Добавить статью
6:27, 28 марта 2011 30036

Комузчу

Автор: МЕКИШ

Мекиш Көңүлдө көктөм уюлгуп, биз бийик тоолорду беттеп жолдо баратабыз...

Бул күнүтабигат эң эле көр­көм, эң эле ажайып көрүнүп, шаңдуу тартып турду. Ким билет. Мүмкүн бизге гана ошондой сезилгендир. Бирок зымырап бараткан автобустун ачык терезесинен бетке урган муздак жел, жол боюндагы бак-дарак, үйлөр жана андан ары созулуп кеткен түшүмдүүталаалар күндүн жазгы нурларына киринип, көкүрөгүн жакжайта ачып салып магдырап адамды өзүнө тартат.

Ой-сезим тоо-талаалар менен аралашып кетти. Оо, талаалар, булар менен кимдер гана жүргөн жок!? Бул талааларда маңдай терин агызып бир кезде дыйкан да өткөн. Касташкан жоосун талкалап, эл-журтун кырсыктан калкалап жоокер да өткөн. Тоо койнунан суурулуп, тоо койнуна сиңип, бакыт издеп жолоочу баскан. Ошондо ушул талаа кумсарып, кедей-кембагалга ырайымсыз болсо, азыр ал адамдардын алп эмгеги менен минтип гүлдөгөн жерге айланган.

Карачы, көйкөлгөн эгин талаасы... Күндүн кызыл нурларына окшош салаа-салаа болуп керилген талаа чоктой кызгалдактар менен өзүн кыпкызыл кылып боёнуп алган.

Кыпкызыл талаа чексиз керилип көздүн жоосун алып, адамдын ички дүйнөсүн аралап, эриксиз өзүнө тартып, качандыр бир уккан «Сексен чок» деген күүнүн кайрыгын жаңыртып жаткандай болуп кетет.

«Сексен чок»... Жаштардын үлпөтү. Суйкайган кырдач мурун, кара көз, кымча бел, кош этек ак көйнөк, кыпкызыл чыптама кийген кыздар бир топ. Ак калпак, кара кемсел, кемер кур курчанган өрттөй шатыраган уландар бир топ болуп, көйкөлгөн талаага тамаша салып көңүл ачышкан тура. Ошондо шуулдаган кыз-жигиттердин жалындаган оюн-шоогуна, ыр-бий өнөрүнө таңыркап жел токтоп, суулар акпай, чымчыктар учпай, гүлдөр башын ийип тыңшап турушкан экен...

Бул күүошондогу жаштардын өлбөстүгүн, алардын артык сапаттарынын муңбастыгын айтат... деген эле комузчу!

Жайлоо болучу... Жылкычылардын үйүтопурап, тиги колоттон, бу кырдан атчан, жөө болгон адамдар келип жатты. Булар комузчу келиптир, комуз угабыз дешип делөөрүгөндөр болучу.

Алты канат боз үйдүн ичи толо эл. Ортодо жетимиштерден эбак өткөнүнө карабастан, кыймылы элпек, көзүжалындуу көкала сакал карыя шайдоот комуз чертип отурат.

Чиркин! Комузчунун баары ушул кишидей болду бекен, я! Карачы, колу бир укмуштуу кыймылдап сөөгүжок сыяктанат. үч ичек кылдан ыргыган күүтүрмөгүжүрөктүкытыгылап, өзүнө багынтып, ыргагы менен ээрчитип алат!

– Атаганат! – деди шыпшынып, элейип күүтыңшап отурган ак калпак кийген бир аксакал адам. – Мекиштин күүсүн өз колунан дагы бир ирет уктум эле...

Ал киши андан башка эчтеке деген жок. Кейпи те качанкы жаштык чагы эсине түшүп кетти көрүнөт, тунжурап отуруп калды.

– Бали, Меке! Карыганда калыбыңдан жазбапсың...

– Ээ, кой... Жигит эле бойдон турбайбы, ушундай күүлөрдүчерткен адам да карычы беле?! Андан көрө бактылуу заманды күүгө кошуп, адамга ырахат бергенин айтсаң...

Комузчунун тегереги антип жатканда, берки жактагылар да кур калбай, өз ойлорун бири-бирине шыбырашты:

– Ушунча жашка келгени, комузду мындай черткен жанды көргөн эмесмин!

– Несин айтасың. Мекиш дубанда жок комузчу!

Кыжы-кужу канчага созулат эле, ким билет. Мекиштин оң жагындагы аксакал адам, кеседеги кымызын четке жылдырып койду да:

– Эсиңдеби? – деди комузчуга. – Баягы үлпөт курган күнүчыгарган күүң. Ошол Кайыңдынын тектирин көргөн сайын сен көзүмө элестеп, «Сексен чогуң» кулагыма угулуп турат. Карачы... Азыр да ошол эле Суусамыр, ошол эле Көкөмерен. Шаңшытчы, ошол жаштык күүсүн!..

Мекиш бир аз жылмая курбусун карап койду. Ошол көз ирмемде комузчунун ой-кыялы кайсы жерге чабыттап барып келди экен! Ооба... Жаштардын өрттөй шатыраган өлбөс элесин чагылдырган «Сексен чокту» ошондо да ушундай жаштыктын делөөрүгөн күчтүүсезимтал алалында уккан болчубуз. Айтмакчы, ал күнүчерткен кереметтүүадам кайталангыс күүлөрдүн ээси Мекиш Баатай уулу эле!

Арадан канча бир жыл өткөн соң кайра да ошо күүнүугуу­ну эңсеп, комузчуну көргүбүз келип делөөрүп издеп баратабыз. Жөн эле баратканыбыз жок, чоң комузчу менен чер жаза баарлашып, күүсүн угалы, кебине каналы деп эңсеп баратабыз.

Бир барганда Мекиш карыя, те туурадагы кызылча талаа­сындагы жазгы симфониясын жаңыртып жаткан тракторлордун квартеттерин тыңшап, горизонтко чөгүп кеткен көк жээк­түүтоолорду карап ойлуу отуруптур. Ал-жайды айтышып бир топ отурдук.

Чай жыйналгандан кийин чоң ата комузун колуна алып кыңгыратып, өзүойго батып, күңгүрөнүп отурду. Чынын айтуу керек, ал биздин сандаган суроо-сопкуттарыбызга жооп бергиси келбегенин сезип турдук.

Ал киши айтсамбы, айтпасамбы деп көпкө ойлонуп турду. Акыры атайын келгендиктен бирдеме укпай кетпесибизди сездиби, акырын сүйлөй баштады:

– Менин атам өз оокаты өзүнө жеткен, башкалардын колун карабаган, бирөөлөргө залалы жок, тың адам эле. Анда кыргыздар жайы-кышы боз үйдө, мал менен жан сактап, тоо-таштын арасында жашоочу эмес беле.

Ошол тоолуктардын бири Баатайдын үйүндө, Суусамырдын миң-сан булагы төмөн карай жылт этип, чер токою көктөп, түркүн куштун тили чыгып, жаратылыш жаадыраган мезгилде, жай күндөрүнүн биринде мен туулам.

Балалыгым турмуштун чоң толкундарына соктугуп, жаратылыштын сулуулугуна суктанып Суусамыр өрөөнүндө өттү. Мен өзгөчө таң атарда токой арасында болгонду жакшы көрөр элем. Караңгылыктан шооладай болуп акырындык менен суу­рулуп  чыга баштаган тоолордун келбети, токойлордун дүпүй­гөн карааны, жан-жаныбарлардын жандана баштаганы мени өзүнө тартып алчу. Мен таң алдындагы куштардын, чымчыктардын чуру-чуусуна ашык болгон адамдай мамиле кылчумун.

Ошентип, балалыктын ышкылуу учуру келип жетти. Көп нерсеге кызыгып: «Аттиң, менин колуман кантип келбесин?!» – деп делбирттеп кетер элем.

Атам комуз чертчү! Анысы мени эрте-кеч кызыктырып, мен да атамчылап комуз чертсем деп дилгирлене бердим. үйрөнсөм дегенде ак эткенде так этем. Бир күнүатам (кыясы мени байкап жүрсө керек) менден:

– Комуз чертесиңби, – деп сурап калды.

– үйрөтсөң чертет элем, – дедим.

Ошол күндөн баштап атам мага комуз үйрөтүүгө чын дилинен киришип, аракетин аяган жок. Комузду күүлөп колума берет да: «Бул жеринен мындай бас, а бул жерине келгенде андай бас», – деп үйрөтө баштады. Акыры толук бир жыл ошентип жүрүп атамдын «Камбаркан» деген күүсүн кайрыганга жарадым.

Заманында биздин укум-тукум бүтүндөй комузчу болгон экен. Бабаларымды тартып мен да комузга дил таштадым. Баарыбыз Эш аба деп коюучу Эшкөтөн деген түп таякем жаан­да жок залкар комузчу эле. Анын да күүлөрүн аз-аздан өздөштүрө бердим.

Ошентип, акырындык менен комуздун тилин түшүнүп, ага берилип, өтө эле жакындашып кеттим.

Комузга колум кадимкидей жатыгып, так чертип калдым. Айылда бир катар балдар бар эле. Комуз билгендерибиз чогулуп алып чертишебиз. Менимче, ошол өзүбүзчө чертишип жүргөн жылдар мага чоң ийгиликти алып келбесе да, комузга колум көнүгүп, чертүүнүн иш жобосун так өздөштүрүүгө түрткүболду. Антип-минтип жүрүп мен комуз үйрөнгөнүмө он жылдай убакыт өтүп кетиптир. 25 жашымда Суусамырдагы Кү­рүчбектен чыккан Бокенин Абдыракманы менен таанышып, коңшу отуруп калдык. Абдыракман 35терге барып калган токтоо, салмактуу, комузду таасын үйрөнүп, таасын чертип калган учуру экен.

Биз Абдыракман экөөбүз жашыбыздын өйдө-төмөнүнө карабай бат эле достошуп кеттик. Биздин ынактыгыбыз жөн эле адамдарда кездешчүынактыкпы, же комуздун сыйкырдуу күчүбизди данакерлеп салдыбы, айтор, билбейм экөөбүз жатсак да, турсак да дайыма биргебиз. Керелдин күнүкечке эрмегибиз эле комуз. Ал мени комуз чертүүнүн эң жогорку үлгүлөрүн, ыктарын, тилин тереңдетип үйрөттү. Негизинен алып караганда мен өз өмүрүмдөгүбиринчи жана эң акыркы нака устатым ушул Абдыракман болду көрүнөт!

Абдыракман мага өзүнүн «Бурулчанын селкинчек», «Кербез», «Айдама камбаркан», «Карөзгөй», «Кыз кыял» жана башка күүлөрүн үйрөттү. Ким билет, ал кишиден дагы көптүбилип, көптүүйрөнөт белем. Бир жылдан кийин Абдыракман экөөбүздүкездештирбей, таш боор ажал улуу комузчуну караңгы көргө көмдүрүп тынды. Мен өз устатымды өтө баалоочумун, анан анын элесин ушул күнгө чейин унута элекмин. Менимче, Абдыракмандан ашып черткен сырт жакта комузчу жок болуу керек. Абдыракман абдан таланттуу адам эле.

Азыр эч кимге белгисиз бойдон калган «Оң күүнүн» ээси Мамакенин Карабайынын кабары чар-тарапка катуу угулчу. Ошол кишиге барууну чечтим. Карабай Киндик деген кыштоо­до экен. Мен өзүмдүн күүлөрүмдөн чертип бердим да:

– Аксакал, сизден күүүйрөнөйүн деп келдим, – дедим даңазалуу комузчуга.

Ал киши ойлуу көздөрүменен мени таңыркай карап турду.

– Азамат, комузду таасын, жакшы үйрөнүпсүң, кимдерден үйрөндүң? – деди.

Мен атам менен Абдыракманды айттым.

– Жакшы, жакшы. Азыркы учурда Абдыракмандан өткөн эч ким жок эле. Сени жакшы үйрөткөн экен. Сен эми Абдыракмандан да ашып түшүпсүң, – деди.

– Атайын келдим, Карабай аксакал. Күүлөрүңүздүн эң мыктысын, угууга татыктуусун чертип бериңиз, үйрөнө кетейин, – деп дагы өтүнүч кылдым.

Ал киши да кыйыктанбады, өзүнүн арманын «Карабайдын арманын» чертип берди.

Карабайдын бул залкар күүсүмага чоң таасир калтырды. Анда Карабай жылкы багып, Чүй боорунда жүргөн учурунда аялы өлүп калат.

Кийин Карабай келип, өмүрлүк сүйгөн жарынын өлгөнүн угуп, аны көрбөй калганына кейип, арман кылып, өлүмгө наа­лат айтып, табигатка неге адамды өлбөс кылып жаратпадың деп доо коёт.

Ошентип «Карабайдын арманынан» башка күүлөрүн, атактуу ар бир күүсүасый аттык «Оң күүсүнөн» бир күүда үйрөнө албай калдым. Себеби ошол жылы турмуш жайга карап Жумгалга көчүп бардык. Ал жерге да көп байыр ала албай кийинчерээк Чүйгө отурукташтым.

Ар бир доор, ар бир дарак өз жемишин берет эмеспи. Менин эргүүм да бир топ нерселерди жаратты. Жаныма тынчтык бербеген ойлорду комузга салып, ыракат таап эс ала баштадым.

Менин ал кездеги чыгарган күүлөрүмдүн атактуулары «Сексен чок», «Толгонайдын тосмосу», «Шыңгыратма», «Кадик камбаркан», «Замана» жана башкалар боло турган.

Улуу Октябрь революциясы жеңип, эл-жерге теңдик заман орноп, бактылуу доор башталды. Мен да бул жаңы заманды татыктуу тосуп алдым. Бул жылдары «өзгөрүш», «Мырза шыңгырама», «Кыздын күүсү», «Жигиттин күүсү», «Жаш ботой» деген күүлөрүмдүжараттым.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында «Советтик жоо­керлерге», «Кайра сок», «Балама», «өз арманым» жана дзоттун оозун өз денеси менен жапкан чексиз баатыр Чолпонбайга арнап «Чолпонбайга» деген күүлөрүмдүчыгардым...

Мекиш чоң ата бизге өзүнүн «Балама» деген күүсүн чертип берди. Күүшаңдуу башталып, акырындап бир тууган советтин эли-жерин жеңем деп келе жаткан гитлердик фашизмдин көркоолугун баяндап, бир топ кейиштүүкайрыктардын аккордун алат да, уулум сен өз курбуларың менен барып, көркоо жоону баш көтөргүс кылып жеңип, намыс менен кайт деген наказ менен аяктайт.

– Чоң ата, Сиз эмне үчүн учурунда борборго барып, комузчулугуңузду өркүндөтүп, филармонияга артисттикке өткөн жоксуз?

– Ээ, балам ай, я. Мен комузду өзүм үчүн эрмекке гана чертем деп бая эле айтпадымбы. Артисттикке алабыз деп көп жолу өтүнүп келишкен. Бирок мен өзүм болбодум. Анткени менен 1936-жылдары райондук, республикалык олимпиадаларга катышкам.

– Демек, ошол жылы күүлөрүңүздүжаздырдыңыз беле?

– Жок. Бирок күүлөрүм кийинчерээк жазылган...

1962-жылы комузчу радиокомитеттин алтын фондусуна 30дан ашык күүсүн жаздырган эле. Анын ичинде «Толгонайдын тосмосу», «Сексен чок», «Мырза шыңгырама», «Кадик камбаркан», «Кайра сок», «Балама», «Жаш ботой», «өзгө­рүш» баштаган 16дан ашык күүМекиштин өзүнүн эргүүсүменен жаралган чыгармалар. Негизинде Мекиш 60тан ашык күүчертет. Анын 30дан ашууну өзүнүкү. Ошо келиште комузчу Мекиш Баатай уулу журналисттердин клубунда журналисттерге өзүнүн кайталангыс күүлөрүнөн чертип берди. Мындан соң манасчы Саякбай Каралаев, комузчу Чалагыз Иманкулов менен бирдикте, Кыргыз мамлекеттик университетинде студенттер менен жолугушуп, мөлтүр күүлөрүн жаш муундарга да тартуулады.

 Кийин  бир  нече  жолу  көгүлтүр  экран  аркылуу  күүлө­рүн  жалпы  журтчулукка чертип берди жана чертип бермекчи!

Эл кадырлаган карыя комузчу Мекиш Баатай уулу Жа­йыл районундагы Чичерин айылында жашады. Чеберчилик менен черткен күүлөрүуккандын ой-кыялын алда кайда алып уччу.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×