши. Элечегим бузулуп калды эле, чепкенимди ороп алып, көлөчүмдүкийип, карасам элдин баары эле жөө жолдо, чепкеним менен элечегимди белиме кармап, эл менен тең басып: «Кудай ушинтмек белем, балдарымдын жүзүн көрөмбү. Кудай жакшы карасаң балдарымдын бирөөн көзүмө көрсөтсө», – деп кудайга зарым жеттиби, балдарымды, Батемди кудай көрсөтүп, минтип келе атпайынбы, эми өлүп кетсем арман жок. Эки баламдын бирөө чыгып, жаным чыгып кетсе, жарма көр кылып койсо, арманым жок деп, караңгы болуп калып, арыктын боюнда ыйлап отургамын – деди. Кийин Эркеч байбиче күйүттөн сергигенде: – Көзүмө көрүнүп турат, – деп айтты. Карабаш акенин ичи темир, тышын жез менен чайкаткан илгерки таягы бар экен. өзүкары, тың баскан киши. Ок чыгып калганда унаа кармалбай, таягын алып эле жөө качат. Айыл эл көп, энеси Карабаш акенин жанында кетип бара жаткан. Ал киши жөө. Ошо кишинин кайраты кыйын. Солдат атчан туруп кылычын суурганы жатканда, оюнда ок коротпоюн деген окшойт, таягы менен солдатты тартып жиберсе, солдат Карабашты кылычтап таштады. Көзүм көргөнүошол болду. Түн ичинде энесин алып келгенде кыжы-кыйма быжылдаган эле эл батпайт. үркүн болот деп казактар келгенде камданышып, өгүзгө энелери, төрт кап эгин артып коюшту. Көп эл кыжылдап, жүрөгүтүшкөн немелер түн ичинде жөнөмөк болуп, өлгөндөн калганы баш көтөргөндөр:

– Ой, жан соогалайлы, адашкандар биздин желек ушул деп келе берсин! – деп эркектер акыл кылып, өз айылына ак желек байлашты.

Кыжылдаган элде атасы кыжы-кыймадан бери басып келатса кашка жоргосун бирөө токуп жатат. – Меники эмеспи! – десе.

– Бирибизди бирибиз кантип карактайлы, бул жорук аз келгенсип, сиздики болсо алыңыз, – деп ал кашка жоргосун бере койсо, атасынын аты, энеси минген бээ, өгүз, үч унаа болуп калды. Жөнөйлүк деп камынып жатышат. Аңгыча атасынын тору атын бир жигит минип, тыгылышта кетип баратат. Кичине эс алып, эсине келгендер:

– Салоомалейкум, – демиш болуп учурашат.

– Азаматым, алдагы ат меники эле, алааматта кармап мингендирсиң, маа атыңды бербейсиңби, айланайын, – десе:

– Бербей байке, андай болсо берейин, – деп түшө калды.

– Мамыркул, бир жүгөн алып кел! – деп кыйкырды Байсак инилерин. – Барагой айланайын.

– Ушундай колго тийгенде эле карайлап минбедикпи, – деп ээр токумун алды.

Аны алып келди. Унаага кенеле түштү.

– Жол жок, кудайдын тоосу менен өткүдөй жер болсо эле жөнөй берели, – деп ызы-чуу түшүп, ыңкып жөнөштү, ээ секетиң кетейин ярасул алла, көрдүк далай шумдукту...

Баягы жерден жөнөдү.

– Желекти, желекти ээрчигиле! – деп кыйкырып, астында эркектер чоң кишилер жол чалышып жатышат.

Кыжы-кыйма болуп жөнөп кетип баратышат.

Эки жактын баары тоо. Тоонун түбүнөн бери эл батпай, бир бет баратышат.

Түш ченде кыйкырышып:

– Эс алалы, мал чалсын! – деп тиги тоодон, бул тоодон бери жер союлуп, от жаккан, суудан алып келишип, бирдеме ууртамыш этип тамактанып, ширеңке менен туздун азабы өтүп, камдуу кишилердин бир топ тузу бар экен.

– Садагаң кетейин ширеңкеңер бар турбайбы, ширеңкенин жугун үзбөгүлө, – деп бир биринен от алып жатышат.

Жандуу-алдуу кишилер:

– Азаматтар койду айдагыла, эгин жүктөп алдыңар беле, өлүп баратсаңар союп жебейсиңерби! – деп карыялар ыңкытып болгон койлорду айдап жүрүштү.

Кичине журтка барганда элдин көпчүлүгүкайгылуу да, кырып салбадыбы. А күнүбарып, күн эңкейип бата турган болгондо тоого конушту. Тоо көп, түгөнбөйт турбайбы.

Атасынын урук-журугу, тууганы көп. Баягы жерден алар дагы кой айдап алышыптыр. Койду амаз дигерде кырып-жоюп эле союп жатышат.

Көрүнгөндүартып алат, төө күч берет экен. Кичирээк алдуураактуулары көрүп-билген эмедей кыдырышып, бири-биринен оошуп туз, оокат сурашат.

– Анан кантели! – дегенсип ынтымак менен эл коюн союп, жер-суунун баары отун, от жагып, казан асып, ызы-чуу болуп жатышат. Эл башкарган кишилер:

– Бүтүн бышырып алгыла, отундуу жерге, же отунсуз жерге барабызбы! Суулуу же суусуз жерге барабызбы, чаначтуу кишилер чаначтарга суу куюп алгыла, кандай жерге кабылабыз, – деп туш-туш жактан кыйкырууда.

Булар кайгылуу киши атасынын ага-иниси, аялдары, суудан бөлөктүичишпейт.

Инилери жаңы жарма кылышып, суутуп:

– Кайгылуу немелер, – деп аларга алып келип жуткурушат. Абасы Жанызактын аялы Койсун жесир, бир баласы Бейшенбай укмуштуу жакшы бала, оорудан жүрүп өлдү. Чоң энеси Эркеч байбиче, атасы Байсак, энеси Булаке, кичи энеси Ажар, Урпейим, үч жашар Батый деген кызы бар. Аларды кайгылуу деп ага-иниси багып барды.

Койду кырып, эл камынып жатканда атасынын инилери бир койду союп, этти чоң казанга куурдак кылып кууруп, камдуу агасы Мамыркул ашкананы да жүктөптүр. Куурдакты чаначка салып беребиз деп этти тузун ачуу кылып, курутча жайып койду. Унунун ичине аялдар камыр туруш салчу. Агасынын унунун ичинде камыр турушу бар экен.

Кайын агасы басып келип:

– Ээ жеңе, – дейт апасын. Атасы баш болуп, энеси кайгы жеп эле баш көтөрбөй жатат.

Бир атанын балдары:

– Буларга куурдак куурбасак андан бөлөктүжебейт дешип, эт бышырып: – Жеңе, – деди басып келип.

– И-и, – деп ошентти.

– өгүзгө арткандын бир жагы ун, бир жагы талкан турбайбы. Куу тамак деп ошо киши арткан, кыйын киши турбайбы.

– Камыр турушка баягыдай нан ачытылып желеби. Этке салып жиберейин убал го, – деп жеңесине акылдашат. Жеңеси анын Урпейимдин атасы:

– Кокуй, талкан бар, жарма ачытпасак болбойт. Алып кел, садагаң кетейин, ырас болбодубу, – дейт.

Энеси кичи энесин:

– Тиги кокуй, Ажар тур, жарма жасайлы, тур балам – дейт. – Мен эле жасайм, ырас болбодубу, – дейт Мамыркулдун казанын этиңер быштыбы деп сурагын, ал беш-алты үйлүүтууган эмеспи.

– Жок, казан бошобой жатат, биз кичине кууралы быша элек, казанды берели жарма ачытса. Кичине казандагы этти чакага салып бышыралы, казанды бошотуп берели. Кайгылуу немелер жарма ичпесе болбойт.

– Ырас айтат, чакага эле бышырабыз, – деп бүлүнүп кайнап жаткан эттерин чакага салып, орто казан экен, бошотуп берди.

– Мен эле жасайм – деп, жарма жасашып, кичи энеси таш тулга казанына, чакасына куурап калгандарды жага берип бышырат. Кептерин угуп, чоң энеси төртөө баары баш көтөрбөй жатат. Туугандары атасы баштап сыйлайт. Куурдакты курутча жайып кургатып, эртең менен куурдагы бышып болгондо, куурдактан көтөрүп келишип:

– Куурдактан кичине жегиле, – дешти.

– Жебейм, – деди энеси.

Энесине сурангандан кийин атасына:

– Байке, сиз куурдактан кичине чайнайсызбы? – десе:

– Жок, айланайын жебейм, – дейт.

Атасы, чоң энеси, булар жебей койду.

– Жесир шордууга алып баргыла, обочо туруп, жемиш болуп олтуруп жесирге жегиз. Бизге теңелип ачка калбасын, жүрөгүңө барса жей бергиле, – деп, кайгынын күчтүүлүгүбир жактан, жүрөк түшүп калган.

Бейшембайды да апасына кошуп, обочого жейли, тузу ачуу жүрөккө кичине барат. Жедиргин, – деп, чоң энеси кичи энесине айтты.

Ошо куурдактан атасы ооз тийбей, чоң энеси Урпейим, сиңдиси ооз тийген жок. Жанагы агасынын баласы Бейшенбайды тургузуп, энесине кошуп, анан таң атты. Жебегенден кийин куурдагын жайып коюшуп, эртең менен чаначка салып жатышат.

– Жейсиңби? – дейт.

– Жок.

Камыр турушту жарма бышканча эзип, чылап коюп, жарма сууганда чаначка ачыткы кылып куюп жиберип, сарамжалын жеп, ары-бери эле чаначты кымызга чайкап бышып жатышат.

– Алда кудай ай, эмне болду экен? – дешип, баягыны бышып куйса, ырас ачып калыптыр. Андан бир сыйра чоң чыныдай идиш менен беришсе эле ошого эс алып, тамактанганга эле:

– Серүүндө жөнөйбүз – деп, ызы-чуу түшүп көчүп калышты. Күн ысык, жүрүп олтурушту. Чаалыгып, чарчаганда түштө эс алып түшүп, тамактанымыш болду. Күнгө эле көчөт. Беделдин белин көздөй барабыз, – деп жатат.

Алар кайгылуу киши, көргөн күнүчаначка жарма ачытып жүрүп олтуруп жетти. Кечкисин ачытып жарма ичет. үркүп келатканда:

– Жолдогу үйлөрдөн капырай эчтеке албай чыктык, жаан-чачын болуп калса үстүбүзгө калкаларыбыз да жок, жолдогу чечилген үйлөрдүн уугунан мобу өгүз баягыдай жүгүжок, бош эле баратат, үстүнө киши минип алса деле болот, эки жагына бир таңгак уукту эки бөлүп комдоп коёлу. Отун жок жерге туш болсок жагып деле алабыз, пайдасы тиер, – деп байына айтат.

Күндө эле көчмөй. Тоо таштын арасында жүрүп олтурду.

– Аттар арыктаганча Беделдин белин чалалык, Бедел бери түбүнөн тартып чылгый кар. Эртең жетебиз го, ой ойлобогудай болуп тоюнуп алгыла.

Беделдин түбүнө карга түнөйбүз го, – деди эркектер.

Эртеси Беделдин белин беттеп көчтү. Көчүп Беделдин түбүнө келди. Беделдин белине чейин ат чабым кар. Кар калың, кой басалбай эле чөгүп, тыгылып калды. Жумурай журт:

– Жаным кудайдыкы, жарыктыктар, сообуң Мухаммед пайгамбардыкы, кыбыланы карап жалпы журт бата кылалы, макүрөө кылбай, баарын бирин койбой бүтүн мууздагыла, убал кылбай, – деп жалпы бата кылып коюшту.

Кардын түбүнө, ак кар, көк музга конушту.

– Кары-картаңды, жаш балдарды бар оокат менен жылуулап жаап коюп, тыңыраак жаштын баары жылуу кийинип, басып турасыңар. Эртең Беделдин белин ашып конобуз, кара жер болуп калат. Кары-картаңдан, жаш балдардан бөлөк баарыңарга тамак керек, мына бу малдан алыңардын келишинче, унааңар барлар көтөрүшүнчө баарыңар аракеттенип жүктөп алгыла, кыймылдасаңар жаштар үшүбөйсүңөр. Чунак тамак калбайт, керек болот, бул ак малды алыбыз келсе ушинтип таштайт белек, алыңар келишинче жүктөгүлө, – деди.

Таң атканча терисин сыйрып, куйругун алышыптыр. Иши кылып жар чакырып, эстүүлөрүайтып берип жатышат.

Таң атты. Кары-картаң, жаш балдар уктап калды. Эрте туруп кылчылдап:

– Капырай өлүп кетебиз го, – десе, алардын аймактагылар баш көтөрүп караса, энелери барчылдатып уукту талкалап жатат.

– Тирүүмал койбо, – деп төөлөрдүда, өгүздөрдүда мууздоо­до. Төө жүрбөй калганда кийиз калды, эл бакылдап өтүп жатат.

– Тиги жерде пайдасы тиет, баары, таштабай чоң казанды алалы, – деп Булаке менен Ажар: – Карга от күйбөйт – деп, таштын көбөлүнө кийиз төшөп, от күйсүн, жалын тийсин деп, казанга тегеректеп кийизден калкалап, бир казан жарма жасады. Ууктун пайдасы ошондо тийди. А деп аттаганда энесинин канжыгасына татынакай боосу бар керегеге, ала баканга илип коюучу чыны капты байлап чалып койгон.

– Бээ кишенеп келгенде, ошол байланып жүрүптүр, тийгеним да жок, – дейт.

Беделдин белинде жарма бергенде он чакты чыны экен, ошол чынынын пайдасы тийди.

– Оозубузду жылыталы, текши жетсин, – деп той бергендей бир казан жармага элдин баары каскалактап:

– Айланайындар, оозуңар жылысын, куру калбагыла, текши ууртагыла, – деди.

Булардын айыл минтип атса, тиягы ызы-чуу түшүп, белде жөнөп жатышат. Он чакты чыныга алдын сунган да, куюп бергенче оозу томуккан эл бат эле бошотуп берип, бат эле жатат. Сунуп жатышат.

Чоң энеси менен балдарына, жесир аялга баласы экөө ичсин деп чоң аякка куюп берип жатат. Чоң энеси менен Урпе­йимге сиңдиси үчөөнө бир аякка куюп берди. – Баарыңар кур ооз калбагыла! – деп атасы туруп турат. Ичип болуп, жол бошобой, эл батпай өтүп жатат. Бир канча кишилер болуп, ашып жөнөдү.

– Жай өткүлө, тайгаланасыңар, – дешти.

Беделдин бели, туу жону түзөң өңдүүрөөк экен, бир жоон топ эл жөнөп жатат, абышканын солдаттын огу тийип, үйлөнгөн эки төрөдөй уулу өлүптүр. Унаа жок, эки келини жесир.

Чоң уулдарынын аялы болуп, жөө басып темселеп калып, атасын мингизип келаткан аты башта минип жүргөн чобур ат окшойт, баспай Беделдин түбүндө калып, Жалакбел деген жерде мал искеп жегенге чөп жок, карга ачка кыйналып өлгүчө деп малдын баарын мууздап жатат. Эр жүрөк жигиттер бир буттан эт көтөрүп жөнөп жатышат. Баягы кишинин бир баласы атасын мингизип келди. Ат шайы жок, «кыйналып өлгүчө» деп мууздап салды. Төө жүрбөй калганда таштаган кийиздер көп. Баягы бир уулунун бутуна ок тийип, талкалап кеткен го, чолок болуп, атка таңып, берки бир уулу бир өгүзүнө экөөн алма-терме мингизип келди. өгүз менен ат экөө тең белдин түбүндө калды.

Бир уулу чолок, төрт келининин бир-экөөнүн тың басып кеткидей бир-эки баласы бар. Ошонун баары жөө.

Эки келини жесир, төрт аял, эки келиндин кайын энеси менен төртөө кызыл чок болуп атып жатканда уулун бир атка мингизип, буту таза уулу атасын Беделдин белине араң алып келди. Атасы карып калган киши, таза баласы элүү, алтымышка барып калган. Тың болгону менен унаа айласын кетирди.

Эл быкылдап өтүүдө.

Бел кенен экен, көп эле өтүп жатат тыгылышып, эптеп ары белди ашып атасы:

– Шашпагыла, эптеп белден түшөбүз. Бүгүн кардан бошонсок болду, – деди.

Ошону менен бир оокумда абышканы тегеректеп эле алардан мурун ашкандардын кийизи калган, төөсүн мууздап салып:

– Кудай ушул күндүкөрсөттүңбү! – деп жоон топ эле эки жерде ыйлап жатышат.

Кийизден аябай төшөп, бир келин төрөптүр, ошол экөөн таштаганы. Кийиздин баарын жыйып, үй кылып, талкан-тулканын тапкан-ташыганын алдына коюп, атакелеп чуулда­шууда.

– Алланын көрсөткөнү, – деп, төрөдөй болгон кишилер коштошуп кетишип, Алланын буйругу, ыйманы жолдош болсун! – деп келин экөөнө кичине үйдөй кылып эле үйүштү.

Эл касканактап, алып кетүүгө элдин унаасы жок. Баары жөө. Келин шордуунун төркүнү, алган жери да буркурап боздошот.

– Ии, бербесин! – деп эл заманасы куурулуп жөнөп, буркурап боздоп калды.

– Мага ыйман, силерге өмүр берсин, качан болсо бир өлүм, аянган жоксуңар, – деп абышка булбулдай эле сайрап жатты.

Балалуу келин суук жерде төрөп, ичи-башы шишип кетти.

Куу кекиртекке эт көтөрүп алган болуп, алачык кылып экөөн бир коюп, убап-чубап жөнөдү. Кардан түшкүчө канчалык кар менен жүрүп олтуруп, аркы бети эңкейиш жер экен, четке кара жерге чыкканда:

– Кудай берди, кара жерди четтедик, эми мындан ары кандай болот? Кара жерге конолу, – деп, ыңкып эле жүрүп олтуруп, күн батып бара жатканда кара жерге конушту. Жер сою­луп эле, таштан тулга кылып, жер жайнап эле жылдыздай болуп калды.

өлбөс оокат, куу кекиртек үчүн өлбөгөндөр бири-биринен от алышып, ак кар, көк музга жаткандар от жагып күлала болуп жатып калышты.

Таң атты, ызы-чуу түшүп эле жөнөдүэл. Жер союлуп, конокко чакыргансып кыргыз тарады. Момун сонун калк болот экен, кыштагын четтеп конуп, жумурай журттун баары кай кеткенин билбейсиң, тарап-тарап эле кетти. Кур койбой эле кыргыз тарап кетиптир. Ошону менен кубалабаганына ыракмат айтышат.

– Олтургулачы бечара, – деп, үй башына короого киргизип эле, кыйын боорукер эл экен, короо-короого түнөп эле, эртеси атасы ушу тургандарга жети-сегиз үйлүүкиши бир болуп калышты.

Беги уккан турбайбы. Кошуна дегенди ошо жактан угушту. Кыргыз айыл-апа коңшу деп койчу эмес беле. Бир аймак деп коёт экен, бектер көп сарт болуп келип жаны калбай:

– Сиздин улугуңузбу? – деп атасынан сурап жатат.

Ошол үчтурпан дейт экен. Адеп конгондо короосуна эле жатып калды. Эртеси бек келип, кет деп айтпайт бечаралар:

– Жатыңдар, жатыңдар! – дейт.

Дили жумшак. Тили билинбеген сарттар:

– Бечара, мусапырлар! – дегенин угасың. Бир күнүачкадан эч нерсе болбойбуз, будан кантип сурайбыз, эртең күндүз күн көрөбүз – деп жатып эле калды. Баары жылуу жерге келип уктап калышыптыр. Уктап жатса атасын эсил адам деп акесин:

– Жаным аке, – деп эле атасын ойгото баштаптыр! – Аш жеңиз.

– Ой, ой! – деп эки энеси, жесир жеңеси баарын ойготуп, – жашсыңар кебине түшүнгүлө. Аш бышты, аш жегиле деп жатат. Палоо эттик, аш жегиле, – деп жатат байкуштар. Кошула! – дейт, кошунасына түшүнбөйт. Соккон чийдей болгон камыштан соккон бойролорду короого эле алып келип, алар жаткандын бери жагына эле жайып жатат.

– Ээ кудай, бизге төшөк салган атабы, байкуш сарттын сөзүн түшүнбөсөк, – дейт.

Анан эле:

– Достукан! – деп калат, кийин түшүнгөндө достукан дасторкон экен.

– Аш бышты, палоо жегиңер! – дейт баягы байкуштар. Ортосунда кошуна деп коёт. Жайнап эле олтурушат. Дасторкон жайып коюп, табак-табак палоону алып келди. үч табакка алып келип, жайнатып коюп эле, кол жуугуч, чөөгүн: – Кол чайкаңар, палоо жесеңер, палоо жегиле, – деп калды.

Жабыла кол чайкап, колго суу жоолук берип жатат. Аз кишиге үч табак алып келип, жайнатып коюп койду. Чоң энеси, өз энеси, атасы болуп:

– Бөлүнүп, бөлүнүп жегиле, – деп атасы өздөрүнчө жеп жатат.

– Чай ичкиле! – деп жандары калбай эле олтурат. Алар жеп болгуча акыйып олтурушуп, арткандарын:

– Эртегенде жесиле! – деп жыйнап кетти. Жеп болоор замат кол аарчыгыла! – деп майлыгын берди. Кол аарчып, кайра жеп болгондон кийин кол менен жеди деп суу куюп, суу жоолугун берип, такыр жыйнап болуп, бойросун түрүп:

– Кошуналар, уктаңдар! – деди.

Булар байкуш:

– Ырахмат, иш оңолсун! – деп бата беришти.

Атасы минтип койсо:

– Аманчылык бергин кудайым! – деп бата кылгандан ки­йин:

– Уктуңар кошуналар, беймандар уклаңар, – дейт.

– Ырахмат, ыракмат – деген болуп, ошону менен ыракмат айтып жатышты.

– Ыракмат, бул бечаранын тилин билбей куруп жатпайбызбы, – деп эле ошону менен жатып, уктап калды. Эртеси аттарды коё берди атасы.

Тушап-тушап койду. Сыйпалап жегенге жарайт. Мал коёбу куу кекиртек. Жабылып туруп намаз окушту.

– Намаз өтөйт экен, кемел мусулман экен, – дейт.

Бойросун жайып бирин бири:

– Достукан! – деп эле, дандырга жапкан нандан үйүп-жы­йып алып келип төгүп, төрт-беш чайнек чай берип, тойго келгенсип чай ичип, түнкүсүн палоо жеп, жыргап калды. Чайды ичип жатышат. Палоосун жылытып, татынакай эле киши башына кашык салып, алып келди. Чайын ичип, тамагын жеп жатып калды.

– Тилин билсек ырас эле немелер экен, – деп коюшат.

Антип-минтип жайланышып жатса, өздөрүнүн тууган­дары:

– Жакшы жаттыңарбы, – деп салам айтып келип жатат.

– Кудая шүгүр, өзүңөр жакшы жаттыңарбы!

– Ой, биз да кудая шүгүр. Бизди катуу урматтап конок­тоду.

– Ой, өзүңөрчү.

– Садагаң кетейин, байке, биз да жыргап жаттык. Тилин эле билбей куурап жатабыз, – деген киши. – Жыргап жаттык! – деп баарынан киши келди. – Кудая шүгүр, жамандыктын жакшылыгы бар, мунусуна шүгүр деп атасы ушинтип жатат. Ошентип жыргап, санаасы тынып, антип-минтип түш болуп, бечара жакшы эле калк экен.

Беги келип:

– Эсил адам экен, мага кошуна кылып, там бошотуп бергиле.

Меникине көчүп баргыла жети үйлүүнүошо жерге табыштап – баарыңар кошуна кылып алгыла, – деп тапшырып, – бала жиберем, үй көргөзөт, ошол үйгө көчкүлө, – деди.

Барышты, эки үй, жапыс там болот экен, барып жатып калды. Кудая шүгүр деп жатса, бир-эки аял, эки-үч кызы

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×