Добавить статью
10:28, 26 апреля 2011 17778

Кыякчы

Автор: ЭРГЕШ

1978-жыл, күз айы. Карасуу районунун Каарман айылында (Фрунзе атындагы колхоз) жашап туруучу кыякчы Эргеш Рахмат уулуна барып кездештик.

– Эргеш аке, бул аймактагы эл шайырларын киного тартканы келдик. Кыягыңызды тартып, ки­ного түшүп берсеңиз, – деп өтүндүк.

– Жакындан бери кыягымды жоготуп, таппай жүрөм. үйдөн издеп көрөйүнчү, – деп калды.

– Менде кыякчы Саид Бекмуратов берген кыяк бар, ала келгем. Тартып көрүңүз, – дедим.

Эргеш аке чайырдан сүйкөп, күүлөрдүтартып көрүп:

– Жарайт, жакшы кыяк экен, – деди көңүлүжайланып.

Эргеш аке айыл-апага кадыр-барктуу, өзүшыңга бойлуу, ак саргыл, сымбаттуу карыя экен.

– Тарта турган күүм Кара чоорчунун күүсү.

– Кара чоорчу ким болгон?

– Кара чоорчу, ЫсыккөлдөгүОргочор деген жерден чыккан. Кара чоорчу сызгырылтып турганда жалпы жылкы баласы бүт жуушап, чоордун үнүбасылганда бет-бетинен жайылып кетчүэкен.

Бир күнүКара чоорчу жылкысын санаса, бир тай жок. Ошондо Оргочордун кырына чыгып, чоор тартканда бир топ жылкынын ичинен бир ит өңдөнгөн караан безеленип чыгыптыр. Чоордун үнүн улап келатканын кара чоорчу билет.

– Ээ баягы тай экен, токтото коёюнчу кантээр экен, – деп чоорду басылтса, же келээрин билбей, тай тегеренип калыптыр. Кайта чоорун тартканда тай жанына келиптир.

– Кара чоорчунун күүсүндө эмне жөнүндө баяндалат?

– Илгери Аюке-Майтык деген баатырга Кара чоорчу жылкычы болот.

Күндөрдүн биринде жоо келип, жайылып жаткан жылкыны алып, Кара чоорчуну байлайт. Бир тайды союп, казанга салып Кара чоорчуну:

– Ой, жылкычы, сенин өнөрүң барбы? – деп сурайт.

– өнөрүм бар, мен чоорчумун, – дейт.

– Эмесе чооруңду тартып, эрмек бол!

– Макул! – деп сызгырылтып кирет.

Аюке-Майтык аттангын,

Элөөсүз болуп жатпагын.

Карагай башы жоо жатат,

Тайыңдан союп жеп жатат.

Жылкыңдын баары айдоодо,

Жылкычың жатат байлоодо.

Аюке-Майтык аттангын,

Каракыя, Сарыжон.

Сарыжонго бара көр,

Жолунан тосуп кала көр.

Жылкычы менен жылкыңы,

Ажыратып ала көр...

Ошондо он бир, он экиге келген кызы бар экен. Атасынын күүсүн угуп, кийиз басып жаткан энесине келет:

– Атамдын чоорунун үнүчыгат. Жоо келип атамды байлап койгон окшойт.

– Ой, чунак, эмнени айтасың! Сен кайдан билдиң!

– Ишенбесеңер жонго чыгып, тыңшасаңар!

Тыңшаса, айтканындай чоор тартып жатат. Ал чоор тарт­канда таптак кишидей сүйлөтүп тартчу экен.

Аюке-Майтык жигиттери менен аттанып, жоонун бир канчасын колго түшүрүп алат.

– Сөзүда, күүсүда мыкты экен, дагы тартыңыз?

– Ош аймагына кеңири тараган Нармат кыякчынын «Паризат» күүсү.

Паризаттын аты Аваз эле. Ардай Омар дегендин кызы. Нармат кыякчыга бербей, бөлөк кишиге кармата берген экен.

Сарала көйнөк, Паризат,

Сарсаң кылбай кол узат.

Карала көйнөк, Паризат,

Көп какшатпай кол узат.

– Кыскача өмүр-баяныңызды айтсаңыз?

– Мен Рахмат уулу Эргеш 1902-жылы Карасуунүн Мады деген жеринде туулгамын. Менин атам Майкозу уулу Рахмат он экиге чыкканымда дүйнөдөн кайткан. Атам нары дыйкан, нары  кыякчы эле.  Атам кыякты Ардай деген кыштактагы кембагал Нармат деген менен дос болуп, ошондон үйрөндүм дечү.

Атамдын тирүүсүндө кыяк тарткан эмесмин. Атам өлгөндөн кийин, анын кыягы үйдө илинип турар эле. Ошону колго алып, атамдын күүсүкулакка сиңип калган экен, тартып үйрөнө баштадым.

Кичинемде атамдан жетим калып, Мамюсуп (Кара чирик) деген байда жалчы болдум.

Совет бийлиги орногондон кийин эл катары теңдик алдым. Колхоз уюштурууга иштиктүүкатыштым. 1944-жылдан КПССтин мүчөсүмүн, колхоздун башкармасынын орунбасары, пахта талаасында бригадир болуп иштедим.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью

Другие статьи автора

09-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
33416

08-09-2015
Полот хан - Искак молдо Асан уулуна карата тарыхый тактоолор
45379

Еще статьи

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

×